МАМЛЕКЕТТИК жана МУНИЦИПАЛДЫК...“кыргызча” деген...

8
5 (237) 30-январь, 2018-ж. МАМЛЕКЕТТИК жана МУНИЦИПАЛДЫК 6, 8-бетте Премьер-министр Сапар Исаков Бишкек Жылуулук энергоборборундагы аварияга бай- ланыштуу Кыргыз Республикасынын Єкмєтї- нє караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчиси Канатбек Муратбековго тез аранын ичинде авариянын себептерин иликтеп чы- гууну тапшырды. «Кыштын ызгаар кїндєрїндє ЖЭБдин ишинин токтошуна кїнєєлїї жактар жазасын алышы керек”, – деди Єкмєт башчы. Премьер-министр Бишкек шаарынын жана борбордун тегерегиндеги райондордун муктаж болгон тургундарын жылуу жууркандар менен камсыздап, ыкчам тартипте жылынуучу жана ысык тамактандыруу пункттарын уюштуруу тапшырмасын берди. Андан мурдараак Єкмєт башчынын тапшыр- масы менен Бишкек шаарын жылуулук менен камсыздоону калыбына келтирїї боюнча ыкчам штаб тїзїлїп, анын курамына бардык тийиштїї органдардын жетекчилери кирген болчу. 26-ян- варь кїнї кечки саат алтыда энерго кубаттуулук 340МВТдан 154 МВТга чейин тїшїп калган. Бишкек Жылуулук борборун модернизация- лоо иши 2014-жылдын апрелинде башталып, былтыр августта аяктаган. Ага кеткен 386 миллион долларды Кытайдын Экспорт-импорт банкы насыя катары берген. Ишти да Кытайдын TBEA компаниясы жїргїзгєн. Бишкек жылуулук борборун модернизациялоонун жїрїшїндє жаўы эки блок курулуп, анын кубаттуулугу 812 мегаватт электр энергиясына жеткени айтыл- ган. Ага чейин борбор 300 мегаватт чыгарууга жєндємдїї болчу. М.САБЫРОВ Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы Кыргыз Республикасынын мамлекет- тик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын Улуттук кадрлар резервине конкурс жарыялаганы белгилїї. Республика боюнча 715 талапкер документтерин тапшырышты. 2018-жылдын февралында Бишкек жана Ош шаарларындагы Тестирлєє борборлорунда талап- керлер їчїн сынак башталат. Кыргыз Єкмєтї мамлекеттик кызматты оптимал- даштыруу жана бюджеттик чыгымдарды азайтуу максатында штаттык орундар 10%га чейин кыскар- тылаарын айтууда. Жаўы доорго 40 кадампрограммасынын ал- кагында мамлекеттик жана муниципалдык кызмат кєрсєтїї мїмкїн болушунча электрондук форматка єткєрїлєт. Мамлекеттик башкарууга жаўы техноло- гияларды киргизїї кайсы бир деўгээлде кыскарту- уларга дуушар кылат”, - деди КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары Олег Тарбинский. “Бирок, механикалык кыскартуу менен гана чектелбей, ар бир кызматты талдап, тактап, кызматкерлердин ишин эсептеп оптималдаштыруу керек" экенин кошумчалады. ММ кызматУЛУТТУК КАДРЛАР РЕЗЕРВИНЕ ТАЛАПКЕРЛЕР ЇЧЇН СЫНАК БАШТАЛАТ КЇНЄЄЛЇЇЛЄР ЖАЗАЛАНУУГА ТИЙИШ Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын тєрагасы Толкунбек АБДЫГУЛОВ: УЛУТТУК БАНКТЫН ТУУРА САЯСАТЫНЫН НЕГИЗИНДЕ СОМДУН КУРСУ САКТАЛЫП КЕЛЕ ЖАТАТ 3-бетте

Upload: others

Post on 03-Feb-2020

42 views

Category:

Documents


0 download

TRANSCRIPT

Page 1: МАМЛЕКЕТТИК жана МУНИЦИПАЛДЫК...“кыргызча” деген бєлїмїнє да маалыматтар жалаў орус тилинде жарыяланат

№ 5 (237) 30-январь, 2018-ж.

МАМЛЕКЕТТИК жана МУНИЦИПАЛДЫК

6, 8-бетте

Премьер-министр Сапар Исаков Бишкек Жылуулук энергоборборундагы аварияга бай-ланыштуу Кыргыз Республикасынын Єкмєтї-нє караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчиси Канатбек Муратбековго тез аранын ичинде авариянын себептерин иликтеп чы-гууну тапшырды. «Кыштын ызгаар кїндєрїндє ЖЭБдин ишинин токтошуна кїнєєлїї жактар жазасын алышы керек”, – деди Єкмєт башчы.

Премьер-министр Бишкек шаарынын жана борбордун тегерегиндеги райондордун муктаж болгон тургундарын жылуу жууркандар менен камсыздап, ыкчам тартипте жылынуучу жана ысык тамактандыруу пункттарын уюштуруу тапшырмасын берди.

Андан мурдараак Єкмєт башчынын тапшыр-масы менен Бишкек шаарын жылуулук менен камсыздоону калыбына келтирїї боюнча ыкчам штаб тїзїлїп, анын курамына бардык тийиштїї органдардын жетекчилери кирген болчу. 26-ян-варь кїнї кечки саат алтыда энерго кубаттуулук 340МВТдан 154 МВТга чейин тїшїп калган.

Бишкек Жылуулук борборун модернизация-лоо иши 2014-жылдын апрелинде башталып, былтыр августта аяктаган. Ага кеткен 386 миллион долларды Кытайдын Экспорт-импорт банкы насыя катары берген. Ишти да Кытайдын TBEA компаниясы жїргїзгєн. Бишкек жылуулук борборун модернизациялоонун жїрїшїндє жаўы эки блок курулуп, анын кубаттуулугу 812 мегаватт электр энергиясына жеткени айтыл-ган. Ага чейин борбор 300 мегаватт чыгарууга жєндємдїї болчу.

М.САБЫРОВ

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы Кыргыз Республикасынын мамлекет-тик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын Улуттук кадрлар резервине конкурс жарыялаганы белгилїї. Республика боюнча 715 талапкер документтерин тапшырышты.

2018-жылдын февралында Бишкек жана Ош шаарларындагы Тестирлєє борборлорунда талап-керлер їчїн сынак башталат.

Кыргыз Єкмєтї мамлекеттик кызматты оптимал-даштыруу жана бюджеттик чыгымдарды азайтуу максатында штаттык орундар 10%га чейин кыскар-тылаарын айтууда.

“Жаўы доорго 40 кадам” программасынын ал-кагында мамлекеттик жана муниципалдык кызмат кєрсєтїї мїмкїн болушунча электрондук форматка єткєрїлєт. Мамлекеттик башкарууга жаўы техноло-гияларды киргизїї кайсы бир деўгээлде кыскарту-уларга дуушар кылат”, - деди КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары Олег Тарбинский. “Бирок, механикалык кыскартуу менен гана чектелбей, ар бир кызматты талдап, тактап, кызматкерлердин ишин эсептеп оптималдаштыруу керек" экенин кошумчалады.

“ММ кызмат”

УЛУТТУК КАДРЛАР РЕЗЕРВИНЕ ТАЛАПКЕРЛЕР ЇЧЇН СЫНАК БАШТАЛАТ

КЇНЄЄЛЇЇЛЄР ЖАЗАЛАНУУГА ТИЙИШ

Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын тєрагасы Толкунбек АБДЫГУЛОВ:

УЛУТТУК БАНКТЫН ТУУРА САЯСАТЫНЫН НЕГИЗИНДЕ СОМДУН

КУРСУ САКТАЛЫП КЕЛЕ ЖАТАТ

3-бетте

Page 2: МАМЛЕКЕТТИК жана МУНИЦИПАЛДЫК...“кыргызча” деген бєлїмїнє да маалыматтар жалаў орус тилинде жарыяланат

МАМЛЕКЕТТИК жана МУНИЦИПАЛДЫКMMКызмaт2 30-январь, 2018-ж.

Верстка Нурлан Кыдыков

МенеджерТатьяна Ибраимовател.: (0312) 62-01-32, 0558 (0776) 508268Келишимдер жана реквизиттер їчїн:

[email protected]

КорректорГїлназ Нурмаханова

Кабарчылар:

Мамат Сабыров

Сайпидин Султаналиев

Жооптуу редактор

Папан Дїйшєнбаев

Башкы редактор

Надыр Момунов

БИЗДИН ДАРЕК: 720040,

БИШКЕК ш. , ТОГОЛОК МОЛДО кєчєсї, 10

“Учкун” ААК басмаканасында

басылды, Заказ №132. Нускасы 2100

ИНН 01210201310016БИК 135001

ОАО «Айыл банк», Бишкек ш., Биринчи май району, р\c 1350100026248533

КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын коомдук гезити

2013-жылы 7-июнда негизделген

Катталуу кїбєлїгї № 1941

ГЕЗИТ ЭЭСИ: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы

жана редакциянын эмгек жамааты

Тел. : (0312) 62-01-32

mmkyzmat@gmail. [email protected]

«ММ кызмат»

Єлкєдє

ТОП тор

БИР БЇРКЇМ КАБАРЛАРПрезидент Сооронбай Жээнбеков Кылмыш кодексине

єзгєртїїлєрдї киргизїї боюнча мыйзамга кол койду. Ага ылайык, мас абалда рулга отурган айдоочуларга карата жаза кїчєтїлїп, жїргїнчїлєрдїн ден соолугуна оор жа-ракат келтирген авто сїйїїчїлєргє салынчу айыптар їч эсеге кєбєйтїлєт. Мыйзамдын автору Дастан Бекешовдун айтымында, эгер айдоочу мас абалда жол кырсыгына кабылып, анын натыйжасында бирєєлєр жабыр тартса, 8 жылдан 12 жылга чейин жазага тартылууга тийиш.

* * *

Казакстан менен Єзбекстандын лидерлеринин демил-геси менен 2018-жылдын мартында Астанада Борбор Азия єлкєлєрїнїн жетекчилеринин биринчи саммити єтєт. Asia-Plus агенттигинин билдиргенине караганда, Бор-бордук Азиянын лидерлери региондун жетекчилеринин саммитинде алгачкы жолу жолугушат. Буга чейин Борбор Азиядагы беш єлкєнїн президенттери бейформал тїрдє, эки тараптуу, їч тараптуу форматта, КМШнын, ШКУнун, ЕАЭСтин алкагында жолугушуп келишкен. Алдын ала маалыматтар боюнча, форум Нооруз кїндєрїндє єтєт. Бирок, так датасы азырынча аныктала элек.

* * *

АКШнын президенти Дональд Трамп бул єлкєдє бал-дары менен легалсыз жашап жаткан 1,8 млн мигрантка Американын жарандыгын берїїнї караган стратегияга кол коюуга даяр. Reuters агенттигинин жазганына караган-да, АКШнын сенаты бул планды кабыл алууну февралдын башында карайт. Документте ошондой эле Конгресс АКШ менен Мексиканын чек арасына дубал куруу їчїн 25 млрд доллар бєлїп берээри да каралган. Иммигранттардын їй-бїлєлєрїн каржылоо азайтылып, кээ бир єлкєлєр їчїн визалык лотерея ойнотуу токтотулат.

* * *

КСДП фракциясы “Ата Мекен” фракциясындагы ке-сиптештери менен бирдикте “Чыўгыз Айтматов” орденин негиздєє демилгесин кєтєрїп чыгышты. Ага чейин «Ата Мекенден» Каныбек Иманалиев, Садык Шер-Нияз, Эмил Ток-тошев, «Бир Бол» фракциясынан Жаныбек Бакчиев «Чыўгыз Айтматов» медалын негиздєєнї сунушташкан болчу. Бирок, жазуучунун маданиятка, илимге, адабиятка жана кєркєм єнєргє кошкон зор эмгегин эске алып, КСДП жана «Ата Ме-кен» фракциясынын депутаттары бул сыйлыктын макамын орденге чейин кєтєрїї керек деген чечимге келишти.

