Практикалык колдонмо - aris.kg · кубулуштарынын жана...

34
КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮШҮНҮН МАЛ-ЖАЙЫТ ЧАРБАЧЫЛЫКТАРЫНА ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ ЖАНА КУНАРЫ КЕТКЕН ЖЕРЛЕРДИ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ МЕНЕН ЖАКШЫРТУУ БОЮНЧА АДАПТАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР Бишкек 2019 ж. Практикалык колдонмо

Upload: others

Post on 02-Sep-2019

37 views

Category:

Documents


0 download

TRANSCRIPT

Page 1: Практикалык колдонмо - aris.kg · кубулуштарынын жана процесстеринин 20 түрлөрү байкалууда. Аларга жер

КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮШҮНҮН МАЛ-ЖАЙЫТ ЧАРБАЧЫЛЫКТАРЫНА ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ ЖАНА КУНАРЫ

КЕТКЕН ЖЕРЛЕРДИ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ МЕНЕН ЖАКШЫРТУУ БОЮНЧА АДАПТАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР

Бишкек 2019 ж.

Практикалык колдонмо

Page 2: Практикалык колдонмо - aris.kg · кубулуштарынын жана процесстеринин 20 түрлөрү байкалууда. Аларга жер

2

Практикалык колдонмо Эл аралык Айыл чарбасын өнүктүрүү

фондусунун (IFAD) колдоосу аркылуу Мал чарбасын жана рынокту

өнүктүрүү долбоорлордун (ПРЖР – 1 жана 2) алкагында даярдалып

басылып чыкты

Бул практикалык колдонмого, коомчулуктун климаттын өзгөрүү

опурталдуулугуна ыңгайлашуу (адаптациялануу) чаралар аркылуу туруштук

берүүсүн күчтөнтүү, адаптациянын негизги түшүнүктөрү менен

тааныштыруу, адаптациялык иш чаралардын ар кандай мисалдарын көрсөтүү

менен мүмкүн болгон адаптациялык иш чараларды карап чыгуу максаты

коюлган.

Практикалык колдонмо өлкөбүздүн айыл чарба тармагындагы

климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайланышуу ыкмаларын окутууну уюштурууда

жана дарядоодо Жергиликтүү жайыт колдонуучулар бирикмелери жана кеңеш

берүү кызматтарынын адистери, айыл чарба багытындагы окуу жайларынын

студенттери жана жалпы кызыккандар үчүн арналган.

Колдонмону Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин

(АРИС) коопсуздук боюнча/эколог адиси Раимов У.Б. даярдады.

Рецензент – Кыргыз-Түрк Манас университетинин Экология

инженерлиги бөлүмүнүн профессору, т.и.д. Кожобаев К.А.

Page 3: Практикалык колдонмо - aris.kg · кубулуштарынын жана процесстеринин 20 түрлөрү байкалууда. Аларга жер

3

Киришүү

БУУнун берилиштерине ылайык, климаттын өзгөрүүсү адамзатка

заманбап эӊ негизги чакырыктарынын бири болуп саналат. Мисалга алсак, аба

ырайынын өзгөрүлүүсүнүн туруксуздугу азык зат өндүрүшүн коркунучка

алып келүүдө; жаратылыш кырсыктарынын көбөйүшүнө алып келген деңиз

денгээлинин көтөрүлүшү, климаттын өзгөрүлүшүнүн кесепети деп

таанылууда жана глобалдык мүнөзгө ээ болууда.

Кыргыз Республикасы, аймагынын 93% Тянь-Шань жана Памир-Алай

тоо кыркалардан турган, жалпы аянты 9 миллион 147 миң га аймакты түзгөн

жана айыл чарба жерлеринин 85% ээлеген, табигый жайыттардан турган

тоолу мамлекет. Бирок, тилекке каршы, өлкөбүздө, жылдан жылга эрозияга

дуушар болгон жайыт жерлеринин саны өсүүдө. Мунун негизги себеби -

жайыттарды ашыкча интенсивдүү колдонуу.

БУУнун айыл чарба жана азык түлүк уюмунун берилиштерине ылайык,

жылыга дүйнө жүзү боюнча 12 млн. га айдоо жерлери, 5,7 млн. га токой

массивдери ар кыл керектөөлөр үчүн кыйылып жок болуп же ар кыл

жаратылыш кырсыктарынын кесепеттеринен жарамсыз абалга келүүдө.

Кыргыз Республикасында, эксперттердин баамдоолору боюнча,

кунарсызданууга 70% жайыт жерлери дуушар болууда.

Мамлекетибизде малдын саны көбөйүп, бирок акылга негизделип туура

колдонуу механизмдери ишке киргизилбей келүүдө. Айыл чарба адистери

жайыттарды рационалдуу пайдалануу ыкмаларына окутулуп жатса дагы

практика жүзүндө көрсөтмөлөр так аткарылбай келе жаткандыгы чындык.

Борбордук Азия мамлекеттеринде жерлердин кунарсыздануу жана

чөлдөшүү маселелери актуалдуу көйгөйлөрдүн бири болуп калууда, ал өз

учурунда экосистемага гана эмес, жергиликтүү калктын жашоо денгээлине

жана экономикалык өнүгүүгө коркунуч туудурууда. Акыркы изилдөөлөргө

ылайык, жерлердин кунарсыздануусунан түзүлгөн аймактагы жылдык зыян 6

млрд.долларды түзүүдө. Мисалы, чөлдөшүүнүн кесепетинен пайда болгон

экономикалык зыян Соң-Көлдө гана жылына 250 миң долларды түзөт экен.

Мамлекетибиздин экономисттеринин божомолуна ылайык: “10 жылдан соң

зыян 250 млн. долларды түзөт. Азыркы учурда адамдар өзүнүн жеке

кызыкчылыктары үчүн экологиялык көйгөйлөргө көңүл бурбай келүүдө. 10

жылдан кийин мамлекетибизде айыл чарба ишкердүүлүгүн жүргүзүү мүмкүн

эмес болуп калышы ыктымал” (Р.Сабырбеков, 2016).

Түзүлгөн кырдаалды оңдоо максатында мамлекетибизде “Жайыттар

жөнүндө” мыйзам кабыл алынган, бул мыйзамдын алкагында өлкөбүздө

жайыт комитеттери түзүлгөн, алар ар бир жайытка ылайык малдын санын

аныктап, инфраструктураны жакшыртууга негизделген. Азыркы учурда

өлкөбүздө 454 жайыт комиттери ишин алып барууда, бирок алар жаңы илимий

жетишкендиктер жөнүндө маалымат алып, тынымсыз маалымдалып турушу

зарыл.

Page 4: Практикалык колдонмо - aris.kg · кубулуштарынын жана процесстеринин 20 түрлөрү байкалууда. Аларга жер

4

Чындыгында жергиликтүү жайыт колдонуучулар жайыттарга

климаттын өзгөрүүсүнүн натыйжасындагы таасирди баалоодо жана байкоодо

мыкты адистер, бирок алар дүйнөлүк масштабдагы климаттын өзгөрүүсүнүн

кесепеттери, жаңы жетишкендиктер, жаңы технологиялар жөнүндө маалымат

алып, билимин тереңдетип турушу зарыл.

Мындан сырткары, адаптациялык иш аракеттеринин негизги максаты

жалаӊ гана климаттын өзгөрүсүнө жооп берүү эмес, туруктуу өнүгүү жолуна

багытталган, прогрессивдүү жашыл технологияларды колдоно билген

коомдоштукту куруу жана ошондой эле жергиликтүү калктын байыркы салт-

санаалары, табиятка аяр мамиле кылуудагы тажрыйбаларын өркүндөтүп

популяризацилоо болуп саналат.

Page 5: Практикалык колдонмо - aris.kg · кубулуштарынын жана процесстеринин 20 түрлөрү байкалууда. Аларга жер

5

Климаттын өзгөрүүсү жана туруктуу өнүгүү

Клматтын өзгөрүүсү менен күрөшүү жаатындагы тенденциялар жөнүндө

негизги маалыматтар.

Дүйнө жүзү глобалдык жылуулануунун кесепеттерине кабылып жаткан

учуру: корал рифтеринин өлүмгө учуроосу, деңиз денгээлинин жогорулашы,

Арктикадагы деңиз муздарынын ээриши, биологиялык ар түрдүүлүктүн

азайышы, маданий өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүнүн начарлашы, аномалдык

ысыктын күчөшү жана өтө күчтүү жаандар.

Глобалдык масштабда 2017 жылы аба ырайынын жана климаттык

факторлор менен чакырылган табигый кырсыктар зыяндын көлөмү 320 млрд.

АКШ долларын түзүп өтө жогорку көрсөткүчкө ээ болду. Түштүк Азиядагы

кыйратуучу суу ташкындары 2017 жылы 1200 адамдын өмүрүн алып кетти,

ошол эле учурда Кариб деңизинин акваториясында жайгашкан коомчулук

баардык күчүн кыйраткыч шамалдардын мезгилинен өз калыбына келүүгө

аракеттерин жасоодо.

Жерди эффективдүү колдонуу, дүйнө жүзү, акыркы божомолдорго

ылайык 2010 жылдарда адамдардын саны сегиз миллиардан ашып кеткенде,

калкын, курчап турган айлана чөйрөсүн сактап калуу менен бага алуу

мүмкүнчүлүгүн аныктайт. Азык затты өндүрүү жогорулап, токойлор

сакталып, ал эми жерди пайдалануудан пайда болгон көмүртектин

ыргытындысы түшүмдүүлүктүн жана мал чарбачылыктын

өндүрүмдүүлүгүнүн жогорулашынын, жаңы технологиялардын жана суу жана

жерлерди райионалдуу колдонуунун комплекстик иш чараларынын эсебинен

азайышы мүмкүн. 12% дүйнөлүк айыл чарба жерлеринин калыбына

келтирилиши 2013 жылга 200 миллион адамды багуу, клматтык тутумга

таасирди азайтуу жана көмүртектин ыргытындысын азайтуу мүмкүнчүлүгүнө

ээ. Эл аралык жана ар бир өлкөнүн өзүнүн токойлорун сактоо жана туруктуу

өнүгүү жолундагы айыл чарбасын өнүктүрүү далалаты менен биргелешкен

колдоосунун натыйжасында токойлордун аянтынын азайышы басаңдап

толугу менен токтошу мүмкүн.

