arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser ab.docx · web viewА. Мэхендин өлкөдөгү...

437
1 И. АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ ЖАНА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫ ТАРЫХ ЖАНА МАДАНИЙ МУРАС ИНСТИТУТУ Диссертациялык кеңеш Д 07.16.528 Кол жазма укугунда УДК 37.0 Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич АМЕРИКА КОШМО ШТАТТАРЫНЫН ТЫШКЫ САЯСАТЫНДАГЫ БОРБОРДУК АЗИЯ ЖАНА КЫРГЫЗСТАН Адистиги: 07. 00. 02 – Ата Мекен тарыхы Тарых илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертация Илимий консультанты: тарых илимдеринин доктору, профессор АБДЫРАХМАНОВ Т. А.

Upload: others

Post on 16-Jan-2020

54 views

Category:

Documents


0 download

TRANSCRIPT

Page 1: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

1

И. АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ ЖАНА

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫ

ТАРЫХ ЖАНА МАДАНИЙ МУРАС ИНСТИТУТУ

Диссертациялык кеңеш Д 07.16.528

Кол жазма укугундаУДК 37.0

Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич

АМЕРИКА КОШМО ШТАТТАРЫНЫНТЫШКЫ САЯСАТЫНДАГЫ

БОРБОРДУК АЗИЯ ЖАНА КЫРГЫЗСТАН

Адистиги: 07. 00. 02 – Ата Мекен тарыхы

Тарых илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертация

Илимий консультанты: тарых илимдеринин доктору,

профессор АБДЫРАХМАНОВ Т. А.

Бишкек – 2016

Page 2: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

2

М А З М У Н У

КИРИШҮҮ …………………………………………...1-бап. XX КЫЛЫМДЫН АЯГЫ – XXI КЫЛЫМДЫН

БАШЫНДАГЫ АМЕРИКА КОШМО ШТАТТАРЫНЫН БОРБОРДУК АЗИЯДАГЫ ГЕОСАЯСИЙ КЫЗЫКЧЫЛЫКТАРЫ ЖАНА СТРАТЕГИЯСЫ ........................................................

§ 1.1 АКШ нын тарыхый геосаясий долбоорлорундагы Борбордук Азиянын орду ...............

§ 1.2 Постсоветтик Борбордук Азиядагы АКШнын кызыкчылыктары менен стратегиялары........

2-бап. АКШнын ПОСТСОВЕТТИК БОРБОРДУК АЗИЯДАГЫ САЯСАТЫНЫНЫН ЭВОЛЮЦИЯСЫ, НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ ЖАНА ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

§ 2.1 АКШнын Борбордук Азия мамлекеттерине карата саясатынын негизги багыттары менен этаптары ................

§ 2.2 Постсоветтик Борбордук Азиядагы АКШнын саясатынын өзгөчөлүктөрү

3-бап. АКШнын КЫРГЫЗСТАНДАГЫ КЫЗЫКЧЫЛЫКТАРЫ ЖАНА АЛАРДЫ ИШКЕ АШЫРУУ БАГЫТТАРЫ

§ 3.1 АКШ - Кыргызстан алакалаштыгынын калыптанышышы жана өзгөчөлүктөрү

§ 3.2 АКШ- Кыргызстан эки тараптуу жана эл аралык уюмдар аркылуу жүргүзүлгөн көп тараптуу кызматташтыктар

4- бап. КЫРГЫЗСТАНГА БОЛГОН АКШнын МАМИЛЕЛЕРИНДЕГИ КӨЙГӨЙЛӨР ЖАНА АЛАРДЫ ЖӨНДӨӨ КЕЛЕЧЕКТЕРИ

§ 4.1 Терроризмге каршы жамааттык коопсуздук боюнча АКШнын Кыргызстандагы саясатынын эволюциясы

§ 4.2 АКШ- Кыргызстандын ортосундагы саясий, гуманитардык кызматташуулардагы көйгөйлөр жана келечектер

КОРУТУНДУ

ПАЙДАЛАНЫЛГАН АДАБИЯТТАРДЫН ТИЗМЕСИ

Page 3: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

3

К И Р И Ш Ү Ү

Теманын актуалдуулугу: XX кылымдын аягы XXI кылымдын

башында дүйнөдөгү геосаясий абал кескин өзгөрүп, анын натыйжасы

Борбордук Азиянын постсоветтик өлкөлөрү менен Кыргызстанга түздөн-түз

таасир эткени белгилүү. Бул өзгөрүүлөр СССРдин кыйрашы менен болгон эл

аралык мамилелердин биполярдык системасынын жоюлушу жана ушуга

байланыштуу АКШнын геосаясий стратегиясындагы бурулуштарга

байланыштуу болду.

Бул өңүттөн алганда, АКШнын геосаясий стратегиясындагы

өзгөрүүлөрдү жана алардын негизинде ишке ашырылып келген Борбордук

Азия өлкөлөрү менен Кыргызстанга карата болгон Американын

саясатындагы бурулуштарды 3 этапка бөлүп кароого болот.

Биринчи этап, 1991-жылы СССРдин кыйрашы жана Борбордук Азияда

көз каранды эмес мамлекеттердин жаралышы менен башталып, 2000-2001-

жылдар менен аяктайт. Борбордук Азиянын өлкөлөрүнө карата болгон

АКШнын стратегиялык аракеттери СССР кулап, социалистик лагерь

жоюлуп, эл аралык мамилелер моделиндеги биполярдык системанын

ордуна униполярдык системанын орношу жана АКШнын дүйнөлүк

гегемонгоайланышына байланыштуу болгон.

Бул мезгилдеги АКШнын дүйнөлүк геосаясий концепциясы жана анын

бир өңүтү болгон Борбордук Азия өлкөлөрүнө карата болгон саясаты

АКШнын президенти Дж. Буш 11 сентябрь 1991-жылы жарыялаган

“Дүйнөлүк жаңы тартип” доктринасына негизделип, салыштрмалуу

“жумшак” күчтөргө таянуу менен ишке ашырылган болчу. Бул мезгилди

мүнөздөп жана анын максатын аныктап жатып Дж. Буш “Бул бүдөмүк

мезгил биздин жалпы максатыбыз болгон дүйнөлүк жаңы тартипти

жаратышы мүмкүн. Азыркы дүйнөгө таптакыр окшобогон бул жаңы дүйнө

азыркы күндө өзүнүн жаралуу укугу үчүн күрөшүп жатат” деп айткан.

Page 4: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

4

“Дүйнөлүк жаңы тартиптин” гегемону катары АКШны сыпаттап жатып Дж.

Буш “Дүйнөлүк жаңы тартипти” колдоо үчүн зарыл болгон маралдык

ишеним жана реалдуу каражаттар бир гана АКШнын колунда бар” деп

белгилеген. Муну менен АКШ дуйнонун гегемону болуп, “Дүйнолүк жаңы

тартипти” акырындык менен жана “жумшак кучтордун” жардамы аркылуу

ишке ашырыууну көздөгөн.

Экинчи этап, 11 сентябрь 2001-жылкы Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода

борборуна террордук кол салуудан кийин башталып, болжол менен 2010-

жылга чейин созулган. Террордук кол салуудан кийин Дж. Буштун

администрациясы “Терроризмге каршы согуш” жарыялап, эл аралык

мамилелерде, анын ичинде Борбордук Азияда, “жумшак күч” ордуна

согуштук күч колдонууга өткөн. Бишкектеги “Манас” аэропортунда 2001-

жылы декабрда жана ушул эле жылы Өзбекстандын Карши шаарынын

жанында “Ханабад” аэропортунда АКШнын аскердик базалары ачылган. Бул

этапта АКШнын Борбордук Азия өлкөлөрүнө жана Кыргызстанга карата иш

аракеттери абдан активдүү-агрессивдүү мүнөздө болгон. Бул багыттагы

президент Дж. Буш (кичүүсү) ишке ашыргысы келген “Чоң Борбордук Азия”

доктринасы АКШ үчүн көп нерселерди үмүттөндүргөн аракеттерден болгон.

Аскердик базалардын ачылышы менен гана чектелбестен, АКШ Борбордук

Азия өлкөлөрүнүн ички иштерине дагы активдүү кийлигишип, адам

укуктарын коргоо жана демократияны жайылтуу боюнча бир топ иш

чараларды жүргүзгөн. Айрым маалыматтар боюнча, 2005 жылы болгон

Өзбекстандагы Анжиян окуялары менен 2005 жана 2010 жылдардагы

Кыргызстандагы революцияларга АКШнын тиешеси бар деген пикир

айтылып жүрөт. “Башкарылма хаос” тактикасын колдонуу менен АКШ

Жакынкы жана Ортоңку Чыгыштын ондон ашык өлкөлөрүндө түстүү

революцияларды ишке ашырып, бул процесс Борбордук Азия өлкөлөрүнө

дагы коркунуч туудура баштаган. Бул жылдары Борбордук Азиядагы таасир

үчүн АКШ менен Орусиянын ортосундагы күрөш күчөп, Орусиянын

Page 5: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

5

“салмагы” артып, бул көрүнүш дагы АКШнын Борбордук Азия өлкөлөрүнө

карата болгон саясатына терс таасир этип турган.

АКШнын Борбордук Азия өлкөлөрүнө жана Кыргызстанга карата

геосаясий аракеттеринин үчүнчү этабы 2010-жылдан башталып, азыркыга

чейин созулуп келе жатат. Бул этапта АКШнын Борбордук Азиядагы

позициясы солгундап, Орусиянын таасири күчөдү. Өзгөчө Кыргызстандагы

АКШнын үстөмдүгү солгундап, “Манас” аэропортундагы авиабаза 2014-

жылы июльда жабылган. АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы 1993-

жылы 19-майда түзүлгөн Кыргызстанга көмөк көрсөтүү жөнүндөгү Алкактык

келишим Кыргызстан тарабынан бир тараптуу денонсацияланып, бул

Келишимдин мааниси анча күчтүү болбосо дагы маселе эл аралык чоң саясий

резонансты жараткан. Бир нече сүйлөшүүлөрдөн кийин Борбордук Азиянын

башка өлкөлөрүндө аскердик база түзүү боюнча АКШнын аракеттери дагы

майнапсыз болуп чыкты.

Ошентип, АКШнын Борбордук Азия өлкөлөрү жана Кыргызстанга

карата болгон геосаясий мамилелери азыркы учурда жаңы багыттарды

тандоонун алдында турат. Бул маселе АКШ гана эмес Борбордук Азия

өлкөлөрү жана Кыргызстан үчүн абдан актуалдуу маселе экендиги талашсыз.

Диссертациянын темасынын актуалдуулугу дагы мына ушунда. Бул теманын

актуалдуулугу боюнча кошумча белгилеп кете турган нерсе, каралып жаткан

маселе Кыргызстандын азыркысы жана келечеги үчүн өтө актуалдуу

экендигине карабастан соңку жылдарда бул өңүттөгү атайын илимий

изилдөөлөр болбой, маселе тиешелуу илимий баасын жана практикалык

маанидеги тыянактарын албай келет.

Изилдөөнүн предмети болуп ХХ кылымдын аягы – ХХI

кылымдын башындагы Борбордук Азия өлкөлөрү жана Кыргызстандын

геосаясий абалы эсептелинет. Диссертациялык теманын негизги илимий

Page 6: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

6

иштер менен болгон байланышы. Илимий диссертация изилдөөчүнүн

демилгелүү иши болуп эсептелинет.

Изилдөөнүн объектиси катары 1991-2016 жылдардагы АКШнын

чейрек кылым аралыгындагы Борбордук Азия өлкөлөрү жана Кыргызстанга

карата болгон геосаясий стратегиясы менен анын негизинде ишке ашырылып

келген тышкы саясаты болуп эсептелинет.

Иштин методологиялык негизин - логикалык метод, салыштыруу

методу, сүрөттөө жана тарыхый салыштыруу методу, типологиялык

(мамлекеттин позициясын гегемон же глобалдык лидер катары

классификациялоо) жана феноменологиялык (конкреттүү тажрыйбаны

илимий иликтөө жана аны минималдуу бурмалоо жолу менен сүрөттөө)

методдор, ошондой эле рационалдуу тандоо теориясы (мамлекеттин

геосаясий стратегиясын калыптандырууда саясий элитанын иш-аракеттерин,

жүрүм-турумун, мотивдерин сүрөттөө), мейкиндик методу (дүйнөнүн

геосаясий картинасын түзүү), институтташтырылбаган метод (геосаясий

стратегияны калыптандыруу жана ишке ашыруу процесстерине таасир эткен

факторлордун анализи) түздү.

Изилдөөнүн максаты жана милдеттери. Иштин негизги максаты

болуп АКШнын Борбордук Азияга жана Кыргызстанга карата геосаясий

стратегиясы менен тышкы саясатынын негизги багыттарынын өзгөрүү

тенденцияларын аныктоо, АКШнын дүйнөлүк аренадагы, анын ичинде

Кыргызстандагы өткөн чак менен учурдагы ролун тастыктоо, ошондой эле

АКШнын постсоветтик мамлекеттердин, анын ичинде Борбор Азия менен

Кыргызстандын геосаясий мейкиндигиндеги келечектеги ордун прогноздоо

саналат.

Коюлган максатка жетүү төмөнкүдөй бир катар маанилүү

милдеттерди чечүүнү шарттайт:

Page 7: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

7

АКШ мамлекетинин тышкы саясатындагы негизги

приоритеттерди калыптандырган геостратегиянын негизги мазмунун

аныктоо;

АКШнын Евразиядагы геосаясий кызыкчылыктары менен

стратегиясын тактоо;

АКШнын постсоветтик Борбор Азия чөлкөмүндөгү геосаясий

кызыкчылыктарынын өнүгүү этаптарын, багыттарын иликтөө;

АКШ менен Кыргыз Республикасынын саясий

кызматташтыгынын эволюциясын изилдөө;

Кыргызстанды АКШнын аскерий коопсуздук өнөктөшү катары

сыпаттоо;

АКШ-Кыргызстандын саясий мамилелериндеги негизги

проблемаларды атоо жана алардын келечегин илимий божомолдоо;

АКШнын Кыргызстанга болгон экономикалык колдоосун

анализдөө;

Кыргызстанга болгон АКШнын гуманитардык көмөктөшүүсүн

аныктоо;

АКШнын Кыргызстандагы саясий жана гуманитардык

аракеттериндеги негизги проблемаларга жана алардын келечегине карата

аналитикалык талдоолорду жүргүзүү.

Иштин иштелип чыгуу даражасы. Изилдөө иши жалпы жонунан

АКШ - Борбордук Азия жана Кыргызстан ортосундагы мамилелерди

салыштырмалуу анализ методунун негизинде изилдөө булактарын

төмөнкүдөй топторго ажыратууга болот:

Изилдөө адабияттарынын биринчи тобун АКШнын дүйнөлүк

геосаясий процесстер менен айрым мамлекеттердин тышкы саясатындагы

орду менен ролу, бул ролду өзгөртүү тенденцияларын аныктаган

факторлордун проблематикасы тууралуу америкалык авторлорго таандык

көп сандаган теориялык эмгектер арналган. Айтсак, америкалык дипломат, эл

аралык мамилелер чөйрөсүндөгү эксперт Генри Киссинджер өзүнүн

Page 8: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

8

«Дипломатия»1 жана «Америкага тышкы саясаттын кереги барбы?»2 деген

ХХ жана ХХI кылымдардын чегиндеги дүйнөлүк тартиптин калыптануу

мыйзам ченемдүүлүктөрүн карап жатып, геосаясий мейкиндиктин жаңы

шарттарындагы АКШнын ордун аныктоого аракеттерди жасаган.

Америкалык политолог, социолог жана АКШнын тышкы саясатынын

идеологу Збигнев Бжезинский Америка Кошмо Штаттарынын геосаясий

стратегияларын ишке ашыруунун өзгөчөлүктөрүнө «Тандоо: дүйнөлүк

үстөмдүк же глобалдык лидерлик»3, «Дагы бир шанс: үч президент жана

америкалык супер державанын кризиси»4, «Улуу шахмат тактасы»5 жана

башка китептеринде көп көңүл бурган. Эл аралык мамилелер жаатында

профессор, эл аралык мамилелер боюнча Кеңештин Европалык бөлүмүнүн

директору Чарльз Капхен Американын учуру менен келечегине карата

мындай оптимисттик маанайда болгон эмес. «Американын күнүнүн бүтүшү.

Аз калды»6 деген китепте автор АКШнын тышкы саясаттагы гегемонизмин

курч сынга алып, адамзаттын тарыхында улуу державалардын баардыгы

өздөрүнүн үстөмдүк кылган позицияларын тигил же бул маанайда жоготкон

сымал Америка да эртеби, кечпи өзүнүн дүйнөлүк мейкиндиктеги

гегемондук кылуу ордун жаңы амбициялуу оюнчуларга бошотуп берээрин

далилдөөгө аракет кылган. Чарльз Капхен өзүнүн жогоруда аталган

китебинде Американын бир уюлдуу, же жеке басаарлык позициясы

түбөлүктүү эмес деген бир катар авторлордун эмгектерине кеңири токтолгон.

Френсис Фукуяма («Тарыхтын соңу»7, «Күчтүү мамлекет: ХХI

кылымдагы башкаруу жана дүйнөлүк тартип»8), Джон Миршеймер

(«Келечекке карай артка: кансыз согуштан кийинки Европадагы

туруксуздук»9, «Эмне себептен биз бир аздан соң кансыз согушту сагына

баштайбыз?»10), Сэмюель Хантингтон («Цивилизациялардын кагылышы»11),

Пол Кеннеди («Жыйырма биринчи кылымга даярдануу»12) жана Роберт

Каплан («Анархиянын келиши: кансыз согуштан кийинки кыялдардын

талкаланышы»13), Томас Фридман («Лексус» жана зыгыр дарагы»14) Америка

Page 9: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

9

дүйнөлүк геосаясий мейкиндиктин картасында ашынган лидер болуп

саналбаган беш альтернативалуу вариантты сунуш кылышат. Ушундай эле

көз караш жаңы тарыхтагы Нидерландиянын (XVII кылымдын ортосу),

Британиянын (XIX кылымдын ортосу) жана АКШнын (XX кылымдын

ортосу) гегемониясы деп аталган гегемониянын үч геоэкономикалык циклин

айырмалаган британдык географ П. Дж. Тейлорго да таандык15.

Америкалык социолог, дүйнөнү системалуу анализге тарткан

Иммануил Валлерстайн да америкалык бийликтердин саясатын сындап

чыгып, бүткүл дүйнө кризиске батып, ал эми глобализация процесстери буга

көмөк берүүдө деп баса белгилеген16. Америкалык политолог, эл аралык

маселелер боюнча эксперт Джозеф Най ааламдашуу жана маалыматтык

революциялардын шартындагы мамлекеттин ичиндеги гана башкаруу жана

бийлик маселелери эмес, дүйнөлүк сахнадагы мамлекеттердин бири биринен

болгон универсалдуу көз карандылыгы менен байланышкан тышкы саясий

проблемаларды да ачып берген17. Буларга кошумча катары АКШнын

университеттеринин архивдеринен, ал жерде жарык көргөн прессадагы

маалыматтардан жана макалалардан кеңири пайдаланылды.

Изилдөө адабияттарынын экинчи тобун АКШнын Борбордук

Азияга жана Кыргызстанга карата геосаясий стратегиясы менен тышкы

саясатынын расмий документтери түзөт. Изилдөөнүн жүрүшүндө

америкалык расмий документтердин доктриналдык мүнөз күткөн бүтүндөй

бир катмары иликтенди. Мындай документтердин катарына АКШнын

улуттук коопсуздугунун Стратегиялары, чөлкөмдүк стратегиялар, АКШнын

Мамлекеттик департаментинин адам укуктары жана динге ишенүү эркиндиги

боюнча отчеттору, Сенаттын жана конгресстин угуулары, Конгресстин

архиви жана отчеттору, Төрт жылдык коргонуу обзорлору, Улуттук

чалгындоо стратегиясы жана Чалгындоо ишмердигинин баасы кирет18.

Аткаруу бийлигинин документтеринен сырткары, АКШнын мыйзам

чыгаруу бийлиги тарабынан даярдалган докладдар менен материалдар да

Page 10: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

10

өзгөчө зор илимий кызыгууну туудурат. Алардын катарына АКШ

Конгрессинин «Конгрешинлз Рекордз» деп аталган изилдөө борборунун

докладдары, ошондой эле Конгресстин тышкы жана коргонуу саясатынын

маселелери боюнча отурумдарынын резолюциялары менен дискуссиялуу

материалдарын киргизүүгө болот19.

Америкалык жогорку кызмат адамдарынын, мамлекеттик

катчылардын, мамлекеттик катчылардын орун басарларынын жана коргонуу

министрлеринин АКШнын жалпы эле Борбор Азия чөлкөмүнө, анын ичинде

Кыргыз Республикасына карата жасаган саясатынын айрым маселелерине

тийиштиги бар сөздөрү жазылды20.

Бул документтер менен материалдардын анализи Борбор Азия

чөлкөмүндөгү америкалык саясаттын эволюциясы менен ырааттуулугун

тастыктоого, ошондой эле АКШнын аткаруу жана мыйзам чыгаруу

бийликтеринин ичиндеги көз караштардын спектрин аныктоого, АКШ менен

Кыргызстандын жетекчилеринин көз караштарындагы окшоштук менен

айырмачылыктарды идентификациялоого жардам берет.

Адабияттардын үчүнчү тобун америкалык жана башка Батыш

өлкөлөрүнүн эксперттеринин изилдөөлөрү түзөт. Алардын катарына С.

О’Хара, Э. Румер, Р. Соломон, С. Фэтвейс, М. Эдвардс21 өңдүү

окумуштуулардын, ошондой эле Джонс Хопкинс университетинин

алдындагы Борбор Азия жана Кавказ Институту, Вашингтондогу тышкы

саясатты анализдөө Институту, Колумбия университетинин алдындагы

Гарриман Институту, Улуттук коргонуу университетинин алдындагы Борбор

Азия Институту жана улуттук коопсуздук Борбору өңдүү АКШнын

таасирлүү «мээ борборлорунун» кызматкерлеринин эмгектери22 кирет.

«Борбор Азия жана Кавказ» журналын чыгарган Борбор Азия жана

Кавказ Институту (Лулео шаары, Швеция)23 жана «Борбордук Евразия»

жылына чыгуучу басмасы таандык болгон Кавказдагы стратегиялык

Page 11: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

11

изилдөөлөр Институту (Баку шаары, Азербайжан) сыяктуу илимий

борборлордун изилдөөлөрү анализге тартылды.

АКШнын жетекчилигинин чечимдери үчүн олуттуу таасир берүү

дараметине ээ болгондуктан, жогоруда аталган колдонмо (прикладдык) жана

изилдөө иштерин өтө маанилүү деп табабыз.

Адабияттардын төртүнчү тобуна КМШ өлкөлөрүнүн

окумуштууларынын эмгектери менен изилдөөлөрү кирет. Т. П. Лебедева өз

эмгектеринде Америка Кошмо Штаттарына карата глобалдык лидерлик жана

гегемонизм проблематикасынын маанилүү өңүттүрүнө, ошондой эле

дүйнөнүн жаңы борборлорун жандандыруу менен анын жаңы геосаясий

картинасын калыптандыруунун мүмкүн болгон варианттарына кеңири

токтолгон24. Тарых илимдеринин доктору, профессор К. С. Гаджиев заманбап

эл аралык проблемаларга, геосаясий тартип менен туруктуулуктун

(стабилдүүлүктүн) факторлорго геосаясий анализ берген25. Политолог, тарых

илимдеринин доктору, профессор С. М. Рогов «АКШнын стратегиясы – күчү

боюнча өзүнө тең келген атаандаштын пайда болуусуна жол бербөө»26,

«Үчүнчү миң жылдыктын башталышындагы Америка мамлекети»27 жана

башка макалаларында АКШнын заманбап дүйнөдөгү абалына, ошондой эле

орусиялык-америкалык мамилелерге кеңири токтолсо, К. В. Плешаков

«Геосаясий ойломдун компоненттери» деген эмгекте материалдык

факторлордун көз карашында субъекттерге мейкиндикти тескөөгө алууга

мүмкүндүк берген негизги геосаясий процесстерди аныктаган28. Эл аралык

мамилелер чөйрөсүндөгү адис, АКШнын тышкы саясаты боюнча эксперт А.

И. Уткин «ХХI кылымдагы дүйнөлүк тартип» деген эмгекте бир өлкөнүн

гегемониясынын концептуалдык багыттарын ачып берген29.

Изилденип жаткан теманы иштеп чыгууда А. Богатуров, А. Дугин, П.

Цыганков30 жана башкалар тарабынан жүргүзүлгөн эл аралык мамилелер

боюнча жалпы теориялык изилдөөлөр, ошондой эле Г. Арбатов, М.

Братерский, А. Копылов, Ф. Лукьянов, А. Уткин31 өңдүү орусиялык

Page 12: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

12

окумуштуулардын АКШнын тышкы саясаты боюнча жазылган эмгектери да

чоң жардам берди.

АКШнын БА чөлкөмү, анын ичинде Кыргыз Республикасына карата

жасаган саясатын изилдеген башка орусиялык илимий борборлор болуп

Орусиялык илимдер Академиясынын АКШ жана Канада Институту32,

Орусиялык илимдер Академиясынын чыгыш таануу Институту33, Орусиялык

илимдер Академиясынын эл аралык коопсуздук проблемаларынын

Институту34, эл аралык мамилелердин Москва мамлекеттик институту

((МГИМО (У))35 эсептелет.

Адабияттардын бешинчи тобун эл аралык мамилелер жана

АКШнын саясаты боюнча адистешкен кыргыз окумуштуулары менен

эксперттеринин Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын 1991-2014-

жылдар аралыгындагы негиздүү приоритеттеринин калыптанышы менен

ишке ашуусун чагылдырган эмгектери түзөт.

Ата мекендик историографияда объективдүү жана субъективдүү

себептерден улам Кыргызстандын эл аралык мамилелеринин заманбап этабы

толук кандуу изилдөөгө тартылбай келет. Өлкөнүн тышкы саясий

приоритеттери тууралуу талаш-тартыштар ХХ кылымдын 90-жылдарынын

башынан аягына чейин активдүү болуп келсе да, алардын басымдуу бөлүгү

илимий басылмаларга жетпей, массалык маалымат каражаттарында гана

чагылып кала берген. Кыргызстандын эл аралык байланыштарын, анын

ичинде Кыргызстан-АКШ мамилелерин заманбап саясий процесстердин

призмасы аркылуу анализдеген илимий изилдөөлөр азырынча өтө эле сейрек,

же дээрлик жокко эсе. Дал ушул жагдайдан улам Кыргыз Республикасынын

тышкы саясий өнүгүүсүнүн заманбап этабындагы негиздүү жана өзөктүү

тенденцияларга реалдуу баа берүү жана аларды түшүнүү үчүн жогоруда

аталган өтө сейрек илимий эмгектер өзгөчө мааниге ээ.

Мындай сейрек изилдөөлөрдүн катарына ошол кезде Кыргыз

Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары кызматында

Page 13: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

13

турган А. Ж. Жекшенкуловдун эмгектерин киргизүүгө болот36. Автор бул

эмгектеринде постсоветтик Борбор Азия мамлекеттеринин дүйнөлүк

коомчулукка кирүү темасын жогору профессионалдык деңгээлде ачып бере

алган. Аталган эмгектер Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын

калыптануусуна тике тиешеси болбосо да, аларда өлкөнүн чөлкөмдүк жана

дүйнөлүк системадагы ордун аныктоого мүмкүндүк берген методологиялык

жактан баалуу болуп саналган бир катар жоболор кездешет.

2001-жылы К. Токтомушевдин « Внешняя политика независимого

государства» деп аталган монографиясы жарыкка чыгат37. Монографиянын

негизине Кыргызстандын тышкы иштер Министирлигинин утурумдук

архивинин көз карандысыз жаш мамлекеттин тышкы саясий ишмердигинин

калыптануусунун ар кыл этаптарын чагылдырган маалыматтар камтылган.

Ата мекендик изилдөөчүлөр үчүн Кыргыз Республикасынын тышкы иштер

Министирлигинин архивине кирүү иши бир катар кыйынчылыктар менен

коштолгондуктан, архивдеги абдан маанилүү фактылык материалдарды

туура пайдалана билгендигине байланыштуу аталган автордун бул эмгеги

бүгүнкү күнгө чейин бул чөйрөдөгү өтө кызыктуу изилдөөлөрдүн бири

бойдон кала берүүдө.

«Глобалдык коопсуздукка карай жолдо: Борбор Азия 2001-жылдын

11-сентябрынан кийин» деген монографияда жана бир катар макалаларда,

кийин доктордук диссертациясында ата мекендик илимий адабиятта

коопсуздук проблемасынын призмасы аркылуу өлкөнүн өнүгүүсү учүн

тышкы жана ички факторлордун таасирин аныктоого жана изилдөөгө

алгачкылардан болуп аракет кылган автор катары Н. М. Омаровду атоого

болот38.

2002-жылы Каана Айдаркулдун «Кыргыздар менен Кыргызстандын эл

аралык мамилелери: тарых жана учур» деген темадагы изилдөөсү жарык

көрөт39. Аталган эмгекте автор Кыргызстандын курчап турган тышкы дүйнө

менен болгон байланыштарынын узакка созулган тарыхый эволюциясы

Page 14: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

14

менен катар эле заманбап жаңы тенденцияларды чагылдыруу аракеттерин

жасаган. Мындай аракеттердин натыйжасында Кыргызстандын эл аралык

байланыштарынын бүгүнкү күндөгү абалы менен өнүгүү перспективалары

тууралуу бир катар баалуу теориялык жана практикалык корутундулар

жасалган.

2001-2004-жылдары А. Акаев тарабынан 1990-2000-жылдары

мамлекетти куруунун, анын ичинде тышкы саясатты жүргүзүүнүн негизги

принциптерин ишке ашыруунун өтө маңыздуу багыттарын анализге тарткан

3 китеп жазылат40. Буга катар Аскар Акаевдин “көп векторлуу саясат

доктринасы” илимий иштин жыйнытык- сунуш бөлүмүнө фундамент түзөт.

Көз карандысыз жылдар ичиндеги Кыргыз Республикасынын тышкы

саясатынын өнүгүүсүнүн экономикалык өңүттөрү К. Идинов, Т. Койчуев, Т.

Койчуманов, Б. Ч. Аширов өңдүү изилдөөчүлөрдүн монографиялары менен

макалаларында чагылдырылган41.

Кыргыз Республикасынын XX кылымдын аягы – XXI кылымдын

башындагы тышкы саясатынын негизги приоритеттеринин эволюциясы жана

аларды ишке ашыруу проблемасы бир аз болсо да орусиялык жана чет

өлкөлүк илимий адабиятта чагылдырылган. Алардын басымдуу

көпчүлүгүндө Кыргызстандын тышкы саясый өнүгүүсү глобалдык

масштабдагы жана Борбор Азия чөлкөмүндөгү кардиналдуу мүнөздөгү

геосаясый жана институционалдык өзгөрүүлөрдүн бир бөлүгү катары гана

каралат42. Берилген өзгөрүүлөрдүн көп кырдуу жана динамикалуу элесин

түзүүгө мүмкүндүк берген мындай жобону жактоо менен Кыргызстандын

тышкы саясатына арналган орусиялык жана чет өлкөлүк макалалардын

көпчүлүгү Кыргызстандын чөлкөмдүк коопсуздук системасындагы уламдан

улам өсүп бара жаткан маанисин объективдүү чагылдырбайт деген

жыйынтык жасоого болот.

Изилдөөнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын

Конституциясынын негизги абалдары43, Кыргыз Республикасынын

Page 15: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

15

Президенттеринин элге жана өлкөнүн Парламентине кайрылуулары44,

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер Министирлигинин материалдары

жана Кыргыз Республикасынын жетекчилигинин АКШ менен өз ара

алакалашуу позицияларын чагылдырган бир катар расмий документтер

анализденди.

Булактардын анализи өз кучагына АКШнын Борбор Азия чөлкөмүнө,

анын ичинде Кыргыз Республикасына карата жасаган саясатын изилдеген

орусиялык расмий документтерди да камтыйт.

Диссертациянын илимий жаңычылдыгы төмөнкүлөр менен

шартталган:

АКШнын Борбордук Азияга жана Кыргыз Республикасына

карата болгон саясаты комплекстүү изилденди;

Америкалык көптөгөн маалыматтар илимий пайдаланууга

алынып, илимимий айлампага алынды;

Постсоветтик Борбор Азия мейкиндиги Х. Маккиндердин

классикалык геосаясаттын өзөктүү терминине айланган «хартленд» тууралуу

концепциясы менен анын АКШнын тышкы саясатындагы заманбап

интерпретациясына канчалык деңгээлде ылайык келээри такталды;

Кошмо Штаттардын Борбордук Азия мамлекеттерине жана

Кыргызстанга болгон тышкы саясатынын негизги этаптары, багыттары

аныкталып, проблемалары белгиленди;

Дж. Буш (кичүүсү) менен Б. Обаманын постсоветтик Борбор

Азияга карата болгон доктриналарынын өзгөчөлүктөрү жалпыланды;

АКШнын постсоветтик БА чөлкөмүнө карата жасаган

саясатындагы «Чоң Борбор Азия» (ЧБА) заманбап геоконцепцияга, анын

ролу менен абалына баа берилди, ошондой эле анын келечегине прогноздор

жасалды.

Иштин практикалык мааниси. Диссертациялык изилдөөнүн

корутундулары жаңы окуу курстарын иштеп чыгууда, ал эми

диссертациянын материалдары жогорку окуу жайларында АКШнын БА

Page 16: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

16

чөлкөмүнө, анын ичинде Кыргыз Республикасына карата жүргүзгөн саясаты

боюнча дарстарды окууда пайдаланууга болот. Диссертациянын негизги

абалдары менен корутундулары АКШнын Борбор Азияга карата жасаган

саясатындагы саясий-дипломатиялык, экономикалык жана аскердик-

техникалык стратегиясын прогноздоого кеңири мүмкүндүк бергендиктен,

Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын иштеп чыгуу үчүн зор

практикалык мааниге ээ.

Коргоого коюлуучу негизги жоболор. Изилдөөнүн натыйжаларынын

негизинде төмөнкүдөй корутундулар коргоого сунуш кылынат:

1. АКШнын улуттук кызыкчылыгы мамлекеттин экономикалык,

аскерий, каржылык (финансылык) жана илимий-техникалык потенциалын

өстүрүүгө болгон умтулуусу менен тыгыз байланышкан. Мамлекеттин ички

керектөөлөр менен зарылдыктарды ишке ашыруу максатында өзүнүн

дүйнөлүк аренадагы абалын бекемдөөгө болгон умтулуулары да «улуттук

кызыкчылык» деп аталган жалпы категориянын айланасында калыптанат.

Улуттук кызыкчылыктарда улуттун коомдук-саясий институттарга,

материалдык жана руханий баалуулуктарга болгон мамилеси да кошулат.

Ошондуктан, алар АКШнын геосаясий стратегияларын түзүүдө эч качан көз

жаздымда калбайт. Улуттук кызыкчылыктар АКШнын конкреттүү улуттук

баалуулуктарын эске албастан туруп калыптана албайт.

2. Америкалык улуттук кызыкчылыктын эң башкы курамдык

бөлүгү болуп АКШнын өзүн өзү мамлекет катары сактап калуу императиви

эсептелет да, бул императив тышкы коркунучтардан коргонуу менен

байланышкан коопсуздук маселеси, мамлекеттин экономикалык жана саясий

позицияларын башка мамлекеттерден коргоо, мамлекеттин дүйнөлүк

саясаттагы таасирин кеңейтүү маселелери менен тыгыз байланышкан.

Америкалык улуттук кызыкчылык, жалпы жонунан, мамлекеттин геосаясий

параметрлери, анын ресурстук мүмкүндүктөрү, өлкөнүн экономикалык

өнүгүү деңгээли, анын дүйнөлүк коомчулуктан алган орду, улуттук жана

маданий салттар аркылуу аныкталат.

Page 17: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

17

3. Американын Евразиядагы үстөмдүгү алардын дүйнөлүк

лидерликке карай болгон амбицияларына чекит коё алат. Саясий аренада

Американын дымагына каршы болууга жөндөмдүү атаандашты болтурбоо

үчүн АКШнын геосаясий максаты болуп Евразияны тескөөгө алуу эсептелет.

Энергоресурстардын дүйнөлүк запастарынын 80%ынан көп бөлүгү жаткан

Евразия континенти Америк Кошмо Штаттарын аймака болгон кызыгуусун

арттырбай койбойт.

4. Постсоветтик Борбор Азиянын мамлекеттери төмөнкүдөй төрт

маданий-цивилизациялык пласттар тогошкон жер болуп саналат: 1) Орусия

менен тыгыз байланышкан европалык, 2) араб-мусулмандык, 3) персиялык

жана 4) кытай маданият-цивилизациялары. Мындай жагдай, бир жагынан, ар

кандай багыттардагы эки жана көп жактуу кызматташтыктарды өнүктүрүүгө

көмөк берсе, экинчи жагынан, өтө ийкемдүү жана тең салмактуу мүнөздөгү

тышкы саясатты жүргүзүүгө мажбурлайт.

5. АКШнын тышкы саясатында Кыргыз Республикасынын орду, эки

өлкөнүн 1991- жылдан тартып араларындагы коопсуздук, саясий жана

гуманитардык маселелелер маанилуу бойдон калууда. АКШнын Кыргызстан

менен болгон мамилелеринин калыптанышы, багыттары жана этаптары

изилденип, мындан ары мамилелер кайсы нукта уланаары прогноздолууда.

Изденүүчүнүн жеке салымы: диссертациялык иш АКШнын

Борбордук Азияга болгон тышкы саясатын түшунүүгө жардам берет жана

теманы талдоодо АКШлык, Батыштын материалдарын илимий айлампага

кошуу болуп саналат.

Иштин апробацияланышы. Изилдөөнүн негизги мазмуну боюнча

2013- жылдын ноябрь айында Америка Кошмо Штаттарынын борбору

Вашингтондо өткөн «АКШ- Кыргызстан Форумуна» арналып даярдалган

«АКШ- Кыргызстан мамилелери: кечээ, бүгүн жана эртең» аттуу жыйнакта,

2016- жылдын декабрь айында Индиянын Амритсар шаарында болуп өткөн

Борбордук Азиялык конференцияда илимий доклад катары жана

Page 18: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

18

Кыргызстанда, АКШда болуп өткөн тегерек столдордо талкууланды. Илимий

иш И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Универститети жана Кыргыз

Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын Тарых жана Маданий

Мурас Институтунда талкуудан өтүп коргоого сунушталды.

Диссертациянын жыйынтыктарынын публикацияларда жалпы

чагылдырылышы: изилдөөнүн жалпы негиздери жана натыйжалары

монографияда жана Кыргызстандын, чет өлкөлөрдүн рецензияланган

басылмаларында 26 макалада жарык корду.

Диссертациялык иштин структурасы. Диссертациялык иш

киришүүдөн, төрт баптан, корутундудан жана пайдаланылган адабияттардын

тизмесинен турат.

Page 19: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

19

1-бап.

XX КЫЛЫМДЫН АЯГЫ – XXI КЫЛЫМДЫН БАШЫНДАГЫ АМЕРИКА КОШМО ШТАТТАРЫНЫН БОРБОРДУК АЗИЯДАГЫ ГЕОСАЯСИЙ КЫЗЫКЧЫЛЫКТАРЫ ЖАНА СТРАТЕГИЯСЫ

§ 1.1 АКШ нын тарыхый геосаясий долбоорлорундагы Борбордук Азиянын орду

Америка Кошмо Штаттарынын тышкы саясаты АКШ тарабынан

дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө карата пайдаланылган тышкы саясий максаттар

менен методдордун жыйындысынан турат. АКШнын тышкы саясаты

президент тарабынан аныкталып, мамлекеттик катчы башында турган

мамлекеттик департамент (Department of State) тарабынан ишке ашырылат.

Тышкы саясат, же мамлекеттин тышкы алакалары деп мамлекеттин эл

аралык иштерде алган жалпы багыты эсептелет. Тышкы саясат кандайдыр

бир принциптер менен максаттарды колдонуп, ар кыл каражаттар менен

методдорду пайдаланып, берилген мамлекеттин башка мамлекеттер жана

элдер менен болгон мамилелер менен алакаларды жөнгө салат. Тышкы

саясаттын өтө маанилүү каражаты болуп дипломатия эсептелет.

Мамлекеттин тышкы саясаты өлкөнүн коомдук-саясий жана

социалдык-экономикалык өнүгүү деңгээли, анын географиялык абалы,

улуттук жана тарыхый салттары, мамлекеттик көз карандысыздык менен

коопсуздукту камсыз кылуу зарылдыктары сыяктуу көп сандаган

детерминанттар аркылуу шартталат. Тышкы саясатка таасир эткен бул

факторлор улуттук кызыкчылык концепциясында чагылып, тышкы

саясаттын мазмуну ар бир мамлекет эл аралык аренада өз улуттук

кызыкчылыгын ишке ашырууга умтулаары менен аныкталат.

АКШнын тышкы саясатындагы эң негизги приоритеттерин түшүнүү

жана аныктоо үчүн анын экономикалык, тарыхый, социалдык-саясий,

географиялык факторлорун эске алуу керек. АКШнын улуттук

кызыкчылыктарынын структурасында туруктуу (базалык) жана убактылуу

(өтмө) кызыкчылыктарды айырмалоого болот. АКШнын туруктуу

Page 20: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

20

кызыкчылыктары катары көз карандысыз жана демократиялуу АКШны

калыптандырууну жана өнүктүрүүнү, анын суверенитетин коргоонуу,

коомдогу жана мамлекеттеги стабилдүүлүктү сактоону, территориалдык

бүтүндүк менен чек аралардын кол тийбестигин сактоону, америка элинин

жыргалчылыгын жогорулатуу үчүн экономикалык жана саясий стабилдүү

өнүгүүнү, АКШнын өзүндө жана чет өлкөлөрдө жашаган жарандарынын

укуктары менен кызыкчылыктарын коргоону, аларга эл аралык укуктун

чегинде жардам берүүнү атоого болот.

АКШнын тышкы саясатында «мамлекеттин геостратегиясы» деген

түшүнүк өзгөчө орунду ээлейт. Бүгүнкү күндө «мамлекеттин

геостратегиясы» деген термин көп сандаган окумуштуулар тарабынан ар

кандайча чечмеленип, анын мамлекеттин өнүгүүсүнүн глобалдуу

процесстериндеги орду менен ролунун бир жактуу эмес экендигин

далдилдейт45.

Геостратегия мамлекеттин улуттук кызыкчылыктарын басымдуу

түрдө аскерий-күч колдонуу методдору менен камсыз кылуу проблемаларын

изилдегендиктен, айрым окумуштуулар тар маанисинде «геостратегия»

түшүнүгү геосаясат илими менен согуштарды, куралдуу жаңжалдарды

жүргүзүү мыйзамдары жана алардын мүнөзү, куралдуу күрөштөрдү жүргүзүү

өзгөчөлүктөрү, ошондой эле аларды болтурбай коюу ыкмалары тууралуу

билимдердин жыйындысы болуп саналган аскерий илимдин илимий

билимдеринин жакындашуусунун натыйжасын туюндурат деген пикирде46.

Бирок, заманбап дүйнөдө, башкача айтканда, жыйырма биринчи

кылымдын башында геосаясаттын башкы каражаты болуп «жумшак күчтүн»,

же башкаларды өз тарабына үлгүлүү жүрүм-турумдун, саясий идеалдардын,

маданий баалуулуктардын жагымдуулугунун жардамы аркасында тартуу

эсептелгендиктен, жогоруда кеп болгон геостратегия түшүнүгү чындыкка

көп коошо бербейт. Мамлекеттин геостратегиясын калыптандыруу

процессине мамлекеттик жогорку бийлик органдары тике таасир берет.

Геостратегияны ишке ашыруудан мамлекеттин жашоосу менен аман калуусу

Page 21: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

21

көз каранды болгондуктан, геостратегияны калыптандыруу жалпы коомдун

иши болуп саналат. Ар бир мамлекетте ошол мамлекеттин геосаясий

стратегиясын калыптандыруу негизги милдети болуп саналган түзүмдөр бар.

Геосаясий концепцияны иштеп чыгуу этабында активдүү роль саясий

партиялар, бирикмелер, коомдук уюмдар, массалык маалымат каражаттары

сыяктуу ар кыл коомдук түзүмдөргө таандык. Бул этапта илимий-изилдөө

мекемелеринин, министирликтер менен ведомстволордун тикелей катышуусу

шарт. Бул органдар өз багыттары боюнча концепцияларды иштеп чыгып,

андан соң мамлекеттин бийликтин жогорку органдары үчүн конкреттүү

жалпылоолор жана сунуштарды даярдоо максатында өз иштеринин

жыйынтыгын атайы адистешкен координациялык органга тапшырышат47.

Андан соң мамлекеттин геостратегиясын ишке ашыруу этабында негизги

жоопкерчилик Өкмөт, куралдуу күчтөр, чалгындоо органдары, укук тартибин

коргоо органдары, чек ара жана бажы кызматтары сыяктуу аткаруу

бийлигинин органдарына таандык кылынат. Ошол эле учурда

координациялык орган мурдагыдай эле аныктоочу ролду ойной беришет.

Америка Кошмо Штаттарында бул ролду улуттук коопсуздук боюнча Кеңеш

аткарат.

Эгерде дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүнүн геосаясий стратегияны

калыптандыруу боюнча тажрыйбаларын жалпылай турган болсок, анда

берилген процедуранын жалпы мыйзам ченемдүүлүктөрүн аныктоого болот.

Геостратегияны калыптандырууга тийиштиги болгон мамлекеттик органдар

мамлекеттеги бийликтин бардык бутактарын да калыптандырууга тийиш.

Мыйзам чыгаруу бийлигинен мындай органдар болуп парламенттин

коргонуу, коопсуздук, эл аралык иштер жана башка иштер боюнча

комиссиялары же комитеттери эсептелет. Аткаруу бийлигинин деңгээлинде

бул роль коргонуу, ички иштер жана тышкы иштер министирликтерине

таандык. Сот бийлиги өзүнө мамлекеттин улуттук кызыкчылыктарын ишке

ашыруу жаатындагы мыйзамдар менен приоритеттердин ортосундагы тең

салмактуулукту сактоо жоопкерчилигин алат. Мамлекеттин геосаясий

Page 22: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

22

стратегиясын ишке ашыруу багытындагы эң негизги жоопкерчилик куралдуу

күчтөр, ички коопсуздук күчтөрү, атайы кызматтар сыяктуу күч түзүмдөрүнө

(структураларына) таандык. Мамлекет менен катар эле мамлекеттердин

саясий жана аскерий-саясий союздары, эл аралык уюмдар, коммерциялык

эмес жана өкмөттүк эмес уюмдар, транснационалдык корпорациялар жана эл

аралык каржы (финансы) түзүмдөрү (структуралары), айрым кылмыштуу

түзүмдөр (криминалдык структуралар) жана башкалар да геосаясий субъект

боло алышат.

АКШ мамлекетинин геостратегиясын түшүнүү жана приоритеттерин

аныктоо үчүн анын тышкы саясаттагы төмөнкүдөй доктриналарын билүү

өзгөчө мааниге ээ: ДОКТРИНАНЫН АТАЛЫШЫ

ДОКТРИНАНЫНКЫСКАЧА МАЗМУНУ, МАКСАТЫ ЖАНА МИЛДЕТИ48.

1823-жыл.«Монро доктринасы» (“Доктрина Монро” / “Monroe Doctrine”)

Доктрина Америка континентинентинин территориясы колонизациянын объектиси болууга тийиш эмес деп жарыялаган АКШ президенти Джеймс Монро тарабынан сунуш кылынган. Бийликтин бардык бутактары монархтардын колунда топтолгон Европадан айырмаланып, бул мезгилде Америка континентиндеги жагдай бир топ айырмалуу эле. АКШ колдо болгон бардык мүмкүндүктөр менен каражаттарды пайдаланып, америкалыктардын мамлекетин аларга таңууланып жаткан башкаруунун европалык формаларынан коргоону максат кылган. Натыйжада, АКШ Батыш жарым шардын “кожоюну” болуп калган.

1901-1909-жылдар. «Кайык дипломатия-сы» («Дипломатия канонерок» / «Gun-boat Diplomacy»)

Президент Теодор Рузвельт (Theodore Roosevelt) «Америка америкалыктар үчүн» деген принципти ишке ашырууну өтө зарыл деп эсептеген. Бул принциптин жардамы аркасында европалык державаларды Борбордук жана Түштүк Америкадан алыс кармоого болот. Панама каналына кызыкдар болгон АКШ менен анын лидери Рузвельттин саясаты көз каранды эмес Панама мамлекетинин пайда болушуна алып келип, Панама каналы Колумбиянын таасиринен бошонуп, АКШнын кызыкчылыктарына кызмат кыла баштаган.

1917-жыл. Дүйнө үчүн демократия док-тринасы (доктрина Демократия для мира)

Биринчи дүйнөлүк согуш аяктагандан соң АКШнын Президенти Вудро Вилсон бүткүл дүйнөнү бир кыйла демократиялуу жзана коопсуз кылган «14 пункттан турган» программаны сунуш кылат. Вильсондун идеялары жеңилүү ызасын тарткан Германия жана Австро-Венгрия тарабынан оң кабыл алынса да, жеңүүчү державалар тарабынан колдоо тапкан эмес. Версаль конференциясынын чечимдери Вильсондун идеяларына тең ортоктош болбогондуктан, Версаль келишимине «таарынган» Германия 16 жылдан соң нацисттердин колуна өтүп кеткен.

1919 - 1920-жылдар. Изоляционизм / Isolationism

АКШ «Улуттар Лигасы» («Лига Наций») деп аталган алгачкы эл аралык уюмга тескөө салуу укугуна ээ болгон эмес. Натыйжада АКШ бул түзүмдү (структураны) Улуу Британия жана Франция өңдөнгөн колониалдык державалардын саясый куралы катары кабыл ала баштаган. Америкалык истэблишмент АКШны өзүн эл аралык иштерден оолак кармоого чакырган.

1930-жылдардын башы. «Жакшы коңшулаш саясаты» («Политика Доб-рососедства» / «Good Neighbor Policy»)

АКШ Борбордук Америкадагы «банан республикаларына» карата «кайык саясатынан» (политика «канонерок») баш тартат

Page 23: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

23

1941-жыл. «Төрт Эркиндик» («Четыре Свободы» / «Four Freedom»)

Президент Франклин Рузвельт Америка континентиндеги сөз эркиндиги, ишеним эркиндиги, жакырлыктан эркин болуу жана коркуудан эркин болуу сыяктуу эң негизги эркиндикти жар салат. Бул эркиндиктерди нацизмден, фашизмден жана япондук милитаризмден коргоо максатында АКШ Экинчи Дүйнөлүк согушка кирген. Кийин бул принципти коргоо АКШ менен СССРдин ортосундагы жаңжалга алып келип, «кансыз согуштун» («холодная война») башталышын шарттаган.

1947-жыл. “Трумэндин док-тринасы» («Док-трина Трумэна” / “Truman Doctrine”

Президент Гарри Трумэн коммунисттик инсургенттер менен күрөшүп жаткан Түркияга жана Грецияга экономикалык жардам берүүнү чечет. Г. Трумэн АКШ мамлекети куралдуу азчылыктар жана тышкы таасирлер (кеп СССР тууралуу болуп жатат) менен күрөшүп жаткан эркин адамдарга милдеттүү түрдө жардам берүүгө тийиш деп жарыялаган. Натыйжада Греция менен Түркия коммунисттик эмес мамлекеттер болуп чыга келишкен. Ал эми Түркия АКШнын Жер ортолук деңиз жээги чөлкөмүндөгү башкы союздашы болуп калган.

1947-жыл. «Ооздуктоо док-тринасы» («Док-трина Сдерживания» / «Containment»

Ооздуктоо доктринасынын идеясын белгилүү америкалык дипломат жана изилдөөчү Джордж Кеннандын аты менен байланыштырышат. Бул доктрнина боюнча советтик экспансияны аскерий ооздуктоо жолу менен токтотууга болот деп божомолдонгон. Кийинчерээк бул концепция «кепилдиктүү өз ара жок кылуу концепциясына» («концепция гарантированного взаимного уничтожения») чейин өсүп кеткен: СССР менен АКШ эбегейсиз зор ядролук потенциалга ээ болгондуктан, мындай жагдай агрессор тарап сөзсүз түрдө тьалкалануусуна толук кепилдик берген. Демек, ядролук согуштун башталышы жан кечтиликке, же өзүн өзү жок кылууга тең маанилеш эле. Бул концепция «кансыз согуштун» аягына чейин жашаган.

1948-жыл. «Маршаллдын планы» («План Маршалла” / “Marshall Plan”)

Дүйнөлүк тарыхта биринчилерден болуп өзүн жеңүүчү деп атаган держава (АКШ) жеңилген мамлекеттерден репарация (кун акы) албюастан, аларга ири масштабдагы экономикалык жардам бере баштаган. Батыш Германия менен катар эле советтик таасирден сырткары жашаган Батыш Европанын дээрлик бардык мамлекеттерине жардамдар берилген. СССР менен анын союздаштары бул программага катышуудан баш тартышкан. АКШнын мамлекеттик катчысы Джордж Маршаллдын урматына «Маршаллдын планы» деп аталган доктрина эл аралык мамилелердин идеологиясын толугу менен өзгөрткөн. «Маршаллдын планынын» башкы максаты болуп Европаны турукташтыруу (стабилдештирүү) саналган. Бул доктринадан тартып ачкачылык менен оору-сыркоолорду жок кылуу, мамлекеттин экономикалык өнүгүүсү жаңжалдарды токтотуп, мурдагы касташкандарды досторго айландырууга көмөк берээри далилденген.

1957-жыл. «Эйзенхауэрдин доктринасы» («Док-трина Эйзенхауэра” / “Eisenhower Doctrine”)

Президент Дуайт Эйзенхауэр (Dwight Eisenhower) коммунисттердин колуна түшүп калбоосу үчүн Жакынкы Чыгыштын каалагандай мамлекетине жардам берүүнү сунуш кылган. Мындан сырткары советтик таасирден коргоо максатында АКШ мамлекети Америкада, Азияда жана Африкада аскерий-саясий альянстарды активдүү түзө баштаган.

1960-жылдар. «Домино принциби» («Принцип Домино» / «Domino Theory»)

АКШ Президенти Джон Кеннеди Вьетнам коммунисттик мамлекет болуп калбоосу үчүн каалагандай бааны төлөп берүү зарыл деп чыккан. Анын пикиринде Въетнамдагы советизация бүткүл Түштүк-Чыгыш Азия чөлкөмү үчүн өтө кооптуу болуп саналат. Бул пикир АКШнын Вьетнамдын ички жаңжалына ачык эле кийлигишүүсүн шарттаган. Вьетнам, Лаос, Камбоджа коммунисттик мамлекеттер болуп калгандыгына карабастан, АКШ коммунизмдин Түштүк Чыгыш Азиядагы ийгилиги ушуну менен токтоду деп эсептеген. Ошондой болсо да, бул чөлкөмдүн көп сандаган башка мамлекеттеринде демократияга кайнаса каны кошулбаган авторитардык жана аскерий режимдер үстөмдүк кылып турган.

1969-1976-жылдар. «Реалполитик» / «Realpolitik»)

Доктринанын аталышы 18-кылымдагы европалык дипломаттардын тилинен алынган. Бул концепциянын «атасы» катары АКШнын мамлекеттик катчысы Генри Киссинджерди (Henry Kissinger) атоого болот. Г. Киссинджер АКШ мамлекети коммунисттик Кытай менен байланыштарды өнүктүрүп, СССР менен болгон алакаларды «оңдоп-түзөөгө» чакырган. Натыйжада, кытай-америкалык экономикалык байланыштар дүркүрөп өнүгүп, массалык кыргынга салуучу айрым куралдардын саны азайган.

1980-жылдардын ортосу. «Рейгандын доктринасы» («Док-

Президент Рональд Рейгандын администрациясы Афганистан, Африка, Борбордук Америка сыяктуу «үчүнчү дүйнөдөгү» мамлекеттердеги солчулдарга жана социалисттик өкмөттөргө каршы чыккан күчтөрдү колдоо зарыл деп

Page 24: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

24

трина Рейгана” / “Reagan Doctrine”)

эсептеген. Мындан сырткары, Р. Рейган сенектик доорунун кесепетинен кризиске малынган советтик экономика мындай атаандаштыкка чыдай албайт деп эсептегендиктен, АКШ «жарыша куралодануунун» жаңы этабын баштаган. Мындай доктринаны ишке ашыруунун натыйжасында просоветтик режимдер жок болуп, СССРдин өзү талкаланган. Бирок, «Рейгандын доктринасынын» кесепеттүү эффектиси 1990-жылдары мурда америкалык каржыга таянып, проамерикалык саясый оюн жүргүзүп, эми АКШга джихад жарыялаган Усама Бен Ладендин ишмердигинен көрүнгөн.

1980-жылдардын аягы. Адам укуктарын коргоо Концепциясы (Концепция защиты прав человека)

АКШ бүткүл дүйнөдөгү авторитардык жана тоталитардык режимдерге каршы чыккан диссиденттерди активдүү колдой баштаган. Натыйжада, алардын көпчүлүгү Түштүк Кореядагы, Тайвандагы, Чехиядавгы, Польшадагы жана башка мамлекеттердеги саясий лидерлерге айланып, бийлик башына келишкен.

1990-жыл. «Дүйнөлүк жаңы тартип» («Новый Мировой Порядок» / «New World Order»)

Концепция АКШ президенти Джордж Буш-улуу тарабынан сунуш кылынган. Бул жобо АКШ жана СССР сыяктуу эки супердержаванын ортосундагы активдүү жана көп тараптуу кызматташтыкты туюндурган. Концепция Кувейтке ирактык аскерлердин киришинен кийин жаралган. Ирак СССРдин эски өнөктөшү эле. Бирок, Советтер Союзу Саддам Хуссейнге жардам берүүдөн баш тартып, АКШ башында турган эл аралык аскерий коалицияны түзүүнү колдойт. Бул коалиция Кувейтти ирактык агрессиядан коргойт. «Дүйнөлүк жаңы тартип» 1991-жылы СССР талкаланганга чейин жашаган.

2001-жылдын 11-сентябрынан кийин. «Льюистин доктринасы” (“Доктрина Льюиса" / «Lewis Doctrine»).

Америкалык тарыхчы Бернард Льюис тарабынан сунуш кылынган идеяларды пайдалануу менен АКШ Иракка согуш ачат. Ошол себептен, The Wall Street Journal газетасы 2001-жылдын 11-сентябрындагы теракттардан кийинки АКШнын заманбап саясатын «Льюистин доктринасы” ишке ашыруу катары баалаган. Б. Льюистин пикири боюнча Жакынкы Чыгыштын мамлекеттери менен элдери өзүн экономикасы алдыга өнүгүп кеткен Батыш мамлекеттерине салыштырмалуу атаандаша албаган аутсайдер деп сезет. Ошол себептен, бул элдер Батыш мамлекеттерине жек көрүү жана көз артуу менен карайт. Мындай жагдай бул мамлекеттердеги экономиканын, маданияттын нормалдуу өнүгүүсүнө тоскоол болгон диний фундаменталисттердин кысымы, диктаторлордун бийлиги, басма сөздүн эркин эместиги, жарандык коомдун жоктугу жана башка факторлордун таасири астында демократиялык институттардын жетишээрлик өнүкпөй калгандыгынын натыйжасы болуп саналат. Ошондуктан, Льюистин ою боюнча АКШ жана Батыш өлкөлөрү Жакынкы Чыгышка «демократиянын үрөөндөрүн” себүүгө тийиш. Иракта чыныгы демократиялуу мамлекетти түзүү «чынжырлуу реакцияны» жаратып, бул чөлкөмдү түп тамырынан бери өзгөртмөкчү.

Геосаясий стратегиянын калыптанышына мамлекеттин улуттук

кызыкчылыктары зор таасир этет.

Ар кандай тарыхый доорлордо көпчүлүк мамлекеттердин тышкы

саясаты улуттук кызыкчылык менен шартталса да, «улуттук кызыкчылык»

түшүнүгү Флоренциялык тарыхчы жана илимпоз Никколо Макиавелли

(1469-1527) тарабынан өзгөчө изилдөөгө алынып, бара- бара XVIII

кылымдарда Джованни Ботеро жана Жан Ботер тарабынан илимге

киргизилген49

Улуттук кызыкчылыктар өзүнүн эл аралык аренадагы мааниси жана

таасири боюнча айырмаланышат. Берилген критерий боюнча улуттук

Page 25: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

25

кызыкчылыктар башкы жана экинчилик; туруктуу жана өзгөрмөлүү, узак

мөөнөттүү жана конъюнктурдук болуп бөлүнүшөт. Өтө маанилүү жана

туруктуу мүнөздөгү улуттук кызыкчылыктар мамлекеттин геосаясий

параметрлери; берилген мамлекеттин мамлекеттер аралык мамилелер

системасындагы орду жана ролу; бул мамлекеттин потенциалы, престижи

(бедели), анын өз көз карандысыздыгын жактай алуу жана өз

шериктештеринин коопсуздугун кепилдикке алуу жөндөмү менен аныкталат.

Ар бир мамлекет өзү көздөгөн максаттын салыштырмалуу маанилүүлүгүн өз

алдынча баалайт. Бул максаттарды ишке ашыруу жөндөмү көп сандаган

факторлордон көз каранды болсо да, кызыкчылыктарды камсыз кылуунун

саясий, экономикалык, дипломатиялык, аскерий деп аталган каражаттарынын

арсеналы бир канча кылымдардан бери өзгөрүүсүз бойдон кала берүүдө.

Өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын ишке ашыруу менен эл аралык

аренада мамлекеттер ар кандай ишмердүүлүктөрдү жүргүзөт. Ушуга

байланыштуу заманбап саясий илимдер тышкы саясаттын төмөнкүдөй төрт

түрүн айырмалайт49:

агрессивдүү саясат – ал тышкы саясаттын каражаттарын

колдонуу аркылуу өз таасирин кеңейтүүгө жана ички көйгөйлөрүн

(проблемаларын) чечүүгө болгон далалатта көрүнөт. Мындай саясатты

турмушка ашырууну көздөгөн мамлекеттин лидерлери агрессивдүү

маанайдагы экспансионисттик методдорду арбын колдонушат;

консервативдүү саясат – ал тарыхый өткөндө жашаган «улуу»

мамлекеттер менен империяларга мүнөздүү болуп, азыркы учурдагы күчтөр

менен реалдуу потенциалды эске албастан туруп эле өзүнүн эл аралык

аренадагы таасири менен мурда жетишилген ийгиликтерин сактап калуу

ниетине негизделген;

активдүү саясат – ал мамлекеттин ички жана тышкы

ишмердүүлүгүнүн ортосундагы тең салмакка (баланска) негизделет да,

жалпы жонунан, эл аралык мамилелерде өз кызыкчылыктарын коргоодо

жемин жедирбеген субъектинин ролун ийгиликтүү аткарат;

Page 26: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

26

пассивдүү саясат – ал өз көз карандысыздыгын коргоо ишинде

зарыл болуп саналган мүмкүнчүлүккө ээ эмес «алсыз» мамлекеттерге

таандык. Эреже катары, мындай мамлекеттер өз көз карандысыздыгынын бир

бөлүгүнөн «күчтүү» коңшу мамлекеттин, же колдоочу державалардын

пайдасына баш тартууга аргасыз. Эл аралык мамилелердин чөйрөсүндө

мындай мамлекеттер жан сактоо максатын көздөө менен гана түзүлгөн

кырдаалдарга ыңгайланышып жашоо тактикасын тандашат.

Улуттук кызыкчылыктар кандайдыр бир жалпылыктын жалпы

маданияттын, тилдин, үй-бүлөлүк, диний, моралдык, этикалык каада-

салттары менен үрп-адаттарынын, жалпы мүнөздөгү саясий системасынын

жана жалпы саясатынын негизинде биригүүгө болгон умтулуусу аркылуу

ишке ашат. Мындай өңүттө улуттук кызыкчылыктарды берилген коом менен

мамлекеттин жашоо-тиричилиги үчүн өтө маанилүү болуп саналган

баалуулуктарды сактап калуу жана андан ары өнүктүрүү мамилелери катары

аныктоого болот. Улуттук кызыкчылыкты эл аралык саясатты кыймылга

келтирген фактор катары кароо менен мамлекеттин көз карандысыздыгына,

территориалдык бүтүндүгүнө, башка мамлекеттердин ички иштерине

кийлигишпөө принцибине тийиштиги бар, башка мамлекеттер тарабынан

таанылган улуттук кызыкчылыктар гана реалдуу деп табылаарын эстен

чыгарбоо абзел.

Дал ушул себептен улам Батыш мамлекеттеринин геосаясий

мектебинин өкүлдөрүнүн эмгектеринде «улуттук кызыкчылык» түшүнүгүнө

өзгөчө маани берилет. Айтсак, Г. Моргентау, Г. Киссинджер, Дж. Кеннан, Р.

Арон жана башкалар улуттук кызыкчылыкты каалагандай мамлекеттин

тышкы саясатындагы башкы белгтлөөчү катары карашат. «Улуттук

кызыкчылык» термини Америка Кошмо Штаттарында жаралып, ал улуттун

негизги зарылдыктарын, керектөөлөрүн жана каалоо-тилектерин туюндурат.

Мындан сырткары, улуттук кызыкчылык категориясы өз кучагына

мамлекеттин дүйнөдөгү азыр болуп турган бийик экономикалык

позицияларын сактап калуу же ошого жетишүү, калктын негизги массасынын

Page 27: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

27

жашоосунун канааттандыраарлык деңгээлин түшүрбөө, өлкө ичиндеги өнөр

жай корпорацияларынын кирешелерин сактап калуу жана башка

мүнөздөмөлөрдү камтыйт50. Ошентип, геосаясий илимдин «мамлекеттин

геостратегиясы» категориясына өтө жакын категория болуп «улуттук

кызыкчылык» түшүнүгү эсептелет.

АКШнын заманбап дүйнөдөгү геосаясий стратегиясы менен улуттук

кызыкчылыктарын тереңирээк түшүнүү максатында анын эл аралык

мамилелеринин тарыхына учкай токтолуу абзел. Биринчи дүйнөлүк

согуштан кийин АКШ дүйнөлүк саясий аренада лидерлик позицияны ээлөөгө

болгон далалатын жумшап келет. 1914-1917-жылдары АКШ бейтарап

саясатын жүргүзүү аркылуу өз өлкөсүнүн экономикасын сактап калган.

Биринчи дүйнөлүк согуштун алдында Американын экономикалык

потенциалы дүйнөлүк ички дүң продуктысынын (ВВП) 33 %ын гана түзгөн.

Улуу Британия алдыңкы индустриалдык державанын ролун аткаруудан

калат. Биринчи дүйнөлүк согуш америкалык куралдуу күчтөрдү Европага

мыйзамдуу түрдө оодарууга гана эмес, европалык проблемаларды чечүүдө

америкалык принциптерди колдонууда да алгачкы ири дипломатиялык

кадамдарды жасоого мүмкүндүк берген. Ошентип, биринчи дүйнөлүк согуш

европалык державалардын саясий, экономикалык жана маданий үстөмдүгүнө

чекит коюп, АКШнын эл аралык мамилелердеги лидерлигине жол ачкан.

1920-жылдары АКШ Латын Америкасындагы жерлерди сатып алуу

жана өз компаниялары аркылуу кредиттөө жолу менен саясий экспансияга

тең маанилеш келген күрөш жүргүзгөн. Ал тургай, бул чөлкөмдүн

өлкөлөрүндө АКШ каржы менен бажыны тике тескөөгө алып, ал

мамлекеттердин ички саясатына болгон кийлигүүшүүлөрүн ошол өлкөлөргө

өздүк армияны киргизүү менен бекемдеген.

Айрым бир державалардын дүйнөгө болгон жеке басаар үстөмдүгү

алар тарабынан активдүү, же потенциалдуу атаандаш катары кабыл алынган

башка державаларды колониалдык ээликтерден сүрүп салууну, же

изоляциялоону туюнтаарын түшүнүү зарыл. Изоляционисттик саясатты

Page 28: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

28

жүргүзгөн дүйнөлүк державалар тарабынан бөлүнүп-жарылган дүйнө XX

кылымдын биринчи жарымында болуп өткөн дүйнөлүк жана жарандык

согуштар, аскерий жана экономикалык алааматтар өңдүү масштабдуу

мүшкүлдөрдөн жапа чегет. Ошол себептен, 1919-жылы болуп өткөн Париж

конференциясында Америка Кошмо Штаттарынын президенти В. Вильсон

өзүнүн европалык коллегаларын эл аралык макулдашуулар менен

келишимдерде ачыктык менен тактыкты сактоо зарылдыгына ынандыруу

аракеттерин жасаган. Бирок, изоляционисттик принциптерди жактаган АКШ

Сенаты менен империялык ынанымдарынан тайбаган европалык өлкөлөр В.

Вильсондун идеяларын ак ниет, асыл ой катары гана кабыл алып, аны иш

жүзүнө ашырууга ашкере аракеттерди кылган эмес. Айтсак, Экинчи

дүйнөлүк согуштун алдында АКШнын башкаруу элитасы үчүн изоляционизм

доктринасы өтө популярдуу бойдон кала берген.

Экинчи дүйнөлүк согуш өздөрүн дүйнөлүк гегемонияга карата

британдык режимдин мураскерлери деп санаган нацисттик Германия менен

АКШнын ортосундагы геосаясий атаандаштыкты жараткан. Бул согуштун

натыйжасында мурдагы британдык саясий империянын ордуна жаңы,

глобалдык масштабдагы америкалык экономикалык империя келген.

Экинчи дүйнөлүк согуштун жеңиш менен аякташы жана 1945-

жылдын август айында Япониянын шаарларына ташталган атомдук бомбалар

АКШнын европалык жана дүйнөлүк саясаттагы ролу менен маанисин ыкчам

өзгөрткөн. Маршаллдын планы деген аталышка конуп, 1947-1952-жылдары

Батыш Европанын өлкөлөрүнө берилген экономикалык жардам АКШнын

алгач Батыш Европага, андан соң дүйнөнүн башка чөлкөмдөрүнө

(региондоруна) болгон экономикалык жана саясий таасир көрсөткөн

үстөмдүгүн толугу менен «бекемдөөгө» мүмкүндүк берген.

2002-жылы кытайлык «Жэньминь Жибао» газетасы таасын

белгилегендей, «кансыз согуш» аяктагандан соң АКШ өзү гана жетектеген

бир уюлдуу дүйнөнү (однополюсный мир) түзүүгө күчтүү аракеттерди көрүү

үстүндө51.

Page 29: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

29

Өзөктүү улуттук баалуулук катары геосаясий мейкиндикти атоого

болот. Чындыгында эле геосаясий стратегиянын калыптанышы жана ишке

ашуусу кандайдыр бир геосаясий мейкиндиктин контекстинде жүрөт.

Геосаясий мейкиндик өз ичине эл аралык саясий акторлордун өз ара

алакасынын аренасын, алардын жашоо-тиричилигинин мейкиндиктик

контекстин камтыйт. Геосаясий мейкиндикте негизги геосаясий процесстер

жүрүп турат. Заманбап геосаясий илим геосаясий мейкиндиктин

территориалдык-географиялык, аба-космостук, саясий, экономикалык жана

маданий-маалыматтык (информациялык) мейкиндик деп аталган түрлөрүн

айырмалайт. Көп сандаган окумуштуулардын пикиринде мамлекеттин

мейкиндиктик мүнөздөмөлөрү ошол мамлекеттин геостратегиясын ишке

ашыруунун ажырагыс базасы болуп саналат52.

Мамлекеттин геосаясий мейкиндиктеги орду геосаясий стратегияны

түзүү жана ишке ашыруу аркылуу туюнтулат. Ушуга байланыштуу

мамлекеттин геостратегиясын рационалдуу калыптандыруу өтө

маанилүү болуп саналат. Мамлекеттин геостратегиясын рационалдуу

калыптандыруу дүйнөнүн геосаясий түзүмүн туура кабыл алуудан жана

ошол кабыл алууну геостратегияда туура чагылдыруудан көз каранды.

Геосаясый мүнөздөмөлөрдүн жыйындысы дүйнөнүн геосаясий

структурасын (картинасын) түзөт. Өз кезегинде тынымсыз өзгөрүп турган

социалдык-экономикалык, саясий жана руханий реалийлерди чагылдыруу

менен дүйнөнүн геосаясий структурасы (картинасы) да туруктуу түрдө

өнүгүп турат. Дүйнөнүн геосаясий структурасынын модификациялануу

процессине конкреттүү мамлекеттин мейкиндик-географиялык,

цивилизациялык, формациялык өзгөчөлүктөрү маңыздуу таасир берет.

Ошентип, дүйнөнүн саясий картасында чагылдырылган геосаясий карама

каршылык процессинде калыптанган геосаясий субъекттердин

мейкиндиктик-күч мамилелери дүйнөнүн геосаясий структурасын түзөт.

Геосаясий субъекттердин айырмачылыктарын эске алуу менен алардын өз

ара алакасын изилдөөдө пайдаланылган «дүйнөнүн геосаясий структурасы»

Page 30: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

30

деген категориянын анализи бул субъекттердин геосаясий

мейкиндиктеринин өз ара алакасынын мүнөзүн баалоого, ар кыл

чөлкөмдөрдөгү күч түзүмдөрүнүн жайгашуусуна карата түшүнүмдөрдү

калыптандырууга, потенциалдуу жаңжалдардын (конфликттердин) чордонун

аныктоого мүмкүндүк берет. Дүйнөнүн геосаясий картинасынын анализи

геосаясий акторлорго өз контрагенттеринин ресурстук потенциалын баалого,

геосаясий алакалашуунун башка субъекттерин «кас душман– өнөктөш–

шериктеш» позициясынан идентификациялоого, геосаясий алакалашуунун

багыттарын тандап алууда приоритеттерди аныктоого, акыр аягыянда, өздүк

геосаясий стратегияны туура калыптандырууга да көмөк берет.

Геостратегияны рационалдуу калыптандыруу мамлекеттин жашоо-

тиричилигинин ресурстук потенциалын, геосаясий факторлорун туура

эске алуудан да көз каранды. Эбегейсиз геосаясий ресурстарга, башкача

айтканда, материалдык жана материалдык эмес факторлордун жыйындысына

ээ болуу геосаясий акторлорго саясий мейкиндикте өз максатына жетүүгө,

кадыр-баркка ээ болууга мүмкүндүк берет53. Ар кыл геосаясий субъекттердин

ортосундагы айырмачылык аларга таандык болгон ресурстардан ачык

көрүнөт. Ошентип, геосаясий ресурстардын спектрине мамлекеттин

экономикалык жана технологиялык потенциалы, мунай жана газ өңдүү

өзгөчө мааниге ээ чийки заттык ресурстарга ээ болуу, аскердик, ядролук

потенциал, маалыматтык- маданий потенциал (башкача айтканда,

мамлекеттин өз маданияты менен тилин улуттук чектерден сырткары

аймактарга жайылтуу мүмкүнчүлүктөрү), территориалдык-географиялык

ресурстар өңдүү түшүнүктөр кирет. Бүгүнкү күндө маңыздуу геосаясий

ресурс болуп эл аралык, өкмөттөр аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар;

мамлекеттик союздар жана коалициялар өңдүү глобалдык жана чөлкөмдүк

деңгээлдеги көп сандаган институттарга мүчө болуу эсептелет. Колдо болгон

ресурстарды пайдалануу менен мамлекеттер өзүнүн геосаясий стратегиясын

иштеп чыгышат жана ишке ашырышат.

Page 31: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

31

Геосаясий факторлор мамлекеттер менен саясий элитаны өз иш-

аракеттерин мамлекеттин мейкиндиктеги абалы жана анын тышкы чөйрө

менен болгон өз ара алакасынын мүнөзүн эске алуу менен кандайдыр бир

иш-чараларды иштеп чыгууга карата «кыймылдаткыч күч» болуп саналат.

Көп сандаган окумуштуулардын пикири боюнча мамлекеттин

геостратегиясынын геосаясий факторлору геосаясий субъект болуп саналган

мамлекеттин ресурстарынын жалпы жыйындысынын негизин түзгөн

географиялык параметрлерди рационалдуу айкалыштыра билүү болуп

эсептелет54.

Эгерде субъект катары мамлекет каралып жатса, анда анын

субьективдүү факторлоруна өлкөдөгү коомдук маданият менен аң-сезимдин

деңгээли, улуттун идеологиялык биримдигинин деңгээли, «мамлекеттик

идеянын» болушу жана анын мамлекеттин объективдүү параметрлерине

адекваттуулугу, коомду өнүктүрүүнүн илимий негиздүү концепциялары,

улуттун тарыхый өнүгүүсүнүн улуттук каада-салттары, ошондой эле

мамлекеттин саясий жана аскерий жетекчилигинин адисвкөй мүнөздөмөлөрү,

мамлекеттик аппараттын эффективдүү түзүмү, мамлекеттик кызматкерлер

менен аткаминерлердин компетенттүүлүгү жана башкалар кирет55.

Объективдүү алакалар менен шарттардын чегинде жашаган субъективдүү

факторлор объективдүү факторлордун жыйындысына таасир берүүнүн

механизмин чагылдырат.

ХХ кылымдын 1-жарымында Евразиядагы ири империялар

ортосундагы дүйнөлүк эки согуштан кийин World Islandде (англисчеден

world – дүйнө, island – арал; Х. Маккиндердин окуусунда Евразиядан башка

материктер, башкача айтканда, Түндүк жана Түштүк Америка, Африка,

Австралия жана Антарктида) жайгашкан АКШ мамлекети ири державага

айлануу жолуна түшөт. Миңдеген, жүздөгөн жылдарга созулган тарыхка ээ

башка улуттар менен мамлекеттерден айырмаланып, кечээ жакында эле улут

катары калыптануу жолуна түшүп, мамлекеттүүлүккө ээ болгон АКШнын

улуттук баалуулуктанын калыптандырууда жана анын дүйнөлүк

Page 32: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

32

масштабдагы амбицияларын ишке ашырууда америкалык капитан (адмирал)

Альфред Т. Мэхендин (1840-1914) салымы зор. Ал дүйнөлүк тарыхтын

географиялык өзөгү болуп Heartland (англисчеден heart - жүрөк, land – жер;

башкача айтканда, кургак жер «кожоюну» СССР, же Орусия) эсептелет деген

Х. Маккиндерге каршы чыгуу менен өзүнүн «1660-1783-жылдардагы

тарыхка деңиз күчүнүн тийгизген таасири», «Деңиз күчүнүн 1793-1812-

жылдардагы Француз Революциясы менен Империясына тийгизген таасири»,

«Американын азыркы кездеги жана келечектеги деңиз күчүнө болгон

кызыкчылыгы», «Азия проблемасы жана анын эл аралык саясатка тийгизген

таасири», «Деңиз күчү жана анын согушка болгон мамилеси» деп аталган

эмгектеринде дүйнөлүк үстөмдүк орнотуунун географиялык ачкычы болуп

Sea Power (англисчеден sea – деңиз, power – күч, кубат) эсептелет деген

идеяны сунуш кылат.

XIX кылымдын аягында эле өзүнүн «Деңиз күчүнүн тарыхка

тийгизген таасири» деп аталган эмгегинде А. Мэхен деңизге ээ болуу, же ага

тескөөлүк кылуу жана аны пайдалана билүү азыр жана түбөлүккө дүйнөнүн

тарыхындагы улуу фактор болуп калды деп баса белгилеген.

А. Мэхен деңиз аркылуу саякат кылуу жана товарларды ташуу

теллурократиялык цивилизация болуп саналган кургак жерге

салыштырмалуу бир кыйла жеңил жана арзан экендигин баса белгилейт.

Демек, арзан товар ташуу – деңиздин башкы артыкчылыгы. Бирок, деңиз

соодасын кылуу мамлекетти аскер флотуна өзгөчө камкордук кылууга

мажбурлап, соода менен аскер флотунун ажырагыс биримдигин жаратат.

Качан улут (нация) өзүнүн аскердик жана коммерциялык флотторун алыскы

өлкөлөргө жиберген маалда бейпил соода жүргүзүү, азык-түлүктөрүн

толуктап алуу, кооптуу жагдайлардан коргонуу максатында колдонулчу

деңиз жээгинде жайгашкан атайы пункттарга ээ болуу зарылдыгына туш

болот56.

А. Мэхендин пикиринде деңиз жээгинде жайгашкан улуттарды

түшүнүүнүн ачкычын төмөнкү 3 жагдайдан издөө керек:

Page 33: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

33

зарыл түрдө айырбаштоого тийиш болгон буюмдар менен

продуктыларды өндүрүү;

айырбаштоону жакшыртуу максатында деңиз соодасын

өнүктүрүү;

деңиз соодасын кеңейтип жана жеңилдетүү аркылуу коопсуз

станцияларды түзүүгө да көмөк берген колонияларга ээ болуу.

А. Мэхен улуттун (нациянын) деңиз күчүнө таасир эткен башкы

шарттар катары 1) мамлекеттин географиялык абалын, 2) анын жер бетинин

түзүлүшүн (соnformation) – буга ал жердин табигый өзгөчөлүктөрү менен

климатты киргизген, 3) территориянын өлчөмүн, 4) калктын санын, 5) элдик

кулк-мүнөзүнүн өзгөчөлүктөрүн, 6) өкмөттүн (мамлекеттик мекемелердин)

мүнөзүн атаган.

«Территориянын өлчөмдөрү» деген шартты карап жатып А. Мэхен

деңиз күчүн өнүктүрүү үчүн өлкө ээлген чарчы милдердин саны (число

квадратных миль) эмес, анын деңиз сызыгынын узундугу менен кеме

токтоочу гавандарынын мүнөзү өзгөчө мааниге ээ деп баса белгилейт.

Мамлекеттин «географиялык абалындагы» башкы шарттар катары А. Мэхен

таласскратиялык өлкө үчүн кургак чек аралардын болбоосун,

теллурократияга таандык өлкөнү жакырланткан согуш жолу аркылуу анын

континенталдык жактан кеңейтүү зарылдыгын атаган. Өлкөнүн

географиялык абалы анын өкмөтүнө деңиз күчтөрүн топтоону, же таратууну

талап кылат. Өлкөнүн географиялык абалы күч топтоого гана көмөк

бербестен, анын ыктымалдуу душмандарына каршы согуш жүргүзүү үчүн да

ыңгайлуу шарттарды түзө алат.

Америка Кошмо Штаттарынын алган ордуна анализ берүү менен А.

Мэхен «Өлкөнүн территориясынын контурунда тышкы душман басып

кирүүсүнө мүмкүндүк берген кургак чек аралар жок, деңиз менен туш

тараптан курчалган штаттардын бардык маанилүү бөлүктөрүнө деңиз, же суу

жолу жана темир жолу аркылуу тез жана арзан жетүүгө болот. Эң начар

Page 34: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

34

кайтарылган чек ара болуп саналган Тынч океаны АКШнын ыктымалдуу

душмандарынын эң коркунучтуусун алыска сүрүп салган».

А. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

кызыгууну туудурат. Бул багытта ал мындай деп жазат: «Эгерде деңиз күчү

чындап эле дүйнөлүк жана кеңири соодага таянса, анда коммерциялык

ишмердүүлүккө болгон умтулуу тигил же бул мезгилдерде деңизге ээлик

кылган улуттун айырмалуу белгиси болуп калууга тийиш». Адмиралдын

пикиринде португалдар менен испандарда ээлеп алууга болгон каалоо-тилек

ырайымсыз мүнөздөгү ач көздүккө чейин жеткен.

АКШнын келечегин алдын ала көргөнсүп, А. Мэхен мындай деп

жазат: «чейрек кылым бою биздин өлкө көзүн деңизден ала качып келди,

бирок, бүткүл өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн сооданын шарттары мүмкүн

болушунча тыштан келген согуштан аман болгону абдан маанилүү. Бул

максатка жетүү үчүн душмандарды биздин порттордон гана эмес, биздин

жээктерден да абдан оолак карманууга мажбурлоо зарыл»57.

Илим менен техниканын өнүгүшүнө, мейкиндик-убакыттык

коммуникациялардын татаалданышына байланыштуу, глобализациялык

факторлордун таасири астында «мейкиндик» түшүнүгүнүн мазмунун

мамлекеттин табыгый-территориалдык мүнөздөмөлөрүнө гана эмес, анын

саясий жашоо-тиричилигине, экономикалык мамилелерине, аскерий-

стратегиялык, маданий-тарыхый, маалыматтык жана башка параметрлерине

да карата жайылтыла баштады. Мындай өңүттө мурда мамлекеттин

территориясынын чектерин жер бетиндеги сызыктар түрүндө туюнткан

мамлекеттин чек аралары анын геосаясий мейкиндигинин чек аралары

менен дал келбей, геосаясий мейкиндиктин чек аралары кеңейип бара

жатат. Геосаясий мейкиндиктин сандык да, сапаттык да мүнөздөмөлөрү

мамлекеттин улуттук күч-кубаты менен анын эл аралык күчтөрдүн

глобалдык айкалышынан көз каранды.

1900-жылы өзүнүн «Американын экономикалык үстөмдүгү», андан

соң «Англосаксондук расанын тагдырынын алдын ала аныкталышы»

Page 35: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

35

(«Предопределение судьбы») деп аталган китептеринде америкалык тарыхчы

Брукс Адамс англосаксондук расизмдин пропагандасы жана Тынч Океанын

америкалыктарга кызмат кылган ички деңизге айландыруу чакырыктары

менен чыккан. ХIX кылымдын аягы – ХХ кылымдын башында европалык

ири державалар тарабынан мурда эле бөлүнгөн дүйнөнү кайрадан бөлүү

максатында башталган аскерий-саясий күрөш курчуган маалда АКШда

америкалык империализмдин умтулууларына толук жооп берген ачык

маанайдагы экспансия менен агрессиянын чыныгы культу жаралат.

ХХI кылымдын 2-декадасы болгон заманбап шарттарда да Америка

Кошмо Штаттары дүйнөнүн башка мамлекеттерине карата өз артыкчылыгын

далилдөөнү улантып, Евразия континентине үстөмдүк кылуу багытында бир

катар иш-чараларды кылуу аракетинде деп ишенимдүү айтууга болот.

Бүгүнкү күндө америкалык система «түндүк уюлдан түштүк уюлга чейин»

жайылтылып, АКШ «түндүк жана түштүк жарым шарларга» өз үстөмдүгүн

орнотуусу абзел деп баса белгилеген Джон Фискенин геосаясий стратегиясы

Вашингтон үчүн өтө зор мааниге ээ болууда. Анын коллегасы Джон Барджес

өзүнүн 1890-жылы жарык көргөн «Саясий илим жана салыштырмалуу

конституциялшык укук» деп аталган китебинде дүйнөдөгү эң эле саясий раса

болуп англосаксондуктар эсептелсе, эң эле саясий өлкө болуп АКШ саналат,

демек, АКШ өз системасын бүткүл дүйнөгө жайылтуу милдетин аркалап,

дүйнөнүн башка мамлекеттерин АКШнын бийлигине «каалагандай

каражаттар, керек болсо, күч колдонуу менен баш ийдирүү»58, - зарыл деп

жазган. XIX кылымдын 90-жылдарында тарыхчы Фредерик Джексон Тэрнер

АКШнын экспансиясын ар тараптан мактап, даңктаган бир катар

макалаларды жарыкка чыгарат. Америкалык геосаясат менен америкалык

экспансионизмдин аталары атаккан адмирал Альфред Мэхэн жана Брукс

Адамс менен бирдикте Фредерик Джексон Тэрнер «жылып туруучу чек ара»

теориясын (теория «подвижных границ») жактап, АКШнын жаңы башталып

келе жаткан XX кылымга карата тышкы саясатын алдын ала аныктап

коюшкан. Тэрнер АКШнын так кесе аныкталган чек арасы жок, анын чек

Page 36: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

36

аралары жылып турат деп белгилеген. Тэрнердин пикиринде Америка Кошмо

Штаттары так кесе чектелген географиялык мейкиндикке ээ эмес, анткени,

АКШнын тарыхый миссиясы, «пешенесине жазылган тагдыры»

(«предопределенная судьба») болуп бүткүл дүйнө Американын курамына

киргенге чейин өз чек араларын кеңейте берүү саналат59.

Биринчи Дүйнөлүк согуш мезгилиндеги америкалык

империалисттердин, АКШнын президенти Вудро Вильсондун ишмердигине

суктануу менен Тэрнер бул согушту «америкалык идеал», башкача айтканда,

америкалык гегемония үчүн болгон күрөш катары баалаган. Ал эми

америкалык экспансионизм тууралуу идеялары Тэрнер менен болгон

пикирлешүү учурунда калыптанган Вудро Вильсон мындай деп жазат:

«Америкалык континент Кошмо Штаттары тарабынан багындырылып, эми

биздин цивилизациянын максаттарын ишке ашырууга кызмат кылууда. Азыр

болсо АКШ өз көз карашын жаңы чек араларга карай буруусу зарыл»60.