* * *

Кыргыз єкмєтї мамлекеттик органдардын ишин оп-тималдаштыруу жана бюджеттин чыгымдарын азайтуу максатында штаттык орундарды 10% чейин кыскартаарын жарыялады. Аткаруу бийлиги системасын реформалоо боюнча мекемелер аралык комиссия тїзїлїп, ал бир айдын ичинде аткаруу бийлигинин ишин талдап, сунуш-тарды иштеп чыгат. Алдын ала маалыматтарга караган-да, кеминде штаттык орундарды 10 пайызга кыскартуу каралып, айрым агенттик, департаменттердин тїзїмдєрї єзгєртїлєт. Комиссиянын иши аяктаганча бош кызмат орундарына жаўы кызматкерлер кабыл алынбайт.

СУДЬЯЛАР ДАЙЫНДАЛДЫ КРнын Президентинин биринчи Жарлыгы менен

КРнын Судьяларын тандоо кеўешинин сунушу боюнча ыйгарым укуктарынын мєєнєтї аяктагандыгына байла-ныштуу Бишкек шаардык сотунун 8 судьясынын ыйгарым укуктары 2018-жылдын 17-январынан тартып токтотулду.

Экинчи Жарлык менен тандалып алынган 3 талап-кер - Албанова Жумагїл Кубегеновна, Алыбаев Азамат Артельевич жана Горшковская Ирина Вадимовна КРнын Конституциясына ылайык мєєнєткє жергиликтїї соттор-дун судьяларынын кызматына дайындалды.

Їчїнчї Жарлык менен дайындалган судьялар Бишкек шаардык сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жїргїзїї їчїн жиберилди.

* * *

Спорттун олимпиадалык тїрлєрї боюнча дирекция-сынын башчысы болуп Жоомарт Шамканов дайындалды.

* * *

Жогорку Кеўеште «Республика – Ата-Журт» сая-сий партиясынын тизмеси боюнча депутат Дїйшалиев Абдыбек Кашымбекович ант берип, єзїнїн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти. Ал єз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мєєнєтїнєн мурда токтоткон Ємїрбек Бабановдун ордуна келди.

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ ЖЕРИГЕН МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАР

ДОЛБООРЛОР БИР МЕЗГИЛДЕ ЭКИ ТИЛДЕ АВТОМАТТЫК ТЇРДЄ

ТЇЗЇЛЄТ

ТЭЦтин ДИРЕКТОРУ “КЕТЕМ” ДЕЙТ. БАШКАЛАРЧЫ?

ЖЫЛУУЛУК ТЕЗ АРАДА, ТОЛУК ЄЛЧЄМДЄ БЕРИЛИШИ КЕРЕК

ПЕРСОНАЛ КОЛДОН КЕЛГЕНДИН БААРЫН ЖАСАП ЖАТАТ

“Мамлекеттик тил жєнїндє” мыйзамдын 7-бере-несинде мамлекеттик жана єз алдынча башкаруу органдары иш кагаздарын милдеттїї тїрдє мамле-кеттик тилде жїргїзїїсї, маалыматтарды таркатуусу кєрсєтїлгєн. Бирок, бир катар мамлекеттик органдар-дын сайттарында бул мыйзамдык талап аткарылбай жаткандыгын КРнын Президентине караштуу Мам-лекеттик тил боюнча улуттук комиссия аныктады. Алсак, негизги аудиториялары айыл жерлеринде-гилер болгон КРнын Айыл чарба, тамак-аш єнєр жай жана мелиорация министрлигинин сайтынын “кыргызча” деген бєлїмїнє да маалыматтар жалаў орус тилинде жарыяланат. КРнын Транспорт жана жол министрлигинин, КРнын Билим берїї жана илим министрлигинин, Єнєр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин, Маалыматтык технологиялар жана маалыматтык байланыш комитетинин, Мамлекеттик салык кызма-тынын, Мамлекеттик бажы кызматынын, Соттук-экс-перттик кызматынын сайттарында да ушундай эле кєрїнїштєр орун алууда.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жого-рудагыдай органдардын жетекчилерине чара кєрїї боюнча Єкмєткє кайрылды.

Б.ЧИЛТЕГИН

Бишкек Жылуулук борборунун директору Ємїркул уулу Нурлан отставкага кетїїгє, объектидеги авария їчїн жоопкерчилик тартууга даяр экенин билдирди. Анын айты-мында, їч буу казанында эч кандай жарылуу болгон эмес. Адистер суу тїтїгїнєн химиялаштырылган туз-суз суу эмне болуп агып кеткенинин себебин иликтеп жатышат.

Жылуулук борборунун ишинин токтоосуна алып келген негизги се-бептер жоюлду. Бирок, экрандык трубалар бузулган-дыгына байланыштуу буу казандар иштебей жатат.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматында “Таза Коом” долбоорунун алкагын-да аткарылуучу “Адам ресурстарын каттоо жана башкаруу” автоматташтырылган маалыматтык системасынын жаўы функциясын презентаци-ялоо болуп єттї.

Бул иш-чарага Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчилиги, тїзїмдїк бєлїмдєрдїн башчылары, “Инфоком” Мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Акын Мамбеталиев, талдоочу Даниэл Эшматов катышты. “Инфоком” Мамлекеттик ишкана-сы - аталган системанын программалык камсыздоо-сун иштеп чыгуучу орган.

Мамлекеттик органдардын персоналды башкаруу бєлїмдєрїнїн бирден бир маанилїї функциясы болуп, єздїк курам боюнча буйрук долбоорлорун да-ярдоо жана бекитїї эсептелет. Автоматташтырылган системага “Буйрук” деп аталган жаўы функционал-дык бєлїк иштелип чыгып, тестирлєєдєн єттї. Бул жаўы функционал єздїк курамга тиешелїї болгон 27 буйруктун долбоорун системада автоматтык тїрдє тїзїп, басып чыгарууга даяр формасында берет.

Системада буйрук долбоору бир мезгилде эки тилде автоматтык тїрдє тїзїлєт (мамлекеттик жана расмий тилдеринде).

Анын негизги максаты буйруктарды, документтерди системалаштырып, кандайдыр-бир кошумча манипуля-цияга жол бербей, мыйзам чегинде документ жїгїртїї, маалыматтардын актуалдыгын жана тууралыгын кам-сыздоого мїмкїнчїлїк тїзїї болуп эсептелет.

Иштелип чыккан функционал автоматтык тїрдє бул системага кошулган мамлекеттик органдар-дын бардыгына системаны жаўылоодон кийин жеткиликтїї болуп калат. Системаны жаўылоо жана бул функционалды системада активдештирїї иш-чаралары февраль айында ишке ашырылат.

Айгерим МАКЕШОВА

Кыргыз Республикасынын Президенти Соорон-бай Жээнбеков Єкмєт башчысы Сапар Исаковду кабыл алып, Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) азыркы абал тууралуу маа-лыматты укту. Сапар Исаков Жылуулук борборунун ишин калыбына келтирїї боюнча кєрїлїп жаткан чаралар жєнїндє айтып берди.

Сооронбай Жээнбеков Премьер-министрдин борбор шаар тургундарын жылуулук менен камсыз кылуунун їзгїлтїккє учурашынын себептерин кыл-дат изилдєє, тийиштїї тыянактарды чыгаруу жана Жылуулук борборунун ишинин їзгїлтїккє учурашына кїнєєлїїлєрдї жоопкерчиликке тартуу тууралуу че-чимин туура деп белгиледи. «Мындан ары буга жол бербєє їчїн стратегиялык объектидеги кырсыктын себептерин кылдат талдап чыгуу керек», - деди мамлекет башчысы.

Президент тез арада бишкектиктердин їйлєрїнє жылуулук толук єлчємдє берилиши керек экендигин белгилеп, ооруканаларды, балдар бакчаларын, мектептерди жана башка социалдык объектилерди жылуулук менен камсыз кылууга єзгєчє кєўїл бу-рууну тапшырды. «Адамдардын ємїрїнє жана ден соолугуна тийиштїї иште майда маселе болбойт. Ал мамлекеттин камкордугундагы негизги маселе болууга тийиш», - деди Президент.

- ЖЭБде азыр пайда болгон про-блемаларды жоюп жатышат, бирок, алар кайра эле пайда болууда. Бир датчикти жылытышса, арадан жети-сегиз саат єткєн соў кайра тоўуп ка-лат. Жумуш жїрїп жатат, бул єтє оор иш. Мен эки кїн - ишенби, жекшенби кїндєрї ЖЭБде болуп, єз кєзїм ме-нен кєрдїм. Персонал аракет кылып, колдон келгендин баарын жасап жатышат. Чычала, газ жылыткыч кар-мап алып, жылытып жїрїшєт, - деди

ЖЭБдин мурдагы директору Лев Васильев.ЖЭБдин директору Нурлан Омуркул уулу жаўы

блоктор электр бербей жатат деген маалыматты тєгїнгє чыгарды. Анын айтымында, азыр 6 буу казан иштеп жа-тат, бири ишке кирїї алдында турат, дагы бирєєнї ишке киргизїї пландаштырылууда. «Авария химиялык цехте башталган. Химиялык цехтеги насос керектїї єлчємдєгї сууну бере албай калган. Бул насостор модернизация-лоо долбооруна кирген, бирок, алар али реконструкция кылына элек болчу», - деди ЖЭБдин директору.

М. МАМАТОВ

Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ:

Page 3: МАМЛЕКЕТТИК жана МУНИЦИПАЛДЫК...“кыргызча” деген бєлїмїнє да маалыматтар жалаў орус тилинде жарыяланат

МАМЛЕКЕТТИК жана МУНИЦИПАЛДЫКMMКызмaт 330-январь, 2018-ж.Актуалдуу маек

- Толкунбек Сагынбекович, окур-мандарга єзїўїз тууралуу кеп козгоп берсеўиз.

- Атам курулуш тармагында иштеген, апам болсо ємїр бою оюнчук чыгаруучу заводдо эмгектенди. Эки бир тууганбыз. Башкача айтканда, кыргыздын жєнєкєй їй-бїлєсїндє тєрєлїп, тарбияланып чоўойдум десем болот . Окуучулук кїндєрїм Кара-Балта шаарында єттї. Мектепти аяктагандан кийин Бишкектеги Кыргызстан эл аралык университетине окууга тапшырдым.

- Улуттук банк акыркы кыска уба-кытта їч-тєрт жолу интервенция жа-сады. Алардын натыйжалары кандай болууда?

- Биринчи кезекте интервенция дегенди тїшїнїї керек. Жарандардын кєпчїлїгї анын маанисин тїшїнє бер-бейт. Ошонун натыйжасында “Улут-тук банк акчаны сатып жатат” деген сыяктуу сын-пикирлер айтыла берет. Интервенциянын негизги мааниси , рынокто валюта курсу кїтїїсїздєн кескин єзгєрїїгє дуушар болгондо, Улуттук банк интервенция жасап, чукул єзгєрїїнї же болбосо туруксуздукту жєнгє салат. Бул операциялардын максаты – алмашуу курсунун кескин єзгєрїїсїн жумшартып, валюта ры-ногундагы жагдайды стабилдештирїї болуп саналат. Ошентип алмашуу курсу кескин тїрдє тємєндєп же кєтєрїлїп кетишине жол бербєє їчїн Улуттук банк керектїї убакта чет єлкє валютасын сатат же, тескерисинче, сатып алат. Бул инструмент Кєпчїлїк мамлекеттерде да пайдаланылат жана валюта курсу туруксуз абалга келгенде интервенция жасалат. Тактап айтканда, интервенция жасоо абдан керектїї инструмент.

Валюта базары кайсы бир акча бирдигине болгон суроо-талаптын жого-рулашы же тємєндєшїнє кєз каранды. Кыргыз Республикасында 1993 жылдан тартып єзгєрїлмєлїї алмашуу курс режими жїргїзїлїп келет.

- Кыргызстандын улуттук валю-тасы кээ бир коўшу мамлекеттерге салыштырмалуу наркын жоготпой сактап келїїдє. Анын сыры эмнеде?

- Дегеле валюта курсунун деўгээли - мамлекеттин экономикасынын структу-расына, дїйнє жїзїндєгї акча айлантуу процесстерине кєз каранды.