Page 6: Практикалык колдонмо - aris.kg · кубулуштарынын жана процесстеринин 20 түрлөрү байкалууда. Аларга жер

6

Климаттын өзгөрүшү

Климат (грек тилинен κλίμα (klimatos) — кыйшаюу) — белгилүү бир

аймакка мүнөздүү болгон аба-ырайынын көп жылдык шарттамы, аймактын

географиялык жайгашуусунан аныкталат.

Аба-ырайы — бул кээ бир мүнөздөмөлөрдүн (температуранын,

нымдуулуктун, атмосфералык басымдын) көз ирмегенче абалы. Аба-

ырайынын климаттык ченемден кыйшайюсу климаттын өзгөрүсү катары

каралбайт, мисалы абдан суук кыш мезгили климаттын суук болору жөнүндө

маалымдабайт.

Климаттын өзгөрүүсү – глобалдык көйгөй, дүйнө жүзү боюнча

өзгөрүүлөргө алып келиши мүмкүн. Адам- баласынын иш аракетинен келип

чыгууда. Климаттын орточо көрсөткүчтөрдүн узак мөөнөткө созулуу

прогноздору, климаттын өзгөрүүсү, анын ичинде байкалган аномалиялар,

мисалы кургакчылык, катуу бороондор, суу ташкындары

Акыркы жылдары Жерде климаттын өзгөрүүсү даана байкалууда, кээ бир

мамлекеттерге таандык эмес аномалдык ысык байкалса, кээ бир

мамлекеттерге таандык эмес ызгаар, каардуу кыш байкалууда.

Учурдагы технологиялар климаттын өзгөрүүсү тууралуу ишенимдүү баа

берүүдө. Илимпоздор климаттын өзгөрүү теорияларын негиздөөдө төмөнкү

"куралдарды" колдонушат:

- тарыхый жыл баяндар жана хроникалар;

- метеорологиялык байкоолор;

- муз, өсүмдүк, климаттык аймактардын жана атмосфердик

процесстердин аянттарынын спутник аркылуу байкоолору;

- палеонтологиялык (жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн калдыктары)

жана археологиялык дайындардын талдоосу;

- океан чөкмө тектеринин жана дарыя чөкмөлөрүнүн талдоосу;

- Арктика жана Антарктика байыркы муздарынын талдоосу;

- мөңгүлөрдүн жана түбөлүк муздардын эрүү ылдамдыгынын ченөөсү,

айсбергдердин пайда болуу ургаалдуулугу;

- Жердин океан агымдарынын байкоосу;

- океандын жана атмосферанын химиялык курамынын байкоосу;

- жандуу организмдердин ареалдарынын (жашоо аймактарынын)

өзгөрүүсүн байкоо;

- дарактардын жылдык шакекчелердин талдоосу жана өсүмдүк

организмдеринин ткандарынын химиялык курамынын талдоосу.

Экологдор климаттын глобалдык өзгөрүүсү орточо жылдык

температуранын көтөрүлүүшүнө алып келүү менен мөӊгүлөрдүн ээришине

жана Дүйнөлүк океан денгээлинин көтөрүлүшүнө алып келээрин айтууда.

Жылылануудан тышкары бардык жаратылыш тутумдарынын ченемден

чыгышы байкалууда, ал жаан-чачындардын режиминин өзгөрүүшүнө,

температуралык аномалияларга жана экстремалдык кубулуштардын

Page 7: Практикалык колдонмо - aris.kg · кубулуштарынын жана процесстеринин 20 түрлөрү байкалууда. Аларга жер

7

бороондордун, суу ташкындардын, кургакчылыктын көбөйүүшүнө алып

келүүдө.

Окумуштуулардын изилдөөлөрү боюнча 2015-жылдын он ай ичиндеги

планетанын орточо температурасы XIX кылымдагы фиксацияланган

(глобалдык температуранын өзгөрүүсү боюнча байкоолор жүргүзүлө

баштаганда) температурага караганда 1,02 ° С жогору болгондугу байкалды.

Заманбап тарыхта биринчи жолу температуранын ченемден бир градуска

ашуусу байкалган. Окуумуштулар адам баласынын иш аракети- мунайзаттын,

газдын, көмүрдүн күйгүзүүсү- парник эффектисине жана орточо

температуранын көтөрүлүшүнө алып келгендигин белгилешет. Эксперттер

акыркы 30 жыл ичинде 2000 жана 2010 жыл арасындагы мезгилде парник

газдарынын эң кубатту ыргытуулары байкалган. Дүйнөлүк метереологиялык

уюмунун дайындары боюнча 2014 жылы алардын атмосферада кармалышы

рекордук бийик денгээлге жетти.

Аба-ырайы кубулуштары менен коштолгон климаттын өзгөрүүсү адамзат

үчүн кошумча стресс факторлору катары каралат. Климаттын өзгөрүүсү

республиканын айыл чарбасына, суу ресурстарына жана сейсмикалык эмес

табигый кырсыктардын пайда болуусуна таасир этип баштады.

Климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттери

Эгерде мамлекеттер айлана-чөйрөнү коргоо көйгөйүү туралуу эч кандай

иш аракеттерди баштабаса, планетабызда 2100 жылга температура 3,7-4,8°С

көтөрүлүшү мүмкүн. Климатологдор жылылануу 2°С гана жогоруласа

экологияга кайталанбас таасир тийгизээрин эскертишет жана аларга:

Алааматтар

Климаттык алкактар жылат, аба-ырайынын өзгөрүшү кескиндейт

(кыштын ызгаар суугу кокустан жылылануу мезгили менен алмашып турат,

жайда аномалдык ысык күндөрдүн саны көбөйөт). Аномалдык

кубулуштардын пайда болуу жыштыгы жана күчү көбөйөт, мисалы

кургакчылыктын, суу ташкындардын.

Климаттын өзгөрүүсүнүн жана табигый кырсыктардын пайда болуусунун

байланышын америкалык окумуштуулар далилдешти. Алар жылылануунун

издерин Тынч океанда тропикалык циклондорду изилдегенде, Европада,

Кытайда, Түштүк Кореяда жана Аргентинада жайкы температуранын

кадимкидей эмес жогору болгондугунда жана Американын Калифорния

штатында токойлордун өрттөнүсүндө байкашты. Климаттын өзгөрүүсү

Африкадагы жана Жакынкы Чыгыштагы кургакчылыктын, Непалдагы каар

бороонунун, Канадада жана Жаңы Зеландияда төкмө жаандардын, суу

ташкындын пайда болуусуна алып келүү менен катализатор катары

кызматташты.

Page 8: Практикалык колдонмо - aris.kg · кубулуштарынын жана процесстеринин 20 түрлөрү байкалууда. Аларга жер

8

Биологиялык ар түрдүүлүк

Кээ бир окумуштуулардын көз карашы боюнча биз Жер тарыхындагы

алтынчы ирээттеги түрдүн массалык өлүмүндө турабыз жан бул ирээт процесс

адам баласынын иш аракетинен келип чыккан. Эгерде климаттын

жылылануусун токтоботсо, көптөгөн экосистемалар жана ага кирген жандуу

заттардын түрлөрүнүн ар турдүүлүгү азаят.

Өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын түрлөрүнүн азаюсу 30-40%

жетиши мүмкүн болгон божомолдор бар, анткени алардын жашоо чөйрөсү

алардын бул өзгөрүүлөргө ылайыкташканча тезирээк өзгөрөт.

Ичме суулардын тартыштыгы, ачкачылык жана эпидемиялар

БУУнун эксперттери жылуулануу түшүмдүүлүккө терс таасир берээрин

жана азык-түлүк көйгөйлөрүнө алып келээрин белгилешет, айрыкча аз

өнүккөн Африка, Азия жана Латин Америка мамлекеттеринде.

Окумуштуулардын дайындарына таянсак 2080 жылга ачкачылык

баскынчылыгына дуушар болгон адамдардын саны 600млн көбөйүшү мүмкүн.

Климаттын өзгөрүүсүнүн башка маанилүү кесесепеттерине ичме

суулардын тартыштыгы болоору ыктымал. Кургакчыл климат аймактарында

(Борбордук Азия, Түштүк Африка, Австралия ж. у.с.) кырдаал жаан-чачындын

азаюсунан улам күчөй баштайт.

Климаттын өзгөрүүсү адам баласынын ден-соолугуна гана тийиштүү

болбостон, суу жана азык-түлүк ресурстарына болгон саясаттык келише

албастыктардын жана конфликтердин жогорулашына алып келиши мүмкүн.

Климаттын глобалдык өзгөрүүсү менен антропогендик (адамзаттык,

чарбалык) иш чаралар биригип, планетардык чен өлчөмдөгү экологиялык

катастрофаларды жаратты. Алардын бири Арал деңизинин кургашы, анын

бассейниндеги жерлердин чөлдөшүүсү жана суусузданышы.