Ошентип, ХIХ-ХХ кылымдардын аралыгында АКШда пайда болгон

идеология 30 жылдан кийин Германияда телчиге баштайт. Өзүнүн 1936 -

жылы жарыкка чыккан «Экспансионисттер» деп аталган китебинде Джеймс

Пратт 1898-жылдары жаралган америкалык экспансионизмдин көп сандаган

идеялары нацисттик Германиянын идеологиясынан кыйла мурда пайда

болгон деп жазган.

АКШнын тышкы саясатындагы экспансионисттик тенденциялар

Теодор Рузвельт башкарган мезгилде өзгөчө күч алган. Расалык

экспансиянын идеяларын ачык эле жар салган бул президент өзүнүн саясий

ишмердигинде милитаристтик жана агрессивдүү жоболорду ишке ашыруу

милдетин көздөгөн. «Дүйнөнүн бир дагы триумфу, - деп жазган ал, -

согуштун улуу триумфунан бийик боло албайт»61. Өзүнүн «Батышты

багындыруу» деген китебинде Т. Рузвельт ак терилүү келгиндер тарабынан

«Жапайы Батышты» багындыруу ак терилүү англосаксондуктар менен кызыл

терилүү индейлердин ортосундагы расалык согуш болгон да, расалык

социал-дарвинизмдин көз карашында бул согуш өзүнүн логикалык

Page 37: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

37

максатына жеткен, башкача айтканда, индейлердин тукум куруту менен

аяктаган. Т. Рузвельттин пикиринде англосаксондук расанын өнүгүүсүнүн

биологиялык мыйзамдары эми АКШны өз көз карашын башка географиялык

мейкиндиктерге таштоого мажбурлоодо62.

Жогоруда сөз болгон тарыхчы Брукс Адамс өзүнүн Теодор Рузвельтке

болгон катында мындай деп жазат: «Согуш өлкөлөр ортосундагы

экономикалык атаандаштыктын экстремалдуу кульминациясы болуп саналат.

Бул болсо жаңы рынокторду басып алуу максатын көздөгөн эл аралык

экономикалык атаандаштык милдеттүү түрдө согуш менен аяктайт. Бизге

чейинки тарых бул талашсыз фактыны далилдеп турат. Ошол себептен,

Кошмо Штаттардын саясатынын негизги максаты болуп аман калуу, күн

көрүү үчүн Европанын эбегейсиз интенсивдүүлүнө каршы күрөш таңуулоо

эсептелет»63. Зомбулук жолу аркылуу континенттерде бардык америкалык

империяны түзүү идеясы менен чыккан Брукс Адамс 1901-жылы эле «кансыз

согушту» («холодная война») гана эмес, АКШнын Орусия менен боло турган

кагылышынын зарылдыгын да алдын ала көрө билген. Жалпы жонунан, Б.

Адамс Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийин эмес, алда канча мурда башталган

«кансыз согуштун» тунгуч идеологдорунун бири болуп калган. Евразиялык

континентке карата да гегемония менен тескөөнү өз ичине алган америкалык

глобалдуу үстөмдүк планы АКШнын Орусия менен болгон жаңжалына

милдеттүү түрдө алып келет деген тыянак чыгаруу менен Б. Адамс «Жаңы

индустриалдык революция» деген макаласында «Америкалыктар бир улутка

эмес, бүтүндөй бир континентке каршы багытталган согуш кашык кан

калганга чейин күрөш экендигин түшүнүүлөрү тийиш. Дүйнөдө байлык

менен империянын эки борбору болуусу эч мүмкүн эмес. Бир организм

экинчисин жеңип жана жок кылуусу керек», - деп жазган.

1911-жылы «Жаны империя» деген китебинде Б. Адамс дүйнөлүк

масштабдагы Америкалык империяны түзүү жана Америкалык империя

тарабынан евразиялык геосаясий мейкиндикти багындыруу зарылдыгын баса

белгилеген. Америкалык империянын башкы душманы катары Адамс

Page 38: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

38

континенталдык Европаны атаган: «Алдуулардын башын бириктирген

кыймылдын күч алышы алсыздарды ушунчалык тез арада талкалагандыктан,

бири бирине кас эки система күч сынашып, күн көрүү үчүн күрөш башталчу

мезгил келди көрүнөт. Жакса да, жакпаса да, биз эл аралык системадагы өз

ордубуз, башкача айтканда, империянын орду үчүн күрөшүүбүз керек.

Биздин атаандашыбыз (Франция, Германия жана Орусия) өлүм алдында жана

алардын келечеги жокко эсе. Эгерде биз атаандашыбызга мүмкүндүк берип

койсок, анда ал бизди муунтуп, жок кылат»64.

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин америкалык саясатчылар менен

саясат таануучулар америкалык жаңы глобалдык тышкы саясаттын

стратегиясын иштеп чыгууга киришишет. Алар тарабынан Американын

геосаясий каршылаштары (СССР жана Германия) тарабынан тартылган

зыяндар колоссалдуу болгондуктан, бул согуштун жападан жалгыз

жеңүүчүсү болуп АКШ гана эсептелет деген тыянак чыгарылган. Ошол эле

учурда согуштун натыйжасында америкалык экономика көп жылдарга

созулган экономикалык кризистен чыгып кеткен. Демек, дүйнөлүк согуштар

мезгилинде бейтарап позицияны ээлөө жана согушуп жаткан тараптарга

курал сатуу менен жаралган саясий жана экономикалык ийгиликти

бекемдетүү зарылдыгы жаралган.

Коом менен мамлекеттин, улуттук баалуулуктар менен жашоо

образынын өтө маанилүү кызыкчылыктарын коргоо «улуттук коопсуздук»

түшүнүгү аркылуу туюнтулат. АКЩда улуттук коопсуздук деп мамлекеттин

өзүнө каршы багытталып, тыштан келген иш-аракеттерге болгон коргонуу

чараларынын натыйжасы болуп эсептелип, мамлекеттин коопсуз жашоо-

тиричилигин камсыз кылган шарттар түшүнүлөт. Улуттук коопсуздукту

жалпы дүйнөдөгү тынчтыкты сактоо шарттарында өзүнүн артыкчылыктары

менен ички өнүгүүсүнүн деңгээлине таянып эл аралык мамилелер

системасында өлкөнүн позитивдүү абалы катары түшүнүү да кездешет.

Келтирилген аныктамалардан улуттук коопсуздук – бул коом менен

мамлекеттин фундаменталдуу кызыкчылыктарын ишке ашырууну

Page 39: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

39

кепилдикке алуу менен камсыз кылган, ошондой эле улуттук баалуулуктарды

коргогон элементтер менен мамилелердин кандайдыр бир системасы

эсептелет деген тыянакты алууга болот. Улуттук коопсуздукту камсыз

кылуунун башкы максаты болуп негизги социалдык топтор үчүн жагымдуу

болгон, мамлекеттин территориалдык бүтүндүгүн, коомдук жана

мамлекеттик түзүлүштүн негизги институттарын, баалуулуктарын жана

башка маанилүү мүнөздөмөлөрүн сактап калууга көмөк берген даражадагы

көз карандысыздыкты түзүү эсептелет.

2015-жылдын июль айынын башында Орусия Федерациясынын Уфа

шаарында болуп өткөн БРИКС жана ШОС эл аралык уюмдарынын жыйыны

монополярдуу дүйнөлүк геосаясий күч балансын кайра карап чыгып,

плюралисттик маанайдагы геосаясатты жүргүзүү зарылдыгын жаратса да,

гегемонизмге умтулган Америка Кошмо Штаттары дүйнөлүк геосаясий

процесстердин эң активдүү катышуучусу болуп кала берүүдө. Колоссалдуу

геосаясий ресурстарга ээ болуу АКШ мамлекетине эл аралык мамилелердин

өтө таасирдүү субъектиси болуусуна эң ыңгайлуу мүмкүндүктөрдү

бергендиктен, АКШнын эл аралык аренадагы геосаясатынын башкы максаты

болуп өздөрүнүн улуттук кызыкчылыктарын ишке ашыруу, коомдук

баалуулуктарын коргоо жана улуттук коопсуздугун камсыз кылуу эсептелет.

Мамлекеттин бул жоболорунун стратегиясын чагылдырган документ

«Улуттук коопсуздуктун стратегиясы» деп аталат. АКШнын

мыйзамдарына ылайык Президенттин кайрылуулары аркылуу Конгресске

документтерди жыл сайын сунуш кылып турган АКШнын администрациясы

жогоруда сөз болгон Стратегияны калыптандыруу иши менен алектенет.

ХХI кылымдын алгачкы 10 жылында, башкача айтканда, АКШнын

кырк үчүнчү президенти Джордж Буш кичүү эки мөөнөткө бийлик жүргүзгөн

2001-2009-жылдары улуттук коопсуздуктун Стратегиясы 2 жолу, же 2002-

жана 2006-жылы иштелип чыккан жана расмий жарык көргөн. Бул

документтерде чагылдырылган материалдардан өз Стратегиясын ишке

Page 40: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

40

ашырууда АКШ бүткүл дүйнөлүк масштабдагы гегемонисттик

тенденцияларды көздөп жаткандыгын ачык байкоого болот.

Ошентип, 2002-жылдын жыйырманчы сентябрында Джордж Буш

кичүүнүн администрациясы тарабынан 2001-жылдын 11-сентябрындагы

террористтик соккудан кийин дүйнөлүк держава болуп саналган АКШнын

коопсуздугун камсыз кылуу доктринасын калыптандыруунун алгачкы

аракети болуп саналган улуттук коопсуздуктун Стратегиясы расмий жарык

көргөн. Стратегияда чагылдырылган АКШнын негизги стратегиялык

жоболору болуп төмөнкүлөр саналган: 1) терроризм менен күрөшүү жана 2)

демократиянын жыргалчылыктары менен эркиндиктерин бүткүл дүйнөгө

жайылтуу65.

Аталган документе демократиянын принциптерин коргоо жана

жайылтуу, эркиндиктьин пайдасына тынчтык зонасын кеңейтүү максатында

колдонулган АКШнын мурда болуп көрбөгөндөй аскерий күч-кубатын,

экономикалык жана саясий таасирин күчөтөө ачык жана так кесе баса

белгиленген66. Стратегиянын авторлорунун пикири боюнча мындай жобо

колоссалдуу жоопкерчилик, милдеттемелер жана мүмнкүндүктөр менен

тыгыз байланышкан. Стратегияга ылайык Америка Кошмо Штаттары

демократиянын жыргалчылыктарын жактап, өз элин коргогон каалагандай

мамлекеттин таламын талашат; эркин соода менен эркин рынокту

өнүктүрүүнү колдошот; өз элине инвестиция киргизип, калктын жашоо-

тиричилигинин деңгээли менен мамлекеттин гүлдөп-өнүгүүсүнө көмөк

берген өлкөлөрдүн өнүгүүсүнө жардам көрсөтөт. Мындан сырткары,

АКШнын Өкмөтү тынч дүйнөнү куруу жалгыз өзүнүн колунан келбестигин

мыкты түшүнүп, бул максатта ООН, ВТО, ОАГ жана НАТО өңдүү

мамлекеттер аралык жана көп жактуу институттардын катыштыгына муктаж

экендигин жашырбайт.

Стратегияга ылайык АКШнын эң башкы милдеттемеси болуп эл

аралык терроризм сыяктуу глобалдык коркунучтарга каршы туруу эсептелет.

Өз калкын сактоо максатында аскерий күч колдонуу, укук коргоо органдары,

Page 41: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

41

чалгындоо ишмердигин жүргүзүү сыяктуу аскерий арсеналдын бардык

каражаттарын пайдаланат. Акыркы жылдары мамлекеттин душманынын

«мүнөзү» маңыздуу түрдө өзгөрдү, эми «душман» деп күч-кубаттуу жана

таасирдүү мамлекеттерди баш аламандыкка салууга жөндөмдүү

террористтик торчолорго бириккен адамдардын айрым топтору түшүнүлөт

деп баса белгиленет. Ошентип, Америкага, анын достору менен

шериктештерине адамдардын анча чоң эмес топторунун колуна тийген

алааматтык масштабдагы кыргын салган жана талкалаган технологиялары

коркунучтуу болуп саналат.

Стратегияда жакырчылык, өнүккөн демократиялуу институттардын

болбошу жана жемкорлук аларды террористтик торлордун кирип кетүүсүнө

мажбурлаган айрым мамлекеттер тууралуу да материал бар. Өз жарандарына

ырайымсыз мамиле кылган; бийлик төбөлдөрүнүн жеке керт башынын

кызыкчылыгынын максатында улуттук ресурстарды сарптаган; эл аралык

укуктун нормаларын сыйлабаган; коңшу мамлекеттерге кооптонууну

туудурган; терроризмди колдоп, АКШга жек көрүү сезими менен мамиле

кылган мындай мамлекеттерди Стратегия түрткүнчүк мамлекеттер

(государства-изгои) деп атайт. Мындай мамлекеттер массалык кыргын

салуучу куралдарды колдонуу менен бүткүл дүйнөгө коркунуч туудураары

айрыкча баса белгиленет. Азырынча стратегияда түрткүнчүк мамлекеттердин

конкреттүү тизмеси келтирилбесе да, массалык кыргын салуучу куралдарды

издеп жана даярдап жаткан мындай душмандар «кылтакка илинип жатканы»

тууралуу айтылып келет. Мисалы, стратегияга ылайык, АКШ Ирактын

Иранга каршы химиялык куралдарды пайдалануу гана эмес, ядролук жана

биологиялык куралды да даярдап жаткандыгы тууралуу далилдерди алганы

айтылат. Ушундай эле далилдерге таянып АКШ Түндүк Корея

баллистикалык ракеталарды сатып, массалык кыргын салуучу куралдардын

өздүк потенциалын өстүрүп жатса, Иран ядролук потенциалын өстүрүүгө

далалаттанууда. Афганистан болсо террористтик торлордун чордону болуп

саналат. Стратегия боюнча Американын ролу шериктештик мамилелерди

Page 42: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

42

күчөтүү, мурдагы касташтар менен өнөктөш мамилелерди орнотуу, аскерий

технологияларды жакшыртуу, ракеталарга каршы коргонуу системасын

өнүктүрүү, чалгындоо ишмердигине басым жасоону күчөтүү аркылуу

түрткүнчүк мамлекеттерди ооздуктай алат. Стратегияда ооздуктоого баш

бербеген жана кол салууга толук мүмкүндүгү бар түрткүнчүк мамлекеттерге

карата АКШ озунуп сокку уруу укугуна ээ экендиги баса көрсөтүлгөн.

Стратегия боюнча потенциалдуу душманга озунуп сокку уруу методдору

төмөнкүлөрдөн турат:

зарыл болгон учурда АКШ алдын алуу максатындагы иш-чараны

жасайт, бирок, башка мамлекеттерге Стратегияда «preemption» деп аталган

алдын алуу максатындагы агрессияны колдонууга мүмкүндүк бербеш үчүн

АКШнын мындай иш-чарасы дайыма эле күч колдонуу методдору менен

коштолбойт;

коркунучтун кооптуулугунун жалпы баасын калыптандыруу үчүн

АКШ жакшыртылган чалгындоо системасын, шериктештер менен

биргелешкен иш-чаранын координациясын түзүү максатын көздөйт.

Стратегияда АКШнын эң негизги георсаясий атаандашы болгон

Орусия менен алака тууралуу бул эки мамлекет соңку жаңы мезгилдеги

коркунучтар менен шартталган жалпы кызыкчылыктарга ээ деп айтылат.

Демократия жана ачык экономика эл аралык тартип менен туруктуулуктун

негизи болуп саналгандыктан, бул баалуулуктарга өтүп жаткан Орусияны

Америка кызуу колдоорун билдирген. Ошентип, кансыз согуштан бери

конфронтацияда жүргөн эки мамлекеттин ортосундагы мамилелердин мүнөзү

терроризмге каршы күрөшүү жана ракеталарга каршы коргонуу системасын

өнүктүрүү чөйрөлөрүндөгү кызматташтык сыяктуу трансформацияга

дуушарланган.

Сөз болуп жаткан расмий документте геосаясий мейкиндиктин башка

катышуучулары үчүн АКШнын иш-аракеттеринин себептери ачык, так, ал

эми күч тең салмактуу, иш болсо адилет болууга тийиш деп баса

көрсөтүлгөн. Стратегияда болуп жаткан геосаясий реалийлерди эске алуу

Page 43: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

43

менен улуттук коопсуздуктун институттарын өзгөртүп түзүү зарылдыгы

өзүнчө пункт катары берилген. Берилген концепцияга ылайык душманды

алыскы аралыктан туруп аныктоо (табуу), алыстан сокку уруунун бийик

даражадагы таамайлыгы жана башка ушу сыяктуу активдерди өнүктүрүү

аркылуу аскерий түзүмдөрдү өзгөртүү да ыктымал. Америкалык куралдуу

күчтөрүн океандын артындагы мамлекеттерде жайгаштыруу АКШнын

шериктештер жана достор алдындагы милдеттеринин символу катары

таанылгандыктан, Америка бүткүл дүйнө боюнча жайгаштырылган аскерий

базалар менен станцияларга муктаж делет. Ошондой эле мамлекеттин

чалгындоо кызматынын мурдагы жөндөмдүүлүктөрүн кайрадан өзгөртүп

түзүү, жаңы жөндөмдүүлүктөрү менен интеграцияланган коргонуу жана укук

коргоо системаларын куруу да пландаштырылат.

Жогоруда айтылгандар менен катар эле дүйнөнүн башка

мамлекеттери менен алака курууда АКШ дипломатияга таянат деп баса

белгиленет. Ушуга байланыштуу АКШнын мамлекеттик департаменти башка

мамлекеттер менен болгон эки тараптуу мамилелерди башкаруу демилгесин

кабыл алуу максатында кошумча каржы булактарын алып турат. Жогоруда

сөз болгон максаттарга жетүү үчүн эффективдүү эл аралык кызматташтык

зарыл болгондуктан, өкмөттүк эмес уюмдар жана эл аралык мекемелер менен

ийгиликтүү кызматташуунун маанилүүлүгү баса белгиленет. Стратегия

боюнча АКШнын дипломатиялык институттарына бүткүл дүйнө АКШны

мыкты түшүнүүсүнө көмөк берген маалыматтык иш-аракеттерди жүргүзүү

жоопкерчилиги жүктөлгөн.

Бүгүнкү күндө Америка Кошмо Штаттары төмөнкү 5 мамлекетти

кошуп эсептебегенде, дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрү менен

дипломатиялык мамилелерге ээ:

Бутан мамлекети;

Иран (1980-жылдын 7-апрелинде токтотулган);

Куба (1961-жылдын 3-январында токтотулган);

Сирия (2014-жылдын 18-мартында токтотулган);

Page 44: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

44

Түндүк Корея.

Аталган документтин соңунда азыркы учурда мамлекеттердин ички

жана тышкы иштеринин ортосундагы айырмачылык четке кагылып, расмий

чек арадан сырткары болуп жаткан окуялар өлкөнүн ички окуяларына зор

таасир бере баштагандыктан, АКШ коопсуздукту камсыз кылуу боюнча

өзүнүн глобалдык милдеттемелерин аткарууну кепилдикке алган. Ошентип,

2002-жылдагы cтратегияда АКШ өзүн глобалдык лидер катары көрсөтүп,

өнөктөштөрү менен досторунун пикирлерин, кызыкчылыктарын жана

баалуулуктарын сыйласа да, өз кызыкчылыгы жана уникалдуу

милдеттемелери талап кылган учурларда башкаларга көз карандысыз иш-

аракет кылаарын так кесе ачык билдирген. Пикир келишпестиктер жаралган

учурда АКШ өз иш-аракеттеринин себептерин түшүндүрүү, ошондой эле,

мындай пикир келишпестиктер глобалдык кызыкчылыктар менен

баалуулуктарды биргелешип камсыз кылуу максаттарын четке сүрүп салбас

үчүн жашоого жөндөмдүү альтернативаларды иштеп чыгуу жоопкерчилигин

алган67.

2006-жылдын 16-мартында АКШнын улуттук коопсуздугунун

жаңыланган стратегиясы кабыл алынган. Жалпы жонунан бул документ

2002-жылдагы стратегияны эле кайталайт. Бирок, жаңы версияда АКШнын

аскерий-согуштук абалы чагылдырылып, мамлекеттин геостратегиясына зор

таасир берип, анын терроризм менен күрөшүүсүнөн жана башка окуялардан

улам жаралган кесепеттер кайрадан каралган. Ошол себептен, президент

Буштун Кайрылуусу «Америка согуш абалында турат» деп башталып, жаңы

стратегия согуш мезгилинин стратегиясы катары мүнөздөлөт.

Жаңы стратегия боюнча глобалдык коркунучтар болуп терроризм

жана массалык кыргынга салуучу куралдар кала берүүдө. Терроризм менен

күрөшүү аягына чыга элек болгондуктан, Америка мурдагыдай эле эл аралык

институттарга таянуу менен күчтүү шериктештер менен бирдикте озунуп

сокку уруу иш-аракетин уланта бермекчи. Негизги стратегиялар, мурдагыдай

эле, 1) эркиндикти, адилеттүүлүктү жана адамдык ар-намысты сактоо; 2)

Page 45: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

45

дүйнөдө демократиялуу мамлекеттердин тартибин орнотуу; 3) АКШнын

тарыхый жол аркылуу калыптанган дүйнөлүк лидерлигин таануу сыяктуу

максаттар эсептелген.

Жаңы документте Ирак менен Афганистандагы демократиялуу

өзгөрүүлөрдүн ийгиликтери, Грузиядагы, Украинадагы, Кыргызстандагы

«түстүү революциялардын» оң таасири белгиленген. Мындан сырткары,

жаңы документте калкы «өз мамлекеттериндеги тирания кубулушу менен

тааныш», башкача айтканда, ырайымсыз жана жемкор бийликке ээ

мамлекеттердин тизөмеси тиркелген. Бул тизмеге Түндүк Корея Элдик-

Демократиялык Республикасы, Иран, Куба, Сирия, Бирма, Зимбабве,

ошондой эле Белоруссия киргизилген. АКШнын Администрациясы

тарабынан тирания менен күрөшүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленип,

АКШнын башка мамлекеттерге болгон достук мамилесинин критерийи

катары «демократиянын жалпы баалуулуктары менен жалпы принциптерин

тутууга даярдык» экендиги так кесе ачык белгиленген.

Жаңы документе чалгындоо кызматтарынын Саддам Хусейн

башкарып турган мезгилде Ирак мамлекети массалык кыргын салуучу

куралга ээ болгон деген маалыматтарына берилген баа чагылдырылган. Бул

маалымат 2003-жылдын март айында АКШнын бул чөлкөмгө жасаган

аскерий операциясын баштоого шылтоо болгон.

АКШ армиясы Иракка кирип, бирок, каалаган мүдөөгө жетпей, эл

аралык коомчулук алдында ыңгайсыз абалда калгандан кийин чалгындоо

системасын жакшыртуу иши кабыргасынан коюлуп, жогоруда айтылган

ыңгайсыздыкты жараткан маселе боюнча дайыма аныксыздык моменти

болуп турат деген факт баса белгиленген. Стратегия боюнча терроризм

менен күрөшүүнүн негизги иш-чаралары мурдагыдай эле төмөндөгүлөр

менен байланышкан: 1) терроризмге превентивдүү таасир көрсөтүү; 2)

массалык кыргынга салуучу куралдарга ээ болууну көздөгөн түрткүнчүк

мамлекеттерге каршы иш-чараларды алып баруу; 3) АКШнын пикири

боюнча террористтик торлор бекем орноп калган түрткүнчүк мамлекеттер

Page 46: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

46

менен болгон байланыштарды токтотуу. Терроризм менен күрөшүүдө

Афганистан жана Ирак «алдыңкы чек» болуп саналгандыктан, бул

өлкөлөрдөгү жагдайды андан ары турукташтыруу боюнча саясат алынып

бармакчы.

Стратегияда чөлкөмдүк жаңжалдарды тынчтык жолу менен чечүү

боюнча атайы бөлүм бар. Анда берилген маселе боюнча АКШнын

ийгиликтери белгиленип, жаңжалдарды ийгиликтүү чечүүнүн мисалдары

келтирилет, жаңжал болгон зонадагы тынчтык орнотуучу квалифициялуу

аскердик түзүмдөрдүн болушунун маанилүүлүгү баса көрсөтүлөт.

Ошондой эле жаңы стратегияда глобалдык экономиканын, эркин

рынок менен сооданын өсүү жана өнүгүү маселелери чагылдырылган.

Берилген чөйрөдөгү чечилбей жаткан көйгөйлөр катары айрым

мамлекеттердин дүйнөнүн туруктуу эмес чөлкөмдөрүндөгү чет өлкөлүк

мунайдан көз карандылыгы менен тыгыз байланышкан бир катар

өлкөлөрдөгү протекционизм тенденциясы аталган. Рынок реформасын

жүргүзүү маселеси боюнча Украина, Казакстан, Вьетнам, Орусия өңдүү

өнүгүп келе жаткан өлкөлөр менен иш алып баруунун зарылдыгы баса

белгиленген. АКШнын энергетикалык өңүттөгү көз карандыясыздыгын

камсыз кылуу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулган. Анткени, АКШнын

энергетикалык көз карандысыздыгынын негизинде мунай сунуш кылган

чөлкөмдөрдүн диверсификациясы эсептелет. Мындай диверсификация мунай

сунуш кылган бир катар мамлекеттердеги жемкорлукка ыңгайлуу шарттарды

түзүп, ошол мамлекеттердин расмий кирешесин калыптандыруудагы

негативдүү тенденцияларды четке кагууга мүмкүндүк берет.

Өнүгүүсү артта калган мамлекеттердин проблемасына карата АКШ

тарабынан көрсөтүлгөн жардамдын төмөнкүдөй эки түрү айырмаланат: 1) эл

аралык өнөктөштөр менен бирдикте «жакшы башкарылган» (well-governed

states) деп аталган мамлекеттерди түзүүгө багытындагы кызматташтыкты

шарттаган «трансформациялык» дипломатияны пайдалануу; 2) өнүгүп келе

жаткан мамлекеттерге тикелей жардамды көбөйтүү.

Page 47: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

47

Стратегияда глобалдык күчтүн башка борборлору менен

алакалашуунун төмөнкүдөй 5 принциби келтирилген: 1) конструктивдүү

эмес эки жактуу мамилелерден баш тартуу; 2) өнөктөштөр (партнерлор)

менен болгон өз ара алаканы жөнгө салган легитимдүү жана реалдуулукка

адекваттуу болгон институттарды калыптандыруу; 3) өздүк жарандардын

өнөктөш мамлекеттерге карата болгон мамилесин эске алуу; 4) башка

мамлекеттерди тандоого карата диктаттан баш тартуу, бирок, мындай

тандоого карата реакция кылуу укугун АКШга калтыруу жана 5) бир жактуу

иш-аракеттерди кылууга болгон даярдык68.

Page 48: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

48

АКШнын Борбордук Азияга карата тышкы саясаты Афганистанга опереция башталгандан тартып АКШ менен НАТОнун аймакта терроризмге каршы күрөшүү, адам сатуу жана банги заттарга каршы бөгөт коюуга багытталган. АКШ озунун максаттарына эркин соода базарын, демократизацияны, адам укутарын, энергетикалык өнүгүү жана батыш менен чыгыштын Борбордук Азия жана Туштук Азиянын соода катнаштарын жакшыртууну камтыйт. Ийгиликке жетишкен башкаруу системалары жогорудагы максаттарга ылайык саясатты жүргузүүлөрү ал өлкөлөрдүн эл аралык коомчулукта ксенофобиялык, экстремисттик жана батышка каршы режимдерди тануулаган конфликттер менен труксуздуктан алыс болоорун көрсөттү.

Page 49: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

49

11-сентябрь 2001-жылы АКШнын Нью-Йорк шаарындагы террордук соккудан кийин Борбордук Азия терроризмге каршы оперецияларды жана коалиция күчтөрүн активдүү түрдө алдынкы сапта колдоо көрсөттү. Кыргызстан, Тажикистан жана Өзбекстан колициялаык күчтөрдү конок катары кабыл алуу менен авиа базаларына кирүүгө уруксаттарын беришти. 2003-жылы Казакстан жана Өзбекстан Ирактагы аскерий акцияларды да колдоого алышты. 200 Казакстан аскери Ирактын территориясында 2008-жылдын аягына чейин кызмат отоду. Өзбекстан 2005-жылы Андижандагы коогалаңда бейкүнөө адамдардын өлүмүн сындаган АКШнын авиабаза боюнча келишиминен баш тартты. Андан соң жаңы кыргыз бийлиги келишимди узартпай тургандыгын билдирди. Дээрлик Афганистанга жүргүзүлүп жаткан ошол учурдаги оперецияларга чөлкөмдөгү өлкөлөрдөн колдоо болгондугун АКШ расмий кабыл алат69.

Борбордук Азияга Казакстан, Кыргызстан, Тажикистан, Түркмөнстан

жана Өзбекстан өлкөлөрү кирип, Орусия, Кытай, Ортонку Чыгыш жана

Туштук Азия менен чектешет. Басымдуу бөлүгү түркий тилдерде сүйлөп,

Тажикистан гана перс тилдүү жана жалпы жергиликтүү элди сунни

мусулмандар түзөт. Чөлкөм бири-бири менен тарыхый жана маданий жактан

тыгыз байланышкан. XIX кылымдын жарымынан тартып аймак Орусия

Империясына каратылган. 1920-жылдардын башатында Советтик

бийликтин курамына өткөн чөлкөмдө 1936-жылы беш Советтик

Социалисттик мамлекет түзүлгөн. 1991- жылдан тартып Советтер Союзунун

таркашы менен өз эгемендүүлүктөрүнө жетишишкен.

Page 50: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

50

1991-жылы Советтер Союзунун таркашы менен президент Дж. В. Буш

Конгресске «Эркиндикти Колдоо Актын» бекитүү үчүн жөнөтүп, 1992-

жылдын октябрь айында ал акт өзгөртүүлөр менен мыйзамдаштырылган70.

Кансыз согуштун бир бөлүгү болгон Афганистандагы (1979-1989)

согуш тарыхтагы алсыз мамлекеттер чоң державалардын оюнчук

инструменти катары колдонулуп кала берээрин дагы бир ирээт көрсөттү.

Көтөрүлүшчү топ менен Советтик Армиянын жана Афган бириккен

күчтөрүнүн ортосундагы тогуз жылдан ашуун бул согушта 850.000-2.000.000

граждандык эл өлүп, миллиондогон эл басымдуу бөлүгү Пакистан жана

Иранга качкын болуп баш калкалоого аргасыз болушту71.

11- сентябрь 2001- жыл Нью- Йорктогу террактын кесепетинен 07-

октябрь 2001-жылы Афганистандагы башталган аскерий оперециядан улам

АКШнын тышкы саясатында Борбордук Азиянын географиялык абалынан

улам мааниси жогорулаган. Ал учурда АКШ жана НАТО өлкөлөрү бул

чөлкөм менен байма- бай каттап, берилип жаткан гуманитардык

жардамдардын да эсебин кыйла өстүрүшкөн. Керек болсо аскерий

оперециялар активдүү жүрүп жаткан учурда Борбордук Азиянын

мамилелеринин маанилүү абалга келиши, 24-12-1979- 15-02.1989- жылдары

он жылга созулган согушка АКШнын да кийлигишүүсү Афганистандын

Вашингтон үчүн приоритет экендигин айигинелейт.

Буга байланышкан саясий көрүнүштүн бири мамлекеттик катчынын

экс орун басары Роберт Блейктин 2010- жылдын ноябрь айында: «Борбордук

Азия биздин Афганистан стратегиябызда өтө маанилуу ролду ойнойт..

Афганистандагы келечектин турукташуусу Борбордук Азиядагы кошуна

мамлекеттердин көмөктөшүүсүнө көз каранды. Ал эми Орто Азиядагы

өлкөлөрдүн жаркын келечеги Афганистандагы туруктуулук жана жаркын

келечекти орнотууга байланышкан» - деп баса белгиледи. Блейктин бул оюна

окшош пикирди коргоо департаментинин орун басары Девид Седней:

Page 51: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

51

«Мамлекеттик коргоо департаментинин персспективасынан-

Афганистандагы иш чараларды колдоого маани берүүдөбүз. Бирок бул иш

узак мөөнөттүү колдоо проекттерине байланыштуу. Ага Афганистандагы

себептерден дагы ары чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн контр терроризм, контр

наркотикалык машыгууларды өздөштүрүүлөрү маанилуу»72.

Айтылгандардан төмөнкүдөй тыянактар алынды:

1. Мамлекеттин геосаясий стратегиясы мамлекеттин дүйнөлүк

аренадагы орду менен салмагын чагылдырган мамлекеттик жашоо-

тиричиликтин ыкмасы болуп саналат. Каалагандай мамлекеттин

геостратегиясынын калыптанышы жана аны ишке ашыруу өлкөнүн геосаясий

потенциалынан тикелей көз каранды.

2. Дүйнөлүк тарых күбөлөгөндөй, күчтүү мамлекеттер өз

миссиясын ар кандайча түшүнөт. Айрым мамлекеттер империялык ойломго

таянып, өз тескөөсүн бүткүл дүйнөгө жайылтууга умтулушат. Башка

мамлекеттер болсо өз кадыр-баркы менен беделин дүйнөнү тынч, коопсуз,

бейкут болуусу үчүн пайдаланганды артык көрүшөт. Бүгүнкү күндө

экономикасынын потенциалы боюнча Америка Кошмо Штаттары дүйнөдөгү

эң ири жана кубаттуу мамлекеттердин бири болуп саналат. АКШ мамлекети

ички дүң продуктысынын (ВВП) көлөмү жана өнөр жай өндүрүшүнүн

деңгээли боюнча дүйнө өлкөлөрүнүн ичинен ишенимдүү лидерлик

позицияны ээлеп келет. Булардын баардыгы мамлекетке дүйнөлүк геосаясый

мейкиндикте өзүн ишенимдүү алып жүрүүгө, дүйнөнүн көп сандаган

мамлекеттери үчүн позитивдүү үлгү болууга мүмкүндүк берет.

3. Мамлекеттин геосаясий стратегиясы улуттук кызыкчылык жана

баалуулук категориялары аркылуу туюндурулуп, аларды мамлекеттин

геосаясый ресурстарынын негизинде, ошондой эле мамлекеттин жашоо-

тиричилигине тике таасир эткен объективдүү да, субъективдүү да геосаясий

факторлорун эске алуу менен коомдук жана мамлекеттик зарылдыктардын

негизинде бийликтин башкы органдары тарабынан иштелип чыгып жана

Page 52: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

52

калыптандырылып, мамлекеттин геосаясий мейкиндиктеги стратегиялык

жоболору менен ишмердик багыттарынын жыйындысы болуп саналат.

4. АКШнын дүйнөнүн геосаясий түзүмү менен ресурстук

потенциалына карата болгон геосаясий стратегиясынын мазмуну өз ичине

төмөнкүдөй өңүттөрдү камтыйт: биринчиден, өзүн дүйнөлүк геосаясий

мейкиндиктин негизги актору катары кароо; экинчиден, АКШ өздүк

мүмкүндүктөр жана ресурстарды эске алуу менен алгач Монро

доктринасынан кийин Түндүк жана Түштүк Америкасында чөлкөмдүк лидер,

ал эми дүйнөнүн биполярдык системасы кулагандан кийин дүйнөнүн

геосаясий картасында өзүн «гегемон» катары позициясын сабаттуу түзүү.

5. Геосаясий мейкиндиктин башка субъекттерин «шериктеш»,

«өнөктөш», «касташ» деген категория аркылуу идентификациялап жана

аныктап, АКШ өзүнүн дүйнөлүк аренадагы геостратегиясын жүргүзүп келет.

6. АКШнын геостратегиясында геосаясий векторлор деп аталган

улуттук кызыкчылыктарды жайылтуу багыттары, башкача айтканда

мамлекеттин улуттук кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн реалдуу же

потенциалдуу мүмкүндүктөргө ээ чөлкөмдөр өтө маанилүү ролду ойнойт.

Тарыхый практика көрсөткөндөй, күч балансы менен өз кызыкчылыгын

орнотууну ачык көздөгөн АКШнын геосаясий мейкиндиги башка

мамлекеттердин мейкиндигине да жайылып, реалдуу да, потенциалдуу да

жаңжалдарды жаратып келет. Заманбап дүйнөнүн геосаясий түзүмүнүн

субъективдүү жана объективдүү факторлорун эске алып да, албай да АКШ ар

кыл акторлордун геосаясий мейкиндиктерин өз кызыкчылыктарына ылайык

айкалыштыруу жана жуурулуштуруу аракетин кылуу үстүндө.

7. ХХ кылымдын башында Джонс Хопкинс атындагы

университеттин алдында Брукс Адамс башында турган тарыхчылар

тарабынан америкалык саясий системанын «өзгөчөлүү артыкчылыгы»

(«исключительность) жана анын «кудай тарабынан атайылап тандалып

алынгандыгы» («богоизбранность») тууралуу идеялар орноп, ошол себептен

улам АКШ өзүнүн саясий системасын бүткүл дүйнөгө таңуулоого «акылуу»

Page 53: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

53

жана «милдеттүү» деген пикирлер америкалыктар арасында гана эмес, эл

аралык аренада да кеңири жайыла баштайт.

8. XIX кылымдын 90-жылдарында тарыхчы Фредерик Джексон

Тэрнердин жобосу боюнча АКШнын улуттук болмушунун (бытиесинин)

негизги формасы болуп үзгүлтүксүз экспансионизмдин геосаясий процесси

эсептелет. Американын улуттук жашоо формасы, ири алдыда, жаңы

географиялык мейкиндщиктерди багындырып, мамлекеттин чек арасын

түбөлүк кеңейтүүдө көрүнөт.

9. АКШнын дипломатиясы эл аралык жаңжалдар менен талаш-

тартыштардын басымдуу көпчүлүгүн чечүү ишине өтө активдүү катышат.

Мисалы, Биринчи жана Экинчи дүйнөлүк согуштарга коммерциялык

максатты көздөө менен катышуу аркылуу АКШ өзүнүн кризиске баткан

экономикасын чыңдап алса, 1940-жылдардан тарта Кошмо Штаттар

дүйнөнүн бардык булуң-бурчундагы көп сандаган куралдуу жаңжалдар

менен аскерий төңкөрүштөргө активдүү катышып келет. Айтсак, 1953-

жылдагы Ирандагы төңкөрүш, 1961-жылдагы Чочколор булуңундагы

аскерий операция, Югославиядагы, Ирактагы, Украинадагы төңкөрүштөр

менен саясий окуялар айтылгандарга ачык мисал боло алат.

10. Англиялык саясат таануучу Х. Маккиндердин Heartlandдин

үстөмдүгү тууралуу идеясына каршы америкалык адмирал А. Мэхендин

эмгектеринин аталыштарынан эле көрүнүп тургандай, ал «Деңиз күчү жана

анын тарыхка тийгизген таасири» деп аталган теманын үстүндө үзүрлүү

эмгектенген. XIX кылымдын аягында – XX кылымдын башында А. Мэхен

талассократиянын (грекчеден thalasso - деңиз, kratos - бийлик) идеологдору

менен саясатчыларынын ишмердигинин программасын түзгөн десек болот.

Айта кетчү жагдай, талассократия идеологиясы XX кылымдын 2-жарымында

ишке ашып, ал АКШнын СССР менен болгон «кансыз согуштагы» жеңишин

камсыз кылып, Советтер Союзунун кыйрашын шарттап, «деңиз үстөмдүгү»

стратегиясын ийгиликтүү турмушка ашырууга мүмкүндүк берген.

Page 54: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

54

11. А. Мэхендин пикиринде талассократия, же деңиз цивилизациясы

соода-сатык менен жан баккан цивилизация болуп эсептелет. Ошол себептен

адмирал деңиз соодасынан эбегейсиз зор пайда табууну көксөгөн улут

дайыма башка улуттарды деңиз соодасынан оолак кармоо үчүн болгон

аракетин жасап, деңиз соодасын монополизациялоого умтулган башка

державаларды колонизациялоого, деңиз коммуникацияларын тартып алууга

мажбурлаган согуштарга түрткөн. Ошол себептен, талассократиянын, же

деңиз күчүнүн тарыхы бул, жалпы жонунан, аскер тарыхы болуп саналат.

12. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин дүйнөгө чексиз үстөмдүк

орнотууга далалат кылган Кошмо Штаттары В. Вильсондун дүйнө

таанымдык концепциясын дүйнөнү орустардын империалисттик маанайынан

алыстатып, ачык дүйнө куруу ишинде гана кайра жандандырууда. Дүйнөлүк

ачык системага өтүү бүгүн актуалдуу болгону менен ал Орусия тарабынан

курч сындарга дуушар болуп келет.

13. Акыркы элүү жыл ичинде мамлекеттердин өз ара

алакалашуусунда глобализация процесстерин өстүрүү жана күчөтүү

маанайын туюндурган сапаттык өзгөрүүлөр болуп жаткандыгын байкоого

болот. Глобалдык факторлор менен кубулуштардын таасири астында

дүйнөлүк геосаясий түзүм тынымсыз өзгөрүп, ал геосаясаттын негизги

субъектиси болуп саналган мамлекеттердин геостратегиясын калыптандыруу

менен ишке ашыруу өзгөчөлүктөрүндө ачык байкалууда.

14. АКШ ааламдашып бара жаткан заманбап дүйнөдөгү супер

держава статусуна ачык далалаттанган мамлекет катары өзүнүн улуттук

кызыкчылыктарын аскерий-күч колдонуу, же кийлигишүү жолу аркылуу

гана эмес, башка мамлекеттердин алдында кадыр-барк жана бедел топтоо

аркылуу камсыз кылуу аракетинде. Ал эми АКШнын дүйнөлүк саясатка

таасир берүү деңгээли менен геосаясий «салмагы» анын геосаясий

ресурстарынан (финансылык-экономикалыку, аскерий потенциалынан,

территориясынын көлөмүнөн, башка материктерден алыс, океандар менен

курчалып жайгашкан географиялык ордунан), ошондой эле азыркы кезде

Page 55: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

55

түзүлгөн дүйнөнүн геосаясий картинасынан, башкача айтканда, дүйнөлүк

геосаясий кырдаалдарды калыптандырган шарттардан жана геосаясий

мейкиндиктин абалына тийгизген таасирлерден көз каранды.

15. АКШнын геостратегиясын ишке ашыруунун негизги максаттары

болуп саясий жана экономикалык эркиндик, башка мамлекеттер менен

тынчтык мамилерин түзүү, адамдын кадыр-баркын сыйлоо саналат. Берилген

максаттарга жетүү үчүн АКШ төмөнкүдөй милдеттерди чечүүгө

далалаттанат: 1) глобалдык терроризм менен күрөшүү үчүн шериктештик

мамилелерди чыңдоо; 2) чөлкөмдүк жаңжалдарды (регионалдык

конфликттерди) жөнгө салууда башка мамлекеттер менен бирдикте

кызматташуу; 3) кас маанайдагы мамлекеттерге таандык болгон массалык

кыргынга салуучу куралдарды пайдалануу коркунучуна каршы туруу; 4)

глобалдык экономикалык өсүштүн жаңы доору демилгесин көтөрүү; 5)

коомдордун өнүгүүсү менен ачыктыгынын даражасын көбөйтүү; 6) күчтүн

башка глобалдык борборлору менен биргелешкен иш-аракеттер чөйрөсүн

кеңейтүү.

§ 2.2 Постсоветтик Борбордук Азиядагы АКШнын кызыкчылыктары менен стратегиялары

Улуу географиялык ачылыштар доорунан кийин континенттер

ортосундагы саясий атаандаштыктар күч алып, Евразия материги дүйнөлүк

күч-кубаттын чордонуна айланат. Бирок, ХХ кылымдын акыркы он жылдыгы

дүйнөлүк саясаттагы ири жылыштар менен коштолгон. Ички өзгөрүүлөрдүн,

ошондой эле эл аралык окуялардын динамикалуу өнүгүүсүнүн таасири

астында Америка Кошмо Штаттары бир кылым аралыгында эле Батыш

жарым шарындагы салыштырмалуу деңгээлде изоляцияланган өлкөдөн

кызыкчылыктары менен таасиринин көлөмү боюнча дүйнөлүк масштабдагы

державага айланган73.

Экинчи дүйнөлүк согуштан утулуу ызасын тарткан Германиянын

кулашы Америка Кошмо Штаттары жана Советтер Союзу өңдүү Европа

Page 56: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

56

континентинен сырткары жайгашкан жеңишчил мамлекеттердин дүйнөлүк

үстөмдүк үчүн ат салышуусуна алып келген. Ошентип, 1945-жылдан

кийинки 50 жылга созулган мезгил аралыгы дүйнөлүк үстөмдүк үчүн

америкалык-советтик кош уюлдуу күрөш менен коштолгон. Айрым өңүттөрү

боюнча АКШ менен СССРдин ортосундагы атаандаштык геосаясий

теорияларда басымдуулук кылган төмөнкүдөй жагдайды ишке ашырууну

туюндурган: Атлантика жана Тынч океандарына үстөмдүк кылган АКШ

сымал аскерий-деңиздик держава СССР өңдүү Евразиянын эбегейсиз зор

аймагын ээлеген ири кургак жер державасына тикесинен тике каршы турган.

Айта кетчү жагдай: буга чейин дүйнөлүк саясий лидер аталган

Евразияга каршы чыгуу менен дүйнөлүк үстөмдүк орнотуу ишинде АКШ

стратегиялык союздардын, саясий блоктордун, бүткүл дүйнөнү тор сымал

курчаган аскерий базалардын ишмердигине, дүйнөлүк лидерлерди тескөөгө

алуу, дүйнөдө болуп жаткан тенденцияларга байкоо жүргүзүү жана аларга

карата превентивдүү иш-чараларды кабыл алуу өңдүү ишмердикке таянат74.

Супердержава катары АКШ дүйнөгө өзүнүн тоталдуу күч-кубатын ачык

көрсөтүп, көп сандаган заманбап мамлекеттер менен элдердин көз

карандысыздык маселесиндеги бир катар кабатырлануусу менен

кооптонуусун да пайда кылууда. Күнүмдүк практика көрсөткөндөй,

америкалыктардын жеке керт башын ойлогон эгоизми «жакыр улуттар»

аталышына конгон элдерде түркүн реакцияларды жаратууда: айрымдары

америкалыктардын диктатын үн-сөзсүз кабыл алып, сабыр тутса, экинчилери

ачыктан ачык эле протест көрсөтүүдө, үчүнчүлөрү болсо эл аралык

жагдайдын радикалдуу маанайда өзгөрүп кетүүсүн үмүт кылып турушса,

төртүнчүлөрү АКШ сунуш кылып жаткан саясий оюндардын эрежелерин

тезирээк кабыл алууга умтулууда75.

Геосаясат илиминде ири окумуштуу катары таанылган англиялык

географ жана саясатчы Хэлфорд Джордж Маккиндер (1861-1947) жаңы пайда

болуп, жарандык согушту башынан кечирип жаткан Совет мамлекетинде

Улуу Британиянын Советтик Орусиядагы элчиси болуп дайындалат (1919-

Page 57: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

57

1920-жылдар). Дал ушул мезгилде ал өзүнүн «Тарыхтын географиялык

өзөгү» деп аталган докладын жазып, анда ал дүйнөнүн саясий тарыхы

тууралуу өтө оригиналдуу жана революциячыл маанайдагы пикирди сунуш

кылат76.

Х. Маккиндер жогоруда аты аталган докладында бүткүл дүйнөнү

төмөнкүдөй 3 чоң бөлүккө ажыратат:

1. Heartland (англисчеден heart - жүрөк, land - жер) – Евразиянын

континенталдык массасы, же бүткүл дүйнөнү географиялык жактан тескөөгө

мүмкүндүк берген эң ыңгайлуу аймак. ХХ кылымдын башына чейин бул

зонага Борбордук Азиянын аймагы гана кирсе, ХХ кылымда Heartlandдин

масштабы мурунку СССРге таандык эбегейсиз зор территория менен

толукталган.

2. Rimland (англисчеден rim – чет жак, жээк, кыр, land - жер) –

Евразиянын чеке-белинде, океандардын жээгинде жайгашкан ички жарым ай

сымалданган аймак. Айтсак, Батыш Европа, Алдыңкы Азия, Индия,

Индокытай, Япония ж.б.

3. World Island (англисчеден world – дүйнө, island – арал) – буга

Евразиядан бөлөк 5 материк толугу менен кирет. Бул зона Heartlandди

курчап, Rimland деп аталган ички жарым айдын сыртында жайгашкан

сырткы чоң жарым айды элестетет.

Маккиндердин пикиринде дүйнөлүк тарых Heartlandдин, же Борбор

Азиянын тегеретесинде айлангандыктан, ал бул аймакты «тарыхтын

географиялык өзөгү» деп атаган. Англиялык окумуштуу «ким Неаrtlandге

кожоюн болсо, ал бүткүл Евразияны бийлейт, ал эми Евразиянын кожоюну

бүткүл дүйнөнү өзүнө баш ийдирет»77, - деген геосаясий формуланы сунуш

кылган. Өткөн тарыхка кайрылуу менен Маккиндер 2 миң жыл бою Борбор

Азия чөлкөмү тарыхтын географиялык өзөгү, же Неаrtland болуп

келгендигин баса белгилейт.

Неаrtlandден чыккан көчмөн каракчылардын чагылгандай тез атчан

аскерлеринин таасири астында гана Rimland өз маданияты менен

Page 58: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

58

цивилизациясын жарата алган. Неаrtlandдин таасири болбогондо, балким,

Rimland да болмок эмес. Айтсак,

Борбор Азиядан келген көчмөн арий урууларынын келиши менен

гана Rimlandде Индия жана Персия деп аталган байыркы замандагы күч-

кубаттуу мамлекеттер, «Веда» жана «Авеста» деп аталган залкар чыгармалар

жаралат;

Борбор Азиянын көчмөндөрүнүн кысымы астында Rimlandде

жайгашкан Кытай дөөлөтү Улуу Кытай сепилин куруп, мамлекет катары

сакталып калган;

V кылымда Борбор Азиялык гунндардын келиши менен Рим

империясы менен классикалык маанайдагы кул ээлөөчүлүк коом кулап,

Батыш Европада феодализм деген атка конгон жаңы социалдык-

экономикалык түзүлүш орногон;

XIII кылымда Борбор Азиядан келген моңголдордун жапырыгы

Rimlandде жайгашкан азиялык жана европалык элдердин тарыхына зор

таасир эткен.

Албетте, Улуу географиялык ачылыштар мезгили менен андан кийин

дүйнөдөгү күч балансы бир кыйла өзгөрүүгө учурап, Португалия, Испания,

Голландия, Франция жана Улуу Британия өңдүү деңиз жээгинде, же

Rimlandде жайгашкан мамлекеттер тарыхый аренага суурулуп чыга баштайт.

Бирок, Х. Маккиндердин көз карашында, XX кылымдын башындагы

жаңы транспорттук технология геосаясий күчтөрдүн балансын кайрадан

кургак жерди мекендеген мамлекеттердин пайдасына оодарат. Эми

Heartlandдин чектери Борбор Азия чөлкөмүнөн чыгып, ага деңиз

державалардын колу жетпеген чөлкөмдөр, өлкөлөр жана аймактар, б.а.

мурунку СССРдин Европадан Тынч океанына чейин созулган эбегейсиз зор

территориялары киргизилген.

ХХ кылымдын башындагы Европа байыркы Греция менен Римдин

ортосундагы карама каршылыкты укмуштуудай окшоштук менен кайталап

жаткандыгын Х. Маккиндер таасын байкаган. Германдык христиан динине

Page 59: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

59

римдиктер, ал эми славяндар гректер тарабынан киргизилген. Романо-герман

элдери океандарга бет алып өнүксө, гректер менен славяндар континенттин

түпкүрүндөгү туран жерлерин баш ийдиришкен. Континенттик жана деңиз

державалары идеалдар чөйрөсүндө да, материалдык деңгээлде да, өнүгүүнүн

каражаттарын тандоодо да бири бирине карама каршы позицияларды

ээлешет. Ошентип, «континенталдык» Римдин азыркы мураскерлери деңиз

күчүнө таянса, ал эми «деңиз державасы» болгон Греция менен Византиянын

мураскерлери Евразия континентине кожоюндук кылып турушат.

Х. Маккиндер «Dеmоcratic Ideals and Reality» (1919) деп аталган

эмгегинде да XX кылымдын башында «тарыхтын өзөктүү зонасына», же

Heartlandге кирген өлкөлөр менен «тышкы жарым айга», же АКШ сымал

World Islandге таандык мамлекеттердин ортосунда белгилүү бир тең

салмактык бар деп боолгологон78. Ошол кездеги деңиз мамлекеттеринин

флоту Heartlandге кире албагандыктан, Heartland душман жеңе алгыс аймакка

айланып, Евразиянын, б.а. мурунку СССР аймагына кирген Орусия ж.б.

өлкөлөрдүн түпкүрүнө кирүүгө аракет кылган Rimlandдеги деңиз

өлкөлөрүнүн Карл XII, Наполеон сыяктуу аскер башчыларынын

аракеттеринен эч майнап чыккан эмес. Анын үстүнө Англия, АКШ, Япония

сыяктуу деңиз державалары Евразиянын түпкүрүндө жайгашкан

стратегиялык жактан маанилүү райондорду баш ийдиргени менен аларды

көпкө чейин кармап кала алышкан эмес. Ошол эле мезгилде Rimlandдеги

деңиз мамлекеттери менен алардын колониялары Heartlandдин кожоюнуна

айланган Орусия менен World Islandге таандык АКШнын басып алуучулук

ниеттерин кепилдикке ала алышкан эмес.

Х. Маккиндердин жогоруда аталган эмгегинин башкы идеясы болуп

«Хартлендге» үстөмдүк кылууга ниет кылган Германия менен Орусия өңдүү

континенталдык мамлекеттердин шериктештигине жолтоо кылууга аракет

жасоо саналат. 200дөн ашуун майдан немец княздыктарын бирдиктүү

Германияга баш коштурган «темирдей бекем канцлер» Отто фон Бисмарк

(1815-1898) кыялданган мындай континенталдык шериктештик эбегейсиз зор

Page 60: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

60

табигый ресурстарга, жумушчу күчүнө, алдыңкы технологияга ээ болуу

аркылуу деңиз жээгиндеги Улуу Британия империясын жеңил эле талкалап

салуусу толук мүмкүн болгон.

Англиялык геосаясатчынын пикири боюнча Орусия жана Германия

сыяктуу континенталдык шериктештиктин (союздун) территориясы улам

кеңейген сайын Британия гана эмес, «тышкы жарым айга» таандык деңиз

державалары Евразияга каршылык көрсөтө албай, акырындык менен жер

бетинен жексен болушу толук ыктымал. Ошол себептен, окумуштуу

Маккиндер өз ордун саясатчы Маккиндерге бошотуп берип, «ички жарым

айга», же Rimlandге кирген Чыгыш Европанын деңиз державаларын

Евразиянын бир же бир нече континенталдык державаларынын, ири алдыда,

Орусия менен Германиянын потенциалдуу агрессиясынан (экспансиянан)

коргонууга ачык эле чакырган.

«Тышкы жарым айга» таандык державалардын дагы бир талуу жери

болуп деңиз коммуникацияларынын мажестиги (уязвимость) эсептелет.

Евразия өлкөлөрү деңиз державаларынын метрополиядан колонияларга жана

колониялардан метрополияга карай жүктөрдү, аскерлерди, аскерий

жабдууларды, техниканы, товарларды, чийки затты ташыган деңиз жолдорун

бууп салуулары толук мүмкүн. Ошентип, XX кылымдын башында эле Х.

Маккиндер кубаттуу флотко, темир жана автомобиль жолдорунун толук

кандуу торчосуна ээ Орусиядан чын дилден чочулап, Орусия менен Улуу

Британия империясынын ортосунда сөзсүз түрдө боло турган геосаясий

жаңжалды прогноздогон. Анын прогнозуна Орусиянын Индия багытындагы

тышкы саясатынынын өнүгүү версиясы да кирип, мындай кадам милдеттүү

түрдө Орусия менен Британиянын кызыкчылыктарынын ири кагылышына

алып келээрин эскерткен.

Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин аттары аталган континенталдык

державалар абдан алсырап калган эле. Ал эми Совет бийлигине өткөн

Орусияда жарандык согуш жүрүп жаткан. Ошол себептен, Х. Маккиндер

Орусия менен Германия келечекте континенталдык союз түзүп жибербеши

Page 61: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

61

үчүн алардын ортосуна «буфер» түзүү идеясын сунуш кылат. 1919-жылы

түзүлгөн Версаль келишиминде бул идея атайы берене менен бекемделип,

кийин Германияга караганда, СССРге каршы багытталган теориялар менен

практикада ал «санитардык чек» («санитарный кордон») деген аталышка

конгон.

Тарых көрсөткөндөй, Версаль келишиминен кийин Германия менен

СССРдин ортосунда «санитардык чек» катары түзүлгөн мамлекеттер

кубатсыз жана эффективдүү эмес буфер болушкан. Батыш державалардын

өздөрү эле буфер катары түзүлгөн мамлекеттерди 1938-жылы Мюнхен

шаарында Гитлердин ач курсагын тойгузуу максатында Германияга «өткөрүп

беришкен». 1939-жылы улам жаңы жерлерди басып алууну максат кылган

фюрердин демилгеси менен башталган Экинчи дүйнөлүк согуш баардык

мамлекеттердин жүрөгүнүн үшүн алган.

Германия менен СССР согушуп жаткандыктан, 1942-жылы жарык

көргөн «Тhе Round and the Winning of Реасе» деп аталган ири

монографиясында Х. Маккиндер күчтөрдүн улам өзгөрүп бара жаткан

геосаясий, тышкы саясий жана аскерий абалына анализ берүү менен

келечекте боло турган глобалдык геосаясий жаңжалды (конфликтти) ал

Heartlandге кожоюндук кылган СССР менен «тышкы жарым айда», же World

Islandда жайгашкан АКШнын ортосундагы карама каршылык катары

аныктаган. Бул изилдөөнү Х. Маккиндердин Батыш державаларын

«атлантикалык цивилизациянын», Батыш дүйнөсүнүн кызыкчылыктары

менен баалуулуктарын коммунизм идеясын дүйнөгө таңуулап келе жаткан

Heartlandдин кожоюну болгон орус агрессиясынан коргоп калууга чакырган

илимий-саясий керээз катары кароого болот. Маккиндердин керээзи Батыш

лидерлери тарабынан НАТО сыяктуу аскерий-саясий блокту түзүү менен

ишке ашырылган.

Америкалык окумуштуу, эл аралык мамилелер боюнча профессор,

Йель Университетинин алдындагы эл аралык мамилелер Институтунун

директору Николас Спайкмен (1893-1943) адмирал А. Т. Мэхендин

Page 62: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

62

теориясын андан ары уланткан. Н. Спайкмен геосаясатты топурактын

мамлекеттин жашоо-тиричилигине, ошондой эле рельефтин улуттук мүнөзгө

тийгизген таасирин окуп-үйрөнгөн илим катары эмес, эффективдүү

мүнөздөгү эл аралык саясатты иштеп чыгууга мүмкүндүк берген

аналитикалык метод катары баалаган. Анын бардык изилдөөлөрү карандай

эле прагматикалык мүнөзгө ээ.

Н. Спайкмендин негизги тезиси боюнча Х. Маккиндер Неаrtlаndдин

геосаясий маанисин ашкере жогору баалап жиберген. Н. Спайкмендин көз

карашында «ички жарым ай» болуп саналган Rimlandдин, же Евразиянын

«жээк зоналарынын» географиялык тарыхы Heаrtlandди, же кургак жерди

мекендеген көчмөндөрдүн кысымы астында эмес, өз алдынча эле

калыптанган. Н. Спайкмендин пикиринде жээк зоналарынан импульс алган

мейкиндик гана дүркүрөгөн өнүгүүгө ээ боло алат. Демек, Rimland дүйнөлүк

үстөмдүккө жол ачкан географиялык ачкыч болуп саналат: «кимде ким

Rimlandге үстөмдүк кылса, ал Евразиянын кожоюнуна айланып, бүткүл

дүйнөнүн тагдырын өз колу менен чечет»79.

Н. Спайкмен мамлекеттин геосаясий үстөмдүгүнүн төмөнкүдөй он

критерийин айырмалаган: 1) мамлекеттин территориясынын жер бетинин

өзгөчөлүгү, 2) чек аралардын табияты, 3) калктын саны, 4) пайдалуу

кендердин болушу, же болбошу, 5) экономикалык жана технологиялык

өнүгүү, 6) финансылык кубаттуулук, 7) этникалык бир тектүүлүк, 8)

социалдык интеграциянын деңгээли, 9) саясий туруктуулук, 10) улуттук рух

(улуттук кулк-мүнөз). Эгерде мамлекеттин геосаясий мүмкүндүктөрүн бул

критерийлер боюнча баалоодогу сумма анча чоң эмес болсо, анда берилген

мамлекет өз көз карандысыздыгынын бир бөлүгүнөн баш тартып, көз

каранды абалды ээлөөгө аргасыз.

Америка Кошмо Штаттарынын Постсоветтик Борбордук Азиядагы

кызыкчылыктары жана стратегиялары да жогоруда белгиленген

Спайкмендин 10 критерийинин негизинде түзүлгөн.

Page 63: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

63

Жогоруда айтылгандардан сырткары, Н. Спайкмен «ички деңиз»

катары баалоого мүмкүн болгон «Ортолук океан» («Срединный океан»)

деген жаңы категорияны киргизген. Адамзаттын жалпы тарыхында белгилүү

болгондой, Байыркы дүйнө менен Орто кылым доорунда Европа, Азия жана

Түндүк Африкадагы алдыңкы мамлекеттердин чок ортосунда жайгашып,

алардын өнүгүүсүн шарттаган «ички деңиз» болуп Жер ортолук деңизи

саналган.

Тарыхый өнүгүүдөгү «ички деңиздин» маанисин баса белгилөө менен

Н. Спайкмен келип чыккан теги боюнча Батыш Европалык элдерге таандык

маданият, либерал-капитализм жана демократия идеологиясы, саясий жана

этникалык тарыхтагы окшоштук сыяктуу жалпылыктар менен байланышкан

«атлантикалык контингент» деп аталган өзгөчө мүнөздөгү жаңы геосаясий

реалдуулукту киргизет. Жаңы атлантикалык жамааттын генератору болуп

«Ортолук океан» атка конгон Атлантика океанынын эки тарабындагы

жээктеринде жайгашкан Батыш Европа менен АКШнын Чыгыш жээги

(өзгөчө, Нью-Йорк) эсептелет. Бул жамааттын күч механизми болуп өтө

кубаттуу аскердик, өнөр жайлык жана соода потенциалына ээ АКШ, ал эми

АКШнын экономикалык, аскердик, интеллектуалдык тиреги (придаток)

болуп Батыш Европа саналууга тийиш. Келечекте Европанын дүйнөлүк

саясатта ойногон ролу, европалык мамлекеттердин саясий

суверендүүлүгүнүн деңгээли азайып, акырындык менен континенттеги

бийлик бардык «атлантикалык» мейкиндиктеги лидерлердин башын

бириктирген НАТО сымал өзгөчө түзүмгө өтүүсү зарыл. Албетте, бул

түзүмдөгү башкы ролду АКШ мамлекети ойномокчу.

Н. Спайкмен дүйнөлүк үстөмдүк орнотуу ниетин олуттуу койгон

АКШ өкмөтүнүн «анаконда сыйыртмагы» деп аталган геосаясий

стратегиясын кылдаттык менен иштеп чыккан. 2-дүйнөлүк согуштан кийин

деңиз державасы болуп саналган АКШ Heаrtlandдин, же кургак жердин толук

кандуу кожоюнуна айланган СССРди оңой менен жеңе албастыгын мыкты

түшүнгөн. Ошол себептен, америкалык идеологдор Heаrtlandди баш ийдирүү

Page 64: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

64

Rimlandдин жардамы аркасында гана мүмкүн экендигин алдын ала көрө

билишкен. 2-дүйнөлүк согуштан жеңүүчү болуп чыккан СССР мамлекетин

Rimlandде жайгашкан афро-азиалык өлкөлөргө, араб мамлекеттерине, Индия

менен Кытайга, Индокытайга, Японияга америкалык аскер базаларын

жайгаштыруу аркылуу, СССРдин дүйнөлүк рынокко жол ачкан Атлантика,

Инд жана Тынч океандарына болгон чыгуусун бууп салып, деңиз күчүнө

таянган АКШ кансыз согуш деген атка конгон тарыхый мезгилде СССРди 3

соода океанынын жардамы аркасында туш тараптан муунта баштаган

(Түндүк муз океанында соода навигациясы жок).

Дүйнөлүк соодага чыга албай, «анаконда сыйыртмагынын»

курмандыгына айланган СССРде «сенектик» деп аталган тарыхый мезгил

орноп, Совет мамлекети саясий, экономикалык, идеологиялык, маданий

кризистердин сазына терең батат. Өзүнө жакшы санаалаш Индира Ганди

айымдын колдоосуна таянуу аркылуу Л. И. Брежнев Индия аркылуу Инд

океанына чыгып, СССРди муунткан сыйыртмактан арылуу максатында 1979-

жылдын декабрь айында советтик армияны Афганистандын аймагына

киргизүү тууралуу Токтомго кол коет80. Ошентип, Афганистанда Осама бен

Ладен81 жетектеген талибдер менен советтик армия күч сынаша баштап,

СССР менен АКШ ортосундагы саясий чоң оюндун оту тутанат. Тарых

күбөлөгөндөй, «анаконда сыйырматмагы» эффективдүүлүгүн көрсөтүп,

аскердик, техникалык, финансылык жана моралдык жоготуулардан башка

олжо таппаган советтик армия 1989-жылы Афганистандын аймагынан кур

кол чыгууга аргасыз болгон82.

Белгилүү окумуштуу жана саясатчы (АКШнын мурунку мамлекеттик

катчысы) Генри Киссинджер (1923-жылы туулган) «дисконтинуалдык

тилкелер» идеясына (идея «дисконтинуальных поясов») таянуу менен

АКШнын саясий стратегиясы атлантисттерге Евразияга, ири алдыда, СССРге

толук үстөмдүк кылуу мүмкүндүгүнө ээ болуу үчүн бири бири менен тике

байланышы жок, чар жайыт жайгашкан жээк зоналарын бир бүтүндүккө

бириктирүү максатын көздөөсү абзел. Жээк зоналарынын мындай бүтүндүгү

Page 65: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

65

мурда бейтарап абалды ээлеген, же Евразияга боор тартып турган «жээк

секторлорун» да өз кучагына камтуусу зарыл. Г. Киссинджердин доктринасы

АКШга «май токоч жана камчы» методуна (метод «кнута и пряника») таянуу

менен иш алып барууну сунуш кылган83. Айтсак, Heаrtlandдин коммунизм

идеясын кабыл алып, СССРге жан тартып турган Вьетнамга согуш, аскердик

жана адам потенциалы күчтүү болгон Кытайга кызматташтык, европалык

билим алып, Батышка боор тарткан Ирандын шахиншахы М. Реза

Пехлевинин режими менен Украинадагы жана Балтика боюндагы советтик

республибликалардагы улутчулдарга (националисттерге) колдоо көрсөтүү

ж.б. идеялар ошол кездеги АКШнын мамлекеттик катчысы Г. Киссинджер

тарабынан сунушталган. Г. Киссинджердин идеялары АКШ менен НАТОну

ядролук куралдар менен кубаттандырып туруу доктринасына тыгыз

байланышкан. Америкалык жана натолук ядролук куралдардын жайгашкан

жерлери атлантисттерге жакшы санаалаш болгон мамлекеттер менен

өлкөлөрдүн географиялык жана геосаясий өзгөчөлүктөрүн эске алган.

ХХ кылымдын 90-жылдары Батыштын геосаясий окуулары Самуил

Хантингтондун «неоатлантизм» жана Фрэнсис Фукуяманын «тарыхтын

соңу» деп аталган агымдарга ажырап кеткен.

Гарвард университетинин стратегиялык изилдөөлөр Институтунун

директору Самуил Хантингтон (1927-жылы туулган) өзүнүн Деңиз менен

Кургак жер, Батыш менен Чыгыш ортосундагы мындан аркы мамилелердин

көйгөйүнө тыгыз байланышкан неоатлантизм тууралуу идеяларын

«Цивилизациялардын кагылышы»84 деген атактуу макаласында чагылдырган.

Хантингтондун пикиринде атлантисттердин евразиялыктарга карата болгон

стратегиялык жеңиши цивилизациялык жеңиш болуп саналбайт: Батыш

менен Чыгыш дагы деле болсо цивилизациялык өңүттө бири бирине карама

каршы бойдон кала берүүдө.

Чындыгында эле, айрым ата мекендик изилдөөчүлөр адилет

белгилегендей, Чыгыш менен Батыштын маданияттарын өз ара салыштыруу

практикасы (өзгөчө Макс Вебер тарабынан жүргүзүлгөн чыгыш жана батыш

Page 66: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

66

диндеринин ортосундагы айырмачылыктар багытындагы изилдөөлөр85)

Чыгыш менен Батыштын ортосундагы мурда эч кимдин оюна келбеген

төмөнкүдөй маани-мазмундук антиномиялар жашаарын көрсөткөн86: ЧЫГЫШ БАТЫШДеспотизм Демократия (эркиндик, теңдик)Мистика АскезаИнтуиция, дүйнөнү көрөңгөлүү сезим

менен терең түшүнүүИлимий билим, карандай акыл-эске

сугарылган рационализмКылымдар бою эч өзгөрүүсүз бойдон

калган руханий баалуулуктар үстөмдүк кылган теллурократия

Мезгилдин мыйзамына ылайык тынымсыз өзгөрүп турган материалдык баалуулуктар менен соода-сатыкты ашкере баалаган талассократия

Кыймылсыздык, стабилдүүлүк Динамизм, өнүгүүКаада-салт, ырым-жырым Модернизация, инновация«Дао» «Логос»Коллективизм, мамлекет Индивидуализм, инсанТабият менен таттуу мамиледе болуу жана

медитацияДүйнөнү техникалык жана технологиялык

жактан активдүү өзгөртүп, түзүүКоммунизм, тапсыз коом Капитализм, буржуазияЫзы-чуулуу, ыраатсыз, чар-жайытттуу,

берекелүү базарРынок, бардык ыңгайлуулуктары менен

шарттары бар, ирээттүү маркетЫйман, рух Акча, товарНамыс, нарк, уят Укук, мыйзам, принципЧыгыш менен Батыштын маданияттарынын ортосундагы терең

дифференциациянын мисалдарынын тизмесин мындан да узартып, уланта

берүүгө болот.

С. Хантингтон Батыш идеологиясы убактылуу гана үстөмдүккө ээ

болду, анткени, мындай үстөмдүк Чыгыштын тереңде жаткан маданий

баалуулуктарын жогору алып чыгып, диний факторлордун, айтсак, ислам

менен православиенин, синтоизм менен буддизмдин, конфуцианчылык менен

индуизмдин таасирин бир кыйла күчөтөт деп баса белгилеген. Анын

пикиринде, жакынкы келечекте славяндык-православиелик, конфуцийлик

(кытай), япон, ислам, индуисттик, латын америкалык, балким африкалык

цивилизациялар өзү тууралуу күчтүү кабар бериши толук ыктымал87.

Мындай фактор кайрадан келип эле Батыш менен Чыгыштын ортосундагы

карама каршылыктын болуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт. Ошол

себептен, С. Хантингтон антиатлантисттик маанайлар менен тенденцияларды

жөнгө салып, Батышка боор тартпаган геосаясий борборлорду бирдиктүү

шериктештикке (союзга) баш кошуп кетпөөсүнө жол бербестен, мындай

карама каршылыкка эртерээк даярдануу зарыл деген кооптуу тыянак

чыгарган. Бул максатта Батыш төмөнкү иш-чараларды жасоосу абзел:

Page 67: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

67

АКШ менен Европанын ортосундагы кызматташтыкты

мурдагыдан да күчөтүп, алардын ортосундагы биримдикти бекемдөө;

Чыгыш Европа менен Латын Америкасындагы маданияттары

Батышка жакын болгон жамааттар менен коомдорду Батыш

цивилизациясына интеграциялоо;

жергиликтүү (локалдуу) жаңжалдардын глобалдык согушка

айланып кетүүсүнө жол бербөө;

конфуцийлик (кытай) жана ислам мамлекеттеринин аскер

экспансиясын чектөө;

Батыштагы аскер кубатын күчөтүү жана анын Ыраакы Чыгыш

менен Түштүк-Батыш Азиядагы аскердик үстөмдүгүн камсыз кылуу;

Конфуцийлик (кытай) жана ислам мамлекеттеринде орун алган өз

ара алакалардагы кыйынчылыктар менен жаңжалдарды АКШнын пайдасына

колдонуу;

башка цивилизациялардагы Батыш баалуулуктары менен

кызыкчылыктарына багыт алган топторго колдоо көрсөтүү;

Батыш кызыкчылыктары менен баалуулуктарын чагылдырган

жана аларды мыйзамдаштырып, Чыгыш мамлекеттерин өзүнө тарткан эл

аралык институттарды күчөтүү88.

Жогоруда келтирилген рекомендациялардан көрүнүп тургандай, С.

Хантингтон Батыштын ыктымалдуу кас душманы катары Орусияны, же

башка евразиялык мамлекеттерди эмес, Кытай менен ислам өлкөлөрүн, ири

алдыда, Иранды, Иракты, Ливияны атайт. Бирок, Пол Вольфовиц сыяктуу

башка неоатлантисттер, АКШ жана анын НАТО шериктештигиндеги

өнөктөштөрү үчүн мурдагыдай эле Орусия потенциалы боюнча өтө күчтүү

атаандаш бойдон кала берүүдө деп баса белгилешет89. Ошол себептен, Пол

Вольфовиц Орусияга каршы өз кучагына Чыгыш Европа менен Балтика

боюндагы мамлекеттер кирген «санитардык чекти» түзүүгө чакырат.

Постсоветтик мезгилде АКШ Евразиядагы жаңы супер держава болуу

ролуна ачыктан ачык талаптанып жатканы эч кимге жашыруун сыр эмес90.

Page 68: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

68

Айтсак, «Америка үчүн башкы геосаясий мөөрөй болуп Евразия эсептелет»

деген ураандын автору, АКШнын чыгаан саясат таануучусу, АКШ

президенти Картердин улуттук коопсуздук боюнча экс-кеңешчиси,

стратегиялык изилдөөлөр Борборунун консультанты жана америкалык

тышкы саясат боюнча профессор Збигнев Бжезинский 1993-жылы

«Тескөөдөн сырткары» («Вне контроля») деген китебинде «Америка

(Флоридагы кандайдыр бир фермер эмес, анын элитасы) өзү көксөгөн

дүйнөлүк үстөмдүккө умтулса, анда ал Евразияга, айрыкча анын «Батыш

перифериясына» (Евросоюз), анын как жүрөгүнө (Орусия), Жакынкы

Чыгышка, Борбордук Азияга жана аталган жерлердеги мунай запастарына

үстөмдүк орнотуусу зарыл»91, - деп так кесе билдирген.

З. Бжезинскийдин «Улуу шахмат тактасы» деп аталган китеби XXI

кылымдын босогосундагы америкалык дипломатиянын стратегиясын ачык,

так жана деталдуу чагылдырган. Бул китеп тууралуу Н. Кабанов мындай деп

жазат: «Мындай китепти автор өзү баалагандай, эгоизм менен идеализмдин

жуурулушунан куралган өз өлкөсүнүн чыныгы күчү менен сыймыктанган

адам гана жаза алат»92.

З. Бжезинский Евразияны дүйнөлүк үстөмдүк үчүн күрөш жүргүзгөн

шахмат тактасы, ал эми анын геостратегиясын, же геосаясий

кызыкчылыктарды стратегиялуу башкарууну шахмат оюну менен

салыштырган. Дүйнөлүк калктын 75 %ы, дүйнөлүк табыгый байлыктардын

басымдуу көпчүлүгү, дүйнөлүк улуттук дүң продуктынын 60 %ы, дүйнөлүк

энергетикалык запастардын төрттөн бир бөлүгү туура келген евразиялык

шахмат тактасында ар бири ар кыл даражадагы бийликке ээ эки эмес, бир

нече саясий оюнчулар ойнойт.

Эң негизги геосаясий оюнчулар шахмат тактасынын батыш, чыгыш,

борбордук жана түштүк бөлүктөрүндө жайгашкан. Евразиянын батыш

перифериясындагы башкы оюнчу болуп АКШ жетекчилик кылган Батыш

мамлекеттери, чыгышта Кытай, түштүктө Индия эсептелет. Аталган

оюнчулар ар кыл үч цивилизацияны туюндурат. Евразиянын чок ортосунда,

Page 69: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

69

З. Бжезинскийдин сөзү менен айтканда «кара тешикте» Батыш менен Чыгыш

үчүн потенциалдуу түрдө өзгөчө мааниге ээ «саясий жактан анархиялуу,

бирок, энергетикалык ресурстарга абдан бай чөлкөм», башкача айтканда,

чөлкөмдүк гегемонияга атаандашууга жөндөмдүү Орусия жатат.

Евразиянын территориясынын эбегейсиз зорлугу, калкынын санынын

көптүгү жана маданиятынын көп түрлүүлүгү, ошондой эле, шахматта

төмөнкүдөй комбинациялар мүмкүн болгондуктан, бул чөлкөмгө карата

америкалык таасир ооздукталып турат. Эгерде Америка башында турган

Батыш мамлекеттери Орусияны өз кучагына тартып, «Лондондон

Владивостокко чейин европалык үй куруп», түштүктө Индия, ал эми

чыгышта Кытай үстөмдүк кылуудан калса, анда Америка Евразиянын

үстүнөн толук жеңишке ээ болот. Бирок, эгерде Орусия башында турган

Борбордук Евразия Батыш мамлекеттерине дакаат көрсөтүп, бирдиктүү

геосаясий жана геоэкономикалык мейкиндикти түзсө, же Кытай менен

шериктештик түзсө, анда Американын Евразия континентиндеги таасири

алда канча тарып, АКШнын амбицияларын таш кабат.

Сөз болуп жаткан саясий-социалдык кубулушка баа берүүдөн мурда

«түстүү революция» түшүнүгүнүн маани-маңызына кыскача токтоло кетсек.

Эгерде терминологияга терең сүңгүп кирсек, анда революция түшүнүгү

соңку латын тилиндеги revolutio (бурулуш, төңкөрүш, айлануу, кубулуу),

башкача айтканда, коом менен таанымдагы мурдагы абалдан кескин өзгөрүү

менен коштолгон радикалдуу жана терең маанайдагы сапаттык өзгөрүүлөр

менен коштолгон кубулушту туюндурган сөздөн алынган. «Түстүү

революция» термини 2000-жылдардын башында гана пайда болгон. Бул

терминди 1989-жылдын ноябрь-декабрь айларында Чехословакиядагы

коммунисттик режимди кансыз демонтаждоо процессин туюндурган «бархат

революциясы» түшүнүгү менен чаташтырууга болбойт. Бирок, жалпы

жонунан, 1989-1991-жылдары Чыгыш Европа өлкөлөрү менен Монголияда

болуп өтүп, советтик типтеги саясий режимди жок кылган окуялардын

баардыгын эле «бархат революцияларына» киргизе берсе болот.

Page 70: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

70

Бүгүнкү күндө «түстүү революциялар» деп чет өлкөлүк өкмөттүк эмес

уюмдардын колдоосу астында уюштурулуп, эреже катары, революция өз

максатына жеткен учурда аскерлердин катышуусусуз саясий режимди,

ошондой эле саясий элитаны алмаштыруу менен ишке ашкан элдин көчөдөгү

массалык баш-аламандыгынын жана каршылык көрсөтүүсүнүн

(протесттеринин) сериясын аташат93.

Азыркы тапта кайсы окуяны «түстүү революция» деп атоого болот

деген суроого карата консенсус жокко эсе. Айтсак, Югославиядагы

«бульдозер революциясы», Грузиядагы «роз революциясы», Украинадагы

«кызгылтым революция», Кыргызстандагы «жоогазын революциясы» расмий

түрдө түстүү революция деп эсептелинет94. Айрым изилдөөчүлөр тарабынан

1974-жылдын 25-апрелинде Португалиянын Лиссабон шаарында болуп өтүп,

диктатуранын фашисттик маанайдагы режимин либералдык-демократиялык

түзүлүш менен алмаштырган «гвоздика революциясы» деп аталган кансыз

төңкөрүшүн да түстүү революцияга киргизишет. Бирок, «түстүү

революциядагы» башкы аракетчил күчтөр болуп жарандар, ири алдыда,

активдүү оппозициячыл жаштар эсептелгендиктен, аскерлердин жардамы

астында ишке ашкан португалиялык төңкөрүштү «түстүү революцияларга»

киргизүүгө болбойт. Ушул эле себептен улам АКШ санкция берген аскерий

иш-аракеттердин натыйжасында 1953-жылдын 19-августунда Иранда болуп

өтүп, премьер-министр Мохаммед Мосаддыкты бийликтен алып түшкөн

төңкөрүштү да «түстүү революцияларга» киргизүүгө болбосо да, дал ушул

ирандык төңкөрүш келечектеги «түстүү революциялардын» үлгүсү

(прообразы) болуп калган.

Массалык басма сөз каражаттары менен расмий булактар түстүү

революциялардын тизмесине төмөнкүлөрдү киргизишет:

2000 - Югославиядагы «бульдозер революциясы»;

2003 - Грузиядагы «роза революциясы»;

2004 - Украинадагы «кызгылтым революция»;

2005 - Кыргызстандагы «жоогазын революциясы»;

Page 71: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

71

2006 - Белоруссияда «василек гүлүнүн революциясын» жасоо аракети;

2008 – Арменияда «түстүү революция» жасоо аракети;

2009 — Молдавияда «түстүү революция» жасоо аракети.

Бул революциялар кантип пайда болушат? Аларды ким уюштуруп,

жандандырып, даярдап жана каржылайт?

Чындыгында эле баардыгы күтүүсүз болгондой көрүнөт: бийликке

нааразы болгон эл «адилеттик» издеп, көчөгө чыгат да, революция башталып

кетет. Эгерде социалисттик-советтик блоктогу жана постсоветтик

мейкиндиктеги «роза», «кызгылтым», «жоогазын» түстүү революцияларга

көңүл бөлүп карай турган болсок, анда аларда кандайдыр бир мыйзам

ченемдүүлүк бар экендигин жана алар жансыз куурчактарга жиптин

жардамы аркасында жан киргизген куурчакчы тарабынан жасалып

жаткандыгын байкоого болот.

Теориялык жактан түстүү революциялардын тамырларын америкалык

президент Джеймс Монронун (1758-1831) урматына «Монро доктринасы»

деп аталган расмий документтен издөөгө болот. Бул документ боюнча 1823-

жылдын июлунда АКШ алгачкы жолу Вашингтон «Рио-Гранде шаарынан

түштүккө» карай, башкача айтканда, Борбордук жана Түштүк Америкага

карай өзү каалаган режимди орното алат деген укукту жар салган. Анын

натыйжасында «Pax Americana» (латынчадан америкалык дүйнө) деп аталып,

бүткүл дүйнөнү америкалык үлгү боюнча кайра түзүү боюнча мессиандык

модель жаралат. Өз доктринасында Монро мындай деп жар салган: «…өз көз

карандысыздыгын жар салган жана сактап калган өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө,

ошондой эле көз карандысыздыгын кылдат изилдеп чыгып, биз аны

адилеттик принциптеринин негизинде орногон деп тапкан өлкөлөрдү

басмырлоо же аларга карата тескөө орнотуу максатында европалык

державалардын каалагандай кийлигишүүсүн биз Кошмо Штаттарга карата

достук эмес маанайдын көрүнү катары баалайбыз».

«Россия» телеканалынын эфиринде көрсөтүлгөн «Революция.com.

АКШ Чыгышты багындыруу» деп аталган француздук даректүү фильмде

Page 72: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

72

Америка Кошмо Штаттары Украина менен Кыргызстандагы «түстүү

революцияларды» жасоо максатында 110 миллион АКШ долларын

короткону, ошондой эле Сербиядагы «бархат», Грузиядагы «роз»,

Украинадагы «кызгылтым», Кыргызстандагы «жоогазын»

революцияларынын артында Америка Кошмо Штаттары тургандыгы ачык

айтылат95.

Сөз болуп жаткан даректүү фильмдин авторлорунун пикиринде

мындай төңкөрүш жасоонун алгачкы методу Сербияда байкалып көрүлгөн.

Дал ушу Сербия мамлекетинде америкалык изилдөөчү Джин Шарптын

«Диктатурадан демократияга карай» деген китебинин жөп-жөнөкөй

рецепттердин жардамы аркасында «тынчтык жолу менен жүргөн

революцияны» жасоо боюнча көрсөтмөлөрдү берген тезистери иш жүзүндө

колдонулган. Айтсак, Дж. Шарптын бул китебинде революционерлер

каалагандай диктатуранын негизи болгон полиция менен жакшы

мамилелерди түзүүсү абдан маанилүү экендиги баса белгиленет96. Дж. Шарп

2000-жылы Сербиядагы Слободан Милошевичтин бийлигин кулатууну

самагандар революция күнү репрессиялар ырайымсыз мүнөздө болбош үчүн

америкалык автордун кеңештерин толук аткаргандыктарын мактануу менен

айтат. Кеп болуп жаткан француздук даректүү фильмде С. Милошевичтин

бийлиги кулагандан кийин ушул эле метод грузиндерге Эдуард

Шеварнадзени бийликтен кетирүүгө да, Украинадагы «кызгылтым

революцияны» даярдоого да зор жардам бергендиги айтылат.

Жогоруда айтылгандарга карабастан, Эл аралык республикалык

институттун жетекчиси, америкалыяк сенатор Джон Маккейн «Мен

адамдарга демократияны өкмөттү бийликтен кулатууну каалоо деп айтуудан

алысмын. Демократияга колдоо көрсөтүү менен мамлекеттин ички ишине

кийлигишүүнүн ортосунда билинээр-билинбес чек бар. Мен эртеби кечпи

америкалык фонддордун жардамысыз эле Украинадагы, Грузиядагы жана

Ливандагы революциялар болуп өтмөк деген терең ишеничтемин»97, - деп

билдирген.

Page 73: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

73

Мындан сырткары, заманбап практика күбөлөгөндөй, Америка Кошмо

Штаттары «түстүү революциялар» сыяктуу тике күч колдонуу менен катар

эле маалыматтык -психологиялык таасир көрсөтүүнүн методдорун кеңири

пайдаланууда98- деген тушунуктогу орусячыл аясатчсылар жанан илимпоздор

да ото коп. Айтсак, өз диктатына баш ийбеген Югославия, Белоруссия, Иран

сыяктуу суверендүү мамлекеттерге карата АКШ интенсивдүү психологиялык

сокку уруу аракетин көрүүдө99. Америкага ыңгайсыз болуп саналган

мамлекеттерди каралоо максатын көздөгөн массалык пропагандисттик

кампаниялар жүргүзүлүүдө. Болгон далалатын жумшап Вашингтон куруп

жаткан глобалдык структура туруктуу системанын мүнөзүнө ээ боло албай,

Эски Дүйнө үчүн саясий жана экономикалык мүнөздөгү кандай оор

кесепеттерге алып келээрин Грециядагы дефольт жана Украина кризиси

түрүндө Европа өз жонунда сезе баштады100. Эгерде глобалдык структураны

кармап калуу максатында ар бир жарым жылда миңдеген адамдарды

мүшкүлгө салган Украина, Греция өңдүү мамлекеттерди «түрткүнчүк» деп

дайындоо зарыл болсо, анда заманбап дүйнө эл аралык мамилелердин

системасына айлана албайт. Ошол себептен, супер держава ролун аткарууга

бел байлаган Америка Кошмо Штаттары, ири алдыда, бүткүл дүйнөнүн

тагдыры, анын убал-сообу үчүн жоопкерчиликти сезе билип, башкалардын

эсебинен аман калып, күн көрүү амалдарын издөөнү токтотуусу абзел. Ошол

себептен, З. Бжезинский 60 жыл илгери өзүнүн «Тарыхты изилдөө» деп

аталган чыгаан эмгегинде Арнольд Тойнби каалагандай империянын

талкалануу себеби болуп, акыр аягында келип эле, «анын лидерлеринин жан

кечти иш-аракеттери саналат»101, - деген тыянакка келгендигин жөн жеринен

баса белгилебесе керек. Бирок, мындай кооптонууларды алдын ала көрө

билген «улуу шахматист» Збигнев Бжезинскийдин оюуна 2016- жылдын

ноябрь айында ото турган шайлоодо жаны келе турган президенттин

позициясы кандай болоору кызык бойдон калууда.

АКШнын Евразияга тескөөлүк орнотуусу автоматтык түрдө

Африканы багындырууну туюнтат. Ошентип, дал ушул Евразияда

Page 74: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

74

Американын геосаясий кызыкчылыктары топтолгон. Жалпысынан алганда

евразиялык күч-кубат америкалык күч-кубатка салыштырмалуу бир кыйла

артыкчылыктарга ээ. Бирок, «Американын багына жараша Евразия эбегейсиз

зор болгондуктан, ал эч качан саясий багытта бирдиктүү боло албайт». З.