Мисалы, алыс кетпей эле коўшу мам-лекеттерди ала турган болсок, аларда нефтинин запастары бар. Ошондуктан алардын улуттук валютасынын курсу нефтинин наркына жараша да єзгєрїлїп турат. Себеби – алар-дын негизги экспорт-тук продуктысы нефти болуп саналат да, ба-асы кєтєрїлгєндє ва-лютасынын курсу дагы жогорулайт , теске -рисинче, тємєндєсє – наркы тємєндєйт. Ал эми Кыргызстан жєнїндє айта турган болсок, єлкєбїз ча-кан, элибиздин саны аз, ошондой эле эко-номикабыздын аба-лынын єзгєчєлїктєрї да бар десек болот. Єлкєбїздє 25 жыл мурда улуттук валюта - сом киргизилгенден бери єзгєрїлмєлїї алмашуу курс режи-мин тандап алганбыз. Кайсыл мезгилде са-туу , кандай учурда сатып алуу боюнча Улуттук банктын бул багытта тажрыйбасы мол. Ал эми коўшу мамлекеттерге токтолсок, алар алгач Улуттук валютасы киргизилгенде калып-ка салынган багытты (фиксированный), кийинчерээк коридор багытын тандап

алышкан. Алардын єзгєрїлмєлїї алма-шуу курс режимине єткєнїнє 2-3 жылдай гана убакыт болду. Улуттук банктын ту-ура акча -кредит саясатынын негизинде биздин улуттук валютабыздын курсу сакталып келе жатат, десек болот.

- “Арзан турак-жай 2015-2020» Мамлекеттик программанын алка-гында КРнын Єкмєтї тарабынан ипотекалык кредит берїї планы иште-лип чыккан. Улуттук банк кредит берїїчї м е к е м е л е р д и н ишмердїїлїктєрїн жєнгє салат эмеспи. Бул багытта кандай иш-аракеттер атка-рылууда?

- Мамлекеттик ипотекалык компа -ния єзгєчє мыйзам-дын негизинде уюш-турулган . Алардын ишмердїїлїгїн Улут-тук банк кєзємєлгє албайт. Ал эми ипоте-калык кредит берїїчї мекемелер - банктар-ды кєзємєлгє алуу стандарттык негизде жїргїзїлєт. Улуттук банктын негизги функцияларынын бири бул - акча кредит саясаты. Андан тыш-кары, финансы-кредиттик уюмдарды кєзємєлдєє жана ошолор аркылуу фи-нансылык стабилдїїлїктї кармоо. Улут-тук банктын акча кредит саясатындагы максаты, баалардын стабилдїїлїгїн, улуттук валютанын туруктуулугун сактоо болуп саналат. Ал эми экинчи маселеде-ги максатыбыз- финансы системасынын туруктуулугун, коопсуздугун камсыз кылуу. Єзїўїздєргє белгилїї болгон-дой эле, коммерциялык банктардын ишмердїїлїгїнїн табияты -киреше та-бууга багытталган. Тактап айтканда, ор-томчулук аркылуу киреше табат. Элден депозит катары акча тартып, кайра элге кредит тїрїндє акча берїї жолу менен пайда табышат. Ар бир банк ай сайын Улуттук банкка єздєрїнїн ишмердїїлїгї жєнїндє отчет жиберип турушат. Улут-тук банктын кєзємєл жїргїзїї органда-ры банктардын киреше-чыгашаларын, ишмердїїлїктєрїн кєзємєлдєйт. Зарыл-чылык болгон учурда, текшерїї иштери жїргїзїлїшї мїмкїн.

- Кредит берїїдє пайыздык ченем-дерди азайтуу максатында Улуттук банк кандай иштерди жасап жатат?

- Кредиттердин пайызын тємєндєтїї боюнча 2014-жылдан бери їзгїлтїксїз иш-тер жїргїзїлїп келет. Бїгїнкї кїндє жакшы жыйынтыктар бар. Ми-салга алсак, банктык операциялардын ба-сымдуу бєлїгї мурда кєбїнчє АКШ долла-рында жїргїзїлчї . Коммерциялык бан-ктар жагынан сом -дун жетишсиздиги жєнїндє кєп айтылчу. Улуттук банк тара-бынан кредиттик аук-цион системасынын негизинде банк си-стемасынын милдет-тенмелерин убагында аткарылышын камсыз кылуу (ликвидность) їчїн , учурда сом менен кредит берїї м їм к ї н ч ї л ї к т є р ї

тїзїлдї . Ушуну менен эле токтоп калбай , карапайым калктын тєлєє мїмкїнчїлїгїнє жараша пайыздык єлчємдєрдї тємєндєтїї колго алынып ишке ашырылууда. Банктарга улуттук валютада кредиттер берилди, єз учурун-

да коммерциялык банктар 12 пайыздык єлчєм менен элге сунушташты. Кыргыз – Орус Єнїктїрїї фонду менен тыгыз иш алып барып атабыз.

Дагы бир баса белгилеп кетчї масе-ле, 2017-жылы “КРнын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери” жєнїндєгї жаўы мыйзам кїчїнє кирди. Бул мый-зам боюнча коммерциялык банктардын капиталын 600 млн сомго чейин жого-

рулатуу шарты коюл-ган. Бул дагы кайсы бир деўгээлде кредит берїїдє пайыздык че-немдин тємєндєєсїнє єбєлгє тїзєт.

- С и з д и ч е т єлкєдє билим ал-ган , ошол жактын иш -тажрыйбасын билген адам катары дагы билебиз. Чет мамлекетте алган би-лимдин Кыргызстан-да кєрсєткєн їзїрї кандай?

- Чет єлкєдє би-лим алуу єзїнчє барк десек болот. Бирок, ошол алган билим-ди ишке ашыруу, иш-тажрыйбаўда колдо-

нуу - бул башка маселе. Мейли Гарвард-дан, Оксфорддон окуйсуўбу же ушул эле биздин Кыргызстандын жогорку окуу жайынан билим аласыўбы, ошол алган билимиўди тажрыйбада туура пайдала-нып, анын їзїрїн кєрїї башкы максат. Эў негизгиси, чет єлкєдє окуган адам чет тилдерди єздєштїрє алат.

Мен Японияда жана АКШда билим ал-дым. Анын їзїрї жаман эмес. Ал жактан англис тилин кеўири єздєштїрдїм. Эмне їчїн муну айтып жатам, мисалы, азыркы учурда кесипкєй адабият жана маалымат англис тилинде єтє кеўири, орус тилин-деги маалымат азыраак, кыргызча андан дагы аз. Дїйнєдє эки жїздєн ашык мам-лекет болсо, ошолордун ар бири єз мез-гилинде єз мамлекеттеринде жакшы нер-сени ишке ашыруу максатында ар тїрдїї илимий эмгектерди жазып калтырышкан. Англис тили эл аралык тил болгонуна байланыштуу кєпчїлїк илимий эмгектер интернет мейкиндигинде англис тилинде жарыяланган. Ошондуктан, эгер чет ти-лин билсеў, ошол илимий материалдар менен кеўири тааныша аласыў деген ойду айткым келет. Бирок, жогоруда бел-гилеп єткєндєй, окуган нерсени, алган билимди ишке ашыруу жана колдонуу єтє зарыл. Ошол эле убакта, билимдїї жаштарыбыз єз идеяларын ишке ашыруу їчїн мамлекеттин башкаруу системасын, анын курамынын тїзїлїшїн, иштєє тар-тибин тїшїнє билїїсї да керек.

- Улуттук банкта иштеген кад-рлардын квалификацияларын жо-горулатуу боюнча кандай иштер жїргїзїлїїдє?

- Башка мамлекеттик органдарга салыштырмалуу Улуттук банктын кадр саясаты башкачараак. Мисалы, бизде банктык кєзємєлдєє жїргїзгєн (бан-ковский надзор) башкармалыктарга иштєєгє келген талапкер тажрыйбалуу болушу керек. Кеминде 2 жыл коммер-циялык банктарда же болбосо ошол тармакта тажрыйба топтогон адам болушу шарт. Алар конкурстук негизде кабыл алынат. Ал эми жєнєкєй банк кызматкерлигине болсо кадимкидей эле стажировкага келишет. Мен алгач Улут-тук банкка тєрага болуп келген мезгилде “Жаш кесипкєйлєр” деген программаны ишке киргиздик. Бизге стажировкага келген жаш адис бир тармак боюнча гана иштеп, тар чєйрєдєгї кесип ээси болуп калбасы їчїн, жаш адистердин билим деўгээлин, кесипкєйлїгїн, дїйнє таанымын жогорулатуу максатында ай-тылган программаны кабыл алганбыз. “Жаш кесипкєйлєр” программасынын алкагында тесттик сынактан єтїп келген

Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын тєрагасы Толкунбек АБДЫГУЛОВ:

УЛУТТУК БАНКТЫН ТУУРА САЯСАТЫНЫН НЕГИЗИНДЕ СОМДУН

КУРСУ САКТАЛЫП КЕЛЕ ЖАТАТ

РЕЗЮМЕАбдыгулов Толкунбек Сагын-

бекович, 1976-жылы Ысык-Кєл об-лусунда тєрєлгєн.

Билими: 1999-жылы. Кыргыз-стан эл аралык университетинин Эл аралык экономикалык мамиле-лер адистигин, 1999-жылы Кыргыз-стан эл аралык университетинин Банк иштери боюнча адистигин артыкчылык диплому менен аякта-ган. 2003-2005-жж. Япония мамлеке-тиндеги Нагойя университетинде Єнїктїрїї экономикасы адистиги боюнча, 2006-2007 - жж. АКШда Тїндїк Техас университетинин Мамлекетти башкаруу адистиги боюнча окуган.

Эмгек жолу : 1997-2001-жж . КРнын Улуттук банкынын Техника-лык жардамды координациялоо жана инвестициялар бюнча дирекциясы-нын улук экономисти, жетектєєчї экономисти, Долбоорлорду жїзєгє ашыруу бєлїмїнїн жетектєєчї экономисти, башкы экономисти, “Информациялык келечек” коомдук фондунун директору, 2006-2007-жж. Дїйнєлїк банктын жеке жана финансы секторун єнїктїрїї де-партаментинин консультанты, 2008-жылдан бери Борбордук Ази-ядагы Америкалык Университети-нин экономика кафедрасынын улук окутуучусу. 2008-2009-жж. КРнын Президентинин Администрация-сынын Экономикалык секторунун эксперти, 2009-2010-жж. КРнын Єнїктїрїї, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин Стратегия жана программалар кызматынын жетек-чиси, КРнын Экономикалык жєнгє салуу министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу, 2010-2012-жж.КРнын Єкмєтїнїн Ап-паратынын Экономика жана стра-тегиялык єнїктїрїї бєлїмїнїн башчысы, Экономика жана инвести-ция бєлїмїнїн башчысы, 2014-2017-жж. Улуттук банктын тєрагасы, 08/2017 – 11/2017-жж. КРнын бирин-чи Вице-премьер-министри, 11/2017 – 21/2017 КРнын Вице-премьер-министри кызматын аркалаган. 2017-жылдын декабрынан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы-нын тєрагасы болуп иштєєдє.

Їй-бїлєлїї, 4 баланын атасы.

Биринчи кезекте интервенция дегенди тїшїнїї керек. Жарандардын кєпчїлїгї анын маанисин тїшїнє бербейт. Ошонун натыйжасында “Улуттук банк акчаны сатып жатат” деген сыяктуу сын-пикирлер айтыла берет. Интервенциянын негизги мааниси, рынокто валюта курсу кїтїїсїздєн кескин єзгєрїїгє дуушар болгондо, Улуттук банк интервенция жасап, чукул єзгєрїїнї же болбосо туруксуздукту жєнгє салат.

Алыс кетпей эле коўшу мамлекеттерди ала турган болсок, аларда нефтинин запастары бар. Ошондуктан алардын улуттук валютасынын курсу нефтинин наркына жараша да єзгєрїлїп турат. Себеби – алардын негизги экспорттук продуктысы нефти болуп саналат да, баасы кєтєрїлгєндє валютасынын курсу дагы жогорулайт, тескерисинче, тємєндєсє – наркы тємєндєйт.

талапкерлердин бардыгын кабыл алып, алар їчїн Улуттук банктын эсебинен 8 ай окуу курсун уюштурганбыз. Ошол эле мезгилде аларды банктын башкарма-лыктарында стажировкадан єткєрдїк. Бухгалтердик , лидерлик курстарга жєнєтїп жаттык. Башкача айтканда, башкаруу чєйрєсїнє дагы аралашты-рып кесипкєйлїгїн арттырууга єбєлгє тїздїк. Аягында талапкерлерден сынак алып, ийгиликтїї тапшыргандарын жумушка кабыл алдык. Єтпєй калган-дарын єзїбїздїн маалымат базабызга киргизип, керектїї мезгилде чакырып алуу мїмкїнчїлїгїн тїздїк.