Page 9: Практикалык колдонмо - aris.kg · кубулуштарынын жана процесстеринин 20 түрлөрү байкалууда. Аларга жер

9

Кыргыз Республикасында климаттын өзгөрүүсү

Мамлекеттер климаттын өзгөрүүсү жана ар түрдүү жаратылыш

катаклизмалардын айланасында болгон көгөйлөрдү чечүүдө мамлекет аралык

жаңы кызматташуу усулдарын издөөдө жана заманбап өндүрүш

технологиялар жактан тажрыйбалар менен алмашууда, өзгөчө агрардык

сектордо издөөгө аракет көрүлүүдө. Айыл чарбанын жана азык-түлүк

коопсуздугунун келечеги климаттын өзгөрүүсү менен тыгыз байланышта.

Кыргыз Республиканын жетекчилиги тарабынан климаттын өзгөрүүсү

боюнча адаптацияга (ыңгайланышууга) 6 приоритеттүү багыт белгиленди,

анын ичине айыл-чарба да кирет. Окумуштуулар климаттын өзгөрүүсү айыл-

чарбасына коркунуч тийгизээрин изилдешти жана далилдешти, бирок анын

чен өлчөмдөрү экосистемага жана экономикага мүнөздүү болгон татаал

байланыштарынан жана кубулуштарынан улам так аныкталган жок.

Кыргыз Республикасы агрардык мамлекет, калктын жарымынын көбү

айыл-чарба менен алектенүүдө. Чөлкөм климматтык шарттарга байланыштуу

тобокелдүү дыйканчылык аймагында жайгашат, ошондуктан айыл-чарба

өндүрүшү боло турган климаттын өзгөрүүлөрдүн эң чоң таасирлерине дуушар

болушу ыктымал.

Эксперттер климаттын өзгөрүүсү дүйнөдөгү айыл-чарба өндүрүшүнүн

туруксуздугун күчөтөөрүн жана табигый кырсыктардын жыштыгынын

жогорулай тургандыгын белгилешет. Климаттын өзгөрүүсү жаратылыш-

климаттык аномалияларга: кургакчылыкка, суу каптоого, чөлдөшкөнгө алып

келет жана айыл-чарба өндүрүмүнүн өндүрүшүн кыскартат, ал өз учурунда

азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч тийгизет.

Кыргыз Республикасынын өзгөчөлүгү болуп экстремалдык табигый

шарттары жана тоо экосистемаларынын жогорку аярлуулугу эсептелинет.

Азыркы учурда мамлекетте климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттери калктын

ден-соолугуна, экономикалык иш чөйрөлөрүнө, айыл чарбага, өзгөчө

кырдалдардын көбөйүшүнө жагымсыз таасир тийгизээри байкалууда.

Кыргызстандын аймагында коркунучтуу жаратылыш, аба-ырай

кубулуштарынын жана процесстеринин 20 түрлөрү байкалууда. Аларга жер

титирөөлөр, сел жана cуу ташкындары, жер көчкүлөрү, кар көчкүлөрү, жер

көчкүлөрү жана эшилип түшүп чогулган тоо тектеринин сыныктары, катуу

шамалдар, мөндүр, үшүк, кургакчылык, нөшөрлүү жамгыр, мөнгүлөрдүн

жылышы, өрттөр ж.б. кирет.

Эң көп катталгандар жана ошондуктан түздөн-түз аба ырай жана климат

өзгөрүүлөрүнөн көз каранды болгон сел жана cуу ташкындары, катуу жаан-

чачындар, шамалдар, тумандар, кечки жаздагы жана эрте күздөгү үшүктөр,

аба-ырайынын кескин өзгөрүүлөрү, кургакчылык эсептелинет. Сел жана cуу

ташкындары көп кездешкендиги жана пайда болуу жыштыгына байланыштуу

башка кооптуу жаратылыш процесстеринен алып келген суммардык залалы

боюнча биринчи орунда турат. Дээрлик Республиканын бүткүл аймагы сел

таасирине дуушар болгон аймактар. Кыргызстанда 3103 сел дарыялары бар.

Page 10: Практикалык колдонмо - aris.kg · кубулуштарынын жана процесстеринин 20 түрлөрү байкалууда. Аларга жер

10

Орточо эсеп менен сел жана cуу ташкындары бардык өзгөчө кырдаалдардын

ичинен 30% ээлешет.

Мал чарбачылык тармагынын климаттын өзгөрүүсүнө аярлуугу Кыргыз Республикасында мал чарбачылыгы айыл чарба тармагында

алдыңкы катарды ээлейт жана анын айыл чарба дүң өнүм түзүмүндөгү үлүшү

47,5% түзөт. Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүү көйгөйүн

чечүүдө мал чарбачылыгын өнүктүрүүсү, айыл чарба жаныбырлардын санын

көбөйтүүсү жана малдын бардык түрлөрүнүн азыктуулугун жогорулатуусу

чоң мааниге ээ.

Акыркы жылдары республиканын агрардык тармагында мал

чарбачылыгынын өнүмүнүн өндүрүшү жана айыл чарба жаныбарлардын

санынын туруктуу өсүү тенденциясы байкалууда.

Мал чарба фонду

Мал чарбачылык тармагында негизги көйгөлөрү мурдагыдай эле асыл

тукум ишкердүүлүктүн начарлыгы эсептелинет.

Тенденция көрсөткөндөй эле, кыйынчылык жана бир эле муундун

жардамы менен эмес түзүлгөн республиканын мал чарбасынын генофонду

жоголуп кетүү чегинде калды. Өлкөдө 15 жылдан бери малдын түр курамын

жакшыртууга багытталган асыл тукум жана тандоо иштери жүргүзүлгөн эмес.

Мындан тышкары дыйкандар өздөрү да баккан малдын түрүнүн абалын

жакшыртууга көп кызыкпай эле экенин белгилей кетүү керек.

Республиканын табигый-климаттык шарттары мал чарбачылыгынын

бардык тармактарынын өнүгүүсүнө жана экологиялык таза, арзан өнүмдөрдүн

өндүрүлүшүнө көмөктөш.

0

1000000

2000000

3000000

4000000

5000000

6000000

7000000

2008 2009 2010 2011 2012 2013 2014 2015 20162017

Поголовье скота в Кыргызской Республики

Ири муузду малдар Крупный рогатый скот Уйлар Коровы

Чочколор Свиньи Койлор жана эчкилер Овцы и козы

Жылкылар Лошади үй канаттуулары Домашняя птица

Page 11: Практикалык колдонмо - aris.kg · кубулуштарынын жана процесстеринин 20 түрлөрү байкалууда. Аларга жер

11

Өлкөдө жергиликтүү табигый-климаттык шарттарга жакшы

адаптацияланган өзүнүн селекциясындагы айыл чарба малдын тукумдары

өстүрүлөт.

Климат мал чарбачылыгында чоӊ мааниге ээ, ал айрым айыл чарба

малдын түрлөрүнүн жана тукумдарынын таралуу чектерине таасир этет.

Мал чарбачылык тармагы өсүмдүк тармагына караганда түздөн түз

жагымсыз климаттык тобокелдиктердин таасирлерине аз дуушар

болгондугуна карабастан, 2012 жылдын кыш мезгилинде экстремалдык аба-

ырайы бул тармакка түз залал тийгизгендигин белгилеп кетсе болот.

Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министрлигинин

дайындары боюнча 2012 жылдын башынан баштап өлгөн жана аргасыз

союлган малдын саны 47 миӊге жетти, мында дыйкандар 380 млн. сом

өлчөмдөгү залал тарткан.

Климаттын өзгөрүүсү ошондой эле эпизоотикалык абалга таасир этет,

ветеринария Департаментинин дайындары боюнча климаттын өзгөрүүсүнүн

таасири кургакчылык, жамгыр ташкыны, сел жана суу ташкындары

кесепеттерине алып келүүдө. Бул кесепеттер өз учурунда өзгөчө оорулар

менен ооруган жаныбарлардын көмүлгөн булактарынын талкалануусуна,

жуулушуна жана натыйжада жаныбарларды коркунучтуу оору инфекциялары

менен жугузуу тобокелдигине алып келүүдө.

Мал чарбачылыгынын өнүгүү денгээли жана өндүрүмдүүлүгү биринчи

ирээт жайыттардын туура пайдалануусунан жана өндүрүмдүүлүгүнөн көз

каранды болот. Жаныбарлардын 70%нан ашыгы тоютту табигый тоют

жерлеринен алышат, ошондуктан өлкөдө жайыттардын ролу малды азык

менен камсыздандырууда абдан маанилүү.

Жайыттардын климаттын өзгөрүүсүнө аярлуулугу

Өлкөнүн табигый-климаттык шарттары мал чарбачылыгынын

ийгиликтүү өнүгүүсүнө салым кошууда, мында айыл чарба жерлеринин 83

пайызын же 9,6 млн га чөпкө бай табигый тоо жайыттары ээлейт. Белгилүү

болгондой Кыргызстан жайыт аянттарынын ээлеген көлөмү боюнча

Казакстандан, Армениядан, Улуу Британиядан кийин дүйнөдө 4-орунду

ээлейт, башкача айтканда жайыттар өлкөнүн 44% ээлешет.

Жайыттар республиканын бардык айыл чарба жерлеринин 89%ын ээлейт.

Өз учурунда жайыт тоюттары 60%дан 89%га чейин мал чарбачылыгынын

тоютка болгон керектөөсүн камсыздандырган.

Жайыттарга ашыкча жүктүн жогорулашынан, тутумсуз жаюудан,

табигый жайыт жерлерин жакшыртуу иш-чаралардын жүргүзбөгөндүгүнөн

улам жылдан жылга жайыт чөптөрүнүн начарлашына алып келет.

Жайыттардын экологиялык абалына мал санынын жогорулашы терс таасир

тийгизет. Малдын ашыкча жайылышы жайыт өсүмдүктөрдүн калыбына жана

топурактын механикалык түзүмүнүн бузулушуна, түшүмдүн төмөндөшүнө

жана акыры эрозияга алып келет.