Бжезинскийдин пикиринде «Дүйнөлүк масштабдагы жападан жалгыз супер

держава катары Американын ролу азыркы күндө Евразияга карата бирдиктүү

жана так кесе аныкталган стратегияны иштеп чыгуу зарылдыгын

жаратууда»102. З. Бжезинскийдин ою боюнча алгач АКШ Евразияда геосаясий

плюрализмди орнотууга тийиш. Бул үчүн АКШга каршы багытталган

коалициялардын түзүлүү мүмкүндүгүн жокко чыгарган саясий маневрлар

менен дипломатиялык манипуляцияларга приоритет берүү зарыл. Бирок,

автордун пикиринде, Евразиянын картасында жашаган бир да мамлекетте

мындай багыттагы реалдуу мүмкүндүктөр жок. Орто мөөнөттүү

перспективадагы американизациянын экинчи этабында Евразияда өз

кучагына көп сандаган өлкөлөрдү камтып, америкалыктардын жетекчилиги

астында коопсуздуктун трансевразиялык системасын түзө алган

стратегиялык жагымдуу өнөктөштөр (партнерлор) пайда болот. Ал эми узак

мөөнөттүү планда булардын баардыгы тең глобалдык масштабдагы чыныгы

саясий жоопкерчиликтин негизги системасы болуп калууга тийиш. Жакынкы

келечектеги негизги милдет болуп АКШны Евразиядан сүрүп чыгаруу, же

анын дүйнөлүк арбитр катары чечүүчү ролун бир кыйла деңгээлде

төмөндөтүү үчүн зарыл болуп саналган потенциалга ээ бир да мамлекеттин

болбоосуна жетишүү абзел103. Пентагондун америкалык стратегиялык

максаттар тууралуу 1992-жылы жашыруун сыр болуудан калган

меморандумуна таянсак, Америка Кошмо Штаттары «АКШга каршы

потенциалдуу коркунучтун пайда болушун глобалдуу алдын алуу, дүйнөдөгү

америкалык үстөмдүктү сактап калуу» максаттарын көздөйт. Азыркы күндө

НАТО Европада америкалык саясатты жүргүзүүнүн негизги механизми жана

АКШ үчүн өтө зор мааниге ээ бул чөлкөмдө (региондо) америкалык аскерий

Page 75: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

75

базаларды жайгаштыруу аркылуу аталган чөлкөмгө таасир берүүнүн негизи

болуп саналат.

Диссертациялык иштин 1-бабында кеңири айтылгандай, 1980-

жылдардын башында америкалык политолог Збигнев Бжезинский тарабынан

иштелип чыккан конвергенция (жакындашуу, макулдашуу) теориясы боюнча

Батыш менен Чыгыш өздөрүнүн маданий баалуулуктарынан, капитализм

менен социализмден баш тартып, өз ара макулдашып, СССР менен АКШ

орточо маанайдагы коомду же борборлору Москва менен Вашингтон болгон

Дүйнөлүк Өкмөттү түзүүлөрү абзел эле. Ал максатка жетүү үчүн Батыш

капитализмден, милитаристтик саясаттан оолактап, Чыгыштын рухий

маданиятынын бийик дөөлөттөрүн, ал эми Чыгыш коммунизм идеясынан,

социалисттик жашоо образынан, тоталитаризмден четтеп, Батыштын рынок

мамилелерин, эркиндигин, демократиясын, адам укуктарын ж.б. кабыл

алуусу зарыл болчу104. 1985-жылы бийликке келген М. С. Горбачев З.

Бжезинскийдин аты аталган теориясын кабыл алып, Батыштын бардык

талаптарын аткаруу менен СССР мамлекетин ыдыратып, Варшава

келишимин таркатып, өз мамлекетин акырындык менен капитализмдин

нугуна оодара баштаган. Максатына жеткенден соң, АКШ өздөрүнө

жүктөлгөн талапты аткарбай, жаш саясатчы М. С. Горбачевдун ойлогон ою

көңүлдөгүдөй ишке ашпай калган.

Айтылгандардан улам АКШнын Европага карата эң башкы геосаясий

маселе болуп мурда АКШ менен байланышкан франко-германдык

биримдикке карата Европаны кайрадан кантип түзүп чыгуу керек деген

суроо эсептелет. Германия да, Франция да өз алдынча Европаны түзө албайт.

Бирок, Европа Франциясыз да, Германиясыз да жашай албагандыктан,

Германияга же Францияга карата оң же терс маанайда тандоо жүргүзүү туура

эмес. Мындай шарттарда АКШ мамлекети Европа америкалык глобалдык

тескөөдө турса да, Европа АКШнын тең укуктуу өнөктөшү деп ынандыра

алышы керек. Ошол эле учурда Европанын эсебинен НАТОну кеңейтүү

зарыл.

Page 76: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

76

НАТОнун мүчөсү болуп «демократиялуу мамлекеттер» гана

эсептелиши керек105. Бул болсо жаңы демократиялык түзүмдөргө стимул

берет. Башкача айтканда, бирдиктүү Европага, Еврошериктештикке НАТО

аркылуу гана кирүү мүмкүн. Бул болсо атлантикалык таасирди жайылтуу

менен бекем орнотуунун алдын ала терең ойлонулган жана этаптуу

мүнөзүнөн кабар берет. Алгач Польшаны, андан соң Украинаны франко-

германдык-польшалык-украиндик союзга кабыл алуу менен эле 2010-жылы

атлантисттер өз тарабына 230 млн. адамды тарта алышкан. Орусияны болсо

Европаны эшиги ал үчүн ачык деп ынандыруу өнөкөткө айланган. Ошентип,

Европа Евразияга атлантикалык таасирди жайылтуу үчүн зарыл болуп

саналган плацдарм боло алат. Ошол эле учурда америкалыктар бирдиктүү,

кубаттуу жана ынтымактуу Европа Американын Жакынкы Чыгыштагы

кызыкчылыктарына каршы болуусуна жол бербеши абзел106.

З. Бзежинский Евразиянын батышында чечүүчү ролду Франция менен

Германия ойнойт деген пикирде. НАТОну уламдан улам Чыгышка карай

жылдыруу менен Америка- европалык демократиялык плацдармды кеңейте

бермекчи. Евразиянын Ыраакы Чыгышында борбордук ролду Кытай ойнойт.

Ошол себептен, Вашингтон менен Пекиндин ортосундагы геостратегиялык

консенсуска жетмейинче Американын Евразиядагы саясий таянычы болбойт.

Орусия болсо өзү тууралуу чөлкөмдүк гана мааниге ээ мамлекет деп

жарыялап, Евразиядагы чечүүчү таасиринен баш тартыш керек. З.

Бжезинскийдин пикиринде чечүүчү таасир аскерий, экономикалык,

техникалык жана маданий чөйрөлөрдөөзүнө бир да мамлекет тең келбей,

глобалдык саясий ири салмакка ээ Америкага гана таандык болуусу абзел.

Анын ою боюнча Орусиянын келечеги так кесе анык эмес, анын позитивдүү

маанайдагы эволюциясынын перспективалры жокко эсе. Ошол себептен

Америка Орусияны кеңири чектерге ээ европалык кызматташтыктын ишине

тартуу менен бирге эле жаңы суверендүү коңшу мамлекеттердин көз

карандысыздыгын бекемдөөгө көмөк берген саясий шарттарды түзүүсү

керек107. З. Бжезинский Орусия менен АКШнын өз ара жакындашуусу зарыл

Page 77: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

77

түрдө ишке ашат деп эсептеген. Анткени, АКШ менен Орусиянын

ортосундагы өнөктөштүк тарых жана геосаясат менен шартталган табыгый

процесс болуп саналат. Збигнев Бжезинскийдин пикиринде мындай

өнөктөштүктүн альтернативалары ар кандайча болушу ыктымал.

«Эгерде Орусиянын геосаясий позициясын түштүктөгү орустарга кас

маанай күткөн көп сандаган мусулман мамлекеттери жана чыгышта таасири

күндөн күнгө өсүп бара жаткан Кытайдын өңүтүндө карай турган болсок, -

деп жазат америкалык саясатчы, - анда Орусия үчүн жападан жалгыз жол –

бул Батышка жакындоо экендиги айтпаса да түшүнүктүү». З. Бжезинский

Америка үчүн Орусия менен тыгыз өнөктөш болуу Европа менен бүткүл

дүйнөдөгү туруктуулукту, Атлантика тарапка болгон өз ара ишеним артууну

туюнтат деп баса белгилеген. Конвергенция, же АКШ менен Орусиянын

жакындашуусу терроризм жана ядролук коркунучту жайылтуу сыяктуу

жалпы кооптонууну жараткан проблемаларды чечүүгө жардам берет. Ал

тургай, өзүнүн «Тандоо. Дүйнөлүк үстөмдүк же глобалдык лидерлик»

(«Выбор. Мировое господство или глобальное лидерств”) деп аталган

китебинде З. Бзежинский Орусиянын НАТОго киришине да жол берген

прогнозду сунуштайт.

Орусиянын НАТОго кириши тууралуу прогноздо Азия «саясий жанар

тоого (вулканга) окшош» деген З. Бжезинский кытайлардан коркуп,

Орусиянын чыгышка карай ориентациясынан чочулаганын төмөнкү

эскертүүдөн да байкоого болот: «Улуу Кытай пайда болушу толук ыктымал.

Ошондо анын коңшулары каалайбы, каалабайбы, Кытайдын аракеттерине

тоскоолдук кылуу далалаттары аны менен болгон жаңжалга алып келиши

мүмкүн»108. АКШ үчүн эң эле кооптуу сценарий болуп Кытай, Орусия жана

Ирандын катышуусу менен «антигегемонисттик» коалициянын жаралышы

эсептелет (АКШнын президенти Картердин улуттук коопсуздук боюнча экс-

кеңешчисинин байкамында, мындай кырдаалда Кытай лидер, ал эми Орусия

аны ээрчиген өнөктөш болуп каклышы мүмкүн. Ушундай жагдай түзүлө

турган болсо, анда АКШ Ырааккы Чыгыштагы өз тескөөсүнөн (контролунан)

Page 78: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

78

айрылат. Ошол себептен, Американын орто мөөнөттөгү максаты болуп

саясий планда 1) Европа жана Кытай; 2) постимпериялык, бирок, Батышка

багыт алган Орусия жана 3) Евразиянын түштүгүндөгү демократиялуу Индия

менен болгон алакаларды жыйынтыктуу жана так кесе аныкталган маанайга

өткөрүү саналат. Мындай планды ишке ашырууда уламдан улам жайыла

баштаган Европа менен НАТО АКШнын таасиринин чек араларын кеңейтип,

Борбордук Европадагы өлкөлөрдү өз курамына киргизүү аркылуу европалык

кеңеште проамерикалык ориентациядагы, бирок, саясий жактан

интеграцияны түзбөгөн мамлекеттердин санын көбөйтүп, АКШнын

геосаясий маселелердеги максаттарын реализациялоого көмөк бермекчи109.

З. Бжезинский дүйнөдөгү америкалык үстөмдүк жана бир уюлдуу

система тууралуу АКШ «жападан жалгыз жана чындыгында эле дүйнөдөгү

алгачкы нукура глобалдуу держава», - деп ишенимдүү жазат. Ошол себептен,

АКШнын келечектеги саясаты үчүн «саясий аренада Евразияга үстөмдүк

кылууга, демек, Американын талаасына таш ыргытууга жөндөмдүү

атаандаштын пайда болбошу өзгөчө маанилүү»110. Айтылгандардан Збигнев

Бжезинский Америка Кошмо Штаттары буга чейин НАТОну кеңейтүү

боюнча жасап келген далай аракеттери өз темпи менен максаттуулугун

жоготсо, анда АКШнын Евразияга карата саясаты жалпы жонунан эч нерсеге

арзыбас нерсеге айланат деген тыянагын түшүнүүгө болот. Мындай

жолсуздук америкалык лидерликти дискредитациялап, проамерикалык

маанайда кеңейип келе жаткан Европаны башка нукка буруп, борбордук

европалыктарды деморализациялап, Орусиянын Борбордук Европага карата

азырынча уктап жаткан, жалпы жонунан, өлүм алдында турган геосаясий

умтулууларын кайрадан ойготуп жиберүүсү толук мүмкүн. Батыш үчүн оор

болгон бул сокку евразиялык коопсуздуктун нукура европалык

таянычтарынын перспективаларына орду толгус зыян алып келип, АКШ

үчүн чөлкөмдүк (регионалдык) гана эмес, глобалдык да утулуу ызасын берет.

Америка Кошмо Штаттарынын таасири канчалык зор болсо да,

Евразия өзгөчө мүнөздөгү геосаясий мааниге ээ жана Американын лидерлик

Page 79: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

79

келечеги дал ушул ири материкке байланышкан. Демек, Збигнев Бжезинский

аныктагандай, америкалык тышкы саясаттын негизги милдети «глобалдык

кызыкчылыктарга ээ Америка кандай жол менен евразиялык державалардын

ортосундагы татаал мамилелерди чече алышы мүмкүн, ири алдыда, эл

аралык аренада үстөмдүк кылган жана антагонисттик маанайдагы

евразиялык державанын пайда болуусуна бөгөт кое алабы деген суроо

Американын дүйнөлүк үстөмдүктү ишке ашыруу жөндөмүндөгү борбордук

маселе болуп саналат»111. Берилген суроодо З. Бжезинскийдин позициясын

Генри Киссенджер да тең бөлүп, «геосаясий жактан Америка мамлекети

ресурстары менен калкынын саны боюнча Америка Кошмо Штаттарынан бир

кыйла артыкчылык кылган гигант материк Евразиянын жээктеринин

ортосундагы арал гана болуп саналат. Кандайдыр бир державанын Евразия

континентинин курамына кирген Европанын же Азиянын үстүнөн болгон

үстөмдүгү Америка үчүн стратегиялык коркунучтун критерийи болуп калат».

Мындай мамлекеттердин топтошуусу Америкага караганда экономикалык

гана эмес, аскерий өңүттө да артыкчылыкка ээ болуп кетүүсү толук ыктымал.

Окуялардын мындай болуп кетүүсүнө жол бербөө америкалык тышкы

саясаттын эң маанилүү максаттарынын бири112.

АКШ үчүн евразиялык геостратегия өз кучагына «геостратегиялык

көз карашта динамикалуу деп эсептелген катализатор мамлекеттердин

геосаясий пландарын максаттуу жетектөөнү» камтыйт. Мында Америка эки

маанилүү кызыкчылыктарды аркалайт: 1) жакынкы перспективада - өзүнүн

глобалдык бийлигинин артыкчалуулугун сактап калуу, 2) алыскы

перспективада бул бийликти институтташтырылган глобалдык

кызматташтыкка трансформациялоо113.

Евразияга карата америкалык геостратегияны иштеп жатып З.

Бжезинский эки маанилүү категориядагы өлкөлөрдү айырмалайт: 1)

геостратегиялык аракеттүү жактар жана 2) геосаясий борборлор.

Геостратегиялык активдүү жактар болуп «учурдагы геосаясий абалды

өзгөртүү максатында өздүк чек арадан сырткары аймактарга бийлик

Page 80: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

80

жүргүзүү, таасир этүү жөндөмү менен улуттук эркке ээ» мамлекеттер

эсептелишет.

Геосаясий өңүттө геостратегиялык активдүү жактар туруксуз келишет

да, америкалык күч-кубатка карата сын көз карашта болуп, өз

кызыкчылыктары америкалык кызыкчылыктар менен дал келген же ага

карама каршы болгон чектерди аныктап, андан соң америкалык саясатка

ылайык келген же ага каршы багытталган өздүк милдеттерди калыптандырат.

Геосаясий борборлор болуп «маани-маңызы алардын күчү менен

мотивациясынан эмес, геостратегиялык аракеттүү жактардын таасиринен көз

каранды болгон мамлекеттер» эсептелишет. Көп жагынан геосаясий

борборлордун маани-маңызы алардын географиялык абалы аркылуу

аныкталат. Алардын географиялык абалы геостратегиялык аракеттүү

жактардын ресурстарга ээ болуу максатында өтө бай маанилүү райондорду

тескөөгө алуу планына макул болуу же болбоо ишинде өзгөчө ролду

аткарат114. Мындай өлкөлөр геосаясий аренада өзгөчө мааниге ээ

мамлекеттин же чөлкөмдүн калканы катары кызмат өтөй алышат. Мына

Борбордук Азиядагы АКШнын кызыкчылыктарынын бири болуп дал ушул

географиялык жайгашкан абалы да кошулат. Постсоветтик Борбордук Азия

мамлекеттери Казахстан, Кыргызстан, Тажикистан, Түркмөнстан жана

Өзбекстандын жогоруда аты аталган геостратегиялык аракеттүү жактар жана

геосаясий борборлорлордун дээрлик көпчүлүгүнүн так ортосунда же

чектешип жайгашуулары бул регионду амбициясы күчтүү мамлекеттердин

кызыкчылык чордонуна айлантпай койбойт.

СССР таркагандан тартып Батыш өлкөлөрү, АКШ жаңы суверендүү

болгон бул жаш өлкөлөрдүн эгемендүүлүктөрүн дароо таануу менен ар

тараптуу жардам колдорун сунушту. Айрыкча бул иштерди жүргүзүүдө эл

аралык уюмдар жана бейөкмөт уюмдар активдүү ролдорду аткарышты.

Алгачкы декадада экономикалик жана саясий кризистен баш көтөрө албаган

Орусия бул чөлкөдө кыйла пассивдүү иш жүргүздү. 26- март 2010- жылдагы

Орусияда президенттике шайланган Владимир Путин өлкөсүн матып калган

Page 81: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

81

саздан чыгаруу далалаты менен тышкы саясий аренада да өтө төмөндөп

кеткен саясий таасирин кучөтө баштады. Өтө көп мөөнөт өтпөстөн Путиндин

амбициялары Борбордук Азиянын кээ бир мамлекеттеринин ички жана

тышкы саясатына түздөн- түз кийлигишүүлөрү менен коштолууда. АКШ

жана Батыштын Орто Азияда активдүү иш аракеттерди алып

баралбастыгынын себеби Орусиянын бул өлкөлөргө болгон сыйыртмагынын

кайрадан бекемдегендигинде. Буга далил катары Белорусия, Казакстан жана

Орусия Федерациясынын президенттери тарабынан 29- май 2014- жылы

курулган Евразия Экономикалык Биримдигин атоого болот. Теорияда

экономикалык союз, практикада Орусиянын саясий амбициялары

таңууланган бул биримдик 12- август 2015- жылы Кыргызстанды толук

кандуу кабыл алып, эми Тажикстанды өз курамына өтүүнү талап кылууда.

Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун 2- сентябрь 2016- жылдагы

өлүмүнүн натыйжасында бийликке келген Шавкат Мирзиеевдун да Орусия

тарапка ыктоосу болжолдонууда. Бул көрүнүштөрдү АКШ Путинизм деген

жаңы терминология менен атап, дүйнө коомчулугуна келечекте чыга турган

проблемалар тууралуу коңгуроо кагууда.

Конгресстин чечими менен 1999-жылы «Silk Road Strategy Act»

(Жибек- Жолу Стратегиялык Актысы) иштелип чыгып Түштүк Кавказ жана

Борбрдук Азияда башкарууну жакшыртуу, конфликттерди жөнгө салуу,

гуманитардык муктаждыктар, экономикалык өнугүү, транспорт-

коммуникация, чек араларды көзомөлдөө, демоктратия жана граждандык

коомчулукту калыптандыруу камтылган.

Учурда Барак Обаманын Администрациясы АКШнын Борбордук

Азиядагы өздөрүнүн жоопкерчилик саясаты катары 6 объектти тизмеледи:

1. Региондогу өлкөлөр менен АКШнын жана НАТОнун авиа базаларына

Афганистандагы аскер жана жүк ташууда биргелешип контр

террористтик чабуулдарга каршы иш алып барууну жогорулатуу. (Бул

Page 82: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

82

объекттин мааниси коалиция күчтөрүнүн Афганистандан

чыгарылышы менен актуалдуулугу төмөндөдү).

2. Негизги максаттардын бири Жибек- Жолу катары түндүк- түштүк

соода коммуникациясында өнүгүүнү, аймактагы энергия жана башка

байлыктарын транспорттоонун түрдүү жолдорун куруу.

3. Натыйжа катары өкмөттүк жакшы башкаруунун мааниси жана адам

укуктарын сыйлоого үндөө.

4. Атаандаштык базар экономикасына шыктандыруу.

5. Адам сатуу жана наркотикалык трафик менен күрөшүү.

6. Калктын санынын өсүшүн колдоо. 115

З. Бжезинскийдин пикиринде азыркы мезгилде Франция, Германия,

Россия, Кытай жана Индия сыяктуу беш геостратегиялык аракеттүү жактар

жана Украина, Азербайжан, Түштүк Корея, Түркия жана Иран өңдүү беш

геосаясий борборлор бар. «Жер шарынын башка райондоруна

салыштырмалуу Европанын реалдуу көмөгү дайыма артыкча мааниге ээ», -

деген З. Бжезинский Европаны Американын табигый шериктеши деп

эсептеген.

Америкалык саясатчы Америка менен Европанын ортосундагы

көпүрөнү НАТОдон көрөт. Мындан сырткары, анын пикиринде, Европа

«демократияны Евразиянын түпкүрүнө сүңгүп киргизүү ишиндеги

трамплин» катары кызмат кылат. Ошентип, АКШ Еврошериктештик менен

НАТО түзүмдөрүн чыгыш тарапка катары кеңири жайылтууга абдан

кызыкдар. Демек, мындай иште Америка үчүн Европа евразиялык

континенттеги плацдарм болуп эсептелет116. АКШнын эгидасы астында

Батыш мамлекеттери бирдиктүү геосаясий, экономикалык, аскерий жана

маданий консолидацияланган бүтүндүккө баш кошо баштаган. Бирдиктүү

Европа жана акырындык менен Европаны улуттук кошуундан сырткары

институттар аркылуу башкарылган кандайдыр бир супер-мамлекетке

айландыруу идеясы АКШнын геосаясий стратегиясы менен тарыхтын

либералдык долбоорунун бир бөлүгү болуп, америкалык саясий аң-сезим

Page 83: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

83

өзүн өзү жалпы Батыш менен тең маанилештире баштаган. Тарыхый

субъекттердин диний-философиялык жобосунун өңүтүндө мындай

ассимиляцияланган аң-сезимде жөн гана күчтүү мамлекет эмес, өзүн бүткүл

дүйнөнүн чордону менен тең маанилештирип, калган дүйнөнү тарыхый

демилгеге укуксуз артта калган чет жака (провинция) катары баалаган мотив

орногон117. З. Бжезинскийдин пикиринде Евразиянын туруктуулугу

коопсуздуктун бүткүл континентти өз кучагына алган трансевразиялык

системасын түзүү менен чыңдалмакчы. Ошондуктан ал «Америка, Европа,

Кытай, Япония, конфедеративдүү Орусия жана Индия, ошондой эле, башка

мамлекеттер да бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, мындай

түзүмдөгү трансконтиненталдык системанын өзөктүү чордонуна айлана

алмакчы». Бирок, З. Бжезинский америкалык үстөмдүк убактылуу гана

кубулуш деп эсептейт: «Акыр аягында бийликтин бир мамлекеттин колунда

топтолгону дүйнөлүк саясатка мүнөздүү болбой калмакчы»118.

Демек, өздөрүнүн дүйнөлүк рынок оюндарындагы кызыкчылыктарын

оптималдаштырган дүйнөлүк интеллекттердин шахмат оюну сымал караган

З. Бжезинскийдин геосаясий стратегиясын АКШ глобалдык масштабдагы

алгачкы жана жападан жалгыз гана эмес, эң акыркы да супер держава катары

тарыхта калат сыяктанат деген божомолу менен тыянактаса болот. Айтсак, З.

Бжезинскийдин жобосунда үчүнчү миң жылдыктын башында дүйнөлүк

үстөмдүк кылуу идеясы толук кандуу ишке ашат. Бул идеяны ишке

ашырууда АКШ өз функциясын аткарып, андан соң дүйнөнүн башка

мамлекеттери сыяктуу эле өзүнүн тарыхый маанисин жоготкон алгачкы жана

жападан жалгыз супер державанын ролун аркалоого тийиш.

Айтылгандардан бүткүл дүйнөнү америкалык эгида астында

глобалдык башкаруу үчүн АКШ Евразияга карай уламдан улам умттулуп

жатканын байкоого болот деген тыянакка келүүгө болот. «Евразиялык

континенттеги америкалык плацдармды трансатлантикалык өнөктөштүктүн

жардамы аркасында чыңдоо» үчүн Вашингтонго «уламдан улам кеңейип

жаткан Европа» «Евразияга карай кыймылга реалдуу трамплин» болуп

Page 84: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

84

калуусу тийиш. Бирок, мындай геосаясий каалоо-тилек эмнегедир Европаны

кабатырландырган жок. Натыйжада, азыркы мезгилде дүйнөнү евразиялык

масштабдарга ээ болгон кайра бөлүштүрүү ишинде «глобализм

идеологиясы», ошондой эле ага жетүүнүн методдору уламдан улам реалдуу

жана ашынган формаларга ээ болуп бара жатат.

Саясатчы адистер АКШнын Борбордук Азиядагы өзгөрүп турган

саясий мүнөздөмөсүн аныктаган. АКШнын Казакстандагы

кызыкчылыктарына Совет доорунан калган ядролук жана биологиялык

куралдардын, заттардын жана ишканалардын коопсуздандырылышы,

тазалануусу кирет. Казакстан жана Түркмөнстанда АКШнын энерго

компаниялары нефть жана табыгый газды иштетүүгө инвестиция жасап,

ийгиликтүү башкаруунун натыйжасында бул ресурстардын батышка

экспорттоого шарт түзүү. АКШнын Кыргызстанга болгон негизги саясаты

граждандык коомчулукту колдоо болуп саналса, Тажикстанда туруксуз

экономикасынын жана жогорку деңгээлдеги жакырчылык менен күрөшүү

кирет. Кошмо Штаттар жана башка күчтөр бул чөлкөмдөгү суу ресурстарын

башкарууну жөнгө салууга шашылат. Ал эми Өзбекстан менен болгон

мамилелери Андижан окуясынан кийин солгундап кетсе да, жаңы өзгөрүүлөр

менен кайрадан жандануунун босогосунда турат. Башка кызыкчылыктарга

чөлкөмдүн Түштүк Азия жана Европа менен болгон аймактык интеграциясы,

энергетикалык ресурстарын колдонуунун коопсуздугун шарттоо деп айтууга

болот. Ошол эле учурда Р. Блейк 2010- жылдын июль айында: «Бул

администрация Борбордук Азия өлкөлөрү менен коопсуздук мамилелерине

гана башын сайып алды жана адам укутары маселелерин унутта калтырды...

Адам укуктары жана граждандык коомчулуктун маселелри биздин

диалогубуздун коопсуздук маселелерине барабар негизги маанилүү маселе

бойдон кала берет» - деген критикалык сын пикирин айтып чыккан119.

Айтылгандар төмөнкү корутундуларга негиз боло алат:

Page 85: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

85

1. Англиялык геосаясатчы Х. Маккиндер 1) географиялык

факторлор тарыхый процесстин жүрүшүнө тике таасир берет; 2)

географиялык абал мамлекеттин потенциалдуу күчү менен талуу жерин

алдын ала аныктайт; 3) техникалык прогресс мамлекеттердин географиялык

жашоо чөйрөсүн өзгөртүп, алардын потенциалдуу кубатына оң же терс

таасир берет; 4) Евразия континенти дүйнөлүк тарых менен глобалдык

масштабдагы саясий процесстердин өзөгү болуп саналат деген өтө кызыктуу

концепцияны иштеп чыккан.

2. Англиялык геосаясатчы Х. Маккиндер Азия, Африка жана

Европаны өз кучагына алган Дүйнөлүк аралдын (World Island) чектеринде

жайгашкан Неаrtlаnd түшүнүгүн киргизген. Планетардык мейкиндик

концентрацияланган айланалардын системасы түрүндө чагылдырылган. Бул

системанын чок ортосунда «тарыхтын географиялык өзөгү»

(«географическая ось истории»), же «өзөктүү тилке» («осевой ареал»)

жайгашкан. Аталган түшүнүктөр Орусия жетекчилик кылган СССРдин

аймагына, же «Heartlandге» («жердин жүрөгүнө») тең маанилеш. Андан соң

евразиялык континенттин жээктерин бойлоп, «ички жарым ай», же Rimland

деп аталып, цивилизациялар интенсивдүү өнүккөн аймагы жатат.

3. Х. Маккиндердин көз карашында «сырттан келген варварлардын

кысымы астында гана Европа өз цивилизациясын түзө алган», «Европа менен

европалык тарых Азия менен анын тарыхына баш ийген кубулуштар болуп

саналышат». Ошол себептен, Rimlandди мекендеген англиялык окумуштууну

Орусия жана Германия сыяктуу эки мамлекеттин «континенталдуу»

маанайдагы географиялык абалы абдан чочулаткан. Анын пикиринде,

геосаясий ниеттердин логикасы боюнча, жогоруда аталган эки мамлекет

келечекте Орусия жетектеген, ал эми Германия жетеленген мамлекетке

айланып, орусиялык-германдык шериктештикти (союзду) түзүүлөрү

ыктымал.

4. Х. Маккиндер коммунизм идеяларына жамынган Heartland, же

СССР алгач Евразия чөлкөмүндө, андан соң Rimland менен World Islandдин

Page 86: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

86

кеңири аймактарында (мындай аймак деп Маккиндер Евразия менен

Африканын биргелешкен мейкиндигин түшүнгөн) өз үстөмдүгүн орнотуп, ал

жердеги табыгый жана адам ресурстарын өзүнө кызмат кылдырып, бүткүл

дүйнөгө үстөмдүк орното алаарынан кооптонгон.

5. А. Мэхен тарабынан даярдалган аракет программасын анын

окуучулары Н. Спайкмен, Г. Киссинджер, З. Бжезинский жана Ф. Фукуяма

сыяктуу америкалык окумуштуулар менен саясатчылар кынтыксыз аткарып,

«анаконда сыйыртмагы», «май токоч жана камчы» деп аталган стратегиялык

методдордун, БУУ (ООН), «Бильдерберг клубу» жана башка эл аралык

институттардын, мондиализм жана ковергенция деп аталган теориялардын

жардамы аркасында ХХ кылымдын аягында АКШны дүйнөдөгү эң кубаттуу

державага айландыруу менен дүйнөнүн өзүн бир уюлдуу кылуу аракетин

көздөшүүдө.

6. Атлантизм деңиздин геосаясаты болуу менен бирге аскер

чөйрөсүндөгү илимий-техникалык прогресс жана илимий-техникалык

революциянын жаңы идеяларын четке каккан эмес. Алгачкы жолу Хиросима

менен Нагасакиге ташталган стратегиялык бомбардировщиктер,

континенттер аралык, канаттуу жана башка ракеталар сыяктуу жаңы типтеги

куралдардын пайда болушу Деңиз күчүнүн (Sea Power) Кургак жерге

(Heartland) болгон үстөмдүгүнөн шек туудура баштаган. Ошол себептен,

геосаясаттын Деңиз жана Кургак жер сыяктуу мурдагы эки маанилүү

элементтеринин ордуна ядролук гана эмес, плазмалык да, лазердик да

куралдарды колдонууга шарт түзгөн аба жана космостук мейкиндиктерди да

эске алган жаңы доктриналарды ойлоп чыгуу зарылдыгы келип чыккан.

7. Геосаясаттагы жогоруда аталган жаңы элементтер аэрократия

жана эфирократия деген аталыштарга ээ болгон. Классиктер деген атка

конгон геосаясат илиминин негиздөөчүлөрү тап-такыр көңүл бурбаган бул

эки чөйрөнү өздөштүрүү эми талассократиялык теорияларда (грекчеден

thalasso - деңиз, kratos - бийлик) жаңы деңгээлде жүргүзүлө баштаган.

Page 87: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

87

8. Тарых көрсөткөндөй, атлантизм Деңиз мыйзамына таянган

бардык чөйрөлөрдү динамикалуу жана ырааттуу пайдалана билген.

Натыйжада, атлантисттердин геосаясаты уламдан улам күч алып, Евразия

геосаясаты мажбурлуу коргонууга өткөн. Аэрократия чөйрөсүндө

теллурократиялык СССР салыштырмалуу ийгиликтерге жетсе да,

эфирократия менен тыгыз байланышкан «жылдыздар согушунда» («звездные

войны») талассократияга таандык АКШ менен толук кандуу атаандаша

албай, натыйжада, «кансыз согуштан» («холодная война») жеңилүү ызасын

тартып, Варшава келишимине кирген өлкөлөрдүн шериктештиги, андан соң

СССРдин өзү ыдырап, талкаланган.

9. ХХ кылымдын аягы - ХХI кылымдын башында дүйнөнүн ар кыл

мамлекеттеринде, айрыкча, алгач социалисттик система менен СССРге,

андан соң Орусия Федерациясына боор тарткан мамлекеттерди «түстүү

революциялардын» толкуну каптап кетти. Айрым өлкөлөр бул «толкундун»

илебинен өзүн сактай алса, башкалар анын курмандыгына айланганын соңку

тарых күбөлөөдө. 2000-жылы Сербиядагы Слободан Милошевичтин

режиминин кулашы, 2003-жылдын ноябрындагы «роза революциясынын»

жүрүшүндө Эдуард Шеварнадзенин кызматтан кетиши, 2004-жылдын

декабрындагы Украинадагы «кызгылтым революциянын» натыйжасында

Виктора Ющенконун бийликке келиши, 2005-жылдын мартында

Кыргызстанда болуп өткөн «жоогазын революциясынын» салтанаты – бир

эле чынжырдын айрым бөлүктөрү болуп саналышат. Бул көрүнүш 2005-

жылдагы Кыргызстандагы жоогазын ынкылабы сымал жалпы аймактагы

мамлекеттерде уюштурулушу толук ыктымалдуу.

10. Биполярдык система кулагандан кийин АКШнын геосаясий

стратегиясы Евразияга лидерлик кылуу күчтүү аракеттерди көрүүдө деп

ишенимдүү айтууга болот. Ал эми америкалык политолог Збигнев

Бжезинскийдин «Улуу шахмат тактасы» бул максатка жетүүнүн негизги

куралы болуп саналат. Дүйнөлүк үстөмдүк үчүн евразиялык улуу «шахмат

тактасында» Орусия, Германия, Франция, Кытай жана Индия өңдүү башкы

Page 88: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

88

фигуралар күрөш жүргүзүп келет. Тышкы саясатта эбегейсиз зор

амбицияларга ээ бул ири мамлекеттер АКШнын кызыкчылыктары менен

кагылышы толук ыктымал.

2-бап.АКШнын ПОСТСОВЕТТИК БОРБОРДУК АЗИЯДАГЫ

САЯСАТЫНЫН ЭВОЛЮЦИЯСЫ, НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ ЖАНА ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

§ 2.1 АКШнын Борбордук Азия мамлекеттерине карата саясатынын негизги багыттары менен этаптары

1991-жылдын декабрь айында СССР мамлекети өз жашоосун

токтотуп, анын эбегейсиз зор аймагында дүйнөлүк аренага эл аралык укуктун

субъектиси катары чыккан жаңы көз карандысыз мамлекеттер пайда болгон.

Бул республикалар өз ара жана эл аралык мамилелердин башка

катышуучулары менен алакаларды (контакттарды) өнүктүрүү аркылуу өз

алдынча тышкы саясатты жүргүзүүгө бел байлашкан. Натыйжада,

мамлекеттер ортосундагы кызматташтык АКШ менен Казакстан,

Кыргызстан, Тажикистан, Түркмөнстан жана Өзбекстан өңдүү Борбор Азия

өлкөлөрүнүн ортосунда да өнүгө баштаган.

1990-жылдардын биринчи жарымында АКШ постсоветтик Борбор

Азия чөлкөмүнүн саясатына аз катышкан. Ошол себептен, 1992-жылы

АКШнын сенатынын эл аралык мамилелер Комитети үчүн жасалган

докладында сенатор Алан Крэнстон Борбор Азия – АКШ менен этникалык

байланышка ээ эмес алыс жаткан жана экономикалык жактан начар өнүккөн

чөлкөм (регион) деп билдирген. Анын пикиринде постсоветтик

мейкиндиктеги америкалык саясат өз көңүлүн демократиялык жол менен

Орусияга гана топтоосу абзел. Ошол эле учурда АКШ табигый ресурстарга

Page 89: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

89

бай Борбор Азияга кол шилтеп коюуга да болбойт, анткени, ал жерде

демократияны куруу иши ийгиликсиз болуп калган шартта бул чөлкөм

регионалдык стабилдүүлүккө коркунуч туудурушу толук ыктымал экендигин

мыкты түшүнүшкөн120.

Ошентип, 1990-жылдардын башынан 2002-жылга чейин

Вашингтондун Борбор Азия чөлкөмүндөгү саясаты

1) андагы жаңы мамлекеттерди көз карандысыз деп таануудан тартып,

2) 2001-жылдын 11-сентябрында болуп өткөн жалпыга белгилүү

капсалаңдан кийин Ак Үйдүн Азиядагы кеңири масштабдагы

антитеррористтик кампаниясы башталып, «Географиялык жактан өтө алыс,

туруктуу (стабилдүү) эмес жана аз кызыгуу арттырган чөлкөмдөн Борбор

Азия АКШ үчүн улуттук коопсуздуктун кызыкчылыктарынын тогуз жолу

тогошкон зонага айланып»121, АКШнын постсоветтик Борбор Азия

өлкөлөрүнө карата багыты өзгөрүп, узак мөөнөттүү стратегияны иштеп

чыгууга чейинки маңыздуу эволюцияны басып өткөн. 11-сентябрда болуп

өткөн окуядан соң Америка Кошмо Штаттары Афганистанга карата өзүнүн

аскердик операциясын баштап, тез аранын ичинде өзүнүн аскердик жана

саясий базаларын БА өлкөлөрүнө жайгаштыруу аракеттерин жасайт. Ошол

кезде алар тактикалык маселелерди гана чечип, АКШнын постсоветтик БА

чөлкөмүндө бекем орноп калуу перспективалары менен стратегиялык

маселелер анык эмес бойдон кала берген. Постсоветтик БА чөлкөмүнө карата

америкалык кызыкчылыктарга таразаланган баа АКШнын өзүндө 2000-

жылдардын ортосунда гана берилген.

Борбордук Азия мамлекеттери менен Америка Кошмо Штаттарынын

ортосундагы эгемендуулуктон 01- январь 2013- жылга чейинки эки тараптуу

келишимдер АКШнын мамлекеттик департаментинин архивинде сакталган.

Казакстан менен АКШнын 31- декабрь 1991- 01- январь 2013 –

жылдагы келишимдер: Атом энергиясы: 1- келишим. Вашингтондо кол

коюлган, 18.11.1997- жылы кол коюлуп / 5- ноябрь 1997-жылы күчүнө

Page 90: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

90

кирген. TIAS 12900 документ. 2. Вашингтон 19.09.2009/19.09.2009, TIAS. 3.

Вена15.09.2009/15.09.2009, TIAS 09-915.1. Бажы: 1. Вашингтон

18.11.1997/21.08.200, TIAS). Коргонуу: 1. Алма-Ата 19.031994/19/03/1994,

TIAS, узартуу: 20.07.1998. 2. Вашингтон 18.11.1997/18.11.1997, TIAS. 3.

Тампа 09-10.07.2003/10.07.2003, TIAS. 4. Астана 05.07.2007-

02.08.2007/02.08.2007, NP. 5. Астана 10.06.2010/14.07.2010, TIAS 10-714. 6.

Вашингтон 12.11.2010/12.11.2010, TIAS. Экономикалык жана техникалык

биргелешүү: 1. Вашингтон 20.05.1992/20.05.1992, ТIAS 11474. 2. Эл аралык

өнүгүү агенттиги 28.97-05.08.1997/22.02.2010, NP. Иш менен камсыздоо: 1.

Ноталарды алмашуу Вашингтон 23.05-03.06.1996/03.06.1996, TIAS 11496.

Айлана- чөйрө: 1. Вашингтон 27.03.1995/27.03.1995 TIAS 12623. 2.

Вашингтон 27.03.1995/27.03.1995 TIAS 12624. 3. Борбордук Азиянын

табиятын коргоо боюнча меморандум Алма-Ата 01.03.2002/01.03.2002 TIAS

02-301. Финансы: 1. Вашингтон 19.05,1992/19.05.1992, TIAS. Эл аралык

криминалдык сот: 1. Нью-Йорк 22.09.2003/07.10.2004, TIAS 04-1007.

Инвестиция: 1. Вашингтон 19.05.1992/12.01.1994 TIAS. Наркотика: 1.

Алма-Ата 06.05.1997/06.07.1997, NP. Тундук Атлантикалык Келишим: 1.

Ноталарды алмашуу Алма-Ата 21.03-28.03.1997/28.03.1997 TIAS. Aтомдук

заттар: 1. Алма-Ата 13.12.1993/13.12.1993, TIAS, озгортуулор

30.06.1995,17.11.1997, 17-26.11.2003. 2. Вашингтон 18.11.1997/18.11.1997,

TIAS. 3. Вашингтон жана Астана 10-23.11.2010/23.1.2010, TIAS 11-1123.

Тынчтык тобу: 1. Вашингтон 22.12.1992/22.12.1992, TIAS 12084.

Дипломатиялык өзгөчөлүктөр: 1. Алма-Ата 03.10.2002/26.06.2003 TIAS 03-

626.3. Илимий изилдөөлөр: 1. Вашингтон 11.04.2010/13.07.2011, TIAS 11-

713. Сейсмикалык байкоолор: 1. Вашингтон 18.11.1997/18.11.1997, TIAS

12901. Салык: 1. Алма-Ата 24.10.1993/30.12.1996, TIAS. 2. Нота. алм.

Вашингтон 10.07.1995/30.12.1996, TIAS. Телекоммуникация: 1. Алма-Ата

13.12.1993/13.12.1993 TIAS, озгортуу 30.06.1995. Соода-сатык: 1.

Вашингтон 19.05.1992/18.02.1993, TIAS. Курал жарак: 1. Вашингтон

13.12.1993/13.12.1993, TIAS, озгортуу 30.06.1995. 2. Алма-Ата 22.09-

Page 91: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

91

03.10.1995/03.10.1995, TIAS, өзгөртүү жана узартуу 07.07-13.08.2009, TIAS.

3. Астана 05.05.2006/05.05.2006 TIAS122.

Кыргызстан менен АКШнын 31- декабрь 1991- 01- январь 2013 –

жылдагы келишимдер: Коргонуу: 1. Нота. алм. Бишкек 11.04-

13.11.2008/13.11.2008, NP. 2. Бишкек 13.05.2009/11.07.2009, TIAS 09-711. 3.

Бишкек 13.05.2009/14.07.2009, TIAS. 4. Бишкек 08.02.2011/22.04.2011, TIAS

11-422. Экономикалык жана техникалык биргелешүү: 1. Вашингтон

19.05.1993/19.05.1993, TIAS 12152. Иш менен камсыздоо: 1. Нота. алм.

Вашингтон 06.12-22.12.1993/22.12.1993, TIAS 12170. Айлана- чөйрө: 1.

Вашингтон 09.06.1995/09.06.1995, TIAS 12658. Финансы: 1. Вашингтон

08.05.1992/08.05.1992, 12458. Инвестиция: 1. Вашингтон

19.01.1993/12.01.1994, ТIAS. Aтомдук заттар: 1. Бишкек

15.08.2008/15.08.2008, TIAS 08-815.1. Тынчтык тобу: 1. Вашингтон

05.11.1992/05.11.1992, TIAS 11502. Соода-сатык: 1. Вашингтон

08.05.1992/21.08.1992, TIAS123.

Tажикистан менен АКШнын 31- декабрь 1991- 01- январь 2013 –

жылдагы келишимдер: Коргонуу: 1. Душанбе 20.23-11.2001/23.11.2001,

TIAS. 2. Душанбе 31.12.2003/31.12.2003, TIAS 03-1231. Дипломатиялык

өзгөчөлүктөр: 1. Нота. алм. Душанбе 05.10.2000/02.01.2001. TIAS.

Экономикалык жана техникалык биргелешүү: 1. Душанбе

13.09.1993/13.09.1993, TIAS 03-623. Өзгөртүү 27.09.2004 TIAS 03-623. Соода-

сатык: 1. Душанбе 01.07.1993/24.11.1993, TIAS124.

Түркмөнстан менен АКШнын 31- декабрь 1991- 01- январь 2013 –

жылдагы келишимдер: Коргонуу: 1. Нота. алм. Ашхабат 29.11.1993-

03.01.1994/03.01.1994, NP. 2. Нота. алм. Ашхабат 05.04-

24.04.1999/24.04.1999, NP. Экономикалык жана техникалык биргелешүү:

1. Aшхабат 301.11.1993/30.11.1993, TIAS 12518. Иш менен камсыздоо: 1.

Нота. алм. Aшхабат 15.07-20.07.1999/20.07.1999, TIAS 13053. Финансы: 1.

Page 92: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

92

Ашхабат 26.06.1992/26.06.1992, TIAS 12462. Эл аралык криминалдык сот:

1. Ашхабат 25.12.2003/30.01.2004, TIAS 04-130. Тынчтык тобу: 1. Ашхабат

26.02.1993/26.02.1993, TIAS 11467. Соода-сатык: 1. Вашингтон

23.03.1993/25.10.1993, TIAS 12491125

Өзбекстан менен АКШнын 31- декабрь 1991- 01- январь 2013 –

жылдагы келишимдер: Авиация: 1. Вашингтон 27.02.1998/27.02.1998,

TIAS 12933. Коргонуу: 1. Нота. алм. Ташкент 25.01-21.02.1995/21.02.1995.

NP. 2. 1. Нота. алм. Ташкент 18.03-04.05.1999/04.05.1999, NP. 3. Тампа жана

Ташкент 22.02-26.03.03/26.03.2003, TIAS. 4. Ташкент 17.11.2011/15.12.2011,

TIAS 11-1215. 5. Ташкент 17.11.2011/15.12.2011, TIAS 11-1215. 6. Taшкент

28.03.2012/26.09.1012 TIAS 12-926.1. Экономикалык жана техникалык

биргелешүү: 1. Ташкент 01.03.1994/01.03.1994, TIAS 12534. Эл аралык

криминалдык сот: 1. Вашингтон 18.09.2002/07.01.2003, TIAS 03-107.

Aтомдук заттар: 1. Вашингтон 12.03.2002/12.03.2002, TIAS 03-312.

Тынчтык тобу: 1. Ташкент 04.11.1992/04.11.1992, TIAS 12083. Соода-

сатык: 1. Ташкент 05.11.1993/13.01.1994,TIAS 12515. Курал жарак: 1.

Ташкент 14.12.2006-05.01.2007/05.01.2007 TIAS126.

БА чөлкөмүндөгү кырдаал тигил же бул деңгээлде турукташкан

(стабилдешкен) бүгүнкү күндө Америка Кошмо Штаттары, Орусия

Федерациясы жана Кытай Элдик Республикасы өңдүү дүйнөлүк державалар

постсоветтик БА чөлкөмүнө карата өз кызыкчылыктарын так кесе билдирип,

Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) сымал чөлкөмдүк түзүмдөрдү

калыптандыра башташты.

Америка Кошмо Штаттары үчүн постсоветтик БА чөлкөмүнүн

геосаясий баалуулугу төмөнкүдөй жагдайлар менен шартталган:

Биринчиден, постсоветтик Борбор Азия англиялык окумуштуу Х.

Маккиндер тарабынан «хартленд» деп аталган геосаясий чөлкөмдүн

маанилүү бөлүгү, адамзат тарыхынын географиялык өзөгү болуп саналуу

менен амбициялуу атаандаштар Хартленддин кожоюну бойдон калууга

Page 93: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

93

тырышкан Орусия жана деңиз державасы АКШнын ортосундагы «Жаңы Чоң

оюн» башталган стратегиялуу зона болуп саналат.

Экинчиден, бул чөлкөм Кытай Элдик Республикасы, Орусия

Федерациясы, Иран жана Афганистан, ошондой эле Индия жана Пакистан

өңдүү азиялык державалар менен чектеш жатат.

Үчүнчүдөн, бул чөлкөмдүн Афганистанга жакын жатышы жана

Каспий деңизине тике чыга алуусу 1990–2000-жылдары анын эл аралык

иштердеги ролун бир кыйла өстүрүүгө көмөк берген.

Төртүнчүдөн, бул чөлкөм аркылуу келечекте кеңири транспорттук

коридорлорду калыптандырууга мүмкүндүк берген ири транспорттук

магистралдар өтөт.

Бешинчиден, АКШ өзүнүн Борбор Азия чөлкөмүндөгү саясатын

кеңири масштабдарга ээ чөлкөмдүк (регионалдык) жана глобалдык

проблемалардын өңүтүндө (контекстинде) ишке ашыргандыктан, а) ирандык

ядролук программа, б) Индия менен Пакистандын позициялары менен ролу,

в) ШКУнун калыптануусу сымал факторлорду эске тутуу абзел.

Эми АКШнын Борбор Азиядагы саясатынын келечеги тууралуу

маселеге кайрылып келип,

ага объективдүү жана таразаланган баа берүүгө,

постсоветтик БА чөлкөмү Вашингтондун тышкы саясий

приоритеттеринин системасында маанилүү орунду ээлегенин

улантып жатканын текшерүүгө,

Америка Кошмо Штаттарынын постсоветтик БА чөлкөмүнө болгон

кызыкчылыгы менен стратегиясы өз ара тыгыз байланыштуу төмөнкү 3

фактор аркылуу аныкталат127:

1) Постсоветтик БА чөлкөмүнүн геосаясий абалы жана андагы

Орусиянын, Кытайдын орду.

2) БА чөлкөмүндөгү республикалардын көмүрсуутек ресурстарын

дүйнөлүк рынокко алып чыгуу менен байланышкан кирешелүү

перспективалар.

Page 94: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

94

3) АКШнын постсоветтик БА чөлкөмүнө карата өз улуттук

кызыкчылыктарын коргоо максатында алып барган негизги стратегиялары.

Постсоветтик Борбор Азия чөлкөмү өтө маанилүү географиялык

абалды ээлейт. Ал Европа менен Азия материктери, Түндүк менен Түштүк

планетардык зоналары тогошуп, ар кыл маданияттар менен цивилизациялар

өз ара алакалашкан жерде жайгашкан. Батыш дуйнөсүндө жакынкы тарыхта

Орто Азия тууралуу бул учурга чейин жазылган эң маанилуу жана көлөмдүү

эмгектин автору АКШнын Джонс Хопкинс университеттин Борбордук

Азия- Кавказ Институтунун негиздөөчүсү, АКШнын 3 президентинин

Евразия боюнча кеңешчиси, саясат таануучу Фредерик Старр чөлкөмдүн

мааниси тууралуу: «Чынында бир нече кылымдар Орто Азия маданияттын

гүлдөп турган дүйнөнүн интеллектуалдык борбору болгон. Индия, Кытай,

Ортоңку Чыгыш жана Европа идея багытындагы бай маданияттары менен

мактанса да, Борбордук Азиянын 1000- жылдардын тегерегинде төрт же беш

кылымга бардык дүйнөлүк борборлорду таң калтырган толкуну таасир этип

турган. Географиялык жактан да антикалык дуйнөдөн заманбап дүйнөгө өтүү

процессинде көпүрө катары кызмат кылган. Бүгүнкү күндөгү көптөгөн

өнүгүүлөрдө Европалыктар, Кытайлыктар, Индиялыктар же Ортоңку Чыгыш

эли маданий жана интеллектуалдык туу чокуга жеткен ошол доордогу Ибн-

Сина жана Бирунилердин мураскорлору экендигин кабыл алышат » - деп

жазган128.

Постсоветтик Борбор Азия Хартленддин кожоюну болгон,

демократиялык принциптери менен абдан айырмаланбаган географиялык

планда анын территориясын түштүккө карай улаган кеңири мейкиндик болуп

саналат. Берилген чөлкөмдүн Орусия менен Казакстандык мамлекеттик чек

аралары аркылуу өткөн түндүк чектери шарттуу болуп саналат да, бул чек

Борбор Азия чөлкөмүнүн жарандарын Орусияга, Орусиянын жарандарын БА

мамлекеттерине өткөрүү үчүн ачык болуп саналат.

Page 95: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

95

Баарыбызга белгилүү болгондой, төмөнкү геосаясий кызыкчылыктар

менен жагдайлардан улам постсоветтик Борбор Азия чөлкөмү үчүн өзгөчө

таасирдүү өлкө болуп Орусия эсептелет.

Биринчиден, Орусия менен Борбор Азия өлкөлөрү саясий чөйрөдө

салттуу түрдө тыгыз байланыштарды түзүп келишет.

Экинчиден, салттуу түрдө Орусия Борбор Азия республикаларынын

эң башкы экономикалык өнөктөшү (партнеру) болуп саналат. СССР

учурунда бул республикалардын Москвадан көз карандылыгы максималдуу

болгондугун баарыбыз билебиз. Көз карандысыздыкка жеткенден кийин бул

республикалар өздүк чарбасы менен тышкы соода байланыштарын

диверсификациялай баштоонун натыйжасында алардын Орусия менен

болгон алакасы байкалаарлык кыскарып, маңыздуу өзгөрүүлөргө учураган.

Ошондой болсо да, бир катар багыттар боюнча Орусия менен постсоветтик

Борбор Азия мамлекеттери өз ара кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар

жана ошол кызматташтыкты сактап калуу ниетин көздөшөт.

Үчүнчүдөн, Борбор Азия республикаларынын басымдуу көпчүлүгү

Москва менен аскерий-саясий жана аскерий-техникалык чөйрөлөрдө өз ара

активдүү алаканы өнүктүрүп келишкен. Азыркы кезде Түрмөнстандан башка

постсоветтик Борбор Азия мамлекеттери Орусиянын юридикалык

шериктеши болуп саналат. Демек, аталган мамлекеттердин ортосундагы көп

жактуу жана эки жактуу мамилелерди өнөктөштүктүн жаңы формалары

менен байытуу бул өлкөлөр үчүн өтө баалуу жана өз ара пайдалуу болуп

саналат.

Төртүнчүдөн, ХIХ кылымдан тарта азыркы постсоветтик Борбор

Азиянын территориясында бүгүнкү күндө жалпы саны 7,5 млн. адамды

түзгөн ири орус диаспоралары калыптана баштаган. Казакстанда,

Кыргызстанда, Тажикистанда орус тили де-юре (мыйзам боюнча) да, де-

факто (иш жүзүндө) да өзгөчө конституциялык статуска ээ болсо, Өзбекстан

менен Түркмөнстанда ал де-факто улуттар аралык пикир алышуунун тили

болуп саналат.

Page 96: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

96

Бешинчиден, постсоветтик Борбор Азия мамлекеттери өтө бай

демографиялык потенциалга ээ. Калктын саны тез өскөнгө жана жашоо

сапатынын төмөндүгүнө байланыштуу алардын айрымдары (Өзбекстан,

Кыргызстаня, Тажикистан) эмгек ресурстарынын ашкере көптүгү менен

байланышкан проблемадан запкы жеп келишет. Ошол эле учурда жумушчу

күчүнүн таңсыктыгынан жабыр тарткан Орусия Борбор Азиядан келген

миңдеген мигранттарды өзүнө тартууда.

Алтынчыдан, көз карандысыздыкка жеткен күндөн тартып Борбор

Азия мамлекеттери ар кыл тышкы акторлордун көңүлүн бура баштады. Бул

чөлкөмгө болгон өзгөчө кызыкчылыктарга ээ экендигин АКШ жана

европалык державалар, Түркия жана Иран, Кытай, Индия жана Пакистан,

Жакынкы Чыгыштын өлкөлөрү, Япония жана Түштүк Корея өлкөлөрү ачык

эле билдире башташты. Натыйжада, постсоветтик Борбор Азияда жайгашкан

мамлекеттерге таасир берүүнү каалаган тышкы акторлордун ортосунда

«Жаңы Чоң Оюн» деп аталган геосаясий күрөштүн учкуну кайрадан тутана

баштап, алар Орусиянын бул чөлкөмдөгү позицияларын начарлатууга болгон

аракетин көрүүдө.

Жетинчиден, АКШ дүйнөдөгү жападан жалгыз глобалдык, ал эми

Орусия Федерациясын чөлкөмдүк масштабдагы держава катары каралып

жаткан заманбап шарттарда ОФ бир кездердеги өзүнүн глобалдык

масштабдардагы амбицияларын кайра жаратуу максатында евразийство деп

аталган империалисттик тенденцияларды калыптандыруу аракетин активдүү

көрүп жаткан маалы. Күнүмдүк практика көрсөткөндөй, В. Путиндин

администрациясы «кансыз согуш» аяктагандан кийин А. Дугин жана анын

идеялаштарынын жетекчилиги астында иштелип чыккан евразийство

концепциясынан көп идеяларды алган129.

Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийинки авиациялык-космостук

чөйрөдөгү, АКШнын тышкы саясатындагы өзгөрүүлөр сыяктуу окуялар Х.

Маккиндердин божомолдорун актаган жок. Дүйнөдөгү эң алдыңкы держава

катары Америка Кошмо Штаттары дүйнөнү постимпериалисттик кайра

Page 97: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

97

бөлүштүрүү концепциясын жактай баштайт. Ядролук курал менен

реактивдүү кыймылдаткычтардын түзүлүшү, алыстан аракеттенүүчү аскер

авиациясынын, ракеталык жана космостук технологиялардын өнүгүшү,

ядролук суу астында жүрүүчү кемелер менен авиа каражаттары (авианосцы)

жана башкалардын курулушу кургак жерде жүрүүчү транспорттук тордун

стратегиялык үстөмдүгүн чечкиндүү түрдө четке каккан. Аскерлерди

башкаруунун жана аларды каалаган жерге жеткирүүнүн

автоматташтырылган системасы британдык, француздук, советтик жана

башка империяларга дүйнөнүн башка бөлүгүнө кол шилтеп коюп, башка

өлкөлөрдүн колдо болгон ресурстарына ээлик кылдырбай, жер шарындагы

өздөрүнө таандык жер үлүштөрүнө сурак-жоопсуз эле үстөмдүк кылууга

мүмкүндүк берген эмес. Америка Кошмо Штаттары тарабынан сунуш

кылынган инновациялык технологиялардын өнүгүүсүнө негизделген ачык

дүйнө концепциясы европалык империялардын эскирип бүткөн позициясын

оңой эле сыртка сүрүп койгон. Күчтү глобалдык масштабда колдонуу

жөндөмүнө таянуу менен Вашингтон анын шериктештери жашоо үчүн эң

зарыл болуп саналган ресурстарга, ири алдыда, арзан мунайга ээ жана

АКШнын шериктештери өз ара аскердик-шериктештик милдеттемелер менен

тыгыз байланышта экендигин бүткүл дүйнөгө ачык эле түшүндүрүп койгон.

Ошентип, АКШнын шериктештеринин экономикалык жана аскердик өз ара

көз карандылыгы америкалык союздаштардын, ири алдыда, Батыш өлкөлөрү

кирген лагеринде аскердик агрессияны колдонуу тактикасын маңызсыз

кылып салган.

Жогоруда айтылгандарга карабастан, акыркы 10 жылда Х.

Маккиндердин дүйнөлүк таасир көрсөтүү үчүн күрөш жүргүзүү ишинде

кургак жер державаларына таандык артыкчылыктар тууралуу идеялары

кайрадан актуалдуу боло баштады. Орусиянын Президенти В. Путиндин

администрациясы заманбап дүйнөдөгү экономикалык жана аскердик

стратегия арзан мунай менен табигый газдан тике көз каранды болгондуктан,

түтүк өткөргүчтөр жаңы башталган XXI кылымдагы 100 жыл мурда Х.

Page 98: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

98

Маккиндер баса көрсөткөн темир жолдор болуп саналаарын ачык

далилдөөдө. Анын үстүнө Евразия материги мунай менен газ ресурстарынын

ири запастарына ээ болгондуктан, аларды ташып жеткирүүнүн маанилүү

каражаттары катары мунай жана газ түтүктөрү кайрадан зор мааниге ээ

болуп, кургак жерде жайгашкан державалардын дүйнөдөгү үстөмдүгүн дагы

бир жолу далилдөөдө.

Постсоветтик Борбор Азия өлкөлөрү ири табыгый ресурстарга ээ.

Казакстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын аймагында мунай,

табигый газ, таш көмүр өңдүү көмүрсуутектеринин ири кендери жайгашкан.

Кыргызстан менен Тажикистан гидроэнергиянын колоссалдуу запастарына

ээ. Борбор Азия республикаларынын баардыгынын жер кыртышы уран,

алюминий, темир, полиметаллдык кендер, алтын, кымбат баалуу жана жарым

кымбат баалуу таштар өңдүү басымдуу көпчүлүгү стратегиялык мааниге ээ

минералдык чийки зат жашырынып жаткан баа жеткис кенч болуп саналат.

Чөлкөмдүн түндүгү Казакстандын территориясы талаа ландшафтынын

шарттарына ээ жана калктын саны анча жыш эмес болгондуктан, бул

аймакты ядролук куралдарды сыноонун ири полигону катары пайдалануу

үчүн абдан ыңгайлуу.

Ушул тапта АКШнын кызыкчылыктары төмөнкүдөй жагдайлар

менен байланышкан:

Батыш өлкөлөрүн ОПЕК уюмуна (мунай эспорттогон өлкөлөрдүн

уюму) кирбеген өлкөлөрдүн арзан энергоресурстары менен камсыз кылуу;

дүйнөлүк энергетикалык рыноктогу сатармандардын

ортосундагы атаандаштыкты күчөтүү аркылуу энергоресурстарынын баасын

арзандатуу; дүйнөлүк энергетикалык рыноктогу суроо-талапты күчөтүү жана

көп кырдуу кылуу;

Батыш өлкөлөрү менен АКШнын башкы атаандашы болуп

саналган Кытайдын экономикасынын келечектеги өнүгүшү үчүн

стратегиялык мааниге ээ болгон энергоресурстарды экспорттоо ишин

тескөөгө алууга катышуу;

Page 99: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

99

Постсоветтик Борбор Азия өлкөлөрүндөгү энергоресурстарды

дүйнөлүк рынокко жеткирүүгө карата Орусиянын монополдук позициясын

четке сүрүү;

Борбор Азияга рыноктук демократиянын моделин сунуш кылуу

жана бул чөлкөмгө патронаждык жасоо менен берилген чөлкөмдүн

республикаларынын экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө

көмөктөшүү.

Каспий мунайы менен газын ташуу маршрутун тандоо, ошондой эле

Борбор Азия чөлкөмүндөгү кен байлыктарын тескөө маселеси боюнча

Америка Кошмо Штаттары менен Орусиянын өз ара атаандаштыгынын

тарыхы баарыбызга абдан жакшы белгилүү130. Өз кезегинде АКШ мамлекети

Баку (Азербайжан) – Тбилиси (Грузия) – Джейхан (Түркия) багытындагы

мунай (нефть) түтүгүн курууга жетишкен. Орусия үчүн Каспий деңизинин

мунайы АКШнын колдоосуна таянган Түркия тарабынан тескелген Кара

деңизинин порттору боюнча эмес, Баку-Новороссийск маршруту боюнча

багытталганы өзгөчө маанилүү. Бул максатта Орусиянын демилгеси менен

Каспий түтүк өткөрүүчү консорциуму (КТК) түзүлгөн. Кандайдыр бир

мамлекеттин жеке басар монополиясынын курмандыгы болуп калбоо

максатында Казакстан үчүн түштүккө багыт алган ирандык жана чыгышка

багыт алган кытайлык долбоорлор сыяктуу бир нече варианттарга ээ болуу

ыңгайлуу болуп саналат. Каспий деңизининин мунайы менен байланышкан

проблемалар БА чөлкөмүндө өз кызыкчылыктарын көздөп жүргөн ири

державалар менен АКШнын колдоосуна таянган Түркиянын геосаясий

кызыкчылыктарын алаканга салгандай эле көрсөтүп койгон.

2014- жылдын 19- мартында Украинадан Крымдын Орусияга өтүүсүн

жактабаган Австралия андан соң Европа Биримдигинин мучөлөрү, АКШ

баштаган өлкөлөр Орусуяга экономикалык- финансылык санкция коюшту.

https://europa.eu/newsroom/highlights/special-coverage/eu_sanctions_en 2000-

2014- жылдар аралыгында мунайдын баасы эбегейсиз өскөндүктөн мунай

өндүрүүчү мамлекеттердин алдында ири өндурүүчү Орусия сазга баткан

Page 100: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

100

экономикасын кыйла көтөрүүгө жетишти. Албетте бул баалар Түркмөнстан,

Өзбекстан жана Казакстандын да пайдасына олуттуу салымдарды кошту.

Путиндин ийгиликтуу реформаларынын бир себеби катары дал ушул

мунайдын анын доорунда кымбат болуп туруусу болду. Бирок 2014-

жылдагы баалардын түшүшү Орусия менен БА мунай өндүрүүчүлөрүнүн

дымагын кыйла тизгиндеди. Кечээ жакында эле Орусия өзүнүн казак жана

түркмөн өнөктөштөрүн транскаспийлик газ түтүгүн куруу идеясынан

орусиялык каспий долбоорунун пайдасына баш тартууга ынандыра алган.

Кытай мамлекети Казакстандан башталуучу түтүктөрдүн курулушун

каржылоого жардам берген. Айтылгандарга байланыштуу жогоруда аты

аталган өз ара атаандаш жактар кандайдыр бир ийгиликтерге жеткени менен

сөз болуп жаткан жагдайды толугу менен монополизациялай алышкан эмес.

Каспий көмүрсуутектеринин запастарынын тегеретесинде күйүп-жанган

ышкылар постсоветтик Борбор Азия чөлкөмүндө белгилүү бир тең

салмактуулук орноп, каспий ресурстары чектүү гана запастарга ээ экендигин

түшүнгөндөн кийин гана өчөт деген ишеним бар. Анткени, 1990-жылдардын

башы менен ортосунда каспий мунайы менен газына болгон кызыкчылык

ушунчалык күч болгондуктан, айрым эксперттер анын запастары Персид

булуңундагы запастардан бир кыйла көптүк кылат деп баса белгилешкен

эле131. Азыр болсо, жаңы такталган маалыматтардын пайда болушу менен

Каспийдин запастары канчалык көп болсо да, мунай казуу ишин андан ары

өнүктүргөн учурда 2015-жылы ОПЕК уюмуна кирген өлкөлөр күнүнө 45 млн

баррел мунай өндүрсө, Каспий болгону эле күнүнө 4 млн баррел мунай

өндүрөөрү айкын болгон132. Анын үстүнө, талап кылынган инвестициялар

менен мунайды ташууга кеткен чыгымдарды эске алганда, каспий мунайы

кымбат бойдон кала бермекчи.

АКШ постсоветтик Борбор Азия мамлекеттериндеги саясий

туруктуулук жана экономикалык өнүгүү болгонуна абдан кызыкдар. Мындай

болбой калган учурда Борбор Азия чөлкөмүндөгү айрым мамлекеттер

«кулап», чөлкөмдүк туруксуздуктун, терроризмдин жана чек аралар аралык

Page 101: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

101

кылмыштуулуктун булагына айланып кетүүсү толук ыктымал. Советтер

Союзу кулагандан кийин чөлкөмдүн мамлекеттеринде орногон социалдык-

саясий моделдерден улам, андан сырткары, берилген чөлкөмдөгү

постсоветтик өлкөлөрдүн дүйнөлүк сооданын негизги агымдарынан

географиялык жактан өтө алыс жайгашкандыгына жана ага кол жетпестикке

байланыштуу, жалпы жонунан, Борбор Азия мамлекеттери жетишээрлик

күчтүү эмес. Бул өлкөлөрдүн башкаруу режимдери ар кыл даражадагы

авторитаризми менен мүнөздөлөт, саясий оппозициянын жарандык

эркиндиктери менен активдүүлүгүн чектейт, өз элинин экономикалык

ишмердигинин натыйжаларын бийликтеги элита менен ошол элитаны

бийликте кармап турган бюрократиялык күч аппаратынын кызыкчылыгынын

пайдасына бөлүштүрөт.

Мындай саясаттын натыйжасында Борбор Азия мамлекеттериндеги

саясий институттар жакшы өнүкпөй, жемкорлук бийик деңгээлде, ал эми

экономика анча эффективдүү болбой калууда. Ошол себептен, берилген

мамлекеттердин коомдорунда протесттик маанайлар күндөн күнгө курчуп

бара жатканы эч кимди таң калтырбайт. Чөлкөмдүн өлкөлөрүнүн басымдуу

көпчүлүгү ички туруктуулуктун жетишээрлик запасына ээ эмес, кооптуу

маанайдагы ички жана тышкы саясий тобокелчиликтерди эч ким кепилдикке

ала албайт. Чөлкөмдөгү Өзбекстан жана Түркмөнстан өңдүү темирдей бекем,

эки өтө катуу режимдер Андижан окуясы, И. Каримовдун жана С. Ниязовдун

өлүмү менен аяктаган башкаруу режиминин алмашуусу сыяктуу олуттуу

мүнөздөгү саясий кризистерди башынан өткөрүшкөн. Бүгүн бул өлкөлөрдө

стабилдүүлүк өкүм сүргөнсүп көрүнгөнү менен мындай стабилдүүлүк

канчага уланаары белгисиз бойдон калууда. Кыргызстан дагы деле болсо А.

Акаев жана К. Бакиев сыяктуу президенттердин бийликтен кулоосунан

кийин пайда болгон саясий кризистен толук бойдон чыга элек. Борбор

Азиянын бардык республикаларына мүнөздүү болгон жакырлык, алардын

элдеринин жемкорлук менен саясий куугунтуктоолордон (репрессиялардан)

жадап бүтүшү берилген чөлкөмгө гана эмес, коңшу жаткан мамлекеттерге да

Page 102: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

102

жайылып кетүү коркунучуна ээ жаңы жарылууларды жаратуусу толук

ыктымал.

Америка Кошмо Штаттары постсоветтик Борбор Азиядагы жогоруда

айтылган жагдайларды абдан жакшы түшүнөт жана аталган аймактагы

кырдаалды стабилдештирүүнү каалайт. Бул көйгөйлөрдүн чечилишин алар

чөлкөмдөгү өлкөлөрдү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдөн жана

аларды дүйнөлүк соодага тартуу аркылуу тышкы дүйнө менен

алакалаштыруудан көрөт133. Жалпысынан, америкалыктардын мындай баасы

алардын башкы саясий атаандашы Москванын позициясына абдан жакын.

Бирок, Москва Борбор Азиянын социалдык-саясий көйгөйлөрүнө ашкере

көңүл бурууга ашыкпайт. Айтылгандарды В. Путиндин 2006-жылдын 31-

январындагы пресс-конференцияда Андижандагы окуяларга карата берген

төмөнкү баасынан эле байкоого болот: «Биз силерге караганда Андижанда

эмне болгонун абдан жакшы билебиз, ошондой эле Өзбекстан менен аталган

шаардагы кырдаалга от жаккан адамдарды ким, кайсы жерде, кандай

өлчөмдө даярдаганын да жакшы билебиз. Айтылгандар Өзбекстанда

көйгөйлөр көп дегенди билдирбейт, ошол эле учурда бул нерсе бул өлкөдөгү

кырдаалды калчоого мүмкүндүк берген биздин мамилени да жокко

чыгарбайт. Сиздер, сыягы, Фергана өрөөнү эмне экенин, ал жердеги

кырдаалдын кандай оор экендигин, калктын абалы менен экономикалык

өнүгүү деңгээли кандай экендигин билсеңиздер керек. Бизге Борбор

Азиядагы экинчи Афганистандын кереги жок, ошол себептен, биз өтө

кылдаттык менен иш алып барабыз»134.

Ошол эле учурда Борбор Азиядагы кырдаалга Америка Кошмо

Штаттары жана Орусия Федерациясы тарабынан берилген жалпы баа көп

жагынан бири бирине дал келгени менен аталган державалар бул чөлкөмдөгү

көйгөйлөрдү чечүүнүн бири бирине диаметралдык жактан карама каршы

келген жолдорун сунуш кылышат. Постсоветтик Борбор Азия чөлкөмүндөгү

социалдык-саясий туруксуздук маселесине карата АКШ «калыптанбаган»

(«несостоявшиеся») мамлекеттердин проблемасын түшүнүүнүн өздүк

Page 103: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

103

жобосуна таянып, мындай мамлекеттердин катарына Борбор Азия өлкөлөрүн

да киргизип, аларга карата жүргүзүлгөн саясатты ишке ашыруунун негизги

саясий каражаты катары кичүү Дж. Буштун экинчи администрациясы сунуш

кылган демократияны жайылтуу стратегиясына таянат135. Постсоветтик

Борбор Азия мамлекеттерине карата АКШнын стратегиясы Москва

ойлогондой аталган чөлкөмгө таасир берүү жаатында Орусия Федерациясы136

жана Кытай Элдик Республикасы137 менен болгон атаандаштыкка толук

бойдон баш ийдирилген десек аша чапкандык болот. Бирок, ошол эле учурда,

Борбор Азия чөлкөмүндөгү Орусия Федерациясынын салттуу таасири менен

Кытай Элдик Республикасынын уламдан улам өсүп бара жаткан таасирин

начарлатуу идеясы америкалык саясатта милдеттүү түрдө кездешет.

Айта кетчү жагдай, АКШ мамлекети үчүн Москва жана Пекин менен

атаандашуу саясаты башкы максат эмес, бирок, АКШ менен ири евразиялык

державалардын экономикалык кызыкчылыктары кагылышкан учурларда

Вашингтон ОФ жана КЭР менен саясий атаандашуу линиясын дароо

көрсөтүүгө даяр. Америка Кошмо Штаттарынын Борбор Азия чөлкөмү

боюнча Орусия жана Кытай менен карама каршы позицияны ээлөөсүнүн

терең булактары Борбор Азиядагы мамлекеттердин көз карандысыздыгын,

аталган мамлекеттердин саясий түзүлүшүнүн негизи жана өлкөлөрдүн ички

түзүлүшү менен алардын тышкы саясий жүрүм-турумунун өзөгү болуп

саналган демократияны берилген 3 держава кандай түшүнүп, кабыл алуусу

менен байланышкан. Вашингтондун көз карашында Москва менен Пекиндин

Борбор Азиядагы таасиринин күч алышы бул чөлкөмүндөгү көкөйдү кескен

көйгөйлөрдүн терең булагы болуп саналган жердеги демократиялык эмес

социалдык-саясий моделдин калыптанышына алып келет. Берилген өзөктүү

маселе боюнча АКШ менен ОФнын көз караштарынын ортосундагы

айырмачылык, көп жагынан, берилген чөлкөмгө карата аталган эки

державанын ортосундагы башка карама каршылыктарды шарттайт. Ошол

себептен, берилген параграфты жазууда Ак Үйдүн позициясына кеңири

токтолсок деген тыянакка келдик.

Page 104: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

104

АКШнын башкы атаандашы болгон СССРдин кулашы менен «кансыз

согуш» аяктап, ааламдашуу процесстери укмуштуудай тездик менен өнүгө

баштаганда, Америка Кошмо Штаттары дүйнөдө түзүлгөн жаңы кырдаал өтө

курч мүнөздөгү көйгөйлөр менен коштолуп, ал көйгөйлөр АКШ үчүн да өтө

кооптуу экендигин дароо эле түшүнүшкөн. Дүйнө Батышка таандык

экономика менен маданиятка гана эмес, Батыш да көйгөйлөргө толгон башка

дүйнөгө карата да ачылып калган эле. «Үчүнчү дүйнөдөгү» көп сандаган

проблемалар менен жаңжалдар кечээ эле кол жеткис алыстыкта болуп,

алардын баардыгы Москванын кылган кылыгы катары бааланып келсе, эми

алар кош уюлдуу системанын тескөөсүнөн чыгып, Батыштын, ири алдыда,

АКШнын кызыкчылыктарына доо кетирген терроризм, качкындардын

агымы, массалык кыргын салуучу куралдардын жайылышы сыяктуу

формаларда глобалдаша баштаган. Эң кызыктуу нерсе, ааламдашуунун

Пандорага таандык сандыгын ачып жиберген Батыш эми ал сандыктын

капкагын кайра жаба албай, көйгөйлүү коңшулар менен жанаша жашоодон

улам бир кыйла ыңгайсыздыктарды өз башына тилеп алган. Батыштын, ири

алдыда, АКШнын кызыкчылыктарынын глобалдык мүнөзү Батыш өлкөлөрүн

«үчүнчүлүк дүйнөдөгү», анын ичинде, Борбор Азиядагы саясий жана

экономикалык процесстердин терс мүнөздөгү ички динамикасынын

курмандыгына айландырган. Анткени, «үчүнчүлүк дүйнөдөгү» көпчүлүк

өлкөлөрдүн режимдеринин ички проблемаларын адилет жана эффективдүү

чечүүгө жөндөмсүздүгү (же каалабастыгы) туруксуздуктун, протесттик

маанайлар менен экстремизмдин өсүшүн шарттап, өлкө ичиндеги жана

мамлекеттер аралык жаңжалдардын отун тутантып, телевидение аркылуу

таратылган кооптуу репортаждар менен «алтын миллиард» атанган

Батыштын психологиялык комфортун бузууда. «Үчүнчүлүк дүйнөдөгү»

талкалоочу мүнөздөгү процесстер бүтүндөй бир чөлкөмдөрдүн социалдык-

саясий жашоо-тиричилигин деградацияланган, экономикалык сенектикке

алып келген жана салттуу башкаруу элиталары тараптан жергиликтүү

аймактардагы ички процесстерди башкаруу жоголгон шарттарда жүрүүдө.

Page 105: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

105

АКШнын көз карашында мындай деструктивдүү процесстер ааламдашуунун

шарттарында жергиликтүү болуудан калып, чөлкөмдүк жана эл аралык

масштабдарга чейин өсүп, АКШнын улуттук кызыкчылыктарына кооптуулук

жараткан көйгөйлөрдүн бир нече тибин пайда кылуу дараметине ээ.

Жогоруда аталган проблемалардын катарына Афганистан сыяктуу

улуттук өкмөттөр менен элита территория менен өлкөнү башкара албай

калуунун натыйжасында мындай мамлекеттер экстремизмдин, терроризмдин,

эл аралык кылмыштуулуктун жана наркосооданын булагына айланып

кетүүсүн киргизүүгө болот. Мындай өлкөлөрдөгү мамлекеттүүлүктүн

талкалануусу көп учурда ички жаңжалдар жана жарандык согуштар менен

коштолуп, акыр аягында алар масштабдуу гуманитардык алааматтар менен

качкындардын эл аралык агымдарынын жаралышына алып келет.

Америкалыктардын пикиринде дүйнөнүн ар кыл чөлкөмдөрүндө

жашаган репрессивдүү режимдер жергиликтүү калктын жарандык укуктарын

гана бузбастан, бул өлкөлөрдөгү этатисттик экономикалык моделдердин

курулушуна жол берүүдө. Белгилүү болгондой, мындай моделдер бийликте

турган жергиликтүү элитага улуттук кирешенин басымдуу көп бөлүгүн

керектөө жана инвестиция чөйрөлөрүнөн сүрүп чыгарып, аларды амбициялуу

аскерий программалар менен тышкы агрессияга жумшоого багытталат. Корея

Элдик Демократиялык Республикасы, Ирак, Иран мамлекеттеринин

практикасы көрсөткөндөй, мындай программалар, жалпы жонунан, массалык

кыргын салуучу куралдарга ээ болуу максатын көздөйт.

1994-жылы эле «Форейн аффейрс» журналы АКШ президентинин

улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Э. Лейктин «түрткүнчүккө

айланган өлкөлөр» («страны-изгои») деген аталышка ээ болгон «көйгөйлүү

мамлекеттерге» арналган программалуу макаласын жарыялаган. Өз

макаласында автор мындай деп жазат: «... биздин саясат «үй-бүлөдөн»

сыртта калууну эле каалабастан, анын өзөктүү баалуулуктарына да доо

кетирген проблемалуу мамлекеттер, же түрткүнчүк өлкөлөр жашаган

реалдуулук менен бетме бет кездешүүгө мажбур болууда»138.

Page 106: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

106

1997-жылдын сентябрь айында мурдагы профессор, ал эми ошол кезде

АКШнын мамлекеттик катчысы болуп турган Мадлен Олбрайт тышкы саясат

боюнча Кеңештин мүчөлөрүнө өзүнүн «түрткүнчөй өлкөлөрдүн»

академиялык деңгээлде жасалгаланган концепциясын сунуш кылат. М.

Олбрайт айымдын пикиринде мындай мамлекеттер дүйнөдө жашаган

өлкөлөрдүн 1) өнүккөн индустриалдык мамлекеттер, 2) өнүгүп бара жаткан

демократиялуу мамлекеттер, 3) «түрткүнчүк өлкөлөр» жана 4) «ийгиликсиз

өлкөлөр» («неудавшиеся страны») деп аталган төрт категориясынын

бирөөсүн түзөт139. Натыйжада, мамлекеттик катчы айым «түрткүнчүк

өлкөлөр» менен «ийгиликсиз өлкөлөр» деп аталган түшүнүктөрдүн

ортосундагы жакындыкты баса белгилөө менен алардын ортосундагы

айырмачылык, жалпы жонунан, өлкөнүн тышкы саясаттагы жүрүм-туруму

менен гана байланышкана айрыкча көңүл бурат. Кийинчерээк, ушул эле

идеологиялык негизде «түрткүнчүк өлкөлөр» менен «ийгиликсиз

өлкөлөрдүн» проблемасын алардагы авторитардык, же эскилиги жетип,

кулаганы аз калган социалдык-саясий системаларды Батыш өлкөлөрүндө

кабыл алынган демократиялык моделдер боюнча реформалоо аркылуу

чечүүнү көздөгөн «Буштун доктринасы» пайда болгон.

АКШнын пайдасына жеңиштүү аяктаган «кансыз согуш» бүткөндөн

кийин башталган жаңы доор үчүн Дж. Кеннандын салтын улай төмөнкүдөй

мазмунга ээ «ооздуктоо доктринасы» («доктрина сдерживания») сунуш

кылынган: «Дүйнөдөгү жападан жалгыз супердержава катары Америка

Кошмо Штаттары мындай проблемалуу мамлекеттерди нейтралдаштыруу,

ооздуктоо, зарыл болгон учурларда аларга басым көрсөтүү, акыр аягында

келип эле аларды эл аралык коомчулуктун конструктивдүү мүчөсү катары

трансформациялоо стратегиясын иштеп чыгуу жоопкрчилигин өз мойнуна

алат»140. Келтирилген цитатадан эле көрүнүп тургандай, коюлган максатка

жетүүнүн стратегиялык инструменти катары АКШ «нейтрализация» жана

«трансформация» түшүнүктөрүн тандап алган. Мында кеп АКШ тарабынан

Page 107: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

107

«кансыз согуш» учурунда ар кандай пропорцияда колдонулган ооздуктоо

жана өз жагына тартуу сыяктуу эки компонент тууралуу болуп жатат.

Өз жагына тартуу стратегиясы жогорудагыдай эле максаттарды

көздөйт. Бирок, аларга жетүү ишинде аталган стратегия «түрткүнчүк

өлкөлөрдүн» бийлигинде турган режимди эл аралык соодага тартууну, ал

жердеги маданий байланыштар менен туризмди өнүктүрүүнү, бул өлкөлөрдү

эл аралык уюмдар менен келищимдерге киргизүүнү артык көрөт. Мындай

иш-чаралардын натыйжасында «түрткүнчүк өлкөлөр» ала турган пайдалар

менен жыргалчылыктарды сактап калуу максатында уламдан улам майда

чегинүүлөргө бара берип, акыр аягында, өзүнүн ашынган одиоздуу141

пландарынан баш тартып, «нормалдуу өлкөгө» трансформацияланат. Ошол

себептен, бүгүнкү күндө АКШ мамлекетинин алдыга койгон максаты

төмөнкүчө мазмунга ээ: «Мындай масштабдагы программа, ири алдыда,

начар өнүккөн өлкөлөрдөгү кризистин тамыры ошол өлкөлөрдү өнүктүрүүдө

жатат, демек, ошол өлкөлөрдү өнүктүрүү аркылуу бул кризисти узак

мөөнөттүү перспективага чече алабыз деген үмүткө таянат. Улуттук өнүгүү

үчүн күрөш жүргүзгөн өлкөлөрдө элдин суроо-талабын канааттандырууга

жөндөмдүү, өлкөдөгү жашоо деңгээлин айыгышкан күрөш эмес, мыйзамдуу

каражаттар менен көтөрүүгө дарамети бар стабилдүү институттарды ар

тараптан калыптандырууга көмөк берүү зарыл»142.

АКШнын Борбор Азиядагы, дегеле, бүтүндөй Жакынкы Чыгыштагы

саясатынын ажырагыс бир бөлүгүн ошол чөлкөмдөрдөгү адам укуктарын

коргоо жаатындагы тынчсыздануу түзөт. Мындай линия кичүү Дж. Буштун

администрациясынын приоритети гана эмес, Вашингтондун бүтүндөй

саясатынын мазмунун түзөт. Берилген маселе боюнча АКШнын тышкы

саясатынын логикасын төмөнкүчө түшүнсө болот: эгерде кандайдыр бир

өлкөдө адамдын негизги укуктарын, алардын ичинде, саясий укуктарын

сактай баштаса, анда жарандардын кысымы астында өлкөнүн ички жана

тышкы саясаты да трансформацияга учурап, ошол өлкө аскерий

авантюралардан баш тартып, негизги приоритеттерди жарандардын жашоо-

Page 108: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

108

тиричилик жыргалчылыктарын жогорулатууга буруп, анын жүрүм-туруму

ооздукталып, эл аралык кызматташтыкка даяр болуп калат. «Демократиялар

бири бирине каршы күрөш жүргүзбөйт» деген мындай дүйнө таанымдык

тезис өз кезегинде Б. Клинтон тарабынан сунуш кылынган143.

Афганистанга салыштырмалуу Ирактагы Эркиндик Оперецияларына

БА мамлекеттеринен Өзбекстан жана Казакстан аскерий коалицияларына

катышкан. Өзбекстан кайрадан Иракка аскер жөнөтпөөнү чечти. Казакстан

Иракка 200 жакын аскер жөнөттү. Алар Поляк күчтөрүнүн башкаруусунда

суу тазалоо, миналарды тазалоо жана медициналык иш аракеттерди

аткарышты. 2008- жылы Казак күчтөрү Ирактан чыгарылды144. АКШнын

БАда жүргүзүп жаткан тышкы саясатынын стратегиялары жана багыттары

аталган аймакта активдүү иш алып барып жаткан башка өлкөлөрдүн

кызыкчылыктарына жараша өзгөрөт. Алсак постсоветтик бул 5 мамлекетте

эң активдүү Европа Биримдиги (ЕБ), Орусия Федерациясы (ОФ) жана Кытай

болуп эсептелет. Түпкү тамыры бир болгон Түркиянын амбицияларында

Орто Азияны өзүнүн аркасында жетелөөну эңсесе да ички жана тышкы

факторлору буга жол бербейт. Эң негизинен Түркиянын ички туруксуздугу,

элинин сабаты постсоветтик БА өлкөлөрүнөн төмөндүгү ал өлкөнүн бул

чөлкөмдөгү амбицияларын ооздуктайт. Бул чөлкөмгө дагы бир коңшу өлкө

Иран Республикасынын көзү кызыганы менен өзүнүн тамырлаш эли

Тажикистан жана башка коңшу мамлекеттердин шиа агымына терс көз

караштары бул Ирандын бул аймакта жылуу кабыл алынышына бөгөт коёт.

2005- жылдын 13- майында көтөрүлүшкө катышкан элдин өлүмү,

жарадар болушу аркылуу бастырылган Андижан коогалаңын АКШ жана

Батыш өлкөлөрүнүн катуу сынга алышы Вашингтон менен расмий

Ташкенттин мамилелерин кыйла солгундатты. АКШ жана башка эл аралык

коомчулук Андижан үчүн бул окуяга байланыштуу тынбай чакырган эл

аралык суроого Өзбек бийлиги өзүнүн суверендүүлүгүнө шек келтирүү

катары карап, жооп берүүдөн баш тартты. 2005- жылдын ноябрь айында

ЕБнин консулу виза үчүн тапшырган 12 өзбек чиновниктин Андижандагы

Page 109: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

109

коогалаңда кунөөсүз адамдарга ажырымсыз күч колдонгонго түздөн- түз

тиешеси бар жана эркин сурамжылоого жол бербегендиги үчүн виза

берүүдон баш тартты. Консуль ошол эле учурда Өзбекстандын ок дары,

аскерий жабдыктар жана ички репрессияда колдонулушу ыктымал болгон

жабдыктардын экспортуна амбарго койду145.

Активдүү түрдө АКШнын кызыкчылыктарына коркунуч туудурган

жана атуулдарына кол салган, терроризмге жатак болгон, Афганистандагы

Талибан жана Аль Каидадан жардам алган деген себеп менен Өзбекстан

Ислам Кыймылын (ӨИК) 2009- жылдын сентябрь айында АКШнын

мамлекеттик департаменти террордук уюм катары тааныды. Буга кошумча

катары ӨИК Озбек бийлигин кулатууну негизги максат катары көрөөрү жана

1999- 2000- жылдары Өзбекстандагы терракттарга тийиштиги бар деген

аргумент койду. Ислам Жижад Тобу/ Ислам Жихад Биримдиги АКШнын

кызыкчылыктарына жана аймактагы жергиликтүү бийлик үчүн чоң коркунуч

экендигин аныктады146. 2005- жылдын май айында ИЖТ/ ИЖБ АКШнын

мамлекеттик департаменти тарабынан чет өлкөлүк жана глобалдуу уюшкан

террористтик группа катары кабыл алса, БУУнын секретариаты ИЖТ/ ИЖБ

терроризм тизмесине киргизди147. Андан соң бул террордук уюм менен

күрөшүүдө АКШ Афганистандагы оперецияларында ӨИКнын тең кол

башчысы Наманганинин өлтүрүлүшү, Өзбек жараны АКШнын ичинде 2011-

жылы уюмга тиешеси бар деген себеп менен камалышы сыяктуу окуялар

коштоду.