- Мамлекеттик кызматкер кандай сапаттарга ээ болушу керек?

- Мамлекеттик кызматкер єз абийи-ринин алдында таза болушу абзел. Орустар “будь честен перед собой” деп айткандай, кїзгїгє каранып, элесиўди кєргєндє, єз жїзїўєн єзїў уялбай тур-гандай абалга жетишиў керек.

Сайпидин СУЛТАНАЛИЕВ

Page 4: МАМЛЕКЕТТИК жана МУНИЦИПАЛДЫК...“кыргызча” деген бєлїмїнє да маалыматтар жалаў орус тилинде жарыяланат

МАМЛЕКЕТТИК жана МУНИЦИПАЛДЫКMMКызмaт4 30-январь, 2018-ж. Лидеры, изменившие мир

(Продолж., нач. в пред. номерах)

В стране провели децентрализацию управления, расширили хозяйственную самостоятельность регионов, разреши-ли свободу торговли, отменили жесткие ограничения на рост заработной платы. Создали особые экономические зоны (СЭЗ), которым предоставили полную экономическую независимость и право самостоятельно распоряжаться финан-сами.

В отношениях с другими государства-ми возродили древний конфуцианский принцип: «Нет ни постоянных друзей, ни постоянных врагов, а есть лишь неизмен-ная верность Поднебесной». Расширили экономические и научные связи с США, Японией и Западной Европой. При этом Дэн так к месту говорил об «экспансио-низме Москвы», что западные инвестиции мощным потоком устремились в Китай. Была разработана и реализована идея «Одна страна - две системы», в соот-ветствии с которой были присоединены к Китаю английский протекторат Гонконг (Сянган) и португальская колония Макао (Аомынь).

ОДИНОКИЙ КАПИТАН

Дэн добивался изменения старого стиля мышления, без которого невоз-можно изменить окружающую действи-тельность. Столь непривычные идеи вы-зывали сопротивление не только скрытых врагов, корыстолюбивых попутчиков, но и искренних друзей, которые в течение многих лет спасали его, а затем и про-двинули на вершины власти.

Ортодоксы называли его «ревизи-онистом», консерваторы упрекали его в продаже идеалов социализма и в реставрации капитализма, скороспелые «демократы» видели в нем махрового партократа, а «либералы», направляя свой перст в стороны «родных» Гонконга и Тайваня, требовали полностью отка-

заться от плановой экономики. Но Дэна менее всего занимали всякие «...измы». Он был патриотом и прагматиком.

Дэн Сяопин практически одинок, мало кем понимаемый, он одних твердо убеж-дал, других мягко укорял, а подавляющее большинство он просто силой заставлял выполнять его указания. Несколько раз определенные группировки предприни-мали попытки отрешить его от власти. Но Дэн упорно двигался к своей цели. Можно задать вопрос: «Благодаря чему он все-таки достиг ее?» Благодаря непо-колебимому духу, огромному моральному авторитету, чистоте его принципов и помыслов, а также природному дару Ве-ликого Организатора, верившего в свое предназначение. Он воплощал в себе об-раз конфуцианского Учителя, играющего огромную роль в китайской ментальности.

Он не рассматривал народ как объект для безумных экспериментов, вроде «шо-ковой терапии». Он понимал, реформы будут поддержаны народом (а без этого они никогда не могут состояться) только в том случае, если они будут постоянно улучшать его благосостояние. Причем суть проводимых преобразований он объяснял ясным и доступным языком, понятным людям. И слова его никогда не расходились с делом. Доходы горожан в 1997 году выросли по сравнению с 1978 годом с 316 до 5160,3 юаня, сельчан - с 133,6 до 2090,1 юаня, и даже с учетом инфляции доходы реально выросли со-ответственно в 3,1 и 4,4 раза.

Китай превратился в величайшую державу мира, которая по валовому на-циональному продукту с 8 места в 1980 году переместилась сейчас на 3 место, после США и Японии. Его валютные ре-зервы превышают 1 трлн долларов США, юань стал сильной валютой, в которой предпочитают хранить свои резервы некоторые страны Юго-Восточной Азии. Если в начале XXI века предрекали, что Китай к 2050 году может выйти на 1 место и стать супердержавой, то, судя по тому, какие экономические кризисы начинают сотрясать США, это наверняка случится раньше.

Люди отмечали, что Дэн Сяопин не стремится к личной власти, к личному обогащению, ведет скромный образ жизни.

Вместе с тем Дэн допускал и ошиб-ки. В марте 1979 года китайские войска напали на Вьетнам, союзника СССР, и потерпели поражение.

В июне 1989 года намечался визит Михаила Горбачева в Китай. В тот пери-од болтливый генсек КПСС пользовался

репутацией демократа и либерала, но Дэн Сяопин знал, к чему приведет его политика.

Многие китайские студенты с вос-торгом относились к Михаилу Горбачеву, и, в преддверие его визита, во второй половине мая 1989 года они устроили массовую акцию, требуя свободы слова и многопартийности. 3 июня Дэн Сяопин приказал разогнать демонстрацию. Ис-полнители переусердствовали, и разгон обернулся кровавой бойней. Дэн снял с постов виновных в допущенной жесто-кости, но о самом разгоне он никогда не жалел. Все поняли, что он готов на все для сохранения стабильности в стране.

ОТСТАВКА

В ноябре 1989 года на V пленуме ЦК КПК 13 созыва он ушел в отставку с последней официальной должности, которую занимал, — председателя Во-енного Совета ЦК КПК. Однако до самого конца его жизни руководители компартии и государства советовались с ним по важнейшим государственным вопросам. Авторитет Дэна настолько высок, что он будет определять, когда и какие лидеры будут управлять страной в последующие четверть века.

На том же пленуме уйдет в отставку Чжао Цзыян, ставший генсеком в 1987 году. Таким образом, второе поколение китайских руководителей во главе с Дэн Сяопином уступит место третьему поко-лению во главе с Цзян Цзэминем.

В ноябре 2002 года на XIV съезде КПК, по указанию покойного к тому времени Дэна, к власти придет четвертое поколе-ние, возглавляемое Ху Цзиньтао. На нем будет принято важное решение о допуске в партию бизнесменов, что изменит клас-совую природу партии и превратит ее в общенародную.

22 августа 1994 года страна отметила 90-летие китайского патриарха.

К этому дню он завершил свой по-следний важнейший труд - основные на-правления развития страны до 2049 года, столетнего юбилея КНР, и высказал по-следнюю мечту - дожить до 1 июля 1997 года — времени официального возвраще-ния Гонконга в лоно Китая. Лучшие врачи Китая стремились помочь в осуществле-нии этой мечты, но он не дожил до этого. 19 февраля 1997 года в 21 час 8 минут один из самых великих государственных деятелей XX века скончался. По воле покойного похороны были скромными, а его прах вместе с лепестками цветов

был развеян над морем между Тайванем и Гонконгом.

В сентябре 1997 года XV съезд КПК подтвердил, что теория Дэн Сяопина продолжает оставаться идеологической основой партии, и обязался выполнить завещанную им 55-летнюю программу со-циально-экономических преобразований. Идеи Дэна продолжают работать.

МЕНТАЛЬНОСТЬ И ИСТОРИЧЕСКОЕ СОЗНАНИЕ

Когда делаются прогнозы относитель-но будущего Китая, многих интересует, насколько успешно он преодолеет соци-альные, региональные и поколенческие контрасты, а также издержки взрывного экономического роста. Но немаловаж-ными представляются историософские и ментальные особенности. Эта тема очень сложная.

Каждая цивилизация уникальна, и каждая из них имеет свои тайны.

Но Китай — это настоящий сфинкс. Как же преодолеть «великую китайскую стену», разделяющую нас не столько на земле, сколько в умах?

Надо понять, чем отличаются наши ментальности. А разница, по сути, лежит в нескольких основных причинах. В обще-известном и принципиальном отличии слогового и иероглифического писем. Слоговое письмо обладает безгранич-ными возможностями, но изменчивыми и размытыми берегами. Оно хранит ар-хетипы в подсознании.

В то время как иероглифика, похоже, позволяет сохранять архетипические кон-структы в самом сознании. Отсюда живая преемственность традиций в культуре, быту и политике.

В слоговом письме, изучив алфавит, научившись слагать буквы в слова, каж-дая личность может заняться самообра-зованием. Отсюда произрастают корни индивидуализма.

В иероглифике невозможно само-стоятельно понять значение иероглифов и самому обрести знания. То есть для постижения культуры нужен Учитель, который в политике трансформируется в Лидера. (Успех японцев заключается в немалой мере и в том, что им удалось совместить слоговое и иероглифическое письмо, таким образом выработать «син-тетическую» ментальность.)

(Продолж. следует)

ДАО ДЭНА«Какая разница, какого цвета кошка, главное, чтобы она ловила мышей.»

Дэн СЯОПИН

Сейдахмет Куттыкадам

Ульрих Маурер 1950-жылы 1-де-кабрда Цюрих кантонунун тїштїк-чыгыш жагындагы кыштакта, кедей фермердин їй-бїлєсїндє туулган . Коммерциялык орто окуу жайында бухгалтерлик кесипке ээ болгон соў Цюрих фермерлер ассоциациясында, жашылча-жемиш єстїрїїчї фермер-лердин швейцариялык ассоциация-сында директор болуп иштеген. Кыска мезгил Швейцариянын армиясында велосипедчендер полкун жетектеп, майор наамын алган.

1978-жылдан 1986-жылга чейин Маурер Хинвилдин муниципалдык єкмєтїндє иштеп, кантондук єкмєттїн тєрагасы, коргоо министри даражасы-на чейин жеткен.2012-жылдан тарта Швейцариянын вице-президенти кыз-матын аркалап жїрїп, 2012-жылдын

Їлгї

УЛЬРИХ МАУРЕРБиз гезитибиздин бир нече санынан бери жєнєкєй жашап, жєнєкєй кийинип, турмушу башка жарандардан эч айырмаланбаган дїйнєдєгї эў жупуну жетекчилер жєнїндє жазып келатабыз. Бул жолку кезек Швейцариянын мурдагы президенти Ульрих Маурерде.

5-декабрында президенттикке шай-ланган.

Маурер азыр Цюрих кантонунун округдук борбору Хинвил коммунасын-да жашайт. Алты баланын атасы.

Маурер университеттик билими жок болсо да ушундай жогорку кызматтарга жеткен Швейцариядагы жападан-жал-гыз жетекчи. ”Себеби, мен эч качан жогорку кызматтарга жетсем деп аракет кылган эмесмин”- дейт Ульрих мырза. Коргоо министри болуп турган кездер-де ал Бёрн кантонундагы Мюнсинген деген жерде жашап, 400 миў швейца-риялыктын катарында жумушка вело-сипед менен каттачу. Таў эртеў менен башына каска кийип, велосипед менен кыштактын асфальтталбаган чаўдуу жолу менен токойду , фермаларды аралап єтїп, єзї иштеген федералдык сарайга бир саатта жетип барчу. Анын эки велосипеди болоор эле. Жамгыр жааган кїндєрї аскердик, кїн ачык болгондо спорттук велосипедин минчї. Автоунаага болсо нєшєр тєгїп, же кар жааганда гана отурчу.

Президент болгондон кийин деле Ульрих мырза велосипедин таштаган эмес.

М.САБЫРОВ

Page 5: МАМЛЕКЕТТИК жана МУНИЦИПАЛДЫК...“кыргызча” деген бєлїмїнє да маалыматтар жалаў орус тилинде жарыяланат

МАМЛЕКЕТТИК жана МУНИЦИПАЛДЫКMMКызмaт 530-январь, 2018-ж.Эстутум

(Уландысы, башы єткєн санда)

Э.Абдыжапаровдун кинотасмасынын эки-їч жеринде Саякбайдын “Манас” айт-кан эпизоддору бар. Биринчи эпизодунда жаш Саякбай нєшєрлєгєн жаанда ээн талаада “Манас” айтып жатса, экинчи эпи-зодунда Їркїндє кырылган элдин, алар-ды аткылап, кылычтап жатышкан орус жасоолдорунун аттарынын чаўдарынын арасында “Манас” айтып жаткандыгын кєрєбїз. Биринчиден, бул эпизоддор ре-алдуу чындыкка таптакыр жакындашпайт, манасчы деген жогорураакта айткандай, артист да болуп эсептелет, єз эмоция-сын, жїрїм-турумун кєзємєлдєй билген адамдар гана артист боло алышат. Эч кандай угуучулары жок ээн талаада же кыргын согушта деле “Манас” айта бергидей Саякбай жинди болгон эмес. Тилекке каршы, ал эпизоддордун чын-дыкка жакындабаганы аз келгенсип, ал жерлерде Саякбай Каралаев психикалык дарттан жапа чеккен делбетап адамдай да кєрїнїп калган.