Өлкөдө жайыттардын орточо түшүмдүүлүгү 70 - 90 жылдар аралыгында

14% төмөндөдү. Жайыт аянттарынын көбү (орточо 25%) орточо же абдан

бузулган. Жайыттардын начарлашы жайыт тоют камдыгынын төмөндөшүнө

Page 12: Практикалык колдонмо - aris.kg · кубулуштарынын жана процесстеринин 20 түрлөрү байкалууда. Аларга жер

12

гана коркунуч жаратпайт. Кунары кеткен кышкы жайыттардын аянты 12%дан

16%га чейин жогоруласа, кунары кеткен жазгы-күзгү жайыттардын

(«ургаалду пайдаланган») аянты 16%дан 26%га чейин жогорулады.

Кыргызгипрозем жүргүзгөн мониторингдин берилиштери боюнча жайыт

аймактарынын 60%нын ашыгы ар кайсы кунарсыздануу денгээлине дуушар:

18% жогорку кунарсыздануу денгээлине ээ, 5% ар кайсы денгээлдеги эрозияга

дуушар; 4% тик жантаймаларда жайгашкан; 17% бадалдашкан; 13% тоют эмес

өсүмдүктөр менен өсүп калган; 16% таштуу; 30% шартту түрдө таза.

Жайыттардын пайдаланышы негизинен айылга, суу булактарына жана

жолго жакын жерлерде жүргүзүлөт. Мындай жайыттар ашыкча

пайдалануудан залал тартып турса, алыс жайгашкан жайыт жерлеринин көбү

болсо такыр пайдаланбай турат. Эл журт өзүнүн өндүрүмүн сатуу жана ташуу

үчүн инфраструктурадан көз каранды болот.

Ошентип, кунарсыздануу процесстеринин көбү айылга жакын жерлерде,

негизинен айыл чарба жаныбарлардын ашыкча жайлаган жерлеринде

байкалууда. Алардын түшүмдүүлүгү кескин төмөндөдү - орточо 1,5-2,0 эсе

төмөндөсө, кээ бир райондордо болсо 2,8 эсе төмөндөдү.

Климаттын өзгөрүүсү жайыттарга тийгизген таасиринен улам айыл

тургундарынын салтуу жашоосун өзгөртүүгө аргасыз кылат - мал

чарбачылыгы тоюттун жоктугунан, малды чала тоюттандыруудан, санынын

азайышынан улам рентабелсиз жана тобокелдүү болуп калат. Экологиялык,

экономикалык жана социалдык тобокелдиктер даана көбөйө баштайт.

Жайыт экотутумдарынын климаттын өзгөрүүсүнө болгон

реакциялары төмөнгүдөй чагылдырылат: - өсүмдүк алкактарынын жылышында;

- чөл жана жарым чөл жайыт аянттарынын жогорулашында (30% чейин);

- жазгы-күзгү эфемердик жайыттардын жоголушунда (70% чейин);

- жайыттардын өндүрүмдүүлүгүнүн төмөңдөшүндө;

- типчак түрдөгү жайыттардын төмөндөшүндө (30% чейин);

- вегетация мезгилинде температуранын жогорулашы жана СО2

жогорулашы жазы жалбырактуу өсүмдүктөрдүн өндүрүмдүүлүгүнүн

жогорулашын камсыздайт;

- жалпысынан жайыт тутумунун туруктуулугу төмөндөйт.

Жайыттар ар түрдү антропогендик таасирлерге өтө сезгичтиги белгилүү,

өзгөчө ашыкча жаюга. Айылга жакын жайгашкан жайыттарда бул процесс

ургалдуу жүрөт. Себеби, ашыкча жүккө дуушар болот.

Климаттык фактор (температуранын жогорулашы жана жаан-чачындын

азайышы) жайыттардын түр курамын өзгөртүшү мүмкүн (түшүмдүн

түзүмүндө эфемерлердин жана эфемероиддердин көлөмү төмөндөшү мүмкүн)

- жазгы-жайкы компоненттери. Желбөөчү өсүмдүктөрдүн көлөмү жогорулайт

жана мал чарбасы үчүн пайдалуу болгон фитомассанын түшүмдүлүгүнүн

төмөндөшү мүмкүн. Малдын санынын өсүү тенденциясы менен жүктөрдүн

салымы да күчөйт. Азыркы учурдагы жайыт жерлеринин кунарсыздануу

көйгөйү климаттын өзгөрүүсүнүн таасири астында күчөшү мүмкүн.

Page 13: Практикалык колдонмо - aris.kg · кубулуштарынын жана процесстеринин 20 түрлөрү байкалууда. Аларга жер

13

Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө интернет ресурстарынан алынган кызыктуу маалыматтар – сиздин суроолоруңуздарга жөнөкөй жооптор.

Эмне учун климаттын өзгөрүүсү көп талкууланат? Ал эмнеси менен кооптуу?

Атмосфера жана океан улуттук башкаруусунун (NOAA) берилиштери боюнча аномалдуу табигый-климаттык кубулуштар, Тундук жарым шаарда океан менен жер үстүнүн бириккен температурасы 2010 жылдын биринчи жарымында баардык инструменталдык байкоолордун эӊ рекордду болгондугу байкалган. "Климаттын сюрприздеринен" келип чыккан түшүмдүн төмөндөшү, өрт жана башка чыгымдардан пайда болгон жоготуулар көйгөйгө өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын далилдейт.

Чындыгында эле климат өзгөрүп жатабы?

Жердин орточо температурасынын жогорулашы түз метеорологиялык ченөөлөрдүн берилиштери, акыркы 150 жыл бою узгултуксуз статистикалык берилиштери жана климатты баалоо боюнча ар кандай усулдардын жана ыкмалардын колдонуусу аркылуу тастыкталууда. Турду маалымат булактарына ылайык 20-кылым акыркы миң жыл ичинде рекордду жылуу болгондугу белгилүү болду.

Заманбап статистика боюнча акыркы жыйырма жылдын ичинде планетабызда суу ташкындарын, урагандардын, цунамилердин, жер көчкүлөрдүн жана башка жаратылыш кырсыктарынын жыштыгы төрт эсе жогорулады.

Page 14: Практикалык колдонмо - aris.kg · кубулуштарынын жана процесстеринин 20 түрлөрү байкалууда. Аларга жер

14

Бардык жаратылыш кырсыктарынын пайда болуусуна климаттын өзгөрүүсү күнөөлүбү?

Көбүнчө климаттын өзгөрүүсү күнөөлү деп, ал күнөөлү болбогон процесстерди да атап жүрүшөт. Мисалы, илимде жер титирөөлөр климаттын өзгөрүүсү менен байланыштуу эмес экендиги белгилүү. Жер титирөөлөр - литосфердик плиталардын жылышынын натыйжалары. Жердин жер казынасындагы (литосферадагы) пайда болгон ички процесстери. Плиталардын сүрүлүү же кагылуу чектеринде тоолор, жер титирөөлөр, жанар тоолордун атырылып чыгышы пайда болот. Илимпоздор бул процесстерге климат эч кандай таасир тийгизбешин белгилешет. Биздин планетабызда климаттык процесстер жүрүүдө жана алардын күтүлбөгөн мүнөзүн эч ким талашпайт. Акыркы он жыл ичинде климаттын өзгөрүүлөрүнүн күчөшү (климаттык алкактардын жылышы, полярдуу муздардын ургаалдуу эриши, океан агымдарынын өзгөрүүсү) жаратылышка жана адам баласына реалдуу коркунуч туудуруп жатат. Канчалык? Климаттын өзгөрүү көйгөйүү тууралу көптөгөн суроолор жаралууда.

Планетада «Глобалдык жылылануу» болуп жатканы чынбы?

Азыркы тапта болуп жаткан климаттын өзгөрүүсү тууралу кеп кылганда «глобалдуу жылылануу» термини жыш кайталанууда. Ал жер бетинин орточо температурасынын көтөрүлүшүнүн жалпы планетардык тенденциясын чагылдырат. Жер үстүнүн орточо жылдык температурасы 0,70 С жогорулады жана жогорулап бара жатат.

«Климаттын өзгөрүүсү» илимий термини «глобалдуу жылылануу» терминине караганда өтө кең, ал өзүнө мезгилдик орточо температуралардын төмөндөшү жана жогорулашы, ошондой эле жаан чачындардын көлөмүнүн көбөйүү жана азаю көйгөйлөрүн камтыйт. Так ушул татаал процесстер жалпы климаттык шарттарды адам баласына жана анын ишмердүүлүгүнө экстремалдуулукту жаратат.

Page 15: Практикалык колдонмо - aris.kg · кубулуштарынын жана процесстеринин 20 түрлөрү байкалууда. Аларга жер

15

Климаттын өзгөрүүсү кандай кесепеттерди алып келет?

Климаттын өзгөрүүсү төмөнкү катастрофалык кубулуштардын санынын өсүүсүнө алып келээри далилденген: кургакчылыктар, ташкындар, ураган жана цунамилер. Эл аралык адистердин маалыматы боюнча, акыркы 100 жылдын ичинде Жер шаарынын атмосферасы радикалдык турдө өзунун тең салмактуу абалынан чыкты.

Климаттын өзгөрүүсүнөн (жаан-чачындардын абалынын өзгөрүүсүнөн) улам негизги айыл-чарба райондору залал тартышууда. Температуранын жогорулашы түшүмдүн төмөндөшүнө жана ачарчылыктын жогорулашына алып келет.

Азыркы тапта температуранын жогорулашы эпидемиялардын санынын көбөйүшүнө жана инфекциялык оорулардын дуйнө жүзү боюнча таралуусуна шарт түздү. Эпидемиологиялык кырдаалдын өзгөрүүсү – бул жылылануунун эң кооптуу натыйжаларынын бири, мында биринчи болуп экономикалык жана социалдык көйгөйлөрү бар мамлекеттер жабыр тартышат.

