Атоочтук баяндооч, сабактын үлгүсү

6
Сабактын грамматикалык темасы: Атоочтук баяндооч. Сабактын максаты: а)Атоочтук баяндооч боюнча маалымат берүү. Сүйлөмдөгү баяндоочтун ордун аныктоо, орус тили менен салыштыруу, машыктыруу. Сүйлөө кебин калыптандыруу. б) Окуучуларды «Кыргызстаным» деген темага сурөт тартуу аркылуу патриоттуулукка,жаратылышты коргоого тарбиялоо. в)Окуучуларды ыкчамдуу,акылдуу болууга жана кыргыз тилинде таза туура так сүйлөөгө ырдоого тарбиялоо. Сабактын жабдылышы: Power Point презентациясы, плакат, түстүү маркерлер,карточкалар, окуу китеби,маркерлуу доска. Сабактын түрү: Жаңы сабакты тереңдетүү. Сабактын формасы: Окуучулардын өз алдынча иштөөсү. Сабактын усулу: Интерактивдүү усул. Сабактын жүрүшү: -Саламдашуу, ГИМН ырдоо. -1,2,3 деп санатып окуучуларды үч топко бөлүү. -баяндоочту эске түшүрүү. Баш мүчө. а ш м ү

Upload: ajubuju

Post on 31-Oct-2015

1.524 views

Category:

Documents


36 download

TRANSCRIPT

Page 1: Атоочтук баяндооч, сабактын үлгүсү

Сабактын грамматикалык темасы:Атоочтук баяндооч.

Сабактын максаты:

а)Атоочтук баяндооч боюнча маалымат берүү. Сүйлөмдөгү баяндоочтун ордун аныктоо, орус тили менен салыштыруу, машыктыруу. Сүйлөө кебин калыптандыруу.

б) Окуучуларды «Кыргызстаным» деген темага сурөт тартуу аркылуу патриоттуулукка,жаратылышты коргоого тарбиялоо.

в)Окуучуларды ыкчамдуу,акылдуу болууга жана кыргыз тилинде таза туура так сүйлөөгө ырдоого тарбиялоо.

Сабактын жабдылышы: Power Point презентациясы, плакат, түстүү маркерлер,карточкалар, окуу китеби,маркерлуу доска.

Сабактын түрү: Жаңы сабакты тереңдетүү.

Сабактын формасы: Окуучулардын өз алдынча иштөөсү.

Сабактын усулу: Интерактивдүү усул.

Сабактын жүрүшү:

-Саламдашуу, ГИМН ырдоо.-1,2,3 деп санатып окуучуларды үч топко бөлүү.-баяндоочту эске түшүрүү.

Окуучуларга берилүүчү суроолор: (5мин)Баяндооч кандай суроолорго жооп берет?Баяндооч эмне менен байланышат?Баяндооч сүйлөмдүн баш мүчөсүбү, же айкындооч мүчөсүбү?Баяндоочтун милдетин кайсы сөз түркүмү аткарат?Ушул суроолор аркылуу маркерлуу-доскага рамашка гулун тартып жалбырактарын толтурабыз.

Гүлдүн толбой калган жалбырактары жаңы теманы өтүп бүткөндөн кийин толтурулат

Этиш аткарат

Ээменен байланышат.

Баш мүчө.

аш

мүчөмммммммм

Эмне кылат?

Эмне кылып жатат?

Эмне кылды,

Баяндооч

Page 2: Атоочтук баяндооч, сабактын үлгүсү

*MS Power Point презентациядан баяндоочтун милдетин аткарган сөз түркүмүнүн схемасы корсотулот.(5мин)

Атоочтук баяндоочтун милдетин аткарган сөз

түркүмдөрү

зат атоочким? эмне?

сын атооч кандай?кайсы?

сан атоочканча?канчөө?

ат атоочким?эмне?

Окуучулар схемага карап ар бир группа оз алдынча эреже түзушот жана слайддагы эреже менен салыштырышат. Окуучуларга мугалим атоочтук баяндоочтун эрежесинен кошумча түшүнүк берет.Себеби сабактын темасы татаалырак. Китептеги 324-көнүгүү менен иштеп, гүлдүн толбой калган жалбырактарын толтурушат.

*Чыгармачылык иштөөгө кезек берилет.(10мин)Бул бөлүмдө ар бир топ өздөрүнчө атоочтук баяндоочтун таблицасына окшоштуруп КЫРГЫЗСТАНДЫН жаратылышын, үйдү, даракты, кыскасы эмнени жакшы көрүшсө ошону тартып, жактап беришет жана атоочтук баяндоочту катыштырып сүйлөм түзүшөт.Сабактагы эңнегизги бөлүм ушул. *Кезек адабият сабагы менен байланыштырууга келип жетти.(5мин)Алп жазуучу экөө болсо дүйнөдөАнда Чыкем ал экөөнүн бирөөсү.Алп таланттуу бирөө болсо дүйнөдө Анда Чыкем жалгыз гана бир өзү.Деген ыр сап менен ким жөнүндө айтып жатканымды окуучулардан сураймын. Окуучулар Чынгыз Айтматов боюнча эмнелерди билген болсо, ошолордун баарын айтып беришет жана жазуучу туралуу атоочтук баяндоочко сүйлөм түзүп беришет.

*Ар бир топко карточка таркатылат.

Зат атооч

Сын атооч

Сан атооч

Ат атооч

Этиш аткарат

Ээменен

байланыша

т.

Баш мүчө.

аш мүчөмммммммм

Эмне кылат

?

Эмне кылы

п жатат

?

Эмне кылы

п жатат

Баяндооч

Page 3: Атоочтук баяндооч, сабактын үлгүсү

Окуучулар карточкадагы сүйлөмгө сөз коюшат жана баяндоочтун астын сызышат.Маанисин чечмелеп беришет(5мин)

№2 карточка.Элүүнүн жарымы - .................Сабырдын түбү - .................

№3 карточкаЖалкоого күндүн баары - ............................Адамдын көркү - ........................

Бышыктоо:Ар бир топтун оң жагында отурган окуучунун атындагы тамгаларына жакшы сапатын билдирген сын атооч сөздөрдү жаздырамын.(10мин)Мисалы: М - маанилүү,

А - акылдуу, Н – нарктуу, А – адептүү, С - сулуу,

Ошол жазган сын атооч сөздөрдү атына кошуп сүйлөм түздүрөмүн. Мисалы: Манас – маанилүү, акылдуу, нарктуу, адептүү, сулуу. Бул сүйлөмдө атоочтук баяндооч бар экени билинип турат.Музыкалык тыныгуу. (3мин)Ар бир топ төмөнкү төрт сап ырга өз чыгармачылыгы менен обон жаратып беришет.

Кыргызстан ыйык мекен,Кыргызстан койнуң кенен,Кыргызстан, Кыргызстан,Коргойбуз сени бек туруп.

Андан сон Кумар Асановдун «Кыргызстан» аттуу ыры ырдалуу менен төмөнкү баскычтарга кезек берилет.Үй тапшырма: Атоочтук баяндоочтордун ар бирине экиден сүйлөм түзүп келүү. Мекен туралуу макалдарга сүрөт тартып келүү.

№1 карточка.Өнөр алды - .............Толкуп жаткан - .................

Page 4: Атоочтук баяндооч, сабактын үлгүсү

Баалоо: Ар бир топтун лидерлери кайсы окуучу беш деген баага татыктуу болушканын айтышат. Ошого жараша бааланат.(2мин)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСТУК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН

УСУЛДУК БОРБОРУ

Ачык сабактын темасы:(7-КЛАСС YЧYН)

Түзгөн: Михаил Бабкин атындагы №1 гимназия мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Тойчиев М. А.

ЖАЛАЛ-АБАД2009-ЖЫЛ