С.Каралаев Москвадан жаўы келген жаш Ч. Айтматов менен сїйлєшїп от-урганда райкомдун катчысы келип, мал-чылардын майрамында “Манас” айтып берїїнї єтїнєт. Анын єтїнїчї боюнча, Са-якбай чогулгандарга барып, талаага ор-нотулган сахнанын кырына отуруп алып, чарчаганда кымыздан куркулдата жутуп коюп, “Манас” айтып кирет. Ал эпизод-дон кинонун авторлорунун манасчылык єнєрї боюнча жєнєкєй тїшїнїктєрї да жок экендиги кєрїнїп турат. Биринчиден, “Манас” айтып жаткан адам атала ичип жаткансып, антип кымызды куркулдата жуткан эмес, оозу кургап баратканда гана айрандан же кымыздан ууртап турушкан. Антип куркулдата жутса, ойлору бєлїндї болуп, денеси шалдырап, андан ары уланта албай калмак. Экинчиден, “Манас” айтканда кызууланып отуруп, боз їйдїн тєрїнєн босогосуна чейин жылып кетмей адаты бар Саякбай сахнанын кырынан талпынганда эле кулап кетмек. Ал эпи-

Маселе

ЖАН-ДЇЙНЄБЇЗДЇН МАЙДАЛАНЫП БАРАТКАНДЫГЫН ДАЎАЗАЛООНУН КИМГЕ КЕРЕГИ БАР?

ЖЕ ПЛАСТИКАЛЫК, КИНО ИСКУССТВОЛОРУНДАГЫ ЧЇРГЄМЄЛЄР ЖЄНЇНДЄ

зоддогу їчїнчї эў негизги чоў кемчилик, Саякбай кїпїлдєп “Манас” айтып жатат, аны кыргыз, орусу аралаш казганактаган эл угуп отурушат, бирок аларда окуялар-ды жїрєктєрї менен кабыл алып, аларга аралашкандай реакция, орусча айтканда, сопереживание байкалбайт. Куран окулуп же єлїк кємїлїп жаткандан бетер барды-гы манекендерден бетер мисирейишип сурданып отурушат. “Манасты” андай кабыл алыша турган болсо, Саякбайды ал жерге чакыруунун кандай кажети бар эле? Чын эле андай боло турган болсо, улуу манасчы чакырмак тїгїл, сїйрєсє да ал жерге бармак эмес.

Саякбайдын кинотасмада жаш Чыўгызга “сени Мухтар деген казакка айтамын” дегени да чындыкка ылайык келбейт. Анткени, Мухтар Ауэзов менен Ч.Айтматов єзї Москвада окуп жїргєндє эле таанышкандыгын жазып да, айтып да жїрдї. Ага С.Каралаевдин эч кандай тиешеси жок.

Кинодогу жаш келиндин кымыз быш-каны – сокуга куурулган арпаны салып алып, сокбилек менен жанчканга окшоп калган. Эч кандай кыргыз кымызды антип бышпайт, антип бышылган кымыздын даамы бузулуп, ашаткыга окшоп калат. Кымыз бышуунун єзїнчє жол жобосу болот. Анын тилин билгендер бышканда бир калыпта шуу-гїї деген жагымдуу да-быш чыгып, єзїнчє музыкага окшоп турат. Анан кыргыздар эч качан (бирєєгє єчєшсє да) акты атайылап тєккєн эмес. Кинодогу кїйєєсїнє чыртылдаган келиндин кесени дасторконго ыргыткандай коюп, кымызды тєккєнї эч кандай реалдуулукка коош-

пойт. Ал убакта анткен зайып ошол замат камчынын алдында калмак. Анын їстїнє кинотасмадагы саба да сабага окшошпой, жєн эле канар каптай болуп калган.

Кино кїзгє аралаш тартылгандыгы жалпы фондон байкалат, бирок кадрдан сыртынан итак-менен сїтактын дабыш-тары угулуп, эки баланын жалбырактары калдайган кєчєттєрдї тигип жїргєнї таў калтырат. Ал эми карыган Саякбайдын караўгы тїндє кемпири менен мээримдїї сырдашып, анан ар жагы, азыркыча айт-канда, секске айланып кеткени кєрїїчїнїн аянычтуу, кейиштїї кїлкїсїн гана келти-рет. Биринчиден, билгендердин айтым-дарында, камалган баласынын айынан ємїрїнїн акырында Саякбай кемпири менен ит менен мышыктай болуп жїргєн экен, экинчиден, эл сыйлаган кары адамга

андай нерсени жабыштыруу биздин салт санаага таптакыр ылайык келбейт.

Кинотасмада жаш Саякбай тїшїндє Бакай баштаган атчандарды кєрїп эле эртеси кїнї манасчы болуп кетет. Мын-дай версия автордо манасчылыктын жєн жайын гана эмес, Саякбайдын ємїр жолун, тегин да билбегендиктен жаралса керек. Анткени, жаш манасчылар тїш да кєрїшкєн, аларга аян да келген, айрым-дары аларга єзгєчє басым жасаганды жакшы кєрїшкєн, алардын канчасы чын, канчасы фантазия экендигин бир кудай-дын єзї гана билет, бирок адатта алар биринчи кезекте башка манасчыларга таасирленишип, аларга бир нече жыл шакирт болуп жїрїп, эпостун фабуласын, текстин, кантип айтууну їйрєнїшкєн. Єзїўїздєр ойлоп кєрїўїздєр,“Манасты” мурдатан жакшы билип, ага таасирлен-бесе, анын тїшїнє Манас кайдан кирмек? Таптакыр билбеген, кєрбєгєн нерсе да адамдын тїшїнє кирчї беле. Андайлар галлюцинациялар гана болушу мїмкїн. Ал эми чындыгында Саякбай “Манаска” бармактайынан аралашып чоўойгон, анткени атактуу манасчы Чоюке анын бир тууган таякеси болгон, ал Саякбай отуздан ашканда єлгєн. Демек, анын улуу манасчыга айлануусунда Чоюкенин ролу чоў. Режиссёр мифологиялык версияга азгырылбастан мына ушул жакка басым жасаса, чындыкка да ылайык келмек, кыйла ишенимдїї да чыкмак.

(Уландысы бар)

Бакай ЧИЛТЕГИН

КПСС БКнын ИНСПЕКТОРУН ЇШЇТКЄНДЄ

Мен Жумгалбек Бексултанович менен 1986-жылы январда таанышып калдым. Анда ал Кыргызстан КП БКнын айыл чар-басы боюнча катчысы болуп жаўы эле шайланган. А мен Кочкор районундагы Фрунзе атындагы колхоздун парткомунун катчысы болуп иштечїмїн. Ал убакта Турдакун Усубалиевди куугунтуктоо жаўы башталып, арыздар жазылып, аны КПСС БКдан келгендер текшерип жатышкан. Ошо арыздардын биринде “Фрунзе атындагы колхоздун чабаны Сакыбаев Совет жылы-на ар жїз тубардан 198-199дан козу алат, анын баары жалган, ал Т.Усубалиевдин тууганы болгондуктан башкалардын эсе-бинен кєтєрмєлєп кошуп жазып жїрїшкєн” деген маанидеги айыптоолор бар экен, КПСС БКдан Иваненко деген инспектор, анан Ж. Аманбаев баштаган, курамында

мал чарбасы боюнча илим изилдєє ин-ститутунан бир нече окумуштуусу бар топ бизди текшергени барып калышты. Ива-ненко деген узун бойлуу, жашы элїїдєн єткєн, арык киши экен. Облустун жетекчиси Кемел Ашыралиев, райкомдун 1-катчысы К.Акназаров да ошерде эле. Окумуштуулар короого кирип, койлорду текшергени кирип кетишкенде биз сїйлєшїп турдук. Жумгал-бек Бексултанович менден:

- Адистигиў эмне? - деди эле, “зоотех-никмин” десем, - анда сен мал чарбасын билет турбайсыўбы? - деп ар нерсени сурай баштады. Суроолорунун кєпчїлїгї жем, чєп, куут жєнїндє болгон менен ай-ландырып келип; бул жерде чын эле кошуп жазуу болгонбу, ага агасы жардам кылган эмеспи?- деген кїдїктє эле. Анткени, кол-хоздун башкармасынын тєрагасы Карагул Сакыбаев чабандын бир тууган акеси эле. Мен ага:

- Жумгалбек Бексултанович, бул жерде кошуп жазуу деген жок, Сакы баев селекци-ялык иштерди, куутту мыкты жїргїзгєндїгї, жем-чєптї убагында берип, койлорун семиз баккандыгы їчїн ушунчудан тєл алып жа-тат, - деп аны кеўири тїшїндїрїп бердим. Ал чабан кєп жылдардан бери иргеп отуруп, короосуна жалаў эгиз тууй турган койлорду гана алып калган эле. Ал эми эгиз тууган койлордун козулары да эгизчил болушат. Анын їстїнє анын аялы да аябагандай

бышык, мал чарбасы боюнча сабаттуу аял болчу. Ал экєєсї куут убагында койлорду эспарцет менен гана багыша турган.

Менин сєзїмдї уккандан кийин:- Туура, туура, - деп Аманбаев баш ий-

кегилеп калды. Анан ал жердеги партиялык топ, анын иши, алдыўкы коммунисттер жєнїндє сурады.

Кочкордун сєєк какшаткан кара суу-гун жакшы билесиўер. Бир аздан кийин Иваненко калчылдап їшїй баштаганда, Корчубек Акназаров:

- Жумгалбек Бексултанович, мейма-ныбыз їшїп кетти. Чабандын їйїнє кирип жылынып, бир пиаладан чай ичип алалы, - деди эле, ал ага кыргызча:

- Корчубек Акназарович, бул жакта биз-дин эл кандай шартта жашап, мал багып, кантип эт, жїн єндїрїп жатканын кєрсїн. Буга сиздин бооруўуз оорубай эле койсун, - деп койду. Бир аздан кийин К.Ашыралиев суранды эле, ага да ошентти. Акырында Иваненко єзї суранганда гана:

- Кєрдїўїзбї, биз ушундай шартта жа-шап, иштейбиз, - деп аны чабандын їйїнє ээрчитип кирди. Ал жерге козу сойдуруп, бышыртып койдук эле, К.Акназаров ал жєнїндє айта албай тайсалдайт. Аманба-ев “бышырганыўарды апкелгиле” дегенде гана козунун этин тарттык. Ал Иваненкого козунун башын карматып койду да, єзї жам-башты жей берди. Ичкилик деген болбоду.

Ошондо Жумгалбек Бексултановичтин Усубалиевге кєзї тїз экендиги байкалып калды. Ал їйдє чабанды, бизди гана колдоп сїйлєп отурду, тиягын текшергиле, биягын карагыла дебеди, кычык суроолорду да бербеди. Сууктан єзїнє келе албаган Ива-ненко текшерїїгє дитин коюп катышкан деле жок.