«Парник эффектиси» деген эмне?

XIX – кылымда эле окумуштуулар көмур кычкыл газы Жер бетинин температурасын жөнгө салуу үчүн күндүн жылуулугун кармап калышын билишкен. Атмосферада парник газдары кармалат. Алар парниктин чатыры же унаанын жабык айнектери сымал иштешет: жылуулукту кармашат жана Жерди жылуулукта сактап калышат. Кун жерге жарык бергенде, ал жарык кайра космоско кеткенге аракет кылат, анын бир бөлүгү парник газдары менен кармалып калат. Күндөн келип жаткан жана Жерден кетип жаткан энергия агымдары тең салмактуу абалда

Page 16: Практикалык колдонмо - aris.kg · кубулуштарынын жана процесстеринин 20 түрлөрү байкалууда. Аларга жер

16

болушат. Бул газдардын ашыкча кармалышы табияттын тең салмактуулугун бузат. Жылуулуктун чоң бөлүгү планетада калып, аны жылытат.

Климаттын өзгөрүүсүндө парник газдары кунөөлүбү?

Парник эффектиси Жерде атмосфера пайда болгондон бери эле бар. Ондогон жылдар мурда парник эффектисин чакыруучу атмосферада кармалган заттардын (күкүрт кычкыл газы, метан, азоттун оксиддери) кармалышы акыркы 250 жылдын ичинде кескин чоңойгондугу билинди. Парник эффектисинин күчөшүнө энергия алуу үчүн күйүүчү кеңдерден атмосферага бөлүнүп чыккан ыргытуулар чоң салым кошууда. Бул процесстердин жыйындысы азыркыдан да күчтүү жылыланууга алып келүүсү мүмкүн. Бул экосистемага катастрофиялык терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн жана адамдын жашоосун өтө татаалдаштыруусу мумкун.

Климаттын өзгөүүсүндө адамдын ролу чоңбу?

Глобалдык жылылануу «адам баласынын иш аракети» деген жыйынтык климаттын өзгөрүү көйгөлөрү боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын баяндамасында жазылган жана Парижде жарыяланган. Дүйнөлүк илимдин дагы бир маанилүү жыйынтыгы: климаттын өзгөрүүсү адам баласынын иш аракети менен байланыштуу - биринчи ирет көмүртек кармоочу отундун (мунайзаттын, газдын, көмүрдүн) куйгүзүүсү менен атмосферада парник газдарынын концентрациясы көбөйөт.

Page 17: Практикалык колдонмо - aris.kg · кубулуштарынын жана процесстеринин 20 түрлөрү байкалууда. Аларга жер

17

Жердин температурасы канчалык жогорулашы мүмкүн?

Акыркы 100 жыл ичинде Жер бетинин орточо жылдык температурасы 0,74 ºС жогорулады, анын үстүнө, 1990 – жылдан 2000жылдарга чейин өзгөрүү 0,4 ºС туздү. Климаттын өзгөрүүсү боюнча Өкмөттөр аралык адистер тобунун (МГЭИК) болжолу боюнча XXI-кылымдын аягында Жердин температурасы 1,8ден 4,6ºС га чейин көтөрүлөт (берилиштердин мындай айырмачылыгы - болочок климаттык комплекстердин бүтүндөй моделин коюнун натыйжасы, анын ичинде дуйнөлук экономика жана коомдун өнүгүүсүнүн ар түрдүү сценарийлери эске алынып жасалган). Бирок көпчулук окумуштуулар жылылануунун темптери жалгыз гана өсөт деген ойдо калышууда.

Климаттын өзгөрүүсүн токтотууга болобу?

Климаттын өзгөрүү көйгөйү – экологиялыкка караганда көбүн эсе экономикалык жана социалдык. Себеби климаттын өзгөрүү кесепеттери адамдын ишмердүүлүгүнө, ден-соолугуна, анын жашоосуна туздөн түз таасир тийгизет. Азыркы тапта мындай түшүнүк бар: эгерде заманбап илим дарыялардын агымынын багытын өзгөртө алса, жаан-чачын болбогон жерге жаадыра алса, анда климаттын көйгөйүн да ушундай жол менен чечүү болот. Бирок окумуштуулар мындай климаттык кийлигишүүдөн абайлашат жана геофизикалык согуш атомдук согуштай коркунучтуу деп маалымдашат. Эл аралык адистер климаттык кризистен реалдуу чыгуу жолун парник газдардын төмөндөтүү иш аракеттеринде көрүшөт, мындай иш чаралар Жердин орточо температурасын 2оС чегинде кармап турат.

Page 18: Практикалык колдонмо - aris.kg · кубулуштарынын жана процесстеринин 20 түрлөрү байкалууда. Аларга жер

18

Климаттын өзгөрүүсүнө даярдануу керекпи?

Климаттын өзгөрүүлөрүнө даярдануу сөзсүз керек. Сөзсүз, биринчи орунда адаптация чаралары климаттын өзгөрүүсүнөн көп жабыр тартып жаткан региондордо жана өлкөлөрдө басым жасалат, аларга кичинекей аралча өлкөлөр жана дуйнөнүн порттук борборлору кирет. Бирок, климаттын өзгөрүү тобокелчиликтеринин тизмелери ар бир мамлекет башкаруу органдарынын адекваттуу мерчемдерин кабыл алууга багытталып, залалдарды төмөндөтүүгө шарт түзүш керек. Бул үчүн жакынкы жана келечектеги преспективага климаттык тобокелчиликтеринин комплекстик талдоосун жүргүзүү керек жана анын натыйжасында ар кайсы деңгээлдеги тобокелчиликтерди кыскарткан жана жойгон программаны кабыл алуу керек. Климаттын өзгөрүүсүнө ылайыкташкан программаны туура иштеп чыгууда жана өз убагында киргизүүдө климаттын өзгөрү кесепеттеринин терс көрүнүштөрүнүн тобокелчиликтерин жана залалын төмөндөтсө болот жана белгилүү экономикалык пайданы таап алса болот.

Мисалы, суук айларда орточо температуранын жогорулашында жылытуу чыгымдарында үнөмдөсө болот, борбордук тутумдарды азыркы белгиленген убакыттан кийинчирээк күйгүүзүп, эртерээк өчүрсө болот.

Жээкке жакын аймактарда жээк сызыгын бекемдетүү жана анын жуулушун алдын ала үчүн дамбаларды тургузуу керек, түбөлүк тоң райондордо болсо - имараттардын фундаменттерин бекемдөө керек. Адаптация чаралардын мисалдары көп. Адаптацияга чараларды көрүү биринчиден өкмөттүн милдети. Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө климаттын өзгөрүүсү экономика жана калк тармактарына тийгизген таасири изилденип жатат, кээ бир өлкөлөрдө адаптация аймагында тармактык программалары жана регионалдык долбоорлор иштелип жатат. Орусия мамлекетинде алар азырынча пилоттук мүнөзгө ээ.

Колдонулган интернет булагы: http://rusecounion.ru

Page 19: Практикалык колдонмо - aris.kg · кубулуштарынын жана процесстеринин 20 түрлөрү байкалууда. Аларга жер

19

Адаптация жана негизги адаптациялык технологиялар

Адаптация климаттын өзгөрүү кесепеттерине чара көрүү иш аракеттерин

шарттайт. Буга климаттын өзгөрүү кесепеттери тууралу билим берүү,

маалымат деңгээлин жогорулатуу жана профессионалдык даярдоо иштерин

жүргүзүү, ошондой эле реалдуу кадамдарды жасоо кургакчылыкка чыдамдуу

өсүмдүктөрдү отургузу жана жээкти коргоо сыяктуу иштердин аткаруусу

кирет.

Адамдын климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайланышуу жөндөмдүүлүгү

киреше денгээлинен, ден-соолугунан, коопсуз турак-жайдын

жеткиликтүүлүгүнөн, социалдык кызматтардын колдоосунан жана

жергиликтүү башкаруу органдардын жүргүзгөн саясатынан көз каранды.

Климаттын өзгөрүүсү миллиондогон адамдардын адаптацияга

каржылык, техникалык жана уюштуруучулук ресурстрынын жоктугунан

алардын өмүрүнө, ден-соолугуна жана жашоо булактарына коркунуч

туудуруп баштады.

Адаптацияга (ыңгайланышууга) багытталган жолдун биринчи кадамы –

бул ким жана кандай формада таасирге дуушар болгондугун аныктоо. Мындай

маалымат адаптация максаттарынын бардык деңгээлиндеги глобалдыктан

жергиликтүүгө чейинки стратегиялык мерчемдөөлөрдү жүргүзүүгө жардам

берет.

Климаттын өзгөрүү кесепеттерин жумшартуу (азайтуу) Климаттын өзгөрүү кесепеттерин жумшартуу – бул климатологияда

колдонулуп келе жаткан термин, ал өзүнө атмосферага парник газдарынын

ыргытуу көлөмүн төмөндөтүү жана атмосферадан бул газдарды жоюу

максатында иш чаралардын аткарылышын камтыйт. Биз парник газдарынын

ыргытууларын, кендердин колдонуусун төмөндөтүү жана альтернативдүү күн,

суу, шамал энергияларына өтүү жолдору менен кыскарта алабыз. Дарактар

атмосферадан көмүр кычкыл газынын кармалышын азайтып, көмүртекти

пайдаланышат, ошондуктан токойлор чоң мааниге ээ. Тилекке каршы,

токойлордун кыйылышы көмүртектин кайра атмосферага ыргытылуусун

камсыз кылат, ошондуктан бүгүнкү күндө атмосферада жогорку санда

көмүртектин кармалышы оорчунду маселердин бири болуп саналат.