Адам укуктары: Кошмо штаттардын мамлекеттик департаментинин

Country Reports on Human Rights Practices for 2013 аталыштагы эң акыркы

жарыялаган отчетунда Кыргызстандан башка бардык БА мамлекеттеринин

өкмөттөрүн авторитардык деп атады жана адам укуктарын сыйлоодо көп

жаатта келишимдер бар экендигин билдирди.

Page 110: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

110

Казакстанда президент жана Нур Отан партиясы саясий системага

үстөмдүк жүргүзөт. Эң маанилуу адам укуктары боюнча маселелер:сөз

эркиндиги, прессада, парламентте, диний тармакта жана уюмдашууда

кездешет. Эң негизги кемчилик катары укук коргоо жана сот

органдарынын жумуш процесстеринде жасалган кыянатчылыктар.

Буларга кошумча катары буюртма адам өлтүрүүлөр, абактагыларга

мыкаачылык менен мамиле кылуу, бейкүнөө камоо жана узакка

создуктуруу, партияларды каттоодо саясий тыюу салынган талаптарды

коюу, бей өкмөт уюмдардын иш аракеттерин чектөө, сойкулук жана

малайчылык трафиги, жашы жете элек өспүрүмдөрдү иштетүү. Кээ бир

жооптуу кызматтагыларды тартипке чакыруу тууралуу өкмөттүн

жасаган катуу кадамдарына карабастан коррупция өтө эле эбегейсиз

жайылып кеткен.

Кыргызстандын конституциясы бийликтин парламенттик формасына

өткөрүлүп, президенттин бийлигин чектөөгө жана парламент менен

өкмөт башчынын ролун жогорулатуга шартталган. Кээ бир күч

органдарынын түштүк аймактарында өз алдынча атуулдук тескөөдөн

чыгып, адам укуктарын тебелеген фактылар кездешет. Эң маанилүү

адам укуктарына байланышкан маселе катары түштүктөгу этникалык

топторго каршы болгон кысымды атоого болот. Андан кийинки

маселелерге бей өкмөт уюмдардын тынчын алуу, активисттерге, эркин

медиага, журналисттерге кийлигишүү, диний чектөө, сиңип калган

жемкорлук, дискриминация, этниалык жана диний топторго тийишүү,

балдарды зордуктоо, адам сатуу жана жашы жете элек өспүрүмдөрдү

иштетүү. Борбордук бийлик өкүлдөрү коргоосуз атуулдарга өзүм

билемдик менен күч органдарына аянтча түзүп бериши, уюшкан

кылмыш топторун жактоочулар, күбөлөр, арыз ээлери жана сотторго

басым жасоолоруна бөгөт койбогондугу болуп эсептелет.

Тажикистанда болсо аворитардык президент жана анын жанындагылар

өлкөнүн 1 облусунан өз жердештери болуп саясий түзүмгө басым

Page 111: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

111

жасап турушат. Бийлик саясий плюрализмге бөгөт койгон. Коопсуздук

күчтөрү атуулдук авторитеттерге отчет беришет. Эң башкы адам

укуктарындагы көйгөй саясий активисттерди репрессиялоо, кээ бир

эркин кабар, социалдык веб адрестерге тыюу салуу жана чектелген

диний эркиндикти айтууга болот. Андан кийин өзүм билемдик менен

абакка камоолор, адилеттүү сурак берүүгө кийлигишүү, жемкорлук,

сойкулук жана малайчылыкка адам сатуу кирет. Коопсуздук

органдары, кээ бир бийлик бутагындагы атка минерлер мыйзам

алдында жооп бербегендиги. Өлкөдө бүгүнкү күнгө чейин бийлик

өкүлдөрүнөн жоопко тартылгандардын саны өтө эле аз.

Түркмөнстанда бийликти авторитардык президент жана анын

Демократиялык партиясы башкарат. Эң маанилүү маселе катары өзүм

билемдик менен адам камоо, кыйноо, граждандык эркиндикти четке

кагуу, сөз эркиндиги, пресса, парламент жана кыймылдарга болгон

кысым бар. Уланып жаткан проблемаларга атуулдардын өз бийлигин

тандоого жөндөмсүздүгү, диний жашоолоруна кийлигишүү, адилеттуу

сурак берүү, жеке менчикке өзүм билемдик менен кийлигишүү, турак

жай сатып алууда, кат алышууда кийлигишүү, адам сатуулар кошулат.

Азыркы күнгө чейин бийлик өкүлдөрүнүн жоопко тартылгандыгы

тууралуу бир да учур кездешпейт.

Өзбекстанда авторитардык президент саясий жашоого үстөмдүк кылуу

менен өкмөттүн башка тармактарын толук көзөмөлдөөгө да көнүп

калган. Эң оор адам укутарын бузуу маселеси катары абактагыларга

күч түзүмдөрүнүн зулумдук менен кыйноолору, адилеттүү сурак берүү,

жалпыга тараган диний жашоого чектөөлөр, динине карабастан диний

топрордун мүчөлөрүн камоолор кирет. Буларга кошумча катары сырт

менен көрүшүүгө абактагыларга тыюу салынган жана себепсиз

мөөнөту узартылган абакта камоолор, өзүм билемдик менен камакка

алуулар, сөз эркиндиги, пресса, бей өкмөт уюмдарга, граждандык-

социалдык иш чараларга, кыймылдарга басым жасоолор бар. Айрыкча

Page 112: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

112

мамлекеттик жумуштарга адамдарды, өспүрүмдөрдү иштетүүнү да

айтуу керек. Байкоочулардын айтуусунда бийликти сындаган

журналист же активисттердин үй- бүлөлөрүнө чейин саясий

куугунтуктоолор, камоо жана абактагы мөөнөттөрүн себепсиз

узартуулар кездешет. Адатка айланган бийлик өкүлдөрүнүн

жемкорлуктары мыйзам алдында жооп бербестен жабылат148.

Аймактагы демократизация процесси: АКШнын БАга карата эң башкы

саясаттарынын бири узун мөөнөттүү демократиялык институттардын

өнүгүүсү жана адам укуктарын сыйлоого үндөө болуп эсептелет. Бардык

БА мамлекеттеринин лидерлери демократиялашууга барууга сөз

беришкен. 1994- жылдагы Назарбаевдин АКШга болгон визитинде Билл

Клинтон менен мыйзам чыгарууну жөнгө салуу, адам укутарын сыйлоо

жана экономикалык реформалар тууралуу Демократиялык Өнөктөштүк

декларациясына кол коюшкан. 2001- жылдын декабрь жана 2006- жылдын

сентябрь айындагы визитинде болсо Назарбаев Буш менен ушул берген

сөздөрүн чогуу билдирүү жасашкан.

2002- жылы Өзбекстан менен АКШ Өзбекстандын демократиялык

трансформациялоону күчөтүү жана пресса эркиндигин өнүктүрүү боюнча

Өзбек Стратегиялык Өнөктөштүк декларациясына кол койгон. 2002- жылы

тажик президенти Рахмон да фундаменталдуу эркиндикти кеңейтүүгө жана

адам укутарын жакшыртууга сөз берген. Түркмөнстанда болсо Ниязовдун

өлүмунөн кийин Совет доорунан калган элитанын демократизациялык

өзгөрүүдөн качкандыктарын көрүүгө болот149.

Соода жана инвестиция: Чөлкөмдөгү мамлекеттердин бардыгы чоң

өлчөмдөгү табыгый ресурстарга ээ болушу, аймакта соода- сатыкты негиз

алган «Жаңы Жибек- Жолун» түзүүгө чоң салым кошмок. Казак жана

Түркмөн экономикасы эң алдыда энергетика экспортуна таянса аларды

өндүрүү жана транспорттоого чет элдик инвестицияларга муктаждык бар.

Казакстан дүйнөнүн эң чоң уран экспортёру. Тажикистан, Түркмөнстан жана

Page 113: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

113

Өзбекстан Совет доорунан бери пахта өндүрүүгө багытталган борбордук

экономикалык планга ээ. Пахта жана алтын өндүрүп экспорттоодо Өзбекстан

дуйнөнүн алдыңкы тизмесине кирген. Өзбекстан газ өндүрүш тармагын

модернизациялоого муктаж, инфраструктурасын жакшыртууга инвестиция

керек. Кыргызстан негизинен алтын жана стратегиялык минералдык

резервдерге бай жана туризм сымал кирешелүү багыттары ачык. Тажикистан

болсо дүйнөнүн эң ири алюминий өндүрүүчулөрүнүн бири. Кыргызстан жана

Тажикистан региондун суу резервине ээлик кылган менен акыркы жылдары

кургакчылыктан таасирленип келишет.

АКШнын улуттук кызыкчылыктарынын алкагында штаттардын

товарларын жана сервисин жайылтуу жана энергетикалык, минералдык

булактарга жетүүдө жаңы базарларды ачуу үчүн Вашингтон БАдагы эркин

базар эканомикасын колдойт. Чөлкөмдөгү бардык 5 мамлекет менен эки

тараптуу соода келишимдери болсо да, бүгүнкү күндө Казакстан жана

Кыргызстан менен болгон келишимдер гана өз күчүндө. ВТОго алгач кирген

Кыргызстан менен түздөн- түз соода кылган АКШ Тажикистан жана

Казакстандын да уюмга мүчө болуу этабында техникалык жардамдар

аркылуу активдүү колдогон. АКШнын БА өлкөлөрү менен болгон соода

көлөмү башка жалпы дүйнө өлкөлөрү менен болгон соода көлөмүнүн 1% да

жетпейт. АКШнын аймакка башкы экспортторуна үй канаттууларынын эти,

органикалык эмес химикаттар, индустриялык клапандар, нефть жана газ

өндүрүүдөгү техникалар, кен иштетүүчү механизмдер, техникалык моторлор,

генераторлор, автомобиль, темир жол тетиктери жана граждандык авиа

техникалар кирет. Ал эми Казакстандан АКШга уран кени, нефть

продукциялары, органикалык эмес химикаттар, темир, болот жана түрдүү

металдар жөнөтүлөт.

АКШ менен БА мамлекеттеринин ортосундагы соода көлөмүн

төмөндөгү таблицадан көрүүгө болот:

Page 114: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

114

АКШнын 2013- жылдагы Борбордук Азия менен соода жүгүртүүлөрү(миллион АКШ доллары менен)өлкө АКШны

н импорту

Импорттун категориялары

АКШнынэкспорту

Экспорттун категориялары Жалпыкөлөм

Казакстан 1,390.4 нефть продукциялары, темир жана болот, органикалык эмес химикаттар

1,095.7 граждандык авиа техника, темир жол жабдыктары, тежникалык жабдыктар, үй канаттуларынын продукциялары

2,486.1

Кыргызстан 3,5 кагаз, текстиль, балык, кофе, арак

106,1 абтомобиль, үй канаттуларынын продукциялары

109,6

Тажикистан 0,7 өлчөө приборлору, кургатылган жемиш

52,6 үй канаттуларынын продукциясы,жабдыктар, авиа техника

53.3

Түркмөнстан 31.1 агро продуктылар, кездеме,фабрикаттар, иштетилбегеннефть продукциялары

260,8 үй канаттуларынын продукциясы,клапандар, май жана газ ондуруучутехника, трубиналар, аба жана газкомпрессорлору, граждандык авиатехника

291,9

Өзбекстан 26.6 органикалык эмес химикаттар, калемпир, кургатылган жемиш

320,9 үй канаттуларынын продукциясы,нефть продукциялары, мештер,фармацевтика, трубиналар, абажана газ компрессорлору,граждандык авиа техника

347,5

АКШнын Жаңы Жибек- Жолу имиджи (New Silk Road Vision)

Администрациянын 2000- жылдардын жарымына чейинки БА-

Түштүк Азиянын энергетика жана соода жолдорун колдоого болгон

далалаттарында 2011- жылдын июлунда мамлекеттик катчы Хиллари

Клинтон: «АКШнын тышкы саясатында БА жана Түштүк Азия аймагында

Page 115: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

115

келечекте араларында оңой товар, капитал жүгүртүүгө ылайыкталган;

адамдардын чек аралардан жеңил өтүү шарттары түзүлгөн бекем

экономикалык мамилелерди түзүү турат»- деп белгиледи150. Ал андан кийин

чөлкөмдүн министрлери жана расмий өкүлдөрү менен 2011- жылдын

сентябрь айында болуп өткөн жолугушууда «Жаңы Жибек- Жолу Имиджин»

төмөндөгүдөй түшүндүрдү: «Биз бул аймактын келечегин караганыбызда

Жибек Жолунун тарыхын Афганистан жана коңшулары үчүн узун мөөнөттүү

имиджинде илхам булагы катары карайбыз. Жаңы Жибек Жолунда-

конфликттерден жана бөлүнүүлөрдөн келип чыккан жарабызды, ушул жаңы

экономикалык жана транзиттик байланышка кошо турган салымыбыз менен

таңалы... Түркмөн газы Индия жана Пакистанда өсүп жаткан энергетикалык

муктаждыкка жана өтө турган транзиттик түйүндөр аркылуу Афганистан

жана Пакистанга мааниллуу деңгээлде киреше алып келмекчи. Тажик

пахтасын Инд кездемесине айлантууну ойлонуш керек. Афганистандын

мебели жана жер жемиши Астанадан Мумбайга, андан ары жолун табаарына

ишенем»151. Демек АКШнын Борбордук Азиядагы стратегиясын Түштүк

Азия менен биргелешкен географиялык мейкиндик тууралуу болуп

жаткандыгын аныктоого болот.

АКШнын региондогу энергетика саясаты: АКШнын БА жана Түштүк

Кавказ өлкөлөрүндөгү энергетикалык максаттарга багытталган иштери

алардын суверендүүлүгүн колдоо жана Батыш менен болгон

байланыштарынын өнүгүүсүн жактайт. АКШнын жеке менчик

инвестицияларын колдоо, НАТО жана ЕБтин түрдүү транспорт жол

альтернативаларынын энергетикалык коопсуздугун үгүттөө, дос мамиледеги

Түркияга көмөктөшүү жана аймакты энергетикалык таасири астына албашы

үчүн Иранга бөгөт коюу Вашингтондун саясатына кирет. Башка

кызыкчылыктар катары аймакта суу энергиясы, күйүүчү май жана газды

Түштүк Азияга экспорттоосун колдоо аркылуу Каспий чөлкөмүндөгү

түтүктөрдүн, ресурстардын коопсуздугун камсыз кылуу кирет152.

Page 116: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

116

USAIDдин чөлкөмгө жардамдары: 11- сентябрь 2011- жылга чейин

АКШнын БА болгон 1- тышкы саясат этабында 1992-2010- жылдар

аралыгында БА өлкөлөрүнө берилген жардамдын жалпы көлөмү 5,7 млрд.

АКШ долларын б.а. Евразия өлкөлөрү үчүн бөлүнгөн жалпы көлөмдүн 14 %

гана түзүп, бул аймакка төмнкү приоритет катары каралгандыгын көрүүгө

болот. Б. Обаманын администрациясы БАга 2009- жылы (жалпы агенттиктер

жана программалардын алкагында) 495,5 млн. доллар пландаштырып, ал

2010- жылга 436,3 млн. кыскарган. Администрациянын билдирүүсүндө 2010-

2011- жылдары тышкы жардамдарда Кыргызстан жана Тажикстанга

артыкчылыктар көрсөтүлөөрү белгиленген. Тажикистанга көрсөтүлүп жаткан

жардам Афганистандагы аймактык кырдаалды турукташтырууга көмөк

катары максатташкан. Кыргызстанга болсо бул жардам коопсуздук

маселелери, банги заттарга каршы күрөшүү, экономикалык реформалар жана

тамак аш коопсуздугун жакшыртууга жумшалаарын көздөшкөн153.Буга

кошумча катары 2010- жылдын апрель жана июнь окуяларынан жапа

чеккен Кыргызстандын экономика, шайлоо, тамак аш, турак жай жана

милиция түзүмдөрүн машыктырууга кошумча 77,6 млн. доллар бөлгөн.

Администрация 2015- жылдан 2014- жылга салыштырмалуу БА

мамлекеттерине берилүүчү жардамдарды бюджеттен азыраак талап кылуу

менен 113,7 млн. доллар мерчемдеген. Төмөндө АКШнын БА өлкөлөрүнө

көрсөткөн жардамдарынын суммасын өлкөлөргө жана жылдарга жараша

көрүүгө болот:

Таблица № АКШнын Борбордук Азияга 1992-2001- жылдарда болгон материалдык колдоолору

(миллион АКШ доллары менен)

БА өлкөсү 1992 1993 1994 1995 1996 1997 1998 1999 2000 2001

Казакстан 20.33 51.47 202.75 138.85 79.32 53.2 75.85 72.60 77.95 80.01

Page 117: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

117

Кыргызстан 13.03 108.22 90.36 44.43 63.63 23.85 50.29 61.12 49.73 43.07

Тажикстан 11.61 33.72 45.25 33.71 45.36 14.75 36.57 38..16 38.69 76.48

Түркмөнстан 14.71 57.28 22.38 21.82 25.33 6.25 8.94 15.94 10.91 12.57

Өзбекстан 5.62 15.00 34.07 14.44 23.34 30.88 26.84 46.88 39.06 48.33

Чөлкөмдүк 0.00 0.00 0.00 0.00 20.00 0.60 7.87 0.00 4.50 7.57

Жалпы 2057.3 2258.69 2388.82 2248.25 2252.98 2126.85 2204.36 2233.7 2220.84 2269.03

Таблица № АКШнын Борбордук Азияга 2002-2010- жылдарда болгон материалдык колдоолору

(миллион АКШ доллары менен)

БА өлкөсү 2002 2003 2004 2005 2006 2007 2008 2009

Казакстан 97.4 97.88 111.00 84.91 81.31 167.77 179.52 220.28

Кыргызстан 94.47 53.85 55.25 55.23 43.44 71.25 71.23 111.74

Тажикистан 136.34 48.71 53.01 65.69 42.81 49.94 67.33 67.44

Түркмөнстан 18.93 10.98 10.42 18.94 10.44 19.84 16.83 20.78

Өзбекстан 224.14 90.77 84.25 78.28 49.30 35.90 38.33 48.55

Чөлкөмдүк 13.88 9.99 3.41 5.02 5.43 7.59 6.66 25.71

Жалпы2587.16 2315.18 2321.34 2313.07 2238.73 2359.07 2387.9 2503.5

Sources: Derived from State Department, Office of the Coordinator for Europe and Eurasia. Note: Includes all agencies and accounts.

Таблица № АКШнын Борбордук Азияга 2010-2015- жылдарда болгон материалдык колдоолору

(миллион АКШ доллары менен)

БА олкосу 2010 2011 2012 2013 2014 2015

Page 118: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

118

Казакстан 2,050.4 17,57 19,29 12,526 9,761 8.347

Кыргызстан 1,221.71 41,36 47,4 47,11 45,287 40.05

Тажикистан 988,57 44,8 45,09 37,47 34,479 26,89

Түркмөнстан 351,36 11,01 9,2 5,468 5,473 4,85

Өзбекстан 971,36 11,34 16,73 11,378 11,278 9,79

Чөлкөмдүк 130,44 23,15 8,22 17,105 25,928 23,8

Жалпы 5,714.03 148,91 145,92 131,057 132,206

113,727

Евразиядагы

Жардамдардан

14% 26% 34% 37% 40% 54%

Sources: State Department, Office of the Coordinator of U.S. Assistance to Europe and Eurasia; State Department, Congressional Budget Justification: Department of State, Foreign Operations, and Related Programs for FY2015, March 4, 2014 (Account Tables added March 21, 2014).

Буларга кошумча катары Millennium Challenge Corporation (MCC)

өнугүү көрсөтүүгө дараметтүү деп ишенишкен өлкөлөргө АКШ тарабынан

кошумча жаңы жардам программасын иштеп чыгып, аймактан бир гана

Кыргызстан талап кылынган критерийлерге жооп бергендиктен 2008-

жылдын март айында 16 млн. доллар жардам көрсөтүлгөн. 2010- жылдын

июнь айында Кыргызстан бул жардам үчүн кайра тапшырса да саясий

укуктар, граждандык эркиндик жана жемкорлукту көзөмөлдөөдөгү

мүчүлүштүктөрү үчүн программага алынбай калган.

Тынчтык Корпусу Программасы БА мамлекеттеринин көпчүлүк

бөлүгүндө өз жумуштарын токтотушту. (Тажикистан волонтерлорго кооптуу

катары белгиленген) аймакта бул волонтерлорду конок катары кабыл алган

өлкө бул Кыргызстан. Жакында эле 2012- жылы Түркмөн бийлиги менен

Тынчтык Корпусунун ортосунда чыккан келишпездиктен улам ал жерде иш

чаралар токтотулган. Ушуга эле окшош себептерден Казакстанда бир жыл

мурун программага чекит коюлган154.

Page 119: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

119

АКШнын коопсуздук, куралдарды көзөмөлдөө программалары

жана көмөктөшүүлөрү: 2014- жылдын 5- мартында АКШнын куралдуу

күчтөрүнүн экс жетекчиси, АКШнын башкы штабыбын (USCENTCOM)

коммандири генерал Ллойд Аустин төмөндөгүдөй билдирүү жасады:

«Борбордук Азиянын Орусия Федерациясы, Кытай, Иран жана

Афганистан менен чектешкен географиялык абалы аны АКШ үчүн узун

мөөнөттүү маанилүү экендигине ынандырат. Аскерий мамилелериди

жакшыртуу аркылуу контр коргонууда, коммуникациялык сызыктарды

сактоодо жана контролсуз аймактарга террористтик чагымчылдардын

өтүүсүнө тоскоол болуубузга шарт түзөт. Андан ары инвестицияларыбыз

азыркы учурда иштеп жаткан чектелүү мамилелерибизди конструктивдүү

өнөктөштүктө алмашууларга таянган орток кызыкчылыктарыбызга

багытталган машыгууларды өткөрүү жана эффективдүү оперецияларды

уюштуруу үчүн БА өлкөлөрүн техникалык жардамдар менен жабдуу керек».

Анын отчетунда Аль- Каидага окошгон террорчул уюмдар

Афганистан жана Пакистандан Борбордук Азияга, Чыгыш Азияга ооп кетүү

коркунучун, Россия, Кытай жана Ирандын чөлкөмгө ыктымалдуу болгон

экономикалык жана коопсуздук басымдарын жасоолорун эскертет.

Афганистанда өндүрүлгөн банги заттардын кирешеси менен өз капчыктарын

толтурган террор уюмдарынан улам БАда наркотикалык транзитке каршы

күрөшүүнүн маанисин белгилейт.

БА аймагын талдап чыккандан кийинки темага байланышкан отчетунда:

Аймакта туруктуулукту сактоодо АКШнын башкы штабы

Афганистандагы оперецияларга 2014- жылдардан мурун көрсөткөн

көмөгүнөн улам Казакстан эң маанилүү өнөктөшү катары

ишенишет. 2013- 2017- жылдарга эки тараптуу аскерий

келишимдер пландалган.

Page 120: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

120

Башкы штаб Кыгызстандагы Манас транзиттик борборундагы

кырдаал жакшы жагына өзгөрөт деп ишенишкен.

Башкы штабдын эң акыркы инвестицияларына Тажикистандагы

контр терроризм, контр наркотика жана чек аралардын коопсуздугу

тууралуу аскерий модернизациялар камтылган.

Түркмөнстанды аймакта туруктуу деп атоого болот. Анын

нейтралдуулугу эки тараптуу аскерий келишимдерге жол бербейт.

Ошентсе да чек араларды коргоо жана Каспий флотуна колдоолор

жок эмес.

Өзбекстан менен АКШнын башкы штабы өзгөчө күчтөрдү

машыктыруу жана беш жылга контр терроризм, банги заттарга

каршы күрөшүү туурасында мамилелери өнүгүүдө155.

Чөлкөмдө банги заттарга каршы күрөшүү: БА мамлекеттеринин

эгемендүүлүктөрүнөн бул күнгө карай АКШнын мамлекеттик департаменти

банги заттарга каршы активдүү күрөшүүгө аймакта олуттуу салым кошуп

келет. 2013- жылы мамлекеттик департаментте Банги Заттарды Контролдоо

Стратегиясынын отчетунда дүйнө жүзүндө өндүрүлгөн опиумдун жана

героиндин 4/1 бөлүгү Афганистанда өндүрүлүп, Орто- Азиялык транзит

аркылуу Россия жана Борбордук Европадагы кардарларына жетет. Бул банги

заттардын орчундуу бөлүгү тажик- афган чек арасы аркылуу Өзбекстандын

трассаларынан өтөт. Мамлекеттик департамент буларга жергиликтүү

бийликтердин тийиштиги бар деп эсептейт156. Мамлекеттик катчылыктын эл

аралык наркотика жана мыйзам бузуулар кызматынын (INC) орун басары

Виллиам Броуфилд 2011- жылдын июнь айында Кыргызстан, Казакстан жана

Тажикистанга болгон иш сапары учурунда жаңыдан 4,2 млн. доллар Орто-

Азияда банги заттарга каршы күрөшүүгө жардам катары бөлүнгөндүгүн

жарыялады. Расмий отчеттордо мамлекеттик коргоо департаменти БАга

банги заттарга каршы күрөшүүгө бөлүнгөн 100 млн. доллардын

колдонулуусун жакындан көзөмөлдөөнү пландаган157. Так эмес

Page 121: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

121

маалыматтарга караганда Россия бул пландын ишке ашырылышына каршы

чыккан158.

Карши- Ханабад К2 авиа базасынын жабылышы:

11- сентябрь 2001- жылдагы террор окуясынан көп өтпөй 07- октябрь

2001- жылдан баштап Өзбекстандын түштүк- чыгышындагы Карши- Ханабад

же көпчүлүккө К2 деп билинген аба майданда АКШнын аба күчтөрү

жайгаша баштады. 2005- жылдын 5- июлунда Өзбекстан, Кыргызстан жана

Тажикистандын президенттери Шанхай Кызматташтык Уюмунун алкагында:

«Узакка созулган Афганистандагы терроризмге каршы жүргүзүлүп жаткан

оперецияларга чекит коюу керек. ШКУга мүчө болгон мамлекеттердин

территориясында жайгашкан анти террористтик коалициянын берилген

базалардан чыгуу даталарын белгилөө керектигин билдиришкен».

Декларацияга карап эч бир БА лидерлеринен коалициялык базалардын дароо

жабылуусун талап кылган эмес. Бирок 2005- жылдагы Андижан

коогалаңында Кыргызстанга качкан качкындар Румынияга уча ала

тургандыгын билдирген соң Өзбекстан 29- июлда АКШнын 6 айдын ичинде

Карши- Ханабаддагы базаны бошотуу талабын койду.

Эвокуация кылуу тууралуу эскертүү адаттагыдан бөлөкчө

Өзбекстандын ТИМ тарабынан курьер аркылуу АКШнын Ташкенттеги

элчилигине келгендигин АКШ өкмөтүнүн Орто Азия саясаты боюнча өкүлү

маалымдады. Өкүлдүн билдирүүсү боюнча Өзбекстан АКШга авиа техника,

персонал жана жабдыктарды көчүрүүгө 180 күн убакыт берген159. Ошентип

база 21- ноябрда коңшу Кыргызстандын Манас аба майданындагы базага

коөүрүлдү.

2008- жылдын башталышында АКШ менен Өзбекстандын

мамилелеринде оңолуу жагына биринчи кадам болду. Өзбекстан АКШнын

аскерий персоналына Германиянын жетекчилиги астындагы НАТО бөлүгүнө

Термезге жакын жердеги авиа базаны кырдаалга жараша колдонууга уруксат

Page 122: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

122

берди160. 2008- жылдын апрель айынын башында Румыния Бухарестте

өткөрүлгөн НАТОнун саммитине катышкан Ташкент бийлиги Өзбекстан

аркылуу Афганистанга НАТОнун жүк жана жабдыктарды ташуу маселесин

талкуулого даяр экендиктерин билдирди. 2009- жылдын май айында АКШ

жана НАТО Самарканд Бухаранын ортосунда өлкөнүн чыгышында

жайгашкан Навои аэропортун колдонууларына уруксат берилгендиги

жарыяланды. Обаманын администрациясынын учурунда Өзбекстан менен

салтка айланган эки тараптуу консультацияларды (Annual Bilateral

Consultation ABC) 2009- декабрь, 2011- февраль, 2012- август, 2013- декабрь

айларында өткөрүүгө жетишишти.

Массалык жок кылуучу куралдардан арылуу: АКШнын коопсуздукка

байланышкан эң маанилүү кызыкчылыктарына Совет өкмөтү таркагандан

кийин Казакстанда калган ядролук куралдарды тазалоо жана Борбордук

Азияга жайылуусун токтотуу болуп саналат. Бул өлкөлөрдү багыт алып

турган Иранга болгон шектенүүдөн улам АКШ ядролук технология жана

материалдардын экспорттолушу жана физикалык контролдоону колдоо

багытында тендер жарыялаган161. СССРдин кулашынан кийин Казакстан

кагаз жүзүндө дүйнөдөгү эң негизги ядолук куралдардын ээси деп аталса да,

чындыкта бул куралдар Россиянын көзөмөлүндө турган. 1993- жылдын

декабрь айында 104 SS-18s ядролук куралын коопсуз түрдө жок кылуу жана

бункерлерди бузуу тууралуу Cooperative Threat Reduction (CTR) келишимние

кол коюлган. 1994- жылдын февраль соңунда канаттуу аба ракеталары

көчүрүлгөн. (97 ракета АКШнын жардамы менен жок кылынган) 1994-

жылдын акырында SS-18s ракеталары жок кылынган. 21- апрель 1995- жылы

акыркы1040 ракета Россияга көчүрүлүп, Казакстан ядролук куралдардан

толук тазалангандыгын жарыялады. Казак ядролук куралдарынан тышкары

Казакстан, Кыргызстан, Тажикистан жана Өзбекстанда ондогон

радиоактивдүү калдыктар, төгүндүлөр, активдүү реактордук изилдөөлөр

жана уран кени коркунуч катары жатат. Дуйнөнүн башка чөлкөмдөрүндө

Page 123: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

123

глобалдык коркунуч туудурган ядролук куралдарды тазалоо иш аракеттери

тууралуу 2012- жылы Сеулда өткөн саммитте АКШ- Казакстан- Россия

биргелешкен билдирүүсүндө АКШ Казакстанды ядролук курал жана

материалдарды тазалоодогу аракеттерин дүңгүрөтүп мактап чыкты162.

Айтылгандардан төмөнкү корутундуларды алуу мүмкүн:

1. Мурунку параграфта айтылгандай, көп сандаган окумуштуулар

тарыхтын географиялык өзөгүнө айланган Евразия материгин XX кылымда

геосаясий маанайдагы концептуалдык модель катары ар кыл позициялардан

илимий анализге тартып келишкен. Алардын аналитикалык материалдары

Евразиянын чок ортосунда жайгашып, Х. Маккиндер тарабынан Heartland

(жердин жүрөгү) деген аталышка конгон Борбор Азия чөлкөмүн, андагы

татаал мүнөздөгү саясий жана экономикалык процесстерди андан ары

изилдөө жана чечмелөө үчүн эбегейсиз зор мааниге ээ. Анткени, баарыбызга

белгилүү болгондой, Евразия менен анын чок ортосундагы Борбор Азия

чөлкөмү бүгүнкү күндө ири державалардан тартып, кичи мамлекеттерге

чейин өз кучагына алган дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн өзүнө буруп келет.

Тарыхый түзүлгөн жагдайлардан улам эл аралык күрөштүн драматургиясына

тартылган Орусия, Кытай жана АКШ сымал ири державалар дайыма

дүйнөдөгү алардын көңүл борборун өзгөчө бурган геосаясий чөлкөмдөргө

ээлик кылууну эңсеп келишкен.

2. Орусиялык / советтик империянын курамынан суурулуп чыгып,

өз алдынча өнүгүү жолуна түшсө да, адам укуктары сакталбай,

демократияны басынткан башкаруусу ооздукталбай калган постсоветтик

Борбор Азияда АКШ саясатчылары тарабынан «түрткүнчүк мамлекет»,

«банкрот мамлекет» деп аталган өлкөлөрдүн пайда болушу, чөлкөмдүк

(регионалдык) жана ядролук амбицияларга ээ репрессивдүү режимдердин

жашоосу, ядролук куралдарды жайылтуу сыяктуу кубулуштар уламдан улам

өзгөрүүгө дуушарланып бара жаткан дүйнөнүн негизги белгилерине айланып

бара жаткандыктан, АКШ мындай жагдайларда жаңы реалийлер менен

Page 124: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

124

коркунучтарды эске алуу менен өздүк кызыкчылыктарын коргоо боюнча

«ооздуктоо стратегиясы» («стратегия сдерживания»), «өзүнө тартуу

стратегиясы» («стратегия вовлечения») деп аталган жаңы саясатты иштеп

чыгууга киришүүдө.

3. АКШнын расмий бийлиги тарабынан «түрткүнчүк» деп аталган

өлкөлөргө постсоветтик Борбор Азиянын дээрлик бардык өлкөлөрүн

киргизүүгө болот. Постсоветтик Борбор Азия чөлкөмү ички туруксуздугу

(стабилсиздиги) жана жарылып кетүү коркунучу (взрывоопасность) менен

айырмаланат. Чөлкөм үчүн суу ресурстары менен айдоо жерлери өтө таңсык

(дефицит) болуп саналат. Социалдык-экономикалык өнүгүү деңгээли

салыштырмалуу төмөн болсо да чөлкөмдүн этноконфессионалдык бир тектүү

эмес калкынын саны өтө тездик менен өсүп бара жатат.

4. Жогоруда айтылгандардан сырткары, бул чөлкөм бир нече он

жылдыктар бою жарандык согуштан жапа чегип, заманбап дүйнөдөгү

террористтик коркунуч жана эл аралык кылмыштуулуктун булагына

айланган Афганистан менен чектеш жатат. Натыйжада, Афганистандын,

ошондой эле постсоветтик Борбор Азия чөлкөмүндөгү мамлекеттердин

территориясынан Орусияга, андан ары Батыш Европа менен дүйнө

өлкөлөрүнө тыюу салынган товарлар менен экстремисттик идеялардын

түгөнгүс агымы багыт алып, заманбап дүйнөнүн, анын ичинде, АКШ

мамлекетинин коопсуздугуна коркунучтар жаралууда.

§ 2.2 Постсоветтик Борбордук Азиядагы АКШнын саясатынын өзгөчөлүктөрү

Жалпысынан Вестфальдык системанын тарыхы глобалдуу бийликти

бөлүштүрүүнүн принциптеринин өзгөрүү динамикасын тездете турган жана

бардык өсүп жаткан өзгөрүүлөрдүн багытын мүнөздөйт. Вестфальдык

келишим түзүлүшүнүн 350 жылдык эволюциясы өнүгүүнүн бир катар

мүнөздүү этаптарын басып өттү. Ушундан улам акырындык менен

мамлекеттердин улуттук суверенитетин жоготуу эң башкы тенденция болуп

Page 125: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

125

калды.Башкача айтканда мамлекеттин улуту глобалдык дүйнө түзүлүшүнүн

субъектисинин башкы элементи катары акырындык менен күчтүү

мамлекеттерге же эл аралык улуттук уюмдардын алдында өз ордун бошотуп

берүүдө. Бул, чындыгында дүйнөдөгү бардык мамлекеттердин глобалдуу

суверендүүлүгүн жоюуга алып келип, империялык түзүлүштүн кайтып

келишине өбөлгө болууда. Буга төмөндөгү моменттерди кароо менен

ишенүүгө болот:

Биринчиден, Вестфальдык дүйнө түзүлүшүнүн доору өзүнүн

туруктуулугун жоготуп баардыгы бат баттан өзгөрүүгө дуушар боло

баштаган. Ушундан улам, ар бир доордогу Вестфальдык системанын

дүйнөлүк тартиби тез-тез өзгөрүлгөн. Жыйынтыгында, Вестфальдык

системанын негизин системалуу түрдө өзгөртүүнүн натыйжасында, анын жок

болуп кетишин тездетти. Мисалы, Вестфальдык келишимдин постимперия

доорундагы алгач фундаменталдуу негизи (1648-1811 жылдары) 166 жыл

жашаган. Экинчи катарда, Вендик доордо (1814-1914 жылдар) дүйнөнүн

жашоо ишмердүүлүгүндө 100 гана жыл кызмат кылган, ал эми үчүнчү,

Версальско-Потсдамдык доордо (1919-1991 жылдар) 72 жылдын ичинде жок

болуп кеткен. XXI кылымда Вестфальдык систама акырына чейин толугу

менен өзгөртүлүп жаңы дүйнөлүк тартип орнолууда.

Экинчиден, Вестфальдык дүйнө түзүлүшүнүн 350 жылдык агымы

системалуу түрдө дүйнөнүн көп кырдуу саясий түзүлүшүн кыйратууга алып

келген. Вестфальдык дүйнөнүн принципиалдуу негиздери түздөн түз

бузулуп, эл аралык процесстерге катышкан суверендүү мамлекеттердин саны

системалуу түрдө кыскарган. Дүйнөнүн көп мамлекеттери өздөрүнүн

суверендүүлүгү үчүн күрөшпөстөн аң сезими менен башка мамлекеттерге же

улуттар арасындагы эл аралык уюмдарга (БУУ, Евро Биримдик ж.б.) берип

коюшкан. Алар өз ыктыярдуулугу менен өз суверендүүлүктөрүнөн баш

тартышып, өздөрүнүн суверендүү укуктарын башка ири мамлекеттерге жана

улуттар арасындагы уюмдарга алдыруунун натыйжасында дүйнөдөгү

көптөгөн мамлекеттер жарым суверендүү мамлекетке айланышты. Эң

Page 126: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

126

башкысы дүйнөдөгү көптөгөн мамлекеттер өздөрүнүн көз карандылыгын

азыркы замандын закон ченемдүүлүгү катары кабыл ала башташты. Мисалы,

Вестфальдык келишимге Европанын 145 көз карандысыз мамлекети кол

койсо маанилүү болгон Вендик келишимге Европанын 62 көз карандысыз

мамлекеттердин жетекчилери кол коюшкан. Дүйнө жүзүнүн тагдырын

Потсдамда өткөн конференцияда үч ири мамлекеттин лидерлери гана чечип

коюшкан. Ал эми XX кылымдын экинчи жарымында дүйнө жүзүнүн

тагдырын чече турган «жогорку державалуу» СССР жана АКШ

мамлекеттери болуп калган. Эми, акырында XXI кылымдын башында

вестфальдык келишимдин тагдыры бир гана АКШ нын колунда болуп калды.

Үчүнчүдөн, Вестфальдык системанын өнүгүү процессинен улам,

өзгөчө динамикалуу XX кылымда, экономикалык жактан байууга, согуштук

күч кубаттын чыңдоого, бүт мамлекеттерге бийлик жүргүзүүгө жетишкен

жер жүзүндөгү кургактыктын 6,15% да жашаган, дүйнө элинин 4,5% ын

түзгөн бир мамлекеттин колунда болуп калды. Айрым эксперттердин

баамында азыркы дүйнөлүк саясаттагы маселелер АКШ нын таасиринин,

катышуусунун астында чечилет. Алардын ичинен 90% анын көз карашы

боюнча чечилет. Бийликтин басымдуу бөлүгү АКШ нын колунда, дүйнөлүк

бизнес маалыматтарын жарыялаган «Vanity Fair» (АКШ) журналынын

тизмесине 50 ири корпорация кирген болсо алардын төртү гана америкалык

компания болгон эмес. АКШ нын дүйнөлүк экономикадагы үлүшү 25% ды

түзөт. Дүйнөлүк алтын кеӊешинин билдиргенине ылайык, дүйнөлүк алтын

запасындагы АКШнын проценттик коэффициенти 74,5%. Дүйнөлүк

валюталык резервинин 60% долларга, 24% еврого которулган. АКШ да 500

ири дүйнөлүк компаниялардын 139 нун штаб-квартиралары жайгашкан. Эң

маанилүүсү жалпы дүйнөлүк чыгымдардан азыркы заманбап шарттагы жаңы

маалыматтык технологияны өнүктүрүүгө АКШ нын чыгымы 40% түзөт ал

эми Россиянын үлүшү 1% дан төмөн. Азыркы АКШ массалык маданияттын

жана билим берүүнүн дүйнөлүк борбору. Жана акырында, АКШ – №1

аскердик держава.

Page 127: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

127

Төртүнчүдөн, эгерде системалуу түрдө карасак, Вестфалдык келишим

доору “Кондратьевдик” алгоритм боюнча өнүгүп отурган. Башкача айтканда,

алар кайталанма принцип менен империялык доордон (Диний Рим

империясынан) империядан кийинки жаңы доорго (1648-жылдагы

Вестфалдык келишим) өнүгүп, андан соң дүйнө куруу постимпериялык

принциптен империялык дүйнө тартибине (Веналык келишим 1814 жыл)

кайтып келет жана кайрадан дүйнө постимпериялык доорго (Версал-

потсдамдык келишим 1919-1991 жж.) кайтып келет. Эгерде мындай

кайталанма эреже менен кете турган болсок, “Кондратьевдик” алгоритмдин

уландысы жана Вестфаль системасынын кулашы XXI кылымдын

Неоимпериялык “жаңы тартибинин” орношунаалып келди.

Демек, поствестфалдык мезгил униполярдык, бирок АКШнын

гегемониясы менен уюшпагандыкта башаламан “дүйнөлүк жаӊы тартип”

болуп келди. Буга байланыштуу 1991-жылы АКШнын президенти Джордж

Буш расмий түрдө “Бир гана Кошмо Штаттарынын моралдык зарыл болгон

ишенимди жана “дүйнөлүк жаңы тартиптерди” колдогон реалдуу

каражаттары бар” деп жарыя кылды. Ал эми 2015-жылы АКШнын

коопсуздук боюнча мамлекеттик катчысы жана Пентагондун башчысы

Эштон Картер Россия менен Кытайдын принципиалдуу эл аралык

тартиптерди өзгөртүү аракеттерин АКШ колдобой турганын билдирип

чыкты. Поствестфальдык келишимге мүнөздүү болгон фрагментардуулук,

хаотикалык, конфликттин жогорку чеги жана башаламандык, “жаңы

дүйнөнүн тартибин” орноткон гегемондук стратегиялык маселелерге көз

жумган, лабилдүү эл аралык системалар болуп саналат.

“Башкарылуучу хаостун” шартында эл аралык саясий-укуктук шарттар

менен бирге ачык жана латенттик четке кагуу болуп, БУУ башында турган эл

аралык уюмдардын ролунун жана статусунун девальвациясы түшүп, алардын

талаптары четке кагылат. Мындан улам, БУУ экинчи дүйнөлүк согуштун

алдындагы Улуттар Лигасы сыяктуу эле мүмкүнчүлүгү чектелген жана

эффективдүүлүгү жокко эсе болуп калууда. БУУ да Улуттар Лигасы сыяктуу

Page 128: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

128

эле курулай отурумдарды уюштуруп, кандайдыр бир чечимдерди чыгарып,

санкция жарыялап, бутафордук акцияларды өткөрөт. Бирок булардын

бардыгынын эффективдүүлүгү аз. Ошондуктан, З.Бжезинский образдуу

түрдө минтип айткан, “дүйнө – улам ылдамдыгын жогорулатып белгисиз

тарапка бет алган автопилоттогу самолет сыяктуу”. Дүйнө “башкарылуучу

хаос” процессиндеги системдүү эмес, белгисиз жана туңгуюк системага

чөмүлүп бара жатат.

“Башкарылуучу хаос” дүйнөлүк саясатта таптакыр жаңы кырдаалга

кептелген – туруктуулук орногон сыяктуу дүйнөдө глобалдык стратегиялык

кырдаалдардагы ички жана тышкы чөйрөнүн карама-каршылыгын курчуткан

тактикалык каражат катары элестетилет. Согуштун жаңы түрлөрү болгон

“гибриддик согуш”, “желелик согуш”, “ассиметриялык согуш”,

“байланышсыз согуш”, “гүл революциялары”, терроризм, экстремизм,

джихадизм, такфиризм ж.б. көбөйүдө. Практика көрсөткөндөй, согуштардын

шартында “башкарылуучу хаос” бир да дүйнө континентинин, өлкөсүнүн,

регионунун коопсуздугуна, бейпилдигине, алардын экономикалык күчүнө,

армиясынын санына, жогорку класстагы тактикалык, ядердик курал-

жарактарына карабастан кепилдик болуп бере албайт. Ошондуктан, мурунку

Югославия, аймагы жагынан ири “Чоң Жакынкы Чыгыш” территориясы,

Украина, Кавказ, ал тургай Европа мындай согуштун объектилери болуп

калышты. Бир нече региондор, анын ичинде Борбордук Азия “гибриддик

согуштун” кийинки этабынын аренасы болуп калуу коркунучу бар.

“Гибриддик согуштар” үчүнчү дүйнөлүк согуштун формасы болуп

калуу эсебинде турат. Ошого байланыштуу, согуштардын мүнөзү өзгөрүүдө.

Эгерде XX кылымдын ортосуна чейин согуштардын 80% өлкөлөр аралык

болуп келсе, XX кылымдын жарымында– XXI кылымдын башында

согуштардын 80% мамлекеттин ичиндеги согуштар болуп эсептелет.

Алардын ичинен 20% жарандык согуштар болуп саналат, 20%дан көбү

террористтик, 45% сепаратисттик. Мындай согуштардын жыйынтыгы

улуттук мамлекеттин кыйрашына, жарым-жартылай кыйрашына, көз

Page 129: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

129

карандысыздыктын жоюлушуна алып келүүдө. 40 жылдын ичинде мындай

согуштардан улам 16 млн адам жок болду. Бул биринчи дүйнөлүк

согуштагыдан да ого эле көп (10 млнго). Айталык, бир гана 2014-жылы

дүйнөнүн 162 мамлекетинин, калктын 99,6% жашаган аймагында, 32 млн,

658 миң адам террористтердин курмандыгы болушту. Бул XXI кылымдын

башындагыга (2000-жылы 3329 адам терроризмден каза болгон) караганда 9

эсе көп экендигин кабарлап турат. 2014-жылы терроризмдин кесепетинен

экономикалык зыян 52,9 млрд АКШ долларына жеткен.

Терроризмдин кесепетинен экономикалык жоготуулар жыл сайын өсүп

жатканы тынчсыздандырат жана 2014-жылкы жоготуулардын статистикасы

2000-жылга караганда 10 эсеге өскөн. Акыркы 9 жыл ичинде эле Ирактын

терроризмден экономикалык жоготуулары 159 млрд АКШ долларын түзгөн.

Ал эми Египеттин, Ливиянын жана Тунистин «араб жазынын» жана ички

согуштардын кесепетинен прогноздолгон экономикалык жоготуулары 2011-

жылдан 2015-жылга чейинки аралыкта 225 млрд долларды түзгөн.

Салыштырма түрүндө айта кетүүчү нерсе, Биринчи дүйнөлүк согуштагы

экономикалык жоготуулар 180 ден 230 млрд АКШ долларын түзөт.

Бул фондо жаӊы поствестфалдык глобалдык саясат ачыктан ачык

түзүлүп жатат, ал улуттук мамлекеттердин суверенитетине эле тескери

таасирин тийгизип жаткан жок. Бүт дүйнө жүзүндө дүйнө өлкөлөрүнүн

суверенитетин талкалоо жүрүп жатат, улуттук мамлекеттерди жок кылуу

жана глобалдуу аянтты ааламдык империяны түзүү үчүн тазалоо жүрүп

жатат. Суверендүү мамлекеттерди жойуу мамлекеттерди бириктирүү

аркылуу ишке ашырылууда (Евробиримдик), көз каранды марионеттик

режимди таӊуулоо («түстүү революциялардын» натыйжасында) жана түздөн-

түз интервенция жана оккупация аркылуу (Ирак, Ливия, Сирия, Йемен).

Улуттук мамлекеттердин таркалып жок болуусу биринчи кезекте ислам

дүйнөсүнө тиешелүү, мында улуттук мамлекеттер системалык түрдө кыйрап

жок болууда. Мисалы, жалпы эли 100 млнго жакын болгон Ирак, Ливия,

Сирия, Йемен жок болууда. Улуттук мамлекеттердин кыйрап жок

Page 130: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

130

болуусунун, алардын чек араларынын жок болуусунун натыйжасында

«Талибан», ИГИЛ, «Бока харам» өӊдөнгөн квазимамлекеттик биримдиктер

пайда болууда. Азыркы учурда 60ка жакын мамлекеттин территориясында

120 дан ашык таанылбаган мамлекеттер пайда болууда жана алардын

басымдуу көпчүлүгү ислам дүйнөсүнө таандык

Мамлекеттик бийликтин алсыздыгынан 50% га жакын ислам

дүйнөсүндө перманенттик саясий кризис байкалат, ал эми 33% га жакын

ислам мамлекеттеринде улуттук өкмөттөр өз мамлекеттеринде кырдаалды

көзөмөлдүккө ала албайт. Мисалы, Афганистанда, Иракта, Ливияда, Сирияда,

Сомалиде, Чадда, Нигерде, Нигерияда, Батыш Сахарада, Палестинада ж.б.

Планетанын ислам дүйнөсүнүн 50% жашаган 20 мамлектетте куралдуу

конфликттер болуп өттү жана болууда.

Азыркы учурда социалисттик өткөндүктүн жоюлушунун үчүнчү

толкунунун жүрүүсү көрүнүүдө. Биринчи толкун болуп дүйнөлүк

социалисттик системанын жоюлушу эсептелген, экинчи толкун – СССРдин

жоюлушу. Акыркы жылдары «үчүнчү дүйнөнүн» жоюлушу жүрүүдө, өзгөчө

качандыр бир кезде социалисттик ориентирде болгон мусулман

мамлекеттеринин жоюлушу. Белгилүү болгондой, мусулман мамлекеттери,

СССРдин мусулман советтик республикаларын жана ислам дүйнөсүнүн 31

мамлекетин кошкондо, социалисттик проекттин аркасында

мамлекеттүүлүктүн ар кандай формаларына ээ болушкан.

Евразия континентине, анын ичинде, Х. Маккиндер тарабынан

Heartland аталышына конгон Борбор Азияга үстөмдүк кылуу ишинде

Америкалык да, борбор азиялык элдер курамына 150 жылдан ашуун кирип

келген Орусиялык да тышкы саясат дайыма эле ырааттуу жүрөт деп айтууга

болбойт. Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан соң дүйнөнүн башка

өлкөлөрүнө караганда аты аталып жаткан 2 улуу держава өздөрүнүн тышкы

саясий принциптерин мурдагыдан да ырааттуу жактай башташкан. Совет

өкмөтү, азыр Орусия мамлекети өз дүйнө таанымын таасир көрсөтүү

чөйрөсү, буфер зоналары жана чек ара линиялары деп аталган империялык

Page 131: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

131

мезгилдерге мүнөздүү болгон түшүнүктөрдүн тегеретесинде кура баштаган.

Дүйнөнү түшүнүүнүн мындай тиби эл аралык мамилелерди дүйнөлүк

атаандаштардын бир жагынын жеңиши экинчи жактын жеңилишин

милдеттүү түрдө туюнткан «нөл суммасына барабар оюн» («игра с нулевой

суммой») катары чечмелей баштаган. ХХ кылымдын башынан Экинчи

дүйнөлүк согуш аяктаганга чейин дүйнөлүк саясатта үстөмдүк кылган

мындай кырдаал дүйнөгө мурда болуп көрбөгөндөй ири алааматтарды,

алардын ичинде 2 дүйнөлүк согушту алып келген. «Нөл суммасына барабар

оюндун» эрежелери боюнча иш жүргүзгөн империялар милдеттүү түрдө өз

ара кагылышка түшүп, реалдуу же виртуалдуу атаандашка өз позициянын

берип, жемин жедиргиси келбейт. Ошол себептен, Джон А. Хобсон 1902-

жылы эле дүйнөлүк империялар, ири алдыда, колониалдык ээликтерди түзүп

алуу жолу менен уламдан улам азайып бара жаткан табигый заттарга

монополдуу тескөө жүргүзүү максатында өз ара атаандашууну улантып

жатышкандыктан, дүйнөлүк үстөмдүккө багыт алган империялык саясат

жаңы аскер жаңжалдарын пайда кылат деп таамай айткан.

Диссертациянын мурунку баптарында айтылгандай, заманбап дүйнө

өз таасирин уламдан улам кеңейтүүгө умтулган саясий күчтөрдүн АКШ,

Орусия Федерациясы, Кытай Элдик Республикасы өңдүү бир нече жаңы

борборлорунан куралган. Аты аталган ар бир таасирдүү мамлекет өзүн

бүткүл адамзатка таандык чечимдерди кабыл алуунун өзөктүү субъектиси

болууга жөндөмдүү дүйнөлүк держава деп сезет. Дал ушул жерде

«өз стандарттарын башкаларга таңуулап, глобалдык үстөмдүк

кылууга умтулган державанын таасиринен биздин өлкө оолак боло алабы?»;

«дүйнөлүк держава болууга талаптанган мамлекеттин саясий

жана экономикалык потенциалы башка өлкөлөрдү баш ийдирүүнүн

инструменти гана болуп саналабы, же анын өзгөчөлөнгөн саясый салмагы

анын өздүк коопсуздугун гана камсыз кылуу үчүн гана керекпи?» - деген

суроолор дүйнөнүн каалагандай өлкөсү, анын ичинде, Кыргыз Республикасы

үчүн маанилүү болуп саналат.

Page 132: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

132

АКШ өзүн дүйнөлүк лидер деп ачыктан атайт. Анын мындай

амбициялары экономикалык жана инвестициялык үстөмдүктө да, Жер

планетасынын бардык жашоочуларына глобалдык күн тартипти жана жалпы

проблемаларды чечүүнүн ыкмаларын таңуулоого даяр экендигинде да ачык

байкалат. «Келечектеги дүйнөнүн негизин салу үчүн Америкага мурда болуп

көрбөгөндөй мүмкүндүктөр берилүүдө», - деп улуттук коопсуздуктун

Стратегиясында ашкере ишенимдүүлүк менен жазылган. Эгерде дүйнөлүк

масштабдагы саясый күчтөрдүн башка борборлору глобалдык

проблемаларды чечүүнүн альтернативдүү, бирок, АКШнын көңүлүнө

толбогон ыкмаларын сунуш кылса, Кошмо Штаттар аны кулагынын

сыртынан кетирип, атайылап көңүл бурбай, өзүнүн тоотпогондугун ачык

билдирет. Буга ачык мисал катары АКШнын Киото протоколуна болгон

мамилесин келтирсе болот. Алгач бул протоколго кол коюп, андан соң анын

өз пайдасына зыян келтирээрин билип, аны ратификациялоодон баш тарткан

АКШ мындай саясат протоколго кол койгон башка мамлекеттердин

кыжырын кайнатаарын мыкты түшүнөт. Бирок, мындай учурларда АКШ

«ким биз менен болбосо, ал бизге каршы» деген принципке таянат. АКШнын

өзгөчө статусу менен макул эмес өлкөлөр бул мамлекеттин душманы деп

таанылат да, ага каршы согуш ачуу зарылдыгы жаралат. Мындан сырткары,

расмий документтер боюнча 2001-жылдын 11-сентябрынан тарта АКШ

мамлекети чын эле согуш менен алпурушуп келе жатат.

Терроризм америкалык идеалдар үчүн башкы кооптуулук деп

таанылат. Бирок, чын-чынына келгенде, АКШнын башкы милдети болуп

террор менен күрөшүү эмес, өзүнүн глобалдык масштабдагы саясий жана

экономикалык үстөмдүгүн орноткон системаны бекемдөө жана өнүктүрүү

эсептелет. АКШ өзүн «демократиялуу өлкөлөрдүн өсүп келе жаткан

шериктештигинин лидери» деп атоо менен өзүнүн дүйнөлүк коомчулуктагы

өзгөчө ролун ачыктан ачык эле баса белгилөөдөн тартынбайт.

Улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген факторлорду четке

кагуунун ыкмаларын түшүнүүдө Кошмо Штаттардын элитасы бирдиктүү

Page 133: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

133

пикирде эмес. АКШнын элитасынын неоконсерваторлор деп аталган өтө так

кесе маанайды жактаган бөлүгү америкалык баалуулуктар менен америкалык

жашоо образын бүткүл дүйнөгө каалагандай ыкмалар, ал тургай, аскерий иш-

аракеттер менен жайылтуу ниетин жакташат. Неоконсерваторлор АКШнын

республикалык партиясынын өтө радикалдуу маанайдагы бөлүгү болуп

саналат. Алар Афганистан менен Иракка аскерлерди киргизүүнү

пландашышкан, ракетага каршы коргонуунун жаңы системасы түзүлүп

жаткан Борбор Азия менен Европадагы аскерий базалардын торлорун

кеңейтүүнү көшөргөндүк менен таңуулап келет. Алар «жоош-момундук»

АКШнын коопсуздугуна карата анча адекваттуу реакция болуп саналбайт

деп, Иран проблемасын аскерий жол менен чечүүгө олуттуу даярдык көрүп

келишет. Айта кетчү жагдай, берилген моменте АКШга кол салуу

даярдалбаса да, андай кол салуу мүмкүндүгү болбосо да, Кошмо Штаттары

кас маанайдагы тараптарды эскертип коюу максатында биринчилерден болуп

аскерий күчтү пайдалануу зарылдыгын ачык айтуудан тажабайт.

АКШнын элитасынын башка бөлүгү, ири алдыда, демократиялык

партиянын өкүлдөрү жаңжалдарды чечүүдө аскерий күч колдонуу

формаларынан баш тартып, мамлекеттик эмес уюмдардын системасын

өнүктүрүүгө жана саясий кысым көрсөтүүгө басым жасашат.

Иш жүзүндө АКШнын элитасынын жогоруда аталган эки башка

маанайы бирин бири толуктап, саясий укуктар менен эркиндиктерди сактоо

ураанына жамынып, өзүнүн саясий таасирин жайылтууну ниет кылган

АКШнын негизги стратегиялык милдетин калыптандырат. Башка

өлкөлөрдөгү демократияны жактоочулар улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү

маанилүү милдеттердин бири деп таанылат.

Иш жүзүндө АКШнын башкы тактикалык милдети болуп

энергоресурстарынын, ири алдыда, мунай менен газдын азыркы кездеги жана

перспективалуу негизги борборлоруна тескөө кылуу мүмкүндүгүнө ээ болуу

эсептелет. АКШ өзүнүн динамикалуу өсүп жаткан экономикасы үчүн гана

эмес, Кытай, Индия жана Европа өлкөлөрү сыяктуу өзүнүн геосаясий

Page 134: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

134

атаандаштары үчүн «көмүрсуутек ачкачылыгы» («углеводородный голод»)

кырдаалын түзүү үчүн энергоресурстарына жетүү ниетин көздөйт. Мында

Кытай АКШнын эң башкы геосаясий каршылашы катары каралып, АКШ

мамлекети Кытайдын өнүгүшү үчүн маанилүү жана зарыл болуп саналган

мунай менен газга ээ болуу мүмкүңдүгүнөн айрып салуну көздөйт.

Мындай жагдайда мунай менен газга ээ Жакынкы Чыгыш (сунниттик

да, шииттик да мамлекеттер), Борбор Азия, Орусия, Африка жана Латын

Америкасынын өлкөлөрү АКШнын көңүл борборунда болуп турат. Анткени,

төмөнкү жагдайлардан улам ХХ кылымдын 70-жылдарынан кийинки мезгил

АКШ үчүн өтө драмалуу болгон:

Персид булуңундагы мунайга тескөө болуудан айрылып калуу;

СССР кулагандан кийин Орусиянын улуттук суверенитетти

сактап калуу багытындагы так кесе аныкталган линиясы;

Латын Америкасындагы массалык масштабдагы антиамерикалык

маанайлар.

Жогоруда аталган процесстер Монро доктринасын талкалап,

демократиялык маанайга ээ эмес Орусия менен Кытайдын саясий жана

экономикалык таасиринин күч алышына алып келет.

Аталган тенденциялар менен күрөшүү максатында АКШ өзүн

каалагандай өлкөлөр менен элдерди «демократияга түртүүгө» укук берген

демократиялык баалуулуктардын ээси деп атайт. Америкалык

администрациянын расмий документтеринде «Адамдын эркиндикке болгон

умтулуусу универсалдуу, бирок, эркиндикти кеңейтүү бир катар

тоскоолдуктар менен коштолот. Эркин мамлекеттердин колдоосусуз

эркиндикти кеңейтүү ооздукталып тура бериши мүмкүн», - деп көрсөтүлгөн.

Саясий шериктештерге карата АКШнын жасаган мамилеси да так кесе

прагматикалык маанайга ээ. АКШ үчүн алардын Кошмо Штаттардын тышкы

саясий чечимдерин колдоосу өтө маанилүү. Мындай эмес учурларда

өнөктөштөр кескин сындын объектисине айланышат. Айтсак, Европалык

шериктештиктин бардык эле мамлекеттери АКШнын экспансионисттик

Page 135: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

135

саясатын колдошпойт. Ирактагы аскерий операция Германия менен

Франциянын жактырбаган реакциясын жаратты эле, ошол замат алар

«акылынан алжыган» Европа атка конгон. Ошол себептен, АКШга багыт

алган Еврошериктештиктин жаңы мүчөлөрү, айрыкча, Чыгыш Европадагы

мамлекеттер, АКШдан уламдан улам жаңы мактоолорго арзып бара

жатышат. Ошентип, АКШны дүйнөлүк лидер катары тааныган бардык

мамлекеттер АКШнын шериктешине жана «демократиялык мамлекетке»

айланып, АКШны дүйнөлүк лидер деп таанууну жактырбагандар

авторитаризм, же аны жактаган режим деген айыптоолорго дуушарланууда.

Жогоруда айтылгандарга карабастан, Америка Кошмо Штаттарынын

тышкы саясаттын расмий доктринасы АКШнын жарандары менен эл аралык

коомчулуктун жыргалчылыгы үчүн коопсуз, демократиялуу жана өнүккөн

дүйнөнү камсыз кылуу ниетин көздөйт. Вашингтондун тышкы саясаттагы

америкалык дискурсу менен реалдуу тышкы саясатынын ортосуна да

орустардын империялык амбицияларга ээ саясатына аналогиялуу болгон чек

ара линиясын жүргүзүүгө болот. Дал ушул эки өлкөнүн амбицияларынын

атаандаштыктары аркылуу Борбордук Азия чөлкөмүндө ынгайсыз саясий

абал түзүлүүдө. Орто Азиядагы жаңы эркин болгон мамлекеттердин

суверендүүлүгүнө шек келүүдө. Булар ири державалар жүргүзгөн оюндарга

дуушар болуп, бул үлкөн күчтөрдүн өз көмөчүнө күл таркан учурларында

ортолорунда алардын макулдугу жок эле сыртынан соодалашып коюучу

объектисине айланып калууда.

Дискурс тууралуу кеп кылуу менен Экинчи дүйнөлүк согуштун аяк

жагында Кошмо Штаттары дүйнөдөгү чыныгы державага айланып, коргонуу

жана коопсуздук маселелериндеги изоляционизм саясатынан арылган

мезгилден тартып АКШ мамлекети адам укуктары менен демократиялык

режимди көздүн карегиндей сактоо идеясын бүткүл дүйнөгө таңуулап

келгенин байкоого болот. Бирок, «кансыз согуш» жылдарында жана ал

бүткөндөн кийин америкалыктар эл аралык иштерде «сопудай момун»

(«ангел») болуп саналбаган, башкача айтканда, демократия менен адам

Page 136: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

136

укуктарын сыйлоону көп жактыра бербеген өлкөлөр менен альянстарды түзө

баштайт. Ошону менен катар эле демократиялуу болуп саналбаган айрым

мамлекеттер АКШнын башкы баалуулуктарына кол шилтеп койгондон улам

америкалык ракеталар менен бомбалар багыт алчу өлкөлөргө айланган163.

Вашингтон проамерикалык ориентацияны ачыктан ачык

демонстрациялаган демократиялык режимдерге өзгөчө колдоо көрсөтүп

келет. Айтсак, АКШ мамлекети тарабынан демократияны экспорттоо

саясатынын ачык мисалы болуп постсоветтик Грузия эсептелет.

Ошентип, демократия АКШнын тышкы саясатынын негизги максаты

болуп саналат164. АКШнын Мамлекеттик департаментинин докладдары

боюнча мындай моделдин ийгиликтүү мисалдары болуп Грузиядагы165 жана

Украинадагы166 «түстүү революциялар», Сербиядагы, анын ичинде,

Косоводогу, ошондой эле Черногориядагы саясий кайра түзүүлөр эсептелет.

Акыркы жылдары бир катар саясий байкоочуларда «демократияны

экспорттоо» процесси негативдүү баага арзып бара жатат. Ошол эле учурда

АКШнын дүйнөгө карата жеке басаар үстөмдүгүн жактырбаган тараптар,

мисалы, Орусия жетекчилиги, «демократизация» терминин эл аралык

мамилелер системасындагы, алардын пикири боюнча, терс кубулуштарды

туюнтуу үчүн арбын колдонот.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райстын «Белоруссия

Борбор Европадагы акыркы нукура диктатура болуп саналат» жана «бул

өлкөдө өзгөрүүлөрдү жасоого мезгил келди», - деген сөздөрүнө комментирий

берүү менен Орусия Федерациясынын Тышкы Иштер Министири Сергей

Лавров мындай деген: «Биз режимди зомбулуктуу жол аркылуу

алмаштырууну колдобойбуз». Бирок бул созго Орусиянын Украинага каршы

жургузуп жаткан иш аракеттери шайкеш келбейт. Казакстан да тундук-

чыгышында 7548,1 км чектешкен Орусия менен Украинанын тундук

чыгышындагы кейпин кийип калгысы келбейт.

Албетте, бүгүнкү күндө постсоветтик геосаясий мейкиндикте

АКШнын башка мамлекеттерге карата сунуш кылган демократияны

Page 137: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

137

жайылтуу деген аталыштагы маданий саясатын орусиялык маанайда

чечмелөө үстөмдүк кылат. Ошондой болсо да, АКШнын коопсуздугу башка

өлкөлөрдөгү саясий режимдин мүнөзү менен аныкталаарын дагы бир жолу

баса белгилеп кетүү абзел. «Демократияны жайылтуу» концепциясы

Америка бүткүл дүйнөгө либералдык-демократиялык принциптерди

жайылтуу сыяктуу ардактуу идеологиялык миссияны аркалаары тууралуу

түшүнүмдөр менен АКШнын улуттук кызыкчылыктарына таянган

прагматиканы өз ара айкалыштырган вильсондук либералдык универсализм

идеясынын негизинде өнүктүрүлгөн. Ошол себептен, Билл Клинтондун

экинчи администрациясы учурунда АКШнын мамлекеттик катчысынын

ордун ээлеген Мадлен Олбрайт бул тууралуу мындай деген: «Кошмо

Штаттары өзүн америкалык кызыкчылыктар үчүн өтө маанилүү болуп

саналган демократия менен тең маанилештирет».

Роберт Кагандын (2011) пикири боюнча Б. Обаманын

администрациясы Б. Клинтондун «алмаштырылгыс өлкө» («незаменимая

страна») деген формулага кайрадан эле кайтып келди. Р. Каган АКШнын

тышкы саясатынын максаты болуп дүйнөлүк масштабдагы либералдык

тартипти кайра жаратуу жана бекемдөө эсептелет да, азыркы администрация

«ушул багытта бара жатат», - деп эсептейт. Айтылгандардан, либерализмдин

бул схемасына Кытай менен Орусияны кантип киргизүүгө болот деген

мыйзам ченемдүү суроо жаралат. Р. Каган ага мындайча жооп берет: «азыр

демократияны жайылтуу маселеси аны коргоого караганда анча курч эмес. …

азыркы учурда кресттүүлөрдү жүрүшү тууралуу кеп болуп жатат. Бул болсо

көп жагынан демократиялык консолидация менен ынтымактын

(солидарность) маселеси болуп саналат».

Заманбап шарттарда дүйнөнү бири биринен ажыраган зоналар

түрүндө кабыл алуу мурункудай глобалдуу жана туруктуу мүнөзгө ээ

болбосо да, Хартленддин кожоюну статусун колунан чыгаргысы келбеген

орустардын улуу держава тууралуу түшүнүмдөрү алар өзүбүзгө гана таандык

деп атай алган географиялык мейкиндикке ээ болуу жана аны башкаруу

Page 138: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

138

идеясына таянат. Ошол эле учурда деңиз күчү менен соода цивилизациясына

таянган Америкалыктар кандайдыр бир саясий барьерлер менен бөгөттөр

тоскоол кылбаган ачык дүйнө, эркин рыноктор жана экономикалык алыш-

бериш идеяларын жакташат.

Мурдагы параграфтарда кеңири айтылгандай, 1940-жылдардан тартып

Вашингтон ушундай дүйнө таанымдык концепцияларды иштеп чыгуу менен

тышкы саясатты түзгөн америкалык стратегдер дүйнөдөгү максималдуу

ачыктыкты жана өз ара көз карандылыкты колдоо линиясын ырааттуу жана

атайы жүргүзүп келишет. Орусия жана АКШ өңдүү дүйнөлүк державалардын

жогоруда келтирилген дүйнө таанымдык жана геосаясий концепцияларынын

ортосундагы келишпестик менен кагылыш олуттуу маанайда Евразиянын

жана анын как жүрөгүндө жайгашкан Борбор Азиянын чектери менен

геосаясый моделин шарттайт. Айта кетчү жагдай, мындай саясий, геосаясий

жана маданий-цивилизациялык келишпестик менен кагылыштын натыйжасы

дүйнөдө болуп жаткан көп сандаган саясий процесстерди аныктап, алардын

келечектеги өнүгүү багыты кандай болоорун алдын алат.

СССР кулагандан кийин Евразияда, анын ичинде Борбор Азияда өтө

маңыздуу өзгөрүүлөр болуп кетти. Азыр бул чөлкөмдө көз карандысыз

саясий оюнчулардын саны соңку жаңы тарыхта болуп көрбөгөндөй санга

чейин көбөйүп кетти. Азыр Советтер Союзу деп аталган массивдүү аскерий

машина өзүнүн саясий күн тартибин таңылоо позициясынан эбак тайган.

Евразия, анын ичинде Борбор Азия чөлкөмүндө жана анын чеке-белинде

мезгил-мезгили менен болуп жаткан жаңжалдар Кремлдин позициясын

алсыратуу ниети менен жасалбай калган. Э. Исмаиловдун кеңири

изилдөөсүнө ылайык, азыр Евразиянын чок ортосунда жайгашкан Борбор

Азияда ар кыл мүнөздөгү жана мурда-кийин болуп көрбөгөндөй көп сандагы

эл аралык уюмдар орун-очок ала башташкан. Айтылгандардан, СССР

кулагандан кийин Евразияда жана анын чок ортосундагы Борбор Азияда

регионализм идеясы үстөмдүк кыла баштагансып көрүнөт. Бирок, Борбор

Азия чөлкөмүндө болуп жаткан процесстердин динамикасын СССР

Page 139: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

139

ыдырагандан кийин мондиалисттик концепцияларга таянуу менен заманбап

дүйнөгө өзүнүн монополдуу үстөмдүгүн орнотууну самаган АКШ мамлекети

демилгечи болгон ааламдашуунун өңүтүндө кароо зарыл.

Эгерде регионализация жана глобализация процесстерин логикалык

териштирүүгө алсак, анда регионализм дүйнөнү бири биринен

изоляцияланган жана өз ара касташуу потенциалына ээ региондорго бөлүп

жиберсе, глобализмдин натыйжасы болуп планетардык масштабда өз ара

бирдиктүү жана өз ара көз каранды дүйнөлүк тартип жаралат. Берилген эки

абсолюттардын бири да жакынкы келечекте реалдуулукту жаратпайт болуш

керек. Ошол себептен, бул эки процессти диалектикалык биримдик менен

күрөштүн призмасы аркылуу кароо максатка ылайыктуу деген пикирдебиз.

Чындыгында эле, «кансыз согуш» аяктагандан кийин болуп жаткан

регионализация процесстери Евразиядагы чөлкөмдөрдүн (региондордун)

глобалдык масштабдагы өз ара көз карандылыгына көмөк берип, алар акыр

аягында келип эле өздөрүнүн саат механизми сымал так иштеген бирдиктүү

экономикасын калыптандыруу зарыл экендигине ынанышууда. Э.

Исмаиловдун пикиринде «кансыз согуш» мезгилинде евразиялык чөлкөмгө

(регионго) берилген аныктама «чөлкөмдөр (региондор) аралык улам кеңейип

жана тереңдеп бара жаткан байланыштар менен мамилелердин заманбап

реалийлерин толук кандуу ачып бере албайт»167. «Кансыз согуш» аяктагандан

кийинки көз караштардагы, мамилелердеги, тенденциялардагы өзгөрүүлөргө

жасалган басым Евразиянын чок ортосунда жайгашкан Борбор Азия

глобалдык саясаттагы изоляцияланган субъект болуп саналбастыгын, ал

дайыма дүйнөдө болуп жаткан глобалдуу өзгөрүүлөрдүн таасири астында

болуп тураарын дагы бир жолу ырастайт.

Евразияга, анын ичинде Борбор Азияга карата тышкы саясий

оюнчулардын, ири алдыда, Кошмо Штаттардын таасири уламдан улам өсүп

жаткандыгын баса белгилеген В. Папаванын ойлоруна токтолуу керек. Анын

пикиринде ХХ кылымдын башындагы Евразийство идеясы бүтүндөй

Евразияны Орусия менен тең маанилештиргендиктен, заманбап шарттардагы

Page 140: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

140

евразийство деп аталган орусиялык идеологиялык мектеп да «Орусия

империясын кайра жандандыруу» идеясын аркалап бара жатат168. Вашингтон

бүтүндөй Евразияны жана анын Орусияга карабаган бөлүктөрүн бир эле

мамлекеттин (Орусиянын) бийлигинде калуу идеясын жактырбагандыктан,

Америка В. Папава тарабынан Москвада кайрадан жанданып, жаңы

геосаясий идеялар менен байытылып жаткан имериялык маанайга каршы

коюлган КҮЧ катары каралат.

Постсоветтик Борбор Азиянын Орусия Федерациясы үчүн

стратегиялык, саясий, экономикалык, маданий баалуулугун баса белгилесе

да, постсоветтик мезгилдин башында ички маселелерин чечүү менен

буйдалып калган Орусия БАга карата толук кандуу стратегияны иштеп

чыгууга чолосу тийген жок. Заманбап Орусия азырынча кеңири масштабдагы

тышкы саясий жалпылоолорду жасоого жана тигил же бул идеологияга

негизделген өздүк стратегияны түзүүгө ынтызар эмес. СССР кулаган

мезгилде Орусия Федерациясынын (ОФ) БАга карата жасаган мамилеси

карама каршылыктуулугу менен айырмаланган да, Орус мамлекети бул

чөлкөмдө кыска мөөнөттүү кызыкчылыктарга гана приоритет берүүнү

жактырган.

Артка көз чаптыруу менен акыркы жылдары ОФ чөлкөмдүк кризистер

менен «проблемалуу» өлкөлөргө карата айрым гана кырдаалды эске

албаганда, жалпы жонунан, Вашингтондун демилгелерине каршы саясатты

алып барууда. Мындай линиянын натыйжаларын толугу менен

канааттандыраарлык деп табуу кыйын, анткени, орусиялык дипломатия өзү

көксөгөн максаттарга жетпей, болгону эле анын АКШ жана Батыш өлкөлөрү

менен болгон мамилеси бир кыйла сууп кетти. Москванын тышкы

саясатынын дагы бир курамдык бөлүгүн Орусия салттуу түрдө өзүнүн

улуттук кызыкчылыктарынын чөйрөсүнө киргизген өлкөлөрдөгү (ири

алдыда, аларга постсоветтик Борбор Азия менен Кавказдын республикалары

кирет) Кремль тарабынан башкаруу ишин кайра жандандырууга багытталган

иш-чаралар түзөт. Бирок, күнүмдүк турмуштук тажрыйба көрсөткөндөй,

Page 141: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

141

мындай иш-чаралар азырынча анча эффективдүү болбой келүүдө. Белгилүү

болгондой, ОФ дайыма постсоветтик жемкор режимдерди сактап калууга

басым жасоо менен ийгиликсиз натыйжаларга ээ болуп келүүдө.

Москванын тышкы саясаттагы ийгиликсиз аракеттеринин себептери

болуп анын СССР кулагандан кийинки мезгилдеги алсыздыгы гана эмес,

анын тышкы саясатындагы ачык, так ориентирлери менен тышкы саясий

стратегиядагы баалуулук негиздеринин жоктугу да эсептелет. Орусия Борбор

Азияда өзүнүн мурдагы бийик статусунун саркындыларын сактап калууга

тырышканы менен ал берилген чөлкөм үчүн социалдык жактан жагымдуу да,

конструктивдүү да болуп саналган программаны сунуш кылбай келет.

Орусиялык элита ички да, тышкы да саясатта, бир жагынан, эркиндик менен

бийликтин жоопкерчилигин, социалдык адилеттик менен жарандык

укуктардын артыкчылыктарынын, ал эми экинчи жагынан, тынчтык, өнүгүү

жана прогресстин ортосундагы байланышты көрбөй, көрсө да, көрмөксөн

болуп келет. Ички түзүлүшү жана коом менен мамлекеттин ортосундагы

мамиле боюнча, тилекке каршы, Орусия азырынча Батыштын өнүккөн

өлкөлөрүнө эмес, жаңы эле өнүгүү жолуна түшкөн «проблемалуу» өлкөлөргө

жакын. Мындай кырдаал Орусиянын постсоветтик Борбор Азия

мамлекеттерине карата ырааттуу жана бийик моралдуу саясатынын жоктугу

менен шартталган.

Ошону менен катар эле төмөнкү жагдайлардан улам Орусия

Федерациясы АКШнын постсоветтик Борбор Азиядагы иш-аракеттерине

шектенүү менен байкоо жүргүзүп келет.

Биринчиден, Орусия бул чөлкөмдөгү өлкөлөрдө «түстүү

революциялардын» сценарийлери кайталанып кетүү ыктымалдыгынан

олуттуу түрдө кооптонот. Анткени, мындай революциялар берилген

чөлкөмдөгү саясий дестабилизация коркунучун гана жаратпастан, бийликке

демократиялык гана эмес, ачыктан ачык эле өзүн проамерикалык деп атаган

режимдердин келүүсүн да шарттайт. Постсоветтик Грузия менен

Page 142: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

142

Кыргызстандагы окуялар БА чөлкөмүнүн башка өлкөлөрүндө да кайталанып

кетүү ыктымалдыгына ээ.

Экинчиден, Батыш Европа өлкөлөрү постсоветтик Борбор Азиядагы

мамлекеттердеги демократизация идеясын колдошот. Бирок, ошол эле

мезгилде алар өздөрүн Орусиядан келген энергоресурстардан болгон көз

карандылыктан бошотуу мүмкүндүктөрүн издеп келишет. Эң кызык нерсе,

Кытай өз бизнесинин стратегиясы менен дин таңуулоону (мессианчылыкты)

өз ара аралаштырбагандыктан, постсоветтик Борбор Азиядагы КЭРдин

энергетикалык кызыкчылыктарын Орусия бейкапар кабыл алат.

АКШлык саясат таануучулардын айрымдары бул чөлкөмгө

Вашингтондун өтө эле көп кийлигишип жаткандыктарын айтып

сындагандары да жок эмес. Кээ бирөөлөрү чөлкөм тууралуу «Энергетикалык

гигант» Казакстан менен байланыштар өтө маннилүү деп аташса169; (Бир

бөлүгү болсо Өзбекстан- аймактын ачкычы... (бул өлкө чөлкөмдөгү эң

популярдуу, борборунда жайгашкан абалы чөлкөмдү байланыштырып

турууну шарттайт) болгондуктан Вашингтон дагы көбүрөөк басымды ушул

өлкөгө жасоссун сунуштайт. Жалпысынан АКШнын жардамдары жана

инвестициялары Борбордук Азия өлкөлөрүнүн эркиндиктерин бекемдөөгө

жана чөлкөмдүн тынчын алган Орусия, Кытай, Иран ж.б.у.с. күчтөрдүн

кийлигишүүсүнө бөгөт коюуга багытталган.

Аймактагы Европа Биримдигинин ролу:

Акыркы жылдары БАга наркотикалык заттар, курал жарак,

качкындар, адам сатуу жана кулчулукка мажбурлоо маселелери боюнча

ЕБнин кызыгуусу артты. 2006- 2009- жылдары ОФ Украина аркылуу

Европага кете турган газ түтүктөрүн бууп салышы, энергетикалык

коопсуздукту түзүү багытында ЕБ альтернативалуу энергия булагыкатарын

көрүүсүн шарттады. Бул кызыгуунун натыйжасында ЕБ Казакстан,

Кыргызстан жана Өзбекстан менен биргелешип иш алып баруу тууралуу

келишимдерин түзүүгө жетишти. 2007- жылдын июль айында ЕБ 2007 -2013-

Page 143: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

143

жылга карата көрсөтүлүүчү жардамдарды жогорулатуу жана мамилелерди

өнүктүрүү тууралуу «Борбордук Азия Стратегиясын» кабыл алды. Бул

стратегиянын өзгөчөлүгү ЕБнин сырткы энергия булактарына муктаждыгы

жана энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн альтернативалуу

жолдорду издөө саясаты катары кабыл алынып, ЕБ күчөтүлгөн энергия

диалогун чөлкөмдүн өлкөлөрү менен үзгүлтүксүз жүргүзүүсүн шарттайт.

2007- 2013- жылдагы БАдагы бул стратегияны колдоо максатында 2007-

жылдан тартып ЕБ аймакта Түркмөнстандан башка мамлекеттерде өздөрүнүн

элчиликтерин ачууга жетишишти. Адам укутары, граждандык коомчулукту

өнүктүрүү, тышкы саясат, соода- инвестиция, айлана- чөйрө, энергетикалык

келишим ж.б. тармактарды өнүктүрүү багытында 2007- 2013- жылдары 435

млн. евро каражат бөлүнгөндүгүн ЕБ маалымдайт. Бөлүнгөн сумманын 50

млн. Казакстан, 100 млн. көбүрөөктөн Кыргызстан жана Тажикстанга,

чөлкөмдүк программаларга 133 млн. евро каражат болүнгөн170.

Буга далил катары ЕБнин «Айыл чарба инвестициялары жана

кызматтары» негизинде 2010- жылдын 9- октябрында Кыргызстан жана ЕБ

нин ортосунда түзүлгөн келишимди атоого болот. Келишим КРнын

өкмөтүнүн 24- апрель 2010- жылдагы №255 токтомумун негизинде ЖК

тарабынан 7- июнь 2012- жылы ратификацияланган171.

Аймактагы Орусиянын ролу:

АКШ өкмөтү 1990- жылдардан тартып заманбап Орусияны

жалпысынан демократизацияланып жатат жана постсоветтик өлкөлөргө үлгү

катарында роль ойнойт деп үмүттөнгөн. 2000-2008- жылдар андан соң 2012-

жылдан бүгүнкү күнгө чейин ОФ башкарып келе жаткан Владимир

Путиндин авторитардык тенденцияларынын өсүшү бул үмүтту бузду. Ошол

учурдагы АКШ бийлиги БА раймагында ОФ жүргүзүп жаткан контр

террористтик иш чаралар АКШнын кызыкчылыгы менен дал келет жана

чөлкөмдө үстөмдүк кылуу же батыштын аракеттерин сыртка сүрүп чыкпайт

деп ишенген. Азыркы учурда АКШнын аналитиктери ОФ иш чараларын

Page 144: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

144

аймактык суверендүүлүккө коркунуч келтирип жаткан чындыгын кабыл

алууга аргасыз болушту.

1990- жылдары ОФ башынан өткөргөн экономикалык таңсыздыгы

БАдагы таасиринин азайышына алып келди. 2000- жылдан кийин бийликке

келген Путин бул таасирдин азайуусуна каршы экендигин көрсөттү. 1999-

жылдан тартып ОФ чек араларды коргогон аскерий күчтөрү Кыргызстан,

андан соң аскерий кеңешчилик кылып жаткан Түркмөнстан жана

Өзбекстандан чыгып кетишти.

Бирок Тажикистандын аймагында 5000дей аскери менен 201-

мотострелковый дивизия ОФ коргоо министрлигин астында ишин улантууда.

Айтымдарга караганда кээ бир орус офицерлери расмий эмес тажик офицер

жана аскерлерине жардам бергендиктери байкалган. Тажик чек ара күчтөрү

201- дивизиядан чек араны коргоодо жардам алып турушат172.

2009- жылдын октябрь айынан тартып Тажик президенти И. Рахмон

ОФ президенти Д. Медведев менен орусиялык базага ижара акы алуу

тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштайт. Жылына 300 млн. АКШ долларды

үмүттөнгөн тажик бийлиги Путиндин экинчи жолу президенттикке келиши

менен сүйлөшүүлөрүн улантты. Москва Тажик- Афган чек арасындагы 350

кеңешчисин 200 кыскартууга жана аларды тажик чек ара кызматкерлери

менен тыгыз иштешүүлөрүнө макулдук берди. 2012- жылдагы Путиндин

визити менен ижара акынын ордуна ОФ тажик аскерлрин модернизациялоого

жана Орусиядагы тажик мигранттарынын 1 жылдык иштөө мөөнөттөрүн 3

жылга узартууга макулдук берди.

Page 145: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

145

АКШ Кыргызстанда аскерий базасын ачканга утурлай эле 2003-

жылдын сентябрь айында Россия Бишкекке өтө жакын аралыктагы Кант аба

майданында өзүнүн аба күчторүн жайгаштыруу тууралуу 15 жылдык

келишимге кол койду. 2009- жылдын жарымынан тартып Манастагы авиа

базанын келишимин узартпоо тууралуу талап койгон ОФ Кыргыз бийлигине

жүз миллиондогон долларды грант катары жана карыздарын кечүү тууралуу

колдоосун сунуш кылды. Обаманын биринчи президенттик шайлоо

мөөнөтүндө кайрадан жандандырылган АКШ- Орусия мамилелелери Манас

транзиттик базасындагы Орусиянын каршы жүргүзгөн саясаты ак үйдө

кайрадан мамилелердин суугандыгын көрсөттү. 2012- жылдын май айында

орус бийлиги муну түшүнгөндөн кийин, тышкы иштер министри: АКШнын

транзиттик базасы тууралуу макулдашууну узартпоону Кыргызстандын

президенти А. Атамбаев чечими деп кыйкырып чыкты173.

2012- жылдын 20- сентябрында орус президенти Путин Бишкекке иш

сапары менен барып Атамбаев менен жолукту. Эки тараптуу Канттагы авиа

базанын ижарасын 15 жылга узартууга, эки тараптуу биргелешкен аскерий

иш чараларга ОДКБнын алкагында кол коюшту. ОФ ижара акы катары

жылдык 4,5 млн. АКШ доллар төлөөсү тууралуу баада өзгөрүү болгон жок.

Айтымдарга караганда Кыргызстанга машыктыруу жана кээ бир техникалык

жардамдарды көрсөтүүгө макулдук берилген. Эки тараптуу Кыргызстандын

190 млн. долларлык карызын кечүү, калган 300 млн. доллар карызын

кайрадан карап чыгууга кол коюшту. Андан кийин орус фирмалары

тарабынан суу энерго станцияларын куруу, Камбар- Ата 1 проектисин колдоо

тууралуу берилген сөздөрүн жаңылашты. Президенттердин биргелешкен

маалымат жыйынында Атамбаев 2014- жылы Манас транзит борборун

жабууга сөз берсе, Путин транзит борборун граждандык колдонууга

өткөрүүдө көмөктөшөөрүнө сөз берди. Эки тараптуу долудай жааган

экономикалык жана аскерий макулдашуулардан кийин Атамбаев пресс

Page 146: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

146

конференцияда: «Россия биздин негизги стратегиялык партнер... Биздин

Россиядан болок келечегибиз жок»- деп билдирди174.

Кыргызстандын тышкы саясатында Аскар Акаевдин алысты көрө

билген интеллектуалдык ишмердүүлүгунүн негизинде иштелип чыккан «Көп

векторлуу тышкы саясат» же болбсо тышкы күчтөр менен тең салмактуу

мамиле куруу дипломатиясына каршы Атамбаевдин бул кадамы, бул сөзу

Кыргызстандын тышкы саясатын бир тараптуу нукка бурду.

2005- жылдагы Андижан коогалаңында сын пикир айткан батыш

менен Өзбек бийлигинин мамилелелринин солгундашын туура шанс катары

пайдаланган Россия 2005- жылдын ноябрында Өзбекстан менен Биргелешкен

Мамилелелер келишимине кол коюлду. Өзбекстан 2006- жылдын июнь

айында кайрадан ОДКБнын курамына кирди. 2009- жылдын июнь айында

Өзбек бийлиги биримдикке кирүүдөн тездик менен баш тартты. Себеп

катары мучө өлколөрдүн ич ара келишпездиктеринен улам

кооптонгондуктарын билдирди. 20- июнь 2012- жылы Өзбекстан ОДКБга

кирүүдө мүчөлүгүнүн кечиктирилип турушун ОДКБ өзбек бийлигинин

кооптонууларын четке кагып жаткандыгы менен түшундурдү. Өзбек расмий

өкүлдөрү өлкөнүн КМШ макулдашууларынын алкагында аба коргонуу

системасы жана башка аскерий иш чараларына келишимдин негизинде

улантаарын билдиришти. Кээ бир жергиликтүү байкоочулардын көз

карашында БАнын эң чоң аскерий күчү Өзбекстандын ОДКБдан чыгып

кетишин уюм эффективдүү эместигинен улам деп билдиришет175.

2012- жылдын июнь айында президент Каримовдун Кытайга жасаган

иш сапарында кесиптеши Ху Зин Тао менен стратегиялык өнөктөштүк

келишимине кол коюшту. 2012- жылдын сентябрь айында Каримов бул

макулдашуу тууралуу: «Кытай биз үчүн чынында эң ишенимдүү партнер» 176-

деп комментарий кылган. Кээ бир байкоочулар Өзбекстандын ОДКБдан

Page 147: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

147

чыгышында коалициялык күчтөрдүн Афганистанга транзитти Өзбекстан

аркылуу жүргүзүүнүн үмүтү катары карашкан.

Президент Назарбаевдин 11- ноябрь 2013- жылдагы иш сапарында

Путин менен жакшы кошуна мамилелелри тууралуу бирге иш алып барууга

кол коюшту. Казак аба күчтөрү тынчтык учурунда өзүнүн жоопкерчилигинде

турат, ал эми согуш кырдаалында ОФ менен бирге чогуу бир системадан

башкарууга макулдашылган177.

Көптөгөн серепчилер БА өлкөлөрүн Афганистанга болгон

оперециялардагы АКШга көрсөткөн жылуу мамилелеринин соңуна келип

жеткендигин белгилешет. Буга себеп катары бул өлкөлөр АКШнын

коопсуздук же экономикалык колдоосунун адекваттуу болбогондугун

белгилешет. Орус медиасы Орто Азияга АКШнын иш чаралары жана саясаты

тууралуу өтө оор каршы пропоганда жүргуздү. Бул пропогандалар жалпы

коомчулуктун пикирине таасирдуу болду. Россия чөлкөмдүн лидерлерин

АКШ демократиялык революциялардын негизинде аларды ээлеп турган

бийлик орундарынан алып түшөт деп тукуруп жатты. Натыйжада Россия

чөлкөмдүк коопсуздукту АКШ жана НАТО күчтөрүнүн 2014- жылдын

соңунда Афганистандан чыгып кеткенден кийин камсыз кылам деп сөз

берди178.

БАга Россиянын эң негизги саясий иш чаралары 2000- жылдардан

кийин дуйнөдөгү мунай затка болгон баанын өсүшү менен башталды.

Аймактын энерго ресурстарын бирге иштетүү жана бул ресурстарды сыртка

чыгарууда Россия транзит өлко катары роль ойноого далалаттарын көрсөттү.

Экинчиден Россиянын колундагыэн чоң рычаг бул- Кыргызстан, Тажикистан

жана Өзбекстандын ВВПсынын маанилуу бөлүгүн ээлеген Россияда иштеген

мигранттардын кошкон салымы турат.

Чөлкөмдө Россиянын кызыкчылыгы менен Кытайдын

кызыкчылыгынын атаандаштыгы бетме- бет келгендиги ачык көрүнө

Page 148: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

148

баштады. 1991-жылдан тартып, өзүнун өндүрүшу менен сугарып келген

аймакта Кытайдын жолун тосуу үчүн Орусия Казакстан жана Белорусияны

артына алып Евразия биримдигин курууга жетишти. 2013- жылдагы

Назарбаевдин Орусияга иш сапарында Казакстанда импорттун саны өсүп,

Казак бизнесине тийип жаткан зыянын билдирсе, Путин тескерисинче Казак

экспорту Россияга карата көбөйгөндүгүн айтып, Назарбаевдин сөзүн четке

каккан179.

Бирок Назарбаев эрежелери жана процедуралары такталбай туруп эле

курулуп калган Евразия Биримдигинин секретариатына уюмдун

Казакстандын суверендүүлүгүно шек келтирип жаткандыгын билдирген180.

Бул биримдикке мажбурланып киргизилген Кыргызстандын катарын эми

Тажикистандын толуктоосу күтүлүүдө.

Аймактагы Кытайдын ролу:

Кытайдын БА кызыкчылыктарын чек ара коопсуздугун кепилдикке

алуу, тынчтыктагы кошуналар, соода жана табыгый ресурстага кирүү түзөт.

1996- жылдын апрель айында Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана

Тажикистандын президенттеринин Шанхайда келишимдерди түзүү боюнча

жолугушуулары өттү. Ошол учурдун президенти Цзян Цзэминь чек

аралардын ыйыктыгы жана аскерий күчтөрдү чек аралардан алуу тууралуу

соз берди. Алар БАга чектеш Синьцзян провинциясындагы Уйгур

автономдуу облусундагы сеператизмди жок кылууга максат койгон

Кытайдын иш аракеттерине ылайык сеператисттерди колдобоо жана

өлкөлөрүндө аларга орун бербөө тууралуу кол коюшту.

Көпчүлүк байкоочулардын баамдоосунда Кытай БА территориялык

эмес, экономикалык кенейүүнү багыттайт. Чөлкөмдүн басымдуу

экономикалык өнөктөшү болгон Кытайдын аймак менен болгон соода

көлөмү 1990- жылдардын аягында 1 млрд. АКШ долларын ашса, 2013- жылы

бул көлөм 40 млрд. жеткен. Бул сандын негизги бөлүгүн Кытайдын

Page 149: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

149

Казакстан жана Түркмөнстандан сатып алган күйүүчү май жана газ болуп

эсептелет181.

Синьцзяндагы кырдаал чектеш Казакстан жана Кыргызстанды

тынчсыздандырып келет. Кытайдын бул облуска жасаган басымы 1 млн.дон

ашык этникалык казак жана 200 минден ашуун кыргыздарга өз таасирин

тийгизбей койбойт. Кытай менен Тажикистандын ортосундагы эң негизги

келишим 2002- жылдын май айындагы Памир тоосунда чечилбеген жерлерди

бөлүп, сызктарын аныктоо болуп саналат. 1993- жылы Кытайдын саясатын

Орто Азиядагы энерго ресурстар кызыктырды. 1997- жылдын сентябрь

айында Кытайдын China National Petroleum Corporation (CNPC) ишканасы

Казакстандын түндүк батышында Актөбө облусунда нефть булактарын

өндүрүүнү өнүктүрүүгө киришти. Бул жемиштүү жылдары Кытай БАда газ

жана нефть булактарына, түтүктөрүнө инвестицияларын жогорулатты.

Байкоочулардын оюнда Кытайдын БАдагы энергетикага болгон

инвестициялары жакынкы арада Россиянын инвестицияларын көлөкөдө

калтырат182.2013- жылдын центябрь айындагы Кытай президенти Си

Цзиньпин БАга (Тажикистандан башка 4 өлкөгө барды. Рахмон 2013-

жылдын май айында Кытайга иш сапары менен барган) жасаган визитинде эң

негизгиси Тынч океан менен Балтика дениз портторун байланыштырууга

шарт түзгөн коммуникациялык жолдорду курууга арналган келишимдерге

кол койду. Эки тараптуу келишимдерге Казакстан менен 30 млрд.,

Түркмөнстан менен 8 млрд., Өзбекстан менен 15 млрд. жана Кыргызстан

менен 3 млрд. долларлык макулдашууларга жетишишти. Бул визит учурунда

Назарбаев университетинде сүйлөгөн өз сөзүндө: «Орто Азия менен Кытай

2100 жылдан бери Европага чейинки Улуу Жибек- Жолун түзүүгө

эмгектенгендигин, чөлкөмдө Кытай эч кандай басым же ички иштерине

кийлигишпей тургандыгын, болгону экономикалык байланыштарын

өнүктүрүүгө кызыктар экендигин баса белгиледи».

Page 150: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

150

2000- жылдардан тартып АКШ жана НАТОнын БА жана

Афганистанда болушу Кытайдын Азияда үстөмдүк кылуу күчүн кечиктирди.

Көптөгоө байкоочулардын айтуусунда АКШ менен НАТОнун 2014- жылда

Афганистандан четтөөсү, аймакта Россия менен Кытайдын атаандаштыгын

күчөтөт. Бул байкоочулардын дагы бир оюу эки өлко тең АКШ жана

НАТОнун аймактагы таасирин чектөөгө кызыктар. Кытай БАда өзүнүн

таасирин жогорулатууга далалат кылмакчы жана Азиядагы лидерлигин

АКШнын таасирин азайтуу аркылуу ишке ашаарына басым жасайт183.

Америкалык жана орусиялык кызыкчылыктардын атаандаштыгы өтө

ачык байкалган чөйрө болуп энергетика тармагындагы өз ара алака

эсептелет.

Айтылгандардан төмөнкүдөй тыянактар жаралды:

1. Мурунку баптарда айтылгандай, СССР кулагандан кийин АКШ

мамлекети узак мезгил бою дүйнөдөгү жалгыз супер держава статусуна ээ

болуу үчүн олуттуу маанайда ат салышып келген. Бирок, «кансыз согуштан»

кийин жетишилген жеңиш бардык өлкөлөргө өз пайдасына башталган саясий

оюндун жалпы эрежелерин таңуулагысы келген АКШ үчүн чоң сынак болуп

калгансыйт. Анткени, дүйнөлүк лидерликке талпынган бир катар саясий

оюнчуларга ээ заманбап дүйнө бир мамлекеттин тоталдуу үстөмдүгүнө

абсолюттуу түрдө баш ийүүгө даяр эмес экен.

2. XXI кылымдын башында бир өлкөнүн бүткүл дүйнөгө карата

үстөмдүгү мүмкүн эмес экендиги ачык-айкын байкалууда. Башка

мамлекеттердин өнүгүшү өтө тез темптер менен болуп жаткандыктан, бир

мамлекеттин үстөмдүгү орногон мезгилдер артта калды. Бул болсо азыр

жашап жаткан, же келечекте пайда болуучу супер державалардын

милдеттери да трансформацияга дуушарланууда дегенди туюнтат. Бардык

элдер менен өлкөлөрдү бирдей шаблон менен жашоого мажбурлоо мүмкүн

эмес экендиги эртеби, кечпи түшүнүктүү болот. Ошондо саясий,

экономикалык, аскерий жактан бир кыйла өнүккөн мамлекеттер башкаларды

Page 151: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

151

баш ийдирүү алардын өздөрүнүн жыргал жашоосун камсыз кыла

албагандыгын түшүнөт. Башка мамлекеттердин тажрыйбасына урмат, сый

менен мамиле кылып, глобалдык компромисстердин системасын түзгөндө

гана алдыңкы мамлекеттердин жыргал жашоосу мүмкүн экендигин түшүнгөн

мезгил келет.

3. Соңку жаңы тарых күбөлөгөндөй, АКШ мамлекети ким

демократиялык нормаларга жооп берет, ким жооп бербейт экендигин өзү

чечип, өзүнө өзү дүйнөлүк арбитрдин статусун ыйгарып алган. Бул болсо эки

жүздүү стандарттын пайда болушуна алып келет. Айтсак, кандайдыр бир

өлкөдөгү демократиянын деңгээлине карата АКШнын мамилеси ошол

өлкөнүн АКШ мамлекетинин «кичүү өнөктөшү» болууга жана АКШнын

пайдасына өзүнүн улуттук суверенитетинен баш тартууга даярдыгынан көз

каранды. Мисалы, 2003-жылы бийлик алмашканга чейин Грузия

авторитардык мамлекеттердин катарына кирген. Бийлик алмашаар замат эле

Грузия АКШ мамлекети үчүн демократиялык кайра түзүүлөрдүн символуна

айланган. Ошол эле учурда өлкөнү башкаруунун сапатында эч кандай

өзгөрүү болгон эмес. Ал гана тургай, Грузияда саясий оппозицияны кысымга

алуу күч алып, айрым саясатчылар таң калыштуу жагдайларда көз жуумп,

алардын өлүмү жетишээрлик деңгээлде изилденген эмес. Ошондой болсо да

Грузия АКШны колдоорун ачык эле билдирип, андан финансылык жана

аскерий жардам алып, НАТОго мүчө болуп кирүү ниетин билдирип, АКШны

өзүнүн шериктеши (союзниги) деп атоодо. АКШ тараптан дал ушундай эле

саясат Украина багытында да жүргүзүлүп жатат.

4. Ошол эле учурда тарыхка Европадагы «демократизациянын

кезектеги толкунунун» архитектору жана АКШны дүйнөдөгү жалгыз супер

державага айлантуу менен дүйнөгө жаңы тартипти орнотуучу катары

кирүүнү максат кылган президент Дж. Буш-кичүүдөн баштап Вашингтон өтө

шашып, уламдан улам агрессивдүү жана чагылгандай тездиги менен

айырмаланган тышкы саясатты жүргүзүү ниетинде болгондой таасир

жаралат. Анткени, Вашингтондун тике катышуусу менен жасалган «түстүү

Page 152: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

152

революция» жолу аркылуу бийликтеги режимдер алмашкан Грузия, Ирак,

Афганистан же Косово крайында деле демократиянын салтанаты көзгө

урунган жери жок. Демек, демократизация АКШ мамлекетинин башка көз

каранды эмес мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүүгө мүмкүндүк

берген чыныгы мотивдерин жаап-жашырган кооз, бирок, кур ураан болуп

саналат.

5. Анын үстүнө америкалык тараптын «демократияны экспорттоо»

далалаты расмий Москвада негативдүү реакцияны жаратып келет. Ошол

себептен, Москва постсоветтик геосаясий мейкиндикте Орусия менен Батыш

атаандаш эмес деген пикирди оң кабыл алса да, бул пикир кур сөз, бош

декларация бойдон кала берүүдө. Чындыгында келгенде, Москва дүйнөгө

лидер болууну самаган АКШ мамлекети Орусияны анын таасири салттуу

болгон аймактан сүрүп салып, Евразиядагы күчтөрдүн геосаясий тең

салмагын радикалдуу түрдө өзгөртүүгө болгон далалатын эң мыкты түшүнөт.

6. Ошондой болсо да, глобалдык күчтөрдүн курмандыгына

айланган Украинадагы жаңжал, Орусияга карата АКШ демилгечи болгон

экономикалык санцкиялар жана спекулятивдик типтеги керектөө

экономикасынын ХИПИК сыяктанган кесепеттери тереңде жаткан тымызын

стратегиясы ачык көрсөткөдөй, азырынча АКШ дүйнөлүк саясаттагы өзүнүн

агрессивдүү-экспансионисттик маанайдагы ролунан баш тартууну ниет

кылбайт. АКШ мамлекети дагы деле болсо өзүнүн дүйнөдөгү артыкча орунга

ээ экендигине бекем ишенет. Жалпы жонунан, АКШ өзүнө өзү дүйнөлүк

лидер статусун ыйгарып, башка мамлекеттердин пикири менен эсептешүүнү

парз кылбайт. Ал тургай, АКШнын улуттук коопсуздугунун стратегиясында

«Биз өз салымды кошкондо гана башка мамлекеттер да өз салымын кошот», -

деп ачык эле жазылган.

7. Евразиядагы, анын ичинде, Борбор Азиядагы атаандаштык уланып,

Москва менен Вашингтон мурдагыдай эле «трансконтиненталдык

жуурканды» өз жагына тартуу аракеттерин активдүү жасай

бермекчи деп боолголого болот. Балким, Хартленддин кожоюну

Page 153: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

153

Орусия менен деңиз күчүнө ээ АКШнын ортосундагы бул

атаандаштык (конкуренция) аталган эки улуу державанын

ортосундагы «кансыз согуш» мезгилине таандык болгон

агрессияны демонстрациялап, планетардык масштабга чыгып

кетпестир. Бирок, Евразия сымал глобалдык чөлкөмдө жайгашкан

постсоветтик Борбор Азия республикалары сыяктуу кичи саясий

оюнчулар улам барган сайын мындай атаандаштыктын

барымтасында калууда. Мындай жагдай, акыр аягында келип эле,

алардын айрымдарынын көз карандысыз мамлекет катары жашай

алуу, же албоо жөндөмдүүлүгүнө таасир берүүсү толук ыктымал.

8. Эгемендүүлүк жылдары Кыргызстан менен АКШ

мамлекеттеринин ортосунда соода мамилелери жетишээрлик

деңгээлдеги өнүгүүгө ээ болбой, суммардык соода айланышы анча

чоң эмес. Кыргызстандын жетекчилиги үчүн АКШ менен

экономикалык, инвестициялык, кредиттик-банктык жана башка

чөйрөлөрдөгү кызматташтыкты активдештирүү аркылуу эки

жактуу мамилелердин саясий жана экономикалык өңүттөрүнүн

ортосундагы тең салмактуулукту сактоо бир кыйла маанилүү болуп

саналат. Диссертацияда кеңири айтылгандай, аталган 2

мамлекеттин ортосундагы мамилелердин күн тартибинде

Кыргызстанга финансылык, экономикалык жана азык-түлүк

жаатындагы жардамдарды берип, Кыргыз Республикасынын

коопсуздугу менен стабилдүүлүгүн камсыз кылуу чөйрөсүндө өз

ара алакаларды андан ары өнүктүрүү маанилүү болуп саналат.

Page 154: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

154

3-бап.АКШнын КЫРГЫЗСТАНДАГЫ КЫЗЫКЧЫЛЫКТАРЫ ЖАНА

АЛАРДЫ ИШКЕ АШЫРУУ БАГЫТТАРЫ

§ 3.1 АКШ - Кыргызстан алакалаштыгынын калыптанышышы жана өзгөчөлүктөрү

1991-жылы СССР ыдырап, мурда анын курамына кирген союздук

республикалар өздөрүн көз карандысыз деп жарыялап, Көз карандысыз

Мамлекеттердин Шериктештигин (КМШ) түзүшөт (8- декабрь 1991-ж).

КМШнын курамына кирген өлкөлөрдүн ортосунда тең укуктуу негиздеги

кызматташтык, алардын территорияларынын бөлүнбөстүгү жана кол

тийбестиги тууралуу макулдашуулар менен келишимдерге кол коюлган.

Кыргызстан демократиялуу республика болуп саналат. 1991-жылдын

31-августунда өзүн көз карандысыз деп жарыялаган мезгилден тартып

Кыргыз Республикасынын эл аралык аренадагы маанилүү милдети болуп,

бир жагынан, жаңы өнөктөштөр менен дипломатиялык мамилелерди түзүү

болсо, экинчи жагынан, СССР кулагандан кийин уламдан улам бири биринен

алыстап бара жаткан «эски достор» менен болгон конструктивдүү

мамилелерди сактап калуу эсептелген.

2007-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын VII № 2 Указы

Кыргызстандын тышкы саясатынын мазмуну менен анын негизги

приоритеттери, аны жаңы шарттарда ишке ашыруунун методологиясы

чагылдырылган негизги саясий документ болуп саналган Кыргыз

Page 155: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

155

Республикасынын тышкы саясатынын Концепциясы бекитилген184.

Концепциянын негизи катары чөлкөмдүк (регионалдык) позицияларды

бекемдөө, эл аралык аренадагы атаандаштык жөндөмдүүлүктү жогорулатуу,

республиканын жагымдуу имиджин бекемдөө, Кыргызстанды позитивдүү

реформалардын жолунда бара жаткан өлкө катары эл аралык таанымды

камсыз кылуу зарылдыгы белгиленген.

Концепция төмөнкүдөй негизги приоритеттерди айырмалайт:

1. Улуттук коопсуздукту тышкы саясий методдордун жардамы

аркасында бекемдөө.

2. Өнүгүүнүн улуттук приоритеттерин ишке ашыруу үчүн

жагымдуу тышкы шарттарды калыптандыруу.

3. Кыргызстандын оң маанидеги эл аралык имиджин бекемдөө.

4. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер Министирлигинин

жетекчилиги жана жарандык коомдун башка кызыкдар ведомстволору менен

институттарынын өнөктөштүгү астында тышкы саясий ишмердүүлүктүн

эффективдүү системасын калыптандыруу.

Улуттук кызыкчылыктарды камсыз кылууга багыт алган тышкы

саясатты жүргүзүүдө төмөнкүдөй милдеттерди чечүү абзел:

өнүгүү максатында өлкөдөгү туруктуулукту сактоо;

чөлкөмдөгү туруктуулук менен коопсуздукту сактоо;

коңшу мамлекеттер менен достук мамилелерди өнүктүрүү жана

Борбор Азиядагы интеграциялык процесстерди тереңдетүү;

КМШны бекемдөөгө, анын экономикалык жана саясий

потенциалын ишке ашырууга көмөктөшүү;

Батыш менен Чыгыштын жогору өнүккөн өлкөлөрү менен достук

мамилелерди бекемдөө;

БУУ системасындагы уюмдар, анын атайы адистештирилген

мекемелери, чөлкөмдүк эл аралык уюмдар, финансылык жана экономикалык

институттар менен кызматташтыкты өнүктүрүү;

Page 156: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

156

Өнүгүп келе жаткан жана өтмө мезгилдеги өлкөлөр менен

кызматташтыкты бекемдөө.

АКШ МЕНЕН КЫРГЫЗСТАНДЫН ОРТОСУНДАГЫ САЯСИЙ

КЫЗМАТТАШТЫКТЫН АЛГАЧКЫ ОН ТӨРТ ЖЫЛЫ. 1991-жылдын

31-августунан тартып дүйнөнүн 135 мамлекети Кыргызстандын көз

карандысыздыгын таанып, алардын 96сы менен дипломатиялык алакалар

түзүлгөн185. 1992-жылдын 2-мартында тарыхый окуя болуп өтүп, БУУнун

Генералдык Ассамблеясынын 46-сессиясында Кыргыз Республикасы

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) мүчөлүгүнө кабыл алынып, эл аралык

аренадагы толук кандуу субъектке айланган. Ошентип, республика

өлкөбүздүн позициялары тууралуу дүйнөлүк аренада башка мамлекеттерге

кабарлоо мүмкүндүгүнө ээ болгон.

Ушул эле жылы Кыргызстанды ЮНЕСКО эл аралык уюмуна кабыл

алышат. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында дүйнө өлкөлөрүнүн 20 элчилиги

жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жайгашса, дүйнөнүн 20 өлкөсүндө

Кыргызстандын элчилиги жана өкүлчүлүгү иштеп жатат. Республика Эл

аралык валюта фонду, Азия өнүгүү банкы, Бүткүл дүйнөлүк банк менен эл

аралык өз ара байланыштарды орноткон.

Эл аралык процесстердеги өз мүмкүндүгүнө, потенциалына жана

ролуна ылайык Кыргызстан суверендүү мамлекет катары өзүнө гана таандык

эл аралык жолду өзү гана тандайт. Республиканын тышкы саясаты биринчи

эле кезекте Орусия, Кытай, Германия, Индия, Япония, Түркия жана АКШ

менен болгон өз ара пайдалуу мамилелерди курууга багытталган. Мисалы:

өлкөнүн Казахстан, Кытай жана Орусия менен болгон

кызматташтыгы республиканын социалдык, экономикалык, энергетикалык,

аскерий жана транспорттук-коммуникациялык чөйрөлөрүн перспективдүү

өнүктүрүүнүн маанилүү шарты катары каралат.

АКШ мамлекети менен Кыргызстан эл аралык терроризм менен

күрөшүү багытында активдүү кызматташып келет.

Page 157: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

157

Коопсуздукту коргоо, адам укуктарын сыйлоо, экологиялык

проблемалар жана экономикалык өнүгүү маселелери коопсуздук жана

кызматташтык боюнча Европа Уюму менен өз ара алакалашуунун негизинде

ишке ашууда.

Көз карандысыз Кыргыз Республикасынын эл аралык мамилелер

системасындагы орду 1998-жылдын 17-сентябрында БУУнун (ООН) расмий

документи катары кабыл алынган «жибек жол дипломатиясы» деп аталган

доктринада чагылдырылган186. Бул доктрина Чыгыш жана Батыш элдеринин

ортосундагы руханий биримдик менен теңдикти жар салган. Доктринанын

автору, Кыргыз Республикасынын тунгуч президенти урматтуу А. Акаевдин

пикири боюнча бул доктринаны ишке ашыруу Борбор Азияны туруктуулук

(стабилдүүлүк) менен коопсуздуктун зонасына айландырып, Кыргызстанга

«швейцариялык модель» боюнча өнүгүүгө мүмкүндүк бермекчи.

Бул доктринада алгачкы жолу «антинаркотизм, антиэкстремизм жана

антитерроризм» тууралуу айтылып, алардын себептери жана көрүнүштөрү

менен күрөш жүргүзүүдө эл аралык коомчулуктун күчүн бириктирүү

чакырыгы чагылдырылган.

Сөз болуп жаткан документтин текстинде өлкөнүн тышкы

саясатынын 1) чыгыш (Кытай, Корея, Малайзия, Япония), 2) батыш (Кавказ,

Жакынкы жана Орто Чыгыш өлкөлөрү, Батыш Европа), 3) түндүк-чыгыш

(КМШ өлкөлөрү) жана түштүк (Иран, Афганистан, Пакистан) сыяктуу төрт

вектору тууралуу кеңири кеп кылынган. Мындай «көп векторлуу саясат»

саясий жана экономикалык алакаларды (контакттарды) диверсификациялоо

аркылуу өлкөнүн ички жана тышкы абалын бекемдөөгө багыт алган.

Кыргызстандын стратегиялык өтө маанилүү милдети болуп транспорт

коридорлорун түзүү жана түштүк деңиздерине чыга турган жолду табуу

эсептелген.

А. Акаевдин мезгилиндеги эл аралык мамилелердин кыргыз

философиясы Борбор Азияда ядролук куралдардан эркин зонасы түзүү

боюнча өзбек демилгеси, 2002-жылды «Эл аралык тоолор жылы», 2003-

Page 158: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

158

жылды «Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жылы» деп жарыялаган

республиканын бир катар тышкы саясий демилгелеринде чагылдырылган.

КМШ өлкөлөрүнөн эң биринчи болуп ВТОго кирүүдө Кыргызстан

талаптарга ылайык 1974- жылдагы Джексон- Вэник актысына такалып

калган. Алгач президент А. Акаев Конгресстин эл өкүлдөр палатасынын

жаңы дайындалган төрагасы Роберт Л. Ливингстонго куттуктоо жөнөтүп

жатып АКШнын эркин басма сөзгө жана ВТОго мүчө болуудагы АКШнын

салымдарын кошумчалап, Джексон- Вэник актысын Кыргызстанга каршы

талаптарын алып салуу тууралуу жеке кийлигишүүсүн өтүнгөн187.

«Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет» дегендей, күнүмдүк

реалдуулук өлкөнүн тышкы саясатындагы приоритеттерге маңыздуу

өзгөртүүлөрдү киргизген. Акырындык менен «көп векторлуу дипломатия»

системасында Борбор Азия мамлекеттери, Орусия, АКШ жана Кытай өз

алдынча багыт катары киришкен. КМШнын кичи жана орто мамлекеттери

өздөрүнүн өзгөчө абалын сактап калса, дүйнөнүн башка өлкөлөрү батыш

(Еврошериктештик жана Түркия) жана чыгыш (Азиянын бардык

мамлекеттери) деген эки чоң багытка бириктирилген.

АКШ Кыргызстандын көз карандысыздыгын 1991-жылдын 27-

декабрында дүйнөнүн башка өлкөлөрүнөн биринчилерден болуп таанып, эки

мамлекет ортосунда дипломатиялык мамилелер орногон. Эки жактуу

мамилелерди өнүктүрүүнүн негизи болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

менен АКШ Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн 1992-жылдын 26-августунда өз

ара түшүнүшүү тууралуу Меморандум эсептелет188.

1992-жылдын 01- февраль айында Бишкекте АКШнын элчилиги

ачылса, ушул эле жылы Кыргызстан өз элчилигин Вашингтондо ачкан.

1992-жылдын май айында Кыргызстандын Америка Кошмо

Штаттарындагы алгачкы элчиси болуп философия илимдеринин кандидаты,

доцент, билимдүү адис жана окумуштуу Роза Исаковна Отунбаева

дайындалган.

Page 159: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

159

Р. Отунбаева менен бирге иштешкен тышкы иштерин уюштуруу

боюнча тажрыйбасы бар, билими боюнча экономист, англис тилин мыкты

билген адис Алмаз Таласович Чукин ж.б. эки өлкөнүн ортосундагы

кызматташтыктын бардык тармактарын өнүктүрүүгө өз салымдарын

кошушкан.

АКШда Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын коргоп, улуу

даражалуу элчилик кызматта иштеген адамдар жөнүндө маалыматты

төмөнкү таблица түрүндө берүүгө болот: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АКШ жана Канададагы ТОЛУК

ЫЙГАРЫМДУУ ЭЛЧИЛЕРИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АКШ ЖАНА КАНАДАДАГЫ ТОЛУК

ЫЙГАРЫМДУУ ЭЛЧИЛЕРИ

№ ЭЛЧИНИНАТЫ-ЖӨНҮ

ИШТЕГЕНЖЫЛДАРЫ

1. ОТУНБАЕВА Роза Исаковна 1992-19942. АБДРИСАЕВ Бактыбек 1996-20053. СЫДЫКОВА Замира 2005-20104. ЖУМАЛИЕВ Мухтар 2010-20145. ТОКТОГУЛОВ Кадыр 2014-

Таблицадан көрүнүп тургандай, эки мамлекеттин ортосундагы

дипломатиялык мамилелерди бекемдөөгө зор салым кошкон элчилердин

биринчиси болуп кийин Кыргыз Республикасынын Президенти кызматын

аркалаган белгилүү коомдук ишмер Р. Отунбаева эсептелген.

Эки мамлекеттин ортосундагы дипломатиялык мамилени бекемдөөгө

Бишкек шаарындагы АКШнын элчилиги да зор салым кошууда. Анткени,

Кыргыз Республикасына элчи катары кызматка келген дипломаттар

тажрыйбалуу, билимдүү, мурда бир нече мамлекеттерде элчи болгон, калыс,

өз иштеринде АКШнын жана Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн кызмат кылган

инсандар болушкан.

АКШнын КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ТОЛУК ЫЙГАРЫМДУУ ЭЛЧИЛЕРИ№ЭЛЧИНИНАТЫ-ЖӨНҮ

ИШТЕГЕНЖЫЛДАРЫ

№ ЭЛЧИНИНАТЫ-ЖӨНҮ

ИШТЕГЕНЖЫЛДАРЫ

1. Елвин Хурвиттс 1992-1994 6. С. Янг 2003-2005

Page 160: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

160

2. Айлин Меллой 1994-1997 7. М. Яванович 2005-20083. Энн Зигмунд 1997-2000 8. Татьяна Гфеллер-Волкофф 2008-20114. Джон О’Кифф 2000-2003 9. Памела Спратлен 2011-20145. Ричард Майлз 2015-2015 10. Шейла Гуолтни 2015-

http://www.kgembassy.org/en/kyrgyzstan-uscanada/cooperation-

between-the-kyrgyz-republic-and-the-usa/

Бишкек менен Вашингтондун ортосундагы саясий мамилелердин

калыптанышы менен өнүгүшүн туура түшүнүү үчүн төмөнкү жагдайды

билүү зарыл: постсоветтик Кыргызстандын алгачкы президенти А. Акаев

карапайым калктан чыккан окумуштуу, интеллектуал, заманбап доорго бап

келген билимдүү адам, Батыштан ооп келип жаткан демократиянын

идеалдарына шайкеш келген президент катары советтик либералдык

интеллигенциянын жана Батыш мамлекеттеринин суктануусун жараткан. «А.

Акаев чыныгы окумуштууга таандык педантизм менен Кыргызстанды

«демократиянын күзгүсүнө» («витрина демократии»), же анын өз сөзү

боюнча «Борбор Азиядагы Швейцарияга» айлантууну чечет. Дж. Буш

АКШнын президенти кезинде Аскар Акаевич тууралуу: «Чыгыш менен

батышты бирдей айкалыштырган инсан» - деген созу анын эл аралык

саясатта, адамдык денгээлинин канчалык жогору экендигинен кабар берет.

Эл аралык аренада ал Орусия менен АКШнын ортосунда кылдат

маневрларды жасап, ал тургай, бул 2 өлкөнүн аскер базаларын Кыргызстанга

жайгаштыруу менен жылдыздары келишпеген державаларды бир арабага

чегүү аракетин ийгиликтүү ишке ашырган. Ал Еврошериктештик жана

Япония мамлекеттери, о.э. Н. Назарбаев жана И. Каримов башында турган

коңшу мамлекеттер менен да жакшы мамилелерди түзгөн. Аты аталган

коңшу мамлекеттер А. Акаев Өзбекстан менен Тажикистандан Баткен

жергесине кирип келген радикалдардын мизин 2 жолу кайтарган. Ал

республикада ваххабиттик топтордун күч алышына жол берген эмес». Ошол

себептен, АКШнын администрациясы Кыргызстанды экономикалык жана

саясий реформаларды жүргүзүүдө бир кыйла ийгиликтерге жеткен мамлекет

Page 161: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

161

деп билген да, эки жактуу кызматташтыктын активдүү чөйрөсү катары

биздин республикада демократиялык институттарды өнүктүрүүнү жана

бекемдөөнү атаган.

Ааламдашуунун башталышы менен бүткүл дүйнөдө, анын ичинде,

постсоветтик геосаясий мейкиндикте демократизация процесси активдүү

жүрүп, адам укуктарынын үстөмдүгү, парламентаризм, жарандык коом жана

башка демократиялык баалуулуктар калыптанууда. Тарых күбөлөгөндөй, бул

баалуулуктар дүйнө өлкөлөрүндө бир кылка болбой, өздүк маданиятынын

өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен ар бир постсоветтик өлкө тоталитардык

коомдон демократияга трансформациялануунун өзүнө гана таандык

уникалдуу тажрыйбасына ээ.

Демократ саясатчы катары таанымал болгон А. Акаевдин

мезгилиндеги постсоветтик Кыргызстанда саясий режимдин кандай тиби

орногон? Илимий адабиятта демократияга трансформациялоонун «Батыш

өлкөлөрүнө таандык полиархия», «жаңы демократия», «Чыгыш Азиялык

демократия», «исламдык демократия» өңдүү бир катар моделдери

айырмаланат. Эгерде постсоветтик Борбор Азиянын Казакстан, Өзбекстан,

Тажикистан сыяктуу мамлекеттеринин тажрыйбасына көз чаптырсак, анда

аларда саясий режимдин Япония, Корея, Малайзия сыяктуу мамлекеттерге

таандык болуп, экономикалык өнүгүүгө, мамлекетке жана улуттук

баалуулуктарга басым жасаган модели ийгиликтүү өнүгүп жаткандыгын

байкоого болот. Кыргызстанда болсо саясий режимдин Польша, Чехия,

Венгрия жана башка Чыгыш Европа өлкөлөрүнө таандык болуп, адам

укуктары менен эркиндиктерине басым жасап, «жаңы демократия» деген

аталышка ээ болгон модели өнүккөн189. Ошентип, саясий модернизация,

жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо чөйрөсүндө

Кыргызстан өз коңшуларынан алдыга озуп чыкса да, өлкөнүн экономикалык

өсүшү жана адамдардын материалдык жашоо-тиричилик жыргалчылыктарын

жакшыртуу маселелеринде чеке жылытаарлык ийгиликтерге жетише алган

эмес.

Page 162: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

162

АКШ МЕНЕН КЫРГЫЗСТАНДЫН ОРТОСУНДАГЫ САЯСИЙ

КЫЗМАТТАШТЫКТЫН СОҢКУ ОН ЖЫЛДЫГЫ. Кыргызстанда 2005-

жылдын 24-мартында болуп өтүп, кыргыз коому жеке демократ катары

таанымал болсо да, А. Акаев бийлигинин акыркы жылдары орноткон

адамдын керт башына сыйынуу жана бийликти атадан балага мурастоо

салтына кыргыз эли ээ эместигин, авторитаризм менен «үй-бүлөлүк

башкарууну» жактырбагандыгын, бийликтин жогорку эшелондорундагы

жек-жааттык көрүнүштөргө кескин протест менен чыга ала тургандыгын

далилдеген «жоогазын» революциясы чагылгандай тездиги жана кан

төгүүлөрдүн жоктугу менен айырмаланды.

Демократ катары белгилүү болгон Акаевдин кланын бийликтен

кетиргенден кийин 7 бир тууган Бакиевдердин жана кийин президент катары

шайланган К. Бакиев менен анын Марат, Максим аттуу уулдарынын

позициясы бир кыйла күч алып, марттагы революциядан көп өтпөй алар

мамлекеттик бийликти туюндурган ар кандай административдик

кызматтарды ээлеп, Кыргызстандын 2-президенти К. С. Бакиев өлкөгө

авторитаризмге таянган супер президенттик башкаруу системасын орнотот.

Президент К. Бакиевдин бийликке келиши менен АКШ өзүнүн аскер

күчтөрүн «Манаста» сактап калса да, Кыргызстандагы революциячыл

эйфория тез эле К. Бакиевдин режими демократ жана билимдүү болсо да,

жемкорлукка (коррупцияга) белчесинен малынган А. Акаевдин режиминен

зомбулуктуу мүнөзү менен бир кыйла айырмаланаарын түшүнүү менен

алмашкан. Саясий буйрутма менен киши өлтүрүүлөр190, журналисттерди

уурдап кетүү, ур-токмокко алуу жана өлтүрүү191, ыңгайсыз атаандаштарга

каршы багытталган медиажосуундар192 К. Бакиевдин режиминин

өзгөчөлүктүү белгисине айланган. Ошол себептен, АКШнын мурдагы коргоо

министри Роберт Гейтс кыргыз президенти К. Бакиев тууралуу «өзүм

министр болуп иштеген мезгилде К. Бакиев мен кездештирген эң жагымсыз

чет элдик лидер болгон»193, - деп айткан.

Page 163: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

163

Борбор Азия өлкөлөрү менен маанилүү жана приоритеттүү маселелер

боюнча 2009-жылы АКШ Администрациясы тышкы иштер министрлеринин

деңгээлинде жыл сайын болуп туруучу 2 жактуу консультацияларды өткөрө

баштайт. Алгачкы жолугушуу 2008-жылдын декабрында өзбек делегациясы

менен өткөрүлүп, кийинки жолугушуу 2010-жылдын башында Кыргызстан

менен өткөрүү пландаштырылган. Бирок, ар кандай себептерге, анын ичинде,

Кыргызстандагы демократиялык процесстерге байланышкан көйгөйлөргө

шилтем жасап, К. Бакиевдин администрациясы бул жолугушууну улам артка

жылдырып келген. Натыйжада, 2010-жылдын апрелинин башында

Вашингтондо консультацияларды өткөрүү макулдашылган. Бирок, 2010-

жылдын 7-апрелинде Бишкекте болуп өткөн белгилүү окуяларга

байланыштуу бул жолугушуу өтпөй калган.

Оппозиция менен массалык маалымат каражаттары мурда болуп

көрбөгөндөй кысымга алынган шарттарда К. Бакиев менен анын кланынын

фортунасы АКШ мамлекети «Манастагы» база үчүн төлөгөн каражаттардын

эсебинен өскөн десек болот. Афганистандагы аскерий операцияны улантуу

үчүн «Манас» авиабазасы абдан керек болгондуктан, АКШ К. Бакиевдин

аңызга айланып, азырынча ачыкка чыкпай турган кылмыштарына карата

унчукпаган позицияны сактоону туура табышкан.

Күйүүчү майлар үчүн түзүлгөн контракттан дагы кошумча каражаттар

менен акчаларды өндүрүп алууну көксөп, К. Бакиевдин уулу Максим

тарабынан тескелип, «Манастагы» авиабазага күйүүчү майларды алып келген

компаниялар америкалык подрядчиктер Максимге ондогон миллион АКШ

долларын пара катары берген деп күнөөлөп, америкалыктардын

Кыргызстанда болуусуна каршы чыга баштайт. Натыйжада, 2009-башында

Бакиевдердин кланынын «чөнтөк партиясы» атка конгон «Ак Жол»

партиясынын фракциясы басымдуу көпчүлүктү түзгөн кыргыз парламенти

америкалыктарды өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алат. Ушундай жол

менен президент К. Бакиев жана анын кланы америкалыктардан акча тиленүү

ыкмасын көздөшкөн194. Эң кызыктуу жери, К. Бакиев оппозиция тарабынан

Page 164: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

164

кеңири жайылтылган өзүнүн кланынын каржылык кыянатчылыктары

тууралуу маалыматтарды четке кагуу ишинде да колдо болгон бардык

дипломатиялык каналдарды пайдаланган. Айтсак, АКШнын Кыргызстандагы

элчиси Татьяна Гфеллер-Волкофф айым менен болгон 2009-жылдын 21-

сентябрындагы түштөнүү маалында Кыргызстандын президентинин уулу

Максим Бакиев дүйнөлүк экономикадан Кыргызстан кандай орунга ээ

болууга тийиш жана өлкөнүн өнүгүүсүнөн кантип пайда көрүүбүз зарыл

экендигин баса белгилеген темадагы аңгемелешүүнү баштайт: «Биз өзүбүз

үчүн акчаны каалабайбыз, биз бул акчалар кадыресе, пайдасы жок

долбоорлорго эмес, чындап эле жакшы, терең ойлонулган иштерге

пайдаланылышына ишеним арткыбыз келет»195.

Айтылгандардын натыйжасында Вашингтон аренда төлөмүн кайра

карап чыгууга аргасыз болуп, жылдык төлөмдөрдү 17 млн АКШ долларынан

60 млн АКШ долларына чейин көтөргөн. Борбор Азия жана Кавказ

Институтунун илимий кызматкери Эрика Марат өзүнүн «Аль-Джазирага»

берген интервьюсунда «Өкмөттүн [утурумдук] көз карашына ылайык, базаны

сактап калуу максатында АКШ Бакиевдин авторитаризми жана анын

кланынын жемкорлугуна, Бакиевдердин үй-бүлөсү менен АКШ тарапка

таандык подрядчиктердин «Манастагы» авиабаза үчүн зарыл болгон күйүүчү

майларга карата түзүлгөн коррупциялуу контракттарга көздөрүн жуумп

койгон»196, - деп билдирген.

Качан гана президент К. Бакиев дагы акча өндүрүү ниетинде

парламенттин чечими тууралуу идеяны баса белгилеп, асмандаган бааларды

айта баштаганда197, АКШ тараптан дароо ыкчам реакция жаралып, 2010-

жылы өлкөдө К. Бакиевди бийликтен алып түшкөн «кызгылт түстүү

ыңкылап» («оранжевая революция») болуп өтүп, жеңишке жеткен

революционерлердин лидери Роза Отунбаева америкалыктардын базасы

республиканын территориясында кала берүүгө укуктуу экендигин расмий

билдирет198.

Page 165: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

165

Ошентип, авиабазанын айланасындагы чуулгандуу окуялар ХХ

кылымдын 90-жылдары АКШ менен Кыргыз Республикасынын ортосунда

орной баштаган кызматташтыктар үчүн «негативдүү ролду» ойноп, алардын

кеңири жана өтө жалпы мүнөзүн жокко чыгарган.

2011-жылы март айында АКШга визит менен барган Роза

Отунбаеваны Вашингтондо өтө жылуу тосуп алып, президент Барак Обама

ага «Манастагы» авиабаза үчүн ыраазычылык билдирсе, Мамлекеттик катчы

Хиллари Клинтон ушул жылдын 8-мартында аны «Каармандыгы үчүн» («За

храбрость») сыйлыгы менен сыйлаган. Х Клинтон айымдын сөздөрү боюнча

Роза Отунбаева аталган сыйлыкка кандидат болуп саналгандардын арасында

стандарттуу лауреат болуп саналбайт. Анткени, бул сыйлык алгачкы жолу

бийликте турган мамлекет башчысына, башкача айтканда, Кыргызстандын

президенти Роза Отунбаевага тапшырылып жаткандыгын баса көрсөтүү

менен айтып, сыйлык тапшыраар алдында Хиллари Клинтон зор эргүү менен

кыргыз лидеринин өтөгөн кызматтарына кеңири токтолгон. АКШнын

мамлекеттик катчысы сыйлыкты тапшыраар алдында 2010-жылдын 7-

апрелинен кийин бийликке келген Кыргыз Республикасынын президенти Р.

Отунбаеванын каармандыгын, эр жүрөктүүлүгүн эргүү менен баяндап,

былтыркы жылдын апрель айынан бери Кыргызстандагы бийликтин

максатка умтулган лидеринин өтөгөн кызматтарына төмөнкүдөй сөздөрдү

айтуу менен кеңири токтолгон: «Болуп өткөн трагедиялуу окуялар менен

апааттардан соң мамлекет ыдырап, талкаланып, экономикалык оор

мүшкүлдөрдү баштан кечирип жаткан учурда бул айым мамлекеттин

бүтүндүгүн сактап кала алган»199, - деди Х. Клинтон сыйлык тапшыруу

аземинде.

Х. Клинтон айым Кыргызстандын түштүгүндө болуп өткөн кандуу

окуялардан 4 айдан кийин, башкача айтканда, 2010-жылдын октябрь айында

Кыргызстанда болуп өткөн парламенттик шайлоонун дарегине бир катар

мактоо сөздөрүн айтты. Х. Клинтондун сөздөрү боюнча бул шайлоо таза

жана эркин өтүп, Р. Отунбаева Борбор Азия чөлкөмүндөгү мамлекетке

Page 166: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

166

демократия принциптерин орнотуу аркылуу анын жыйынтыктарын туура

пайдалана билип, бийликти жеңген тарапка мыйзамдуу өткөрүп бере алган:

«Бул айым дүйнөдөгү көп сандаган лидерлерге демократия менен бийлик биз

кызмат кыла турган адамдарга жардам берүү ишинде кандай пайдаланууга

тийиш деген маселеде үлгү боло алат»200, - деген Р. Отунбаеванын дарегине

айтылган мактоолор менен Х. Клинтон айым өз сөзүн жыйынтыктады.

АКШ- Кыргызстан мамилелеринин экинчи этабы болгон соңку 10

жылдыкта мамилелелерге залакасын тийгизген окуялардын бири катары

2015-жылдын 20-июлунда Кыргыз Республикасынын премьер-министри

Темир Сариев Кыргыз өкмөтү менен АКШ өкмөтүнүн ортосундагы жардам

көрсөтүүнү жеңилдетүү боюнча кызматташуу жөнүндө 1993-жылдын 19-

майындагы макулдашууну денонсациялоо боюнча токтомго кол

койгонгондугу болду. Бул токтомго ылайык макулдашуу 20-августта күчүн

жоготкон. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы

Ниша Бисвал АКШ менен Кыргызстан ортосундагы кызматташуулар,

долбоорлор улана берээрин билдирген. Расмий Бишкек мындай кадамын

адам өлтүрүүгө катышкан деген айып менен өмүр бою абак жазасына

кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаровго АКШнын мамлекеттик

департаменти тарабынан сыйлык ыйгарылганына нааразылык деп

түшүндүргөн. Дипломатиялык чатак АКШ 14-июлда Мамлекеттик

департамент тарабынан дүйнөдөгү укук коргоочуларга жыл сайын

ыйгарылчу «Адам укуктарын коргоочу» сыйлыгы менен Азимжан Аскаровду

жана венесуэлалык «Форо Пенал» бейөкмөт уюмун сыйлагандыгы тууралуу

билдиргенден кийин башталган.

Бирок эксперттер Америка менен Кыргызстандын ортосундагы

кызматташуу келишиминин токтошу Кыргызстанга көбүрөөк зыян алып

келет деп белгилешкен. Вашингтон Бишкекке келишимди денонсациялоо

чечими колдоолорду каржылоонун азайышына алып келиши мүмкүндүгүн

эскертүү менен АКШнын бийлиги кандайдыр бир чукул чараларды

көрбөстүгүн белгилеген. http://ky.kloop.asia/2015/07/31/stratfor-kyrgyzstan-

Page 167: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

167

kajradan-aksh-menen-chataktashty/ Бул негизде ЮСАИД тарабынан КРна

көрсөтүлүп келген жардамдардын көлөмү 50. млн АКШ доллар материалдык

жардам кыскаруусу прогноздолгон. Андан тышкары Кыргызстан мындай

кескин аракеттерге негизги өнөгү Москванын таасири алдында барып жатат

деген пикирлер да, Орусиянын же башка үчүнчү мамлекеттин бул чечимге эч

кандай тиешеси жок деген кайчылаш пикирлер да айтылган.

2016- жылдын 9-февралында элчи Гуолтни Жогорку Кеңештин

төрагасы Асылбек Жээнбековдун кабыл алуусунда болуп, Кыргызстан менен

АКШнын ортосундагы кызматташуу боюнча жаңы макулдашуу жаатында

өкмөттөр аралык иштер жүргүзүлүп жатканын билдирген. Ал эми кыргыз

өкмөтү жаңы макулдашуу түзүү боюнча эч кандай маалымат жок экенин

маалымдаган. "Биз кыргыз өкмөтүнүн эки тараптуу кызматташууну бекемдөө

максатында иштешүүгө даярдыгын жогору баалайбыз. Ишеничтин,

теңдиктин жана өз ара урматтоонун негизинде мамилени жакшыртуунун

жолдорун табууга умтулабыз", — деп айтылат билдирүүдө. http://sputnik.kg/politics/20160224/1022647585.html

Бул тапта 2016- жылдан тартып эки өлкөнүн ортосунда солгундай

түшкөн мамилелер кайрадан жандана баштаган.

АКШнын Кыргызстанга болгон экономикалык колдоосу

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин өзүнүн сатып алуу

жөндөмдүүлүгүнүн паритети (паритет покупательной способности – ППС;

англисче purchasing power parity) да, нарктык (номиналдык) туюнтмасы да

боюнча дүйнөлүк ички дүң продуктысынын (ВВП) төрттөн бир бөлүгүн

түзгөн АКШнын экономикасы201 заманбап дүйнөнүн эң ири экономикасы

болуп эсептелет. 2013-жылы өлкөнүн ВВП (ППС) көрсөткүчү 16,8 трлн АКШ

долларын түзгөн.

Эң эле диверсификацияланган улуттук экономика болуп саналуу

менен АКШнын экономикасы акыркы 100 жылда дүйнөлүк экономикадагы

лидерликти колдон түшүрбөй, бекем кармап келет. Бирок, 2000-жылдардын

Page 168: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

168

башынан тартып, уламдан улам тездеген ааламдашуунун жана өнүгүп келе

жаткан өлкөлөрдүн өсүшүнүн натыйжасында анын дүйнөлүк экономикага

тийгизген таасири төмөндөп бара жатат.

Соода-экономикалык байланыштар. Тилекке каршы, эки өлкө

ортосундагы соода-эконимикалык байланыштарды өнүктүрүү үчүн

төмөнкүдөй бөгөттөр тоскоолдук кылып келет:

Кыргызстандагы рыноктун кичинекейлиги;

башка постсоветтик Борбор Азия мамлекеттеринен

айырмаланып, Кыргызстанда көмүрсуутектеринин запастарынын

(углеводородные запасы) жоктугу, же өтө эле чектүүлүгү;

эки өлкө ортосундагы географиялык аралыктын чоңдугу;

хартленддин чок ортосунан орун алган Кыргызстандын деңиз

портторуна чыгуу мүмкүндүктөрүнүн жоктугу.

Бирок, айтылгандарга карабастан, эки өлкө ортосундагы соода-

экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө оң маанайда көмөк берген

жакшы укуктук базалар бар. Айтсак, АКШ менен Кыргыз Республикасынын

ортосундагы экономикалык кызматташтыктын келишимдик-укуктук базасын

ар кыл деңгээлдеги өз ара визиттер учурунда кол коюлган 20дан ашуун

макулдашуулар түзөт. Алардын ичинен өзгөчө маанилүүлөрү катары

1992-жылдын 8-майында Вашингтон шаарында кол коюлган

инвестицияларды стимулдаштыруу тууралуу макулдашууну,

1993-жылдын 19-январында Вашингтондо кол коюлган капитал

салымдарын колдоо жана өз ара коргоо боюнча макулдашууну (бул

Макулдашуу 1994-жылдын 12-декабрында күчүнө кирген);

1998-жылы АКШ мамлекети тарабынан Кыргызстанга карата

кабыл алынган нормалдуу соода мамилелеринин режими (режим

нормальных торговых отношений - РНТО) тууралуу мыйзамды атоого болот.

РНТО статусуна байланыштуу АКШда тарифтик ставкалар менен

пошлиналардын эки негизги колонкасы бар экендигине көңүл буруу абзел.

Биринчи колонка боюнча РНТО режими жайылтылган өлкөлөрдүн

Page 169: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

169

товарлары өтөт жана аларга карата тарифтер 0дөн 6%га чейин түзөт. Мында

сапатына карай чийки зат түрүндөгү товарлар «нөл» ставкасы, ал эми даяр

товарлар 1 ден 6%га чейинки тарифтик ставкаларга ээ.

Экинчи колонка боюнча чийки зат товарларына карата ставкалар 1

ден 6%га чейин болсо, даяр товарларга жана жогорку категорияда

иштетилген товарларга карата 35%дан жогору ставкалар коюлат. Жалпы

жонунан, мындай товарларга 1500 аталыштагы буюм-тайымдар кирет.

Kыргызстан-АКШ ортосундагы соода көлөмү. Товар

жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмү Кыргызстандагы жалпы товар жүгүртүүнүн

3,8%ын түзгөн Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасынын

негизги соода өнөктөштөрүнүн (партнерлорунун) бири болуп саналуу менен

Кыргызстан товар жүгүрткөн чет өлкөлөрдүн ичинен 5-орунду ээлейт.

Салыштыруу үчүн Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн

(партнерлорунун) структурасы төмөнкүдөй: Орусия -29,8 %; Казакстан –

13,4%; Кытай – 10,5%; Швейцария – 7,9%; Өзбекстан – 3,4%; Түркия – 2,5%;

Афганистан – 2,7%; Германия – 1,6%202.

1994-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын АКШ мамлекети

менен болгон тышкы соода менен товар жүгүртүүсү 35,6 млн. АКШ

долларынан 100 млн. АКШ долларына чейин, башкача айтканда, 2,8 эсе

өскөн. Ошого карабастан, эгемендүүлүк жылдары ки өлкө ортосундагы соода

мамилелери, тилекке каршы, баштапкы стадияда эле кала берген. Жалпы

жонунан, Кыргызстандын жалпы тышкы соода көлөмүнүн ичинде АКШ

менен болгон соода көлөмү анчалык чоң эмес. Мисалы, 1999-жылы

Кыргызстанга экспорттолгон америкалык товарлардын наркы 11 млн АКШ

долларынан бир аз көбүрөөк сумманы түзсө, Кыргызстандан АКШга кеткен

импорттун наркы 55 млн АКШ долларына барабар болгон.

Taблица 1. 1992-1996-ЖЫЛДАР АРАЛЫГЫНДАГЫ ЭКСПОРТ ЖАНА ИМПОРТ КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ (МЛН$)

ЖЫЛ 1992 1993 1994 1995 1996Экспорт - - 341,0913 412,03695 505,3966Импорт - - 317,0047 522,358 837,68824

Page 170: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

170

КӨЛӨМ - - 934,096 934,39495 1343,0848

Taблица 2. 1997-2002-ЖЫЛДАР АРАЛЫГЫНДАГЫ ЭКСПОРТ ЖАНА ИМПОРТ КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ (МЛН$)ЖЫЛ 1997 1998 1999 2000 2001 2002Экспорт 630,75376 535,0662 462,55317 510,9218 480,0691 487,3351Импорт 732,35422 869,334 613,26 558,06 471,5606 589,6555КӨЛӨМ 1363,108 1404,4002 1075,8132 1068,9818 951,6297 10,76,9906

2-таблицада көрүнүп тургандай, 1999-2001-жылдар аралыгында оор

экономикалык кризистин таасиринен улам соода көлөмү өзүнүн эң төмөнкү

деңгээлине жеткен. Бул аралыкта экспорт дагы, импорттук көрсөткүчтөр

дагы төмөндөп кеткен. Ошондой эле 2001-жылы Кыргызстанда экспорт

импорттон жогору көрсөткүчкө ээ болгон. Жалпысынан, экспорт-импорт тең

салмактуулугу бардык жылдарда АКШнын пайдасына жогорулап келген.

Taблица 3. 2003-2014-ЖЫЛДАР АРАЛЫГЫНДАГЫ ЭКСПОРТ ЖАНА ИМПОРТ КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ (МЛН$)ЖЫЛ 2003 2004 2005 2006 2007 2008 2009 2010 2011 2012Экспорт 582,7 721,1 674 891 1321 1855,5 1673 1755,9 2242,1 -Импорт 721,8 946,8 1188,7 1931,1 2788,5 4072,4 3040,2 3222,7 4261,2 -КӨЛӨМ 1304,5 1667,9 1868,7 2822,2 4109,6 5928 4713,2 4978,6 6503,3 -

Кыргызстан АКШга, негизинен, органикалык эмес химиянын

өндүрмөлөрүн, анча кымбат эмес жана сейрек кездешкен металлдардын

кошулмаларын, түстүү металлдарды, сымапты, килемдерди, пахтаны,

пахтадан токулган кездемелерди экспорттойт. Ал эми АКШдан

Кыргызстанга дан, азык-түлүк өндүрмөлөрү, фармацевтикалык товарлар,

электр машиналары жана жабдуулары импорттолуп келет.

Мындан сырткары, эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык

мамилелерди өнүктүрүүгө позитивдүү таасир бере ала турган АКШнын

«Эксимбанк» деп аталган банкынын программасына Кыргызстанды

киргизүүгө карата бир катар иш-чаралар көрүлгөн. Бул өңүттө 2000-жылы

АКШ Конгресси тарабынан Кыргызстанга карата 1974-жылдагы Соода

актысына карата Джексона-Вэник деп аталган чектөөгө карата оңдоп-

түзөөлөрдү киргизип, эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык мамилелер

Page 171: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

171

үчүн бир катар жагымдуу шарттар түзүлгөн. Мындан сырткары, мурунку

параграфа кенен айтылгандай, АКШ мамлекети Кыргызстандын Бүткүл

дүйнөлүк соода уюмуна (ВТО) киришине активдүү көмөк көрсөткөн.

Кыргыз Республикасынын экономикасына АКШдан келген тике

инвестициялар. 15 жыл ичиндеги (1995-2010) келип түшкөн

инвестициялардын анализи көрсөткөндөй, Кыргыз Республикасынын

экономикасына АКШдан келген тике чет өлкөлүк инвестициялар (прямые

иностранные инвестиции - ПИИ) бир кылка мүнөзү менен айырмаланбайт.

Эгерде 1995-жылдан тартып ПИИ көлөмү уламдан улам жогорулап турса,

2003-2009-жылдары анын жалпы көлөмү кыскара баштаган. Эгерде 2003-

жылы АКШдан келген ПИИ көрсөткүчүнүн көлөмү республикабыздагы

жалпы ПИИ көрсөткүчүнүн көлөмүнүн 6,7%ын түзсө, 2008-жылы ал 1%дан

аз сумманы түзүп калган. АКШдан келген баардык инвестициялар Бишкек

шаарына туура келип, алар экономикалык ишмердиктин транспорт жана

байланыш, мейманканалар жана ресторандар, кайра иштетүүчү өнөр жайы,

кыймылсыз мүлк менен байланышкан операциялар, аренда жана

керектөөчүлөргө кызматтарды көрсөтүү сыяктуу тармактарына жөнөтүлөт.

Өз кезегинде, жогоруда аты аталган АКШнын эл аралык өнүгүү

боюнча Агентствосу (ЮСАИД), коргоо Министирлиги, соода Министирлиги,

айыл чарба Министирлиги, юстиция Министирлиги, каржы Министирлиги

жана сооданы өнүктүрүү боюнча Агентство сыяктуу ыйгарым укуктарга ээ

америкалык мамлекеттик органдар АКШнын Администрациясы тарабынан

коюлган программаларды ишке ашырууга талаптанган америкалык

компаниялар менен өкмөттүк эмес уюмдардын (неправительственные

организации – НПО) арасында тендер өткөрөт. Ошондой уюмдардын

катарына АКШ Өкмөтү тарабынан каржыланган ФИНКА жана Компаньон

өңдүү кичи кредиттик компаниялар саналышат.

Экономикалык кызматташтыктагы айрым маселелер. Айрым

изилдөөчүлөр адилет белгилегендей, өз бийлигинин алгачкы жылдарында

«А. Акаев Батыш өнөктөштөр үчүн өзүн ырааттуу демократ жана адам

Page 172: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

172

укуктары менен фундаменталдуу эркиндиктер үчүн күрөшкөн адам катары

көрсөткөн имиджди түзүү аракеттерин кылган. Акаев жана анын командасы

эл аралык пиар өнөрүн мыкты өздөштүрүшкөн. Натыйжада Кыргызстан

Батыш журналисттери, артисттери, шоу-бизнестин жылдыздары, саясат

таануучулары жана философтор сыяктуу маанилүү адамдар үчүн маанилүү

шаарга айланган. Дүйнөнүн ар кыл мамлекеттеринин массалык маалымат

каражаттары «Азиядагы алгачкы демократ» А. Акаевдин дарегине

багытталган мактоо сөздөрүн айтуудан тажаган эмес. Республикада мурда

кийин болбогон саммиттер, конференциялар ж.б.у.с. эл аралык отурумдарды

өткөрүү адатка айланган.

2005-2006-жылдары Эл аралык валюта фонду, Бүткүл дүйнөлүк банк

жана Өнүгүүнүн Африкалык банкы Кыргыз Республикасына ХИПИК

Программасына (HIPC - Heavily Indebted Poor Countries Initiative) кирүүнү

сунуш кылышат. Ошол себептен, жергиликтүү басма сөз беттеринде жана

массалык мааламыт каражаттарында Кыргызстандын ХИПИК

Программасына кирүүсү, же кирбөөсү тууралуу маселе курч талкуулана

баштап, өлкөдө ХИПИК Программасын ишке ашыруунун оң жана терс

жактары, пайдасы менен кесепеттери тууралуу ар кыл пикирлер айтыла

баштаган203. 2007-жылдын февраль айынын аягында өкмөт мүчөлөрүнүн

добуш берүүсүнүн натыйжасында Кыргызстан аталган программага

катышуудан баш тарткан. Натыйжада, Феликс Кулов премьер-министрдин

кызматынан кеткен соң, жаңы калыптанган министрлер кабинетинде каржы

(финансы) министри Акылбек Жапаровдон башка ХИПИК программасын

жактаган аткаминерлер дээрлик калган эмес. Борбор Азия боюнча Бүткүл

дүйнөлүк банктын жаңы директору Аннет Диксондун Бишкекке жасаган

экстрендүү визити да Кыргызстандын ХИПИК Программасынан баш

тартуусуна тоскоол боло алган эмес204.

ХИПИК Программасына катышуунун башкы шарты болуп

экономикалык жана социалдык реформаларды өткөрүү эсептелет205. Мындай

талаптардын баардыгын аткарган өлкөлөр эл аралык каржы уюмдарынын

Page 173: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

173

алдындагы тышкы карыздын маанилүү бөлүгүн төлөө милдетинен

бошотулат. Кыргызстан бул программага катышкан учурда анын карыздары

жоюлуп, болжол менен 1 млрд АКШ доллары өлчөмүндөгү тышкы карызын

төлөө милдеттемесинен бошотулмак болчу. Ошону менен катар эле ХИПИК

программасына кирген Борбор Азиядагы алгачкы мамлекет катары

Кыргызстанга карыздын үстөгүн төлөөдөн бошотуп, ал каражаттарды

мамлекеттик бюджеттин социалдык муктаждыктарына, каржы секторун

өнүктүрүүгө жана экономиканы көтөрүү, элдин турмуш-тиричилигин

жакшыртуу максатында жаңы насыяларды алуу сыяктуу жеңилдиктер

берилмек.

Бирок, республиканын белгилүү экономисти Жумакадыр Акенеевдин

пикиринде ХИПИК программасына катышуудан баш тартуу Кыргызстан

үчүн туура болгон. Албетте, программага катышуу менен тышкы карыздын

кандайдыр бөлүгүн жоюп коюшмак. Анын натыйжасында Кыргызстан

Эфиопия жана Сомали сыяктуу өз маселелери менен көйгөйлөрүн өз алдынча

чече албаган күн карама мамлекеттердин деңгээлине түшүп калмак.

Эксперттин сөздөрүнө караганда Эл аралык валюта фонду менен Бүткүл

дүйнөлүк банк сунуштаган ХИПИК Программасына катышуудан баш тартуу

аркылуу Кыргызстан дүйнөлүк капиталдын туткунунан өзүн сактап калган.

Ж. Акенеевдин оптимисттик божомолу боюнча сабаттуу экономикалык

стратегиянын жардамы аркасында Кыргызстан тышкы карыздарын өз

чөнтөгүнөн эле төлөө дараметине ээ206.

Ошентип, Кыргызстандын ХИПИК Программасына катышуусу

тууралуу маселеде экономикалык өңүткө караганда мамлекеттик

эгемендүүлүгүнүн күмөн туудурган келечеги менен байланышкан саясий

өңүт үстөмдүк кылган207.

Мамлекет тарабынан «Спекулятивдик Типтеги Керектөө

Экономикасы» саясатын киргизүүнүн натыйжасында мамлекеттик бюджетте

акча тартыштыгы дайыма күч алып, өлкө эч нерсе өндүрбөй, заводдор менен

фабрикалар жабылып, массалык жумушсуздук күч алып, мурдагы

Page 174: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

174

квалифициялуу жумушчулар кызыл кулактык кылуу соодасына өтүп,

мамлекеттик казынага салык төлөбөй калышкан. Мындай шарттарда

мамлекеттик бюджетти толтуруунун жападан жалгыз варианты катары

төмөнкүлөр саналышкан:

калктан салыктарды, төлөмдөрдү ж.б. милдеттүү акча

чогултууларды жогорулатуу;

чет мамлекеттерге табигый ресурстарды сатуу;

четтен кредиттерди алуу208.

Кызматташуунун алгачкы жылдары АКШда Кыргызстанга жардам

берүү, республикадагы бизнестин өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү максатын

көздөгөн ар кыл фонддор менен комиссиялар түзүлө баштаган. Айтсак, 1995-

1997-жылдары АКШ Өкмөтү тарабынан инвестициялык портфели 150 млн.

АКШ долларын түзгөн Ишкердикти Колдоонун Борбор Азиялык Фонду

(ИКБАФ; Центрально-Азиатский Фонд Поддержки Предпринимательства -

ЦАФПП) түзүлгөн209. Тилекке каршы, иш башталганда эле чуулгандуу

скандалдар, анын ичинде коррупциялык ызы-чуулар менен коштолгон бул

долбоордун ишмердиги ийгиликсиз болгон. АКШнын Конгресси бул иш

боюнча ишти угуп, жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжасында ИКБАФ-

ЦАФПП жок кылынган210. Портфелинде бир нече миллион АКШ доллары

болгон жана Кыргызстандын өкмөтү тарабынан башкарылган дагы бир

агробизнес боюнча биргелешкен комиссиянын да иши аягына чыкпай,

талкаланып, жок болгон211. Долбоордун менеджменти эффективсиз

болгондуктан, фонд тарабынан берилген бардык насыялар кайтарылган эмес.

Экономикалык кызматташтыктын келечеги. Совет бийлиги

учурунда Кыргызстан СССРди сапаттуу сүт жана эт сыяктуу маанилүү азык-

түлүктөр менен камсыз кылып келгендиктен, Совет бийлиги биздин өлкөнү

«майлуу-сүттүү ханыша» («молочная королева») деп адилет баалаган.

Өлкөнүн 93%дан ашык аймагын ала чокулуу бийик тоолор түзгөндүктөн,

кыргыздар өз жерин «алтын бешик» деп аташат.

Page 175: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

175

Орусиянын курамына киргенден кийин башка Борбор Азия

мамлекеттерине караганда кыргыздар саясий, экономикалык жана моралдык

жактан бир кыйла азап-тозокторду өткөрүшкөн. 1850-жылдары орус

падышасы Орусиядан ооп келген орус жана украин келгиндерине

кыргыздардын миллиондогон гектар жерлерин күчкө салып, тартып берген.

1916-жылы 1-дүйнөлүк согушка катышкан Орусиянын башына оорчулук

түшкөндө, орус падышасы Орусиянын пайдасына күрөш жүргүзүү

максатында бадык көчмөндөрдү аскер кызматына зомбулук жолу менен

тартуу тууралуу буйрук чыгарат. Европалык державалар ортосундагы

согушка эч тиешеси жок болгондуктан, буйрукка моюн бербей, орус

бийлигине каршы чыккан көчмөндөр орус казактарынын атчан армиясы

тарабынан талкаланган. 1916-жыл кыргыз тарыхында эң кандуу жыл болуп,

чоң кыргындан соң ачкачылык күч алып, жүз миңдеген кыргыздар Кытайга

качып, алардын басымдуу көп бөлүгү бул дүйнө менен кош айтышкан. Ошол

себептен, Кремлдин таасиринен сүрдөп турган расмий кыргыз бийлигинен

айырмаланып, 2014-жылы Украинада болуп өткөн АКШ менен Орусиянын

тирешүүсүнөн жаралган кризиске карата карапайым кыргыздардын арасында

АКШга гана эмес, Орусияга да карата шек саноо менен мамиле кылгандар

арбын.

Орусия менен 150 жылдан ашуун мезгил бою жалпы тарыхка ээ

кыргыздар заманбап Орусия Федерациясы таасир берүүнүн өзүнө гана

таандык рычагдары бар экендигин мыкты түшүнүшөт. «Геосаясый көз

карашта «Манастагы» авиабазанын жабылышы Кыргызстандын тышкы

саясатындагы «мультивекторлуу» дооррдун бүтүшүн туюнтуп, өлкөнүн

коопсуздугу үчүн Орусиянын үстөмдүгүн бекемдейт», - дейт Борбор Азия

боюнча америкалык эксперт, Барнард Колледжинин профессору Александр

Кули. Ошол себептен, Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү тууралуу

макулдашууга кол коюу бүгүнкү күндөгү президент Алмазбек Атамбаев үчүн

чоң сыноо болгонун анын төмөнкү сөздөрүнөн байкоого болот: «Биздин

кызыкчылыктар менен биз сураган шарттар эске алынган учурда гана биз

Page 176: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

176

Евразиялык экономикалык жамааттын Бажы биримдигине киребиз. Бирок,

союз экономикалык маанайдагы гана союз болуп, биздин суверенитетти

сактоого, биздин өлкөнүн экономикалык жактан өнүгүүсүнө көмөк берүүгө,

биздин чек араларды ачык бойдон калтырууга тийиш». Украинадагы

проблемалар тууралуу айтуу менен А. Атамбаев бул өлкөдө болуп жаткан

кризиске Орусия да, Еврошериктештик да, Украинанын өзү да күнөөлүү деп

билдирип, Крымга карата Орусия тараптан болгон аннексия (бир өлкөнүн

аймагын өзүм билемдикке салып экинчи өлкөгө кошуп алуу) маселеси анын

өкүндүргөнүн айткан.

Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (ВТО) мүчө болгондугуна карабастан,

Кыргызстан киреше алып келген бир нече активдерге ээ. Мунай менен газдан

түшкөн кирешелер калктын ар бир башына 12,450 АКШ доллары

өлчөмүндөгү ички дүң продуктысын (ВВП) берген Казакстандан

айырмаланып, Кыргызстандагы ар бир кишиге эсептелген ВВП болгону эле

1,320 АКШ долларын түзөт. Жалпы жонунан, Кыргызстандын экономикасы

өлкөнүн аймагы боюнча өткөн мунай жана газ түтүктөрү үчүн Кытай

мамлекети төлөгөн арендалык төлөмдөргө негизделген. Америкалык аскерий

база өлкөнүн экономикасына арендалык төлөм түрүндө 63 миллион АКШ

долларын алып келген. 2014-жылдын июль айында америкалык база өлкөдөн

чыгарылып, АКШ Кыргызстанга андан аркы колдоо же компенсация

түрүндөгү каражаттарды сунуш кылган эмес. Баарыбызга белгилүү

болгондой, Орусия Кыргызстанга америкалык авиабазаны жаап салууну

мажбурлуу таңуулап, анын ордуна расмий Москва Кыргызстанга 1,1

миллиард АКШ доллары өлчөмүндөгү аскерий жардам берүүнү жана 300

миллион АКШ доллары түрүндөгү Кыргызстандын Орусия алдындагы

карызын кечүүнү убада кылган. Кыргызстан мындай макулдашуунун өз

мойнуна жүктөлгөн бөлүгүн аткарса да, Орусия убада кылган акчалар

өлкөнүн казынасына бүгүнкү күнгө чейин түшө элек.

«Кыргызстандын мамлекеттик бюджети «Манастагы» авиабазаны

жапкандан чоң зыян тартат, анткени, андан түшкөн киреше пенсияларды

Page 177: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

177

жана мамлекеттик кызматкерлердин айлык акыларын төлөө үчүн

пайдаланылчу, ошондой базада жүздөгөн кыргыз жарандары иштөөчү», -

дейт америкалык профессор Александр Кули212.

Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан колдоого алынган Кыргызстандагы

ашыкча электр энергиясын Афганистан менен Пакистанга экспорттоо планы

постсоветтик Борбор Азия чөлкөмүндөгү коопсуздуктан көз каранды. Кум-

Төрдөгү алтынды казган канадалык компания кыргыз мамлекетине жыл

сайын болжол менен 150 миллион АКШ доллары түрүндөгү кирешени берет.

Бирок, Кыргызстандын аймагындагы потенциалдуу металлдар менен

пайдалуу кендер өлкөнүн деңизге чыгуу жолу болбогондуктан жана

транспорт проблемаларынан улам азырынча казылып алынбай жана

иштетилбей жатат.

Заманбап Кыргызстандын экономикасына зор кирешелерди алып

келген ири булак болуп Орусияда, Казакстанда жана Персид булуңунда

иштеген бир миллионго жакын кыргыз, башкача айтканда, республиканын

калкынын алтыдан бир бөлүгү саналат. Бүткүл дүйнөлүк банктын

маалыматтары боюнча 2012-жылы алар тарабынан үйүнө жөнөтүлгөн акча

которуулары өлкөнүн ички дүң продуктысынын (ВВП) 31%ын түзүп,

калктын жашоо-тиричилик сапатын жакшыртууга олуттуу көмөк берген.

Ошол эле учурда экономиканын дагы бир эң ири булагы болуп

Бишкектин жанында жайгашкан «Дордой» жана Оштун чеке-белинде

жайгашкан «Кара-Суу» базарлары саналат. Узун-туурасы бир нече

километрлерге созулган бул базарларда 100 миңден ашуун адамдар

эмгектенген көп сандаган дүкөндөр, күркөлөр жана сактоочу жайлар орун

алган. Кыргызстандын либералдык салык режимине байланыштуу бул

базарларга Кытай менен Түркиядан эл керектеген товарлар пошлинасыз

келчү. Өз өлкөлөрүндөгү бааларга караганда бир кыйла арзан баадагы

товарларды сатып алуу үчүн бул Кыргызстандын базарларына Борбор

Азиянын башка мамлекеттеринен, Кавказдан жана Орусиядан дүкөн ээлери

менен бизнесмендер келишчү. Кыргызстандын Бажы созуна кирүүсү менен

Page 178: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

178

бул базарлар Москва тарабынан орнотулган пошлиналар менен салыктарды

төлөөгө тийиш болгондуктан, алардын жабылып калышы өтө олуттуу

экономикалык кризис менен коштолууда. Орусиянын, Казакстандын жана

Белоруссиянын башын бириктирген Бажы биримдиги Украина менен Батыш

өлкөлөрүнө өздөрүндө Еврошериктештикке реалдуу альтернатива бар

экендигин көрсөтүү максатында Кыргызстан менен Тажикистанды өз

курамына киргизүү ниети уламдан улам актуалдашып бара жатат.

Америкалык авиабазанын өлкөдөн чыгышы менен байланышкан

коопсуздук маселеси президент А. Атамбаевди да ойлонткон көйгөйгө

айланган. Кыргызстан чек араларын чыңдап, армиясын реформалап, коңшу

мамлекеттерге чек ара маселесин чечүүгө жардам берип жатса да,

Афганистанда активдүү калыптанып жаткан ар кыл маанайдагы исламдык

экстремисттик топторду, айрыкча, кыргыз жаштарын өз катарына үндөп

жаткан «Өзбекстандын Ислам Кыймылын» (ИДУ) эске алсак, 15 миң

аскерден жана 15 миңге жакын чек арачысынан турган кенедей армияга ээ

Кыргызстандагы коопсуздук маселеси чындыгында эле өтө олуттуу мүнөзгө

ээ проблема болуп саналат.

Ош аймагындагы атка минерлер ИДУ Фергана өрөөнүнө кирип,

жергиликтүү жаштарды өздөрүнө активдүү тартууда деп айтуудан

тажашпайт. Мындай топтор түндүк Афганистанда өз базасын түздү деген

маалыматтар бар. Качандыр бир кезде Кыргыз Республикасынын тышкы

иштер министри М. Иманалиев адилет белгилегендей, «Биздин

проблемаларыбыздын элүү пайызы Пакистандагы эч бир тескөөгө алынбаган

көтөрүшчүл топтор менен байланышкандыктан», кыргыз чиновниктери

америкалыктар Афганистандан кетээр замат өлкөнүн түштүк чек араларында

ислам куралчандарынын аракети таасын күчөөрүнөн олуттуу түрдө

чочулашат.

Мамилелерге байланышкан корутундулар:

1. Кыргыз коомчулугунда чуулгандуу талаштарды жараткан

ХИПИК Программасы (HIPC - Heavily Indebted Poor Countries Initiative)

Page 179: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

179

бийик деңгээлде карызга баткан жакыр мамлекеттерге алган карызын ар

тараптан кыскартууну сунуш кылган жападан жалгыз эл аралык

макулдашылган негиз болуп саналат. Программага катышуу насыя берген

өлкө үчүн да, насыя алган өлкө үчүн да ыктыярдуу негизде жүрөт.

Кредиторлор насыя алган өлкөгө ХИПИК программасы тарабынан

орнотулган босого көрсөткүчтөрүнө чейинки тышкы карыздын наркын

төмөндөтүү милдеттемесин өз мойнуна алат.

2. Бүгүнкү күндө Кыргызстан 1) Бажы биримдигине кирээр замат

эле жаралуучу орустардын чеңгээли, 2) америкалыктар Афганистандан

кетээр замат Өзбекистан менен Тажикистандагы саясий режимдин

өзгөрүүсүнүн натыйжасында болуп кетүүчү баш-аламандыктар жана 3)

мурдагы Советтер Союзунун бардык мамлекеттерине кетүүчү

демографиялык экспанция булактары менен энергетикалык түтүктөрү

Кыргызстан аркылуу кеткен Кытай мамлекетинин күчтүү таасири сыяктуу

потенциалдуу коркунучтардын блокадасында калган учуру.

3. Кыргызстандын АКШ менен кызматташуусунун көп түрдүүлүгүнө жана

интенсивдүүлүгүнө карабастан, андагы талуу маселе болуп Кыргызстанга

тике инвестицияларды тартуу эсептелет. 2001-жылдын ортосунда

республикага тартылган америкалык тике инвестициялардын көлөмү

болгону 10 млн АКШ долларын түзгөн. Республикада 50 америкалык

компания жана фирма каттоодон өтсө да, алардын көпчүлүгү

дистрибьютордук ишмердүүлүк жүргүзүп, далдалчылык кызматтарын

көрсөтөт, же консультацияларды берет.

§ 3. 2 Эки тараптуу жана эл аралык уюмдар аркылуу жургузулгон көп тараптуу кызматташтыктар

Эл аралык системанын маанилүү элементтери катары аты аталган эл

аралык уюмдар бүткүл дүйнө менен активдүү алакада болуп турат. XX

кылымдын экинчи жарымындагы «кансыз согуш» жана ХХ кылымдын

Page 180: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

180

аягындагы СССР кулаган жылдары аталган уюмдардын ролу кескин

өскөндүктөн, аналитиктер ХХ кылымды «эл аралык уюмдардын жүз

жылдыгы» деген атка кондурушкан. Мындай жагдай ХХ кылымдын экинчи

жарымында коомдук аң-сезимде эл аралык дипломатия, экономикалык жана

социалдык интеграция, эл аралык администрациянын калыптанышы,

кооперативдик жана глобалдык коопсуздук деген категориялардын

үстөмдүгү менен шартталган213.

Катышуучуларынын мүнөзү боюнча эл аралык уюмдар универсалдуу

(мисалы, БУУ) жана регионалдык (мисалы, ШКУ-ШОС, АМГ-ЛАГ, ОЭС

ж.б.) болуп бөлүнүшөт. Алардын ичинен эң таасирдүүсү болуп мамлекеттер

ортосундагы эл аралык уюмдар саналышат.

Эл аралык уюмдарга төмөнкүдөй жалпы белгилер мүнөздүү:

алар тарабынан аткарылган функциялар туруктуу негизде ишке

ашырылат;

бул уюмдарга мүчө болуу ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт;

бул уюмдар эл аралык укук субъекттүүлүгүнө (укуктар менен

милдеттерге ээ болуу, же аларды өздүк аракети менен өзүнө ээ кылуу

жөндөмдүүлүгүнө) ээ;

бул уюмдарда администрациянын жумушу үчүн жооп берген

жана маалыматтык камсыздоону ишке ашырган туруктуу жумушчу

органдары иштейт214.

Дүйнөдөгү алдыңкы делген аналитиктер эл аралык уюмдардын ар кыл

классификациясын сунуш кылышат. Заманбап шарттарда алардын

төмөнкүдөй түрлөрүн айырмалоо максатка ылайык:

ишмердүүлүгү дүйнөдөгү бардык мамлекеттердин

кызыкчылыктарын чагылдырган мамлекеттер ортосундагы эл аралык

уюмдар. Аларга, ири алдыда, БУУ, анын соода жана өнүгүү боюнча БУУнун

Конференциясы (ЮНКТАД), Эл аралык валюта фонду реконструкция жана

өнүгүүнүн Эл аралык банкы (МБРР), ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк соода

уюму (ВТО) сыяктуу адистешкен мекемелери кирет;

Page 181: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

181

мамлекеттер ортосундагы регионалдык жана региондор аралык

уюмдар. Мындай уюмдарга мисал болуп реконструкция жана өнүгүүнүн

Европалык банкы (ЕБРР), ошондой эле экономикалык кызматташтык менен

өнүгүүнүн Уюму (Организация экономического сотрудничества и развития -

ОЭСР) эсептелет;

дүйнөлүк рыноктун айрым бөлүктөрүндө иш жүргүзгөн эл

аралык экономикалык уюмдар. Мындай уюмдарга мунай эспорттогон

өлкөлөрдүн Уюмун (Организация стран-экспортеров нефти - ОПЕК, 1960-

жыл), коргошун боюнча Эл аралык макулдашуу (1956-жыл), текстиль

товарлары боюнча Эл аралык макулдашуу (МСТТ, 1974-жыл) сыяктуу

уюмдарды киргизишет;

«сегиздик» тибиндеги (АКШ, Япония, Канада, Германия,

Франция, Улуу Британия, Италия жана Орусия) жарым-жартылай расмий

бирикмени элестеткен эл аралык экономикалык уюмдар. Булардын катарына

кредитор өлкөлөрүнүн Париж клубун (мамлекеттер ортосундагы деңгээлде)

жана Лондон клубун (банкттар ортосундагы деңгээлде) киргизүүгө болот;

ар кыл соода-экономикалык, валюталык-финансылык жана

кредиттик, тармактык жана адистешкен экономикалык жана илимий-

техникалык уюмдар.

Эл аралык мамилелердин заманбап системасы мамлекеттер, эл аралык

уюмдар жана жарандык коомдор сыяктуу негизги субъекттерден куралган.

Дүйнө боюнча дипломатиялык өкүлчүлүктөрү кеңири жайылган АКШ

мамлекети эл аралык мамилелерде өтө маанилүү ролду ойнойт. АКШ

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ; Организация Объединённых Наций –

ООН) менен Түндүк атлантикалык альянстын (НАТО) мүчө-негиздөөчүсү

жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин мүчөсү болуп саналат.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) жарым кылым мурда өлкөлөрдүн

ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү аркылуу тынчтыкты жана эл

аралык коопсуздукту колдоо максатында түзүлгөн. Жогоруда айтылгандай,

АКШ БУУнун негиздөөчүсү жана туруктуу мүчөсү болуп эсептелет. Экинчи

Page 182: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

182

дүйнөлүк согуштан кийин ар кыл жагдайлардын таасири астында

жогорудагыдай экономикалык жана саясий маанайдагы аруу жана асыл

ниетти көздөгөн максат бир катар трансформацияларга дуушарланып кеткен.

Бүгүнкү күндө БУУнун мүчөсү болуп 190 өлкө, башкача айтканда,

дүйнөнүн дээрлик баардык мамлекеттери саналышат.

Уставына ылайык, БУУ төмөнкүдөй төрт максатты көздөйт:

1. эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо;

2. улуттар ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүү;

3. эл аралык кызматташтыкты эл аралык проблемаларды чечүүдө

ишке ашыруу;

4. адам укуктарын сыйлоо; мындай жалпы максаттарга жетүүдөгү

улуттардын биргелешкен аракетинде борбордун ролун аткаруу215.

Кыргызстан 02- март 1992 жылы БУУга мучо болуп кирген. 2011-жылдын

15-сентябрында БУУнун Генералдык ассамблеясынын кезектеги сессиясы

ачылганга байланыштуу АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы

Эстер Бриммер айым «АКШнын БУУдагы иштерге катышуусу биздин

улуттук коопсуздугубузду бекемдеп, америкалык өзөктүү баалуулуктарды

алга жылдырат жана 21-кылымдын экономикасы көз каранды болгон

глобалдык институттар менен инфраструктураны колдойт», - деп билдирген.

Ошондой эле Э. Бриммер айым АКШ өзүнүн БУУдагы лидерлик ролунан

«баш тартууга тийиш эмес жана баш тартпайт» жана Вашингтондогу

бийликтин аткаруу бутагы БУУ системасынын бюджетиндеги «АКШнын

взносторун кармап калуу керек деп кайрадан көтөрүлө баштаган реакциялуу

чакырыктарга» көңүл бурбаарын төмөкүчө чагылдырган: «Узак мезгилдер

бою кааласа аларды төлөп, кандайдыр бир себептүү шарттарда аларды

кармап калып, АКШ өз взностору менен өзү каалагандай ойноп келген. Бул

АКШнын репутациясына доо кетирип, БУУдагы тигил, же бул максаттарга

жетүүдөгү биздин жөндөмдүүлүктөргө зыянын тийгизген»216.

Айтылгандардан улам, 2011-жылдын 13-октябрында АКШнын Конгрессинин

өкүлдөр Палатасынын эл аралык иштер боюнча Комитети Палестинаны

Page 183: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

183

мамлекет катары таануу маселесине байланыштуу БУУнун ишине АКШ

тараптан келген каржыны кыскартуу аркылуу гана таасир эте алаарын

түшүнүү менен Вашингтондун БУУну каржылоого катышуусун чектеген

мыйзам долбоорун жактырган. Аталган мыйзам долбоору БУУ каржылоо

ыктыярдуу негизде экендигине басым жасайт. Ошого карабастан, 2010-жылы

АКШ БУУнун жалпы бюджетинин 22 %ын түзгөн суммадагы взносту,

башкача айтканда, 7,7 миллиард АКШ долларын төлөгөн217.

XX кылымдын аягы – XXI кылымдын башында дүйнөнүн жаңы

системасында эл аралык уюмдардын ролунун уламдан улам өсүп бара

жаткандыгын дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү өзүнүн ыйгарым укуктарынын

бир бөлүгүн алар тарабынан түзүлгөн улуттан жогору түзүмдөргө берүүгө

болгон далалатын чагылдырган өнүүгүү парадигмасы аркылуу түшүндүрүүгө

болот. Ааламдашуунун шарттарында бул процесс мыйзам ченемдүү жана

объективдүү мүнөзгө ээ болуу менен дүйнөнүн ар кандай бөлүктөрүндө

жайгашкан мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты өз ара өнүктүрүү

процессин бир кыйла жеңилдетүүдө.

Кыргызстан Орто Азиядагы демократиялык арал аталган имиджинин

негизинде БУУ менен байланыштар да адам укуктары, демократиялык

баалуулуктар багытында алгылыктуу байланыштар тузулгон. Буга мисал

катары 26- ноябрда БУУнун башкы катчысы Кофи Аннандын А. Акаевге

Орто Азиянын Экономикасы учун Атайын Программа (Special Programme for

the Economies of Central Asia- SPECA) тууралуу жазган сунушуна А.

Акаевдин: «Заманбап дуйнодо Кыргызстан стабилдуулуктуу сактоодо озунун

саясий жоопкерчилигин билуу менен бирге региондогу стабилдуулук учун да

кызматташуулардын мааниси чон» тариздеги жазган каттарын айтууга

болот218.

Өзүн Борбор Азиядагы эң демократиялуу өлкө катары көрсөтө алган

Кыргызстанга АКШ тарабынан берилген техникалык жардам АКШнын эл

аралык өнүгүү боюнча Агентствосу (ЮСАИД) тарабынан жүргүзүлө

баштаган. Айтсак, 1994-1999-жылдары бул жардамдын көлөмү 170 млн АКШ

Page 184: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

184

долларын түзгөн219. Аталган линиядагы программанын чегинде 1990-

жылдары Кыргызстанда АКШнын Бишкектеги элчилиги менен тыгыз

алакада иш алып барган 38 америкалык уюмдар менен компаниялар иштей

баштаган. Мындан сырткары, Кыргызстанда америкалык өкмөттүк эмес

уюмдар да активдешип, АКШ постсоветтик Борбор Азия мамлекеттеринин

саясатына Эл аралык валюталык фонду220 аркылуу таасир эте баштаган.

Мындан сырткары, Еврошериктештик жана ишмердүүлүгү «атлантизм»

концепциясына ылайык келген ОБСЕ жана НАТО221 өңдүү өкмөттүк уюмдар

да Кошмо Штаттардын кызыкчылыктарын кыйыр жайылтуу менен алек.

Айтылгандарга байланыштуу заманбап дүйнөдөгү АКШ

мамлекетинин саясаты менен тыгыз байланышкан глобалдык жана

регионалдык деңгээлдердеги эл аралык уюмдардын негизги механизмдери

менен формаларына кеңири токтолуу бир катар кызыгууну жаратат деген

пикирдебиз. Алардын арасында Эл аралык валюта фонду (МВФ) жана

Бүткүл дүйнөлүк банк топтору (группа Всемирного Банка – ВБ) сыяктуу

БУУнун финансы органдары, ВТО, ОЭСР, НАТО жана ОБСЕ сыяктуу эл

аралык уюмдар өзгөчө көңүл бурууну шартташат.

Эл аралык Валюта Фонду (МВФ) БУУнун адистештирилген

мекемеси болуп саналган алдыңкы эл аралык финансылык-кредиттик уюм

болуп эсептелетет. Фонд 1944-жылы Бреттон-Вудс шаарында негизделип,

1946-жылдан тарта өз ишмердигин жүргүзө баштаган. Анын азыркы

жайгашкан жери – АКШнын борбору Вашингтон шаары. МВФге дүйнөнүн

182 өлкөсү, алардын ичинде, постсоветтик мамлекеттер кирет. МВФтин

ресурстары фонддун мүчөсү болуп саналган өлкөлөрдүн взносторунун

негизинде калыптанат. 1998-жылы фонддун жалпы бюджети 210 млрд. АКШ

долларын түзгөн222.

Бул уюм постсоветтик Борбор Азия өлкөлөрүндөгү экономикалык

процесстерге финансылык турукташтыруу (стабилизация) программаларын

ишке ашыруу аркылуу таасир этет. Өз ишмердүүлүгүндө МВФ ага мүчө

болуп кирген өлкөлөр аталган фонд жүргүзгөн кандайдыр бир экономикалык

Page 185: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

185

саясатты жүргүзүү милдетин алган шартта гана бул фонддон кредиттерди ала

алат деген принципке таянат. Эреже катары, мындай шарттарга МВФ

бюджеттик таңсыктыкты кыскартууну, акча массаларынын өсүү темптерин

төмөндөтүүну жана пайыздык үстөктөрдү инфляциянын деңгээлинен жогору

коюуну киргизет.

Бүткүл дүйнөлүк банк тобу (группа Всемирного банка - ВБ) жалпы

максаты өнүккөн өлкөлөр өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө финансылык

жардам берүү саналып, өз ара тыгыз байланыштуу беш институттан турган

БУУнун адистешкен мекемелерине кирет. Айтсак, 2000-жылы Бүткүл

дүйнөлүк банк тобу тарабынан дүйнөнүн 7 өлкөсүнүн, алардын ичинде,

КМШдан чыккан жалгыз өлкө болуп саналган Кыргыз Республикасынын

экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө көмөк берүүнү көздөгөн

пилоттук долбоорду ишке ашырууга киришкен. Бул программа 10 жылга

эсептелип, аталган өлкөлөрдөгү экономикалык жана социалдык

стандарттарды дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндөгү аналогиялуу

көрсөткүчтөргө жакындаштырууну максат кылган.

Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (ВТО) башкы максаты болуп

басымдуу түрдө импорттук пошлиналарды акырындык менен кыскартуу

менен коштолгон тарифтик методдор, ошондой эле товарлар менен кызмат

көрсөтүүлөрдү эл аралык айырбаштоодо ар кыл тарифтик эмес бөгөттөрдү,

сандык чектөөлөрдү жана башка тоскоолдуктарды жок кылуу аркылуу

дүйнөлүк сооданы либерализациялоо эсептелет.

ВТОнун ишмердигинин негизги принциптери болуп төмөнкүлөр

эсептелет:

соодага дискриминацияланбаган негизде максималдуу жагымдуу

болуп саналган режимди берүү;

чет жерде өндүрүлгөн товарлар менен кызмат көрсөтүүлөргө өз

ара улуттук режимди берүү;

сооданы басымдуу түрдө тарифтик методдор аркылуу жөнгө

салуу;

Page 186: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

186

сандык чектөөлөрдү пайдалануудан баш тартуу;

соода саясатынын ачыктыгы;

соода талаш-тартыштарын консультацияларды жана

сүйлөшүүлөрдү өткөрүү жолу менен чечүү.

ВТОнун өнүгүшүндө сакталып калган динамизм жана бул уюмга

катышуунун жагымдуулугу анын курамына уламдан улам жаңы

катышуучулардын киришинен улам анын кеңейүү процессинен улам

байкалат. Айтсак, 1998-жылы мурдагы СССР өлкөлөрүнүн ичинен ВТОго

мүчө болуп Кыргызстан жана Латвия кирген223.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча Уюм

(ОБСЕ) европалык коопсуздуктун архитектурасынын өтө маанилүү

элементтеринин бири болуп эсептелет. ОБСЕнин мааниси, ири алдыда, өз

кучагына Еврошериктештик менен НАТОго кирбеген Орусияны, КМШ

өлкөлөрүн, Борбордук жана Чыгыш Европанын, Батыш Европа

мамлекеттерин, ошондой эле АКШ менен Канаданы камтыган кооперативдик

коопсуздуктун жалпы европалык системасын түзүүгө болгон жападан жалгыз

уюм экендиги менен аныкталат. Катышуучуларынын жогоруда аталган

курамы ОБСЕ уюмуна кескин байкалган евроатлантикалык мүнөз ыйгарат.

ХХ кылымдын 90-жылдарынын башында ОБСЕ мурда ырааттуу

отурумдарды өткөрүп турган норма чыгаруучу органдан тынчтык жаратуучу

фукнцияга чейинки бир катар ыкчам функцияларды аткарууга далалат

кылган уюмга трансформациялоонун натыйжасында институционализация

процессине терең дуушарлана баштаган. Аталган уюмдун мындай өнүгүү

жолундагы маанилүү этап болуп ОБСЕ уюмунун катышуучулары болуп

саналган мамлекеттер менен өкмөттөрдүн башчыларынын 1990-жылдын 19-

21-ноябрында Парижде өткөн атайы жолугушуусу эсептелет. Бул

жолугушууда ОБСЕ уюмун институционализациялоо боюнча төмөнкүдөй

бир катар маанилүү чечимдер кабыл алынган: тышкы иштер

Министрлеринин Кеңеши; жогорку кызматты ээлеген жетекчилердин

Комитети; Секретариат (Прагада), жаңжалдарды алдын алуу боюнча Борбор

Page 187: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

187

(Варшавада), ошондой эле, ОБСЕ уюмунун Парламенттик ассамблеясы

сыяктуу органдар түзүлгөн. Ошентип, бул жолугушуунун учурунда ОБСЕ

уюмунун чегинде жаңжалдарды алдын алуу менен байланышкан

милдеттерди чечүүгө жөндөмдүү түзүмдөрдү куруу үчүн зарыл болуп

саналган шарттарга негиз салынган.

Ошол эле учурда ОБСЕ уюму айрым олуттуу проблемаларды чечүүгө

даяр эмес экендиги дал ошол жылдары Балкан жарым аралында башталган

кризистин жүрүшүндө ачык байкалган. Бирок, 1991-1992-жылдары Москва

менен Хельсинкиде өткөн жолугушуулар көрсөткөндөй, Балканда байкалган

ийгиликсиз иш-чара ОБСЕ уюмун кадыресе саясий форумдан аскерий-саясий

туруктуулукту колдогон жана кызматташтыкты өнүктүргөн уюмга

айландырууга тоскоол болгон эмес. ОБСЕге кирген мамлекеттер менен

өкмөттөрдүн башчыларынын 1992-жылдын 9-10-июлунда Хельсинкиде

өткөн жолугушуусу европалык коопсуздуктун жаңы архитектурасынын

концепциясын андан ары өнүктүрүү ишиндеги жаңы бурулушка жол ачып,

алгачкы жолу ОБСЕ «регионалдык уюм» статусуна татыган224.

Ошентип, ОБСЕ жаңжалдарды алдын алууга, кризистерди башкарууга

жана постконфликттик кайра жандануу ишине карата ыкчам потенциалга ээ

толук кандуу эл аралык уюмга айланган.

ХХI кылымдын башындагы глобалдык чакырыктар менен

коркунучтарды жоюу боюнча ОБСЕ тарабынан өткөрүлгөн маанилүү иш-

чаралар катары 2001-жылдын декабрь айында Бишкек шаарында өтүп, эл

аралык терроризм менен күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк концепциясын иштеп

чыгууда өзгөчө орунду ээлеген саммиттерди баса белгилөө абзел. 2001-

жылдын 13-14-декабрында өткөн Бишкек конференциясынын жүрүшүндө

кабыл алынган аракет Планы антитеррористтик мүнөз күтүп, ал ОБСЕ

уюмуна катышкан бардык өлкөлөрүнө өз ара маалымат алмашууну жана

мыйзамсыз курал-жарак сатуу менен күрөшүүнү сунуштаган, чек ара

тескөөсү, уюшулган кылмыштуулук жана наркотиктерди мыйзамсыз сатуу

Page 188: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

188

менен байланышкан маселелерде Борбор Азия мамлекеттеринин

мүмкүндүктөрүн бекемдөө үчүн атайы иш-чараларды караган.

Ошентип, жаңы кылымдын башында ОБСЕ уюмунун ишмердүүлүгү

Европа континентинентинин чегинен чыгып, глобалдык деңгээлдеги

коопсуздукту камсыз кылуу боюнча бир кыйла позитивдүү мүнөзгө ээ боло

баштаган.

Түндүк атлантикалык Келишимдин Уюму (НАТО) 1949-жылдын 4-

апрелинде Европанын 10 мамлекети, АКШ жана Канаданын өкүлдөрү

тарабынан аскерий-саясий альянс катары түзүлгөн225. 1991-жылга чейин

альянс алгач ФРГ (1955), андан соң ГДР кошулуп, бүтүндөй Германияны

(1990), Испанияны (1982), Грецияны (1952) жана Түркияны (1952) кошуп

эсептегенде, 15 мүчөгө чейин кеңейген. Алгач НАТО Батыш Европага карата

потенциалдуу мүнөздөгү советтик агрессияны алдын алуу максатын

көздөгөн. 1955-жылы НАТОго теңирден тескери аналогия болуп саналып,

Советтер Союзунун жетекчилиги астында Варшава келишиминин Уюму

түзүлгөн да, Европа 30 жылга созулган мезгил аралыгында бири бирине

карама каршы келген 2 тарапка бөлүнүп калган.

НАТОнун Уставы берилген келишимдин каалагандай катышуучусуна

каршы багытталган агрессия альянска кирген бардык өлкөлөргө каршы

багытталган агрессияга тең маанилеш деп так кесе белгилеген. Ошол эле

учурда, айта кетчү жагдай, өз кезегинде, британдык-аргентиналык жаңжалда

АКШ өзүн бейтарап өлкө деп жарыялаганы менен Аргентинага каршы тике

чыкпаса да, Улуу Британияга олуттуу колдоо көрсөткөн.

1991-жылы Варшава келишими ыдырап, «кансыз согуш» расмий

түрдө аяктады деп жарыяланган. Ошентип, НАТОнун түзүлүшүн шарттаган

себеп жок болгон. Ошондой болсо да, 1990-жылы СССРдин макулдугу менен

эми ФРГнын курамына өткөн ГДР да НАТОнун курамына киргизилген.

Ушундан соң советтик жетекчиликке Германиянын аймагына АКШнын

стратегиялык ядролук куралдары эч качан жайгаштырылбайт жана НАТО

Германиядан Чыгышка карай кеңейбейт деген кепилдиктер берилген226.

Page 189: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

189

Кулап бара жаткан Советтер Союзун таштап, эми НАТО өз көңүлүн

Югославияга бура баштайт. 1993-жылы НАТОнун авиациясы Босниядагы

согушка активдүү катышат. 1999-жылдын жаз мезгилинде альянстын

тарыхында алгачкы жолу өтө масштабдуу аскерий операция башталып,

НАТО авиациясы Сербияны 78 күн бою бомбалаган.

1999-жыл НАТОнун тарыхында бурулуш жыл болуп калган. АКШ

1991-жылы СССРдин алгачкы жана акыркы президенти М. С. Горбачевго

НАТОнун экспансиясын Германиядан Чыгышка карай жайылтпайбыз деген

убадасын бузуп, альянстын курамына Венгрияны, Польшаны жана Чехияны

киргизишкен. 2004-жылы НАТОнун курамына Чыгыш Европанын 7

мамлекети, алардын ичинде Эстония, Латвия жана Литва өңдүү мурунку

советтик 3 республика кирген. Дал ушул мезгилде АКШ өзүнүн терроризмге

каршы Согушун жарыялайт да, 2001-жылдын терактты 11- сентябрында

болуп өткөн террактка жооп катары НАТОнун контингенти дароо эле

Афганистанга киргизилген. Бирок, 2003-жылы АКШнын НАТО боюнча

айрым европалык шериктештери Ирак согушуна катышуудан баш тарткан.

Бүгүнкү күндө Европанын 7 мамлекетинин өкмөттөрү, ошондой эле

постсоветтик Грузия НАТОго кирүү максатында атлантисттик тышкы

саясатты ашкере активдүү өткөрүүдө.

Эл аралык уюмдардын программалары боюнча АКШ мамлекети

постсоветтик Кыргызстанда төмөнкүдөй долбоорлорду ишке ашырып келет:

мыйзамсыз миграцияга каршы чөйрөдө АКШ эл аралык

Миграция боюнча Уюм (Международная Организация по Миграции - МОМ)

аркылуу өткөн долбоорлорду, айтсак, жаңы үлгүдөгү паспортторду

даярдоону жана коңшу өлкөлөр менен чектешкен чек араларда заманбап

текшерүү-өткөрүү пункттарын курууну каржылайт;

баңги заттарын мыйзамсыз сактоо жана алып өтүү менен

күрөшүү чөйрөсүндө АКШ мамлекети БУУнун баңги заттар жана

кылмыштуулук боюнча Башкармасы аркылуу баңги заттарды тескөө боюнча

Агентствонун долбоорлорун каржылайт;

Page 190: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

190

социалдык чөйрөдөгү, саламаттыкты сактоодогу, анын ичинде,

СПИДге каршы багытталган көп сандаган долбоорлор Кошмо Штаттар

тарабынан БУУнун түзүмдөрү, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар

аркылуу каржыланат;

билим берүү чөйрөсүндөгү долбоорлор «Сорос Фонду» сыяктуу

Ачык Коом Институту менен бирдикте Борбор Азиядагы америкалык

университет, ошондой эле студенттерди алмашуу, республикалык тестирлөө

жана башка программалар боюнча каржыланат;

калкты кичи кредиттик ресурстар менен каржылоо чөйрөсүндө

АКШнын Өкмөтү тарабынан каржыланган ФИНКА, Компаньон жана башка

уюмдар активдүү иштейт.

Миграция боюнча Эл аралык уюм (МОМ). 2012-жылдын 1-

мартында Еврошериктештиктин каржылык колдоосу астында миграция

боюнча Эл аралык уюм (МОМ) Кыргызстанда «Кыргыз Республикасындагы

профессионалдык-техникалык билим берүүнүн жакшыртылган системасына

карай жолдо» деп аталып, 2013-жылга чейин созулган долбоорду ишке

киргизген. Стратегиялык өнүгүүнүн алдыңкы методдору, өнөктөштүктү

күчөтүү жана калктын эмгектин ички да, тышкы да рыногунда зарыл түрдө

керек болгон адистерди даярдоого жөндөмдүү профессионалдык-техникалык

билим берүүгө кызыгуусун арттыруу аркылуу профессионалдык-техникалык

билим берүү системасын жакшыртууну көздөгөн бул долбоор

Кыргызстандагы профессионалдык-техникалык билим берүүнү жакшыртууга

карата системалуу жобого таянат жана өз кучагына

окутуунун жаңы методологиясын иштеп чыгууну,

окутуунун жаңы форматтары менен методдорун киргизүүнү,

окутуучулардын потенциалын жогорулатууну,

орто окуу жайлардын материалдык-техникалык базасын

(өнөркана-мастерскаялар менен окуу класстарын) кеңейтүүнү,

ошондой эле орто окуу жайларынын директорлору менен

Кыргызстандын профессионалдык-техникалык билим берүү боюнча

Page 191: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

191

Агентствосунун адистери үчүн Еврошериктештиктин бир өлкөсүнө

тажрыйба алмашуу жана таанышуу максатында визитти уюштурууну

камтыйт.

Долбоордун чегинде өлкөнүн чөлкөмдөрүндө профессионалдык-

техникалык билим берүүнү элеттик жаштар үчүн популяризациялоо

максатында маалыматтык кампаниялар да өткөрүлөт. Кыргызстандын

бардык булуң-бурчтарынан болжол менен 100гө чукул жаштар долбоордун

эсебинен ПТУда окуу мүмкүндүгүнө ээ болсо, өзгөчө муктаж жаштар

стипендия да алып, окуй алат. Пландаштырылган мындай ишмердүүлүккө

жалпы жонунан 1,16 млн евро акча каражаты жумшалган227.

БУУнун баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча

Башкармалыгы БУУнун баңги заттарды жайылтуу жана аны менен

байланышкан кылмыштар менен күрөшүүгө адистешкен бөлүмү болуп

саналат. Бул бөлүм өз кучагына БУУнун баңги заттарга эл аралык тескөө

боюнча Программасы менен кылмыштуулукту эл аралык алдын алуу боюнча

Борборду камтып, өзүнө мүчө болгон мамлекеттерге транснационалдык

уюшкан кылмыштуулук, жемкорлук жана терроризм менен байланышкан

коркунучтарга каршы күрөшүүгө, ошондой эле кылмыштуулукту алдын

алууга жана кылмыш-жаза адилеттигин орнотууга олуттуу жардам берет.

Баңги заттар боюнча иштелип чыккан өз программаларынын жардамы

аркасында БУУнун аталган бөлүмү БУУнун баңги заттарды тескөө менен

байланышкан төмөнкүдөй ишмердиктерине жетекчилик кылат:

баңги заттарды өндүрүү жана контрабандалоо менен баңгичилик

проблемасын тереңдештирип жиберген себептердин алдын алат;

өкмөттөргө баңги заттарды тескөө боюнча структуралар менен

стратегияларды түзүү ишине жардам берет;

сөз болуп жаткан чөйрөдөгү келишимдерди аткарууга көмөк

берет жана экспертиза менен маалыматтарды сактоонун дүйнөлүк борбору

катары кызмат кылат.

Page 192: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

192

Баңги заттарын мыйзамсыз алып өтүү жана баңгичилик

Афганистандан Орусияга, андан ары Европа менен Америкага карай кеткен

наркотрафиктин түндүк маршрутун бойлой жаткан Кыргызстан үчүн да

олуттуу проблема болуп саналат. БУУнун баңги заттар жана кылмыштуулук

боюнча Башкармалыгы Кыргызстанда 1994-жылдан бери иштеп, калктын

коопсуздугу менен саламаттыгына кесепет тийгизген маселелерди чечүүгө

жардам берип келет.

Кыргызстанды сөз болуп жаткан проблемаларга каршы күрөшүү үчүн

зарыл болуп саналган билимдер жана мүмкүндүктөр менен камсыз кылуу

максатында БУУнун баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча

Кыргызстандагы Башкармалыгы республиканын берилген көйгөй менен

күрөшкөн потенциалын өстүргөндөн тарта бейтап баңгилерге (пациент-

наркомандарга) атайы арналган медициналык кызматтарды иштеп чыгууга

чейинки демилгелердин кеңири спектрин ишке ашыруу менен алек.

БУУнун баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча Кыргызстандагы

Башкармалыгынын өзөктүү программаларынын бири болуп «Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы баңги заттарын тескөө боюнча

Мамлекеттик кызматынын потенциалын чыңдоо» долбоору эсептелет. Бул

долбоорго ылайык келген келишимге 2011-жылдын 25-апрелинде БУУнун

баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча Башкармалыгынын Аткаруу

директору Юрий Федотовдун Кыргызстанга жасаган жумушчу визитинин

учурунда Бишкек шаарында кол коюлган. Берилген долбоордун мөөнөтү

2011-жылдын апрелинен 2013-жылдын мартына чейин белгиленип, жалпы

бюджети 3 млн. 400 миң АКШ долларын түзгөн. Долбоор Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы баңги заттарын тескөө боюнча

Мамлекеттик кызматынын операциялык, тергөө, аналитикалык жана

материалдык-техникалык потенциалын күчөтүү аркылуу аталган кызматтын

инфраструктурасын чыңдоого арналган.

Мындан сырткары, БУУнун баңги заттар жана кылмыштуулук

боюнча Кыргызстандагы Башкармалыгы тарабынан «Кыргыз

Page 193: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

193

Республикасындагы пенитенциардык системаны реформалоого колдоо» деп

аталган улуттук долбоор да ишке ашырылат. Бул долбоордун максаты болуп

жаза өтөө системасын андан ары жакшыртуу аркылуу республикадагы

укуктун үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөк көрсөтүү эсептелет. Долбоордун

жалпы бюджети 2, 777 млн. еврону түзөт228.

1992-жылдан бери АКШ мамлекетинин Кыргыз Республикасына

берген жалпы жардамынын наркы 1 млрд. АКШ долларынан бир аз көбүрөөк

сумманы түзүп, АКШ Өкмөтүнүн бардык ведомстволору аркылуу Кыргыз

Республикасына жардам программасы катары ассигнацияланган каражаттар

төмөнкүдөй багыттарга жумшалган:

Экономикалык реформалар;

Адилет башкаруу жана демократизация (укуктук нормалар жана

адам укуктары, ак ниет башкаруу, жарандык коом жана башкалар);

Тынчтык жана коопсуздук;

Гуманитардык жардам;

Адамдарга инвестиция кылуу (саламаттыкты сактоо жана билим

берүү).

2004-жылдан тартып АКШ Өкмөтүнүн чет өлкөлөргө жардам

берүүсүнүн «Миң жылдыктын чакырыктары Фонду» («Фонд вызовов

тысячелетия») деп аталган жаңы программасы иштей баштаган. Бул

программада АКШнын Администрациясынын чет өлкөлөргө жардам

берүүсүнүн маселесине карата жаңы жоболору аныкталып, чет өлкөгө

берилүүчү жардам багыт алган аймак АКШнын тышкы саясатында кандай

орун алгандыгына карата терең анализ жүргүзүлөт. АКШ Өкмөтүнүн бул

жардамы кайтарымсыз берилет жана экономиканын реалдуу секторуна

багытталат. Грант түрүндөгү жардам алуу ниетин билдирген талапкерлер

төмөнкүдөй критерийлердин негизинде өтө катуу тартип менен тандалып

алынат:

адам укуктарын коргоо;

саясий жана экономикалык реформаларды өнүктүрүү;

Page 194: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

194

жемкорлук менен күрөшүү;

өлкөдө башка демократиялык принциптерди чыңдоо.

2007-жылдын август айында Кыргызстан босогодо турган талапкер

өлкө (пороговая страна) катары грант алуучулардын катарына кирген жана

2008-жылы Кыргызстанга укук коргоо жана сот системасын реформалоого

багытталган 16 млн. АКШ доллары бөлүнүп берилген. Ал эми кыргыз

өкмөтүндө ар кандай объективдүү жана субъективдүү себептерден улам

экономиканын конкреттүү секторуна бөлүнгөн негизги сумма менен

байланышкан маселеге эч ким көңүл бурбагандыктан, же көңүл бурууга

азырынча шарт болбогондуктан улам, бул сумма бүгүнкү күнгө чейин

табышмак бойдон калууда.

Акыркы жылдары жогоруда аты аталган жаңы программанын чегинде

АКШ мамлекети Грузияга инфраструктураларды калыбына келтирүү жана

бизнести өнүктүрүү үчүн 395 млн. АКШ долларын, Арменияга жолдор менен

ирригациялык курулуштарды калыбына келтирүү үчүн 236 млн. АКШ

долларын, Молдовага ирригациялык курулуштар менен жолдорду калыбына

келтирүү, агрардык сектордогу долбоорлорду каржылоо үчүн 262 млн. АКШ

долларын, босогодо турган өлкө болуп саналган Украинага 44 млн. АКШ

долларын бөлүп берген229.

FINCA International уюму (Foundation for International Community

Assistance) кыргыз тилине эл аралык жамаатка жардам берүү Фонду. ФИНКА

Интернешнл коммерциялык эмес кичи кредиттик компаниясы 1984-жылы

америкалык экономист Джоном Хэтч (John Hatch) тарабынан Латын

Америкасында (Боливияда) негизделип, 1985-жылдан тарта өз ишмердигин

жүргүзө баштаган.

Айрым учурларда ФИНКА Интернешнл уюмун «Жакырлар үчүн

Бүткүл дүйнөлүк банк» жана «планетадагы жакырчылыктан арылтуучу

вакцина» деп атап коюшат. ФИНКА Интернешнл уюмунун иштөө

принциптери топтук кредиттөө идеясына негизделген, башкача айтканда,

Page 195: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

195

кирешеси өтө төмөн адамдар залогсуз жана төмөн пайыздагы үстөккө ээ

насыя алып, өз бизнесин баштай алышат.

Бүгүнкү күндө FINCA International уюму Латын Америкасында,

Борбордук Америкада, Африкада, Чыгыш Европада, Кавказда жана Борбор

Азияда орун алган дүйнөнүн 21 мамлекетинде иштеп, 800 миңден ашуун

адамды тейлейт. FINCA уюмунун башкы офиси Вашингтон шаарында,

Колумбия округунда жайгашкан. Grameen Bank жана Accion International

уюмдарын кошуп эсептебегенде, ФИНКА дүйнөдөгү эң таасирлүү

микрофинансылык уюм болуп саналат230.

1995-жылы Кыргызстанда өз бизнесин баштоо, жумушчу орундарын

түзүү, активдерин өстүрүү жана жашоо-тиричилик деңгээлин көтөрүү

максатында кирешеси өтө төмөн ишкерлерге финансылык кызматтарды

көрсөтүү ниетинде FINCA өз ишмердигин баштаган. Алгачкы кредиттик топ

Чүй областынын Токмок шаарында түзүлгөн. 2003-жылы Кыргызстандын

жаңы микрофинансылык мыйзамынын чегинде FINCA уюму

«Микрокредиттик «ФИНКА» компаниясы» деп аталган жабык акционердик

коом (ЖАК) деген аталышка ээ болгон.

2013-жылдын ноябрь айынын аягындагы маалымат боюнча «МКК»

«ФИНКА» ЖАКнун клиенттери болуп 126 453 активдүү клиент эсептелип,

кредиттик портфель 5,5 млрд сомду түзгөн. Он жыл бою кредиттик

портфелдин кайтарымдуулугу 99%дан жогору болуп келет. Мындан

сырткары, FINCA Кыргызстандагы ири жумуш берүүчү компания болуп

эсептелет. Айтсак, компаниянын өлкөбүздөгү 26 филиалында бүгүнкү күндө

1 400дөн ашуун кызматкер эмгектенет. Азыркы учурда FINCA ЖАКу

тарабынан республиканын бардык областтарында, райондорунда жана айыл-

кыштагында жайгашкан кызмат көрсөтүүнүн 100 пунктунда кичи жана орто

бизнес үчүн кредиттер берилип турат.

Бул компания клиенттер үчүн пайыздык үстөктөрдү төмөндөтүү

программасын ишке биринчилерден болуп киргизген. 2012-жылы эле

үстөктөр 7%га төмөндөгөн. Компания өз клиенттери үчүн пайыздык

Page 196: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

196

үстөктөрдү мындан ары да төмөндөтө берүү ниетин билдирип келет. Бул

планда операциялык процесстердин эффективдүүлүгүн жогорулатуу боюнча

иштер жүргүзүлүүдө.

«МКК» «ФИНКА» ЖАКу 2005- жана 2010-жылдары Кыргызстанда

болуп өткөн саясий окуялардан жапа чеккен өз клиенттерине да бир катар

жардамдарды берген. Айтсак, 2010-жылдын июнь айында 2 497 адам үчүн

алардын кредиттик милдеттемелерине жеңилдиктерди берген шарттар

түзүлгөн. 2011-жылы компания форс-мажордук кырдаалдардын айынан 83

клиентке жеңилдиктерди берген. 2012-жылы 318 кредит

реструктуризацияланган. Алардын басымдуу көпчүлүгү, башкача айтканда,

237 кредит Алай районунун жашоочулары тарабынан алынган. Узакка

созулган, катаал мүнөздүү кыш мезгили жана малдын жутка учурашы

берилген насыялардын шарттарын өзгөрткөн негизги себепке айланган231.

2012-жылы компания 250 клиенттин жалпы суммасы 5 765 467 сомду

түзгөн кредиттерин кечип салса, 2013-жылы 451 клиенттин жалпы суммасы

12 765 459 сомду түзгөн насыясы жоюлган.

Кыргызстандын АКШ менен болгон мамилелериндеги биринчи этабы

АКШнын Кыргызстандын эгемендуулугун 1991-жылдын 27-декабрында

таануусу менен башталса; жаңы толкун же экинчи этабы 2001-жылдын 11-

сентябрында Нью-Йорк шаарында болуп өткөн кайгылуу окуялардан кийин

башталган. «Талкалагыс эркиндик» («Несокрушимая свобода») деген аталыш

менен Афганистанда жүргүзүлө баштаган антитеррористтик операция

постсоветтик Борбор Азия өлкөлөрүнө америкалык аскер күчтөрүн

жайгаштыруу зарылдыгына алып келген. 2001-жылдын ноябрь-декабрь

айларында Өзбекстан менен Кыргызстандын өкмөттөрү менен Кошмо

Штаттардын ортосундагы атайы макулдашууларга ылайык АКШ

аскерлеринин айрым бөлүктөрү аталган республикалардын аймагына

жайгаштырылган.

Кыргыз Республикасы менен АКШнын ортосундагы кызматташтыкты

бекемдөөнүн мисалдарынын катарында өз ара пайдалуу өнөктөштүктү андан

Page 197: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

197

ары өнүктүрүү боюнча бир катар макулдашууларга кол коюлгандыгын баса

белгилеп кетүүгө болот. Мисалы, 2002-жылдын февраль айында

Кыргызстандын өкмөттүк делегациясынын АКШга жасаган визитинин

учурунда демократиялык реформаларды колдоо, рыноктук жана

гуманитардык чөйрөлөрдөгү өзгөртүп түзүүлөрдү жүргүзүү жана башка

максаттарда Бишкекке 49,9 млн АКШ долларын берүү тууралуу

макулдашууга кол коюлган. Мындан сырткары, коопсуздук чөйрөсүндөгү

бир катар долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кошумча жардам катары

Кыргызстанга 42 млн АКШ долларын берүү чечими кабыл алынган.

Эки өлкө ортосунда орногон эки жактуу мамилелерди андан ары

өнүктүрүүдө өзгөчө ролду А. Акаевдин 2002-жылдын сентябрь айынын

экинчи жарымында АКШга жасаган визити ойногон. Бул визиттин

жүрүшүндө 23-сентябрь күнү Кыргызстандын президенти менен АКШнын

президентинин жолугушуусу өзөктүү болуп саналат. Жолугушуунун

жыйынтыктары боюнча эки өлкөнүн президенттери чөлкөмдөгү коопсуздук

менен туруктуулукту бекемдөө, Кыргызстандагы демократиялык

реформаларды улантуу, өлкөнүн экономикалык өнүгүшүнө АКШ тарабынан

көмөктөрдү көрсөтүү сыяктуу жалпы максаттарга жетүүгө багытталган

биргелешкен тыянактар кабыл алынган. Ошентип, 2001-жылдын 11-

сентябрынан кийин эки өлкө ортосундагы мамилелердин жаңы форматын

бекемдөө жогоруда сөз кылынган жолугушуунун башкы тыянагы болуп

калган. Бул болсо, эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары өзүнүн АКШ менен

болгон мамилелеринин трансформациясынын татаал жолун басып өтүү

менен Кыргызстан ушул мезгилден тартып Вашингтондун Борбор Азия

чөлкөмүндөгү негизги өнөктөшү болуп калды дегендикти туюндурат232.

Айтылгандар төмөнкүдөй корутундуларды берет:

1. Кыргызстан - Борбор Азия чөлкөмүндө орун алган постсоветтик

мамлекет. Анын Батыш менен Чыгыштын, Түндүк менен Түштүктүн

ортосундагы көпүрөнүн ролун аткарууга жөндөмдүү болгон уникалдуу

географиялык абалы өтө маанилүү геосаясий жана геоэкономикалык мааниге

Page 198: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

198

ээ. Азыркы мезгилде саясий, экономикалык, этнотарыхый, убакыттык жана

мейкиндиктик ченем боюнча Кыргызстан посткоммунисттик коом деген

классификацияга таандык коммунисттик өткөн чак менен демократиялык

келечектин ортосунда турат.

2. Көз карандысыз Кыргызстан үчүн тышкы саясат өлкөнүн ички

саясатынын табигый уландысы болуп саналуу менен республиканын көп

улуттуу, поликонфессионалдуу калкынын кызыкчылыктарын чагылдырып,

мамлекеттик суверенитетти коргоого, демократиялык багыттагы

экономикалык жана саясий кайра өзгөртүп түзүүлөрдү ишке ашыруу үчүн

жагымдуу болуп саналган тышкы шарттарды калыптандырууга багытталган.

3. Объективдүү маанайда көз карандысыз Кыргыз Республикасын

дүйнөдөгү кичи мамлекеттерге киргизишет. Өз көйгөйлөрү менен

проблемаларын чечүү үчүн зарыл болуп саналган ресурстарга ээ

болбогондуктан, республика ошол ресурстарга ээ болуу максатында эл

аралык коомчулук менен жамааттан колдоо издөөгө мажбур. Мындай өңүттө

постсоветтик Борбор Азияга стратегиялык кызыкчылык артып, ошол

кызыкчылыкка жетүү максатында аталган чөлкөмдүн өлкөлөрүндөгү айрым

проблемаларды чечүүгө жардам берүүгө даяр болгон Америка Кошмо

Штаттары жана башка чоң державалар өзгөчө баалуу өнөктөштөр болуп

саналышат. Курамы өз күчү жана кызыкчылыктары боюнча ар тектүү болгон

субъекттерден түзүлгөн Европалык Шериктештик азырынча эл аралык

мамилелердин Борбор Азия боюнча системачасында бирдиктүү саясый

линияны иштеп чыга элек.

4. Америка Кошмо Штаттарынын постсоветтик Борбор Азияда

уламдан улам өсүп бара жаткан активдүүлүгү бул өлкөнү Кыргызстандын

тышкы саясатындагы приоритеттердин арасынан эң орчундуу орунга

татыктуу кылган.

5. Эгемендүүлүк жылдардагы АКШ-Кыргызстан эки жактуу

кызматташтыгын эки негизги этапка бөлүүгө болот. Биринчиси – Кыргыз

Республикасынын көз карандысыздыгын жана территориалдык бүтүндүгүн

Page 199: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

199

камсыз кылуу боюнча кызматташтык мезгили. Диссертацияда кеңири

айтылгандай, АКШ Кыргызстандын көз карандысыздыгын дүйнөдүгү

мамлекеттердин ичинен биринчилерден болуп тааныган да, биздин өлкөдө өз

дипломатиялык өкүлчүлүгүн да алгачкылардан болуп ачкан.

6. Эки тараптуу кызматташтыктын биринчи этабында

Кыргызстандын саясый өнүгүүсүнүн, республикадагы демократизация жана

адам укуктарын коргоо чөйрөлөрүндөгү маселелерге өзгөчө көңүл бурулган.

7. Өзүн көз карандысыз деп жарыялаган демократиялуу Кыргыз

Республикасынын дүйнөлүк масштабдагы лидер держава АКШ мамлекети

менен болгон кызматташтыгынын басымдуу көп бөлүгү АКШ мамлекети

негизги финансылык донору болуп саналгандыктан, таасири күчтүү болгон

БУУ, ОБСЕ, Эл аралык валюта фонду, Бүткүл дүйнөлүк соода уюму (ВТО),

Бүткүл дүйнөлүк банк, ОБСЕ, НАТО жана башка эл аралык уюмдар аркылуу

өнүктүрүлгөн.

8. АКШ-Кыргызстан эки жактуу кызматташтыгынын экинчи этабы

эл аралык терроризм менен күрөшүү, тагыраак айтканда, Афганистанга

коалициялык күчтөрдү жайгаштыруу менен байланышкан. 2001-жылдын 11-

сентябрынан кийин АКШ Администрациясы постсоветтик Борбор Азия

чөлкөмүндөгү демократия менен адам укуктарын коргоо иштерине өз

кызыкчылыктарын жашырбай баштаганын эске алсак, терроризм менен

күрөшүү АКШнын тышкы саясатындагы эң эле приоритеттүү багыттарынын

бирине айланган. Ушуга байланыштуу постсоветтик Борбор Азия

мамлекеттери менен катар эле Кыргызстан да АКШнын тышкы

саясатындагы приоритеттүү багыттарга киргизилген эле.

9. Эгемендүүлүк жылдары өөрчүй баштаган Борбор Азия – АКШ

кызматташтыгынын биринчи этабында АКШ мурда СССРдин тоталитардык

жабык тору артында болуп келген постсоветтик Борбор Азия өлкөлөрүнө,

алардын ичинде, Кыргызстанга демократиялуу кайра түзүүлөрдү тездетип

жүргүзүү талабын туруктуу түрдө коюп келген. АКШ Администрациясынын

мындай талаптардын катарына бул өлкөлөрдө көз карандысыз массалык

Page 200: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

200

маалымат каражаттарын өнүктүрүү, саясий плюрализм менен активдүү

жарандык коомду калыптандыруу кирген.

10. Кызматташтыктын экинчи этабында постсоветтик Борбор Азия

мамлекеттерин, алардын ичинде, Кыргызстанды өз өлкөлөрүндөгү саясий

реформаларды тездетүүгө чакыруу менен аталган чөлкөмдө болуп өткөн

кандуу саясий окуялардан соң АКШ Администрациясы демократия

тармагындагы бардык проблемаларды чечүү үчүн узак мезгил, чоң

көлөмдөгү иштерди аткаруу, ал тургай, «муундардын алмашышы» зарыл

экендигин ачык эле моюнга ала баштаган.

11. АКШ Администрациясы өзүнө оппонент болгон сын көз

караштарга карата адам укуктарын коргоо болгону эле АКШнын тышкы

саясатын түзгөн элементтердин бири, ал эми, Борбор Азия чөлкөмүндөгү

кырдаалды эске алсак, анда АКШнын улуттук коопсуздугун бекемдөө

АКШнын тышкы саясатынын эң биринчи милдети деп далилдөөдөн

тажабайт.

12. Көп сандаган эл аралык уюмдарга, алардын ичинде, эл аралык

финансылык институттарга донор болуп саналган жана ар кандай

долбоорлорду каржылаган АКШ мамлекетинин Өкмөтү постсоветтик

Кыргызстандагы өз кызыкчылыктарын көп жактуу байланыштар аркылуу

алга жылдырып келет. Баарыбызга белгилүү болгондой, негизги донору

АКШ болуп саналган Бүткүл дүйнөлүк банк (ВБ), Эл аралык Валюта фонду

(МВФ), Европалык өнүгүү жана реконструкция банкы (ЕБРР) жана

Америкалык өнүгүү банкы постсоветтик Кыргызстандын негизги донорлору

жана кредиторлору болуп эсептелишет. Кыргызстанга АКШ мамлекетинен

келген техникалык жардам АКШнын эл аралык кызматташтык Агентствосу

(USAID) аркылуу ишке ашат.

Page 201: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

201

4- бап.КЫРГЫЗСТАНГА БОЛГОН АКШнын

МАМИЛЕЛЕРИНДЕГИ КӨЙГӨЙЛӨР ЖАНА АЛАРДЫ ЖӨНДӨӨ КЕЛЕЧЕКТЕРИ

§ 1. Терроризмге каршы жамааттык коопсуздук боюнча АКШнын Кыргызстандаги саясатынын эволюциясы

Улуттук коопсуздуктун өзүнө таандык стратегиясында Кыргыз

Республикасы өз мамлекетинин максималдуу узак мезгилдер бою жашоосун

Page 202: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

202

камсыз кылуу зарылдыгын жактаарын так көрсөткөн. Дүйнөлүк лидер

болууга умтулган АКШдан айырмаланып, көлөмү кичинекей, саясий,

экономикалык, аскерий потенциалы чакан Кыргыз Республикасы саясий же

экономикалык проблемалар боюнча «дүйнөлүк экзаменатордун» ролун

аткарууга далалат кылбайт. Кошмо Штаттардын экспансионисттик

маанайдагы улуттук коопсуздугунан айырмаланып, кыргыз мамлекети,

жалпы жонунан, улуттук коопсуздуктун ички проблемаларын чечүү иштери

менен гана алек.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөө мамлекеттин коопсуздугун

камсыз кылуунун башкы ыкмаларынын бири болуп эсептелет. Мында өтө

маанилүү фактор катары өлкөнү өнүктүрүү аталат. Туруктуу маанайдагы

өнүгүү аркылуу өлкөнүн жашоосу менен гүлдөөсүнө тоскоол болгон негизги

коркунучтарды жок кылууга болот. Ошол себептен, көз карандысыз Кыргыз

Республикасынын алдына мамлекеттик башкаруунун сапатын жакшыртуу,

экономиканы өнүктүрүү, коргонуу жөндөмүн жогорулатуу сыяктуу

милдеттер коюлат.

Ошол эле учурда Кыргыз Республикасы өз жашоосу үчүн бүгүнкү

күндө аскерий коркунучтар анча деле актуалдуу эмес деп эсептейт. Бул

болсо, кыргыз мамлекети аскерий коркунучтарды көңүлгө албайт дегенди

билдирбейт. Улуттук коопсуздукка коркунуч туудурган заманбап

проблемалардын тизмеси Кыргыз Республикасын глобалдык, же ири

жергиликтүү (локалдуу) аскерий жаңжалга (конфликтке) тартуу менен гана

чектелбейт.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК КООПСУЗДУГУНА КОРКУНУЧ КЕЛТИРГЕН НЕГИЗГИ ФАКТОРЛОР

ата мекендик экономиканын эффективдүү эместиги жана анын түзүмдүк жактан артта калышы;

мамлекетти бийликти уюштуруунун начарлыгы;жемкорлуктун өсүшү;жарандык коомдун институттарынын алсыздыгы;калктын социалдык жиктелиши жана бай-кедейдин ортосундагы ажырымдын күч

алышы;этностор аралык карама-каршылыктардын күчөшү;

Page 203: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

203

чөлкөмдөрдүн асимметриялуу өнүгүшү;уюшкан кылмыштуулуктун өсүшү жана коомдун криминализациясы;терроризмдин масштабдарынын өсүшү.

Ошол себептен, республиканы өнүктүрүү төмөнкүдөй иш-чараларды

аткарууну шарттайт:

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫН ӨНҮКТҮРҮҮНҮ ШАРТТАГАН ИШ-ЧАРАЛАРэкономиканы диверсификациялоо жана заманбап постиндустриалдык тармактарды

өнүктүрүү;билим экономикасын түзүү жана адам капиталы менен билим берүүгө олуттуу акча

каражаттарын салуу;азык-түлүк коопсуздугу проблемасын чечүү;жарандар үчүн алардын эмгегин адекваттуу жана адилет баалаган эмгек акыны төлөп

берип, алардын өздүк шыктары менен жөндөмдөрүн ишке ашыруу максатында бардык мүмкүндүктөрдү түзүп берүү;

бир этностун үстөмдүгү идеясынан баш тартуу менен бирге улуттук жана чөлкөмдүк жиктелүү (сепаратизм) коркунучун четке кагуу;

руханий баалуулуктардын девальвациясы, калктын алкоголизациясы жана баңгичилик проблемаларын чечүү;

криминалдык жамааттардын таасиринин өсүшү менен күрөшүү;өлкөнү саясий башкаруу катмары болуп саналган бюрократиянын сапатын

жогорулатуу;өлкөдөгү калктын жашоосунун узактыгы менен сапатын жогорулатуу.

Кыргызстандын биринчи президенти А. Акаевдин билдирүүсүнө карата

1999-2000 жылдарга чейин мамлекеттин туруктуулугунун жана

коопсуздугунун маселеси боюнча биринчи орунда ички көйгөйлөр турган.

Бардык коркунучтардан эн көп тынчсыздандырган бул- улуттар арасындагы

көйгөй эле, өзгөчө 1990- жылы болгон окуянын чегинде жана ”Вашингтон

консенсусунун” негизинде Советтер Союзунун тарашы жана социалдык-

экономикалык реформалоодогу “шоктук терапия” дагы коомдогу социалдык

жарылууга себебчи болгон. Чындыгында, ошол жылы тышкы дүйнө эл

аралык мамилелердеги Вестфальдык системаны кайрадан иштеп чыгуу

менен бош эмес эле, ал эми структурасыз “ жаны дүйнөлүк ирээттин” ченеми

толугу менен белгилене элек жана “башкарылуучу хаостун” кыйратуучу күчү

толугу мене ишке кире элек болгон. Жалпы жонунан, батышты колдогон

демократиялык мамлекет катары Кыргызстандын авторитети

Page 204: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

204

эгемендүүлүктүн биричи жылдарында Батыштын гана мамлекеттери

тарабынан колдоо көрбөстөн, Чыгыштагы бийликтер, эл аралык уюмдар,

мамлекеттик уюмдар, бейөкмөт уюмдар дагы эгемендүү Кыргызстандын

өнүгүүсү жолунда коопсуздуктун ишеничтүү жана эффективдүү куралы

катары кызмат кылышкан. Ошонун негизинде, ал убакыт ченеминде жаш

Кыргызстандын чыныгы жана потенциалдуу тыштан коркунуч болгон эмес.

КР тышкы саясатынын ишмердүүлүгүндө “романтизм” ээлик кылган, жана

Кыргызстан көп вектарлуу, ачык жана тынчтыкты колдогон саясатын бейпил

уланткан.

Бул убакыттын ичинде Кыргызстанда белгилүү өлчөмдө мамлекетти

коопсуздук мене камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлгөн. Тагыраак

айтканда, КР Президентинин алдында коопсуздук боюнча Кенеш түзүлгөн

(1994), Кыргызстан коопсуздук боюнча эки региондук жана эки глобалдуу

уюмдун мүчөсү болгон.

1999-2000 ж.ж Кыргызстандын аймагында террорчул топтордун кол

салуусу Борбордук Азия регионундагы масштабтуу терророристтик

аракеттердин бирөө болгон. Бул окуялар чындыгында Кыргызстандын

эгемендүүлүгүнө жана аймактык биримдигине коркунуч туудурган. Бир

жылдан кийин, 2001-жылы сентябрда АКШда эн чон террористтик акт болду.

Бул окуялар эл аралык саясатка жана Кыргызстандын улуттук коопсуздугу

боюнча маселелерге орчундуу озгоруулор киргизди. Тагыраак айтканда,

2001- жылы КР президенти А. Акаевдин указы менен Кыргызстандын

коопсуздук Кенешинин сунушунун негизинде жана улуттук кызыкчылыкты

аныктоо үчүн, улуттук коопсуздуктун эн маанилүү элементтеринин бири

катары мамлекеттин тышкы жана ички саясатынын тармагында приоритетин

иштеп чыгуу үчүн, ошондой эле Кыргызстандын дүйнөлүк коомго гармония

менен кошулуу максатында “ КРнын улуттук коопсуздук боюнча

концепциясы” биринчилерден болуп кабыл алынган.

Page 205: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

205

Бул Концепцияны ишке ашыруу жыйынтыгында Кыргызстан, эл

аралык күчтүн глобалдык антитеррордук операциясынын эн маанилүү

элементтеринин бири болду. Биринчиден, 11- сентябрь 2001- жылдагы

террордук акттан кийин, БУУнун мандаты менен коалициялык күчтөр

тарабынан жүргүзүлөн Афганистандагы антитеррордук операциянын

негизинде американын аскердик базасы ачылган. 2001- жылы, декабрда КР

Жогорку Кенеши Кыргыз- Америкалык бийликтеринин арасындагы

Афганистандагы “ Кайтырылбаган Эркиндик” операциясы колдоо үчүн эл

аралык “Манас” аэропортун АКШнын башчылыгында антитеррордук борбор

тарабынан колдонуу макулдашуусун кабыл алган. Негизинен, “Манас”

авиабазасы американын БА жана Түштүк Азиядагы антитеррордук күрөшүү

стратегиясындагы маанилүү элементи болгон.

Башка бир канча региондор, анын ичинде Борбордук Азия, кийинки

“гибриддик согуштун” аренасы болуу коркунучунда турат. Себеби,

Борбордук Азия региону акыркы жылдарда АКШ, Россия, Кытай сыяктуу

дүйнө державаларынын атаандыштык обьектиси болуп саналат. Бул күчтөр

БА регионундагы мамлекеттерди өзүнүн таасирине алып, алардын

ресурстарын башкарууга аракет кылышат. Ушуга байланыштуу Россия жана

Кытай бул региондогу өлкөлөр менен болгон өздөрүнүн саясий,

экономикалык, аскердик, гуманитардык мамилелерин КМШ, ОДКБ, ШКУ

сыяктуу уюмдар аркылуу бекемдеп турат, бул албетте, Кыргызстандын

кызыкчылыгы үчүн пайдалуу. Бул аймактарга Европа Биримдигинин

мамлекеттери да кирүүгө умтулууда. Алардын максаты көмүртектин

альтернативдүү булагын табуу жана Россия менен Кытайга конкуренция

болууда.

Келечекте “уйгур сепаристтери” бул чөлкөмдү тылы катары

колдонбошу үчүн Кытай ШКУга таянып, шериги Россия менен региондо

коопсудук боюнча көйгөйлөрүн чечүүдө дагы активдүү катышып баштайт.

Ошондой эле, БА менен жеке тыгыз мамилесин жакшыртуу, менен бирге

Page 206: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

206

өзүнүн стратегиялык максаттарын адегенде эле жергиликтүү ресурстарды

өздөштүрүү аркылуу ишке ашырат. Ошондо, БА дагы ар бир мамлекеттин,

КРнын дагы тышкы саясатынын бир калыпта болуусунун эн башка фактору-

Россия, АКШ жана Кытай сыяктуу глобалдуу державалардын ар тараптуу

кызыкчылыктарын да эске алууга даяр болуу эсептелет. Бул мамлекеттердин

ар бири БАны өзүлөрүнүн страгегиялык кызыкдар болгон чөлкөмү катары

карашат. Ортолорундагы талаш тартышка БА мамлекеттеринин ар биринин

тышкы саясатынын өзгөртүшү себебчи болушу мүмкүн.

Бул маалыматтарга таянганда, мамлекеттердин бир гана

эгемендүүлүгүнө терс таасирин тийгизбеген, поствестфальдык глобалдуу

жаны саясат пайда болууда. Дүйнөнүн бардык булун- бурчунда чон

масштабтагы мамлекеттердин эгемендүүлүгүн жоюу, улуттук өлкөлөрдү

талкалоо жана бир гана гегемонго ааламдык империяны форматтоо үчүн

глобалдуу аянтты тазалоо жүрүп жатат. Эгемендүү мамлекеттерди жоюу

(Европа Биримдиги) мамлекеттерди бириктирүү аркылуу, көз каранды

куурчак режимди жайылтуу (жыйынтыгы“ түстүү революция”), жана

интервенция жана басып алуу жолдору аркылуу болуп жатат.

Диссертациянын мурунку параграфтарында АКШ-Кыргызстан эки

жактуу кызматташтыгынын экинчи этабы эл аралык терроризм менен

күрөшүү, тагыраак айтканда, Афганистанга коалициялык күчтөрдү

жайгаштыруу менен байланышканы айтылды. Жалпы жонунан АКШ-

Кыргызстан ортосундагы аскерий кызматташтык «Манас» авиабазасы менен

тыгыз байланыштуу.

«Манас» 2001-2009-жылдары АКШнын антитеррористтик

коалициясынын Кыргызстандагы авиабазасы233, 2009-2014-жылдары АКШ

аба-аскер күчтөрүнүн транзиттик жүк ташуу Борбору234. Бул объект Бишкек

шаарынан түндүк-батыш тарапка 23 км алыстыкта жайгашып, 1970-

жылдардын ортосунда курулган эл аралык «Манас» аэропортунун аймагында

Page 207: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

207

орун алган. 2014-жылдын июль айында авиабаза жабылып, анын

территориясы менен инфраструктурасы Кыргызстандын Улуттук

гвардиясына өткөрүлүп берилген235.

АКШнын куралдуу күчтөрүнүн Heartlandдин түштүк чегинде орун

алган Кыргызстандын аймагында жайгашып, тамырын терең жайып бара

жатышы өзүн Heartlandдин кожоюну деп сезген Орусия Федерациясынын

жүрөгүн түпөйүл кыла баштаган. Натыйжада, 2003-жылы Бишкекте

коллективдүү коопсуздук тууралуу Келишимдин Уюмунун (КККУ- ОДКБ)

оперативдүү штабы жайгаштырылып, КМШнын Антитеррористтик

борборунун филиалы ачылган236. 2003-жылдын 22-сентябрында орусиялык

аскерий базасынын Кыргызстандагы статусу жана анын жайгашуу шарттары

тууралуу Келишимге кол коюлуп237, аталган Келишим 2013-жылдын 7-

майында Орусия Федерациясынын № 74-Ф3 федералдык мыйзамы менен

ратификацияланган238. 2003-жылдын 23-октябрында Орусия Федерациясы

жана Кыргыз Республикасынын президенттеринин катышуусу менен Кант

шаарынын аскерий аэродромунун негизинде КККУнун ыкчам кыймылдагы

Коллективдүү күчтөрүнүн (ЫККК; Коллективные силы быстрого

развертывания - КСБР) авиациялык компоненти ачылган239. ЫККК

оперативдүү жооп берүүнүн Коллективдүү күчтөрү (ОЖБК; Коллективные

силы оперативного реагирования - КСОР) деп атын өзгөрткөн. Аталган

уюмдун атынын өзгөрүшү аны чөлкөмдөгү жагдайды дестабилдештирип

жиберүүчү күчтөргө, ошондой эле, АКШ куралдуу күчтөрүнө карата

оперативдүү жооп берүүгө жөндөмдүү аскерий бөлүккө айландыруу менен

байланышкан реформаны туюнткан. Натыйжада, Канттагы орусиялык

авиабаза радикалдуу түрдө кайрадан түзүлүп, ал жерде жайгашкан

авиациялык техника олуттуу түрдө жаңылана баштаган.

Жогоруда айтылгандай, Афганистандагы аскерий операцияларга

байланыштуу 2000-жылдан тартып АКШнын постсоветтик Борбор Азия

чөлкөмүнө, анын ичинде, Кыргызстанга болгон кызыгуусу күч ала баштаган.

Анын үстүнө, өз өлкөсүнүн ичиндеги көйгөйлөргө буйдалып калган

Page 208: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

208

Москванын бекем чеңгээлинен бошоно түшкөн Борбор Азия республикалары

АКШ саясатын кызуу колдоого алган эле. Учурдан пайдаланып, АКШ

Афганистанга Батыштан келген жүктөр менен аскерий контингентти

жеткирүү максатында Кыргызстандын аймагында аскерий база ачат.

2001-жылдын 18-декабрында «Манас» антитеррористтик

коалициянын алгачкы учактары аэропортко жайгашкан. Ошентип, 2001-

жылдын декабрь айынан тартып авиабаза өкмөттөр аралык макулдашууларга

ылайык базаны ижаралоо мөөнөтү бир жылдык мөөнөт менен түзүлүп, андан

соң келишим автоматтык түрдө дагы жаңы мөөнөттөргө улантылып,

«Манас» антитеррористтик коалиция күчтөрү тарабынан активдүү

пайдаланыла баштаган. 2005-жылы Өзбекстан Карши-Ханабад шаарындагы

аналогдуу америкалык базаны жаап салганга байланыштуу «Манас»

аэропортундагы базанын мааниси бир кыйла өскөн.

Айта кетчү жагдай, кыргыз тарап Бишкектеги «Манас» аэропортуна

америкалык базаны жайгаштыруу тууралуу чечимди КККУнун курамына

кирген мамлекеттер менен кеңешмелерди өткөргөндөн кийин гана кабыл

алган. Кант шаарында жайгашкан орусиялык жана «Манас» аэропортунан

орун алган америкалык аскерий базалар өз мандатынын ар кандайлыгы

менен айырмаланат. Эгерде, орусиялык авиациялык компонент КККУнун

курамына кирген мамлекеттердин көп жактуу келишимдеринин чегиндеги

оперативдүү жооп берүүнүн Коллективдүү күчтөрүнүн (ОЖБК) аскерий

базасы болсо, «Манас» эл аралык аэропортунун бир бөлүгү Афганистандагы

аскерий операцияларды жүргүзүү үчүн гана коалиция күчтөрү тарабынан

расмий түрдө убактылуу ижарага алынган.

Алгач авиабаза 2001-жылдын 11-сентябрында Нью-Йорк шаарындагы

Бүткүл дүйнөлүк соода борборуна болгон террористтик соккудан кийин

куткаруу операцияларын жүргүзүп жаткан учурда курман болгон нью-

йорктук өрт өчүрүүчүлөр кызматынын жетекчиси Питер Гансинин урматына

аталган. Бирок, АКШ аба-аскер күчтөрүнүн эрежелери боюнча АКШнын

аймагынан сырткары жайгашкан америкалык аскер базалары америкалык

Page 209: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

209

жарандардын урматына атала албагандыктан, кийинчерээк ал «Манас»

авиабазасы деп атын өзгөрткөн240.

2001-жылы америкалык куралдуу күчтөр Афганистанга кирээр

алдында «Манас» авиабазасына АКШнын шериктештери болгон өлкөлөрдүн

бир нече самолёттору жайгаштырылган. Алгач коалициянын курамы 12

өлкөдөн туруп, АКШ аба-аскер күчтөрүнөн сырткары француздук (KC-135

үч май куюучу самолёт) жана испан (C-130 аскер-транспорттук самолёту)

аба-аскер күчтөрүнөн куралган эле.

«Манас» транзиттик Борбору Афганистандагы операцияларды

жүргүзгөн Коопсуздукка Көмөк көрсөтүүнүн Эл аралык күчтөрүнүн

(Международные Силы Содействия Безопасности - МССБ) аскерий негизги

авиамобилдик борбору болуп эсептелген жана Афганистанга карай жана

Афганистандан бери багыттагы маршрут боюнча персонал менен жүктөрдү

ташуучу негизги пунктка айланган. Бул пункт аркылуу ай сайын 15 000 аскер

кызматкери жана 500 тоннадан ашык жүк ташылган.

АКШ мамлекети Коопсуздукка Көмөк көрсөтүүнүн Эл аралык

күчтөрүн (МССБ) – Афганистандын өкмөтүнө кенен ыйгарым укуктарды

жана өлкө ичиндеги чоң таасирди берүү аркылуу Афганистандагы

турукташуусуна жана анын калыбына келишине шарттарды түзүү масктатын

көздөп, Бириккен Улуттар Уюмунун атайы мандатына ээ болгон миссия

катары баалайт. «Манас» авиабазасында жайгаштырылган персонал

Афганистанда жайгашкан аскерий персонал менен аскер операцияларын

колдоо үчүн аба жүктөрүн жөнөтүү, самолетторго абадан май куюу,

аэромедициналык эвакуация, аба аркылуу стратегиялык мааниге ээ

пассажирлер менен жүктөрдү ташуу иштерин аткаруу менен МССБ менен

Коалициялык Күчтөргө ар тараптан колдоо көрсөтүп турган.

Жалпы жонунан, авиабазада 1500 адамга чейин кызматкерлер

эмгектенген. Алардын 1000ге чукулун АКШнын аскерий кызматкерлери,

200гө жакын адамды Испания, Франция өңдүү ар кыл өлкөлөрдөн келген

контингент, 300дөй адамды жарандык персонал болуп саналган

Page 210: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

210

америкалыктар түзгөн. Мындан сырткары, Кыргызстандын болжол менен

2000 жараны базага айдоочу, тазалоочу, ар кыл жумуштарды аткарган

жумушчу катары жалданышкан241. Манаста иштеген кыргыз жарандары

айына 500 АКШ доллары өлчөмүндөгү айлык акы алышат. Бул болсо

республикадагы орточо айлык акыдан 2,5 эсе көптүк кылат.

Ырасталбаган маалыматтар боюнча 2004-жылы АКШ мамлекети

Кыргызстанга «Манас» авиабазасына AWACS алыстан радиолокациялык

таап алуу самолётторун (самолеты дальнего радиолокационного

обнаружения) жайгаштыруу өтүнүчү менен кайрылат. Кыргызстан өлкөнүн

аймагына америкалык чалгынчы самолётторду жайгаштыруу Афганистанда

жүргүзүлгөн аскерий-гуманитардык операциянын ыйгарым укуктары менен

милдеттеринен чегинен чыгып кетет, ошондой эле Кыргызстандын

ОДКБнын чегиндеги милдеттемелерине шайкеш келбейт деген принциптин

негизинде АКШнын жогорудагыдай өтүнүчүнөн баш тарткан. Бирок,

кийинчерээк АКШнын Мамлекеттик Департаментин бетке кармаган

америкалык тарап Кыргызстандын аймагына мындай типтеги аба кемелерин

жайгаштыруу тууралуу ниетке ээ экендиги тууралуу маалыматты четке

каккан жана бул багыттагы сүйлөшүүлөр болгондугун мойнуна алган эмес.

2005-жылдын күз мезгилинде АКШ мамлекети Кыргызстандын жаңы

өкмөтү менен өзбек бийликтеринин талабы боюнча Өзбекстандын Карши-

Ханабаддан чыгарылып жаткан авиабазанын бир нече аскерий-транспорттук

самолётторун «Манас» авиабазасына которуу тууралуу макулдашышкан.

Өзбекстандан чыгарылган калган жабдуулар менен аба кемелери АКШнын

Борбор Азиядагы авиабазаларына бөлүштүрүлүп, аскерий контингент

АКШга кайтарылган.

2006-жылдын май айында Кыргызстандын президенти Курманбек

Бакиев АКШ авиабазаны пайдалангандыгы үчүн арендалык төлөмдү

тарабынан 15 млн. АКШ долларынан 207 млн. АКШ долларына чейин

көтөрүүнү сунуш кылат. Узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн соң АКШ

мамлекети Кыргызстанга 60 млн. АКШ доллары түрүндөгү жардамды жыл

Page 211: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

211

сайын берип туруу тууралуу макулдукка кол койгон. Бул жардам өз ичине

авиабазанын арендасы үчүн төлөмдү да камтыган.

НАТОнун «Тынчтык үчүн өнөктөштүк» («Партнерство ради мира»)

программасынын чегинде Кыргыз Республикасынын Борбордук чалгындоо

батальону (Центразбат) АКШ жана коалициянын курамына кирген башка

өлкөлөрдүн тынчтык орнотуучу күчтөрү менен биргелешкен аскерий

окууларды өткөрүп, аскерий делегациялар бири биринин өлкөсүнө зыярат

кылышкан, ар кыл курстар менен стажировкалардан өтүшкөн. Мисалы, 1996-

жылы Кыргызстандын Улуттук гвардиясы Монтана штатынын аналогдуу

күч түзүмдөрү менен өнөктөш мамлелерди орноткон242.

Эки мамлекеттин аскерий кызматташтыгынын негизги багыты болуп

чөлкөмдүк коопсуздук маселелери эсептелет. Эки тарап тең Борбор Азиядагы

стабилдүүлүк менен коопсуздукту сактоо боюнча аракеттерди андан ары

уланта берүүнү баса көрсөтүшкөн.

Кыргызстан үчүн 1999-жылы башталган «Тоо шарттарындагы аскерий

ишмердик» («Военная деятельность в горных условиях») жана «Атайын

багыттагы күчтөрдүн ишмердиги» («Деятельность сил специального

назначения») деп аталган программалар өтө актуалдуу мааниге ээ болуп,

алардын биринчиси АКШнын Аляскадагы аскеринин тоолуу аймакта

жайгашкан окуу борбору менен бирдикте ишке ашырылган243. Эки

мамлекеттин коргонуу министирликтеринин кызматташтыгы жакшы жолго

коюлган. Мисалы, 2000-жылы эл аралык террористтерге каршы күрөшүү

үчүн АКШ мамлекети Кыргызстандын коргонуу Министирлигине 3 млн

АКШ долларынан ашык каражатты бөлүп берген244. Бул каражаттын

басымдуу көп бөлүгү радиостанцияларды, түнкү көрүүнү мүмкүн кылган

приборлорду жана амуницияны сатып алууга сарпталган. Кыргызсстандагы

базага АКШдан жылдык 60 миллион АКШ доллар ижара акыга кошумча 1

жылдык башка чыгымдары учун пентагон 100 миллион которуп турган.

Кыргызстанда болуп өткөн ыңкылаптан кийин бир аз тыныгуудан соң

2010-жылдын 9-апрелинде АКШнын аба-аскер күчтөрү транзиттик жүк

Page 212: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

212

ташуулар Борборун эксплуатациялоону андан ары улантышкан245.

2008-жылдын 18-декабрында Кыргыз Республикасынын

президентинин администрациясынын өкүлү кыргыз бийлиги Манастагы

америкалык аскерий базаны жабуу ниетинде экендигин төмөнкүчө

билдирген: «Афганистанда аскерий иш-аракеттер болбогондуктан улам, биз

Манастагы базанын ишин токтотуу тууралуу диалогду азыр эле баштоого эч

күмөнсүз даярбыз»246.

Бул билдирүүдөн 2 жума мурун, башкача айтканда, 2008-жылдын 4-

декабрында өткөн пресс-конференцияда «Таза дин» («Чистая вера») деген

аталыштагы жаңы диний кыймыл Александр Ивановдун сурак-жоопсуз

өлтүрүлүшүн жана аны өлтүргөн америкалык жоокердин жазасыз калуусун

эске салуу247 менен «Ганси» америкалык аскерий базаны өлкөдөн чыгаруу

ниетин билдирген248.

2009-жылдын 3-февралында Кыргызстандын президенти Курманбек

Бакиев Москвада өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктарына арналган пресс-

конференцияда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Манастагы америкалык

аскерий базаны жабууну чечти деп билдирген 249 . Анын пикиринде мындай

чечимдин себеби болуп акыркы жылдары америкалык базанын

Кыргызстандын территориясында жайгашкандыгы үчүн экономикалык

компенсация төлөөнүн маселелери жана Кыргызстандын жараны америкалык

аскерий кызматкер тарабынан өлтүрүлүшү эсептелген.

К. Бакиевди президент кылып шайлоодон кийин Кыргызстандын

тышкы саясаты мурдагыдай эле карама каршылыктуу маанайы менен

өзгөчөлөнүп кала берген. Бир жагынан, өлкөнүн жетекчилиги АКШнын

кызыкчылыктарына туура келбеген ШОС, ОДКБ жана ЕврАзЭС сыяктуу

өнөктөштөр менен кызматташууга ачык экендигин ар тараптан

демонстрациялап, бардык саммиттер менен форумдарда «жалпы линияны»

колдоп, аскерий окууларга чогуу катышып жатты. Экинчи жагынан,

конкреттүү инвестициялык жана башка экономикалык, саясий долбоорлордо

Page 213: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

213

Кыргызстан Кошмо Штаттары менен мурдагыдан да тыгыз кызматташууга

өткөн.

Ушул эле жылдын сентябрь айында Кыргызстандын премьер-

министри Игорь Чудинов АКШга визит менен барып, БУУнун Генералдык

ассамблеясынын жыйынына катышкан. Мындан сырткары, Кыргызстандын

министрлер кабинетинин башчысы америкалык коллегалар, алардын ичинде

АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Джеймс Стейнберг менен

бир катар жолугушууларды өткөргөн. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө

биргелешкен экономикалык өнүгүүнүн кыргыз-америкалык Фондун түзүү

маселеси талкууланган. Ошондой эле АКШнын өнүгүү жана соода

Агентствосунун директору Леокадия Зак, АКШнын соода өкүлү Рон Кирк

менен жолугушуп, соода-экономикалык өнөктөштүктү, АКШ менен Кыргыз

Республикасынын ВТО менен ТИФА чегиндеги кызматташтыгын андан ары

өнүктүрүү, АКШнын рыногунда Кыргызстандын товарларына

преференцияларды берүү тууралуу маселелер талкууланган. Айтылгандардан

сырткары, Игорь Чудинов Бүткүл дүйнөлүк банктын, Эл аралык валюта

фондунун, АКШнын Эл аралык Министирлигинин жетекчилиги менен да

жолугушууларды өткөргөн.

Ушул эле жылы америкалыктардын Кыргызстандагы

ишмердүүлүгүнүн активдүүлүгү кескин күч алып, ири алдыда, USAID менен

АКШ элчилигинин чегинде ооруканалар үчүн медициналык жабдууларды

таратуу, ИИМ бөлүмдөрү үчүн автомашиналарды бөлүп берүү жана кыргыз

чек арачылары үчүн жаңы чек ара күзөттөрүн куруу сыяктуу «жардам берүү

акциялары» жума сайын жүргүзүлө баштаган. Бирок, АКШ мамлекетинин

Кыргызстанда өзүнүн атайы максатты көздөгөн аскерий бөлүмдөрүн

(спецназ) жайгаштыруу планынын фонунда жогорудагы акциялар шоона

эшпей калат. АКШнын атайы операциялар Командованиесинин коомчулук

менен байланыш боюнча өкүлү, капитан-лейтенант Фред Кюблер

маалымдагандай, Вашингтон Борбор Азия чөлкөмүндө кырдаал кескин

курчуп кетүүсүнөн чочулап, америкалыктар Борбор Азия мамлекеттеринин

Page 214: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

214

бийликтерине «ички коргонууну» уюштурууга жардам берүү үчүн атайы

максатты көздөгөн аскерий бөлүмдүн 3-тобун (3-я группа специального

назначения), башкача айтканда, атактуу «жашыл беретчендерди» киргизүүгө

даяр. АКШнын атайы максатты көздөгөн аскерий бөлүмүнүн негизги

максаты болуп Кыргызстандын аскер кызматкерлерин окутуу жана алардын

согушка даярдыгынын деңгээлин жогорулатуу эсептелген. Курч зарылдык

жаралган учурда америкалык спецназ өзү үчүн чет мамлекет болуп саналган

Кыргызстандын аймагындагы террористтик коркунуч менен өз алдынча

күрөшүп, өлкө ичиндеги тартипти колдоого даяр экендигин билдирген.

«Манас» авиабазасын пайдалануу менен байланышкан саясаттан улам

К. Бакиев президенттик кылып турган мезгил аралыгында Кыргызстандын

«көп векторлуу» дипломатиясы эки жүздүүлүгү менен айырмаланган деп так

кесе айтууга негиз бар.

Берилген диссертациялык иштин мурунку бабында айтылгандай,

АКШнын аскерий-аба базасы «Манас» аэропортунун аймагында 2001-

жылдан 2014-жылга чейин жайланышып келген. Аэропорттун аймагына

жайгашуу арендасы үчүн АКШ канча акы төлөгүнү азыркы күнгө чейин

жашыруун сыр бойдон калууда. Ар кыл булактарда жылына АКШ 15 ден 50

млн. долларга чейин төлөгөнү айтылат. Кыргызстанда «кызгылтым түстүү

революция» жеңгенде америкалык база жеңишке жетишкен

революционерлерге 15 млн. доллар өлчөмүндөгү бир жолку төлөмдүн гана

суммасын ачык көрсөтүшкөн.

2009-жылдын февраль айынын башында Кыргызстандын президенти

Курманбек Бакиев Орусия мамлекетинин башчысы Дмитрий Медведев менен

сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Натыйжада, Орусия Кыргызстанга жалпы суммасы

2 млрд АКШ долларын түзгөн насыя жана 150 млн АКШ доллары

өлчөмүндөгү финансылык жардам берүү тууралуу милдеттенмени алат. Бул

болсо Орусия мамлекети Борбор Азиядагы эң жакыр болуп саналган Кыргыз

Республикасынын орус мамлекетине болгон 180 миллион АКШ доллары

Page 215: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

215

көлөмүндөгү тышкы карызын кечип, үстөксүз негизде Кыргызстанга бир

нече миллион доллар насыя берген дегенди туюндурат.

Расмий түрдө орус мамлекети тарабынан берилген насыя акчалар

Кыргызстандын аймагында жайгашкан көмүр кычкыл тектерин геологиялык

чалгындоо чөйрөсүндөгү орус жана кыргыз тараптар үчүн өз ара пайдалуу

долбоорлорду ишке ашырууга, республиканын мунай газ жана

электроэнергетикалык комплекстерин модернизациялоого, аталган 2

мамлекеттин тоо кен өнөр жайы жана айыл чарба өндүрмөлөрүн кайра

иштетүү менен байланышкан кызматташтыгына жумшалмак эле.

Расмий эмес өңүттө карай турган болсок, «салмак категориялары»

боюнча бири бирине эч коошпогон, жалпы чек арага ээ эмес Орусия менен

Кыргызстандын ортосунда экономикалык планда өтө эффективдүү

кызматташтыктын болушу чындыктан алыс экендиги баарыбызга

түшүнүктүү. Орус-кыргыз «көп шинелдүүлүктүн жашыруун сыры»

Кыргызстандын аймагында орун алган америкалык авиабаза менен

байланышкан эле.

Heartlandдин чеке белинде жайгашкан Кыргызстандын аймагында

АКШ куралдуу күчтөрүнө таандык базанын орун алышы Heartlandдин

кожоюну болгон Орусиянын тынчын алып, аталган проблема бир канча жолу

мамлекеттер аралык дискуссиялардын предметине айланган. Эске сала

кетсек, 2005-жылы эле ШКУнун (ШОС) чегинде Борбор Азия

республикаларынын, айрыкча, Кыргыз Республикасынын, бийликтерине

алардын территориясында орун алган америкалык аскер бөлүктөрүнүн калуу

мөөнөттөрүн так кесе аныктоо тууралуу чечим кабыл алынган. Бирок, 2009-

жылдын февраль айында Бишкек бийликтери бул чечимди «эстен чыгарып»,

америкалык базага карата эч кандай тийиштиктерди кылган эмес.

Ошол учурда кыргыз бийлиги Москвадан көп өлчөмдөгү насыяны

(кредитти) каалап жаткандыгын президент Курманбек Бакиев жашырган

эмес. Д. Медведев менен болгон сүйлөшүүлөрдөн соң өткөрүлгөн пресс-

конференцияда К. Бакиев республиканын өкмөтү Кыргызстандын

Page 216: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

216

аймагындагы америкалык аскерий базаны жабуу тууралуу чечимди кабыл

алганын билдирген250.

Москвада өткөн сүйлөшүүлөрдөн соң кыргыз бийлиги айткан сөзүн

кылган иши менен бекемдейт деген ишеним жаралган. 2009-жылдын 9-

февралында Кыргызстан парламентинин коргонуу, коопсуздук, укук тартиби

жана соттук-укуктук реформалар боюнча Комитети америкалык авиабазаны

өлкөдө жайгаштыруу тууралуу АКШ менен болгон макулдашууну

денонсациялоону жактырган251.

2009-жылдын 19-февралында Кыргызстандын бир палаталуу

парламенти АКШ менен болгон келишимди денонсациялоо тууралуу

чечимди кабыл алган. Келишимди бузуу тууралуу мыйзамдын долбоорунан

антитеррористтик коалициянын Австралия , Дания, Жаңы Новой Зеландия,

Италия, Испания, Корея, Нидерланддар, Норвегия, Польша, Түркия жана

Франция сыяктуу калган катышуучу мамлекеттер менен болгон

келишимдерди бузуу тууралуу мыйзам долбоорлорун жараткан252.

2009-жылдын 20-февралында Курманбек Бакиев бул мыйзамга кол

койгон253.

2009-жылдын 6-мартында бардык макулдашуулар толугу менен

денонсацияланып254, 2-апрелде ага ылайык келген мыйзам бекитилген255.

2009-жылдын 2-июнунда Астана шаарындагы жолугушууда

Афганистандын Казакстандагы элчиси Афганистандын Президенти Хамид

Карзайдын Афганистанды калыбына келтирүүгө жардам берүү, АКШнын

«Манас»тагы аскерий базасы жана Антитеррористтик коалиция тууралуу

сунуштарын Кыргызстандын элчисине билдирген256.

2009-жылдын 22-июнунда Кыргызстан менен АКШ «Манас»

авиабазасын эл аралык «Манас» аэропортундагы транзиттик жүктөрдү ташуу

Борбору болуп кайра өзгөртүү тууралуу макулдашууга кол коюшкан.

Кыргызстандын территориясы боюнча транзиттик жүктөрдү ташуу борбору

жыл сайын Кыргыз Республикасынын бюджетине 60 млн АКШ долларын

төлөп турууга милдеттендирилген.

Page 217: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

217

2009-жылдын 23-июлунда Кыргызстандын президент шайлоо болуп

өтүп, Курманбек Бакиев 2-президенттик мөөнөткө шайланган. Сөз болуп

жаткан президенттик шайлоо учурундагы башкы интрига «Манастагы»

авиабаза менен тыгыз байланышкан. Эске салсак, ушул эле жылдын февраль

айында Курманбек Бакиев америкалык базаны өлкөнүн аймагынан чыгарууга

даяр экендигин билдирген. Көпчүлүк аны Орусия Кыргызстанга берген

финансылык жардам менен байланыштырышкан. Кыргыз бийлигинин

мындай кадамына Вашингтон кечиктирилбестен жана кескин формада жооп

берген. Бирок, К. Бакиевдин компромисске келбеген сөздөрүнөн

айырмаланып, расмий Бишкек өз элпектигин көрсөтөт да, 22-июнда АКШ

менен Кыргызстан Өкмөттөрүнүн ортосунда кызматташтык тууралуу

макулдашууга кол коюлган. Бул макулдашуу боюнча аскерий авиабаза

транзиттик жүк ташуулар Борбору болуп өзгөргөн. Макулдашууда АКШ

Бишкектеги транзиттик жүк ташуу Борбору аркылуу Афганистанга бир гана

гуманитардык жүктөрдү ташый тургандыгы тууралуу айтылгандыктан, бир

караганда, мурдагы аскерий авиабаза менен азыркы транзиттик жүк ташуу

борборунун ортосундагы айырма бир кыйла эле маңыздуу. Бирок,

макулдашууну үңүлө карап, окуп, үйрөнө турган болсок, анда мурдагы

«Манас» авиабазасы менен азыркы транзиттик жүк ташуу борборунун

ортосунда эч кандай айырма жок. Айтсак, америкалыктар менен түзүлгөн

макулдашууда АКШнын куралдуу күчтөрүнө таандык болгон, же алар

тарабынан пайдаланып жаткан аба кемелери кыргыз тараптан текшерилүүгө

тийиш эмес. Мындан сырткары, транзиттик жүк ташуу борборуна мурдагы

аскерий авиабазанын бардык инфраструктурасы берилип, анын персоналы

болуп мурдагы эле кол тийбестик статусуна ээ НАТОнун аскерий

кызматкерлери калышкан. Ушундай формасы өзгөрүп, мазмуну мурдагыдай

эле калган трансформация үчүн Кыргызстан жыл сайын төлөнүүчү аренда

төлөмү түрүндө мурдагыдай 17,5 миллион АКШ долларын эмес, 60 миллион

АКШ долларын ала баштаган. Мындан сырткары, АКШ экономикалык

өнүгүүнүн кыргыз-америкалык фондун түзүү үчүн 20 миллион АКШ

Page 218: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

218

долларын, аркотрафик менен күрөшүү үчүн 21,5 миллион АКШ долларын,

терроризм менен күрөшүү үчүн дагы 10 миллион АКШ долларын бөлүп

берген. Натыйжада, аталышын гана өзгөрткөн америкалык авиабаза

Кыргызстанда калуу укугуна ээ болгон.

Уят-сыйытты жыйыштырып коюп эле америкалыктар айрым кыргыз

аткаминерлери менен коррупциялык ишмердиктерге активдүү катыша

баштаган. Айтсак, «кызгылтым түстүү революциядан» соң Кыргыз

Республикасынын Генералдык прокуратурасы НАТО базасы үчүн сунуш

кылынган күйүүчү май тууралуу кылмыш-жаза ишин козгогон. Транзиттик

жүк ташуу Борбору деген жаңы аталышка ээ болгон Бишкектеги америкалык

авиабазаны күйүүчү май менен камсыз кылган негизги фирмалар болуп

Лондон шаары менен Гибралтар жарым аралында каттоодон өткөн Red Star

Enterprises Limited жана Mina Corp Limited компаниялары эсептелишкен.

Аталган фирмалар Орусиядан келген күйүүчү майды экс-президент К.

Бакиевдин кичүү уулу Максимге таандык болгон алты кыргыз фирмасынан

сатып алып турган.

Трансферттик ишмердиктеги шылуундуктун масштабдарын

төмөндөгү бир эле факттан байкоого болот: ай сайын транзиттик жүк ташуу

борбору өзүнүн аба кемелери үчүн болжол менен 47 млн. литр күйүүчү май

керектеген. Эл оозундагы имиштерге жана массалык маалымат

каражаттарындагы маалыматтарга караганда Бакиевдердин кланы жалпы

жонунан жылына 100 млн. доллар өлчөмүндөгү кирешеге ээ болуп турган.

Бул сумманын ичинде америкалыктардын үлүшү канча экендиги алигиче

белгисиз.

2011-жылдын 18 мартында Бишкек шаарында кыргызстандык

«Манас» мамлекеттик күйүүчү-май куюучу комплекси менен орусиялык

«Газпромнефть-Аэро» ЖАКунун ортосунда кыргыз-орусиялык

«Газпромнефть-Аэро-Киргизстан» чектелген жоопкерчиликке ээ коому

(общество с ограниченной ответственностью – ООО) формасындагы

Page 219: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

219

биргелешкен ишкананын учредителдик документтеринин пакетине кол

коюлган.

Жогоруда аты аталган кыргыз-орусиялык биргелешкен ишкана

Бишкектеги эл аралык аэропортто жайгашкан Пентагондун транзиттик жүк

ташуулар Борборун авиа күйүүчү майлары менен камсыз кылуу максатында

түзүлгөн. 2011-жылдын февраль айынын башында Кыргызстан америкалык

тарап менен авиабазанын керектөөлөрү үчүн күйүүчү майдын 50%дан аз

эмес бөлүгүн өзү камсыздаары тууралуу макулдашууга кол койгон. Бул

макулдашуу боюнча кыргыз тарап авиа күйүүчү майлары менен ким

камсыздаарын «өзү аныктоо укугуна ээ» болгон257.

2012-жылдын март айында Кыргызстандын Өкмөтүнүн чөйрөсүндө

«Манастагы» америкалык базаны Катар мамлекетинин транзиттик жүк ташуу

борборуна трансформациялоо тууралуу расмий эмес маалымат тараган258.

Манастагы транзиттик жүк ташуу борбору экстерриториалдуулук

укугуна ээ болгон. 2006-жылдын 15-декабрында Кыргызстандын парламенти

америкалык аскерий базанын өлкөдө жайгашуу шарттарын кайра карап

чыгууну жана америкалык аскерий кызматкерлерди кол тийбестиктен

(иммунитеттен) ажыратууну талап кылышат. Өкмөттөр аралык макулдашуу

боюнча АКШнын аскерий кызматкерлери кол тийбестикке (иммунитетке) ээ

эмес, бирок, укук бузуулар болгон учурда алар Кыргызстандын эмес,

АКШнын юрисдикциясына туш болушат. Кыргыз парламентинин жогорудай

талабына 2006-жылдын 6-декабрында аэродромдогу өткөрүүчү пунктта

Кыргызстандын жараны Александр Ивановдун америкалык аскерий

кызматкер тарабынан өлтүрүлүшү себеп болгон. Мас абалындагы

америкалык аскерий кызматкер Закари Хэтфилд өткөрүүчү пунктта өз

кезегин күтүп турган кыргызстандык айдоочуну 2 жолу атып, өлтүргөн.

Америкалык жоокердин айтымында А. Ивановду өлтүрүүгө анын жүк

ташыган машинасынан табылган бычак эсептелген259. Аскер кызматкерин

«жазалоо» максатында аны АКШга кайтарышат. Ал жерде аскер

кызматкеринин ишин караган присяжныйлар соту аны күнөөсүз деп табат260.

Page 220: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

220

2010-жылы «Манастагы» транзиттик жүк ташуу Борборунун

Кыргызстандын экономикасына кошкон жалпы салымы 123,5 млн. АКШ

долларын түзгөн. Бул суммага төмөнкүлөр кирген:

республиканын өкмөтүнө төлөнгөн төлөмдөр;

«Манас» аэропортуна төлөнгөн төлөмдөр;

америкалык тараптын гуманитардык жардамга кеткен

чыгымдары.

«Манастагы» транзиттик жүк ташуу Борбору базанын тегерегинде

жайгашкан мектептердин, жаратылыш коруктарынын (заповедники),

маданий борборлордун иштерин, ирригациялык каналдарды каржылоо,

эмдөө максатындагы ийне саюу (прививки) кампанияларын өткөрүү сыяктуу

бир топ масштабдардыгы гуманитардык жардамды көрсөткөн. Айтсак,

«Транзиттик жүк ташуу Борбору Чүй областынын Раздольная айылындагы

мектепти ремонттоого 295 миң АКШ долларын бөлүп берген. Ремонттолгон

мектепти ачуу салтанатын транзиттик жүк ташуу Борборунун директору,

полковник Джеймс Якобсон жана АКШ элчилигинин кызматкери Дэвид

Маккормик ачышкан. Полковник Якобсон АКШ кадам сайын

Кыргызстандын меймандос эли менен узак мөөнөттүү достук

кызматташтыгын уланта бермекчи деп билдирген.

Мектептин ремонтун жергиликтүү кыргыздар гана аткарган эмес.

Ремонт ишине 376-й эскадрильядагы америкалык сержант Тим Эббенс

активдүү катышкан. Ал мектептин чатыры менен суу агуучу түтүктөрүн

ремонттогон».

«Транзиттик жүк ташуулар Борборунун директору Бишкектеги Хаятт

мейманканасында жайгашкан жергиликтүү Ротари-клубдун жума сайын

өтүүчү отурумуна катышты. Полковник Джеймс Якобсон жергиликтүү

бизнес-лидерлерге базанын жетекчилиги 2012-жылы жалпы суммасы 700

АКШ долларын түзгөн 9 гуманитардык долбоорду даярдап жаткандыгын

билдирди. Аталган суммадан 100 миң АКШ долларына кыргыз мектептери

үчүн окуу куралдары сатылып алынмакчы. Америкалык тараптын

Page 221: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

221

каражатына Бишкектеги аэропорттун учуучу-конуучу тилкесинин 1000

метри алмаштырылган. Ошондой эле полковник Джеймс Якобсон отурумга

келгендерге транзиттик жүк ташуу Борбору эми кыргыз-орусиялык

биргелешкен «Газпромнефть-Аэро-Кыргызстан» ишканасынын жаңы

өнөктөшү болуп саналат деп билдирип, АКШ менен Кыргызстандагы эки

демократия мындан ары да жемиштүү кызматташтыкты уланта берээрин

ишендирди»261.

Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын окмоту менен Тундук

Атлантика Уюмунун ортосунда Кыргыз Республикасынын териотиясы

аркылуу Эл аралык кучтордун автомобилдик жана темир жолго тиййиштуу

жукторун транзит катарыалып отууго комоктошуу тууралыы 2012- жылдын

22- декабрында Чикаго шаарындагы келишими тузулгон. 13- март 2013-

жылы КР окмоту тарабынан №129 токтомунун негизинде бул келишимди КР

Жогорку кенеши 20- июнь 2013- жылы ратификациялап, президент А.

Атамбаев мыйзамга кол койгон. (Жогорку Кенештин Архиви пост. №3218-3283, 214-216-стр,

216л. Дело: №01-2.)

Айтылгандардан төмөнкүдөй корутундулар чыгарылды:

1. 1992-2001-жылдар аралыгында өз ара кол коюлган келишимдер

аркылуу түптөлгөн байланыштар 2001-жылдын 11-сентябрында Нью-Йорк

шаарындагы Бүткүл дүйнөлүк соода борборунда болуп өткөн каргашалуу

окуядан соң гана экономикалык жана аскерий кызматташтык үчүн

стратегиялык мааниге ээ боло баштаган. Эки өлкөнүн жетекчилери бирдей

байланыштарга стратегиялык деген түшүндүрмө берүүгө өтүшкөн.

Жалпысынан алганда, 2001-жылдан кийин АКШнын постсоветтик Борбор

Азия багытындагы, анын ичинде Кыргызстанга жасаган саясатында

экономикага жана аскерий өнөктөштүккө басым жасоо күчөгөнү байкалат.

2. Кыргызстандын территориясына америкалык базаны

жайгаштыруунун башкы шарты болуп АКШ тарабынан Борбор Азия

чөлкөмүндөгү стабилдүүлүктү сактоо жоопкерчилигин өз мойнуна алуусу

эсептелген. Чындыгында эле постсоветтик кыргыз элитасы үчүн АКШнын

Page 222: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

222

Афганистандагы аскерий операциялары Талибан кыймылынын негизги

күчтөрү менен инфраструктураларын талкалап, Кыргызстандын тышкы

коопсуздугуна тике таасир эткен жагымсыз факторлорду четке кагат деген

үмүттү жараткан.

3. Транзиттик жүк ташуулар борборунун башкы милдети болуп

Афганистанга жана Афганистандан C-17 аскердик-транспорттук самолёттору

менен пассажирлерди жана жүктөрдү аба жолу аркылуу ташуу, ошондой эле

Афганистандын аба мейкиндигинде KC-135 май куюучу самолеттору менен

абада туруп адамдарды жана жүктөрдү ташыган самолетторго май куюу

эсептелген. Ошентип, «Манас» авиабазасы «Талкалангыс эркиндик»

операциясы үчүн негизги аэромобилдик борбор болуп калган.

4. Аскерий өнөктөштүктүн акыркы этабы 2005-жылдан кийинки

доор болуп саналат. Кыргызстан-АКШ экономикалык жана аскерий

кызматташыгы 2005-жылдан кийин институционалдашуу формасындагы

нукта өнүгө баштаган. Расмий тараптар үзгүлтүксүз жолугуп, узак мөөнөттүү

чечимдерди кабыл алышкан. Эки өлкөнүн ортосундагы географиялык

узактык жана соода көлөмүнүн аз экендигин эске алына турган болсок, анда

ортодогу байланыштарды стратегиялык деп баалоо канчалык максатка

ылайык экенин түшүндүрүү зарыл. Тактап айтканда, Түркия-АКШ

мамилелери, өзгөчө экономика жана соода жаатындагы байланыштар,

аскерий өнөктөштүк АКШ мамлекети постсоветтик Борбор Азия

мамлекеттерине, анын ичинде Кыргызстанга чыныгы модель боло тургандай

деңгээлде өнүгүп келди деп терең ишенебиз. Бирок, албетте, жасала турган

иштер арбын, өзгөчө, соода көлөмүн толук потенцилдык деңгээлге жеткирүү

чечүүнү талап кылган маселеге кирет.

5. Кыргыз Өкмөтү өз аскерий базаларын Кыргызстанга

жайгаштырууга кызыкдар болгон Орусия менен АКШдан ири насыяларды

(кредиттерди) алууга ниет кылган. Орусиянын кысымы астында ал

америкалык базаны жабууну көздөсө да, капиталдын бийлигине «кыңк»

этпестен баш ийип, аны жүк ташуунун Транзиттик борбору деп өзгөртүп,

Page 223: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

223

АКШдан ижара (аренда) акысын кыска мезгилдин ичинде кескин көтөрө

алган.

6. Ар кыл объективдүү жана субъективдүү себептерден улам

Кыргызстандын К. Бакиев башында турган бийлиги НАТОнун Кыргызстанга

коңшу жайгашкан Афганистандагы аскерий миссиясы үчүн өзгөчө маанилүү

болуп саналган америкалык авиабазаны жабуу тууралуу өз чечимин четке

какканда Америка Кошмо Штаттары авиабаза үчүн төлөнгөн аренданы

кескин көбөйүшүнө аргасыз макул болуп, бул объекттин ичинде белгилүү

бир эрежелерди сактоо милдеттемесин моюндарына алышкан.

7. Кыргызстандын бир эле учурда эки супер державанын авиа

базаларын ачтырып иштетуусу кээ бир эл аралык эксперттер тарабынан

мактоого да арзыган. Алар Кыргызстан кичине мамлекет болгондугуна

карабастан тең салмактуу тышкы саясат жургузуп жатат деп белгилешкен.

8. Эсептөөлөр көрсөткөндөй, авиабазада жүргүзүлгөн операциялар

Кыргызстанга (өкмөт менен кыргыз бизнесине) жыл сайын 100 миллиондон

ашык АКШ доллары түрүндөгү кирешелерди алып келген. Айтсак, 2010-

жылы жаңы келишимге ылайык АКШ мамлекетинин Администрациясы

Кыргызстандын өкмөтүнө 60 млн. АКШ долларын төлөп берсе, эл аралык

«Манас» аэропорту аэропортко төлөнгөн төлөм, жердин арендасы катары

жыйналган 22 миллион АКШ доллары түрүндөгү каражатты тапкан. Бирок,

бул жерде 2009-жылы 2008-жылга салыштырмалуу тике чыгымдардын

суммасы 29 млн. АКШ долларына чейин өссө, 2010-жылы 2009-жылга

салыштырмалуу тике чыгымдардын суммасы 18 млн. АКШ долларына чейин

өскөнүн байкоого болот262.

§ 4.2 АКШ – Кыргызстандын ортосундагы саясий, гуманитардык кызматташуулардагы көйгөйлөр жана

келечектер

Көз карандысыздыктын 20дан ашуун жыл ичинде Кыргызстан,

Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикистан сыяктуу мурдагы

Page 224: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

224

советтик мамлекеттердин ортосундагы өз ара мамилелер менен алакалар өтө

татаал бойдон калууда. Суу, энергия, жол же чек ара маселелери боюнча

азыркы күнгө чейин чеке жылыткан кызматташтыктар жокко эсе. Бул

мамлекеттердин басымдуу көпчүлүгү талкалоочу мүнөзгө ээ диктатордук

башкарууга «кыңк» этпестен жашоого мажбур бойдон калууда.

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу жалпы саны 6 миллионду

түзгөн кыргызстандыктар өздөрүнүн саясий эркиндиктерин колдоо ишинде

постсоветтик Борбор Азияда болуп көрбөгөндөй каармандык көрсөтүп,

жемкорлукка белчесинен малынган президенттердин бийлиги менен келише

алган жок. 2005-жылдын март айындагы «жоогазын ыңкылабынын

(революциясынын)» натыйжасында 1990-жылдан бери бийликте туруп,

эбегейсиз зор байлыкты колуна топтогон президент Аскар Акаевдин бийлиги

кулаган263. 2010-жылдын апрелинде жалданып келген көзгө атаарлар Ак

үйдүн чатырынан туруп Бишкектин Ала-Тоо аянтына нааразычылык

көрсөтүүгө келген 85 адамды өлтүрүп, 1 000ден ашуун адамды жарадар

кылгандан соң264, А. Акаевден кийин бийликке келип, Кыргызстандын 2-

президенти болгон Курманбек Бакиев өлкөдөн куулган265. Чет өлкөлүктөр

үчүн Кыргызстан туруксуздук менен баш аламандык үстөмдүк кылган

алааматка окшош болсо да, республикада саясий жана экономикалык мыкты

системанын үрөнү себилген эле.

Эки ыңкылаптын көрүнүктүү жана активдүү өкүлү катары алгач

Кыргызстандын ЖОЖдорунда окутуучу, андан соң 1989-1991-жылдары

СССРдин тышкы иштер министирлигинде кызмат өтөп, көз карандысыз

Кыргызстандын тышкы иштер министри болуп 2 жолу дайындалган,

Кыргызстандын АКШ менен Улуу Британиядагы элчиси болуп иштеген,

кийин президенттер А. Акаев менен К. Бакиевди авторитаризмди түзгөн,

жемкор жана компетенттүү эмес деп айыптап, оппозициялык кыймылга

жетекчилик кылган Роза Отунбаеваны атоого болот. Р. Отунбаева Кыргыз

Республикасынын 3-президенти, постсоветтик Борбор Азия

мамлекеттериндеги алгачкы аял президент катары тарыхта калган.

Page 225: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

225

2010-жылдын апрелинде бийликке келип, өтмө мезгилдеги убактылуу

президент катары 1,5 жыл гана иштеп, 2010-жылдын июнь айында Ош

шаарында болуп өткөн масштабдуу кандуу окуяларга карабастан, 2011-

жылдын ноябрь айына чейин Р. Отунбаева өлкөнү супер президенттик

системадан парламенттик системага өткөрүү боюнча конституциясын кайра

жазып, бул багытта алгач референдум, андан соң президенттик шайлоону

ийгиликтүү өткөргөн.

Саясий реформалардын мындай интенсивдүү графиги постсоветтик

Борбор Азия мамлекеттеринде мурда, кийин болгон эмес. «Ошол оор

мезгилдерде АКШ жана Батыш мамлекеттери бизге жардамга келген жок», -

деп Р. Отунбаева кейиштүү эскерет. «Менин жеке пикиримче, башка

постсоветтик Борбор Азия мамлекеттеринен айырмаланып, биздин өлкөдө

мунай, же газ жок болгондуктан улам, же болбосо, өлкөбүз өтө эле

кичинекей болгондуктан, алар бизге кайдыгер, ал тургай, апатия менен

мамиле кылып коюшту», - деп өз сөзүн толуктайт

Андан соң Р. Отунбаева постсоветтик Борбор Азия

мамлекеттериндеги диктатуралык, авторитардык жана бийликти

урпактарына мураска калтыруу менен байланышкан стандарттарга

коошпогон иш жасап, бийлигин кийинки президентке тынчтык жолу менен

өткөрүп берип, коомдук иштерге өтүп кетти. Борбор Азиядагы башка

режимдер алгач Р. Отунбаева акылдан айныды деп эсептесе, андан соң ал

бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүү тажрыйбасынан чочулай

башташкан. Ошол себептен, Кыргызстандагы саясатчы айымдардын бири

Асия Сасыкбаева мындай дейт: «Эми алардын (постсоветтик Борбор Азия

мамлекеттеринин – Б. А.) бизге болгон кызыгуусу мурдагыдан да артып,

демократия менен байланышкан эксперимент канчалык деңгээлде

ийгиликтүү болоор экен деп бизге тике байкоо жүргүзүүгө өтүштү»266.

2010-жылы болуп өткөн парламенттик шайлоого 29 партия, ал эми

президенттин кызматына 80ден ашуун кандидат ат салышып, акыркы 3 жыл

ичинде эле 2 коалициялык өкмөт таркатылгандыктан, айрым Батыш

Page 226: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

226

өлкөлөрүнүн дипломаттары менен жергиликтүү саясатчылар мурдагыдай эле

Кыргызстанда ооздукталбаган хаос өкүм сүрүүдө деген пикирде.

Диссертациянын мурунку баптарында айтылгандай, Кыргыз

Республикасынын тышкы саясаты көп векторлуулугу менен айырмаланат.

Кыргызстан АКШ, Европа Шериктештиги, Орусия Федерациясы, Кытай

жана ислам дүйнөсү сыяктуу дүйнөлүк бардык күч борборлору менен

прагматикалуу мамилени сактап калууга умтулат. 2014- жылдын декабрь

айындагы президент Алмазбек Атамбаевдин Сауд Арабия, Бириккен Араб

Эмирликтери жана Катарга жасаган иш сапарын буга далил катары

корсотууго болот. Республиканын мындай ниети анын саясий, экономикалык

жана маданий-этникалык өз ара алакасында ачык байкалат. Көп улуттуу өлкө

болуп саналган Кыргыз Республикасы дүйнөнү саясий жана маданий көп

түрдүүлүк катары кабыл алууга даяр.

Ошондой болсо да, акыркы жылдардын практикасы көрсөткөндөй,

саясий кызматташтыкта Кыргыз Республикасы АКШ баштаган Батыш

мамлекеттерине караганда Орусия Федерациясы менен постсоветтик

геосаясый мейкиндикке бир кыйла боор тартып турат. Өзү салттуу түрдө

таасир көрсөтүп келген Орусия Федерациясы КМШ аймагындагы бир катар

мамлекеттер аралык бирикмелердин ишине локомотив болуп келет. КМШ

аймагында чөлкөмдүк кызматташтык кеңейип, атайы адистештирилген

уюмдардын саны өсүүдө. Айтсак, коллективдүү коопсуздук тууралуу

келишимдин Уюму (ОДКБ) бир катар постсоветтик өлкөлөрүнүн, анын

ичинде, Кыргыз Республикасынын, ири алдыда, аскерий чөйрөдө өз ара

алакалашуусун камсыз кылган бирикме болуп саналат. Евразиялык

экономикалык жамаат КМШ аймагындагы финансылык жана экономикалык

интеграциянын проблемаларын чечүүгө багытталган. Мындай эл аралык

түзүмдөр постсоветтик геосаясий мейкиндиктин сыртына да чыгып кеткен

учурлар бар. Анын ачык мисалы катары Орусия Федерациясы, Кыргызстан,

Казакстан, Өзбекстан, Тажикистан сыяктуу 5 постсоветтик мамлекеттен

Page 227: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

227

сырткары, Кытай Элдик Республикасы да кирген Кызматташтыктын Шанхай

уюмун атоого болот.

Кыргыз Республикасынын АКШга караганда Орусия жана Кытай

менен жакындашуусунун себептери катары төмөнкүлөрдү атоого болот:

Орусия Федерациясы НАТО менен Еврошериктештиктин

беделин түшүрүү максатында постсоветтик Борбор Азия анын эрежелерине

баш ийип, ал эми Кыргызстан болсо Евразиялык экономикалык жамааттын

Бажы союзуна кирүү тууралуу макулдашууга кол коюусу абзел экендигин

мажбурлоо менен киргизилди. Эгерде Кыргызстан Орусиянын мындай

сунушунан баш тарта турган болсо, анда Москва кысымды дагы күчөтүп,

мурда өзү Кыргызстанга кредит түрүндө берген жүз миллиондогон АКШ

долларын кайтарууну талап кылып, Орусияда иштеп жүргөн бир миллиондон

ашык кыргыз гастарбайтерлерин мекенине мажбурлуу кайтууга аргасыз

кылмак.

Ошол эле мезгилде постсоветтик Борбор Азиянын, анын ичинде

Кыргызстандын мунай, газ, суу энергиясы жана пайдалуу кендерди казуу

жана иштетүү чөйрөсүндө Кытай мамлекети уламдан улам өз позициясын

чыңдоодо. Борбор Азияда КЭР менен тышкы соода 2002-жылы 1 миллиард

АКШ доллары болсо, 2012-жыл бул көрсөткүч 36 миллиард АКШ долларына

жетип, кытай жумушчулары, фермерлери жана ишкерлери Борбор Азия

чөлкөмүн каптап келе жатат267.

2014-жылдын башында постсоветтик Борбор Азия мамлекеттеринин

гүлдөп-өнүгүүсүнө, бул чөлкөмдү террористтик коркунучтардан,

баңгичиликтен, этностор аралык жана территориалдык жаңжалдардан

куткарууну каалаган АКШнын Мамлекеттик департаментинде жогорку

постторду ээлеген демократ аткаминерлери, айтсак, Кыргызстандын

жетекчилиги менен АКШнын Мамлекеттик департаментинин чиновниги

Фатема Сумар, ошондой эле баңги заттарын эл аралык деңгээлде мыйзамсыз

айландыруу менен күрөшүү уюмунун жооптуу кызматкери Кэролл Перез,

Кыргыз Республикасынын борбор шаары Бишкекке визиттер менен ат

Page 228: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

228

тезегин кургатпай, арбын келе баштаган. Ушул эле мезгилде Кыргыз

Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев Вашингтондон келген

эмиссар, башкача айтканда, АКШнын Мамлекеттик департаментинин

Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Ниша Десаи Бисвал айым

менен жолугушкан. Расмий маалыматтар боюнча кыргыз президенти Ниша

Десаи Бисвал айым менен эки мамлекет ортосундагы «өз ара кызыгууну

жараткан чөйрөлөрдөгү актуалдуу маселелерди» талкуулаган. Ошондой

болсо да Алмазбек Атамбаев Бишкек бийлиги «өздүк улуттук

кызыкчылыктарды эске алуу аркылуу гана Вашингтон менен кызматташтык

жүргүзөөрүн» баса белгилеп, америкалык тараптын кубаттоосу менен

кубануусун жарата алган эмес.

Борбор Азия чөлкөмүнүн башка мамлекеттери сыяктуу эле Кыргыз

Республикасынын расмий бийлигинин стратегиялык кызыкчылыктары

америкалыктардын жана анын НАТО боюнча өнөктөштөрүнүн Евразиядагы

максаттары жана милдеттери менен дал келет деп айтуу бир кыйла кыйын.

Мындай чечкиндүү күмөн саноолорго Ниша Бисвал айымдын Бишкек

шаарындагы HYATT мейманканасындa жергиликтүү өкмөттүк эмес уюмдар

жана жарандык түзүмдөр менен болгон жолугушуусунда америкалык

дипломатия үчүн кадыресе ишке айланып, расмий бийликти республикада

«адам укуктарын сактоо жана демократиялуу кайра түзүүлөрдү өткөрүү»

багытындагы «мажбурлоого» багытталган жолугушуусу күбө боло алат.

Евразия өлкөлөрүнө белгилүү болгон кыргыз политологу Марс

Сариев Вашингтондун Борбор Азияга болгон дипломатиялык каптап кирүүсү

Пентагондун аскерий базасын Манастан чыгаруу менен гана эмес, Борбор

Азия чөлкөмүндө Орусия менен Кытайдын саясий жана экономикалык

позициялары менен таасиринин күч алышы, ошондой эле АКШнын Украина

багытындагы геосаясий далалаттарынын ишке ашпай калуусу менен да

түшүндүрүүгө болот. М. Сариевдин пикиринде, теңирден тескери иш болуп,

Крымдын Украинадан бөлүнүп, Орусияга кайра кошулуу процессине Киев

шаарындагы русофобиялык жана антисемиттик оппозицияга таянган

Page 229: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

229

вашингтондук саясатчылардын Орусиянын кыжырына тийип, Украинаны

НАТО менен Еврошериктештикке киргизүү далалаты зор таасир эткен268.

Ушул эле Марс Сариевдин көз карашында вашингтондук

дипломатиянын Кыргызстан менен постсоветтик Борбор Азиянын башка

мамлекеттериндеги оппозицияга, айрыкча, анын ачыктан ачык эле өзүн

«проамерикалык канат» деп аталган бөлүгүнө багыт алышы логикалык

жактан айтпаса да түшүнүктүү. Вашингтондун пикиринде Кыргыз

Республикасында «демократиялуу кайра түзүүлөрдүн» жетишээрлик резерви

бар жана бул резервди «бийликти кезектеги алмаштыруу» жана мамлекеттик

башкарууну оппозициядагы «ишенимдүү адамдардын» карамагына өткөрүп

берүү менен гана толугу менен ишке ашурууга болот. Анткени,

америкалыктардын көшөргөндүк менен жасаган далалатына карабастан,

Алмазбек Атамбаевдин режими Орусия, Белоруссия жана Казакстандын

башын бириктирген Бажы биримдиги менен кызматташууну гана

өнүктүрбөстөн, Украина маселесинде так кесе байкалган «проорусиялык

позицияны» ээлеп калган. Албетте, адам укуктары үчүн «күрөшкөн»

америкалыктар үчүн Бишкек бийлигинин мындай кадамдары минимум

дегенде эле «антидемократиялуу» болуп кабыл алынат.

Ошентип, жергиликтүү эксперттердин пикири боюнча АКШнын

Мамлекеттик департаментинин өкүлдөрүнүн Бишкекке байма бай каттай

баштоосу протоколдук программада расмий көрсөтүлгөн максаттан

сырткары, Кыргызстанда жерде жаңы калыптанып, Кыргыз

Республикасындагы кезектеги, катары боюнча үчүнчү болуп саналган,

чынжырлуу реакция принциби боюнча бүткүл постсоветтик Борбор Азия

чөлкөмүнө жарылып кетүүгө жөндөмдүү геосаясий мүнөз күткөн

мамлекеттик төңкөрүшкө кыймылдаткыч күч боло алуучу «жаңы

оппозицияга» океан артынан келген колдоону көрсөтүү максатын да көздөп

жатканы дароо көзгө урунат. Америкалыктар өздөрүнүн Афганистандагы

негизги аскерий күчтөрүн толугу менен чыгарып кете электен мурда, Борбор

Азияга евразиялык интеграциялык күчтөр орун-очок ала элек кезде

Page 230: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

230

постсоветтик Борбор Азияга өздүк аскерий-стратегиялык позицияларын

«чыңдап алууга» шашып жаткандай таасир жаралат. Ошол себептен, 2014-

жылдын башында Бишкек шаарында кыска мезгилдин ичинде эле Улуттук

оппозициялык кыймыл (УОК) түзүлүп, анын формалдуу лидери болуп

республикага проамерикалык көз караштары менен жакшы таанымал болгон

саясатчы Равшан Жээнбеков дайындалган.

Мындай түрдөгү оппозициянын консолидациясы жакынкы келечекте

республиканы УОК – НОДдун күрөө тамырын түзгөн, жергиликтүү элге

чоочун болуп саналган Батыш «баалуулуктарын» таңуулаган, ошондой эле

расмий Бишкектин тышкы саясий ориентациясын радикалдуу өзгөртүүнү

каалаган айрым кыргыз саясатчыларын бийликке кайтарууну максат кылган

протесттик акциялардын кезектеги толкуну каптап кетиши ыктымал

экенинен эч шек туудурбайт.

Равшан Жээнбековдон сырткары, УОК – НОДдун курамына

өздөрүнүн антиорусиялык көз караштары менен белгилүү болгон депутат

Өмүрбек Абдрахманов, коргонуунун экс-министри Исмаил Исаков, Ош

шаарынын мурдагы мэри Мелисбек Мырзакматов, «Ата-Журт» партиясынын

мурдагы лидери Камчыбек Ташиев жана башка саясатчылар кирген. Бул

оппозициянын башкы максаты болуп өз колуна ашыкча бийликти топтоп

алган жана «өлкөнүн суверенитетин Кремлдин башкаруусуна өткөрүп берип

жаткан», ал эми коңшулар менен болгон территориалдык проблемаларды

чечүүдө чечкинсиздик жана конформизм көрсөткөн президент Алмазбек

Атамбаевдин ыйгарым укуктарын чектөө эсептелет.

«Жаңы оппозиция» республикада парламентаризмди чыңдоого,

демократияны орнотууга, бийликтин децентрализациясына жана

реформаларды өткөрүүгө чакырат. Жергиликтүү эксперттердин пикиринде

бул жерде кеп Киев шаарындагы «Евромайданга» барган учурда Р.

Жээнбековдун америкалыктар тарабынан алдын ала үйрөтүлүп койгон

популисттук ураандары тууралуу болуп жатат. Көрүнүп тургандай, өлкөнү

Page 231: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

231

өнүктүрүүнүн альтернативалуу стратегиясын убада кылгандан башка

оппозициянын ишмердигинде так кесе аныкталган конкретика жок.

Чындыгында эле Киевден келгенден соң «К-ньюс» деп аталган

жергиликтүү басмага берген интервьюсунда УОКдун лидери «евро

ориентациядагы саясатчылардын бири катары демократияны, башкаруунун

парламенттик формасын жактайм жана батыш тибиндеги мамлекетти куруу

ниетим бар»269, - деп ачык билдирген. Кыскартып айтканда, «элдик» депутат

Евромайданга барып, америкалык сенатор Джон Маккейн менен бирдикте

неонацисттик маанайдагы украиналык оппозицияны колдоп, Майдан

аянтындагы трибунадан чоочун мамлекеттин ички иштерине кийлигишип,

сөз сүйлөгөндөн кийин, Кыргызстандык чиновниктер оппозиция АКШнын

колдоосун алып, жаны ынкылаптын болуп кетүүсүнөн чочулашкан. АКШ

болсо тышкы саясатында Кыргызстан өз алдынча приоритет боло

албастыгын белгилөө менен Манас аба майданындагы транзиттик борбордун

жабылуу учурунда кийлигишпеген сымал, мындан арыда ички маселелерге

кийлигишпей тургандыктарын баса белгилешет.

Эгемендүүлүк жылдары АКШ өкмөтүнүн Кыргызстанга берген

гуманитардык жардамы. Кыргызстан СССРдин кулап калгандан кийин

башка постсоветтик олколордой эле экономикалык жана саясий оор

кундорду башынан откорду. Жалпы жонунан, постсоветтик Борбор Азия

республикалары колдорунан келишинче Советтер Союзун реформалоого

аракет кылып, бул мамлекет кулап калгандан кийин КМШнын ийкемсиз

механизмдерин иш жүзүнө ашыруу, аларды жаңы түзүмдөрдүн негизинде

өнүктүрүү далалаттарын кылышкан. Ошого карабастан, 1990-жылдардын

башында постсоветтик Орусиянын тунгуч президенти Б. Н. Ельциндин

жетекчилиги астында Москва болгон күчү менен жакырчылыктын сазына

батып, дагы деле болсо Орусияга таянаар тоо катары терең үмүт артып

турган Борбор Азия республикаларынан кутулуу максатында аларды өзүнүн

рубль зонасынан «сүрүп» салууга умтулган. Анын үстүнө, 1998-жылы астын-

Page 232: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

232

артын карабай эле Кыргызстандын Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (ВТО)

кирип кетиши анын Орусия менен экономикалык чөйрөдөгү алакаларын бир

кыйла татаалданткан.

Экономикалык кризистен абдан жапа чегип турган постсоветтик

Кыргызстанга алгачкылардан болуп жардам сунуш кылган мамлекеттердин

бири болуп АКШ эсептелген.

Америкалык жардам кантип, ким тарабынан жана кандай өлчөмдөрдө

берилет?

Жогоруда айтылгандай, эгемендүүлүк жылдары Кыргызстанга АКШ

өкмөтүнөн чоң көлөмдөгү жардамдар көрсөтүлүп келген жана көрсөтүлүп

жатат. Жалпы жонунан, америкалык өкмөттүк, анын ичинде гуманитардык

жардам, биздин өлкөгө «Эркиндикти колдоо акты» («Акт поддержки

свободы»), «Экспорттук тескөө жана чек аралардын коопсуздугу»

(«Экспортный контроль и безопасность границ»), ошондой эле АКШнын

Президентинин Администрациясы тарабынан жыл сайын АКШнын

Конгрессине бекитип берүү өтүнүчү менен сунуш кылынган башка

программалардын чегинде келип турат.

Эреже катары, америкалык жардамды каржылоо АКШнын

Мамлекеттик Департаментиндеги Европа жана Евразия өлкөлөрү боюнча

координатордун офиси, ошондой эле өз программаларын жер-жерлердеги

өкүлдөрү аркылуу ишке ашырган министирликтер жана ведомстволор

аркылуу калыптанат. Америкалык жардамдын негизги үлүшү АКШнын эл

аралык өнүгүү боюнча Агентствосу (ЮСАИД), коргоо Министирлиги, соода

Министирлиги, айыл чарба Министирлиги, юстиция Министирлиги, каржы

Министирлиги жана сооданы өнүктүрүү боюнча Агентство аркылуу ишке

ашырылат. Айтсак, 1992-жылдан баштап Кыргызстан АКШ мамлекетинин

айыл чарба Министирлигинин «Азык-түлүк прогресс үчүн»

(«Продовольствие ради прогресса») деп аталган программасынын чегиндеги

максаттуу гуманитардык азык-түлүк жардамын алган өлкөлөрдүн катарына

киргизилген. 1998-жыл боюнча бул программанын чегинде республикага

Page 233: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

233

бөлүнүп берилген азык-түлүктөрдүн жалпы наркы болжол менен 210 млн

АКШ долларын түзсө, 1999-жылы наркы 18 млн АКШ долларына барабар

болгон 70 миң тонна дан берилген. 2000-жылы АКШдан келген азык-түлүк

жардамы жалпы наркы 10 млн АКШ долларын түзгөн 60 миң тонна данга

чейин кыскарган270.

Ошол эле мезгилде АКШ мамлекети Кыргызстанда иштеген эл

аралык, өкмөттүк эмес жана жеке уюмдарга да грант түрүндөгү жардамдарды

берип турат. Мындай уюмдарга ПРООН, ОБСЕ, Миграция боюнча Эл аралык

Уюм (МОМ), Сорос-Кыргызстан Фонду ж. б. кирет.

Алынган тыянактар:

1. Эл аралык өнүгүүгө көмөк көрсөтүү АКШнын тышкы

саясатынын приоритеттүү багыттарынын бири болуп эсептелет. Бул өңүттү

калыптандырууда Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин «Маршаллдын

планы» деген аталыштагы Батыш Европанын согуштан жабыр тарткан

өлкөлөрүнө жардам берүү программасы өзгөчө маанилүү ролду ойногон.

1961-жылы АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча Агенттиги негизделген. Жыл

сайын АКШ мамлекети эл аралык өнүгүүгө көмөк берүү ишине федералдык

бюджеттин 0,5 %ын бөлүп турат. АКШнын жардамы Африка мамлекеттери

жана Сахарадан түштүк тарапта жайгашкан өлкөлөр, Азия, Европа жана

Евразия, Латын Америкасынын мамлекеттери, Кариб деңизинин бассейнинде

жана Жакынкы Чыгышта жайгашкан өлкөлөр сыяктуу дүйнөнүн 100

мамлекетине багытталган. Анын ичинде Кыргызстан да бар.

2. 1990-жылдардын башында «КМШ геосаясий мейкиндигинин

саясий да, экономикалык да, моралдык да талкалануу шарттарында»

Вашингтондун саясий жана экономикалык ресурстары постсоветтик Борбор

Азияга, анын ичинде, Кыргызстанга туруктуу жана комплекстүү саясий

таасир көрсөтүү үчүн дээрлик жетиштүү эле. Бирок, эгемендүүлүктүн

алгачкы он жылында постсоветтик Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан

АКШ мамлекети менен жанаша чек араларга ээ эмес болгондуктан,

Page 234: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

234

Вашингтон өзүнүн тышкы саясаты үчүн постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен

Орусия менен гана алакалашуу бир кыйла маанилүү деп тапкан.

Кыргызстанга болгон АКШнын гуманитардык көмөктөшүүсү

АКШ мамлекетинин постсоветтик Кыргыз Республикасына болгон

гуманитардык көмөктөшүүсү, ири алдыда, билим берүү чөйрөсү менен тыгыз

байланышкан. Мамлекеттер ортосундагы билим берүү чөйрөсүндөгү

кызматташтыктарды шарттаган негизги факторлор катары төмөнкүлөрдү

атоого болот:

1. Ааламдашуу процесси. Америка Кошмо Штаттары менен бир

кездерде СССРдин курамдык бөлүгү болуп, билим берүүнүн советтик

системасы калыптанган Кыргыз Республикасы жетишээрлик кубаттуу

илимий жана билим берүү потенциалына ээ мамлекеттерден болуп саналат.

Аты аталган өлкөлөр бул потенциалды өз каада-салттарына, маданий

өзгөчөлүктөрүнө, тарыхый өнүгүүнүн спецификасына ылайык келгендей

кылып өнүктүрүп келишкендиктен, АКШ менен постсоветтик Кыргыз

Республикасынын билим берүүсү жана илими бир катар чөйрөлөрдө бирин

бири толуктап турат десек жаңылышпайбыз. Ошол себептен, билим берүү

чөйрөсүндөгү кыргыз-америкалык кызматташтыкты жемиштүү жана өз ара

пайдалуу кылып өнүктүрүүгө объективдүү жана кеңири мүмкүнчүлүктөр

бар. Мындай маанайдагы кызматташтык эки өлкө ортосундагы айрым саясий

проблемаларды чечүү ишинде да маанилүү амортизатор боло алат деген

терең ишеничтебиз.

Заманбап доордо билим берүү рыногу глобалдык мүнөзгө ээ болуп

бара жатат. Ошол себептен, бүгүнкү күндө өз студенттерин чет өлкөгө

жибербеген, же чет өлкөлүк студенттерди окутуу максатында өздөрүнө

кабыл албаган, башка мамлекеттердин профессорлору жана

окутуучуларынын окуу-педагогикалык процессин уюштуруу багытындагы

бай тажрыйбасы менен алмашпаган, билим берүү инфраструктурасын

Page 235: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

235

түзүүдө эл аралык масштабда кызматташтыкты алып барбаган мамлекетти

табуу өтө кыйын.

АКШ менен постсоветтик Кыргыз Республикасынын ортосундагы

тыгыз кызматташтыктын болушуна заманбап билим берүүнүн өнүгүүсүндөгү

жалпы тенденциялар да түрткү болууда271. Глобалдык масштабдагы илимий

жана билим берүү рынокторунун калыптанышы, окумуштуулар менен

эксперттердин географиялык мобилдүүлүгүнүн кескин күч алышы,

салыштырмалуу изилдөөлөрдүн мурда болуп көрбөгөндөй дүркүрөп өнүгүшү

сыяктуу факторлор эл аралык илимий байланыштарды андан ары

өнүктүрүүнүн, ар кыл өлкөлөрдүн адистеринин өз ара алакалашуусунун өтө

эффективдүү механизмдерин иштеп чыгуунун зарылдыгын шарттоодо.

АКШнын озгочо жогорку окуу жайлары дуйно жузундо эн популярдуу

болуп, ири тажрыйбаларга ээ. Кыргызстан бул илим- билим тармагынан

пайдалануу учун студенттерге, илимий кызматкерлерге шарт тузуп беруусу

жана АКШ менен бул тармакта келишимдерди онуктуруусу абзел.

2. Экономикалык факторлор. 1991-жылдын 31-августунда

Кыргызстан көз каранды эмес мамлекет катары тарыхка кирген. Жаңы

мамлекет дароо эле саясий, экономикалык, социалдык, улуттук маанайдагы,

ошондой эле билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо

чөйрөлөрүндөгү кечиктирилбестен чечүүнү талап кылган бир катар

проблемалар менен бетме бет кездешет.

Эң курч проблемалардын бири болуп билим берүү чөйрөсүндө

түзүлгөн оор жагдай саналган. Пландык чарба менен тоталитардык саясий

мамилелердин чегинде ондогон жылдар бою жайбаракат жана бейкапар

мүнөздө калыптанган билим берүү системасы акырындык менен

демилгесиздик, инерттүүлүк, келечекке карай ойлонууга жөндөмсүздүк

сыяктуу бир катар терс сапаттарга ээ болуп кеткен эле. Социалдык-саясий

активдүүлүктүн кескин күч алышы жана рынок экономикасына тез арада

өтүү ниети мамлекеттик каржылоодо турган бардык мекемелер менен

уюмдарды оор абалда калтырган. Аталган реформалардын башында кароосуз

Page 236: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

236

калган билим берүү системасынын абалы кыйла оор болгону баарыбызга

белгилүү. Рынок шарттарында жан багууга болгон зарылдык бюджеттик

типтеги түзүм болуп эсептелген билим берүү системасын өз алдынча жана

мүмкүндүгүнө жараша акча табуу аракеттерин активдештирип, өзүндө

болгон ресурстарды колдон келишинче мобилдештирүүгө мажбурлаган.

Жогоруда аталган жагдайлардан улам эл аралык билим берүү

байланыштарын интенсивдүү калыптандырган жаңы мезгил башталган.

Натыйжада, билим берүү чөйрөсүндөгү эл аралык мамилелер менен

байланыштарды куруу жергиликтүү масштабдагы милдеттен биринчи

кезекте чечилүүгө тийиш болгон актуалдуу милдетке айланат. Ошол

себептен, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим

Министирлигинде тышкы байланыштар бөлүмү ачылып, ал 1999-жылдан

тарта тышкы байланыштар жана инвестициялар боюнча Борборго айланат.

Ошол эле мезгилде Кыргызстандын ар бир ири жогорку окуу жайында ошол

окуу жайга гана тиешелүү болгон эл аралык бөлүмдөр ачыла баштаган.

Билим берүү концепциясын талкуулоо менен «Билим берүү тууралуу

Мыйзамды» кабыл алгандан кийин билим берүү чөйрөсүндөгү эл аралык

мамилелердин прогрессине олуттуу таасир эткен өкмөттүк деңгээлдеги

«Билим» улуттук программасы272 менен «XXI кылымдын кадрлары»

президенттик программасы273 иштей баштаган.

Уламдан улам кеңейүү жана тереңдөө жолу менен студентттерди,

окутуучуларды жана окуучуларды эл аралык алмашуу системасы өнүккөн.

Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде (КМУУ) кыргыз-америка

факультети (КАФ) жана кыргыз-европа факультети (КЕФ), Кыргыз

мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде

(КМКТА-КГУСТА) кыргыз-араб жана кыргыз-орусиялык факультеттери,

Кыргызстандагы Америка университети (КАУ-АУК), Кыргызстандагы эл

аралык университет (КЭАУ-МУК), "Манас" жана "Ататүрк-Алатоо" деп

аталган кыргыз-түрк университеттери, Кыргыз-орус-славян университети

ж.б. биргелешкен окуу жайлар ачылган. Билим берүү секторуна Сорос,

Page 237: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

237

Евразия, ОПЕК, ЕС, ДЖАЙКА сыяктуу көп сандаган чет өлкөлүк фонддор

менен агентстволордун гранттары, МБРР, ЕБРР, АБР, ИБР, ВБ сыяктуу чет

өлкөлүк банктардын, АЙРЕКС, AKCEJIC, ПРООН, ЮСИС, ЮСИА,

ЮСАИД, DAAD, ДАНИДА, KOICA, БАТОРИ сыяктуу эл аралык

программалар менен уюмдардын каражаттары тартыла баштаган.

Постсоветтик Кыргыз Республикасы менен АКШнын билим

берүү жаатындагы кызматташтыктардын негизги приоритеттери.

Аталган мамлекеттердин билим берүү чөйрөсүндө жаңы калыптанып жаткан

эл аралык мамилелердин концепциясы төмөнкүдөй приоритеттерге таянат:

көп багыттуулук (многовекторность) – билим берүү

байланыштарында бир же бир нече чөлкөмдүн (региондун) өлкөлөрү менен

гана чектелбестен, жер планетасынын каалагандай чөлкөмүндөгү

(региондагы) каалагандай мамлекет менен контакттарды түзүп, жалпы

жонунан, бир дагы өнөктөш (партнер) өлкөгө ашкере баа бербөө;

ачыктык (открытость) – билим берүүдөгү эл аралык

байланыштарынын толук бойдон деидеологизациясы жана деполитизациясы,

каалагандай формадагы диалогду кабыл алуу, өз ара пайдалуу

кызматташтыкка басым жасоо;

прагматизм – билим берүүнүн эл аралык байланыштарында

финансылык, маданий жана экономикалык пайда көрүүгө, мамилелерди

ишкер негизде гана түзүүгө умтулууга так кесе басым жасалат;

рационалдуулук – чет өлкөлөрдүн билим берүүсүнүн улуттук

билим берүүнүн тарыхый калыптанган түзүмүнө (структурасына),

формасына жана практикасына адекваттуу маанайда ылайык келген

концепцияларын, методдорун жана элементтерин терең ойлонуу жана

сабаттуу интеграциялоого умтулуп, улуттук системага ылайык келбеген чет

элдик билим берүү технологияларынан чечкиндүү баш тартуу;

динамизм – көз карандысыздыкка жетишкенден кийин билим

берүүнү калыптандыруу боюнча токтоосуз, максаттуу жана жогору

Page 238: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

238

эффективдүү аракеттерди жасоону талап кылган шарттарда эл аралык

байланыштарын тез, толук кандуу жана кеңири түзүү;

демократиялуулук – өнөктөш (партнердук) мамилелерди тең

укуктуу, ачык-айкын, туруктуу жана конструктивдүүй платформада түзүү;

прогноздоо – келечекти алдын алууга умтулуу, илимий

маалыматтардын негизинде жакынкы келечекте билим берүү менен бул

чөйрөдөгү эл аралык мамилелерди өнүктүрүүнүн перспективалуу

магистралдык жолдорунун ар кыл варианттарын моделдөө.

Билим берүү чөйрөсүндөгү кыргыз – америка

кызматташтыгынын негизги натыйжалары. Билим берүү тармагындагы

кыргыз-америка кызматташтыгы бекем фундаментке жана көптөн үмүт

кылган перспективаларга ээ экендигин АКШ мамлекетине билим алуу

максатына кетип жаткан кыргызстандык студенттердин саны (1995-жылдан

тарта жылына 100 адамдан кем эмес студенттер), билим берүү тармагындагы

эки жактуу келишимдердин саны, жогорку окуу жайлар ортосундагы тике

контакттардын жыштыгы, 1993-жылы КМУУда кыргыз-америка

факультетинин (КАФ), 1993-жылы Кыргызстандагы Эл аралык

университеттин (КЭАУ-МУК) жана 1997-жылы Кыргызстандагы америкалык

университеттин (КАУ-АУК) ачылышы ачык далилдейт. Айтылгандардан

сырткары, кыргызстандык жаштар үчүн азыркы тапта билим берүүнүн

америкалык системасы дүйнөдөгү билим берүүнүн алдыңкы системасы

болуу менен катар эле билим берүүнүн өтө ийкемдүү, эффективдүү жана

беделдүү (престиждүү) система болуп саналат.

Билим берүү жаатында мамлекеттер ортосунда кол коюлган

негизги келишимдер менен макулдашуулар:

1. АКШ Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

ортосундагы Кыргыз Республикасындагы Тынчтык Корпусунун

ишмердигине карата түзүлгөн Макулдашуу (1992-жылдын 5-ноябры,

Вашингтон шаары)274;

Page 239: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

239

2. Кыргыз Республикасынын билим берүү Министирлиги менен

Америкалык коллегиалдык колледждер консорциумунун ортосундагы

«Чыгыш-Батыш» маданий жана академиялык алмашуу боюнча Макулдугу

(1993-жылдын, 20-апрели, Бишкек шаары)275;

3. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим

Министирлиги менен Миддлбери колледжинин алдындагы америкалык

колледждер Консорциумунун ортосундагы Макулдашуу (1995-жылдын 9-

ноябры, Бишкек шаары)276;

4. Кыргыз Республикасынын билим берүү Министирлиги менен

Сан-Франциско Университетинин ортосундагы кызматташтыктын Эл аралык

университетти уюштуруу боюнча Токтому (1992-жылдын 9-августу)277;

5. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим

Министирлиги менен илимий технология жана тил Институтунун (АКШ)

ортосундагы мамилелердин Токтому (1995-жылдын 29-июну)278;

6. Кыргыз мамлекеттик улуттук университет менен Индиана

штатынын университетинин (АКШ) ортосундагы Келишим (1992-жылдын 5-

октябры)279;

7. Кыргыз мамлекеттик улуттук университет менен Небраска-

Линкольн университетинин (АКШ) ортосундагы Меморандум (1993-жылдын

30-августу)280;

8. Кыргыз мамлекеттик улуттук университет менен Мэриленд

университетинин (АКШ) ортосундагы маданий жана билим берүү

жаатындагы алмашуу тууралуу Макулдашуу (1997-жылдын 11-июлу)281;

9. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин эл аралык билим

берүү программаларын интеграциялоо Институтунун (ИИМОП) Эл аралык

мамилелер бөлүмү менен Сиэтл университетинин (АКШ) ортосундагы

Макулдашуу (1998-жылдын 2-марты)282;

10. Кыргыз улуттук университети менен Лексингтон округундагы

Кентукки штатынын Мамлекеттик колледжинин (АКШ) ортосундагы илимий

Page 240: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

240

кызматташтык жана студенттерди алмашуу боюнча Меморандум (2004-

жыл)283 ж.б.

Кыргызстандагы Америка университети. Жогоруда айтылгандай,

1991-жылы Борбор Азия мамлекеттери көз карандысыздыкка жетип, аталган

чөлкөм эркин рынок менен демократиянын уламдан улам өзгөрүп бара

жаткан дүйнөсүнө карай өз алдынча кадам таштай башташкан. Ошол

себептен, чөлкөмдүн жаш муундары ачык коомдун шарттарында

экономикалык ресурстарга, маалыматка жана жеке эркиндикке кандай

мамиле кылуу зарылдыгы тууралуу өздүк көз караштарын калыптандырууга

өтүшөт. Мындай кардиналдуу өзгөрүүлөрдүн толкуну билим берүү

системасындагы жаңы идеяларга да негиз болуп калып, 1993-жылы Кыргыз

мамлекеттик улуттук университетинин (КМУУ-КГНУ) алдында бизнестин,

укуктун жана гуманитардык илимдердин кыргыз-америкалык факультети

(КАФ) түзүлгөн.

Кийинки бир нече жыл ичинде КАФ ушунчалык тездик менен өнүгүп,

анын ишмердигинин масштабдары КМУУнун факультетинин чегинен бир

кыйла чыгып кетип, өз алдынча окуу жайын түзүү зарылдыгын жараткан.

Ошол кезде Линкольндогу Небраска штатынын университетинин бир нече

беделдүү, кадыр-барктуу фулбрайттык профессорлору менен кызматкерлери

Кыргызстанга келип, өздөрүнүн кыргыз коллегаларына жардам берип, 1997-

жылдын 12-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Декретине

ылайык анча чоң эмес КУУнун кыргыз-америкалык факультети

Кыргызстандагы Америкалык университет (КАУ-АУК) болуп түзүлөт.

Университетке мурдагы СССРдин борбордук деп аталган эң мыкты жогорку

окуужайларын аяктаган адистер чакырылып, жаңы университетти башкаруу

үчүн көз карандысыз, көп улуттуу (интернационалдуу) попечителдердин

Кеңеши уюшулган.

Ошол мезгил үчүн жаңы болуп саналган академиялык чынчылдык,

академиялык эркиндик жана сынчыл ойломго ээ принциптерине таянган,

студенттер кызыгып билим алган, өз өлкөсү тууралуу ойлонгон, бул

Page 241: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

241

турмуштан өзү үчүн гана орун таппастан, жаңы жумушчу орундарын

максаттуу түрдө түзүүгө жөндөмдүү чынчыл, жогорку билимдүү адистерди

даярдаган КАУ-АУК кыска мезгилдин ичинде эле эркиндик менен сын көз

караштагы ойломдун принциптерине таянган университет катары эл аралык

таанылууга жетишкен. Борбор Азиядагы билим берүүгө болгон жаңыча

мамиле университетке 30дан ашуун өлкөлөрдүн окумуштууларын тарткан.

Университетти түзүү менен өнүктүрүүдө Кыргызстандын экс-

президенти Аскар Акаев жана анын администрациясы, АКШнын экс-вице-

президенти Альберт Гор жана анын офиси, АКШнын экс-биринчи ледиси

Хиллари Клинтон, АКШнын Кыргызстандагы экс-элчилери Айлин Меллой,

Энн Зигмунд жана айрыкча Джон О’Кифф, меценат Джордж Сорос жана

Каныбек Таджиев, Кубат жана Турат Шаршекеевдер, Шамиль Атаханов,

Болот Аргынов сыяктуу кыргыз бизнесмендери чоң роль ойногон.

2002-жылы университеттин миссиясы менен анын келечекке карай

таштаган кадамы мурунку чектерден чыгып, университеттин чөлкөмдүк

(регионалдык) маанисин ачык-айкын туюнта баштаганда, попечителдер

Кеңеши анын аталышын Борбор Азиядагы Америка университети (БААУ-

АУЦА) деп өзгөртүүнү чечишет. Ушул эле жылы америкалык өкмөт 10

миллион АКШ долларын бөлүп берүүнү жактырып (мында АКШнын

Кыргызстандагы экс-элчиси Джон О’Киффтин салымы зор), БААУнун

жетекчилигинин өтүнүчү боюнча университеттин андан аркы өнүгүүсү үчүн

депозит, же кепилдик эсеби катары Джордж Сорос дагы 5 миллион АКШ

долларын кошуп берип, университетке финансылык стабилдүүлүккө ээ болуу

үмүтүн белек кылышкан284. Натыйжада, КАУ тез аранын ичинде жана жеңил

эле БААУ болуп кайрадан каттоодон өткөн.

Университет түптөлгөн маалда бардык ишти жаңыдан үйрөнүүгө

туура келген. Айтсак, мурунку советтик билим берүү системасынан тап-

такыр айырмаланган жаңы окуу программаларын (куррикулумдарды) жана

студенттер үчүн жеке (индивидуалдуу) программаларды (силлабустарды)

Page 242: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

242

түзүү зарылдыгы жаралган, кредит-саат системасы менен университеттин

жетекчилигинин жаңы принциптери киргизилген.

2002-жылы БААУ республиканын бюджетине 14 миллион 201

миң 893 сомду, ал эми Соцфондго 9 миллион 41 миң сомду которгон;

БААУ 350дөн ашык адамды, алардын ичинде, 35 чет өлкөлүк

жаранды жумуш менен камсыз кылган;

коммуналдык кызматтар үчүн жыл сайын төлөнүүчү төлөмдөр 1

миллион 296 миң сомду түзгөн;

имаратты ремонттоого 34 миллион 500 миң сом каражат

жумшалган;

БААУда миңден ашуун студент билим алып, алардын 20 %ын

дүйнөнүн 27 өлкөсүнөн келген чет элдик жарандар түзгөн;

окутууга төлөнгөн каражат болжол менен 300 миңден ашуун

АКШ долларын түзсө, 200 миң АКШ доллары университетте билим алган чет

элдик жарандардын республикадагы жашоо-тиричилигин камсыз этүүгө

сарпталган;

жыл сайын БААУнун бүтүрүүчүлөрүнүн 97 %ынан көп бөлүгү

жумуш таба алышкан жана Кыргызстанда жаңы жумушчу орундарын

түзүшкөн.

Ошентип, бүгүнкү күндө БААУ чөлкөмдүк (регионалдык) жогорку

окуу жайынын статусуна ээ жана андагы окутуунун түзүмү (структурасы)

толугу менен билим берүүнүн америкалык моделине дал келет.

1997-жылдан 2014-жылга чейин Борбор Азиядагы Америка

университетинде факультеттердин, жогорку окуулардын жана бөлүмдөрдүн

сандарынын өскөндүгүн байкоого болот.

2001-жылдан тарта БААУ Америкалык колледждер менен

университеттердин эл аралык Ассоциациясынын расмий мүчөсү болуп

саналып, университеттин дипломун эл аралык деңгээлде таануга мүмкүндүк

берген.

Page 243: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

243

Өзү түптөлгөн мезгилден тарта БААУ-АУЦА демократиялык

баалуулуктардын, жеке эркиндиктин жана жаңычылдыктын принциптерине

таянган окуу жайы катары көрсөтүп, өтө тездик менен өнүгүп жаткан Борбор

Азия чөлкөмүндөгү билим берүү системасында маанилүү ролду ойноп келе

жатат.

Кыргызстандын Эл аралык университети. Кыргызстандын Эл

аралык университетинин учредителдери болуп Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим Министирлиги,

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер Министирлиги, Кыргыз

Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жана Сан-Франциско

Мамлекеттик университети (АКШ) эсептелишет. Университет Кыргыз

Республикасынын Президентинин 1993-жылдын 11-мартындагы № VII-74

Указы285, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 16-

мартындагы № 113-Токтому286 менен ачылып, мамлекеттик университет

статусуна ээ эл аралык жогорку окуу жайы болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 30-

декабрындагы Указы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-

жылдын 8-февралындагы № 74 Токтому менен Кыргызстандын Эл аралык

Университетине дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине кирүү үчүн зарыл

болуп саналган автономдуу башкарылган университет статусу ыйгарылган.

Университетте негизине университеттердин евро-америкалык түзүмү

коюлган уюмдук түзүм калыптанган.

Кыргызстандагы Америка мектеби (American school). 1993-

жылдын сентябрында АКШнын колдоосу менен Бишкек шаарында англис

тилин үйрөтүүчү American school деп аталган борбор ачылган.

Work and Travel USA программасы (кыргызча АКШда иштөө жана

саякаттоо программасы) деп аталган эл аралык алмашуу Программасы 1957-

жылы АКШнын Мамлекеттик департаменти менен бирдикте түзүлгөн.

Аталган Программанын башкы максаты жогорку жана 2010-жылдан тарта

атайы орто окуу жайларынын студенттерине Америка Кошмо Штаттарынын

Page 244: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

244

элинин күнүмдүк жашоо-тиричилигине тикелей катышууга мүмкүндүк берүү

үчүн жайкы каникул мезгилинде беш айга чейинки мөөнөткө убактылуу

жумуш иштөө жана саякат кылуу болгон эл аралык алмашуу программасы

болуп саналат. Студент АКШда болгон беш айдын ичинен 4 айында

убактылуу жумушта иштейт, ал эми «grace period») деп аталган 1 айында

саякат жасоо мүмкүндүгүнө ээ287.

Work and Travel USA деп аталган жайкы программага катышуу үчүн

формалдуу чектөөлөр жок. Бирок, постсоветтик геосаясий мейкиндик, анын

ичинде Кыргызстан үчүн катышуучуларга төмөнкүдөй талаптар коюлат:

Кыргызстандын аккредитацияланган жогорку окуу жайынын

(Институтунун, Университетинин, Академиясынын) стационардык

(күндүзгү) бөлүмүнүн студенти болуу;

жаш-курагы 18-23 жаштын чегинде болуу;

англис тилин жетишээрлик деңгээлде (Intermediate level) билүү

(мектепте алган сапаттуу базалык деңгээлде билүү жетиштүү).

Ошентип, Work and Travel USA деп аталган жайкы программага

катышуу үчүн татыктуу делип билим алган, сабактарын калтырбай, үлгүлүү

окуган, ошондой эле студент эсептелет да, ал берилген программага катышуу

ниетин билдирген арызды жаза алат. Бирок, постсоветтик геосаясый

мейкиндик, анын ичинде Кыргызстан үчүн «типтүү» деп табылган жаш-

курактан улуу студенттер, башкача айтканда, 23-24 жаштагы жарандар

тобокелдик тобуна кирип, АКШ Элчилигинде атайы аңгемелешүүдөн өтөт.

1957-жылы АКШнын Мамлекеттик департаменти менен бирдикте

түзүлүп, «Work and Travel» деп аталган эл аралык алмашуу Программасы

Кыргызстанда 2003-жылдан тарта иштеп келет. Эл аралык алмашуу

Борборунун (IEC) маалыматтары боюнча «жүздөгөн кыргызстандык

студенттер» программанын катышуучулары болуп калган. Ошону менен

бирге эле Кыргызстанда жайкы каникул мезгилинде АКШга барып келүүнү

каалагандардын саны жылдан жылга өсүүдө. Белгилей кетчу жагдай Work

Page 245: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

245

and Travel программасы менен АКШга барып келбейкалып калгандар да жок

эмес.

АКШда иштөө - Work and Travel USA программасына

катышкандардын дээрлик баардыгы үчүн өтө маанилүү жана актуалдуу

темасы болуп саналат. Анткени, ийгиликтүү тандалган вакансиядан

программанын таасирдүүлүгү көз каранды. Work and Travel программасы

дүкөндүн сатуучусу, «фаст-фуд» тибиндеги ресторандын жумушчусу,

супермаркеттин кассасынын жумушчусу, ресторанда, же кафеде официант,

же официанттын жардамчысы, мейманканада жардамчы жумушчу жана

башка ушул сыяктуу атайы квалификацияны же лицензияны, кара күчтү

шарттаган оор жумушту, же тажрыйбаны талап кылбаган ар кыл

вакансиялардын кеңири спектрин сунуш кыла алат. Көп түрдүү

вакансиялардын ичинен катышуучу өзү каалаган вакансияны тандап алат.

Вакансияны өз алдынча издөө мүмкүндүгү да четке кагылбайт. Мындай

учурларда Work and Travel программасы катышуучу үчүн бир кыйла арзанга

түшөт.

Work and Travel программасы менен АКШда иштеген учурда

жумушчу күнү 8 саатты түзөт. Ашыкча иштеген учурларда жумуштун

ашыкча аткарылган бөлүгү стандарттуу ставкадан 1, 5 эсе көп өлчөмдө

төлөнүп берилет.

Так эмес маалыматтарга ылайык АКШда 15.000 жакын КР атуулу

жашайт. Тилекке каршы бул сандын олуттуу болугун биза статусу жок,

башкача айтканда мыйзамсыз эмгектенгендер да арбын. Кыргызстандыктар

АКШнын дээрлик бардык штаттарында жашашса да басымдуу диаспора

Иллинойс штатынын Чикаго шаарында андан сон Нью- Йоркто жайгашкан.

Ал тургай Чикаголук кыргызстандыктардын копчулугу таксист катары

эмгектенгендиктен бул кесип аркылуу АКШда таанымал болушкан.

Кыргызстандыктар окуп билим алгардан сырткары иштеп оз ишканасын

ачууга жетишкендер да кездешет. Чикаголук кыргызстандыктар «Kyrgyz

Community Center» (Кыргыз Коому Борбору), Нью- Йорктук

Page 246: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

246

кыргызстандыктар болсо «Kyrgyz American Foundation» (Кыргыз Америка

Фонду) ачып мекендештеринин пайдасына жана эки олконун

ортосундагымамилелерди бекемдоого маанилуу салым кошушууда.

(www.kyrgyzcommunity.org, www.kyrgyzamericanfoundation.org )

Summer Work and Travel USA программасы бүткүл дүйнөнүн

жаштары үчүн төмөнкүдөй мүмкүндүктөрдү бергендиктен, өтө популярдуу

болуп саналат:

саякатчыны тааныш эмес өлкөдө өз алдынча болууга, тапкыч

жана чечкиндүү болуу;

АКШда жүргөн учурда жоопкерчиликти четке какпаса да реалдуу

америкалык эркиндик деген эмне экендигин өз баштан кечирип, сезип, туюу;

маршрутун Work and Travel программасы аныктаган

саякаттардын негизинде дүйнө тааным менен кругозорду кеңейтүү;

өздүк коммуникативдик жөндөмдүүлүктөрдү өнүктүрүүгө,

англис тилинде жакшы сүйлөй баштоо;

Work and Travel программасына катышып, АКШга дүйнөнүн төрт

тарабынан келген жаштардын ичинен досторду табуу;

Work and Travel программасы боюнча иштеп жүргөн мезгилде

«старттык капиталга» ээ болуу;

программанын талаптарына ылайык англис тилиндеги чөйрөдө

жашап, иштөөнүн, пикир алышуунун натыйжасында англис тилин билүү

деңгээлин жогорулатуу;

жашоо принциптерин кайрадан баалоо жана жаңы

приоритеттерди калыптандыруу;

эң мыкты аттракцион парктары менен көңүл ачуучу жерлерге

баруу, АКШнын Эркиндик статуясы, Чоң Каньон, Капитолий, Бруклин

көпүрөсү жана башка эстен кеткис жерлерин өз көзүң менен көрүү;

Work and Travel программасына катышуудан зор эргүү алуу.

Айтылгандар төмөнкү корутундуларга негиз боло алат:

Page 247: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

247

1. Ааламдашуу процесстери үстөмдүк кылган XX кылымдын

акыркы он жылдыгында билим берүүнүн дүйнөлүк рыногунда билим берүү

өндүрмөсүнүн (продукциясынын) төмөнкүдөй номенклатурасы түзүлгөн: 1)

башка өлкөгө билим алуу же билим деңгээлин жогорулатуу максатында

келген чет өлкөлүк студенттер; 2) башка өлкөлөрдүн билим берүүсүнүн

улуттук системасында иштөө үчүн жиберилген чет өлкөлүк адистер менен

окутуучулар; 3) илимий билимдер жана педагогикалык процессти, анын

окуу-методикалык, техникалык жабдууларын уюштуруу багытындагы

тажрыйба.

2. Ошол эле учурда Евразия менен Түндүк Американын алдыңкы

университеттеринин кош дипломдорун таануу жана пайдалануу

багытындагы өз ара пайдалуу системасын киргизүү тенденциясы күч алууда.

Мындан сырткары, билим берүү жана илимий мекемелердин көңүлүн бурган

көп сандаган проблемалар уламдан улам транснационалдык жана глобалдык

мүнөз күтүп бара жатат.

3. СССР кулагандан кийинки жылдары жаш Кыргыз

Республикасында мамлекеттик каражаттар жетишсиз болгондуктан, билим

берүү системасын жаңы түзүлгөн шарттарга ылайык реорганизациялоо үчүн

зарыл болуп саналган каржылоо булактарын издөө бул системаны эл аралык

донордук каржылоо уюмдары, чет өлкөлүк өкмөттүк жана билим берүү

түзүмдөрү сыяктуу ири акча каражаттарына ээ мекемелерге кайрылууга

аргасыз кылган.

4. Мамлекет ар тараптуу жана толук кандуу билим берүү гана эмес,

билим берүүнүн зарылдыктары менен муктаждыктарын канаттандыра албай,

экономикалык кризиске баткан шарттарда эл аралык байланыштарды андан

ары активдештирүү, инвестициялар менен каражаттардын жаңы булактарын

издөө өтө актуалдуу проблемага айланган.

5. Билим берүү чөйрөсүндөгү эл аралык мамилелердин кеңейиши

менен тереңдеши финансылык жана экономикалык өңүттөрдө пайда

көрүүдөн сырткары, билим берүүнүн соңку мезгилде жаралган жаңы

Page 248: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

248

технологияларын пайдаланууга, өнөктөш өлкөлөрдөгү колоссалдуу

педагогикалык тажрыйба менен алмашууга, билим берүүнүн дүйнөлүк

рыногуна чыгашасыз, эч зыян тартпастан интеграцияланууга мүмкүндүк

берет.

6. Практика көрсөткөндөй, постсоветтик Кыргыз Республикасынын

билим берүү чөйрөсүндөгү эл аралык байланыштары өзүнүн жашоого

жөндөмдүүлүгүн далилдей алды. Бирок, ошондой болсо да, билим берүү

чөйрөсүндөгү эл аралык мамилелерди турмушка ашыруунун реалдуу

механизмдери объективдүү экономикалык шарттардын

трансформацияларына адекваттуу формада гана өзгөрүүгө учураганда

аталган чөйрөдөгү эл аралык мамилелер өзүнүн эбегейсиз зор потенциалын

ачып бере алат. Бул жерде өзгөчө роль берилген процесстин негиздүү

компоненттеринин бири болуп саналган жогорку окуу жайларынын

ортосундагы тике байланыштарга таандык.

7. Студенттерге билим берүүдөн сырткары квалификацияны

жогорулатууну көздөгөн ар кыл программалар иштеген адистерге арналган.

Кыргызстан жана АКШ мамлекеттеринин кызматташуу тарыхы ичинде ар

кыл программалардын чегинде республиканын миңдеген жарандары АКШда

стажировкада, курстарда, тренингдерде жана алмашуу программаларында

болуп келишсе, алардын ичиндеген ондогон жаштар америкалык

ЖОЖдордун дипломдоруна ээ болушкан.

8. XXI кылымдын башындагы Кыргызстандын билим берүү

чөйрөсүндөгү эл аралык байланыштарды уюштуруу концепциясынын

эволюциясы улуттук билим берүүнү өнүктүрүүнүн приоритеттүү

багыттарынын бири болуп калууда.

Маданий маселелер. Эл аралык алмашуу Борбору (IEC) «Work and

Travel» программасына катышкан кыргызстандык студенттердин 10 дон 15

%га чейинки бөлүгү мекенине кайтпай, АКШда калып калышууда деп

Page 249: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

249

билдирет288. Бул көрүнүш студенттерди убактылуу жумуш иштөө жана тилди

үйрөнүү максатында АКШга жөнөткөн уюмдарды нааразы кылууда.

«Алардын басымдуу көпчүлүгү кайра кайтып келбегендиктен, элчилик виза

берүүдөн баш тартууда. Ал тургай, программаны жаап салуу тууралуу да

сөздөр болгон», – дейт «USA Exchange» компаниясынын координатору

Темир Чодуров289.

Студенттерди чет өлкөгө жиберген фирмалар, эгерде алардын

айрымдары кайра кайтып келүүнү каалабаса, анда алар эч нерсе кыла

алышпайт. АКШда калып калган студенттерди «издөө» милдети АКШдагы

спонсордук уюмдун мойнуна жүктөлөт. Ошол себептен, АКШда SEVIS деп

аталган атайы система түзүлгөн.

SEVIS (Student and Exchange Visitor Information System) - F же М

визасы боюнча келген студенттер жана J visa боюнча келген эл аралык

алмашуу программаларынын катышуучулары тууралуу утурумдук

маалыматтарды тескөөгө мүмкүндүк берген Интернет-система болуп

саналат. SEVIS окуу жайлар менен спонсорлорго интернет аркылуу

АКШнын улуттук коопсуздук министирлиги менен мамлекеттик

департаментине студент менен эл аралык алмашуу программасынын

катышуучусу АКШга келген күндөн тартып, андан чыгып кеткен күнгө

чейинки кылган иш-аракеттери тууралуу маалыматтар менен билдирмелерди

берип турууну мүмкүн кылат. SEVIS студенттин же эл аралык алмашуу

программасынын катышуучусунун статусу, анын АКШга кирген жана

чыккан күнүнүн датасы, даректерин алмаштыргандыгы, программаны

узарткандыгы, билим берүү программасындагы өзгөрүүлөр тууралуу

маалыматтарды алып турат. Ошондой эле SEVIS билим берүү мекемелери

менен спонсорлорго, ошондой эле АКШнын улуттук коопсуздук

министирлиги менен мамлекеттик департаментине окуялар тууралуу

эскертмелерди, билдирмелерди жана отчётторду бере алат290.

Ошентип, программага катышкандардын баардыгын көзөмөлдүккө

алып, SEVIS деп аталган тескөөчү орган эл аралык алмашуу программасы

Page 250: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

250

боюнча АКШга келген бардык студенттерди J-1 визасынын мөөнөтү бүтөөр

замат АКШнын аймагында мыйзамсыз жүрөт деп табат да, кылмыш-жаза

жоопкерчилигине тартууга чейинки иш-чараларды жасай алат: «Штаттардын

басымдуу көпчүлүгүндө өтө катуу мүнөздөгү миграциялык мыйзам бар

экендигин баардыгы эле биле беришпейт. Эгерде АКШда мыйзамсыз жүргөн

студент колго түшсө, аны түрмөгө отургузушат. Ал миграциялык кызматтын

«кара тизмесине» түшүп, келечекте ага АКШга кирүү мүмкүндүгү

берилбейт», – дейт «Work and Travel» программасы боюнча консультант,

аталган программанын 2 жолку катышуучусу Даир Токобаев. «Менин жеке

пикиримде мөөнөт өткөндөн кийин АКШда мыйзамсыз калуу туура эмес.

Эгерде сиз бир жолу мыйзамды бузсаңыз, анда сиз үчүн АКШда легализация

алуу өтө кыйын маселеге айланат.

Маданий кызматташтыктын келечеги.

АКШдан жогорку билим алуу өтө престиждүү болуп саналат. Чет

өлкөлүк студенттерге карата талаптардын жогору болушу америкалык окуу

жайларына эң мыкты талапкерлерди тандап алууга көмөк берет. АКШ

администрациясынын пикири боюнча мындай талапкерлер менен студенттер

өз мекенине Америка тууралуу позитивдүү образды алып кетип, акырындык

менен өз өлкөлөрүндө АКШ тууралуу оң маанайдагы коомдук пикирди

калыптандырышат.

Буга чейин кино, телевидение жана массалык маалымат каражаттары

аркылуу америкалык жашоо-тиричилик тууралуу бир кыйла түшүнүмдөргө

ээ болсо да, АКШга билим алуу үчүн алгачкы жолу келген чет өлкөлүк, анын

ичинде кыргызстандык, студенттер өздөрү кездешкен көп нерселерге карата

«дежа вю» сезиминде калат. Чындыгында эле АКШ менен Кыргызстандын

ортосундагы маданий жана билим берүү реалийлеринин ортосундагы

айырмачылык ушунчалык күчтүү болгондуктан, көп учурда аталган

мамлекеттерден студенттери тиги же бул өлкөдөн билим алуу чечимин оңой

кабыл ала беришпейт. Сапаттуу билим алуу жана андан ары карьералык өсүү

өңүтүндө билим берүүнүн америкалык системасы менен жашоо образы

Page 251: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

251

АКШны дүйнөдөгү өтө жагымдуу өлкөлөрдүн бирине айландырат. Америка

окуу программаларынын, билим алуу жана жашоо шарттарынын өтө бай

спектрин сунуш кыла алат.

Мектептен алган баалар дайыма эле абитуриенттин билим деңгээли

тууралуу объективдүү маалыматты бере бербейт. Эреже катары, ЖОЖдорго

өтүү үчүн белгилүү бир предметтер боюнча даярдыктын деңгээлин

текшерген SAT Reasoning Test же ACT, ошондой эле SAT Subject Test деп

аталган стандарттуу экзамендердин натыйжасын көрсөтүү зарыл.

Абитуриенттердин жеке инсандык сапаттары менен

жетишкендиктерин, ошондой эле аңгемелешүүлөр менен жат жазуулардын

натыйжаларын баалоо процесси күтүлбөгөн жыйынтыктарды бериши

ыктымал. Айрым ЖОЖдор стандарттык экзамендердин натыйжаларына көп

көңүл бурса, башкалары окуучунун жеке сапаттарын өзгөчө баалайт. Ошол

себептен, эреже катары, абитуриенттер бир эле учурда бир нече, ал тургай,

ондогон ЖОЖдорго документ тапшырышат.

Кыргызстандык студенттер АКШнын колледждери менен

университеттерине орто мектепти аяктагандан соң тапшыра алышат. Бул

үчүн орто билими тууралуу аттестатты, мектеп мугалимдеринен алынган 2

сунуштаманы жана TOEFL экзаменинин натыйжаларын көрсөтүү зарыл.

Көпчүлүк америкалык ЖОЖдордо кандайдыр бир конкреттүү

факультетке документ тапшыруунун зарылдыгы жок. ЖОЖдун өзүнө өтүү

үчүн арыз жазып коюу гана жетиштүү. Окуу жайына өткөндөн кийин

абитуриент өзү адистикти тандап алат. Бир катар окуу жайларда студент

жалпы билим берүүчүлүк предметтерди сунуш кылган биринчи же экинчи

курстан соң өз адистигин тандап алуу укугуна ээ. Айрым учурда негизги

адистиктен тышкары бир нече кошумча адистикти тандап алуу, же болбосо

эки же үч негизги адистик боюнча билим алуу мүмкүн.

Ар бир семестр сайын студентке берилген сандагы кредиттер сунуш

кылынат. ЖОЖдордогу баалар семестрдин жыйынтыгы боюнча чыгарылат.

Студенттин баасы, эреже катары, экзамендин натыйжасынан, долбоорду,

Page 252: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

252

рефераттарды жана өз алдынча иштерди коргоодон көз каранды. АКШда

баалоо системасы орто жана жогорку билим берүү үчүн жалпы болуп

саналат. Тесттер менен экзамендердин натыйжалары A/B/C/D/F схемасы

боюнча бааланат. Мында A — эң мыкты, ал эми F — канааттандыраарлык

эмес баа болуп саналат. F тен башка бааларга «+» же «−» белгилери

кошумчаланышы ыктымал.

АКШдан билим алуу, айрыкча, АКШнын университеттериндеги

окутуу процесси Кыргызстандык ЖОЖдордон төмөнкү 2 өзгөчөлүгү менен

айырмаланат:

Студенттин көз карашында АКШнын ЖОЖдорундагы окуу

процессинде «академизм» бир кыйла аз, студенттерге «даяр» билимдер

азыраак сунуш кылынып, өз алдынча иштөөгө көп көңүл бурулат да, коюлган

суроолорго даяр жоопту бербестен, ага жоопту табууга үйрөтүшөт;

ЖОЖдордун өздөрүнүн көз карашында АКШнын

университеттеринде каржылоонун ар кыл булактарына таянган илимий

изилдөөлөрдүн сапаты бир кыйла жогору. Постсоветтик республикаларда,

алардын ичинде, Кыргызстанда мындай изилдөөлөр илимий изилдөө

институттарында гана жүргүзүлүшү мүмкүн. АКШнын ЖОЖдорунун

профессордук-окутуучулар курамы педагогикалык жөндөмдөрү менен гана

эмес, ири алдыда, алардын жеке илимий-изилдөө иштери менен аныкталат.

Ошол себептен, кыргызстандык ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүнө караганда

америкалык ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү жогорку окуу жайын аяктаар замат

эле өз алдынча иш алып кетүүгө дээрлик даяр.

АКШда «жогорку билим» түшүнүгү так кесе аныкталган эмес жана

окутуунун көп түрдүү формалары жана бүтүрүүчүгө коюлган талаптар менен

айырмаланат. Ошол себептен, АКШдагы жогорку билим дегенде «мектептен

кийинки» билим берүү деп айтуу чындыкка жакын келет. Мындай билим

төмөнкүдөй баскычтардан турат:

2 жылдык колледждер (community colleges, junior colleges,

technical colleges, liberal arts colleges) – бул эмгек ишмердигин тез баштоого

Page 253: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

253

шашкандар үчүн баштапкы билим берүү болуп саналат. Мындай билим

берүү өтө тар адистик (айыл чарбасы, кандайдыр бир чөйрөгү дизайн,

тикмечилик, автоиши ж.б.) боюнча адискөй квалификация

(профессиональная квалификация) жана окутуунун узактыгына жараша

Сertificate, Diploma же Associate Degree деп аталган билими тууралуу

документ алууга мүмкүндүк берген курстарды элестетет. Эскерте кетсек,

бизде жогорку билими тууралуу диплом деп аталган документ АКШда

Bachelor, же Master Degree деп аталат;

4 жылдык колледждер – булар бакалавр, же магистр

академиялык даражасы менен адискөй квалификацияны (профессиональная

квалификация) алуу мүмкүндүгүнө ээ кылган толук жогорку билим берген

окуу жайы болуп саналат. Мындай колледждер кандайдыр бир адистикти

берип, өздүк окуу программасына жана өтүү талаптарына ээ. Билим берүү

деңгээли боюнча алар университеттерге теңештирилип, айрым учурда

университеттердин курамына кирет;

Университеттер – булар илим сыйымдуулугуна өтө каныгып

(наиболее наукоёмкие учебные заведения), толук жогорку билим берген окуу

жайлар болуп саналышат. Университеттин эгидасы астында ар кайсы

шаарларда жайгашкан бир катар колледждер, илимий-изилдөө борборлору

болушу мүмкүн. Мындай окуу жайлар бакалавр, магистр, PhD академиялык

даражаларын жана адисктик квалификацияны алууга мүмкүндүк берет.

Колледждер сыяктуу эле университеттер мамлекеттик же жеке болушу

ыктымал жана каржылоо булактары боюнча айырмаланышат.

Мамлекеттик университеттер «таза илимди» практиканын

элементтери менен окуп-үйрөнүүгө басым жасаган федералдык илимий-

изилдөө жана окуу борборлору болуп саналышат. Мындан сырткары,

тарыхый түрдө ар бир штат өз территориясында «жер гранты» же «деңиз

гранты» деп аталып, ошол штатка / чөлкөмгөөтө зарыл болуп саналган

колдонмо мүнөздөгү сабактардын / адистиктердин кеңири чөйрөсүн

камтыган университеттерге ээ болуу укугу берилген.

Page 254: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

254

Эң мыкты делген жеке мектепти аяктаган шарттарда гана АКШнын эң

эле престиждүү университеттерине өтүү мүмкүндүгү бар. Мындай

университетке өтүүнүн төмөнкүдөй 2 варианты бар:

1. дароо эле 1-курска өтүү, же

2. алгач 2 жылдык колледжди окуп, анын Associate Degree

даражасын алып, андан соң убакытты бекер кетирбестен, өтүлгөн сабактарды

эске алуу менен университеттин 3-курсуна которулуу.

Жогоруда айтылган 2- вариант билим алууга кеткен каражатты

сарамжалдоого мүмкүндүк берет. Мындан сырткары, 2 жылдык колледжге

өтүү талаптары университетке өтүү талаптарына караганда бир кыйла

жеңилирээк. Анын үстүнө, 2 жылдык колледжде окуу мезгилинде чет

өлкөлүк студент негизги сабактарды окуу менен бирге эле өзүнүн англис

тилин бир кыйла жакшыртып алат.

Магистер программасы боюнча окууну каалаган чет өлкөлүк

жарандар Master Qualifying Program же Pre-MBA деп аталган даярдоо

курстарынан өтүүсү зарыл. Англис тилин билүү даражасына жана биринчи

жогорку билиминин релеванттуулугуна жараша бул курстар 12, 24 же 36

жумага созулган мөөнөткө созулат.

АКШда бакалавр даражасын алгандан кийин докторантурага (магистр

же PhD даражасы) чейинки жогорку билим берүү Graduate Level деп аталат

да, андагы магистерлик же докторлук программалар төмөнкүдөй түрлөргө

бөлүнүшөт:

Master of Arts – гуманитардык илимдердин, искусствонун

магистри;

Master of Science – техникалык / инженерлик чөйрөлөрдөгү

илимдердин магистри;

Master of Education – билим берүү чөйрөсүндөгү магистр, MBA –

бизнес чөйрөсүндөгү магистр, Juris Doctor – юриспруденция чөйрөсүндөгү

магистр, Doctor of Medicine – медицина илимдеринин доктору жана башка ар

кыл кесипкөй чөйрөлөрдөгү магистерлик жана докторлук программалар.

Page 255: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

255

Магистратурада окуу 1 жылдан 4 жылга (медицина) чейин созулуп,

стажировканы кошуп эсептегенде орточо эсеп менен 2 жылды өз кучагына

камтыйт. Магистр даражасына ээ адистер ЖОЖдордо сабак берүү укугуна ээ.

Билим берүүнүн заманбап рыногу өз түзүмүнүн туруктуулугу менен

айырмаланат. Бир катар факторлордун максатына карай турган болсок, анда

жакынкы келечекте бул түзүм кардиналдуу өзгөрүүлөргө дуушарланбайт.

Эгерде ХХ кылымдын 80-, андан соң 90-жылдары европалык өлкөлөрдүн

көпчүлүгү чет өлкөлүк студенттерди чектүү гана санда кабыл алуу, алардын

санын кыскартуу багытындагы саясатты жүргүзүп келсе, бүгүнкү күндө

алардын саясаты тескери багытта активдешип, акыркы жылдары Батыш

Европа өлкөлөрүндө билим алган студенттердин саны 1,5-2 эсеге өскөн. Эл

аралык билим берүү чөйрөсүндөгү адистердин пикиринде өнөр жайы

өнүккөн мамлекеттер үчүн финансылык көз караштан алып караганда

өлкөдөгү жалпы студенттердин болжол менен 5%ын чет өлкөлүк

студенттердин контингенти түзгөнү абдан оптималдуу болуп саналат.

Мындай шарттарда билим алууга келген чет өлкөлүк студенттерден түшкөн

экономикалык эффект аларды кабыл алып жаткан окуу жайлары үчүн

реалдуу болуп саналат да, педагогикалык процесстеги методикалык

өзгөртүүлөр жана кадр маселесиндеги бир кыйла көйгөйлөрдү оң жагына

чечет.

Бүгүнкү күндө билим берүүнүн дүйнөлүк рыногу өлкөнүн өзү

чыгарган билим берүү өндүрмөсүнө болгон сунуш менен талаптан көз

каранды абалын мүнөздөйт. Алгач билим берүүнү өндүргөн өлкөлөрдүн иш-

аракети врачтар, мугалимдер, инженерлер, агрономдор өңдүү массалык

кесиптин адистерине болгон айрым мамлекеттердин зарылдыктарын

канааттандырууга бурулган. Убакыттын өтүшү менен жагдай да өзгөрө

баштаган. Илим көп талап кылынган чөйрөлөр жана жогорку академиялык

деңгээлдеги кадр сыяктуу улуттук адистерди даярдоого карата суроо-талап

өскөн. Мындай мыйзам ченемдүүлүк билим берүүнүн дүйнөлүк рыногундагы

Page 256: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

256

өндүрмөлөрдүн 40%дан ашуун көлөмүн өндүргөн АКШнын мисалында ачык

байкалат.

АКШда өнөр жай тармагындагы, айыл чарбасындагы, саламаттыкты

сактоодогу массалык кесиптерге, айрым гуманитардык илимдерге

адистешкен чет өлкөлүк студенттердин саны күндөн күнгө кыскарса, ошол

эле учурда табият таануу, философия, компьютердик илимдер боюнча билим

алууну каалаган чет өлкөлүк жарандардын үлүшү көбөйүп, дипломдон

кийинки билим алып, академиялык даражага ээ болууну каалагандардын

пайызы өсүүдө. Ушундай эле процесстер Германиянын, Франциянын, Улуу

Британиянын жана башка дүйнөнүн жогору өнүккөн бир катар өлкөлөрүнүн

билим берүү саясатын мүнөздөйт.

Сунуш менен талап өзгөргөнгө байланыштуу билим берүүнүн

дүйнөлүк рыногунда билим берүү өндүрмөсүн жараткан өлкөлөрдү

төмөнкүдөй топторго ажыратууга болот:

1. Негизги күч-аракетин илим көп талап кылынган жана жогорку

академиялык деңгээлдеги билим берүү өндүрмөсүн жаратууга жумшаган

өлкөлөр.

2. Эреже катары, чет өлкөлүк студенттерди массалык кесиптерге

окутуп, орто академиялык деңгээлдеги адистерди даярдаган өлкөлөр.

3. Жергиликтүү сунуштар менен талаптарга жооп берген адистерди

даярдап, жогорку окуу жайы үчүн академиялык деңгээлдин башталышын

гана берген өлкөлөр.

АКШ жана Батыш Европанын алдыңкы өлкөлөрү талашсыз лидер

болуп саналган өлкөлөрдүн биринчи тобу билим берүүнүн дүйнөлүк

рыногундагы борбордук позицияны, экинчи топ андан кийинки орунду

ээлесе, үчүнчү топ болсо рыноктун чеке-белинде эле калат, же рынокко кире

албайт.

Билим берүүсүнүн өнүгүүсүнүн бүгүнкү абалы боюнча Кыргызстанды

экинчи топтогу өлкөлөргө киргизүүгө болот. Белгилүү болгондой,

республиканын билим берүү чөйрөсүндөгү эл аралык алмашуунун түзүмү

Page 257: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

257

чет өлкөлүк студенттерди массалык кесиптерге окутууга жана дүйнөлүк

стандарттар боюнча орто академиялык деңгээлдеги билим берүүгө

ыңгайлашкан. Кыргызстанда чет өлкөлүк студенттердин дипломдон кийинки

билим алуусу жетишээрлик өнүккөн эмес. Эгерде, АКШда окуган жалпы чет

өлкөлүк жарандардын 45-50%ы дипломдон кийинки билим алса, Орусияда

алардын саны 8—10%ды, Кыргызстанда болсо болгону эле 2-3%ды түзөт.

Анткени, 1) тарыхый калыптанган шарттардан улам Кыргызстандын билим

берүү системасы чет өлкөлүк жарандарга массалык адистиктер боюнча гана

билим берүү мүмкүндүгүнөө ээ болгондуктан, Кыргызстандын азыркы эл

аралык билим берүү байланыштарынын системасы өз маңызы боюнча абдан

экстенсивдүү, 2) дипломдон кийинки билим берүүдөгү алмашуунун

формаларынын прогрессине карата республиканын билим берүү

системасындагы эл аралык байланыштар, тилекке каршы, азырынча өтө эле

инерттүү мүнөзгө ээ.

Айтылгандардан төмөнкүдөй корутундуларды алууга болот:

1. Кыргыз коомчулугунда Батыштан, ири алдыда, АКШ мамлекетинен

келген массалык маалымат каражаттарынын көркөм фильмдер,

мультфильмдер, ток-шоулар, көңүл ачуу программалары сыяктуу

өндүрмөлөрү өсүп келе жаткан жаш муундарга, өзгөчө алардын

психикасы менен инсандыгына тескери таасир берип жатат деген

пикирлер арбын кездешет.

2. АКШда билим алуу дүйнөдөгү эң кымбат наркка ээ. Ошондой болсо

да, 2001-жылдын 11-сентябрында болуп өткөн окуялардан кийин

киргизилген чектөө иш-чараларына карабастан, АКШда билим алууну

көксөгөн чет өлкөлүк жаштардын саны жылдан жылга өсүүдө. АКШда

билим алуу Индия, Кытай, Латын Америкасы, Жакынкы Чыгыш жана

КМШ өлкөлөрү сыяктуу экономикасы тездик менен өсүп жаткан

мамлекеттердин студенттери үчүн өтө беделдүү. Канададагы,

Кореядагы, Япониядагы, Европадагы америкалык университеттердин

бүтүрүүчүлөрүнүн баркы салттуу түрдө жогору болуп саналат. КМШ

Page 258: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

258

мамлекеттеринен келген студенттердин саны жылына 7000 адамдын

тегерегин түзөт. Бул студенттердин саны КМШ өлкөлөрүндөгү

америкалык билим берүүгө болгон зарылдык аркылуу эмес, студенттин

АКШда билим алууну төлөй алуу жөндөмү жана АКШ мамлекетинин

жөнгө салуучу саясаты аркылуу аныкталат.

4. Айтылгандар көз карандысыздыкка ээ боло элек мезгилде Кыргызстанда

алдыңкы чет өлкөлөр менен эл аралык билим берүү боюнча терең, кеңири

жана бекем алакалардын (контакттардын) болбошу менен түшүндүрүлөт.

Баарыбызга белгилүү болгондой, совет мезгилинде билим берүү

жаатындагы эл аралык байланыштар мурдагы социалисттик

кызматташтыктын начар өнүккөн өлкөлөрү менен «үчүнчү дүйнөнүн» өтө

эле артта калган мамлекеттерине карата атайылап түзүлгөн жана үстөмдүк

кылган. Бирок, жогоруда айтылгандарга карабастан, Кыргызстандын

билим берүү чөйрөсүндөгү эл аралык байланыштардын 1995-жылы кабыл

алынган көп векторлуу концепциясы убакыттын өтүшү менен

республикада түзүлгөн терс жагдайды оң жагына олуттуу түрдө оңдойт

деп айтууга реалдуу жана перспективалуу негиздер бар. Мында

аныктоочу фактор болуп кыргыз коомунун XXI кылымдын алгачкы

чейрегиндеги руханий, улуттар аралык, экономикалык жана саясий абалы

эсептелет.

5. 2005- жана 2010-жылдары Кыргызстанда болуп өткөн сары же кычкыл

лимон түстүү, болбосо, «жоогазын революциясы», же «роза

революциясы» (Роза Отунбанынын атына байланыштуу) деп ар кандайча

аталып, азырынча түсү, же гүлүнүн аты так кесе аныкталбаган бул

революциялар жогоруда аты аталып, башка өлкөлөрдө болуп өткөн

революциялардан кескин айырмаланат. Мындан сырткары, Кыргыз

Республикасын жарым-жартылай мифтик маанай күткөн «нукура

демократиялуу өлкөлөрдүн клубуна» кабыл алуу, республикага

экономикалык жана технологиялык преференцияларды берүү убадасына

Page 259: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

259

карабастан, Кыргыз Республикасы АКШнын пайдасына өзүнүн улуттук

суверенитетинин кичинекей да бөлүгүнөн баш тартууга даяр эмес.

6. 2014-жылдын башында АКШдан келген каржы булактарынын эсебинен

түзүлгөн Улуттук оппозициялык кыймыл (УОК) өзүнүн Батыштагы

колдоочуларына таянып, бийик чыккан декларациялары менен евразиялык

коомчулуктун гана көңүлүн бурбастан, өздөрүнө спонсор болгон чет

элдик колдоочуларга да жагынуу максатын көздөөдө. Айтсак,

республиканын парламенти болгон Жогорку Кеңештин депутаты

статусуна ээ УОКдын лидерлеринин «Бажы союзуна кирүү республика

үчүн кесепеттүү натыйжаларга алып келет, ал эми «Манастагы»

америкалык аскерий база кыргыз жеринде милдеттүү түрдө калуусу абзел,

анткени, анын чыгарылышы өлкөнүн калкын миллиондогон долларлардан

айрыйт», - деген сөздөрү жогоруда сунуш кылынган шек саноолорго негиз

боло алат.

К О Р У Т У Н Д У

Глобалдык масштабдагы дүйнөлүк тартип орноп жаткан заманбап

шарттарда улуттук коопсуздукту камсыз кылуу коллективдүү же глобалдык

коопсуздукту камсыз кылуу менен тыгыз байланышкан. Коллективдүү же

Page 260: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

260

глобалдык коопсуздуктун негизинде жаралган «дүйнөлүк жаңы тартиптин»

идеологу катары ысымы тарыхта калган 3бигнев Бжезинский (1928-жылы

туулган) өнүктүргөн. 1977-1981-жылдары АКШнын президенти Дж.

Картердин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы болуп кызмат өтөгөн З.

Бжезинский 1986-жылы эле «Оюн планы» («План игры») деп аталган

китебинде СССР менен АКШнын ортосундагы атаандаштыкты Евразияга

үстөмдүк кылуу үчүн болгон геосаясий күрөш деп так кесе мүнөздөгөн.

З. Бжезинскийди «мондиализм» (французчадан monde –бирдиктүү

дүйнө) деп аталган агымдын заманбап теоретиги деп атаса болот.

Мондиализм деп бардык адамзат «Жер» деп аталган бирдиктүү бир

мамлекетке баш кошуусу зарыл деп белгилеген окууну айтышат.

Мондиализм идеясы байыркы доордо эле жаралган. Айтсак, Байыркы Греция

мамлекетиндеги кинизм (цинизм) деп аталган мектебинин космополитизм

(грекчеден kosmos – аалам, polit – жаран, гражданин) идеясы, дин үстөмдүк

кылган орто кылымдагы «Кудай падышачылыгын» («Царство Божие») түзүү

ниетин көздөгөн кресттүүлөрдүн жүрүшү менен араб халифатын куруу

максатындагы джихаддар, К. Маркс менен Ф. Энгельстин «Манифестинде»

сунуш кылынган «Бардык өлкөлөрдүн пролетарийлери бириккиле!» жана

1949-жылдын октябрь айындагы Кытайдагы революциянын жеңишинен

кийин пайда болгон «орус менен кытай түбөлүк бир тууган» деген ураандар

аркылуу СССР менен Кытайдын жетекчилиги астында дүйнөлүк

масштабдагы коммунисттик мамлекетти куруу аракеттери мондиализмге

мисал боло алат.

Америкалыктардын артыкчалуу улут экендигин ашкере белгилеген

идея да бир нече кылымдарга созулган тарыхка ээ. Бул идеянын башталышы

XVII кылымда Европадан куулуп келген пуритандар жаңы материкте

Библиядагы баардыгы тең укуктуу жана эркин жашаган «дөңсөө үстүндөгү

шаарды» («град на холме») курууга далалат кыла башташкан. Ошол

себептен, америкалыктар үчүн эркиндик менен демократиянын

принциптерине жамынуу менен дүйнөгө экспансия кылуу концепциясы

Page 261: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

261

Кудайдын Жазмышы (Божественное Провидение) катары кабыл алынып,

бүткүл дүйнөнү реформалоо жана аны өз артынан ээрчитүү Американын

пешенесине жазылган ыйык миссия деп түшүнүлөт. XIX кылымдын

ортосунда эле айрым америкалык идеологдор жакынкы келечекте АКШ

бардык улуттардын башын бирдиктүү бир элге бириктирген борборго

айланат да, АКШ өзүн айланган планеталарга таасир эткен Күн сымал «алгач

Европа мамлекеттерине, андан соң Азиядагы империяларга күчтүү таасир

бере алат», - деп баса белгилешкен. 1895-жылы эле философ Дж. Фиске

жакынкы келечекте дүйнөнүн бардык өлкөлөрү сүйлөгөн тили, дини, саясий

каада-салттары жана ал жерде жашаган калктын басымдуу бөлүгүнүн каны

боюнча англиялык болуп калышат деген божомолду сунуш кылган.

Сыягы, 1823-жылы алгач АКШ Латын Америкасында, андан соң

Батыш Европада үстөмдүк кылуусун орноткон «Монро доктринасынын»291

идеялары XX кылымдын ортосунан тартып бүткүл дүйнөгө жайылтыла

башталгандай. Мындай жобо саясат таануучу Г. Льюис тарабынан 1941-

жылы сунуш кылынган «XX кылым жалпы жонунан америкалык кылым

болуп калууга тийиш» деген ураанында так кесе белгиленген. Ал америкалык

күч-кубат тарабынан колдоого алынган америкалык капиталисттер,

мугалимдер, врачтар, агрономдор жана инженерлер ак терилүү адамдын

мойнуна жүктөлгөн милдетти өзүнө алып, дүйнө жүзүнө америкалык

үлгүдөгү «стабилдүүлүк» менен «прогрессти» жайылтууга тийиш деп баса

көрсөткөн. Америкалык баалуулуктарды бүткүл дүйнөгө АКШнын

каржылык кубатына таянган ыктыярдуу адамдар таратуусу зарыл. 1945-

жылы бул идеялар 2-дүйнөлүк согушта жетишилген ийгилик америка элине

мындан ары бүткүл дүйнөгө жетекчилик кылуу милдетин жүктөдү деп

эсептеген АКШнын мамлекеттик тышкы саясаттын негизине коюлган292.

Жакынкы келечекте Америка бүткүл дүйнөнүн чыныгы борборуна,

жападан жалгыз жетекчисине айланаарына президент Д. Эйзенхауэр менен

вице-президент Г. Хэмфри чын дилден терең ишенип, өлкөнүн тышкы

саясатында «президент Генри Трумэндин доктринасын» турмушка ашыруу

Page 262: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

262

ишинде бир топ алгылыктуу аракеттерди жасашкан. Дүйнөнү башкаруу иши

АКШнын пешенесине жазылган деген идея Р. Рейган менен Дж. Буш

президенттик кылып турган маалда өтө так кесе формада ишке ашырыла

баштаган. Айта кетчү жагдай, заманбап доордогу «коммунизм»,

«тоталитаризм» жана башка ушу сыяктуу теллурократиялык дарттарга

чалдыккан «оорулуу коомду» аталган илдеттерден коргоп калуу

талассократиялык держава АКШнын мойнуна илинген улуу миссия экендиги

тууралуу идея Рональд Рейган менен анын администрациясынын көктөн

самаган максаты болгон.

Чындыгында эле дүйнөлүк үстөмдүк орнотууга карата АКШнын

жападан жалгыз атаандашы болгон Советтер Союзунун кулашы Америкага

глобалдык бийликтин төмөнкүдөй 4 өңүттөрүндө лидерлик позицияны

ээлөөгө мүмкүндүк берген: 1) аскерий чөйрөдө АКШ башка мамлекеттер

өзүнө тең келбеген глобалдык мүмкүндүктөргө ээ болгон; 2) экономика

чөйрөсүндө АКШ дүйнөлүк өнүгүүнү кыймылга келтирген негизги күчкө

айланат; 3) технологиялык багытта АКШ илим менен техниканын алдыңкы

чөйрөлөрүндөгү өзүнүн абсолюттуу лидерлигин сактап калган; 4) маданият

чөйрөсүндө өз маданиятынын примитивдүүлүгүнө карабастан, Америка

бүткүл дүйнөнөн жаштары арасында өзгөчө таасирлүү болуп саналат.

Булардын баардыгы АКШга бир да мамлекет тең келбеген саясий таасирди

камсыз кылып, дүйнөдөгү жападан жалгыз супер держава болуусун

шарттайт293.

ХХI кылымдын алгачкы 10 жылында, башкача айтканда, 2002- жана

2006-жылы иштелип чыккан жана расмий жарык көргөн улуттук

коопсуздуктун 2 Стратегиясында Орусия жана КМШ өлкөлөрүнө карата бир

кыйла маңыздуу өзгөрүүлөргө жол берилген. Айтсак, жаңы Стратегияда бул

өлкөлөр менен тыгыз өнөктөштүк тууралуу эч нерсе айтылган эмес. Бирок,

АКШнын администрациясынын байкамы боюнча Орусияда демократиялуу

эркиндиктер менен институттарга ык коюу төмөндөп бара жаткандыктан,

АКШ менен Орусиянын ортосундагы алакаларды андан аркы чыңдоо

Page 263: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

263

Орусиянын жана ага шериктеш болгон КМШ өлкөлөрүнүн жүргүзгөн тышкы

жана ички саясатынан көз каранды. Ошол себептен, АКШ орус өкмөтү менен

ага шериктеш өкмөттөргө артка кетпестен, алдыга карай жылууга

«ынандыруу» аракеттерин кылуу ниетин көздөйт294.

Жалпы жонунан, АКШнын улуттук коопсуздугунун жогоруда сөз

болгон эки Стратегиясы бири бирине окшош. Бирок, 2006-жылдагы

стратегияда бир катар ички карама каршылыктар кездешет. АКШнын

жетекчилиги тарабынан кийинки жылдары эки документке тең жоболорду

ылайык келтирүү иштери жүргүзүлгөн. Стратегияда демократиялуу

принциптер менен эркиндиктерди, жайылтуу, адам укуктары менен анын ар-

намысын сыйлоо, глобалдык максаттарга жетүүнүн жана глобалдык

коопсуздукту камсыз кылуунун башкы ыкмасы болгон кызматташтык

приоритет деп табылса да, АКШнын геостратегиясын ишке ашырууда

гегемонизм тенденцияларын чагылдырган төмөнкүдөй бир катар жоболор

бар:

1. Геостратегияны ишке ашыруудагы бир жактуу иш-

аракеттерди жүргүзүү. 1) АКШ Өкмөтүнүн тынч дүйнөнү жалгыз куруу

мүмкүн эмес экендигине ишенүүсүнө; 2) геосаясий стратегияны ишке

ашыруудагы негизги приоритеттердин бири болуп коркунучтар менен

кооптуулуктарды бирдей көрө билүүнү калыптандыруу үчүн шериктештер

жана өнөктөштөр менен кызматташтык жана биргелешкен иш-аракеттердин

координациясынын принциптери жар салганына; өкмөттүк эмес уюмдар

жана эл аралык мекемелер менен өз ара алакалашуунун маанилүүлүгүнө

карабастан, өз геостратегиясын ишке ашыруу процессинде эч ким менен

эсептешпеген бир жактуу иш-аракеттерге жол берип келет. Мында маңыздуу

мисал катары америкалык чалгындоо кызматтарынын маалыматы боюнча

Иракта массалык кыргынга салуучу куралдар бар жана Ирактын президенти

Саддам Хусейн 2001-жылдын 11-сентябрында АКШда болгон террористтик

соккуларды уюштургандар менен байланышка ээ деген шылтоо менен

АКШнын 2003-жылдын март айында суверендүү Иракка жасаган аскерий

Page 264: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

264

операциясын атоого болот. Дүйнөлүк коомчулуктун протести менен ачык

жактырбагандыгына, БУУнун (ООНдун) коопсуздук боюнча Кеңешинин так

кесе оппозициясына (Орусия, Франция жана Германия бул аскерий

баскынчылыкка кескин түрдө каршы чыккан) карабастан, 2003-жылдын 20-

мартында Америка Кошмо Штаттары британдык куралдуу күчтөр жана анча

чоң эмес австралиялык контингент менен бирдикте Ирактын территориясына

сокку ура баштаган. Мындай аскерий иш-аракеттин натыйжасында эбегейсиз

зор сандагы адамдар, алардын ичинде бейтарап эл курман болгон. Бирок,

ошого карабастан, америкалык аскерий түзүмдөр бүгүнкү күнгө чейин

Ирактын территориясында жайгашып турат. Стратегияларга ылайык АКШ

геосаясий мейкиндиктин башка катышуучулары үчүн түшүнүктүү болгон

иш-аракеттерди жасоого тийиш. Бирок, АКШнын Өкмөтү бул жерде да бир

катар калпыстыктарга жол берген. Айтсак, Ирак массалык кыргынга салуучу

куралдарга ээ эместиги, бул маселе боюнча чалгындоо кызматынын

маалыматтары чындыкка коошпой калгандыгы тууралуу факт аныкталган

кийин деле алгач президент Дж. Буш кичүү, андан соң президент Б. Обама өз

аскерлерин Ирактан чыгармак түгүл, өз аракеттерин так кесе

түшүндүрбөстөн туруп, аскерий иш-аракеттерди кара күчкө салып улантуу

ниетинде. Ушундай эле кырдаал европалык өлкөлөрдүн басымдуу көпчүлүгү

аскердик иш-аракеттерди дароо токтотууну талап кылгандыгына карабастан,

2006-жылдын июль айында ливан-израилдик жаңжал күчөп, президент Дж.

Буш кичүү Израилдин аракеттерин ачык колдой баштаган. Кызматташтыкка

чакыруу менен катар эле 2006-жылдагы стратегияда мамлекеттер аралык

мамилелердин конструктивдүү эмес эки жактуу алакалардан баш тартып, бир

жактуу иш-аракеттерди жасоого даярдык сыяктуу принциптери да жар

салынган. Бул жерде да «конструктивдүү эместик» критерийи ачылып

берилген эмес. Ошентип, стратегиялардагы ички карама каршылыктар менен

катар эле стратегиялардагы жоболор менен аларга ылайык жүргүзүлүүгө

тийиш болгон практикалык иштин ортосундагы айкалыштыктын жоктугу

көзгө дароо урунат.

Page 265: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

265

2. Дүйнөлүк коомчулуктун кызыкчылыктарын, эл аралык

процесстердин башка катышуучуларынын максаттары менен жашоо-

тиричилик кылуу принциптерин көзгө илбегендик. Күчтөрдүн башка

глобалдык борборлору менен өз ара аракеттенишүү, мамлекеттер аралык

шериктештиктер менен көп жактуу институттарга катышуу, шериктештер

менен бирдикте жана эл аралык институттарга таянуу менен озунуп сокку

урууну жүргүзүү АКШнын геостратегиясынын приоритеттүү милдеттери

болгондуктан, бул тенденция мурунку тенденциянын уландысы болуп

саналат. Анын үстүнө, Америка Кошмо Штаттары өз өнөктөштөрү менен

досторунун кызыкчылыктары менен баалуулукктарын сыйлоого басым

жасоо менен өзүн глобалдык лидер деп ачык атайт. Бирок, тилекке каршы,

мындай жобо дайыма эле АКШнын практикалык ишмердигинде байкала

бербейт. 2006-жылдагы стратегияда өздүк кызыкчылыктары менен

уникалдуу милдеттери талап кылган учурларда АКШ өз алдынча иш-аракет

кыла алат деп ачык көрсөтүлгөн. Мында сөз менен иштин ортосундагы дал

келбөөчүлүк даана байкалат. АКШ мамлекети өз Стратегияларында

глобалдык лидерликтин милдеттемелерин өзүнө алып жатса, анда глобалдык

мамилелердин башка катышуучуларынын пикирлери менен

кызыкчылыктарын эске алуу жалпы коопсуздук менен туруктуулукту камсыз

кылуунун башкы максаты болуп калууга тийиш эле. АКШ геосаясий

мейкиндиктеги өзүнүн ролунун уникалдуулугун баса белгилөө менен

саясаттагы дагы бир калпыстыкка жол берип, дүйнөлүк проблемаларды

биргелешип жөнгө салууга далалат кылбай келет. Албетте, АКШнын

дүйнөлүк аренадагы ролу менен абалы өтө маанилүү, бирок, глобалдык

лидердин милдеттемелерин ийгиликтүү аткаруу үчүн АКШнын ресурстук

потенциалы менен саясий салмагы бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун

жыргалчылыгын көздөгөн кызматташтыкка багытталуусу тийиш.

3. Түрткүнчүк мамлекеттерди (государства-изгои) айырмалап

көрсөтүү. АКШнын улуттук коопсуздугунун эки Стратегиясы тең

«жамандык өзөгүнөна» («ось зла») суурулуп чыккан коркунучтарга карата

Page 266: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

266

бир жактуу жобо болуп саналат. Диссертацияда айтылгандай, бул топко

Ирак, Иран, Түндүк Корея киргизилген. Бул мамлекеттерде кыргынга

салуучу куралдар болгондуктан, аларга каршы туруу зарылдыгы баса

белгиленет. Мындан сырткары, Америка Кошмо Штаттары тарабынан башка

мамлекеттерге достук мамиле кылуунун ошол мамлекеттер тарабынан

демократиянын жалпы баалуулуктарын таануу жана анын жалпы

принциптери н пайдалануу сыяктуу критерийлери иштелип чыккан.

Демократиянын принциптерин «алга жылдыруу» боюнча АКШнын бир

жактуу иш-аракеттеринен улам «жалпы» деген сөздү «америкалык» деген сөз

менен алмаштыруу туура сыяктанат. Ошентип, глобалдык масштабдагы

лидер катары каалагандай жаңжалдуу жагдайларды жок кылууга

умтулгандын ордуна АКШ бүткүл дүйнөнү «өз» жана «жат» деген

принциптин негизинде бөлүп, потенциалдуу жаңжалдардын

(конфликттердин) жаралуусуна тымызын от коюп жаткандай.

4. Күч колдонбоо жана күч колдоном деп коркутпоо принцибин

сактоодогу эл аралык мыйзамдардын нормаларын бузуу. Эл аралык укук

мыйзамы боюнча мамлекеттин дүйнөлүк аренадагы жашоо-тиричилигинин

маанилүү принциби болуп күч колдонбоо жана күч колдоном деп коркутпоо

принциби эсептелет295. Бул принцип мамлекеттер ортосундагы

проблемаларды аскерий иш-чаранын жардамы аркасында чечүүгө жол

бербөө идеясынан келип чыккан. АКШнын улуттук коопсуздугунун

стратегиялары да ушул базалык жобого таянат: эркиндиктин, демократиянын

жана тынчтыктын баалуулуктарын дүйнөгө жайылтуу максатын көздөгөн

АКШ бир жактуу артыкчылыктарга ээ болууда кысым көрсөтүү ниетин

көздөбөй, башка мамлекеттер менен алакалашууда дипломатиялык

методдорго гана таянууну артык көрөт. Бирок, практика көрсөткөндөй, Ирак

менен Афганистанга каршы аскерий иш-чараларды жүргүзүүдө АКШ бул

принципти одоно бузуу менен өзүнүн гегемонисттик тенденцияларын ачык

эле демонстрациялаган.

Page 267: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

267

5. Адам укуктары менен негизги эркиндиктерин сыйлоо

принциптерин сактоо боюнча эл аралык укук мыйзамдарынын

нормаларын бузуу. Бул принцип да эл аралык мейкиндиктин

субъектилеринин жүрүм-турумунун маңыздуу нормаларынын бири болуп

эсептелет. Адам укуктары менен эркиндиктери эң жогорку баалуулук деп

жар салынат да, мамлекеттер аларды сыйлоого жана коргоого

милдеттендирилет296. Бул принципти сактоо зарылдыгы АКШнын заманбап

стратегияларында да камтылган. Бирок, ырайымсыздык менен

мыйзамсыздыктын, адамкерчиликсиздик менен нысапсыздыктын символуна

айланган Гуантанамодогу америкалык аскерий базадагы түрмө сыяктуу

америкалык жашыруун түрмөлөрдө жаткан адамдарды кордоону жана

кыйноону күбөлөгөн бир катар мисалдар баарыбызга жакшы белгилүү.

Жогоруда кеп болгон тенденциялар СССР кулагандан кийин

АКШнын дүйнөлүк геогсаясий мейкиндиктеги жүрүм-турумундагы өзүм

билемдикке негизделген гегемонизминен кабар берет. 2001-жылдын 11-

сентябрында АКШда болгон террористтик соккулардан кийин президент

Джордж Буш кичүү жана президент Барак Обаманын бийлиги учурунда

АКШнын тышкы саясаты менен геостратегиясын ишке ашырууда бир жактуу

өзүм билемдик, калпыстык, карама каршылык жана башка мамлекеттерди

«өз-жат» деген принциптин негизинде бөлүп-жаруу тенденциялары ачык

байкалат. Бирок, 2015-жылдын июль айынын башында Орусия

Федерациясынын Уфа шаарында болуп өткөн БРИКС жана ШОС эл аралык

уюмдарынын жыйыны монополярдуу дүйнөлүк геосаясий күч балансын

кайра карап чыгып, плюралисттик маанайдагы геосаясатты жүргүзүү

зарылдыгын жаратып, гегемонизмге умтулган Америка Кошмо

Штаттарынын дүйнөлүк геосаясий процесстердеги ролун трансформациялайт

деп үмүттөнүүгө болот.

АКШнын постсоветтик Борбор Азияга, анын ичинде, Кыргызстанга

карата саясаты Вашингтондун тышкы саясий жалпы жоболорунун негизинде

калыптанган. Территориясы кичинекей болгон Кыргызстан АКШ мамлекети

Page 268: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

268

тарабынан эч качан стратегиялык өнөктөш катары каралган эмес. Бирок,

1990-жылдары биздин өлкө «демократия аралчасы» деген образга ээ

болгондуктан, Батыш өлкөлөрү ага экономикалык жана саясий колдоо

көрсөтүү кепилдигин беришкен297. Бул иште АКШнын көз карашында

академиялык чөйрөдөн чыккан окумуштуу, СССРдин партиялык-

номенклатуралык режими менен байланышы болбогондон улам Борбор

Азиянын башка лидерлеринен бир кыйла айырмаланып турган кыргыз

президенти А. Акаевдин дүйнө таанымдык жана инсандык сапаттары зор

көмөк берген.

2006-жылдан тарта АКШ мамлекети америкалык окумуштуу Ф. Старр

тарабынан иштелип чыккан Чоң Борбор Азия концепциясын ишке ашыра

баштаган. Бул жобого ылайык Борбор Азия өз кучагына мурдагы советтик

Орто Азия жана Казакстан республикаларын гана эмес, Орто Чыгыштын

түндүк чөлкөмдөрүндө жайгашкан мамлекеттерди, Индиянын түндүгүн,

Кытайдын батышын да камтыган. АКШнын Мамлекеттик департаментинде

Афганистан чок ортосунда жайгашкан Борбордук жана Түштүк Азия боюнча

жаңы Бюро түзүлгөн. Аталган концепцияда Кыргызстанга Афганистандагы

антитеррористтик коалицияны колдогон базанын ролу таандык кылынган.

АКШ саясатынын өзгөчөлүгү болуп ал өз позицияларын кыргыз

коомунун саясий, аскердик-стратегиялык жана экономикалык чөйрөлөрүнө

гана бекем орнотуп тим болбостон, Борбордук Азиянын АКШ үчүн ыңгайлуу

болуп саналган тышкы саясий багытын калыптандыруу эсептелет. Мындай

жобо америкалык окумуштуу Ф. Старрдын «Чоң Борбор Азия» (ЧБА) деп

аталган концепциясына туура келет. Берилген концепцияны ишке

ашыруунун негизги максаты болуп Борбор жана Түштүк Азия өлкөлөрүндө

«проамерикалык» (америкалыктарга боор тарткан) тышкы саясий багытты

калыптандыруу саналат.

Заманбап шарттарда АКШ өзүнүн аскердик күчү менен экономикалык

мүмкүндүктөрүндөгү артыкчылыктарды пайдалануу менен БА өлкөлөрүнө,

алардын ичинде Кыргызстанга аскердик-саясий таасир көрсөтүп келет. Бул

Page 269: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

269

өңүттө Дж.Буштун (кичүүсү) доктринасы, Ф. Старрдын «Чоң Борбор Азия»

концепциясы, Б. Обаманын доктринасы жана классикалык геосаясаттагы Х.

Маккиндердин «хартленд» (жердин жүрөгүндө жайгашып, дүйнөлүк тарыхка

зор таасир эткен СССРдин үстүнөн жеңишке жетүү) менен байланышкан

атактуу концепциясы өңдүү бир далай америкалык доктриналар менен

концепциялардын бүтүндөй бир спектри иштелип чыккан.

Page 270: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

1Henry Kissinger, Simon & Schuster Paperbacks, New York 1994.2 Киссинджер Г. Нужна ли Америке внешняя политика? – М.: Ладомир, 2002.3 Zbigniew Brzezinski, The Choice: Global Domination or Global Leadership, Basic Books, New

York 2004. 4 Zbigniew Brzezinski, Second Chance: Three Presidents and the Crisis of American Superpower,

Basic Books, New York 2007.5 Zbigniew Brzezinski, The Grand Chessboard, Basic Books, New York 1997. 6 Капхен Ч. Закат Америки. Уже скоро. – М: АСТ, 2004.7 Francis Fukuyama, The End of History and the Last Man, BARD An Avon Book, New York

1992.8 Francis Fukuyama, State Building Governance and World Order in the 21st Century, Cornell

University Press, New York 2004. 9 Mearsheimer, John J. «Back to the Future: Instability in Europe After the Cold War». International

Security, vol. 15, no. 1 (Summer 1990) 10 Миршеймер Джон. Почему мы скоро будем тосковать по холодной войне // Электронный

журнал «Россия в глобальной политике». – 2008. - № 6 // http://www.centrasia.ru/newsA.php?

st=122972064011 Нantington Samuel. Crash of civilisations // “Foreigh Affairs”. – Summer, 1993. 12 Kennedy, Paul M. Preparing for the Twenty-first Century. New York: Random House, 1993.13 Kaplan, Robert D. The Coming Anarchy Shattering the Dreams of the Post Cold War. Atlantic

Monthly, New York: Random House, 2000.14 Friedman, Thomas L. The Lexus and the Olive Tree. New York: Farrar, Straus & Giroux, 1999.15 Тейлор П. Дж. Вторая мировая война: Два взгляда. — М.: Мысль, 1995; Taylor P. J. Political

Geography: World-Economy, Nation-State and Locality. London: Harlow, 2000.16 Wallerstein I. The Politics of the World-Economy//Cambridge: Cambridge University Press,

1994; Wallerstein I, Globalization or the age of transition? A long-term view of the trajectory of the

world system // International Sociology. V. 15. 2000, № 3.17 Nye, Joseph S., Jr. Bound to Lead: The Changing Nature of American Power. New York: Basic

Books, 1990.18 The National Security Strategy for a new century 1997; The National Security Strategy of the

United States of America 2002; The National Security Strategy of the United States of America

2010; Quadrennial Defense Review Report. September 30. 2001; Intel Assesment. February 10.

2011; Human Rights Reports 2009: Kyrgyzstan; Human Rights Reports 2000: U.S. Department of

State. Kyrgyzstan Country Report on Human Rights Practices for 2000; International Religious

Freedom Report 2009: Kyrgyzstan. Department of State. Bureau of Democracy, Human Rights and

Page 271: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

Labor. October 26, 2009.19 Nichol. J. Kyrgyzstan: recent developments and U.S. interests. Congressional research service –

Library of Congress. Code 98-594. 2005; Khalilzad Z., Lesser I. Sources of Conflict in the

21st Century: Regional Futures and U.S. Strategy. Santa Monica, RAND, 1998; United States

Assistance and Economic Strategy for the New Independent States. U.S. Policy Toward the New

Independent States: Hearing before the Committee on Foreign Affairs, House of Representatives,

103rd Congress 2nd session, January 25, 1994. Washington, 1994; United States General Accounting

Office. Report to the Chairman, Committee on International Relations, House of Representatives:

Foreign Assistance, U.S. Economic and Democratic Assistance to the Central Asian Republics.

Washington, 1994; Silencing Central Asia: The Voice of Dissidents. Hearing before the

Subcommittee on the Middle East and South Asia of the Committee on International Relations,

House of Representatives, 107th Congress, 1 Session, 18.07.2001, p.56; Congress Resolution №

397. Markup before the Subcommittee on Asia and the Pacific of the Committie on International

Relations. House of Representatives, 106th Congress, 2nd session. Washington 2000.20 Obama Administration's Priorities in South and Central Asia. Robert O. Blake, Jr.Assistant

Secretary, Bureau of South and Central Asian Affairs. Houston, TX. January 19, 2011; U.S.

Department of State. Bureau of South and Central Asian Affairs. Assistant Secretary Blake’s

introducing speech.21 Edwards M. The new great game and the new great gamers: disciples of Kipling and Mackinder.

Central Asian Servey. 2003. Vol 22. № 1; O’Hara S. Great game or grubby game? The struggle for

control of the Caspian. Geopolitics. 2004. Vol 9. №1; Rumer E. Russia and Central Asia after the

Soviet Collapse. After empire: the emerging geopolitics of Central Asia; Solomon R. Foreword.

Olcott M.B. Central Asia’s New States: Independence, foreign policy and regional security; Fettveis

C. Sir Halford Mackinder, Geopolitics, and Policymaking in the 21 century. // Parameters. 2000.22 Davis J. Sweeney M. Central Asia in U.S. strategy and operational planning: where do we go

from here? The Institute for foreign policy analysis. February. 2004; Starr F. A «Greater Central

Asia Partnership» for Afghanistan and Its Neighbors Silk Road Paper. Central Asia-Caucasus

Institute & Silk Road Studies Program – A Joint Transatlantic Research and Policy Center Johns

Hopkins University. Washington, D.C. March 2005; Jacquelyn K. Davis. Mikhael J. Sweeney.

Central Asia in U.S. strategy and operational planning: where do we go from here?

TheInstituteforforeignpolicyanalysis. February. 2004.23 Виелмини Ф. Роль теории Маккиндера в нынешнем стратегическом развертывании США в

Евразии: проблемы и перспективы // Центральная Азия и Кавказ. – 2005. - №4; Абдулло Р.

Политика США в Таджикистане: от признания независимости к партнерству // Центральная

Азия и Кавказ. – 2007. - №4 (52); Брудный А., Чотаева Ч. Центральная Азия: пути и модели

Page 272: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

развития // Центральная Азия и Кавказ. - 2000. - №6 (12): Коэн А. США, страны Центральной

Азии и Кавказа: проблемы и перспективы взаимоотношений // Центральная Азия и Кавказ. –

2000. - №2; Ник М. Севара Ш. Помогает или мешает нам «хартленд» Маккиндера понять

Центральную Азию? // Центральная Азия и Кавказ. - 2005. - №4.24 Лебедева Т. П. Геополитика. – М: Политология: Лексикон, 2007; Лебедева Т.П.

Геополитика: учебное пособие. – М.: Издательство «Университетский гуманитарный лицей»,

2007.25 Гаджиев К.С. Введение в геополитику. - М., Логос, 2002; Гаджиев К. Геополитика. - М.:

Международные отношения. - 1997. – С.35-73.26 Рогов С. М. Стратегия США – не допустить появления равного по силам противника. –

«Московские новости». № 4 февраль 2007.27 Рогов С. М. Американское государство накануне третьего тысячелетия // США-ЭПИ.-

1998. - № 11.28 Плешаков К.В. Компоненты геополитического мышления // Международная жизнь. - 1994.

- №10.29 Уткин А.И. Мировой порядок в ХХI веке. – М: Эксмо, 2002.30 Богатуров А. Отложенный нейтралитет? Центральная Азия в международной политике //

Россия в глобальной политике. – 2010. - 19 июня; Дугин А. Основы геополитики. - М., 2000.-

С.12-29; Цыганков П. Теория международных отношений. - М., 2003. С.24-31;

Международные отношения в Центральной Азии: события и документы: учеб.пособие для

студентов вузов. / А. Д. Богатуров, А. С. Дундич, О. Н.Тимофеев, Е. Ф.Троицкий и др.; отв.

ред. А. Д. Богатуров. - М.: Аспект- Пресс, 2011.- С.315-334.31 Арбатов Г. Современная внешняя политика США. Отв.ред. Трофименко Г. М.: Наука, 1984.

- С.33-36; Братерский М.В. США и проблемные страны Азии: обоснование, выработка и

реализация политики в 1990-2005 гг. – М.: 2005. - С.178-191; Копылов А. О понятии

«национальная безопасность» в американской политологии // Безопасность. – 1996. - №3-4;

Копылов А. Политика национальной безопасности США в 90-е годы: содержание и процесс

реализации. Монография. - М.: ВАГШ, 1999; Копылов А. Современная военная стратегия

США: содержание и тенденции развития. - М.: ВАГШ, 2006; Копылов А. Современная

стратегия национальной безопасности США: концепции и политическая практика. - М.:

ВАГШ, 2009; Лукьянов Ф. Бесцветная эволюция // Россия в глобальной политике. – 2010. -

26 марта; Уткин А. Доктрина Буша: концепция, разделившая Америку // Россия в глобальной

политике. – 2005. - №4.32 Братерский М. США и проблемные страны Азии: обоснование, выработка и реализация

политики в 1990-2005 гг. – М., 2005. – С.178-191.

Page 273: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

33 Линке П., Наумкин В. Годы, которые изменили Центральную Азию. - М., 2009. С.157-173;

Niazi A. Tajik Leaders Warns of New Hostilities // Dawn. 1995. March 7.34 Богатуров А. Отложенный нейтралитет? Центральная Азия в международной политике //

Россия в глобальной политике. – 2010. - 19 июня.35 Международные отношения в Центральной Азии: события и документы: учеб.пособие для

студентов вузов. / А.Д. Богатуров, А.С. Дундич, О.Н.Тимофеев, Е.Ф.Троицкий и др.; отв. ред.

А.Д. Богатуров. - М.: Аспект-Пресс, 2011. - С.324-333.36Джекшенкулов А. Д. Новые независимые государства Центральной Азии в мировом

сообществе. - М.: Научная книга, 2000; Джекшенкулов А. О безъядерной зоне в Центральной

Азии // Международная жизнь. – 1999. - № 6.37 Токтомушев К. Внешняя политика независимого Кыргызстана. - Бишкек: Сабыр, 2001.38 Омаров Н. М. На пути к глобальной безопасности: Центральная Азия после 11 сентября

2001 года. - Бишкек: Центр ОБСЕ в Бишкеке, 2002; Омаров Н. М. Бишкек, 2001; Омаров Н.

М. Международные отношения в эпоху глобального развития. - Бишкек: Наука и

образование, 2003; Омаров Н. М. «Ассоциативная» система безопасности как новая модель

организации евразийского пространства в начале XXI века // НАТО и Центральная Азия:

региональная и национальная безопасность и стратегическое партнерство / Под ред. Т.А.

Кожамкулова. - Алматы: 2003.С. 25-34; Омаров Н. М. Гуманитарные аспекты безопасности

Кыргызской Республики в XXI веке: вызовы и ответы; Омаров Н. М. Внешняя политика

Кыргызской Республики в контексте проблем глобальной безопасности. – Бишкек:

Автореферат диссертации, написанной на соискание научной степени доктора исторических

наук, 2006 и др.39 Айдаркул Каана. Международные отношения кыргызов и Кыргызстана: история и

современность. – Бишкек, 2002.40 Акаев А. Памятное десятилетие. - Бишкек: Учкун, 2001; Акаев А. Кыргызская

государственность и эпос «Манас». - Бишкек, Учкун, 2003; Акаев А. Думая о будущем с

оптимизмом. Размышления о внешней политике и мироустройстве. - М.: Международные

отношения, 2004.41 Идинов К. Кыргызстан в системе международных экономических отношений. - Бишкек:

1997; Аширов Б. Ч. Становление и перспективы экономического сотрудничества

Центральной Азии // Центральная Азия и культура мира. - № 1(4). - 1998. - С. 23-27.42 Караңыз: Центральная Азия в системе международных отношений. Сборник научных

статей. - М.:2004.43 Конституция Кыргызской Республики // jogorku.sot.kg/ru/конституция-кыргызской-

республики-0; Конституция Кыргызской Республики // www . ksgp - cis . ru / docs /21/ const _ kyr . pdf

Page 274: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

44Обращение Президента КР А. Акаева к народу // echoosha.narod.ru/Oktober04/akaev.htm;

Послание Президента К. Бакиева к парламенту и народу //

www . pr . kg / news / kg /2008/10/17/8236/ ; Обращение Президента КР Р. Отунбаевой //

kabar.kg/rus/politics/full/22904.45 Караңыз: Лебедева Т. П. Геополитика. – М: Политология: Лексикон, 2007; Лебедева Т. П.

Геополитика: учебное пособие. – М.: Издательство «Университетский гуманитарный лицей»,

2007; Мнацаканян М.О. Глобализация и национальное государство: три мифа //

Социологические исследования. - 2004. № 5. 46 Михайлов В. М. Система планирования строительства вооруженных сил США // Военная

мысль. – 1990. - № 9; Плешаков К. В. Компоненты геополитического мышления //

Международная жизнь. - 1994. - №10; Проскурин С. А. Национальная безопасность страны:

сущность, структура, пути укрепления. – М.: Общество «Знание», 1991. 49 Nuechterlein,Donald. ‘National Interests and Foreign Policy: A Conceptual Framework for Analysis and Decision-

making’, British Journal of International Studies, Vol. 2, No. 3 (October 1976), pp. 246–66)47 Модестов С. А., Скворцов С. А., Турко Н. И. Резервуар державной мощи // Независимое

военное обозрение. – 1997. - № 10.48 Washington ProFile49 Внешняя политика государства как отображение его национальных интересов: сущность,

виды // http://all-politologija.ru/ru/vneshnyaya-politika-gosudarstva-kak-otobrazhenie-ego-

nacionalnyxinteresov-sushhnost-vidy-nacionalnye-interesy-ukrainy50 Зимонин В. П. К вопросу о доктрине комплексного обеспечения национальной

безопасности // Армия и современный мир. – М.: Военный краснознаменный институт.

Ассоциация военных переводчиков, 1993.51 Караңыз: О визите Дж. Буша в Европу - Жэньминь Жибао // История внешней политики и

дипломатии США, 1867-1918 / Отв. ред. Г. П. Куропятник. - М.: Наука, 1997.52 Караңыз: Дугин А. Основы геополитики. - М Арктогея, 1997; Нартов Н. Геополитика:

Учебник для вузов. – М., 2010.53 Соловьев А. И. Политология. – М.: Аспект-пресс, 2006. 54 Сорокин К. Э. Геополитика современного мира и Россия // Полис. – 1995. - №1. 55 Тейлор П. Дж. Вторая мировая война: Два взгляда. — М.: Мысль, 1995; Уткин А. И.

Мировой порядок в 21 веке. – М: Эксмо, 2002.56 Мэхен А. Т. Влияние морской силы на историю 1660-1783. - СПб., 1896. - С. 1-2. 57 Мэхен А. Т. Влияние морской силы на историю 1660-1783. - СПб., 1896. - С. 64-65. 58 Панарин И. П. Дипломатия и политика // http://www.panarin.com

Page 275: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

59 Turner, Frederick Jackson (1920). "The Significance of the Frontier in American History". The

Frontier in American History. p. 293.60 Devon T. Lyons, Navigating the New Frontier: Woodrow Wilson, Frederick Jackson Turner, and

World Politics, Faculty of Emory College of Arts and Sciences of Emory University, (PhD Thesis),

Departmet of History, 2012, 7p.  61 Sarah Watts, Rough Rider in the White House Theodore Roosevelt and the Politics of Desire, The

University of Chicago Press, Chicago and London, 2003. p193.62 Richard Slotkin, "Nostalgia and progress: Theodore Roosevelt's myth of the frontier". American

Quarterly (1981) pp: 608–63763 Letter from Brooks Adams to Theodore Roosevelt. October 3, 1904. Theodore Roosevelt Papers.

Library of Congress Manuscript Division. Subjects: Political campaigns, Editorials, Political

parties--Platforms, Republican Party (U.S. : 1854- ), Democratic Party (U.S.), Parker, Alton B.

(Alton Brooks), 1852-192664 Brooks Adams, The New Empire, The Macmillan Company, New York, 1902, 254-255pp.65 The National Security Strategy. USA, September 2002. Официальный сайт Белого Дома, США

// http://georgewbush-whitehouse.archives.gov/nsc/nss/2002/index.html66 The Supporting Human Rights and Democracy: The U.S. Record 2007. Государственный

департамент США //http://www.state.gov/g/drl/rls/shrd/2007/67 The National Security Strategy. USA, September 2002. Официальный сайт Белого Дома, США

// http://georgewbush-whitehouse.archives.gov/nsc/nss/2002/index.html68 The National Security Strategy. USA, March 2006. Официальный сайт Белого Дома //

http://georgewbush-whitehouse.archives.gov/nsc/nss/2006/index.html69 Jim Nichol, Central Asia: Regional Developments and Implications for U.S. Interests, March 21-

2014, Congressional Research Service 7-5700, RL33458, CRS Report, Prepared for Members and

Committees Congress.70 P.L. 102-511; aid provisions were included as Part I, Chapter 11 of the Foreifgn Assistance Act

of 1961, P.L. 87-195.71 Noor Ahmad Khlaidi, “Afghanisatn: Demographic Consequences of War: 1978-87,” Central

Asian Survey, vol.10, no. 3, pp.101-102, 1991.72 U.S. House of Representatives, Committee on Foreign Relations, Subsommittee on Asia, the

Pacific, and the Golbal Envoronment, Hearing on the Emerging Importance of the U.S. – Central

Asia Partnership, Testimony of Robert O. Blake, Jr., Assistant Secretary, Bureau of Sourh and

Central Asian Affairs, and Testimony of Davis Sedney, Deputy, Assistant Secretary of Defense,

November 17, 2010.

Page 276: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

73 Межлумянц А. Р. Геополитическая стратегия Бжезинского и ее исторические

перспективы // http://whiteworld.ru/s000102.htm74 Лисичкин В., Шелепин Л. Глобальная империя зла //

http://www.x-libri.ru/elib/lsshl001/0125 .htm75 Бжезинский З. Великая шахматная доска, http://rus-sky.org/history/ library/bzhezins.htm/76 Караңыз: Элементы // Евразийское обозрение. – 1996. - № 7. - С. 26-32; Дугин А. Основы

геополитики. - М Арктогея, 1997; Нартов Н. Геополитика: Учебник для вузов. – М., 2010. 77Mackinder H.J. Democratic Ideals and Reality: A Study in the Politics of Reconstruction. - New

York: Henry Holt and Company, 1942. - P. 150.78Mackinder H.J. Democratic Ideals and Reality: A Study in the Politics of Reconstruction. - New

York: Henry Holt and Company, 1942. - P. 150.79 Nicolas Spykmen. Geography of peace. - New York, 1944. - P. 43. 80 Аблазов В. И. Афганская арена. 20 лет спустя: говорить и писать только правду //

http://artofwar.ru/a/ablazow_walerij_iwanowich/; Варенников В. И. Нас подтолкнули к вводу

войск // http://afghanistan.ru/doc/8049.html; Гроссман А. С. Секретные документы из особых

папок: Афганистан // Вопросы истории. - 1993. - № 3. - С. 5; Документы советского

руководства о положении в Афганистане. 1979–1980 // Новая и новейшая история. - 1996. -

№ 3. - С. 94; Корниенко Г. Н. Как принималось решение о вводе советских войск в

Афганистан и их выводе // Новая и новейшая история. - 1993. - № 3. - С. 107; Советский

архив. Собран В. Буковским //

http://psi.ece.jhu.edu/~kaplan/IRUSS/BUK/GBARC/pdfs/afgh/afgh-rus.html; http://artofwar.ru/;

http://www.rsva.ru/.81 Архивы: Человек, воевавший с Советским Союзом, направляет свою армию на дорогу к

миру // "The Independent",Великобритания);

http://inosmi.ru/world/20131213/215674236.html#ixzz3C9uvX7LG; @inosmi on Twitter;InoSMI

on Facebook82 Ганковский Ю. В. Наша боль – Афганистан // Азия и Африка сегодня. - 1989. - № 6. - С. 2;

Советский архив. Собран В. Буковским //

http://psi.ece.jhu.edu/~kaplan/IRUSS/BUK/GBARC/pdfs/afgh/afgh-rus.html.83Дугин А. Основы геополитики. - М Арктогея, 1997; Нартов Н. Геополитика: Учебник для

вузов. – М., 2010. 84 Нantington Samuel. Clash of civilisations // “Foreigh Affairs”. – Summer, 1993. – Р. 22-49.85 Max Weber, Gesammelte politische Schriften, Hrsg. Von Johannes Winckelmann. 5 Auflage,

Tubingen, J.C.B. Mohr (Paul Siebele), 1988 (1.Auflage 1921) s. 644-706

Page 277: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

86 Шакирова Д. К. Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы Батыш-Чыгыш маданияттарынын

диаологу: философиялык анализ. – Бишкек: философия илимдеринин кандидаты

окумуштуулук даражасын алуу үчүн жазылган диссертация, 2011. 115-бет. 87 Нantington Samuel. Crash of civilisations // “Foreigh Affairs”. – Summer, 1993. – Р. 25. 88 Нantington Samuel. Clash of civilisations // “Foreigh Affairs”. – Summer, 1993. – Р. 49. 89 Ковалевский М.М. Соч. В 2-х т. - Т. 1. - Спб.: Алетейя, 1997. - С. 173.90 Нартов Н. А Геополитика: Учебник М.: Юнити, 2004.91 Ивашов Л. Г. В чем состоит геополитическая стратегия США–НАТО //

http://old.iamik.ru/14387.html92 Кабанов Н. Секреты тотальной власти // http://rusarmageddon. narod.ru/HTML/23_19. htm93 Василенко И. А. Геополитика современного мира. Москва 2006; Юрьев Д. Как делать

революцию («Оранжевые политтехнологии») // Социс. - № 6. - С. 65-71.94 Батаков Я. Балканизация Украины // Русский Журнал. – 2004. - № 2; Кынев А. В.

Кыргызстан до и после «Тюльпановой революции» [Электронный ресурс] // Международный

институт гуманитарно-политических исследований. – 2005. –режим доступа:

http://www.igpi.ru; США и Россия. Медиа-война в Киргизии [Электронный ресурс] //

Институт стратегического анализа и прогноза. – 2007. – режим доступа:

http://www.easttime.ru.95 Политолог Сергей Лебедев прокомментировал фильм французских документалистов о

роли США в "цветных" революциях… // Русская линия http://www.rusk.ru/newsdata.php?

idar=17114996 Шарп Дж. От диктатуры к демократии. 1993 // www.psyfactor.org/lib/sharp.htm97 Политолог Сергей Лебедев прокомментировал фильм французских документалистов о

роли США в "цветных" революциях… // Русская линия http://www.rusk.ru/newsdata.php?

idar=17114998 Кара-Мурза С., Александров А., Мурашкин М., Телегин С. Психологическая война //

http://www.bookap.by.ru/psywar/orangrev/oglav.shtm99 Америкалык неоконсерваторлор өзүнүн «демократиялык баалуулуктар үчүн күрөш»

жүргүзүү үчүн пайдаланган методдор бир топ күмөн саноолорду жаратат. Айтсак, Украинада

болуп өткөн шайлоолор бүткүл дүйнөгө демократиянын салтанатын эмес,

политтехнологдордун жеңишин гана көрсөтсө, Киев шаарындагы Майдан аянтындагы

«кызгылтым (оранжевая) революция» демократиялык нормалар менен процедураларды орой

бузуу жолу аркылуу болуп өткөнү баарыбыздын эсибизде. Айтылгандардын натыйжасында,

бийлик алмашуу конституциялык эмес жол менен болуп өткөн.100 Нарочницкая Н. Старая Европа, http://pravoslavie.ru/analit/ index.htm

Page 278: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

101 Караңыз: Бжезинский З. Америка терпит катастрофу (для газеты Los Angeles Times),

http://www. lenta.ru/102 Бжезинский З. Великая шахматная доска // http://rus-sky.org/history/ library/bzhezins.htm/103 Лисичкин В., Шелепин Л. Глобальная империя зла //

http://www.x-libri.ru/elib/lsshl001/0125 .htm104 Цитата төмөнкү булак боюнча алынды: Дугин А. Основы геополитики. – М.: АрктоГея-

Центр, 1999. – С. 124-125. 105 Устав НАТО, Североатлантический Договор, Вашингтон, 1949. Официальный сайт

НАТО //http://www.nato.int/cps/en/natolive/official_texts_17120.htm106 Шалак А.В. Основы геополитики.Учебное пособие. – Иркутск: Изд-во ИГЭА, 2001107 Бжезинский З. Великая шахматная доска // http://rus-sky.org/history/ library/bzhezins.htm/108 Бжезинский З. Америка терпит катастрофу (для газеты Los Angeles Times), http://www.

lenta.ru/109 Нартов Н. А Геополитика: Учебник М.: Юнити, 2004.110 Кабанов Н. Секреты тотальной власти // http://rusarmageddon. narod.ru/HTML/23_19. htm111 Бжезинский З. Великая шахматная доска // http://rus-sky.org/history/ library/bzhezins.htm/112 Межлумянц А. Р. Геополитическая стратегия Бжезинского и ее исторические

перспективы // http://whiteworld.ru/s000102.htm113 Межлумянц А. Р. Геополитическая стратегия Бжезинского и ее исторические

перспективы // http://whiteworld.ru/s000102.htm114 Бжезинский З. Великая шахматная доска // http://rus-sky.org/history/ library/bzhezins.htm/115 Stephen J. Blank, “Challenges and Opportunities for the Obama Administration in Central

Asia,” Strategic Studies Institute, June 2009, 38-44p.

116 Межлумянц А. Р. Геополитическая стратегия Бжезинского и ее исторические

перспективы // http://whiteworld.ru/s000102.htm117 Нарочницкая Н. Старая Европа, http://pravoslavie.ru/analit/ index.htm118 Бжезинский З. Великая шахматная доска // http://rus-sky.org/history/ library/bzhezins.htm/119 U.S. Department of State, Robert O Blake, Jr., Assistant Secretary, Bureau os South and Central

Asian Affairs, U.S. Policy Towards Central Asia, Carnegie Endowment for Peace, July 30, 2010.

See also U.S. Department of State, Robert O. Blake, Jr., Remarks: U.S. Policy in Central Asia,

Forum of the Central Asian- Caucasus Institute, January 25, 2012.120 Cranston A. Central Asia in Transition. - Washington: US Government Printing Office, 1992. 121 Братерский М. В. Политика США в Средней Азии: Итоги десятилетия // США-ЭПИ. -

2002. - № 9. – С. 55.

Page 279: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

122 United States Department of State Treaties in Force A List of Treaties and Other International

Agreements of the United States in Force on January 1, 2013, Compiled by the Treaty Affairs Staff,

Office of the Legal Adviser, U.S. Department of State, Kazkhstan 162-163p.

123 United States Department of State Treaties in Force A List of Treaties and Other International

Agreements of the United States in Force on January 1, 2013, Compiled by the Treaty Affairs Staff,

Office of the Legal Adviser, U.S. Department of State, Kyrgyzstan 170-172p.124 United States Department of State Treaties in Force A List of Treaties and Other International

Agreements of the United States in Force on January 1, 2013, Compiled by the Treaty Affairs Staff,

Office of the Legal Adviser, U.S. Department of State, Tajikistan 279p.125. United States Department of State Treaties in Force A List of Treaties and Other International

Agreements of the United States in Force on January 1, 2013, Compiled by the Treaty Affairs Staff,

Office of the Legal Adviser, U.S. Department of State, Turkmenstan 290p.126 United States Department of State Treaties in Force A List of Treaties and Other International

Agreements of the United States in Force on January 1, 2013, Compiled by the Treaty Affairs Staff,

Office of the Legal Adviser, U.S. Department of State, Uzbekistan 313-314p.127 Starr S.F. A Partnership for Central Asia // Foreign Affairs, Jul/Aug 2005. - Vol. 84. - No. 4. - P.

164; Macfarlane S. N. The United States and Regionalism in Central Asia // International Affairs,

May 2004. - Vol. 80. - No. 3. - P. 447.128 S. Frederick Starr, “Lost Englighment: Central Asia’s Golden Age from the Arab Conquest to

Tamerlane” Princeton Uiniversity Press, 2013 New Jersey, 4p.129 Дугин А. Основы геополитики. - М.: Арктогея-центр, 1999.130 Cohen A. U.S. Interests and Central Asia Energy Security // Backgrounder #1984, Heritage

Foundation, 15 November 2006.131 Малышева Д. Многостороннее соперничество на Каспии // Центральная Азия и Кавказ. –

2002. - № 2 (20).132 U.S. Department of Energy, Energy Information Administration, «Country Analysis Briefs:

Caspian Sea Region», September 2005 [www.eia.doe.gov/emeu/cabs/Caspian/Oil.html], 15

November 2006.133 Starr S.F. A Partnership for Central Asia // Foreign Affairs, Jul/Aug 2005. - Vol. 84. - No. 4. - P.

164; Macfarlane S. N. The United States and Regionalism in Central Asia // International Affairs,

May 2004. - Vol. 80. - No. 3. - P. 447.134 [http://www.edinros.ru/news.html?id=110500], 8 июня 2007.135 Fact Sheet: President Bush Calls for a «Forward Strategy of Freedom» to Promote Democracy in

the Middle East. Today’s Presidential Action. For Immediate Release. Office of the Press Secretary.

6 November 2003.

Page 280: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

136 А. Пушков: Американцы «ушли» из Средней Азии. Россия становится желанным

противовесом США [http://www.centrasia.ru/newsA.php4?st=1120804020], 8 июня 2007.137 Михайлов С. Попытки США обосноваться в постсоветской Средней Азии - не

антироссийский, а антикитайский шаг [http://www.kreml.org/interview/94878025], 8 июня

2007.138 Lake A. Confronting Backlash States // Foreign Affairs, March/April. - 1994. - P. 45.139 [http://secretary.state.gov/www/statements/9770930], 22 May 2006.140 Lake A. Confronting Backlash States // Foreign Affairs, March/April. - 1994. - P. 46.141 Одиоздуу (латынчадан odiosus – жек көрүндү, карама каршы) – өзүнүн терс сапаттары

менен белгилүү болгон, башкаларда кескин түрдө жактырбоочулук сезимин пайда кылган

нерсе, же кубулуш // Большой энциклопедический словарь. – М.: Научное издательство

«Большая Российская энциклопедия»; - СПб.: «Норинт», 1998. – С. 832.142 Eizenstat S., Porter J. E., Weinstein J. Rebuilding Weak States // Foreign Affairs. Jan/Feb. –

2005. - Vol. 84. - P. 134.143 Clinton B. State of the Union Address. 25 January. - 1994

[http://www.thisnation.com/library/sotu/1994 bc.html], 10 June. - 2007. 144 Jim Nichol, Central Asia: Regional Developments and Implications for U.S. Interests, March 21-

2014, Congressional Research Service 7-5700, RL33458, CRS Report, Prepared for Members and

Committees Congress, 9-page.145 Council of the European Union, Uzbekistan: Council Adopts Restrictive Measures, Press Release

14392/05, November 14, 2005. U.S. officials argued that the United States already had been

limiting military assistance-at congressional request-because of human rights abuses.146 U.S. Senate, Committee on Armed Services, Testimony of the Director of Central Intelligence,

The Honorable Porter J, Goss, March 17, 2005.147 U.S. Department of State, Press Statement: U.S. Department of State Designates the Islamic

Jihad Group Under Executive Order 13224, May 26, 2005; U.N. Security Council, The Al-Qaida

and Taliban Sanctions Committee, Press Release: Security Council Committee Adds One Entity to

AL-Qaida Section of Consolidated List, SC/8405, June 3, 2005.148 U.S. Department of State, Country Reports on Human Rights Practices for 2013, February 27,

2014.149 Jim Nichol, Central Asia: Regional Developments and Implications for U.S. Interests, March 21-

2014, Congressional Research Service 7-5700, RL33458, CRS Report, Prepared for Members and

Committees Congress, 32-33p.150 U.S. Department of State, Trade Diary: “India and the United States- A Vision for the 21st

Century,” DipNote, July 20, 2011.

Page 281: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

151 U.S. Department of Atate, “Secretary Clinton Co-Chairs the New Silk Road Ministerial

Meeting,” DipNote, September 23, 2011; Fact Shet on New Silk Road Ministerial, September 22,

2011. See also U.S. Department of State, Remarks Robert D. Hormats, Under Secretary for

Economic, Energy and Agricultural Affairs, Address to the SAIS Central Asia-Caucasus Institute

and DSIS Forum, September 29, 2011.152 Jim Nichol, Central Asia: Regional Developments and Implications for U.S. Interests, March 21-

2014, Congressional Research Service 7-5700, RL33458, CRS Report, Prepared for Members and

Committees Congress, 55p.153 U.S. Department of State, Congressional Budget Justification for Foreign Operations for

FY2010, May 2009,p.44; Congressional Budget Justification for Foreign Operations for FY2011,

Volume II, March 2010, p. 85. 154 Ashley Cleek, “Peace Corps Pulling Out of Turkmenistan,” Eurasianet, September 3, 2012.155 U.S. House of Representatives, Committee on Armed Services, Hearing on the Fiscal Year 2015

National Defense Authorization Budget Request from the U.S. Pacific Command, U.S. Central

Command, and U.S. Africa Command, Statement of General Lloyd J. Austin III, Commander U.S.

Central Command, on the Posture of U.S. Central Command, March 5, 2014. 156 U.S. Department of State, Bureau of International Narcotics and Law Enforcement Affairs,

International Narcotics Control Strategy Report, March 5, 2013. 157 U.S. Department of State, Bureau of International Narcotics and Law Enforcement Affairs, Fact

Sheet: The Central Asia Counternarcotics Initiative (CACI), February 21, 2012.158 Joshua Kucera, “Russia Thwarts U.S. Central Asian Counterdrug Program,” The Bug Pit,

Eurasianet, February 18, 2012; Chris Rickleton, “Central Asia: Cold War Attitudes Hindering

Derug War,” Eurasianet, February 6, 2013; Reid Standish, “Still No Anti-Drug Trafficking Process

in Central Asia,” The Hidden Transcript, March 1, 2013; “Coperation and Geoplotics in the Central

Asian Drug Trade,” Center for World Conflict and Peace, May 17, 2013.159 U.S. Evicted from Air Base in Uzbekistan. By Robin Wright and Ann Scott Tyson, Washington

Post, Saturday, July 30, 2005. 160 U.S. Military Returns to Ex-Soviet Uzbekistan,” Agence France Presse, March 6, 2008; “Only

Germany Can Use Uzbek Bases Now,” United Press International, December 13, 2005.161 A Treaty on the Central Asian Nuclear Weapons Free Zone entered into force in January 2009.

All five Central Asian states are signatories. The Treaty prohibits the development, manufacture,

stockpiling, acquisition, or possession of nuclear explosive devices within the zone. See CRS

Report RL31559, Ploriferation Control Regimes: Background and States, coordinated by Mary

Beth D. Nikitin.

Page 282: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

162 The White House, Office of the Press Secretary, Remarks by President Obama and President

Nursultan Nazarbayev of the Republic of Kazakhstan Before Bilateral Meeting, March 26, 2012;

Joint Statement of the Presidents of the Republic of Kazakhstan, the Russian Federation, and the

United States of America Regarding the Trilateral Cooperation at the Former Semipalatinsk Test

Site, March 26, 2012.

163 Американский экспансионизм. Новое время / Отв. ред. Г. Н. Севостьянов. - М.: Наука,

1985; Американский экспансионизм. Новейшее время / Отв. ред. Г. Н. Севостьянов. М.:

Наука, 1986; Зубок Л. И. Экспансионистская политика США в начале XX века. - М.: Наука,

1969; Печатнов В. О., Маныкин А. С. История внешней политики США. - М.: Междунар.

отношения, 2012; Современная внешняя политика США. В 2-х тт. Т.1-2 / Отв. ред. Г. А.

Трофименко. - М.: Наука, 1984.164 «Democracy and respect for human rights have long been central components of U.S. foreign

policy», официальный сайт Госдепартамента США // Иноземцев Н. Н. Внешняя политика

США в эпоху империализма. - М.: Госполитиздат, 1992. 165 «The U.S. strategy for promoting democracy and human rights employs a combination of

consistent, high-level diplomacy and assistance programs. The combination of diplomatic and

programmatic efforts was particularly effective in promoting a positive resolution to the post-

election crisis in Georgia» // Извлечение из Доклада Госдепартамента США Supporting Human

Rights and Democracy: The U.S. Record 2004-2005.166 «Although all credit rightly goes to the Ukrainian people, U.S. efforts to promote free and fair

elections, strengthen the rule of law, civil society, and independent media no doubt were positive

factors in the presidential election and popular resistance to government attempts to subvert the

people’s will. The resulting massive, weeks-long, non-violent protest movement known as the

„Orange Revolution“ radically transformed the political landscape and media environment in

Ukraine» // Извлечение из Доклада Госдепартамента США Supporting Human Rights and

Democracy: The U.S. Record 2004-2005.167 Исмаилов Э. О геополитической функции «Центральной Евразии» в XXI веке //

Центральная Азия и Кавказ. – 2008. - № 2 (56). - С.7- 33.168 Папава В. «Центральная Кавказия» вместо «Центральной Евразии»// Центральная Азия и

Кавказ. – 2008. - № 2 (56). - С. 33-48.169 U.S. Department os State, Office of the Spokesman, Remarks: Secretary of State Condoleezza

Rice at Eurasian National University, October 13, 2005. In August 2012, then- Assistant Secretary

Of State Robert Blake stated that “our relations with Kazakhstan…are deepest and broadest of all

countries in Central Asia. “U.S. Department of State, On-the-Record With International Media:

Robert O. Blake, Jr., Assistant Secretary, Bureau of South and Central Asian Affairs, August 15,

Page 283: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

2012.170 European Commission, Regional Strategy Paper for Assistance to Central Asia for the Periob

2007-2013, June 2007; European Commission, External Relations Directorate, Central Asia DCI

Indicative Program 2011-2013, September 2010; European Union, Remarks by High Representative

Catherine Ashton Following the EU-Central Asia Ministerial Meeting in Kyrgyzstan, Press Release,

November 27, 2012; European Court of Auditors, EU Development Assistance to Central Asia,

Special Report No. 13, January 14, 2014.171 КР Жогорку Кенешинин архиви, пост: №1968-2007, 98-112- б. 247л. Дело №01-2.

172 The Military Balance, London: International Institute of Strategic Studies, February 5, 2014.173 Jim Nichol, Central Asia: Regional Developments and Implications for U.S. Interests, March 21-

2014, Congressional Research Service 7-5700, RL33458, CRS Report, Prepared for Members and

Committees Congress, 12p.174 CEDR, September 20, 2012, Doc. No. CEP-950131, CEP-950107, and CEP-950085; Interfax,

September 20,2012175 “Interview: Analyst Says Uzbekistan’s Suspension Shows CSTO Is ‘Irrelevant,”’FRE/RL, June

29, 2012.176 CEDR, September 13, 2012, Doc. No. CEP-950016.177 CEDR, November 1, 2013, Doc. No. CER-68306473.178 Joshua Kucera, “Washington Must Adapt to Dimished Role in Central Asia,” Eurasianet,

December 4, 2012; Mark Katz, “Russia , Iran, and Central Asia: “Impact f the U.S. Withdrawal

from Afghanistan,” Iran Regional Forum, Elliot School of International Affairs, February 2013.179 CEDR, November 12, 2013, Doc. No. CEL-37689807.180 Aleksandra Jarosiewicz, Analyses: Customs Union Summit in the Context of Ukraine, Center for

Eastern Studies, Warsaw, March 12, 2014.181 China-Central Asia Trade Seeing Fast Growth,” Xinhua News Agency, February 13, 2014.182 Robert M. Gutler, “China Deepens Energy Coopereation in Central Asia” CACI Analyst, May 1,

2013; Alexandros Peterson , “A Hungry China Sets Its Sights on Central Asia,” The Atlantik, March

5, 2013; Alexandros Peterson, Inadvertent Empire, “China in Central Asia,” April 16, 2013, at

http://chinaincentralasia.com/2013/04/16/inadvertent-empire; Alexandros Peterson and Katinka

Barysch, Russia, China, and the Geopolitics of Energy in Central Asia, Center for European

Reform, November 2011.183 Zara Rabinovich, “The Influence of China and Russia in Central Asia: Ongoing Rivalry and

Shifting Strategies, An Interview with Stephan Blank, National Bureau of Asian Research, Aprl, 9,

2013, at http://www.nbr.org/research/activity.aspx?id=329; Stephan Blank, Toward a New Chinese

Order in Asia: Russia’s Failure, National Bueau os Asian Research, March 2011; Nenrik

Page 284: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

Bergsager, China-Russia and Central Asia: The Energy Dilemma, Fridtjof Nansen Institute,

September 2012; Robert Cutler, “China-Russia Summit Meeting Underscores Entente Over Central

Asia,” CACI Analyst, April 3, 2012.

184 Концепция внешней политики Кыргызской Республики. Утверждена Указом Президента

Кыргызской Республики от 10 января 2007 года УП N2 // www.mfa.kg/acts/koncepciya-

vneshnei-politiki-kr_ru.html185 Ивасенко Л. Политика Кыргызстана. Специально для проекта © AIIKyrqyzstan. com. 15

сентября, 2007 года.186 Акаев А. А. Дипломатия Шелкового пути. Доктрина президента Кыргызской Республики. -

Бишкек, 1999. 187 Фонд №1. опись №1. Ед.хр. 940. 16-17- б. КР Президентинин Архиви188 Меморандум о взаимопонимании между Правительством КР и Правительством США от

26 августа 1992 года.189 Курманов З. Об опыте демократического транзита кыргызского парламентаризма в

условиях глобализации // akipress.org/comments/news:13669190 Жизнь и смерть Рыспека Акматбаева - Lenta.ru // lenta.ru/articles/2006/05/11/ryspek/;

Акматбаев, Рысбек Абдымаликович — Википедия //

ru.wikipedia.org/wiki/Акматбаев,_Рысбек_Абдымаликович; Кто убил Рысбека Акматбаева? //

KP.RU www.kp.ru/daily/23704.4/255328/; Шабатоев Руслан Алымкулович - Кто есть Кто //

who.ca-news.org › ... › Жогорку Кенеш› Экс - Жогорку Кенеш; Абдылдаев С. Садыркулова и

Шаботоева убили из-за компромата-"бомбы" на Бакиева, который они хотели опубликовать

на создаваемом веб-сайте // www.centrasia.ru/news2.php?st=1316583480; В Кыргызстане

задержан предполагаемый «заказчик» убийства предпринимателя Б. Амиражанова //

svodka.akipress.org/news:20461; В центре Бишкека убит депутат Жогорку Кенеша Жыргалбек

Сурабалдиев. 18:15 10.06.2005 // www.centrasia.ru/newsA.php?st=1118412900; Подозреваемые

в убийстве киргизского депутата Сурабалдиева задержаны. 05:59 15.06.2005 //

www.centrasia.ru/newsA.php?st=1118800740; Баяман Эркинбаев: Неполитический портрет

расстрелянного «героя» // www.fergananews.com/article.php?id=3983; КОММЕНТАРИИ

ПОЛИТИКОВ НА УБИЙСТВО ДЕПУТАТА Б.ЭРКИНБАЕВА //

rus.azattyk.org/archive/ky_News_in_Russian_ru/.../4795.html?id; Убийство М.Садыркулова

начало готовиться еще в 2008 году, - МВД // svodka.akipress.org/news:97251/; Убийство

Медета Садыркулова: Когда мы узнаем правду? // www.fergananews.com/articles/7095 и т.д. 191 Кыргызстан: Оппозиция считает нападение на журналиста Сыргака Абдылдаева актом

политического устрашения // www.fergananews.com/news.php?id=11421; Покушение на

журналиста Сыргака Абдылдаева // www.kyrgyznews.com/news.php?readmore=3049;

Page 285: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

Кыргызстан: МВД рапортует, что убийство журналиста Алишера Саипова раскрыто //

www.fergananews.com/news.php?id=12639; В Киргизии расследуют убийство журналиста

Геннадия Павлюка // www.rg.ru/2014/04/07/kirgizia-site-anons.html192 По приказу Жаныша Бакиева депутату Текебаеву подкинули 500 граммов героина –

судебное обвинение // kyrtag.kg/news/detail.php?ID=73428; Брат киргизского президента

отрекся от матрешки с кокаином // lenta.ru/news/2006/09/13/cocaine; Текебаев о матрешке и о

том, кто выпустил Бакиева из страны // members.vb.kg/2011/12/16/sudniy/4.html; Служба

нацбезопасности Кыргызстана пострадала от матрешки с героином // www.utro.ua

›Главная›Новости›Политика193 Мощь США пошла на убыль в Центральной Азии // "Al Jazeera". 24/07/2014. inozpress.kg194 Курманбек Бакиев: Мы будем ставить вопрос о выводе американской авиабазы //

www.zakon.kz/105058-kurmanbek-bakiev-my-budem-stavit-vopros.html195 Посольство США о Максиме Бакиеве: «Умен, коррумпирован и может быть полезным для

США». Документ Агентства АкиПресс от 15 декабря 2010 года

[www.expoforum.akipress.Org/news:303531]. - С. 2.196 Мощь США пошла на убыль в Центральной Азии // "Al Jazeera". 24/07/2014. inozpress.kg197 Бакиев объявил о закрытии военной базы США // lenta.ru/news/2009/02/03/base/; Бакиев

подписал закон о выводе американской авиабазы //

mirror26.graniru.info/Politics/World/Asia/m.147770.html; Грани.Ру: Бакиев хочет прогнать

американцев // grani.ru/Politics/World/US/m.92332.html 198 Страна / Киргизия - Материк // www.materik.ru ›Страна› Киргизия. 199 Роза Отунбаева – храбрая и лидер?.. - UzNews.net // www.uznews.net/ru/world/16574-roza-

otunbajeva-khrabraja-i-lider200 Роза Отунбаева – храбрая и лидер?.. - UzNews.net // www.uznews.net/ru/world/16574-roza-

otunbajeva-khrabraja-i-lider201 CIA — The World Factbook — Country Comparison: National product // CIA; Борбордук

Чалгындоо башкармасынын (Центральное Разведывальтное Управление - ЦРУ) маалыматы

боюнча ички дүң продуктысынын (ВВП) рейтингинде АКШ өз алдынча мамлекет болуп

эсептелбеген Еврошериктештиктен кийинки эле 2-орунду ээлейт.202 Прошлое, настоящее и будущее отношений между Кыргызстаном и США //

atamekenkg.com/index.php?option=com_content...id...203 Кирилл Луцюк. Правильно ли поступил Кыргызстан, отказавшись от вступления в

ХИПИК? // http://www.vesti.kg/index.php?option=com_k2&view=item&id=7427:pravilno-li-

postupil-kyirgyizstan-otkazavshis-ot-vstupleniya-v-hipik?&Itemid=79#ixzz3OKa3b4dI;

Правильно ли поступил Кыргызстан, отказавшись от вступления в ХИПИК? // www.vesti.kg ›

Page 286: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

Экономика; Вице-премьер пожалел, что Кыргызстан не вступил в программу ХИПИК //

www.gezitter.org/.../29600_vitse-premer_pojalel_chto_kyirgyizstan_ne_...; 204 Сергей Кожемякин. Что стоит за отказом Киргизии от программы ХИПИК? // Правда. - №

21. 01.03.2007. – С. 3.205 http://www.tazabek.kg/news:351363206 Кирилл Луцюк. Правильно ли поступил Кыргызстан, отказавшись от вступления в

ХИПИК? // http://www.vesti.kg/index.php?option=com_k2&view=item&id=7427:pravilno-li-

postupil-kyirgyizstan-otkazavshis-ot-vstupleniya-v-hipik?&Itemid=79#ixzz3OKa3b4dI;

Правильно ли поступил Кыргызстан, отказавшись от вступления в ХИПИК? // www.vesti.kg › Эконом67ика

207 Вступление Кыргызстана в ХИПИК может привести к потере едва ли не политической

самостоятельности республики // www.arba.ru › новости; Вступление Кыргызстана в ХИПИК

может привести к потере политической независимости // kgznews.ru/.../vstuplenie-kyrgyzstana-

v-xipik-mozhet-privesti-k-potere-...208 Калмаматова З. А. Ааламдашуу шарттарында кыргыздардын этномаданиятындагы

маргиналдуулук феномени. – Бишкек: философия илимдеринин кандидаты окумуштуулук

даражасына талаптанып жазылган диссертация, 2014. 106-109-беттер.209 US Embassy | ЕНТ, ПГК, гранты, стипендии, ВУЗы ... - Учи.kz // www.uchi.kz/us-embassy;

Прошлое, настоящее и будущее отношений между Кыргызстаном и США //

atamekenkg.com/index.php?option=com_content...id...210 US Embassy | ЕНТ, ПГК, гранты, стипендии, ВУЗы ... - Учи.kz // www.uchi.kz/us-embassy;

Прошлое, настоящее и будущее отношений между Кыргызстаном и США //

atamekenkg.com/index.php?option=com_content...id...211 Прошлое, настоящее и будущее отношений между Кыргызстаном и США //

atamekenkg.com/index.php?option=com_content...id...; КУБАНЫЧБЕК ОМУРАЛИЕВ О

СТРУКТУРЕ И ОБЪЕМЕ ВНЕШНЕЙ ПОМОЩИ ПРАВИТЕЛЬСТВА США

КЫРГЫЗСТАНУ // https://ca-news.info/2007/09/11/33212 Кыргызстан: демократия, оказавшаяся под давлением – «Financial Times» //

http://inozpress.kg/news/view/id/41867213 Морозов Г. И. Актуальные проблемы деятельности международных организаций: теория и

практика. – М., 1982. - С. 36; Павлов Ю. М. Мировая политика и международная экономика.

- М., 1998. - С. 87.214 Павлов Ю. М. Мировая политика и международная экономика. - М., 1998. - С. 88.215 Организация Объединенных Наций. Основные факты. - М., Инфра-М., 2001. - С.47.

Page 287: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

216 Помощник госсекретаря Бриммер: США будут продолжать активно работать в рамках

ООН IIP Digital // Внешняя политика США - Википедия //

ru.wikipedia.org/wiki/Внешняя_политика_США217 Lenta.ru: Америка: В Конгрессе США поддержали сокращение расходов на ООН //

Внешняя политика США - Википедия // ru.wikipedia.org/wiki/Внешняя_политика_США218 Фонд №1. Опись №1. Ед. хр. 931, 110-124-б. КР Президентинин Архиви.219Айдаркул К. Международные отношения кыргызов и Кыргызстана: история и

современность. - Бишкек, 2002. - С. 301; Брифинг представителя Госдепартамента США

Байрли в Таджикистане. США и СНГ, 4 мая 2001 [usinfo..state.gov]; Вавилов Н. Аскар Акаев:

"Перед лицом угроз Содружество укрепляет позиции". Президент Киргизии убежден, что

расширение американского присутствия в Центральной Азии не ущемляет интересов России

в регионе // Независимая газета, 10 ноября 2001; Омаров Н. На пути к глобальной

безопасности: Центральная Азия после 11 сентября 2001 года. - Бишкек: Центр ОБСЕ в

Бишкеке, 2002. - С. 32.220 Эл аралык валюта фондунда (МВФ) АКШнын үлүшү 17 %ды түзгөндүктөн, АКШ

мамлекети ага ылайык сандагы добушка ээ жана Эл аралык валюта фонду АКШга жакпаган

чечимдерди чыгарган учурларда АКШ бул фондду блокировкалап салуу дараметине ээ.221 НАТОнун мурдагы генералдык катчысы Я. де Хооп Схеффердин пикири боюнча Улуттар

Лигасы 1930-жылдары АКШнын таянычы жок кандай алсыз болсо, АКШнын жардамына

таянбаса, НАТО да ошондой эле алсыз // Караңыз: Я. де Хооп Схеффер. Выступление в

Американском университете в Центральной Азии. - Бишкек, 2004.222 Павлов Ю. М. Мировая политика и международная экономика. - М., 1998. - С.86.223 Материалы Центральноазиатской конференции по региональному сотрудничеству. –

Бишкек, 2004. - С. 111.224 Омаров Н. М. Международные отношения в эпоху глобального развития. - Бишкек, 2003. -

С. 200.225 Устав НАТО, Североатлантический Договор, Вашингтон, 1949. Официальный сайт

НАТО //http://www.nato.int/cps/en/natolive/official_texts_17120.htm226 March 14, 2005. The Nation // ru.wikipedia.org/wiki/Внешняя_политика_США227 Денисенко Дмитрий. Международная организация по миграции улучшит

профтехобразование в КР // URL: http://www.vb.kg/180704228 www.unodc.org.229 Прошлое , настоящее и будущее отношений между Кыргызстаном и США //

atamekenkg.com/index.php?option=com_content...id...

Page 288: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

230 Time Magazine Article, "Lending a hand". Проверено 25 апреля 2007. Архивировано из

первоисточника 1 апреля 2012 // ФИНКА Интернешнл — Википедия //

ru.wikipedia.org/wiki/ФИНКА_Интернешнл. 231 Микрокредитная компания ФИНКА - Tazabek // www.tazabek.kg/profiles:411/;

Микрокредитная компания ФИНКА - Amcham.kg //

www.amcham.kg/ru/chleny-amcham/kategorija-b/finca-.html; FINCA Kyrgyzstan | Facebook //

https://ru-ru.facebook.com/FINCA.kg; ФИНКА МИКРОКРЕДИТНАЯ КОМПАНИЯ ЗАО:

адрес... // www.spr.kg/bishkek-i.../finka-mikrokreditnaya-kompaniya-zao.html; URL:

http://www.vb.kg/259272232 Айдаркул К. Международные отношения кыргызов и Кыргызстана: история и

современность. - Бишкек, 2002. - С. 301; Акаев А. А. Куда идет Центральная Азия // Россия в

глобальной политике. - № 4. Октябрь-декабрь/ - 2003; Брифинг представителя

Госдепартамента США Байрли в Таджикистане. США и СНГ, 4 мая 2001 [usinfo..state.gov];

Вавилов Н. Аскар Акаев: "Перед лицом угроз Содружество укрепляет позиции". Президент

Киргизии убежден, что расширение американского присутствия в Центральной Азии не

ущемляет интересов России в регионе // Независимая газета, 10 ноября 2001; Омаров Н. На

пути к глобальной безопасности: Центральная Азия после 11 сентября 2001 года. - Бишкек:

Центр ОБСЕ в Бишкеке, 2002. - С. 32.233 «Манас» сменил вывеску. НВО.2009-06-26 //; 234 Военная база в Манасе стала Центром транзитных перевозок. ОРУЖИЕ РОССИИ. 24 июня

2009 //. 235 Авиабаза Пентагона в Киргизии официально закрылась // 236 ОДКБ // www.dkb.gov.ru/a/c.htm; Организации Договора о коллективной безопасности //

www.regnum.ru › Тематические новости237 Министры обороны КР и РФ подписали соглашение о статусе и условиях пребывания

российской военной базы (список соглашений) // http://kabarlar.org/?newsid=268; Соглашение

между Российской Федерацией и Киргизской Республикой о статусе и условиях пребывания

объединенной российской военной базы на территории Киргизской Республики //

docs.cntd.ru/document/902383846; 238 В. Путин подписал закон о ратификации соглашения об условиях пребывания в

Кыргызстане объединенной российской военной базы // http://kabarlar.org/?newsid=9786;239 Коллективные силы быстрого развертывания // www.dkb.gov.ru/g/l.htm; ВЕДОМОСТИ -

Что такое КСБР? Экономический онлайн // www.vedomosti.ru/glossary/КСБР; КСБР обретают

крылья. Россия наращивает военное // www.centrasia.ru/newsA.php?st=1050699780 240 Rumsfeld Wraps Up Middle East, Central Asia Trip in Kyrgyzstan //

Page 289: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

241 Хосю Манаса у наса // http://ria.ru/photolents/20090204/160953785_10.html242 Айдаркул К., Омаров М. сотрудничество России и США с Кыргызстаном в новых

геополитических условиях // www.ca-c.org/journal/2003/journal_rus/cac-01/14.aidrus.shtml;

Чотбаев А. (командующий НацГвардией Киргизии) - "Численность личного состава... это

военная тайна" // http://www.centrasia.ru/newsA.php?st=1064614560243 Айдаркул К., Омаров М. сотрудничество России и США с Кыргызстаном в новых

геополитических условиях // www.ca-c.org/journal/2003/journal_rus/cac-01/14.aidrus.shtml;

КЫРГЫЗСТАН В МИРОВОМ СООБЩЕСТВЕ // www.history.krsu.edu.kg/index.php?

option=com_content; США - КЫРГЫЗСТАН: МОДЕЛЬ ВЗАИМОДЕЙСТВИЯ //

cyberleninka.ru › ... › ПОЛИТИКА И ПОЛИТИЧЕСКИЕ НАУКИ; Центральная Азия: Военный

баланс - Фергана // www.fergananews.com/articles/7514244 Айдаркул К., Омаров М. сотрудничество России и США с Кыргызстаном в новых

геополитических условиях // www.ca-c.org/journal/2003/journal_rus/cac-01/14.aidrus.shtml245 США возобновили использование авиабазы «Манас».Lenta.ru (9 апреля 2010). Проверено

13 августа 2010.Архивировано из первоисточника 5 февраля 2012 // 246 Власти Киргизии закроют военную базу США в Манасе // www.regnum.ru

› Новости › Политика247 Американский военнослужащий, застреливший гражданина Киргизии, прошел через

детектор лжи // www.regnum.ru › Новости › Политика248 Новое религиозное движение в Киргизии потребует вывода американской военной базы

«Манас» // www.regnum.ru › Новости › Политика249 Киргизия закрывает авиабазу США в Манасе // www.regnum.ru ›Новости›Политика250 Дмитрий Пановкин. Дипломатия Киргизии: стратегия кочевников // rosbalt.ru

newsland.com/news/detail/id/345848/06.03.2009Kot157431251 Комитет парламента Киргизии одобрил вывод авиабазы США из республики //

ria.ru/defense_safety/20090209/161452393.html; Комитет парламента Киргизии одобрил вывод

авиабазы ... // n4k.ru/main/1568-komitet-parlamenta-kirgizii-odobril-vyvod.html; Комитет

парламента Киргизии одобрил вывод авиабазы ... // www.ofrb.ru/node/2314252 Парламент Киргизии проголосовал за вывод авиабазы США «Манас» //

www.1tv.ru/news/world/235670; Парламент Киргизии сегодня проголосовал за вывод ... //

www.1tv.ru/news/world/235657; Парламент Киргизии проголосовал за вывод из ... // itar-

tass.com/politika/621055; Парламент Киргизии сегодня проголосовал за вывод ... //

www.youtube.com/watch?v=CKa-xAqauvE.253 Курманбек Бакиев подписал закон о выводе авиабазы «Манас» //

www.rg.ru/2009/02/20/bakiev-baza-anons.html; К. Бакиев подписал закон о выводе сил

Page 290: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

коалиции с ... - РБК // top.rbc.ru/politics/02/04/2009/291790.shtml; Президент Киргизии

подписал закон о выводе авиабазы ... // forum.rusbeseda.org/index.php?topic=4306.0;

Президент Кыргызстана подписал закон о выводе ... // news.bigmir.net/world/106218254 Киргизия окончательно освободила свою авиабазу «Манас» от иностранных арендаторов //

vz.ru/politics/2009/3/6/262691.html255 Киргизия окончательно закрыла «Манас» // www.vz.ru/tags/1353/p4/256 Карзай предложил Бакиеву обговорить вопросы гумпомощи Афганистану и авиабазы

«Манас» // АКИpress, 5 июня 2009 / kg.akipress.org/news:87611/257 http://www.rian.ru/economy/20110218/335697642.html258 http://analitika.org/kyrgyzstan/kg-foreign-affairs/2545-interesy-katara-v-centralnoy-azii.html259 Американский военнослужащий, застреливший гражданина Киргизии, прошел через

детектор лжи // www.regnum.ru ›Новости›Политика260 Дмитрий Пановкин. Дипломатия Киргизии: стратегия кочевников // rosbalt.ru

newsland.com/news/detail/id/345848/06.03.2009Kot157431261 Хосю Манаса у наса // http://ria.ru/photolents/20090204/160953785_10.html262 www. bishkek.usembassy.gov.263 Государственный переворот в Киргизии | РИА Новости //

ria.ru/trend/revolution_Kirgizia_07042010/264 В Кыргызстане поймали иностранных н аемников //

charter97.org/ru/news/2010/6/17/29903/comments/; Латышский стрелок. Убийственное

сотрудничество // www.kyrgyznews.com/news.php?readmore=4825265 Революция в Киргизии (2010) — Википедия //

ru.wikipedia.org/wiki/Революция_в_Киргизии_(2010); 7 апреля 2010. Бишкек, Кыргызстан.

Хронология событий // www.youtube.com/watch?v=iW1HAquX-6M; «Вторая революция» в

Кыргызстане, 6-16.04.2010 // www.fergananews.com/news.php?id=14369266 Кыргызстан: демократия, оказавшаяся под давлением – «Financial Times» //

http://inozpress.kg/news/view/id/41867267 Кыргызстан: демократия, оказавшаяся под давлением – «Financial Times» //

http://inozpress.kg/news/view/id/41867268 Барсов Виктор. Янки разводят «цветы демократии» в Киргизии // www.avesta.tj/.../24406-

yanki-razvodyat-cvety-demokratii-v-kirgizii.ht...269 Барсов Виктор. Янки разводят «цветы демократии» в Киргизии // www.avesta.tj/.../24406-

yanki-razvodyat-cvety-demokratii-v-kirgizii.ht...270 Прошлое, настоящее и будущее отношений между Кыргызстаном и США //

atamekenkg.com/index.php?option=com_content...id...

Page 291: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

271 Постановление Законодательного собрания ЖК КР от 08.06.95 г. о присоединении КР к

Конвенции о борьбе с дискриминацией в области образования // Ведомости Жогорку Кенеша

Кыргызской Республики. 1995. - № 6; Постановление Законодательного собрания ЖК КР от

08.06.95 г. о присоединении КР к Конвенции о техническом и профессиональном

образовании (принятой в Париже 10 ноября 1989 года) // Ведомости Жогорку Кенеша

Кыргызской Республики. -1995. № 6; Постановление Межпарламентской Ассамблеи

государств СНГ "О едином образовательном пространстве" (Москва, 18 марта 1994 года);

Межправительственные и межведомственные соглашения и меморандумы.272 Об основных направлениях национальной образовательной программы "Билим": указ

Президента КР 20 марта 1996 г. // Сб. актов Президента КР. 1996. - № 1.273 Основные направления президентской образовательной программы "Кадры XXI века" //

Слово Кыргызстана. 1995. - 20 сентября.274 Соглашение между Правительством США и Правительством Республики Кыргызстан

относительно деятельности Корпуса Мира в Республике Кыргызстан (Вашингтон, 5 ноября

1992 года) // mineconom.gov.kg/Docs/Fiskalpolitic/spisok_2012.doc; История международных

отношений Кыргызской Республики ... // www.dissercat.com › Исторические

науки › Отечественная история. 275 Соглашение между Министерством образования Республики Кыргызстан и Американским

коллегиальным консорциумом колледжей по культурному и академическому обмену

«Восток-Запад» (Бишкек, 20 апреля 1993 года) // 276 Соглашение между Министерством образования и науки КР и Консорциумом

американских колледжей при Миддлбери колледже (Бишкек, 9 ноября 1995 года) // 277 Протокол сотрудничества Министерства образования Республики Кыргызстан и

Университета Сан-Франциско по организации Международного университета (9 августа

1992 года) // 278 Протокол отношений между Министерством образования и науки КР и Институтом

научной технологии и языка (США) (29 июня 1995 года) // 279 Договор между КГНУ и университетом штата Индиана (США) (5 октября 1992 года) // 280 Меморандум между КГНУ и университетом Небраска-Линкольн (США) (30 августа 1993

года) //281 Соглашение между КГНУ и Мэрилендским университетом (США) о культурном и

образовательном обмене (11 июля 1997 года) // 282 Соглашение между отделением Международных отношений ИИМОП КГНУ и

университетом Сиэтла (США) (2 марта 1998 года) //

Page 292: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

283 Меморандум по научному сотрудничеству и обмену студентами между КНУ и

Государственным колледжом штата Кентукки, округа Лексингтон (США)» (2004 год) // 284 Камила Шаршекеева о создании АУЦА и ... - K-News //

www.knews.kg/.../17687_kamila_sharshekeeva_o_sozdanii_autsa_i_dal...285 Указ Президента Кыргызской Республики № VII-74 от 11 марта 1993 года.286 Постановление Правительства Кыргызской Республики № 113 от 16 марта 1993 года. 287 Коноваленко О. П. Возможности российских студентов в Соединенных Штатах Америки

по программе «Work and Travel» // ГОУ ВПО «Томский государственный педагогический

университет». XIII Всероссийская конференция студентов, спирантов и молодых ученых

«Наука и образование» (20–24 апреля 2009 г.): В 6-и томах. - Т. II. Филология. – Часть 2.

Актуальные проблемы изучения иностранных языков и методики их преподавания. —

Томск: Издательство ТГПУ, 2009. - С. 247-250; Kuzhakhmetova A. WORK AND TRAVEL

USA POPULAR STUDENTS PROGRAM // ufabist.ru. Проверено 15 декабря 2013.288 Прог рамма «Work a nd Trave l » : 10 проц ентов кы ргы зс тан цев не

воз в ращаю т ся / / kloop.kg/.../programma-work-and-travel-10-procentov-kyrgyzstancev-n...289 Прог рамма «Work a nd Trave l » : 10 проц ентов кы ргы зс тан цев не

воз в ращаю т ся / / kloop.kg/.../programma-work-and-travel-10-procentov-kyrgyzstancev-n...290 A national study examining the impact of SEVIS on international student and scholar advisors -

Springer. link.springer.com. Проверено 15 декабря 2013.291 Внешнеполитическая программа правительства США, сформированная президентом Дж.

Монро в послании Конгрессу // Караңыз: Дугин А. Основы геополитики. - М Арктогея, 1997;

Нартов Н. Геополитика: Учебник для вузов. – М., 2010. 292 Маалыматтар төмөнкү булактар боюнча келтирилүүдө: Дугин А. Основы геополитики. - М

Арктогея, 1997; Нартов Н. Геополитика: Учебник для вузов. – М., 2010. 293 Межлумянц А. Р. Геополитическая стратегия Бжезинского и ее исторические

перспективы // http://whiteworld.ru/s000102.htm294 Даль Р. Демократия и ее критики. – М.: РОССПЭН, 2003; Ерасов Б. С. О геополитическом

и цивилизационном устроении Евразии // Россия и Восток: геополитика и цивилизационные

отношения / Научный альманах. Выпуск 3. – М.: ИВРАН, 2006; Зимонин В.П. К вопросу о

доктрине комплексного обеспечения национальной безопасности // Армия и современный

мир. – М.: Военный краснознаменный институт. Ассоциация военных переводчиков, 1993.295 Всеобщая декларация прав человека, Генеральная Ассамблея ООН, 1948. Официальный

сайт ООН //http://www.un.org/russian/documen/declarat/declhr.htm296 Устав Организации Объединенных Наций. Сан-Франциско, 1945. Информационный центр

ООН в Москве //http://www.unic.ru/about/?page=7;

Page 293: arabaev.kgarabaev.kg/dt.kg/uploads/disser AB.docx · Web viewА. Мэхендин өлкөдөгү калктын улуттук мүнөзүнө берген анализи чоң

297 Омаров Н. М. Внешняя политика Кыргызской Республики в эпоху «стратегической

неопределенности». - Бишкек, 2005. - С. 157.