Кетип баратканда: “Жакшы адис экенсиў, кабарлашып тургун”, - деп ко-лумду кысып, жєнєп кетти. Мен колхоздун парткомунун катчысы, ал БКнын катчысы болсо, кайдан кабарлашмак элек. Ага ал 1988-жылы Ысык-Кєл обкомунун 1-кат-чысы болгуча жїз багышканым деле жок. Обкомдун 1-катчысы болгондон кийин Кочкорго активге келгенде, мени дароо та-анып, ал-жайымды сурап, жылуу учураш-ты. Кийин жыйындарда, чогулуштарда кєп жолугушуп жїрдїк. Анан ал Корчубек Акназаровго айтып, Ташкенттеги Жогорку партиялык мектепке баруума себепкер болду. Мен партмектепти бїтїп жатка-нымда ал Кыргызстан КП БКга 1-катчы болуп калган. Окуумду толук бїтє электе эле ал мени БКга инструктор кылып алды. Анда ГКЧПдан компартиянын иши ток-тотулганга чейин иштедим. Кыргызстан КП БКнын акыркы пленумуна катыштым. Ошондо Жумгалбек Бексултанович билдирїї жасоо їчїн трибунага чыкканда, Турсунбек Чыўгышев президиумга жул-кунуп чыгып, анын колунан кагаздарын жулуп алып, трибунадан тїшїрїп жибер-ген. Акаев анын андай кызматын эске алып, кийин премьер-министр кылды. Акаевчилер ошондо “Аманбаев ГКЧПны колдоду” деп айыптап жатышкан. Ошон-до Ленин (азыркы Ноокен) райкомунун 1-катчысы Тойгонбек Калматов гана калыс, чындыкты сїйлєп, Аманбаевде эч кандай кїнєє жок экендигин айткан. Калгандары ары, бери кылтыўдашкан. Азыр ошол ГКЧП убагында А.Акаев ме-нен Ж.Аманбаев жасаган билдирїїлєрдї дыкат салыштырып окуп чыккан адам экєєнїн билдирїїлєрїнїн ортосунда эч кандай деле айрыма жоктугуна, мазмуну бирдей экендигине ишенет.

Мен пленумдан кийин Жумгалбек Бексултановичти їйїнє чейин жеткирип баргандардын арасында болгом.

(Уландысы бар)

Папан ДЇЙШЄНБАЕВ

МЕН БИЛГЕН ЖУМГАЛБЕК АМАНБАЕВИниятов Шурубек – даўазалуу жетекчи, пендеде сейрек кездешкен чечен, чыгаан мамлекеттик ишмер Жумгалбек Бексултанович Аманбаев менен жакшы кїндєрдє эмес, эў оор убактарда бирге жїрїп, ємїрїнїн акыркы кїндєрїндєгї окуяларды да бирге баштан єткєрїшкєн. Биз бул жерде анын Ж.Аманбаевдин адамдык, жетекчилик сапаттары, Аскар Акаевди кантип БКга алып келгендиги, Т.Усубалиев, А. Масалиев, Р.Кулматов сыяктуу инсандар менен мамилелеринин бизге белгисиз жактары, анын єлїмїнє эмнелер себеп болгондугу жєнїндє эскерїїлєрїн жарыялайбыз.

Page 6: МАМЛЕКЕТТИК жана МУНИЦИПАЛДЫК...“кыргызча” деген бєлїмїнє да маалыматтар жалаў орус тилинде жарыяланат

МАМЛЕКЕТТИК жана МУНИЦИПАЛДЫКMMКызмaт6 30-январь, 2018-ж. Тарых

Калмырза уулу Шайыбек датканын тарыхтагы биринчи эрдиги – 1840-жылы жайында Шералы хан, Нїзїп миўбашы жетектеген кошуунда жигиттерин баш-тап, Коконду Бухаралык маўгыттардан бошотууга катышса, экинчи чоў эр-диги – 1873-1876-жылдарда Фергана єрєєнїндєгї баскынчыларга каршы элдик кєтєрїлїштї жетектеген Ыскак Асан уулун таап келип, аны Полот ханга айландырып, элдик эркиндик їчїн бол-гон кїрєштї тутанткандыгында болуп саналат. 1840-жылы ал катардагы жїз башы болсо, 1872-жылы хандыктагы эў абройлуу даткалардын биринен болгон.

1872-жылы Кудаяр хандын бийли-гине нааразы бектер, бийлер, даткалар тымызын єз ара сїйлєшїп, Самарканд-дагы Алимхандын тукумдарынын бири Болот бекти алып келип, элди анын туусунун алдында бириктирип, Кудаяр хандын бийлигин кулатууну чечишет. Ал максатта жыйналган єкїлдєрдї Самар-кандка Калмырза уулу Шайыбек датка жетектеп барат. Бирок, биротоло дин жолуна тїшїп кеткен Болот хан болуп, кєтєрїлїштї жетектєєдєн баш тартат. Ал эпизод “Сынган кылыч” романында эў сонун чагылдырылган. Шайыбек датка жетектегендер Ташкентте теги Чаткалдык Абдымомун бектин їйїнєн Болотко коёндой окшош, ичкиликтердин бостон уруусунан чыккан Ыскак Асан уу-лун кєрїшєт. Туу болгудай адам тапбай келаткан Шер датка анын єткїрлїгїн байкап: “Муну хан деп жарыялап жибер-сек, тигил эки адамдын башы кошулган жерге баралбаган дубанага окшогон неме жєнїндє ким эстемек эле. Ал чы-ныгы мураскор менмин десе деле ким ишенет”, - деген жыйынтыкка келип,

аны Сафед-Буланга алып келип, алтын бешиктин тукумунан тараган Полот хан деп жарыялап жиберишет. Полот хан адегенде Кудаяр ханга каршы чыгууну кєздєсє, Кудаяр орус колонисттери ме-нен тил табышып, алардын коргоосуна єтїп кеткенден кийин ал жетектеген кыймыл орус баскынчыларына каршы кїрєшкє айланып кеткен. Ал кїрєш їч жылга созулуп, колго тїшїрїлгєн Полот хандын дарга асылуусу менен аяктаган.

Борбордук Азия элдеринин тары-хына ушул эрдиги менен кирип калган Калмырза уулу Шайыбек болжол менен 1810-жылы азыркы Аксы районунун Сєгєт айылында туулган. Атасы ошол аймактагы багыш уруусундагылардын бийи болгон. Шайыбек жаш кезинен Нїзїп миўбашы менен байланыш-та болуп, ал кутумдар тарабынан єлтїрїлгїчє аны менен бир жїргєн. Нїзїп єлтїрїлгєндєн кийин айылына ке-лип, атасынан бийликти, ордодон датка наамын алып, кєзї єткїчє эл башкарууга активдїї катышып жїрїп єткєн. Ал ая-бай єткїр, чечен адам болгондуктан аны эл Шер атыктырып жиберишип, єз аты унутулуп, тарыхка Шер датка деген атта кирип калган. Ошондуктан ал тарыхый кєркєм чыгармалар тїгїл, жазма булак-тарда да Шер датка деп гана аталат. Шер датканын улгайгандагы образы биринчи жолу Т.Касымбековдун “Сынган кылыч” романында чагылдырылган.

Алгач анын мамилеси Кудаяр хан менен жакшы болгон, айтымда жылда жайында Кудаяр хан жан жєкєрлєрї менен Сєгєттїн Капалик деген жерин-деги дєбєлєргє келип, ошерге тигилген єргєєлєрдє эс алып кетчї экен. Анын меймандостугуна ыраазы болгон хан Капаликтен – Паканикке (Намангандын желкесине чейинки) чейинки жерди ага берет. Бирок, кийинчерээк ар кандай себептерден улам экєєсїнїн ортолору сууп, душманга айланып кетишет.

Шер датка ал кїчтєн тайганда бий-лигин иниси Эшимбекке єткєрїп бе-рип, єзї 90дон ашканда болжол менен 1901-1902-жылдарда дїйнєдєн кайткан. Андан калган жерди иниси ар кайсыл уру-уларга берип жиберген. Шер датканын жаш кезиндеги образы П.Дїйшєнбаевдин “Жармазардагы акыркы кеч” деген рома-нында чагылдырылган.

Улуу Октябрь тєўкєрїшїнєн кийин анын тукумдары катуу куугунтукка кабы-лып, сїргїндєрдє,кагылышууларда 14 тукуму єлгєндїгї айтылат. Анын урпак-тары Аксы районунун Кара-Тєбє, Сєгєт айылдарында, Бишкекте жашашат.

Папан ДЇЙШЄНБАЕВ

Насирдин Исанов 1943-жылдын 7-но-ябрында Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кєк-Бел айылында туулган. Эмгек жолун 1960-жылы Москва шаарын-дагы “Мосжилстрой” трестинде жумушчу болуп баштаган.

1966-жылы Москва инженердик-куру-луш институтун аяктап, андан соў Кыргыз ССРинин курулуш министрлигинин “Ош-горстрой” курулуш-монтаждык участогу-нун башкармалыгында мастер, прораб, башкы технолог, “Ошшааркурулуш” тре-стинин №5 курулуш башкармалыгында башкы инженер, партиянын Ош обко-мунун курулуш бєлїмїнїн инструктору, “Нарынгидроэнергокурулуш” башкарма-лыгынын парткомунун секретары, комсо-молдун Ош обкомунун биринчи катчысы болуп иштеген. 1976-жылы - Алма-Атада-гы жогорку партиялык мектепти бїтїрїп, Кыргызстан компартиясынын Борбордук Комитетинин курулуш жана шаар чарбасы бєлїмїнїн башчысынын орун басары, Кыргыз ССРинин курулуш министри, ку-рулуш комитетинин тєрагасынын биринчи орун басары - Кыргыз ССРинин министри, Ысык-Кєл облаткомунун тєрагасы, Кыр-гыз Республикасынын вице-президенти, Кыргыз Республикасынын Премьер-ми-нистри кызматтарын аркалаган. 48 жаш курагында, 1991-жылдын 29-ноябрында автокырсыктан каза болуп, сєєгї Бишкек шаарындагы “Ала-Арча” кєрїстєнїнє коюлган.

Экономика илимдеринин кандидаты. СССРдин инженердик академиясынын академиги. СССРдин эл депутаты. Эмгек Кызыл Туу, “Ардак белгиси” ордендери менен сыйланган.

“КУМТЄРДЇН” КУРМАНДЫГЫБЫ?

Анын єлїмї їй-бїлєсї їчїн да, ко-омчулук їчїн да бїгїнкї кїнгє чейин та-бышмак. “Расмий маалыматтар боюнча, Н.Исанов 1991-жылдын 29-ноябрында тїштїк тарапка чет элдик фирма баш-чылары менен жол тартып баратып, Ош-Жалал-Абад жолунан ЗИЛ-130 ма-шинасы менен кагышып, каза болгон. Бирок, «Волга» машинасында бир топ адамдар болгонуна карабай жалгыз На-сирдин Исанов гана єлїм тапканы таў калыштуу. Бирге бараткан бизнесмен Борис Бирштейн болгону денеси гана сыйрылып, оор жаракат деле алган эмес. Айрым басылмалардын жазгандарына караганда Насирдин Исанов єлгєндє Бирштейн кїтїїсїз єз мекенине Андижан аркылуу учуп кеткен”, - деп жазат журна-лист Тєлєнбай Абдыразаков.

Жубайы Бїзинат апа Насирдин Иса-новдун єлїмїнє алтын маселеси се-беп болду деп эсептейт. Кумтєр кенин иштетїї боюнча келишим долбоорун даярдап жатканда Исанов ал Кыргыз-стандын кызыкчылыгына жооп бербейт деп, кол коюудан баш тартканы айты-лып жїрєт. “Бул биздин їй-бїлє їчїн кїтїлбєгєн нерсе болду. Єлтїрїп кою-шат деп їч уктасам тїшїмє кирген эмес. Бомбаны алып келип эле їйїмдїн їстїнє таштап койгондой болду. Єзї деле адам баласы ушунчалык мыкаачылыкка бара-рын ойлобосо керек, билгенде балким этият болуп жїрєт беле… Кумтєрдїн

алтыны эле Насирдинди жеп койду... Бир жолу Аскар Акаевич Майрам менен бирге биздикине конокко келишти. Биз чай ичип отурганда алар маанилїї саясий темада сїйлєшїп отурушту. Мен кєбїнчє тамак-аш даярдап жїрїп, алардын сєзїнє деле кєп маани бербептирмин. Анан Насирдин Майрам Акаевага: “Сиз бизди єзїнчє кал-тырып, єзїўїздїн иштериўиз менен алек болсоўуз”, - дегенин угуп калдым. Ошол жерден Майрам дароо тура калып: “Тур, кеттик”, - деди. Аскар Акаевич жумшак киши болчу, ал бир дагы сєз айтпастан Майрамдын артынан жєнєдї. “Силерге эмне болду. Тамак бышты”, - деп эле аларды узатып кала бердим. Насирдин дагы жинденип кала берди. Ал дайыма бетке айтчу. Майрамдын бизге кылган ма-милесин эч качан унутпайм. Насирдиндин жетилигин дагы єткєрє элек болчубуз, ал болсо бизден резиденцияны бошотууну талап кылды. Болгону 3 кїн болгон...”-дейт Бїзинат Исанова.