Климаттын өзгөрүүсүнө көбүнчө өнүккөн мамлекеттер күнөлүү болсо да,

өнүгүп келе жаткан мамлекеттерде да индустриализация процесси тез жүрүшү

менен токойлордун кыйылуусу жана кендердин казылуусу парник

газдарынын көлөмүнүн көбөйүшүнө салым кошууда. Азыркы күндө өнүгүп

келе жаткан мамлекеттердин алдында татаал маселе турат: алар өндүрүштүн

өнүгүүсүн жана негизи өнүгүүнү азыркы өнүккөн мамлекеттердин катааларын

кайталабай, б.а айлана чөйрөгө кайталанбас залал келтирбей уланта бериш

керек. Өлкөнүн көпчүлүк айыл райондорунда жашаган калктын жашоо

каражаттары айыл чарба тармагынан көз каранды жана ал өз кезегинде

климаттын өзгөрүүсүнө абдан сезгичтүү. Айыл чарбасына болгон көз

Page 20: Практикалык колдонмо - aris.kg · кубулуштарынын жана процесстеринин 20 түрлөрү байкалууда. Аларга жер

20

карандылык калктын климаттын өзгөрүүсүнө аярлуулугун күчөтүп жатат.

Температуранын көтөрүлүшү, куракчылык, аномалдык ысык, жаан-

чачындардын катуу жаашы жана катуу шамалдар дыйканчылыкка жана мал

чарбасына терс таасир тийгизиши мүмкүн.

Климаттын өзгөрүүсүнүн жыйынтыгын жумшартуу

(митигация) жана ага ыңгайланышуу үчүн табигый

жайыттардын түзүмүн жакшыртуу ыкмалары.

Табигый жайыттарды жакшыртуу боюнча иш-чаралар ар түрдүү

болушу мүмкүн , анткени алар чоң, ар түрдүү, өндүрүмдүүлүгү ар башка жана

ар кандай тоют баалуулугуна ээ болушу менен айырмаланат.

Жайыттарды табигый дың жерлерди бузбастан маданий абалда

кармоо жана алардын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча үстүртөдөн

жакшыртуу. Табигый жайыттарды үстүртөдөн жакшыртуу тутуму суу, аба

жана тамак-аш режимдерин жакшыртуу, дың жана чөптөрдүн абалын узак

убакытка өсүү, өөрчүү стадияларында жогорку абалда кармоо аркылуу

сактоого негизделген.

Коктуларды өсүмдүк түзүмдөрү менен толтуруу

Page 21: Практикалык колдонмо - aris.kg · кубулуштарынын жана процесстеринин 20 түрлөрү байкалууда. Аларга жер

21

Эңкейиштерди бекемдөө ыкмалары (геотекстиль, габиондук

конструкциялар)

Ар түрдүү факторлорго жана механизмдерге байланыштуу топурак

эрозиясы көптөгөн дөңсө жана тоо аймактарында негизги көйгөй болуп

саналат.

Тик тоолуу аймактарда топурак катмарынын бузулуусунун

натыйжасында топурак бөлүкчөлөрүнүн ажыроосу жана алардын суунун

жардамы менен ташылуу процесси кээ бир аймактарда башталды. Натыйжада,

тик толуу аймактарда каналчалар жана арыкчалар жарга айлана башташты.

Бул маселени чечүү үчүн ар түрдүү аз чыгымдуу тосмолор ийилчек

талдардын бутактарын колдону менен курулууда.

Тосмолор, жер үстүндөгү кир суу агымдарынын бөлүкчөлөрүн тосуп алуу

жолу менен эрозивдик жарлардын толуу процесси жай ылдамдыкта жүрүү

Page 22: Практикалык колдонмо - aris.kg · кубулуштарынын жана процесстеринин 20 түрлөрү байкалууда. Аларга жер

22

үчүн иштелип чыккан. Бул кийинки эрозияны алдын алууга, жайыт жерлери

үчүн жеткиликтүү көлөмдү ашырууга жана сел же көчкү тобокелчиликтерин

төмөндөтүүгө жардам берет.

Контурдук дренаждык арыктарга ылайык кадамдык террассаларды

акырындык менен өнүктүрүү

Жер ресурстарын туруктуу башкаруу технологиясын колдонуу контурдук

арыктардан баштап пландалган туурасы 1,2 м чейинки кадамдык

террасалардын өнүгүшүн тездетет. Бул топурак материалын 5 жыл

аралыгынын ичинде жар же тоонун жогору жагына акырындык менен

жылыштырууга шарт түзөт.

Page 23: Практикалык колдонмо - aris.kg · кубулуштарынын жана процесстеринин 20 түрлөрү байкалууда. Аларга жер

23

Жер ресурстарын туруктуу башкаруу технологиясы тик кырлардагы

топурактын үстүнкү катмарынын бузулуусун алдын алуу үчүн суу агымын

токтотууну түшүндүрөт. Бул топурака суунун инфильтрациясын жана жакшы

деңгээлде таралуусун камсыздайт. Кошумча периметр боюнча

жайгаштырылган өсүмдүктөрдүн жандуу тосмолору, темир торунан жасалган

тосмолор менен биргеликте, жайылган малдан коргоого арналган.

Page 24: Практикалык колдонмо - aris.kg · кубулуштарынын жана процесстеринин 20 түрлөрү байкалууда. Аларга жер

24

Климаттын өзгөрүү шарттарында жайыт чарбачылыгын

жана мал чарбачылыгын туруктуу башкаруу үчүн суу

ресурстарын рационалдуу пайдалануу ыкмалары.

Суу ресурстарын рационалдуу пайдалануу республикадагы

дыйкандардын абалын жакшыртуудагы негизги инструменттердин бири

болуп саналат. Рационалдуу суу колдонуу ыкмаларынын негиздери менен

таанышуу жана конкреттүү табигый шарттарда аларды колдоно билүү

климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайланышуу жана жайыттын абалын жакшыртууда

бирден бир негизги ачкыч боло алат.

Суу ресурстарынын өндүрүмдүүлүгүн мал чарбачылыгында да

жогорулатууга мүмкүн, анын ичинде шалбаа жайыттарын башкарууну

жакшыртуу жана суу ресурстарынын жетишсиздигине туруктуу мал

чарбачылык тутумдарын түзүү аркылуу.

Жайыт тутумдарында мал сугаруу жерлеринин жетишсиздиги малдарды

жаюну жана жайыт жерлерин колдонууну чектейт, ал эми суунун жетиштиги

жеткиликтүү биомассаны колдонуу туруктулугун жогорулатышы мүмкүн.

Жер асты суулар барган сайын активдүү түрдө сугаруу үчүн колдонулуп

келүүдө, көптөгөн региондордо алардын камдыгы өтө жигердүү

пайдаланууда. Башка аймактарда алар азыркы учурга чейин жетиштүү

деңгээлде колдонулган эмес жана тамак-аш өндүрүшүндө жигердүү колдонуу

үчүн жетиштүү резервдери бар.

Жаан-чачындан жана мөңгүлөрдөн алынган сууларды чогултуу

жана сактоо кургакчыл аймак жана чөл тургундары үчүн ар дайым

маанилүү маселе болуп келген. Калк, көп санда өзгөчөлөнгөн жана кээде ар

кандай татаал даражасына ээ болгон жогорку эффективдүү технологияларды

иштеп чыккан.

Чирле – такырдын ортосунда казылган суу куюлуучу кудук, такыр

көлмөсүнө караганда, көбүрөөк майнаптуу түзүлүш болуп эсептелет. Бул түр

суу сактагыч формасынын таралуу ареалы Кызылкум жана Каракум чөлдөрүн

өзүнө камтыйт. Түндүк кеңдиктеги кудуктардан айырмачылыгы чирле жер

алды суу горизонтторундагы сууну чогултпайт, үстүнөн агып түшкөн анын

камдыктарын өзүндө сактайт. Кээде чирленин тереңдиги 25-30 метр жана

андан да көп болушу мүмкүн.

Чирледе канчалык суу катмары көп болсо, ошончолук терең жана ичке

болот. Алардын ичиндеги суу өтө аз жылыйт, бууланбайт жана кирпич менен

же ылай дубалдарга сиңбейт. Дубалдарын бекемдетүү үчүн кудуктардын ички

тарабы чөп чачысы, саксаул, кээде кирпич колдонулат. Чирледеги суу, таза

жана муздак болот, күз мезгилине чейин сакталуусу мүмкүн.

Page 25: Практикалык колдонмо - aris.kg · кубулуштарынын жана процесстеринин 20 түрлөрү байкалууда. Аларга жер

25

Жаан суусу кудуктагы туздуу суу менен аралашпайт, бул алардын

салыштырмалуу массаларынын айырмачылыгы менен түшүндүрүлөт. Демек,

такыр үстүнөн чогултулган тузсуз суу катмары, минералдашкан такыр асты

суу горизонтунда жатат жана тузсуз таза суу үчүн суу тирегич боло алат. Суу

куюлуучу кудуктарды туура эмес колдонуунун натыйжасында алардын тең

салмактуулук абалы бузулат жана тузсуз жаан суусу менен туздуу суунун

аралашмасына алып келет, бул кийинки жылга чейинки чирленин суу

сактоосунун бузулуусуна себеп болот.

2-сүрөт. Чирле кудугунун түзүлүш схемасы

Сардобдор (иран. серд - муздак жана аб - суу) жер астындагы, бирок

үстү жагы жабык түзүлүштөр. Бул түзүлүштөр орто кылымдарда Орто Азия

аймактарында сууну сактоо үчүн цистерна катары колдонулган. Сыртынан

алып караганда, түбүндө тешикчелери бар, кирпичтен жасалган түзүлүштөр.

Көзөнөктөр аркылуу кудукка же башка жер алдындагы танктарга радиалдык

оюктар, тешикчелерден – нурлар, такыр суулары чогултулат.

Page 26: Практикалык колдонмо - aris.kg · кубулуштарынын жана процесстеринин 20 түрлөрү байкалууда. Аларга жер

26

3-сүрөт. Сардобалардын сырткы көрүнүшү

Бул өзгөчө курулуш ыкмасы, өзүнүн туруктуулугу, бекемдүүлүгү менен

таң калтырат. Талаа курулуштарынын аталышы “сардоба” деген ат менен

белгилүү. Кудук, бышкан кирпич менен жасалган, ушул эле кирпичтерден

ротондалар да курулган. Бул курулуштар жергиликтүү уламыштар боюнча,

Тимурланга тийиштүү экендиги айтылат.

Бирок бул уламыштардын тууралыгы такталган эмес, белгилүү

болгондой талаа сардобаларынын көп бөлүгү Борбордук Азияда жаңы эранын

XVI кылымында Абдулла – хан тарабынан курулгандыгы белгилүү.

Бул сардобалардын типтери бардык жерде окшош же бир гана жеринен

айырмаланат, кээде ротондага түндүк тараптан, портал катары кызмат кылган

параллелограмм түрүндөгү түзүлүш жайгаштырылат. Бийик жана таштан

курулган курулуштардагы туруктуу көлөкө жана салкындуулук - чаалыккан

жолоочуга жардамчы катары кызмат кылып келген, кыш мезгилинде суук

каардуу бороондордон сактануучу жай болуп эсептелет.

Муздуу курулуш – талааларды сугаруу үчүн жасалма мөңгү

долбоору

Талааларды сугаруу максатында пайда болгон жасалма мөңгүлөрдүн

мааниси, кышы бою ылдый агым менен дарыяга куюлуучу сууну тоңдуруу

жана аны кармап турууга негизделген. Бул муз жаз мезгилинде, талаалар

сугарууга муктаж болгон учурда ээрийт. Жасалма мөңгү түшүнүгү Ладакха

(түндүк Индиядагы географиялык аймак) үчүн жаңы эмес. Жергиликтүү

элдердин ата-бабалары бийик тоолордо “мөңгүлөрдү эмдөө” менен

алектенишкен. Инженер Норфел суу ресурстарын сактоо боюнча аналогиялык

ойдун үстүнөн иштеген.

Page 27: Практикалык колдонмо - aris.kg · кубулуштарынын жана процесстеринин 20 түрлөрү байкалууда. Аларга жер

27

Бирок, анын горизонталдык музду пайда кылуу долбоору абдан чоң

бийиктикти (4000 м ден бийик) талап кылган. Ойдун негизи, жайгашкан

аймакка карабастан, бат-баттан тейлөөсүз жана көлөкөлөнтүүсүз көз

карандысыз мөңгүлөрдү куруу болгон.

Бул долбоор агын сууларды, жергиликтүү ыйык түзүмдөргө окшош

болгон, Чортен аталышындагы чоң мөңгү мунара түрүндө (бийиктиги 30-50м

болгон конустар) тоңдуруу. Бул мөңгүлүү тоолорду суу керек болгон

айылдардын жакынкы аймактарында курууга мүмкүн. Муздуу Чортен

курулушу үчүн өтө аз аракет керектелет: жогорку чекитке ээ болгон агым жана

айылга чейинки бир жер алды түтүктүү орнотмо керектелет.

4-сүрөт. Муздуу түзүлүш

Ой эң жөнөкөй жана насостор керектелбейт. Белгилүү болгондой суу өз

деңгээлин кармайт. Ошондуктан агым боюнча 60 м бийиктиктен түшкөн суу,

айылга жеткен убакта жерден оңой 60 м бийиктикке көтөрүлөт. Жөнөкөй тил

менен түшүндүргөндө, түтүк бул бийиктикте мобилдик телефон байланышы

менен мунара сыяктуу курулат, андан кийин ошол бийиктиктен муздак кыш

күндөрү (температура -30 до -50°C) агат. Суу тоңо баштайт, жерге жеткен

убакта акырындык менен ири, бийиктиги 30-50 м болгон конус пайда боло

баштайт. Чындыгында мунаранын конструкциясы бизге керек болбойт,

анткени алгач суу түтүгүндөгү суу тоңушу күтүлөт, андан кийин көтөрүлүп

бийиктейт. Муз калыңдыгы өскөн сайын, ал аягында бийиктиги боюнча

булактын бийиктигине жакындайт.

Жай мезгилинде бул муз мунарасын канчалык мүмкүн болсо узак сактоо

керек, себеби ал ээриген убакта талаалар сугарылат. Июнь айында чыныгы,

табигый мөңгүлөр ээрийт. Муз конустары күнгө карата вертикалдуу

Page 28: Практикалык колдонмо - aris.kg · кубулуштарынын жана процесстеринин 20 түрлөрү байкалууда. Аларга жер

28

жайгашкандыктан, кун нурун аз кабыл алынат. Демек, алар ошол эле

көлөмдөгү жасалма мөңгүлөрго салыштырмалуу көбүрөөк убакытта ээрийт.

Климаттын өзгөрүүсүнө карата ыңгайланышууга

сунушталган адаптациялык иш чаралар:

• кунары кеткен аймактардын реабилитациясы: тосмо, демаркация, отоо

чөптөр/бадалдар менен күрөшүү, кошумча себүү ж.у.с.;

• сууну токтотуу жана жөнгө салуу менен жайыттардын туруктуулугун

жогорулатуу багытында суу чарбалык иш чаралары, суу теңдемин жакшыртуу

жана бууланууну төмөндөтүү: бастырмалар үчүн тосмолор, топуракта сууну

кармап калуу үчүн чаралар, дарыя жана булак-дренаждык тутумдарын

калыбына келтирүү, токойду калыбына келтирүү аркылуу коргоо жана

көлөкөлөрдү пайда кылуу;

• топурактын эрозиясын, көчкүлөрдү жана суу ташкындарын болтурбоо

боюнча чаралар;

• бороон жана шамалдан коргоо: дарактар жана бадалдар жандуу тосмосу;

• алыскы жайыттардын инфраструктурасын жакшыртуу: жолдорду,

бириктирүүчү көпүрөлөрдү, малды сугаруу жерлерди жакшыртуу ж.б.;

• температуранын жогорулашынан жана кыш мезгилинин

кыскарышынан жайыт сезону узаргандыгынан жазгы/күзгү жайыттардын

инфраструктурасын жакшыртуу жана баасын жогорулатуу: малга жайларды

куруу жана чабандардын жайларын калыбына келтирүү;

• кунары кеткен жайыттарды калыбына келтирүү, чөп

катмарын/түшүмдүлүктү жакшыртуу жана климаттык кубулуштарга (мисалы,

жайкы кургакчылыкка) туруктуу болгон жергиликтүү

өсүмдүктөрдүн/генетикалык сорттордун түрлөрүн жакшыртуу;

• түшүмдүүлүктү, тоютту өндүрүү/жыйноо/сактоо үчүн айыл чарба

техникасын сатып алуу: чөптү чабуу үчүн бычактар, чөп чапкыч машине,

майдалоочу унаа ж.б.;

• тоюттарды өндүрүү: чанактуу дан өсүмдүктөрдүн, арпанын, жүгөрүнүн

ж.б урөөндөрүн өндүрүү.

Page 29: Практикалык колдонмо - aris.kg · кубулуштарынын жана процесстеринин 20 түрлөрү байкалууда. Аларга жер

29

Тоюттарды өндүрүү /топтоо/сактоо, жаныбарларга кашааларды

түзүү үчүн заманбап айыл чарба техникаларынын

мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу менен климаттын өзгөрүүсүнө

адаптациялык чаралар.

«Кутуланган сенаж» – тоютту даярдоонун заманбап технологиясы, ал

тоютту даярдоонун салттуу тутумунда кезиккен бардык кыйынчылыктарын

жана кемчиликтерин ийгиликтүү жое алат. Ал алынган тоюттун жогорку

сапатын, жаныбарлардын узак жашоосунун сакталышын жана малдын

өндүрүмдүүлүгүн (саандын, салмактын) жогорулатуусун, жумуштун

оңойлошун жана жумшалган каражаттын тез арада кайтып келүүсүн

камсыздайт. Дүйнө жүзүндө көптөгөн айыл чарбаларында тоютту даярдоодо

«кутуланган сенаж» технологиясы ондогон жылдар бою колдонуп келе жатат.

Бул технология Европада 20 жылдан бери ийгиликтүү колдонуп келе жатат

жана иш жүзүндө тоютту даярдоодо кутуда чөп минималдуу жоготуулар

менен, аба ырайынын татаал шарттарында да кыска мөөнөттө жана сапаттуу

экенин далилдеди. Тоюттарды даярдоодо туруксуз аба ырайы эч кандай

көйгөйдү жаратпайт: чөп атайын кутуга консервантсыз оролот да мында

тоюттун сапаты жоголбой сакталып турат. Сүт жана эт өндүрүмүнүн

майнаптуулугу жана рентабелдүүлүгү жогорулайт, жумшалган эмгек бир нече

жеңилдейт, өндүрүштүн маданияты жогорулайт.

Азыркы учурда сенаж максималдуу белоктор, углеводдор, витаминдер

жана микроэлементтер менен каныккан жалгыз тоют болуп эсептелинет жана

кышында малды дээрлик жашыл масса менен, сапаттуу тоюттун негизги

компоненттерин аз жоготуулар менен багуусун камсыздайт. Буга чейин

сенажды даярдоо процедурасы оңой эмес болчу. Дыйкандардан сенажды

даярдоодо чогултуу, кургатуу, ныктоо технологияларынын туура

жүргүзүүлүсүндө бир топ күч-аракет талап кылынган. Ѳндүрүштүн бардык

баскычтарында өндүрүмдүн сапатынын жоготулуусу байкалгандыгы үчүн

сенаж «оор» деген статуска ээ болгон. Мисалы чөптүн, самандын жана

сенаждын үймөктөрүн жыйноого багытталган Pelikan 1200 рулондук пресс-

жыйнагычы колдонулат. Техникалык мүнөздөмөлөрүн жана баасын интернет

ресурстарынан таап алса болот.

Page 30: Практикалык колдонмо - aris.kg · кубулуштарынын жана процесстеринин 20 түрлөрү байкалууда. Аларга жер

30

Чөптүү ундун жана чөптүү гранулдун өндүрүлүшү Айыл чарба жаныбарлардын көптөгөн түрлөрүнүн рационун негизинен

чөп түзөт. Бирок жаңы чабылган чөп жаздан күзгө чейин жеткиликтүү болот.

Жайында аны болушунча көп камдап, саманга кургатып анан мал короодогу

жаныбарлардын тоютуна пайдаланылат. Бирок бул бир топ оор жана узак

мөөнөттү талап кылат. Кышкыга жеткиликтүү чөптү сактоо үчүн чоң

аянтчалар да талап кылынат. Ошондой эле кургак чөптө кармалган азык

заттары жаңы чабылган чөпкө караганда бир кыйла төмөн (айрыкча узак

мөөнөттө сакталган). Заманбап технологиялары чөптү даярдоонун жаңы

ыкмаларында пайдалуу компоненттердин көп кармалышын сактоого

мүмкүндүк берет.

Ундун өндүрүшүндө чийки зат катары бир жылдык жана көп жылдык

чөптөр, чанактуулар көп бөлүгүн түзгөн чөп жайыттары ж.б., жер буурчак

менен сулуу, беде, уй беде, жылкы текей, чалкан, бөрү буурчак колдонулат.

Тоюттун жыйналган чөптөрдүн түрүнөн азыктуулук көрсөткүчтөрү көз

каранды болот.

Чөп массасын майдалоо менен бирге даярдоо үчүн атайын техника

керектелет: өзү жүрүүчү тоют жыйноочу комбайндери, жарым бастырмалуу

тоют жыйноочу комбайндери, тоют жыйноочу комплекстери же 1,4; 2 жана 3

класстагы ташуучу тракторлор менен прицептүү тоют жыйноочу

комбайндери. Мында комбайн өтө майда кесүү режимине орнотулат.

Спиралдуу суу сордургучтары Спиралдуу суу насостору сууну дарыядан 30м денгээлде энергиясыз жана

отунсуз жайыттарга сордуруп чыгара алат.

Спиралдуу түтүк менен суу насосу, сууну толтуруп көтөрүүчү дөңгөлөгү

бар, ал өзүнө күрөк менен спиралдуу түтүк туташтыруусун камтыган, сууну

сордуруп алуу ыкмасы болуп саналат.

Дөңгөлөктүн айланышы менен күрөк спиралдуу түтүктү суу же аба менен

камсыздайт. Гидростатикалык кысымдын басымы күрөктүн жардамы менен

пайда болот жана ар бир күрөктүн жардамы менен басым да жогорулайт

ошондо дөнгөлөктүн айланышы менен спирал да айланат жана суунун басымы

жогорулайт.

Спиралдуу суу насосунун негизги мүнөздөмөсүнө анын сууну энергиясыз

жана отунсуз пайдалануу мүмкүнчүлүгү эсептелинет. Ал суу агымынын

энериясында иштейт. Орнотуудан кийин спиралдуу суу насосу сууну 30 метр

бийиктикке чейин (вертикалдуу түрткү) жана 70м аралыкка чейин

(горизонталдык түрткү) чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Суунун түрткүсү

(суунун канчалык горизонталдуу же вертикалдуу түртүлүшү) спиралдуу суу

насосунун дөңгөлөк өлчөмүнөн жана дөңгөлөктүн жанында канча түтүктөр

жайгашкандыгынан көз каранды. Суу насосунун спиралдуу түтүгү бийиктикте

жайгашкан бакчаларды суу менен камсыздоо максатында орнотулган.

Page 31: Практикалык колдонмо - aris.kg · кубулуштарынын жана процесстеринин 20 түрлөрү байкалууда. Аларга жер

31

5-сүрөт Спиралдуу суу сордургучтары

Жаныбарлардын кашааларын түзүү Койлордун жайы. Үй чарбаларында жаныбарларды ар түрдүү атайын

ылайыкталган жайда кармашат. Аларды жергиликтүү климаттын шарттарын

эске алуу менен курушат. Малды багуунун төмөнкү сүрөттө көрсөтүлгөн

формасы өзгөчө көңүл бурууну талап кылат.

6-сүрөт. Койлордун жайы

Page 32: Практикалык колдонмо - aris.kg · кубулуштарынын жана процесстеринин 20 түрлөрү байкалууда. Аларга жер

32

Азыркы учурда көптөгөн фирмалар климаттык шарттарды, малдын санын

жана башка өзгөчө талаптарды эске алуу менен малдардын жайын курууну

сунушташат, мисалы ААК Искож” ж.б.

7-сүрөт Купканын тегерегин жайгаштыруу мисалы.

Page 33: Практикалык колдонмо - aris.kg · кубулуштарынын жана процесстеринин 20 түрлөрү байкалууда. Аларга жер

33

Корутунду

Жыйынтыктаганда адамдар климаттын өзгөрүу процессине таасир

көрсөтө алабы, деген суроого жооп берип көрөлүчү.

Климаттын өзгөрүшү «табигый циклдер менен чакырылган» же

«баарында саясатчылар күнөлүү» жана биз муну менен эч нерсе кыла

албайбыз деп айтууну улантуу албетте мүмкүн.

Бирок климаттын өзгөрүшү менен күрөшүү үчүн ар бирибиз эмне кыла

ала турганыбызга дагы бир жолу кароо керек.

Ар бир өлкө гана эмес, ар бир адам өзүнчө климаттын өзгөрүү процессин

шарттаган себептерге таандык. Башкача айтканда себептер жана кесепеттер

баарына байланыштуу.

Биз өзүбүздүн адаттарды «экологиялап» жана жашоо ыңгайыбызды

кичине өзгөртүп өзүбүздүн салымыбызды кошо алабыз. Климаттын

өзгөрүшүнүн кесепеттерин бак тигип, энергияны сактоочу лампочканы сатып

алып, батареяга жылуукту жөнгө салгычты коюп же жөн гана ал ушул убакта

пайдаланылбаган жерде светти өчүрүп жумшартса болот.

Биз кылдаат тандагыч керектөөчүлөр болуп, миң километр алыстыкта

эмес, биздин региондо өндүрүлгөн продуктуларды тандап - «капчык менен

добуш бере алабыз». Биз, биздин тиричилик аракетибиздин калдыктарын бир

жолку упаковкадан жана бир жолку идиш-аяктан баш тартуу менен

минималдаштыра алабыз. Биз кээде жеке автоунаабыздан коомдук

транспортко же велосипедге отура алабыз. Биз көп нерсени жасай алабыз!

Ар бир адам бул экологиялык принциптерди балдарына кичинесинен

үйрөтүп, өзүнүн салымын кошо алат.

Колуңуздагы колдонмо өзүнө климаттын өзгөрүү шарттарында жайыт

чарбачылыгын жана мал чарбачылыгын туруктуу башкаруу үчүн суу

ресурстарын рационалдуу пайдалануу ыкмаларын, тоюттарды өндүрүү

/топтоо/сактоо, жаныбарларга кашааларды түзүү үчүн заманбап айыл чарба

техникаларынын мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу менен климаттын өзгөрүүсүнө

адаптациялык чараларды, дүйнөлүк тажрыйбадан кызыктуу мисалдар, мисалы

“муздуу курулуш”, спиралдык суу сордургучтары ж.б. камтуу менен бирге

аыйл жергесинин тургундарына, өзгөчө мал чарбасы менен алектенгендерге

пайдалуу болооруна үмүттөнбүз.

Page 34: Практикалык колдонмо - aris.kg · кубулуштарынын жана процесстеринин 20 түрлөрү байкалууда. Аларга жер

34

Колдонмону даярдоодо колдонулган булактар:

1. IPCC Fourth Assessment Report, vol. 1. 2007,

https://www.ipcc.ch/pdf/assessment-report/ar4/wg2/ar4_wg2_full_report.pdf

2. Экономика деградации земель в Центральной Азии.

http://www.naturalresources-centralasia.org/assets/files/SEEA/08 pdf

3. Открытые интернет источники: www.climatechange.ru,

http://rusecounion.ru/vopros1#otvet14

4. Рамочная конвенция Организации Объединенных Наций об

изменении климата — хрогология: UNFCCC -- 20 Years of Effort and

Achievement, http://unfccc.int/timeline/#infographics

5. Доклад МГЭИК по климату 2018 года,

http://www.un.org/ru/climatechange/

6. Пятый оценочный доклад МГЭИК: Climate Change 2013: The Physical

Science Basis, https://www.ipcc.ch/report/ar5/wg1/

7. Саммит ООН по климату 2019 года,

http://www.un.org/ru/climatechange/

8. Новая климатическая экономика, https://newclimateeconomy.report/

9. https://www.auca.kg/ru/auca_news/2791/

10. Улучшенный рост. Улучшенный климат. Новая климатическая

экономика. Сводный отчет, https://newclimateeconomy.report/2016/wp-

content/uploads/sites/2/2014/08/NCE-synthesis-report-RUS-final.pdf

11. Третье национальное сообщение Кыргызской Республики

http://www.ecology.gov.kg/public/images/file_library/2017042415034314

.pdf

12. Климатический профиль Кыргызской Республики

http://www.ecology.gov.kg/public/images/file_library/2017042415202815

.pdf

13. Национальный статистический комитет Кыргызской Республики

http://www.stat.kg/ru/statistics/selskoe-hozyajstvo/