КОМУЗДА КОЛ ОЙНОТЧУ

Насирдин Исанов мамлекеттик гана ишмер эмес, чыгармачыл да инсан бол-гон. Бош убактысында ыр, аўгемелерди, макалаларды жазып, комуз чертчї. Исанов менен кєп жыл кошуна жашаган жазуучу Єскєн Даникеев ал кандай жо-горку кызматтарда иштебесин єзї да, їй-бїлєсї да эч єзгєрбєгєнїн, адамгерчилик сапатынан жазбаганын талбай айтып жїрєт. Тєлєнбай Абдыразаков кандай жупуну инсан болгонун минтип сыпат-тайт: “Насирдин Исановдун зыйнатына Кыргызстандын бардык аймагынан адам кєп келди, айрыкча, Кєл менен Нарын тараптан. Кєўїл айтканы келгендердин арасынан «Н.Исановдун бир туугандары кимдер экен?» деген суроо бергендер да болду.Тааныгандары аларга жупуну кийинген агасы Абдылда менен айдоочу болуп иштеген инисин кєрсєтсє, суроо ээси экєєнї ишенип –ишенбей карап алып, акырын башын чайкап: «Кайран Насирдин, чынчыл адам эмес беле…» деп кобуранганы кулагыбызга чалына тїшїп жатты...

М.САБЫРОВ

ЭРКИНДИК ЇЧЇН КЇРЄШТЇ ТУТАНДЫРГАН

ШЕР ДАТКА

ЧЫНЧЫЛДЫГЫ ЖАНДА ЖОК НАСИРДИН ИСАНОВ

Ф и н а н с ы - э к о н о м и к а бєлїмїнїн башкы адисине кою-луучу квалификациялык талаптар

1. Кесиптик билимдин деў-гээли:

- толук жогорку кесиптик билим (мамлекеттик жана муниципал-дык башкаруу, эсеп жана аудит, менеджмент, экономика илимдер чєйрєсїндєгї);

- мамлекеттик жарандык кыз-

1. Энергокоммуналдык адиси (1 шт. бир.)

2. Жарандык коргоо боюнча адиси (1 шт. бир.)

3. Социалдык коргоо боюнча адиси (1 шт. бир.)

4. Салык боюнча жетектєєчї адиси (1 шт. бир.)

Квалификациялык талаптар:

Энергокоммуналдык адиси

1) Кесиптик билимдин деў-гээли:

- техникалык, архитектура жана курулуш, радиотехника жана байланыш, энергетика багытында-гы жогорку билим же орто кесиптик билим;

- иш стажына талап коюлбайт.

Єзгєчє кырдаалдар боюнча адиси

1) Кесиптик билимдин деў-гээли:

- техникалык, архитектура жана курулуш, гуманитардык. саламаттык-ты сактоо, экономика жана башкаруу, радиотехника жана байланыш, єзгєчє кырдаалда коргонуу багытындагы жо-горку билим же орто кесиптик билим;

- иш стажына талап коюлбайт.

Социалдык коргоо боюнча адиси

1) Кесиптик билимдин деў-гээли:

- жогорку билим же орто кесип-тик билим;

- иш стажына талап коюлбайт.

Салык боюнча жетектєєчї адис

1) Кесиптик билимдин деў-гээли:

- Экономикалык жогорку билим же кесиптик орто билим;

- иш стажына талап коюлбайт.

Конкурска кагышуу їчїн доку-менттерди жарыя чыккан кїндєн баштап 10 жумушчу кїнгє чейин тємєндєгї дарекке тапшыруу керек: Сузак району, Кызыл-Туу айыл єкмєтї, Мундуз айылы, С.Досуев кєчєсї 11.

Сурап билїї їчїн телефон 03722 7-77-13, 0779 74 47 00 www: kyzyl-tuu.myl.ru

Кошумча маалыматтарды www: mkk.gov.кg сайтынан алсаўыздар болот.

Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл єкмєтїадминистративдик муниципалдык ваканттык кызматтарга

СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ:

Араван районунун Чек-Абад єкмєтїадминистративдик муниципалдык ваканттык кызматка

СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ:

- жеке арызы; резюме; ємїр баян ; кадрларды эсепке алуу єздїк баракчасы; фото сїрєт 2 даана; паспортунун же инсандыгын кїбєлєндїрїчї башка документи-нин кєчїрмєсї; соттолбогондугу

мат же муниципалдык кызматта бир жылдан кем эмес иш стаж же адистиги боюнча їч жылдан кем эмес иш стаж.

Документтерди кабыл алуу жарыя чыккандан баштап 10 жу-мушчу кїнгє чейин Чек-Абад айыл єкмєтїндє дареги: Кочуба-ев кєчєсї № 123 кабыл алынат. Сурап билїї телефондору 0(3231) 5-60-09

СЫНАКТАРГА КАТЫШУУ ЇЧЇН КЕРЕКТЇЇ ДОКУМЕНТТЕР:

тууралуу аныктама; зарыл кесиптик билими, иш стажын жана квалифи-кациясын ырастоочу документтери, эмгек китепчесинин кєчїрмєсї (нотариустан тастыктоо менен); диплом.

Page 7: МАМЛЕКЕТТИК жана МУНИЦИПАЛДЫК...“кыргызча” деген бєлїмїнє да маалыматтар жалаў орус тилинде жарыяланат

МАМЛЕКЕТТИК жана МУНИЦИПАЛДЫКMMКызмaт 730-январь, 2018-ж.Эскерїї

Эгемберди аке экєєбїздїн ємїр жолдорубуз кєп жолу кесилишти. Мен їчїнчї курста “Кыргызстан маданияты “ жумалыгына прак-тикага барганда Эгемберди аке адабият бєлїмїндє иштейт экен. Бирин-экин котормолорумду алып кирсем кызыл ала кылып оўдоп, анча-мынча кемчиликтерине кєз жуумп гезитке чыгарып берген. Ал киши бир кездерде Кадамжай районундагы “Ильич нуру” гезитинде иштептир. Университетти бїткєн соў мен да ошол гезитке ишке орноштум. Кадамжайга барган сайын сєзсїз биздин редакцияга кайрылып, бир кезде чогуу иштешкен кесиптештери менен бир учурашпай єтчї эмес. Редакцияга жакын жерде жайгашкан чайка-нага кирип алып, узак талкууга кирип кетчїбїз.Єзї айткандай, “Дон Кихотту” тєртїнчї класста эле окуп койгон бул кишинин билими, ой єрїшї тим эле укмуш эле! Дїйнєлїк классикадан бир сєз баштап алса ал айткандан тажачу эмес, биз уккандан чарчачу эмеспиз.

Тагдырдын буйругу экен 2003-жылы экєєбїз ажылык сапарга чогуу аттандык. Кырк бир кїн бир автобуста чогуу жатып, намазга кошо жыгылып, кїл азыгыбызды теў бєлїшїп жеп, бир саам да бири-бирибизден ажырашкан жокпуз. Буга чейин мен аны акын катары гана билсем, ажылык сапардан кийин адам катары да жакындан билдим. Экєєбїз кесиптеш катары аттансак, кайтканда бир тууган, ага -ини болуп кайттык. Бул тууралуу мен єзїмдїн “Ажылыктын азаптуу сапары” аттуу китебимде жазгам. ”Мухаммед пайгамбар” дастаны ошондо жаўы эле жазылган экен. Аны эў алгачкылардан болуп биз укканбыз. Эртеў мененки нанїштєдєн кийин эле ажы башчыбыз “Таксыр, баштаў!”- дейт. Эгемберди аке кол жазмасын алып чыгып, окуп кирет...

Ак жол сага кумурска, тынымы жок,Сапарыўда кезиксин саргарган дан.Уюгуўду бузбасын балдар ойноп,Кенен болсун жолдоруў даўгыраган - деп акын єзї жазгандай,

Эгемберди аке кумурскага да жакшылык каалаган ак ниет, боорукер, жароокер жан болчу. Анан, кумурскадан да єткєн эмгекчил эле. Кырк жылдык чыгармачылык ємїрїндє ал “Шаар жана тоолук”, “Ємїр издери”, “Туяктын ыры”, “Саймалуу таш”, ”Махабат”, “Мендеги мен”, “Исфайрам абазы”, “Заман кайрык”, “Алтереэго” сыяктуу китептер-ди чыгарды. “Аксаткын менен Кулмурза”, “Жаўыл мырза”, “Отурар трагедиясы”, “Кедейкан” драмаларын жазды. Котормо менен да алектенип, Низаминин “Жети сулуусун”, Кул Кожо Акматтын “Хик-меттерин” кыргызчалады.

Акыркы жолу экєєбїз Кыргыз-тїрк “Манас” университетиндеги жолугушууга чогуу бардык эле. Кайра кайтканда Эгемберди аке мени ишке чейин машинасы менен жеткирип келди. Экєєбїз илгеркидей отуруп алып, чыгармачылык тууралуу сукбат курбайлыбы? -десем “жїда жакшы болот да. Сен качан десеў мен таярмин. Айта турган кєп сєз бар, їкам”, - деген. Арман дїйнє, экєєбїз ошол бойдон кайра жолукпай калдык. Соўку маегибиз да болбой калды... Айла жок, акын агамды, жїрєгїмє єзгєчє жакын агамды издеп таппайм да китептерин ачып, ырларына їўїлєм...

М.САБЫРОВ

Урматтуу эскерїї кеченин катышуучулары!Ардактуу мекендештер!

Бул дїйнєдє баарыбыз жолоочубуз.Бул дїйнєдє баарыбыз сапардабыз.Бул дїйнєгє убактылуу келгендигибизди

баарыбыз билебиз.Бирок, бак-дєєлєтїбїз, ырыскы-берекебиз

канчалык мол болсо да, канчалык зор болсо да, єкїнїчтїїсї, анын чеги бар.

Рухий дїйнє жана їстїбїздєгї кєк асман гана тїбєлїк чексиз. Анын учу-кыйырына жана мезги-ли менен мейкиндигине кєз да, акыл да жетпейт.

Дал ошондой кайталангыс рухий-кєркєм дїйнєдє асылдык менен сулуулуктун феноме-нин жараткан жана ширин сєздїн їнїн тыўшап, анын кубанычы менен кайгысын, муўу менен сїйїнїчїн акыл менен жїрєктєн єткєрїп, адам мїнєзїнїн космосун ар тараптуу Эгемберди Эрматовго гана таандык стилде иликтеген кєрїнїктїї Эл акынына арналган эскерїї кече-синин єтїп жатышын Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын атынан астейдил куттук-таймын.

Кыргыз Республикасынын мурдагы Пре-зиденти Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтин 2013-жылдын 1-июлунда «Кыргыз Республика-сында мамлекеттик тилди єнїктїрїї жана тил саясатын єркїндєтїї чаралары жєнїндє» №155 Жарлыгы жарык кєргєн. Ушул Жарлыкка ылай-ык, улуттук программаны иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ тїзїлїп, ошол жумушчу топтун курамында акын менен чогуу иштешїї тагдыры мага буюрду. Мен анда Билим берїї жана илим министринин орун басары элем. Алты ай чогуу эмгектендик. Бул ишке Президенттик Аппарат-тан бєлїм башчы Карыбаева Мира Аскеровна, аппараттын кызматкерлери Кулматов Алмаз Окенович, Кадырбеков Нуржигит жетекчилик кылышты жана їзгїлтїксїз кємєк кєрсєтїштї.

Ошентип, єлкєбїздє 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди єнїктїрїїнїн жана тил саясатын єркїндєтїїнїн улуттук программа-сы иштелип чыкты. Бул программа Алмазбек Шаршеновичтин тїздєн-тїз жетекчилиги менен Улуттук кеўешинде талкууланып, кабыл алынды.

Эгемберди Эрматов аталган программаны аткарууга улуттук тил комиссиясынын тєрагасы катары бїт акылын, тереў билимин жана зор турмуштук тажрыйбасын ємїрїнїн акырына чейин жумшады. Єлкєбїздє мамлекеттик тилди жана эл аралык тилдерди эркин билген кыргызстандыктардын жаўы муунун єстїрїїгє жана тарбиялоого ал абдан кызыкдар болгон мекенчил инсан эле.

Ырас, тилди табият жараткан. Ага текеберчи-лик менен мамиле кылуу, табияттын мыйзамда-рын этибарга албоо ар кандай калыбына келгис, орду толгус жоготууларга алып келери шексиз. Кыргыз тили – улуттун жана мамлекеттин жїрєгї. Ал – єлкєнїн эркиндиги, кєз каранды эместиги, азаттыгы жана коопсуздугу жєнїндє фундамен-талдуу проблема.

Демек , жаратылыш менен табияттын єлчєєсїз байлыгын кєздїн карегиндей сактоо

жана тумарыбыздай тутунуу ар бирибиздин ыйык милдетибиз экенин Эгемберди Эрматов кайталоодон, насыйкаттоодон жана їгїттєєдєн тїк тажаган эмес.

Байыркы кыргыз эли тилден баштап мам-лекетке чейинки єздєрїнїн пассионардык кїч-кубатын, энергиясын кийинки муун-урпактарга їзгїлтїксїз жана дамамат єткєрїп келген.

Дал ушундай адамдык да, жарандык да алп миссиясын Эгемберди Эрматов ак дилинен, чын пейилинен єтєп кетти.

Ал кєркєм-эстетикалык бийиктикке бет ал-ганда таянган тоосу кыргыз фольклору, батыш менен чыгыштын классикалык адабияты жана дїйнєлїк маданият болгон. Ошентип, кыргыз адабиятынын ар тїрдїї жанрларында: лирика-да, драмада, котормодо жана публицистикада єзїн толук ачып, єзїнє гана таандык, єзїнє гана окшош эмоционалдуу-экспрессивдїї кай-талангыс кєркєм-эстетикалык баалуулуктарды кєєнє кыргыз элине мурас кылып калтырып кетти.

Анын акындык философиясы адамдын улуулугуна, сулуулугуна, жаратылыштын тїбєлїктїїлїгїнє, бийик гуманизмге жана асыл-дык идеясына барып такалат.

Эрматовдун акындык устаттыгынын эў башкы сыры – кєркєм-эстетикалык ойлоонун ар тараптуулугунда жана кєп тїрдїїлїгїндє, ошондой эле, учу-кыйыры жок тереўдиги менен бийиктигинде.

Адам мїнєзїн, адам психологиясын лирика-да, драмада чебер талдоо жана эстетикалык-философиялык жалпылоого жигердїї умтулуу акындын чыгармачылыгынын эў кїчтїї жагы деп айтууга толук негиздер бар.

Эгемберди Эрматов улуу пайгамбардын ємїр жолун, ислам окуусун даўктаган «Мухам-мед пайгамбар» дастаны аркылуу бїгїнкї кїндє – этносторду жана єлкєлєрдї бириктирип турган кєркєм-эстетикалык кубаттуу аалам.

Ал – Низами Генжевинин достук, сїйїї, адилеттик жана ыйман маселелерин даўктаган «Жети сулуу» дастанын, Чыгыш поэзиясынын жылдызы Кожокмат Яссавинин єлбєс-єчпєс хик-меттерин которуу аркылуу батыш менен чыгыш-ты, улут менен жалпы адамзатты интеграциялап турган поэтикалык кїчтїї єлкє.

Акын – «Жаўыл Мырза», «Аксаткын менен Кулмурза» драмалары, тунук сїйїїнї даўктаган махабат ырлары, заман талабына жараша акын-дын жїрєгїн жарып чыккан мекенчил чыгармала-ры жана эсселери аркылуу адамзаттын єткєнїн, бїгїнкї кїнїн жана келечегин айкалыштырып турган зор маданий держава.

Кыскасы, Эгемберди Эрматов азыркы до-ордун жана келечектеги миў жылдыктардын ча-кырыктарына заманбап жооп берген кєрїнїктїї акын жана адамдык да, атуулдук да нарк-насили менен парасаты бийик, Мекендин топурагы кум болсо алтын деп билген, суусу шор болсо кан-тым деп билген, Ала-Тоодой шаўкайган инсан бойдон кыргыз элинин тарыхый эс-тутумунда тїбєлїккє сакталат.

Кєўїл бурганыўыздарга чоў рахмат!

“МЕНИ ИЗДЕСЕЎ ЫРЛАРЫМДАН ТАБАСЫЎ...”Єткєн жумада Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Эл акыны, драматург, публицист Эгемберди Эрматовду эскерїї кечеси болуп, ага Президенттин кеўешчиси Ж.Разаков, тєрага Д.Жумабеков баштаган Жогорку Кеўештин жоон топ депутаттары, МККнын директору А.Мадумаров, КРнын Єкмєтїнїн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу єкїлї А.Халмурзаев, акындын калемдештери, жердештери, кїйєрмандары келишти. Эгемберди Эрматовдун чыгармачылыгы, адамдык нарк-насили тууралуу жїрєктєн чыккан жылуу сєздєр айтылып, акындын калемине таандык обондуу ырлар жаўырды.

КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын тєрагасы, профессор Назаркул ИШЕКЕЕВдин

эскерїї кечесинде жасаган баяндамасы

Page 8: МАМЛЕКЕТТИК жана МУНИЦИПАЛДЫК...“кыргызча” деген бєлїмїнє да маалыматтар жалаў орус тилинде жарыяланат

МАМЛЕКЕТТИК жана МУНИЦИПАЛДЫКMMКызмaт8 30-январь, 2018-ж. Сиздин кругозоруўузга

ТУУРАСЫНАН: 1. шопинг 6. корпоратив 8. индиго 9. литера 10. Мапуту 12. Талас 13. Шопен 16. тегирич 17. чегедек 18. клоун 21. кобыз 22. луидор 26. курорт 30. Испания 31. маскарад 32. Мазина 33. канжыга 34. Араш 36. сезам 37. сальдо 38. гусар 40. Шибан 42. Санта 45. Карабалта 47. Каракол 48. Ильюшин 49. фейерверк 50. одеон 51. солярка. ТИГИНЕН: 1. шалы 2. путч 3. нардан 4. Ункас 5. синус 6. кокуй 7. видеорегистратор 10. Марек 11. Гомер 12. Тесей 14. Битлз 15. битум 16. тенор 18. кыш 19. Алымкан 20. риксдаг 21. Кодак 23. Ассам 24. канжа 25. пингвин 27. ураган 28. оливье 29. лазер 33. калаа 35. Шумахер 36. Сараево 37. сазан 39. Отелло 41. парео 42. старт 43. нанду 44. чокой 46. Зюзя. 47. Кирк.

КЫЗМАТВОРДТУУРАСЫНАН:2. Спорттук снаряд.7. Палоого кошулуучу салат.9. Капитан Воробейдин ролун аткарган актер.10. Италиялык фанат.11. Чыгыш єлкєлєрїнїн «Олимпиадасы».12. Сапатсыз товар (орус.)14. Америка жаўгагы.16. Казак ырчысы.17. ... -токой.20. № 1 фото. Кєпєлєктїн тїрї.21. Венесуэладагы штат.23. Индеецтер жебеге сыйпоочу уу.26. Исполнитель.28. … Болт (спринтер).29. Ак-Суу районундагы айыл.31. … Кардинале (актриса).33. Т.Касымбековдун романы.37. Абийир, ар ...38. … Абдурахман ибн Хоттаб.41. Кєк тїстєгї асыл таш.42. Босого.43. Деўиздин ташбакасы.46. Мыйзамсыз аўчылык кылган адам.47. ... сызуу.48. В.Арсеньевдин романы «Дерсу …» .49. АКШдагы автоунаанын маркасы.50. Рим императору.51. Байыркы грек мифологиясындагы кєўїл ачуунун кудайы.52. Муз жїрєктї эриткен кыз.53. Легендарлуу крейсер.54. Даанышман киши.

ТИГИНЕН:1. Г.Титов – «Орел», В.Терешкова – «Чайка», Ю.Гагарин – … .2. В.Этуштун ролу.3. Орус сїрєтчї.4. Изумруд шаарындагы сыйкырчы.5. Мара.6. Жаўы жааган жаш кар.7. «Фархад жана … . »8. Мексикадагы єчє элек жанар тоо.12. Тїлкїнїн баласы.13. Чаян топ жылдызындагы альфа жылдызы.14. Студенттердин гимни.15. Стивен Кингдин романы (орус.)16. Ташкындан, селден сактоочу курулуш.18. Клоундон цирктин директоруна жеткен актер.19. Дон-Кихоттун шериги.22. Артур Хейлинин романы.24. Испаниядагы шаар.25. Сары гїлдєрї бар єсїмдїк.27. Африкалык кєп кылдуу музыкалык аспап.30. №2 фото. Ырчы.32. Хрусталдын сорту.33. Чек арачыга керектїї негизги сапат .34. Алладиндин тоту кушу.35. Лениндин гезити (орус.)36. Кыргыз балдар адабиятындагы эў кєп китеп чыгарган акын.39. Рио-де-Жанейродагы элдик майрам.40. Статика+ динамика.42. Европадагы єлкє.43. «Мала … аксакалам» (палиндром).45. «... бир кечтин эртеси бар» (мак.) 46. Мундзуктун уулу, Аттиланын агасы.

№ 3 (235) САНДАГЫ “КЫЗМАТВОРДДУН” ТУУРА ЖООБУ

Даярдаган Г.АБАЕВА

№2

№1

1. Ошское ОУГС ведущий специалист – (1 ед.)

2. Кара-Сууский районный отдел госстатистики (РОГС) главный специалист – (1 ед.)

3. Кара-Кулжинский РОГС ведущий специалист – (1 ед.)

Квалификационные требо-вания к главному специалисту

Уровень профессиональ-ного образования:

- высшее образование по направлениям «экономика и управление», «физико-мате-матические науки и фунда-ментальная информатика», «вычислительная техника и информационные техноло-гии» либо высшее профессио-нальное образование любого профиля при наличии стажа работы не менее трех лет в областях, соответствующих функциональным направлениям конкретной должности.

Стаж и опыт работы:- стаж государственной

службы на младших должно-стях не менее одного года или стаж по специальности не менее трех лет.

Профессиональные ком-петенции

Знание:- общего законодатель-

ства , а также Положения «О Едином государственном регистре статистических единиц (ЕГРСЕ) Кыргызской Республики» (утверждено по-становлением Правительства Кыргызской Республики от 19 октября 2007 года № 483).

Умение: - сбора, анализа, система-

тизации и обобщения инфор-мации;

- подготовки аналитиче-ских документов;

- эффективного сотрудни-чества с коллегами;

Знание:- общего законодатель-

ства, а также Положения «О Едином государственном реги-стре статистических единиц (ЕГРСЕ) Кыргызской Респу-блики».

Умение: - качественного исполнения

поручений вышестоящих руко-водителей;

- качественной подготовки документов, информации, от-ветов на запросы;

- эффективного планирова-ния своей деятельности в со-ответствии с должностными обязанностями;

- рассмотрения и подготов-ки ответов по обращениям граждан;

- деловой переписки на госу-дарственном и/или официаль-ном языках;

- работы в команде.

Для участия в конкурсе необходимо предоставить следующие документы:

- личное заявление с указа-нием вакансии, личный листок по учету кадров с фотографи-ей, резюме, автобиографию, копии диплома об образовании, о повышении квалификации, копию трудовой книжки, копию паспорта (копии трудовой книжки и дипломов должны быть заверены нотариально или в отделе кадров по месту работы).

Документы принимаются в течение 10 рабочих дней со дня опубликования объ-явления по адресу: г .Ош , ул.Курманжан Датка 236, Ош-ское областное управление госстатистики, справки по тел.: 0(3222)2-97-59; 4-51-19 (прямой).

- ведения деловых пере-говоров.

Квалификационные требо-

вания к ведущему специалисту

Уровень профессиональ-ного образования:

- высшее образование по направлениям «экономика и управление», «физико-мате-матические науки и фунда-ментальная информатика», «вычислительная техника и информационные технологии», «гуманитарные науки».

Стаж и опыт работы:- стаж государственной

службы на младших должно-стях или стаж по специаль-ности не менее одного года (желательно).

Профессиональные ком-петенции

ОШСКОЕ ОБЛАСТНОЕ УПРАВЛЕНИЕ ГОСУДАРСТВЕННОЙ СТАТИСТИКИв соответствии с Законом Кыргызской Республики «О государственной гражданской службе и муниципальной службе»

ОБЪЯВЛЯЕТ КОНКУРСНА ЗАМЕЩЕНИЕ ВАКАНТНОЙ АДМИНИСТРАТИВНОЙ ГОСУДАРСТВЕННОЙ ДОЛЖНОСТИ: