j b k : e ? e ? j b - onrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/ramazan.pdf · 2016-12-19 ·...

127
РИСАЛЕЛЕРИ

Upload: others

Post on 03-Mar-2020

12 views

Category:

Documents


0 download

TRANSCRIPT

Page 1: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

РИСАЛЕЛЕРИ

Page 2: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

УДК 29 ББК 86,38 Б 38

Рисале-и Нур жыйнагынан

РАМАЗАН ҮНӨМ ШҮГҮРЧҮЛҮК РИСАЛЕЛЕРИ

Китептин түп нускасындагы аталышы:

RAMAZAN-İKTİSAT ŞÜKÜR RİSALELERİ

(Kırgızca Tercümesi)

Автору: Бедиүззаман Саид Нурси

Б 0403000000-11

УДК 29

ББК 86,38

ISBN 978-9967-26-405-2

www.nurilim.com

© «Ыйык Биримдик» Ислам борбору ДУ, 2013

Copyright © Бардык укугу корголгон

Page 3: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы- нын Ислам аалымы Саид Нурсиге таандык болгон «Рисале-и Нур» чыгармасы жыйнагына корутундусу.

«Рисале-и Нур» китептери Ыйык Куран аяттары- нын түшүндүрмөлөрү, ыйман маселесинде акылга сыяр- лык логикалуу ой-толгоолор, ар кандай мисалдарды кел- тирүү менен Аллах Таалага болгон ишеничин бекемде- ген жазуулар жазылган. «Рисале-и Нур» китептери 14 томдон турат.

Жалпысынан, Бедиүззаман Саид Нурсинин «Риса- ле-и Нур» чыгармасы жыйнагы «Ахли сүннөт валь жа- маат» акыйдасына ылайык келет жана Кыргызстан му- сулмандары үчүн окутулууга жактырылат.

Бишкек шаары, Гоголь көчөсү 57. Тел (+996312) прием:

487060. Тел/факс: 486562, 486497. WEB сайт: www.muftiyat.kg 57 Gogol str. Bishkek city. Tel (+996312) Tel/fax: 487060, 486497

e-mail: [email protected]

Page 4: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ

(Касиеттүү Рамазан айындагы оро-

зонун өтө көптөгөн акылмандуулук-

тарынын тогуз акылмандуулугун баян-

даган тогуз маани.)

БИРИНЧИ МААНИ: Касиеттүү Рамазан

айында орозо кармоо Исламдын беш түркүгүнүн

баштапкыларынан. Анан да Ислам каадалары-

нын ичинен эң жогоркусу.

Ошентип, касиеттүү Рамазан айындагы оро-

зонун: Аллах Тааланын Тарбиялоочулугуна,

адамдын коомдук жашоосуна, жеке турмушуна,

напсисин тарбиялоого, Аллахтын берген ырыс-

кыларына шүгүр кылууга караган көптөгөн

акылмандуулуктары бар.

Page 5: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ 5

Орозонун Алла Тааланын тарбиялоочулугуна

тиешелүү өңүттөн караган көптөгөн акылман-

дуулуктарынын бир акылмандуулугу төмөндө-

гүчө: Алла Таала жер бетин ырыскылар толо

дасторкон түрүндө жаратып, анын үстүндө

ырыскыларынын бардык түрлөрүн

ыкмасы менен ал дасторконго жайып, ошол абал

менен өзүнүн тарбиялоочулугун, мээримдүү-

лүгүн жана ырайымдуулугун түшүндүрүп келет.

Ал эми адамдарга кайдыгерлик пардасы жана

себептер чөйрөсү бөгөт болгондуктан, адамдар

ошол абалдын түшүндүрүп берген акыйкатын

толук көрө алышпай, айрым учурда унутуп

жатышат.

Ал эми Касиеттүү Рамазан айында болсо,

ыймандуу адамдар заматта тартиптүү аскер

абалына өтүшөт. Күн батаарга жакын Султан-ы

Эзелинин зыяпатына чакырылган бир абалда,

«Кана эмесе өтүңүз!» деген буйрукту күтүп

турган сыяктуу кулчулук абалын көрсөтүүсү

менен ошол ырайымдуу, айбаттуу жана жалпы-

Page 6: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

6 РАМАЗАН, ҮНӨМ ЖАНА ШҮГҮРЧҮЛҮК РИСАЛЕЛЕРИ ны камтыган мээримдүүлүккө карата, өздөрүнүн

кеңири, улуу, тартиптүү кулчулугу менен жооп

кайтарып жатышат. Ушундай улуу кулчулукка,

ушундай шаан-шөкөттүү урмат-сыйга кошулба-

ган адамдар адам деген атка татыктуубу?

ЭКИНЧИ МААНИ: Куттуу Рамазан айынын

орозосунун Алла Тааланын берген ырыскыла-

рына шүгүр кылуу өңүтүнөн караган көптөгөн

акылмандуулуктарынын бир акылмандуулугу тө-

мөнкүчө: Биринчи сөздө айтылгандай, падыша-

нын ашканасынан бир ортомчу аркылуу алынып

келинген тамактар бир акы талап кылат. Ортом-

чуга чай-пулун төлөп берип, бирок өтө баалуу

болгон ошол сыйлыктарды барктабай, ал ырыс-

кыларды берген затты унутуп эске албоо өтө

ашкан бир акмактык болгон сыяктуу, Алла

Таала, ырыскыларынын чексиз түрлөрүн инсан-

дар үчүн жер бетине жайып койгон. Аларга

карата ошол белектеринин акысы катары адам-

дардан шүгүр кылууну талап кылат.

Page 7: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ 7

Адамдарга берилген ырыскылардын сырткы

себепчиси же ээси ортомчу кызматында. Ал

ортомчуларга акысын берип, ыраазычылык бил-

дирип жатабыз. Атүгүл, алар татыктуу болбосо

да, көптөгөн урмат-сыйларды аларга көрсөтүүдө-

бүз. А чындыгында, Муним-и Хакики (Чыныгы

Ырыскы Ээси) сырткы себептерге караганда

чексиз деңгээлде ошол өзүнүн ырыскылары

аркылуу шүгүр айтууга ылайыктуу. Ал затка

шүгүр кылуу деген - ошол сыйлыктарды түздөн-

түз Ал Заттан деп билмек. Ошол сыйлыктардын

баалуулугун барктап, сыйлыктарга өзүнүн мук-

таждыгын сезүү менен гана болот.

Мына, касиеттүү Рамазан айындагы орозо

- чыныгы, калыс, улуу жана жалпы шүгүрчү-

лүктүн ачкычы. Себеби, орозо айынан башка

учурларда адамдардын көпчүлүгү чыныгы

ачкачылыкты башынан өткөрүшпөгөндүктөн,

аларга берилип жаткан көптөгөн ырыскылардын

баалуулугун толугу менен айырмалай алышпайт.

Бир сындырым катыган нан курсагы ток адамга

Page 8: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

8 РАМАЗАН, ҮНӨМ ЖАНА ШҮГҮРЧҮЛҮК РИСАЛЕЛЕРИ (айрыкча бай болсо), ал нандагы ырыскынын

кадыры билине бербейт. А бирок ифтарда (ооз

ачар убактысы) ошол катып калган нан, ыйман-

дуу адамдын көз алдында Аллахтын өтө баалуу

ырыскысы экендигин, кувве-и заикасы (даам

татуу органы) күбөлүк берип турат. Ыйык Рама-

зан айында падышадан тартып эң жакыр адамга

чейин ар ким ошол ырыскылардын баалуулугун

түшүнүү менен руханий шүгүрчүлүккө жети-

шишет.

Ал эми күндүзгү убакта аны тамактан тыюу

салган жагын айтсак: «Бул ырыскылар менин

мүлкүм эмес. Аларды эркин пайдалана ал-

байм, демек, башкасынын менчиги жана

сыйлыгы. Анын буйругун күтүп жатам» - деп

нематты чыныгы сыйлык деп билет. Руханий

шүгүрчүлүк кылат.

Мына, бул жагынан караганда, орозо

көптөгөн тарабы менен инсандын чыныгы

милдети болгон шүгүрдүн ачкычына айланат.

Page 9: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ 9

ҮЧҮНЧҮ МААНИ: Орозонун адамдардын

коомдук турмушуна караган көптөгөн акыл-

мандуулуктарынын бир акылмандуулугу төмөн-

күчө: адамдар турмуш-тиричилик жагынан бири-

бирине окшошпогон абалда жаратылган. Алла

Таала да ошол карама-каршылыкка байланыш-

туу бай адамдарды кембагалдарга жардам

берүүгө чакырат. А чындыгында, байлар кедей-

лердин боор ачый турган ачка абалын орозодогу

ачкачылык менен гана толук сезе алышат.

Эгерде орозо болбогондо, напсинин туткуну

болгон көптөгөн байлар ачкачылык, жакырчы-

лык канчалык кайгылуу жана кедейлер канчалык

мээримге муктаж болгонун билмек эмес. Бул

жагынан, адамдардын табиятындагы жогор-

ку сапаттардан болгон ырайымдуулук, бир-

бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо

чыныгы шүгүрчүлүктүн негизи болуп сана-

лат. Кандай гана адам болбосун, өзүнөн жакыр

адамды таба алат. Демек, аларга мээримдүү

болушка акылуу.

Page 10: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

10 РАМАЗАН, ҮНӨМ ЖАНА ШҮГҮРЧҮЛҮК РИСАЛЕЛЕРИ Эгер мажбурлап напсисине ачкачылык

тарттырбаган болсо, анда мээримдүүлүк

аркылуу башкаларга жардам берүү, жакшы-

лык кылуу деген адамдык милдетти аткара

албайт. Аткарса да толук кыла албайт.

Анткени өзүнүн жан дүйнөсү ошол ачкачы-

лык абалды сезген эмес.

ТӨРТҮНЧҮ МААНИ: Касиеттүү Рамазан

айында орозо тутуунун напсини тарбиялоо

жагына караган көптөгөн акылмандуулукта-

рынын ичинен бир акылмандуулугу төмөнкүчө:

напси өзүн эркин жана көз карандысыз болууну

самайт жана ошондой деп кабыл кылат. Атүгүл,

кыялдуу, негизсиз башкаруучулукту, бийликти,

өз алдынча каалагандай аракет кылууну жараты-

лышынан арзуу кылып келет. Сансыз ырыскылар

менен камсыз болуп жатканын ойлогусу да

келбейт. Айрыкча, байлыкка жана кудуретке ээ

болуп, ага кайдыгерлиги да кошулса, ууру

сыяктуу бардык нерсени зордук менен басып

Page 11: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ 11 алып Аллахтын нематтарын айбан сыяктуу жута

баштайт.

Ошентип, Касиеттүү Рамазан айында эң бай

адамдан баштап, эң кедей адамга чейин ар

кимдин напсиси өзүнө өзү кожоюн эмес, кызмат-

чы, эркин эмес, кул экенин түшүнүп калат.

Аллахтын буйругу болбосо, эң жөнөкөй, жеңил

нерселерди жасай ала албаганын, колун сууга

узата албай турганын түшүнүп, кыялындагы

бийлиги талкаланат. Кулчулук кылууну баштап,

шүгүрчүлүк кылып, анын чыныгы милдети бол-

гон шүгүрчүлүккө өтөт.

БЕШИНЧИ МААНИ: Касиеттүү Рамазан

айындагы орозонун, напсини адеп-ахлак жактан

оңдоп-түзөө, моюн сунбаган аракеттеринен кай-

таруу жагынан караган көптөгөн акылман-

дуулуктарынын бирөөсү төмөнкүчө: Адамдын

напси кайдыгерликтин айынан өзүн унутуп коѐт.

Табиятында орун алган чексиз алсыздыгын,

кембагалдыгын жана арбын кемчиликтерин көрө

албайт, көрүүнү да каалабайт.

Page 12: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

12 РАМАЗАН, ҮНӨМ ЖАНА ШҮГҮРЧҮЛҮК РИСАЛЕЛЕРИ

Мындан сырткары, ал канчалык күчсүз, жок

болуп кетүүгө чалдыга турган, балээ-кырсык-

тарга бута болгонун, ошондой эле тез бузулуп,

ажырап кете турган эт жана сөөктөн куралганын

ойлобойт. Кудум болоттон куралган бир денеси

бар сыяктуу, өзүн ажалсыз, өлбөс-өчпөс деп

элестетип, дүйнөгө талпынат. Өтө күчтүү ач

көздүк жана тойбостук менен өтө күчтүү алака

жана сүйүү менен дүнүйөгө жулунат, өз кызык-

чылыгына керектүү жыргалдуу нерселерге

байланып калат.

Аны өтө жогорку мээримдүүлүк менен тар-

биялап жаткан Жаратуучусун унутуп коѐт. Өмү-

рүнүн жыйынтыгы кандай болооруна көңүл

бурбай, түбөлүктүү жашоо жөнүндө ойлобойт.

Зыяндуу, ыплас күнөөлөрдүн кучагына кирип

кетет.

Ошентип, Касиеттүү Рамазан айындагы орозо

аркылуу – эң кайдыгер, өжөр адамдар да өзүнүн

күчсүз, алсыз жана кедей экендигин сезип калат.

Ачка калуу менен алар ашказаны жөнүндө

Page 13: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ 13 ойлонуп, ашказандагы муктаждыктарын түшү-

нөт. Алсыраган денеси канчалык бышык эмес,

сапатсыз экенин эстеп, адамдар канчалык Аллах-

тын ырайымдуулугуна муктаж болгонун түшү-

нөт. Адам напсисинин фиравундугун (текеберди-

гин) таштап, өтө алсыздык жана өтө жакырдык

менен Аллах Тааланын даргөйүндө жалбарууга

бир арзуу сезими ойгонот. Руханий шүгүрчүлүк-

түн баштоосу менен Аллахтын мээримдүүлүгү-

нүн каалгасын такылдатууга даярданат (эгерде

кайдыгерлик жүрөгүн бузбаган болсо).

АЛТЫНЧЫ МААНИ: Ыйык Куран касиет-

түү Рамазан айында түшүрүлгөн. Акылмандуу

Курандын ошол орозо айында түшкөн учурунун

көптөгөн акылмандуулуктарынан эң маанилүү

жагына караган бир акылмандуулугу төмөндө-

гүчө: Ырас, Акылмандуу болгон Куран Рамазан

айында түшүрүлгөн. Ал Курандын ошол түшкөн

учурун эске салуу менен асмандан түшкөн бул

кайрылууну жакшы тосуп алуу үчүн Касиеттүү

Рамазан айында напсини жаман каалоолорунан

Page 14: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

14 РАМАЗАН, ҮНӨМ ЖАНА ШҮГҮРЧҮЛҮК РИСАЛЕЛЕРИ тыйып, керексиз иштерден арылтып, тамак-

ашты, суусундук ичүүнү токтотуп, периште аба-

лына жакындатуу. Курандагы Аллахтын буйрук-

тары жаңыдан түшүп жаткандай, аларды кунт

коюп угуу жана окуу. Бул кайрылууну пайгам-

барыбыздан (С.А.В.) уккан сыяктуу тыңшоо.

Балким, Жабраил (А.С.) периштеден, балким,

Мутекеллим-и Азалиянын өзүнөн угуп жаткан-

дай бир ыйык абалга татыктуу болуу. Мындан

сырткары, өзү дагы Куранга котормочу болуп,

башкаларды да аны укканга үгүттөп, адамдарга

Курандын түшүрүлүшүнүн акылмандуулугун

бир эсе көрсөтүү.

Ооба, Касиеттүү Рамазан айында ислам дүй-

нөсү кудум бир мечит сыяктуу бир абалга өтөт.

Ал ушундай бир мечит, миллиондогон хафыздар

(карылар), ошол чоң мечиттин ар бир бурчунда

ошол асмандан келген кайрылууну жердин

жашоочуларына уктурушат. Рамазан айы

Page 15: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ 15

аятын нурдуу, жар-

кыраган бир абалда көрсөтүп жатат. Рамазан

Курандын айы экенин далилдеп турат. Ошол

абдан чоң жамааттын башка өкүлдөрү да,

хафыздарды кичи пейилдүүлүк менен угушат.

Ал эми айрымдары өз өзүнчө Куран окушат.

Ушундай бир абалдагы ыйык мечитте напси-

нин жаман каалоолоруна туткун болуп, ичип-

жеш менен ошол нурдуу жамааттан узак туруу

канчалык адепсиздик, жана ошол мечиттеги

жамааттын руханий жийиркенүүсүнө канчалык

дуушар болот, ошондой эле, касиеттүү Рама-

занда орозо туткандарга артын салуу, ошончолук

жалпы ислам дүйнөсүнүн руханий жийирке-

нүүсүнө жана акаратына дуушар болушат.

ЖЕТИНЧИ МААНИ: Рамазан айындагы оро-

зонун, адамзат бу дүйнөгө акырет үчүн эгин

эгип, соода кылуу менен түшкөн пайдасына

тийиштүү көптөгөн акылмандуулуктарынын бир

акылмандуулугу төмөндөгүдөй: Касиеттүү Рама-

зан айында сооптуу амалдар бирге миң болуп

Page 16: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

16 РАМАЗАН, ҮНӨМ ЖАНА ШҮГҮРЧҮЛҮК РИСАЛЕЛЕРИ жазылат. Ыйык хадистин түшүндүрмөлөрү

боюнча, Акылмандуу болгон Курандын ар бир

тамгасынын он сообу бар, он жакшылык жазы-

лып, бейиштин он мөмөсүн камсыздап берет.

касиеттүү Рамазан айында Курандын ар бир

тамгасына он эмес, миңдеген сооп жазылат. Ал

эми Аят-аль-Курси сыяктуу аяттардын ар бир

тамгасына миңдеген сооп жазылат. Касиеттүү

Рамазан айынын жума күндөрүндө сооптор дагы

да артат. Кадыр түндө болсо, анын эсеби отуз

миңге чыгат.

Ооба, ар бир тамгасы отуз миң түбөлүктүү

жемиштерди утуп берген Акылмандуу Куран

касиеттүү Рамазан айында бейиштин Туба деген

нурдуу дарагы сымал ыймандууларга миллион-

догон түбөлүктүү үрөндү чогултуп берет.

Мына кел эми ушул касиеттүү, түбөлүктүү

жана пайдалуу соодага карап көрүп ойлонуп көр.

Ушул тамгалардын баалуулугун барктай алба-

гандар канчалык чексиз зыянда болгондугун

түшүн.

Page 17: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ 17

Мына, касиеттүү Рамазан – адатта акырет

соодасы үчүн өтө пайдалуу бир көргөзмө, базар.

Түбөлүктүүлүктүн мол түшүмдүүлүгүн арттыр-

ган жер. Жакшы амалдардын өсүп өнүгүшүнө

өбөлгө болгон жазгы жаан сымал. Аллах

Тааланын тарбиялоочулугунун башкаруучулу-

гуна карата адамзаттын кулчулугунун расмий

түрдө өтүшүнө эң жаркыраган ыйык майрам

катары. Ошондой болгондуктан, жеп-ичүү сыяк-

туу напсинин ныксыроо менен жасаган айбан-

дык муктаждыктарына, кумар сезимдеринин

кызыгууларына кирип кетпеш үчүн орозо кармоо

менен милдеттендирилген.

Айбандык каалоолордон убактылуу алыстап,

кудум периште сымал абалга өтүп акыреттик

соодага киргендиктен, дүйнөлүк муктаждык-

тарын убактылуу таштап, түбөлүктүү адам сыяк-

туу болуп, денеден сыйрылып бир рух абалына

кирип орозо тутуу менен кандайдыр бир түрдө

Самадиятка күзгү болуу.

Page 18: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

18 РАМАЗАН, ҮНӨМ ЖАНА ШҮГҮРЧҮЛҮК РИСАЛЕЛЕРИ

Ооба, касиеттүү Рамазан бул өтүүчү, убак-

тылуу жана кыска өмүрдүн ичинде түбөлүктүү

жашоону, узун бир түбөлүктүү өмүрдү камсыз

кылып утуп берет.

Ооба, Рамазан айы жеке өзү, сексен жылдык

өмүр байлыгын утуп бере алат. Кадыр Түн

болсо, Курандын түшүндүрмөсү боюнча миң

айдан да кайрымдуураак болгондугу – бул сырга

өтө күчтүү далил.

Ооба, бир падыша өзүнүн бийлиги учурунда

айталык жыл сайын кээ бир күндөрүн же такка

отуруу же башка шаан-шөкөттүү учурларды

кандайдыр майрам күндөрү деп жарыялайт.

Ошол күнү ал падыша өзүнүн карамагындагы

элдерди, жалпы мыйзамдар чөйрөсүндө эмес,

балким, жекече сыйлап, эч бир тоскоолсуз

алдына кирүүлөрүнө, жеке сый-урматына,

жогорку деңгээлдеги бийлик жүргүзүүсү менен

түздөн-түз ылайык кылат. Карамагындагы элин

өзгөчө көңүл буруусуна татыктуу кылат.

Page 19: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ 19

Ошондой эле, Эзелкинин жана Түбөлүктүү-

лүктүн Султаны он сегиз миң ааламдын Айбат-

туу Падышасы ошол он сегиз миң ааламга

караган, жүздөнгөн улуу буйругу болгон –

Акылмандуу Куранды касиеттүү Рамазан айында

түшүргөн.

Албетте, ошол Рамазан айы Аллахтын өзгөчө

майрамы катары, Аллахтын кандайдыр бир

көргөзмөсү жана руханий чогулуш өңүтүнө

өтүүсү – акылмандуулуктун талабы. Албетте,

Рамазанды майрам деп кабыл алгандан кийин,

арийне, адамдарды айбан сыяктуу убакыт

өткөрүүдөн, жек көрүндү абалдан сактоо үчүн

орозо кармоо буйрулган.

Ал эми орозонун эң бир мыктысы –

ашказан сыяктуу башка бардык туйгуларды,

көз, кулак, жүрөк, кыял, пикир сыяктуу

курал-жабдыктарды да орозо кармоого үндөө.

Башкача айтканда, аларды арам жана

пайдасыз нерселерден четтетип, ар бирин

өзүнө тиешелүү кулчулукка багыттоо.

Page 20: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

20 РАМАЗАН, ҮНӨМ ЖАНА ШҮГҮРЧҮЛҮК РИСАЛЕЛЕРИ

Мисалы тилди жалгандан, кыйбаттан, одоно-

орой сөздөрдү айтуудан алыстатып, ага орозо

туттуруу. Ошол тилди Куран окууга, зикир,

таспих, салават, истигфар сыяктуу нерселер

менен алектендирүү.

Мисалы, көздү намахрамды (харамды)

кароодон, кулакты ушак угуудан тосуп, көздү

үлгүлүү көрүнүштөргө, кулакты чындык сөздү

жана Куранды тыңшоого колдонгон сыяктуу эле,

башка сезим-органдарды да орозо карматуу.

Негизинде, ашказан эң чоң фабрика бол-

гондуктан, орозонун жардамы менен аны эс

алдырса, анда башка кичинекей ишканаларды

ага жеңил баш ийдирүүгө мүмкүн болот.

СЕГИЗИНЧИ МААНИ: Орозонун адамдар-

дын жеке турмушуна байланыштуу көптөгөн

акылмандуулуктарынын бир акылмандуулугу

төмөндөгүчө: Орозо адамга эң таасирдүү дары,

материалдык жана руханий диета. Медицина

жактан айтсак, табы менен тамактануу. Адамдын

напси жеп ичүүдө каалагандай аракет кылган

Page 21: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ 21 сайын, өзүнүн заттык жашоосуна медициналык

жактан зыян бергендей эле, адал-арам дебестен,

туш келген нерсеге жулунса, руханий жашоосун

да ууландырып салат. Анын аркасында напсинин

жүрөккө жана рухка баш ийүүсү өтө оор келет.

Баш көтөрүү менен тизгинди колуна алат.

Барып-барып инсан ага минбестен, тескери-

синче, ал инсанга минип алат.

Касиеттүү Рамазанда напси орозо тутуу

аркылуу акырындык менен мүнөз тамакка көнө

баштайт. Аз тамактанууга аракеттенип, буйрук-

тарды угууну үйрөнө баштайт. Тамак сиңе

электе эле, бечара алсыз ашказанына үстөккө

босток тамак толтура бербестен ар кыл оору-

лардан оолак болот. Рамазанда адал нерседен

алыс болуп жаткандан кийин, арамдан ого бетер

баш тартып, акылынан жана шарияттан келген

буйруктарды угуу сыяктуу жөндөмдүүлүктөр

пайда болот. Руханий жашоосун бузбаганга

аракеттенет.

Page 22: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

22 РАМАЗАН, ҮНӨМ ЖАНА ШҮГҮРЧҮЛҮК РИСАЛЕЛЕРИ

Дагы да адамзаттын көпчүлүк бөлүгү күндө-

лүк жашоосунда көп жолу ачкачылыкка дуушар

болот. Ачкачылык адамды сабырдуулукка жана

чыдамдуулукка үйрөтүп, аз тамактанууга көнүк-

түрөт. Касиеттүү Рамазанда орозо тутуу он беш

саатка уланат, ал эми саарлык – ооз бекитүү

тамагы желбей калса, анда ачкачылык учуру

жыйырма төрт саатка уланып сабырдуулукка,

чыдамкайлыкка жана аз тамактанууга көнүктү-

рөт. Демек, адамзаттын аянычтуу абалын эки

эселенткен сабырсыздык менен чыдамсыз-

дыктын дарысы да орозо болот.

Анан да ашказан фабрикасынын көптөгөн

кызматчылары бар. Аны менен байланышкан

адамдын көптөгөн аспап-органдары бар. Эгерде

напси айдын убактылуу күндүзгү бир маалында

жеп-ичүү иш-аракетин токтотпогон болсо, анда

ошол фабриканын кызматчыларынын жана ошол

аспап-органдардын аларга тиешелүү ибадатта-

рын унуттуруп, өзү менен алек кылып өкүм

астында кармаган болот.

Page 23: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ 23

Ошол адамдын башка аспап-мүчөлөрү да ал

руханий ашказан фабрикасынын чарыктары-

нын ызы-чуусу менен түтүндөрү астында эзи-

лүүгө дуушар болот. Напси ар убакыт алардын

ынтаалуу көңүлүн өзүнө тартып, улуу милдет-

терин убактылуу унуттуруп салат. Мына ошон-

дуктан, байыртадан бери олуялардын көпчүлүгү

жетик абалга ээ болуш үчүн напсисин тыйып, аз

жеп ичип өздөрүн машыктырып келишкен.

Мына ошентип, ошол фабриканын кызмат-

чылары Касиеттүү Рамазан айынын орозосу

аркылуу бир гана ошол фабрика үчүн жаратыл-

баганын түшүнүшөт. Башка аспап-органдар да

ошол фабриканын пас, булганыч көңүл ачуу-

ларынын ордуна нурдуу, руханий көңүл ачуу

жайларында ырахат алып, аларга назарын

бурушат. Ошондуктан Рамазанда ыймандуу

адамдар өзүнүн деңгээлине жараша ар кандай

сыйлыкка, нурларга жана руханий кубанычтарга,

береке-пайыздарга бөлөнүшөт. Берекелүү бул

айда жүрөк, рух, акыл, сыр сыяктуу кылдат

Page 24: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

24 РАМАЗАН, ҮНӨМ ЖАНА ШҮГҮРЧҮЛҮК РИСАЛЕЛЕРИ сезимдер орозонун касиети менен көптөгөн

өсүп-өнүгүштөргө жана ийгиликтерге жетиши-

шет. Ашказандын ыйлаганына карабастан алар

бейкүнөө жылмайып турушат.

ТОГУЗУНЧУ МААНИ: Касиеттүү Рамазан-

дын орозосу түздөн-түз напсинин курулай баш-

каруучулугун жокко чыгаруу, анын алсыздыгын

көрсөтүү менен кулчулугун билдирүү жагынан

караган акылмандуулуктарынын бир акылман-

дуулугу ушундайча: Напси кожоюнун тааны-

гысы келбейт, фараон сыяктуу өзү кожоюн

болууну каалайт. Ага кандай гана азаптарды

берсе да, анын ошол адаты кала берет. Бирок ач-

качылык менен ошол адаты кыйрайт.

Ошентип, Касиеттүү Рамазан айындагы орозо,

түздөн-түз напсинин фараондук жагына сокку

уруп, талкалайт. Алсыздыгын, кудуретсиздигин

жана муктаждыгын көрсөтөт. Кул экендигин

билдирет.

Хадисте айтылгандай, Улуу Алла Таала

напсиге мындай дептир:

Page 25: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ 25

- Мен киммин, сен кимсиң?

Напси:

- Мен – менмин, Сен – Сенсиң! - деп жооп

кайтарыптыр.

Азапка салып, тозокко да ыргытып, кайра су-

раптыр.

Кайра эле:

- Ана – ана, анта – анта, - деп айткан экен.

Кандай гана азапка салса да, напси өзүнүн

менменсинүүсүнөн кайтпаптыр.

Кийин ачкачылык менен азаптап, тамаксыз

калтырат. Кайрадан сурайт:

- Ман ана, ва ма анта?

Ошондо напси:

Page 26: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

26 РАМАЗАН, ҮНӨМ ЖАНА ШҮГҮРЧҮЛҮК РИСАЛЕЛЕРИ

Башкача айтканда: «Сен менин мээримдүү

Кожоюнумсуң, мен болсо, Сенин алсыз

кулуңмун...» - деп жооп бериптир. *

Кечирим суроо: Бул китепче өтө тездик менен

кырк мүнөттүн ичинде жазылгандыктан, мен жана менин жанымда жазып жаткан катчым экөөбүз тең оорулуу болгондугубуздан, албетте, анын ичинде кээ бир кемчиликтер кетирилиши мүмкүн. Биздин тууган- дарыбыздан кечиримдүүлүк менен карап чыкса деген үмүттөбүз. Оңдоого ылайыктуу жерлери болсо, оңдой алышсын.

Page 27: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ 27

Менин кымбаттуу жана ишеничтүү тууган-

дарым!

Биринчиден, силерди Барат түнү менен жана

келе жаткан майрамыңар менен куттуктайбыз.

Аллах Тааладан: келе жаткан Кадыр Түндү

силерге да, өзүбүзгө да миң айлык ибадаттан да

сооптуураак кылып, амал дептерибизге жазуусун

тилейбиз. Майрамдын башталышына чейин бул

дубаны биз мындайча окуйлу деп ниеттендик:

Page 28: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

28 РАМАЗАН, ҮНӨМ ЖАНА ШҮГҮРЧҮЛҮК РИСАЛЕЛЕРИ

Бул бейпилдүү айларда силер бизге жибер-

ген эки кереметтүү Куран, Иншаллах берекенин,

сооптордун, жакшы иштердин жана жеңиштин

булагы болот. Бул Рамазан айынын ар бир күнүн

Кадыр Түн сыяктуу жазат деп Аллахтын Мээ-

римдүүлүгүнөн үмүттөнөбүз.

Бүгүн силерди куттуктаганыбыздын дагы бир

себеби: «Рисале-и Нурдун» ишеничтүү окуу-

чулары Касиеттүү Рамазанда бул эки Курандын

отуз бөлүгүнүн ар бирин силер менен бирге,

кандайдыр бир руханий жалпы жамааттын

ичинде күн сайын толугу менен окуп жатышты.

Мындан сырткары, «Рисале-и Нурдун» окуу-

чулары Спарта жана Кастамонуга таркап, силер

алар тегеректеп алган айлананын ортосунда орун

алганыңарды эске алып, Накшибендинин ша-

кирттеринин дубаны айтып бүткөрүү ыкмасын

колдонуп, бирок дагы кененирээк бир алкакта,

Куранды ушундай ниет жана ой жүгүртүү менен

Page 29: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ 29 окушат. Биз, «Рисале-и Нурдун» окуучулары,

Улуу Аллахтын Мээримдүлүгүнө таянып, бул

жамаатка руханий жактан катышып, Куранды

аягына чейин окуп чыгышсын» - деп тилейбиз. †

Саид Нурси

† (Кыстырма) Облустарда, райондордо, шаарчаларда

жана айыл-кыштактарда «Рисале-и Нурдун» эски жана

жаңы окуучуларынын ар бири Рамазан айында кере-

меттүү Курандын бирден бөлүгүн күн сайын окушат.

Ошентип, алар устат Бедиүззаман Саид Нурсинин

нурдуу жана пайдалуу насыяттарын иш жүзүндө

колдонуп, Рамазан айынын ар бир күнүндө Куранды

толугу менен окуп бүтүп, улуу соопко ээ болушат.

Page 30: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

ЫКТЫСАТ РИСАЛЕСИ

Үнөмдөп каниет кылууга жана ысы-

рап кылып төгүп чачууга байланыштуу.

Курандын бул ыйык аяты үнөмдөөгө катуу

буйрук кылып, ысырапкерчиликтен апачык

тыюу салып, акылмандуулуктун өтө маанилүү

сабагын берип келет. Бул маселе жети маанини

ичине камтыйт.

БИРИНЧИ МААНИ:

Хаалык-ы Рахиим болгон Алла Таала адам

урпактарына берген нематтарына акы катары

шүгүрдү каалайт. Ысырапкорчулук болсо, шү-

гүрчүлүккө карама-каршы келип, берилген сый-

лыктарга карата зыяндуу тоотпостук болуп

саналат. Ал эми үнөмдөө болсо, ошол берилген

Page 31: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ 31 сыйлыктарга карата киреше киргизе турган

урмат-сый болуп эсептелет.

Ооба, үнөмдөө – бул руханий бир шүгүр-

чүлүк. Ары берилген сыйлыктардагы Алла

Тааланын ырайымдуулугуна карата урмат-сый.

Ары ачык-айкын бир түрдө берекенин себеби.

Ары да денеге мүнөз тамак өңдүү чың ден-

соолуктун булагы. Ары да рухий тилемчилик

кордугунан куткара турган намыстуулук. Анан

да сыйлык ичиндеги ыракатты татып билүүдө

жана сыртынан даамсыз көрүнгөн нематтардагы

ыракаттын даамын татууга чоң бир түрткү болот.

Ал эми ысырап болсо, жогоруда айтылган

акылмандуулуктарга карама-каршы келип корку-

нучтуу кесепеттери бар.

ЭКИНЧИ МААНИ:

Фатыр-ы Хакиим болгон Алла Таала инсан-

дын денесин эң мыкты имарат жана иреттүү

шаар түрүндө жараткан. Ооздогу даам татым

органын кароолчу, нерв системаларын болсо,

телефон жана телеграф зымдары сыяктуу жарат-

Page 32: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

32 РАМАЗАН, ҮНӨМ ЖАНА ШҮГҮРЧҮЛҮК РИСАЛЕЛЕРИ кан. Даам татым органы, оозго кирген нерселер

тууралуу дененин борборунда жайгашкан ашка-

занга, ошол тамырлар аркылуу кабар берип,

байланыштырып турат. Эгерде денеге, ашказанга

пайдасы жок болсо, уруксат берилбейт деп

тамакты сыртка чыгарып салат. Кээде денеге

пайдасы жок, зыяндуу жана ачуу болсо, даам

татуу органы дароо аны тышка түкүрүп таштайт.

Ошентип, ооздогу даам татым органы кароол-

чу, ал эми ашказан болсо, организмди башкаруу

жагынан, кандайдыр бир кожоюн же башкаруучу

катары. Ошол ак сарайга же шаарга келген жана

ошол ак сарайдын акимине тартуу кылынган

сыйлыктын жүз эсе баалуулугу бар болсо,

кароолчуга ошол келген сыйлыктардан чай пул

катары болгону жүздөн беши гана жетиштүү

болот. Андан артык болбойт. Эмнеге дегенде

кароолчу текеберденип, өзүнүн милдетин уну-

туп, чектен ашып, чай пул көбүрөөк берген

көтөрүлүшчүлөрдү сарайга киргизип жибер-

бесин.

Page 33: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ 33

Эми ушул сырга байланыштуу тамактын эки

түрүн элестетип көрөлү. Алардын бирөө

жумуртка жана быштак сыяктуу бир сомдук

азык, экинчиси болсо, эң даамдуу он сомдук

таттуу той боорсок дейли. Бул эки тамак оозго

кирүүдөн мурда денеге пайдалуулугу жагынан

эч айырмасы жок, бирдей. Кекиртектен өткөндөн

кийин да, денени азыктандырууда да бирдей.

Балким, кээде бир сомдук быштак дагы жакшы-

раак денени азыктандырышы мүмкүн. Бир гана

ооздогу даам татым органынын ыракаттануу-

сунда жарым мүнөттүк айырма бар. Жарым

мүнөттүк ыракат үчүн чыгымдар бир сомдон он

сомго чыккан болсо, бул канчалык маанисиз,

зыяндуу ысырапкорчулук экенин салыштырып

көргүлө.

Ошентип ак сарайдын акимине келген белек

он сом болсо, кароолчуга тогуз эсе көбүрөөк чай

пул бериш, кароолчуну чектен чыгарат, “Аким

менмин” деп айтат. Ким көбүрөөк чай пул же

лаззат берсе, аны ичкериге киргизет. Арада баш

Page 34: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

34 РАМАЗАН, ҮНӨМ ЖАНА ШҮГҮРЧҮЛҮК РИСАЛЕЛЕРИ аламандык жаралып, ысытма чыгып: “Жардам

бергиле, дарыгер чакыргыла, температурамды

калыбына келтирип, ысыт- мамды түшүргүлө”, -

деп айтууга мажбур болот.

Мына, үнөм жана каниет кылуу – Алла

Тааланын акылмандуулугуна ылайыктуу келген

аракеттерден. Даам татым органын кароолчу

катары кабыл кылып, өзүнө ылайык акысын

бөлүп берет. Ал эми ысырапкорчулук болсо, бул

акылмандуулукка каршы аракет кылгандыктан,

тез арада жазасын алып, ашказаны бузулат,

тамакка болгон табитин да жоготуп алат. Ар

кайсы тамактардан пайда болгон жасалма табит

аркылуу азыктанып, ошону менен тамак сиңирүү

системасынын бузулушуна жана ооруга чалды-

гууга өбөлгө түзөт.

ҮЧҮНЧҮ МААНИ:

Жогорудагы экинчи мааниде «даам татуу

органы – кароолчу» деп айттык. Ооба, рухий

жактан өнүкпөгөн, кайдыгер жана шүгүр жолуна

түшпөгөн адамдар үчүн даам татуу органы

Page 35: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ 35 кароолчу катары гана. Ошондуктан кароолчунун

ыракаты үчүн ысырапкерчиликке батып, бааны

бирден он эсеге чыгартпоо керек.

Бирок Алтынчы Сөздө салыштырмалуу түрдө

айтылгандай, шүгүрчүл, акыйкат издеген, жүрө-

гү менен Алла Таалага жакын турган адамдар-

дын даам татуу органы Кудайдын Ырайым-

дуулук ашканаларына көзөмөлдөөчү же текше-

рүүчү кызматында. Ошол даам татым органы өтө

кылдат аспаптары менен бүткүл тамак-аштардын

санынчалык Жаратуучунун ар түркүн ырыс-

кыларын татуусу – бул бир рухий шүгүрчүлүк

болуп алар жөнүндө денеге жана ашказанга

билдирүү болуп саналат.

Мына бул жагынан караганда даам татуу

органы жалгыз гана заттык дене менен чектел-

бей, балким, жүрөккө, рухка жана акылга

караган тарабы менен ашказандан да жогорку

өкүмү, даражасы бар.

Бирок адам ысырап кылбоо, жалгыз шүгүр-

чүлүк милдетин орундатуу, Алла Тааланын

Page 36: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

36 РАМАЗАН, ҮНӨМ ЖАНА ШҮГҮРЧҮЛҮК РИСАЛЕЛЕРИ түрдүү сыйлыктарын таанып билүү, шарият

чөйрөсүндө болуу, төмөндүккө, тилемчиликке

түшпөө шарты менен болгон болсо, анда ошол

даам татуу органына ыракат таттыртса болот.

Ошол даам татуу органы жайгашкан тилди да

шүгүрдө колдонуу максатында таттуу тамак-

тарды тандап жесе болот. Жогорудагы акый-

катка ишарат кылган Шейх Абдулкадыр

Гейланиге байланыштуу бир окуяны жана анын

кереметин баян кылабыз:

Өз убагында азирети Гавс Азам Шейх Гей-

ланинин тарбиясында назданган, карыган кем-

пирдин жалгыз баласы болгон экен. Бир күнү

ошол кадырлуу эне уулунун окуган бөлмөсүнө

барып караса, баласы бир катыган кара нанды

жеп отуруптур. Баласынын мындай мүнөз тамак-

тан арыктап кеткен абалын көргөн энесинин

боору ачып, азирети Гавска арызданайын деп

барса, азирети Гавс куурулган тоок этин жеп

отуруптур. Өзүн кармана албай:

Page 37: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ 37

Эй, Устат! Менин уулум ачкалыктан өлгөнү

жатса, сен кызартылган тоок этин жеп жатасың

да! - деп айтат.

Ошондо азирети Гавс тоокко: «Кум

биизниллах!» - деп айтат.

Ал куурулган тооктун сөөктөрү топтолуп,

кайрадан тоок болуп, табактан секирип түшөт.

Бул окуяны бизге көптөгөн ишеничтүү, чынчыл

адамдар дүйнөгө атагы тараган азирети Гавстын

керемети деп ачык кабарлар менен жетки-

ришкен.

Азирети Гавс минтип жооп берет:

«Качан сенин уулуң да ушундай даражага

жетсе, ал да тоок этин жесин».

Азирети Гавстын бул насыятынын мааниси

мындайча: «Качан сенин уулуңдун руху өз

денесин, жүрөгү напсин, акылы ашказанын

башкарып, жыргал-ыракаттарды шүгүрчүлүк

үчүн каалаган болсо, ошондо ал даамдуу

тамактарды жей алат”.

ТӨРТҮНЧҮ МААНИ:

Page 38: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

38 РАМАЗАН, ҮНӨМ ЖАНА ШҮГҮРЧҮЛҮК РИСАЛЕЛЕРИ

“Үнөмдөгөн адам турмуш-тиричилигинде үй-

бүлөлүк түйшүктөргө дуушар болбойт” деген

маанини билдирген хадисинин

сыры боюнча үнөмдөгөн адам үй-бүлөлүк түй-

шүктөрдү көп тартпайт.

Ооба, үнөм, берекенин жана турмуш-тири-

чиликте жыргалдуу жашоонун ачык-айкын була-

гы экенин тастыктаган сансыз далилдер бар.

Мисалы, өзүмдүн башымдан өткөн тажрыйбам-

дын, ошондой эле мени менен бирге жашап, мага

жардам берип жүргөн адамдардын күбөлүгүнүн

негизинде мындай деп айтаар элем. Кээде

үнөмдөөнүн натыйжасында берекенин молдугу

он эсеге көбөйгөнүнө жанымдагы жолдошторум

да күбө болушкан.

Кала берсе тогуз жыл мурун (азыр отуз жыл

өтүп кетти) мени менен бирге Бурдур шаарына

сүргүнгө айдалып барган кээ бир жетекчилер

акчамын жоктугунан кордукка жана жардылыкка

түшүп кетпесин деп, зекеттерин берүүгө көп

Page 39: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ 39 аракет жасашты. Колунда бар бул адамдарга мен

мындай деп айттым:

«Чынында, менин акчам өтө аз. Бирок менде

үнөм деген эреже бар, каниет кылганга көнүп

калганмын. Мен силерден да баймын». Ошентип,

мен алардын көптөгөн, тынбаган суранычтарын

четке кактым.

Кызыгы, эки жылдан кийин баягы мага

зекеттерин сунуш кылгандардын бир бөлүгү

ысырапкорчулуктун айынан карызга батып

кетишти. Аллага шүгүрлөр болсун, ошол

окуядан жети жыл өткөндөн кийин, менин бир аз

каражатым үнөмдөгөнүмдүн аркасында мага

жетиштүү болду. Мен эч кимден кемсинген

жокмун, башкалардан жардам сурап, жүзүм жер

карабады. Жашоомдун негизги эрежеси болгон

“настан истигна” (адамдардан бир нерсе тилөө)

принциби бузулбады.

Ооба, сарамжалдуу сарптабаган адам кемси-

нүүгө, рухий тилемчиликке жана жакыр-

чылыкка кириптер болоору талашсыз. Азыркы

Page 40: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

40 РАМАЗАН, ҮНӨМ ЖАНА ШҮГҮРЧҮЛҮК РИСАЛЕЛЕРИ учурда ысырапкерчиликке түрткү болгон акча

өтө кымбатка турууда. Кээде акча табыш үчүн

ар-намыс, абийир ортого коюлуп, ордуна кир

акча берилип жатат. Айрым учурларда диндин

ыйык баалуулуктары ортого коюлуп, андан соң

арам акчалар берилет. Демек, жүз тыйындык

пайда табам деп рухий жүз сомун жоготоору

айдан ачык.

Эгерде үнөмдөп, каражатты кыскартып,

керектүү нерселерге сарптаса,

аятынын сыры менен

аятынын ачык маа-

ниси боюнча, күтүлбөгөн жерден жашоо-

тиричиликке керектүү ырыскыларын таба алы-

шат. Анткени Курандын аяты бул тууралуу

убада берип жатат.

Ооба, ырыскы эки түрдүү болот.

Алардын бирөө – жашоо үчүн керек болгон

чыныгы ырыскы. Бул аяттын өкүмү аркылуу,

Page 41: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ 41 ырыскынын бул түрү менен камсыздоо Улуу

Аллахтын убадасы астында. Эгерде адамдар-

дын жаман каалоолору аралашпаса, инсан

кандай гана учур болбосун зарыл болгон

ырыскысын таба алат. Динин, абийирин жана

намысын сатууга мажбур болбойт.

Ырыскынын экинчи түрү – межази (образдуу)

ырыскы. Мында, ырыскыны туура эмес колдо-

нуунун натыйжасында кереги жок муктаж-

дыктар зарыл керектөөлөргө айланып, кумар

сыяктуу өнөкөткө өткөн бул оорудан адам

чыгалбай калат. Ошентип, ырыскынын бул түрү

Аллахтын убадасы астында болбогондуктан, аны

камсыз кылуу, өзгөчө биздин заманда, өтө

кымбатка турат. Оболу адам абийирин сатып кор

болот, андан кийин кембагалдыкка батып, кээде

бузуку адамдардын бутун өөп, кээде түбөлүктүү

жашоосунун нуру болгон – ыймандын баалуу-

луктарын алмаштырып, анан барып жөрөлгөсү

жаман, берекесиз мал-мүлккө ээ болот.

Page 42: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

42 РАМАЗАН, ҮНӨМ ЖАНА ШҮГҮРЧҮЛҮК РИСАЛЕЛЕРИ

Анан да, жакырчылык менен муктаждык өтө

көбөйгөн заманда, ачка жана өтө муктаж адам-

дардын кайгыларынан, намысы бар уяттуу

кишилердин адамгерчилиги козголуп боору

ачып, шарият уруксат бербеген жол менен

табышкан акчаларынан алышкан ыракатты,

абийири болсо, талкалайт. Ушундай оор заманда

шек-күмөндүү буюмдарды өтө зарыл болгон

учурда гана колдонсо болот. Себеби,

мааниси боюнча, арам нер-

седен өтө муктаж болгон убакта гана керектүү

өлчөмдө колдонсо болот, бирок ашыкча колдо-

нулбайт. Ооба, айласы кеткен адам адал эмес

этти тойгуча жей албайт, бир гана өлбөй турган-

дай жей алат. Мындан сырткары, жүздөгөн ачка

адамдар турса алардын алдында тамакты өтө

ыракаттанып көп жеш болбойт.

Үнөм намыс менен жетиктиктин пайду-

балы болгондугун далилдеген бир окуя:

Page 43: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ 43

Бир замандарда өзүнүн айкөлдүгү менен

таанымал болгон Хатемтай деген зат чоң той

өткөрөт. Келген конокторуна көптөгөн белек-

терди бергенден кийин чөлгө саякат кылууга

чыгат. Караса, бир карыган кедей абышка

тикенек отунду далысына коюп сүйрөп бараткан

болот. Отундун тикенектери денесине сайылып,

канатып жатты. Ошондо Хатемтай ак сакалга

минтип кайрылат:

- “Хатемтай деген адам чоң той өткөрүп

белектерди берип жатат. Сен да ошол ж акка

барсаң, алдагы беш сомдук отунуңдун ордуна,

беш жүз сомдук белек аласың.”

Сарамжалдуу аксакал мындай деп жооп

бериптир:

- “Мен бул тикенектүү отунумду маңдай

терим менен таап, ташып баратам, Хатемтайга

көз каранды болгум келбейт”.

Кийинчерээк Хатемтайдан «сен өзүңдөн да

берешен, өзүңдөн да айкөл кимди билесиң?» деп

Page 44: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

44 РАМАЗАН, ҮНӨМ ЖАНА ШҮГҮРЧҮЛҮК РИСАЛЕЛЕРИ сурашканда, «Чөлдө жолуктурган үнөмчүл

абышканы, өзүмдөн да айкөл, өзүмдөн да

жогору, өзүмдөн да ызаттуу деп эсептейм» деп

айтыптыр.

БЕШИНЧИ МААНИ:

Алла Таала өзүнүн кынтыксыз берешендиги

аркылуу өзүнүн нематтарынын лаззатын эң кем-

багал адамга эң бай адам сыяктуу, ал эми эң

кедей адамга падыша сыяктуу таттырып келет.

Ооба, ачкачылыкты сезген, үнөмдөп жашаган

жакыр адамдын бир сындырым катыган кара

нандан алган жыргалы, ысырап кылып тажоо

менен табити жок жеген падышанын казы-

картадан алган жыргалынан да жогорураак.

Эң кызыктуусу, кээ бир ысырапкор, чачып

төккөн адамдар сарамжал инсандарды «сараң»

деп айыпташат. Жок, андай эмес! Үнөмчүлдүк –

бул намыстуулук жана айкөлдүк. Ал эми

сараңдык менен кемсинүү – ысырапкор адамдар-

дын өзүлөрүн көрсөткүсү келген ички жүзүнүн

сырткы кейпи. Өйдөдөгү акыйкатты бышыктаган

Page 45: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ 45 бул китепченин жазылыш жылдарында Спарта

шаарындагы үйүмдө болуп өткөн бир окуя. Ал

мындайча:

Окуучуларымдын бирөөсү жашоомдогу ту-

тунган эрежеме карама-каршы келген эки жарым

килого жакын балды мага белек катары бергенге

аракет кылды. Ага канча жолу жагдайды түшүн-

дүрсөм да көнбөдү. Акырында, мажбур болуп,

мейли ыйык Шабан жана Рамазан айлары келе

жатат, жанымдагы үч окуучум да ооз тийсин,

аны отуз-кырк күн аралыгында үнөмдөө менен

жеп, балды алып келген окуучу да соопко

бөлөнсүн, окуучуларым да таттуудан куру кал-

басын деген үмүттө «мейли алгыла» деп айттым.

Менин өзүмдө да бир кило бал бар эле. Чынды-

гында бул үч жолдошум ак ниет, үнөмдүүлүктү

жактыргандардан эле. Бирок кандай болду ким

билет, алар бири-бирин сыйлайбыз деп, өзүнөн

да жанындагысына көбүрөөк ыраа көргөн улуу

бир урматтоодон улам үнөм жөнүндө унутуп

коюшкан. Эки жарым кило балды үч түндүн

Page 46: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

46 РАМАЗАН, ҮНӨМ ЖАНА ШҮГҮРЧҮЛҮК РИСАЛЕЛЕРИ ичинде түгөтүп бүтүшкөн. Ошондо мен жылма-

йып, мындай деп айттым:

«Бул бал менен мен силерди отуз-кырк күн

таттуусуз калтырбайын деген элем. Силер болсо,

отуз күндү үч күнгө кыскарттыңар. Аш болсун!”

- дедим Бирок мен өзүмдүн ошол бир кило

балымды үнөм менен пайдаландым. Бүтүн

Шабан жана Рамазан айларында балды өзүм да

жедим, дагы Аллага шүгүрлөр болсун, ошол бир

туугандарымдын ар бирине ифтар (ооз ачуу)

убагында бир чай кашыктан берип, чоң бир

соопко себеп болду.

Менин акыбалымды көргөндөр мындай араке-

тимди сараңдык катары кабыл кылса керек.

Тигил туугандарымдын үч күндүк абалын

жоомарттык деп эсептеши мүмкүн. Бирок

акыйкат боюнча, тиги сырткы «сараңдыктын»

аркасында улуу бир намыстуулук, чоң береке

жана сооп жашырылганын көрдүк. Ошол жоо-

марттык менен ысыраптын аркасында эгер

кайтарылбаса, тилемчилик кылуу менен башка-

Page 47: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ 47 сынын колунан ач көздүк менен бир нерсе күтүү

сыяктуу сараңдыктан да өтө төмөн бир абал

пайда болот эле.

АЛТЫНЧЫ МААНИ:

Үнөмчүлдүк менен сараңдыктын көптөгөн

айырмачылыктары бар. Кичипейилдүүлүк, ка-

димки жаман сапаттардан болуп эсептелген

жасакерленүүгө сыртынан окшош. Бирок рухий

жагынан айырмаланган жакшы сапаттардан.

Намыстуулук да кадимки жаман сапаттардан

болгон текебердүүлүккө сыртынан караганда

окшош. Бирок рухий жактан айырмаланган

жакшы сапаттардан.

Ошондой эле, Пайгамбарлардын улуу адеп-

ахлактарынан болгон жана ааламдагы Алла

Тааланын акылмандуу түрдө түзгөн тартип-

теринин булагы болуп саналган үнөмдүүлүк да,

жакырчылыктын, зыкымдыктын, ач көздүктүн

аралашмасы болгон сараңдык менен эч бир

байланышы жок. Болгону сыртынан кандайдыр

Page 48: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

48 РАМАЗАН, ҮНӨМ ЖАНА ШҮГҮРЧҮЛҮК РИСАЛЕЛЕРИ бир окшоштугу бар. Бул акыйкатты тастыктаган

бир окуя:

Азирети Абдуллах ибн Умар, Абадиле-и

Себаа деген ат менен белгилүү болгон жети

чыгаан сахабалардын бирөөсү. Пайгамбары-

быздын халифасы Фаруку Азам Азрети Умардын

(Р.А.) атактуу жана эң улуу уулу. Сахаба

аалымдарынын ичинде өзгөчөлөнгөн мубарек

зат. Базардын ичинде, алыш-бериште үнөмдөө

максатында сооданын эрежеси болгон ишеним-

дүүлүктү жана тууралыкты сактайм деп кырк

тыйын үчүн катуу талаш-тартышка кирет. Ошол

кезде сахабалардын бирөөсү аны байкап калат.

Жер жүзүнүн атактуу халифи азирети Умардын

уулунун кырк тыйын үчүн талаш-тартышка

киргенин көрүп ушунчалык сараң турбайбы деп

божомолдоп, имамдын акыбалын байкайын деп

аркасынан түшөт. Караса, Азирети Абдуллах

куттуу үйүнө кирип баратып эшиктин алдында

бир кембагал менен жолукту. Анын жанында

бир аз ийилип турду да, андан ары жөнөдү.

Page 49: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ 49 Андан соң ал үйдүн экинчи каалгасынан чыгып

баратып дагы бир жакыр адам менен кезикти.

Анын жанында да, бир аз ийилип туруп, андан

ары жолун улантты. Алыстан байкап турган

баягы сахаба кембагалдарга барып, кызыгып

алардан минтип сурады:

- “Имам силердин жаныңарда туруп эмне

кылды?”

Экөө тең “Бирден алтын берди” деп жооп

беришти. Муну уккан сахаба: “Фесубханаллах

(таң калуу маанисинде)... Базардын ортосунда

кырк тыйын үчүн талаш-тартышка түшөт да, ал

эми үйүндө болсо эч кимге билдирбестен эки

алтынды чын ниеттен бериши кандай”? деп

ойлонуп калды. Азирети Абдуллах ибн Умар

менен көрүшүп, ага суроо узатты:

- “Оо, имам! Базарда сен мындай кылдың, өз

үйүңдө такыр башка нерсени жасадың”. Муну

мага чечмелеп берчи. Имам сахабага жооп

катары мындай деп айтат:

Page 50: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

50 РАМАЗАН, ҮНӨМ ЖАНА ШҮГҮРЧҮЛҮК РИСАЛЕЛЕРИ

- “Базардагы абал сарамжалдуулуктан, акыл-

эстин жетишкендигинен, соода-сатыктын негизи

жана руху болгон ишенимдүүлүктү жана адилет-

түүлүктү коргоодон келип чыккан нерсе. Мын-

дай көрүнүш сараңдыкка жатпайт. Ал эми үйүм-

дөгү окуя болсо, жүрөктөгү мээримдүүлүктөн,

рухтун жетишкендигинен. Ошентип, биринчи

көрүнүш сараңдыкка жатпагандай эле, экинчи

абал да ысырап болуп саналбайт”.

Имам Азам жогорудагы акылмандуулукка

ишарат кылып, минтип айткан:

башкача айтканда:

«Кайрымдуулукта жана бирөөгө белек тартуу-

лоодо (бирок ошого татыктуу болсо) ысырап

болбогондой эле, ысырапта да эч бир кайыр,

сооп жок».

ЖЕТИНЧИ МААНИ:

Ысырапкерчилик ач көздүктү туудурат. Ач

көздүк болсо, үч натыйжага алып барат.

Page 51: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ 51

Биринчиси: Канаат кылбоо. Канааттанбаган-

дык ишке, эмгекке болгон кызыгууну суутат.

Шүгүр кылуунун ордуна доомат кылдыртат.

Жалкоолукка түртөт. Шарият уруксат берген,

адал, аз малды таштап, шариятка терс, жеңил

оокатты издетип, ошол жолдо өзүнүн намысын,

абийирин багыштап салат.

Ач көздүктүн экинчи натыйжасы: Кур калуу

жана зыянга учуроо. Алдына койгон максатынан

четтеп, жийиркеничтүү мамилеге дуушар болуп,

жеңилдиктер менен жардамдан кур калат.

башкача айтканда, «Ач көз-

дүк – кур калуунун жана кара жолтойлуктун

себеби» деп айтылган накыл сөзгө ылайык

болот.

Ач көздүктүн жана каниет кылуунун таасири

жандуу макулуктар дүйнөсүндө кенен-кесир бир

эреже катары жайылып жүрөт.

Мисалы, ырыскыга муктаж болгон дарактар

табигый түрдө канаат кылгандыктан алардын

Page 52: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

52 РАМАЗАН, ҮНӨМ ЖАНА ШҮГҮРЧҮЛҮК РИСАЛЕЛЕРИ ырыскылары аларга өздөрү эле чуркап келген

сыяктуу, жаныбарлардын да ырыскыга ач көздүк

менен талпынып, аны кыйынчылык менен табуу-

су, ач көздүктүн өтө чоң зыяндуулугун, ал эми

канаат кылуунун өтө чоң пайдалуулугун көрсө-

түп турат.

Анан да, бардык жандуулардын алсыз бал-

дары абал тилдери менен каниет кылгандыктан,

сүт сыяктуу назик азык, күтүлбөгөн жерден

аларга агып келет. Ал эми жырткыч айбандар-

дын ач көздүк менен кем, булганган тамактарга

жулкунганы биздин айткандарыбызды ачык бир

түрдө айгинелеп турат.

Анан да, семиз балыктар канаат кылгандык-

тан эң сонун тамактар менен камсыз болот. Ал

эми түлкү жана маймыл сыяктуу кыраакы айбан-

дар ач көздүк менен ырыскынын аркасынан

чуркап жүрүп, керектүү өлчөмдө ырыскы таба

алышпай, арык жана алсыз болуп жүрүшөт.

Албетте, мындай көрүнүш, ач көздүк канчалык

кыйынчылыктарга өбөлгө, ал эми канааттануу

Page 53: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ 53 болсо бейпилдиктин булагы экенин көргөзүп

турат.

Анан да, жөөттөр ач көздүк менен, сүткордук

менен, сугалактык жана айлакердик менен

ырыскыларын кордук көрүп, жек көрүмдүү

болуп, шариятка терс жана жанын сактай ала

тургандай гана таба алышы... Ал эми чөлдө

жашаган (бедуиндердин) топук абалы, намысы

тепселенбеген турмушу, тамагын өзүлөрүнө

жетиштүү түрдө табышы жогоруда айтылган

ырастоолорубузду дагы бир ирет тастыктап

келет.

Ал эми илимпоздор (Кыстырма-1) * менен жа-

зуучулардын (Кыстырма-2) , көсөмдүүлүгүнүн

(Кыстырма-1) Ирандын адилеттүү падышала-

рынын бири Нуширеван-и Адилдин акылмандуулугу

менен белгилүү болгон вазири жана аалымы Бузург

Михрадан мындай деп сурашкан: “Эмне үчүн окумуш-

тууларды падышалардын кабылдамасында кезиктире-

биз, ал эми илимпоздордун босогосунда болсо, падыша-

лардын турганын көрбөйбүз. Негизинде, билим бийлик -

Page 54: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

54 РАМАЗАН, ҮНӨМ ЖАНА ШҮГҮРЧҮЛҮК РИСАЛЕЛЕРИ берген ач көздүгүнүн себебинен жакыр абалга

түшүшү, ал эми карапайым, күчсүз адамдардын

тен жогору эмеспи?” Ал минтип жооп бериптир:

“Мунун баардыгы илимдүүлөрдүн билимдүүлүгүнөн

жана төрөлөрдүн сабатсыздыгы менен байланышкан.

Б.а. башчылар өздөрүнүн сабатсыздыгынын айынан

билимдин баркын билишпегендиктен илимпоздордун

каалгасына илим издеп барышпайт. Ал эми окумуш-

туулар болсо, билимдүү болушкандыктан байлыктын

да кадырын түшүнүшөт. Ошондуктан башчылардын

кабылдамасында алар көбүрөөк кездешишет. Ошентип,

бул окуяны Бузург Михра сылык сөз менен түшүндүрүп,

акылдын көрөгөчтүгүнүн натыйжасы болуп калган ач

көздүк, илимпоздордун кедейлигинин жана кемсинүүсү-

нүн себеби болуп калары жөнүндө өтө назик, сылык

түрдө жооп берген.

Хүсрев

(Кыстырма-2) Муну ырастаган бир окуя: Фран-

цияда жазуучулар жакшы тилемчилик кылгандыктан,

аларга кедейликтин күбөлүгүн ыйгарышкан.

Сүлейман Рүшдү

Page 55: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ 55 табигый каниет кылуу аркылуу байып кетиши

адал ырыскы, күч жана эркке көз каранды эмес,

тескерисинче, алсыздык менен муктаждыктын

натыйжасында келээрине күбөлүк берет. Бул

адал ырыскы, күч менен эркке көз каранды эмес.

Анткени баланын күч-кубаты жана эрки

көбөйгөн сайын ырыскысы азая баштайт, улам

алыстайт.

деп айтылган хадистин

маани- си боюнча, каниет кылуу – жакшы

турмуш жана бакубат жашоонун булагы. Ал эми

ач көздүк болсо, жокчулук менен кор болуп, жек

көрүмдүү жашоонун чордону.

Үчүнчү натыйжа: Ач көздүк ыкласты сын-

дырат, түбөлүктүү жашоого тиешелүү аракет-

терди алсыздатат. Анткени бир такыба адамда ач

көздүк бар болсо, адамдарды өзүнө бургусу

келет. Адамдардын көңүлүн өзүнө бурууну

көздөгөн адам толук ыкластуу боло албайт. Бул

Page 56: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

56 РАМАЗАН, ҮНӨМ ЖАНА ШҮГҮРЧҮЛҮК РИСАЛЕЛЕРИ натыйжа абдан маанилүү, ага өзгөчө көңүл

бурууну талап кылат.

Жыйынтыктап айтсак, ысырапчылык каниет

кылбоого алып келет. Ал эми каниет кылбоо

ишке болгон кызыгууну бузат, жалкоолукка

түртүп, өмүрүнөн нааразы болуунун каалгала-

рын ачып, дайыма арызданып жүрүүгө мажбур

кылат (Кыстырма). † Мындан сырткары, ыкласты

сындырып, эки жүздүүлүккө жол ачат, намыс

менен абийирди жок кылып, тилемчилик жолун

көргөзөт.

Үнөмчүлдүк болсо, канаат кылууга алып ба-

рат. хадисинин мааниси

боюнча, каниет намыстуулукту пайда кылат.

Адамды жумуш менен эмгекке шыктандырат.

Анын ишке болгон кызыгуусун арттырып,

(Кыстырма) Ооба, кайсы ысырапкор адам менен

жолуксаң, андан дайыма даттанууларды угасың. Ал канчалык бай болсо да, анын тили арызданып турат. Каниет кылган бир кедей адам менен кездешсең, ал шүгүр кылып жатканын угасың.

Page 57: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ 57 мээнет кылууга үндөйт. Мисалы, адам бир күн

иштеди дейли. Кечинде тапкан эмгегинен алган

өтө чоң эмес айлык маянасына каниет кылып,

эртеси кайра кызыгып иштейт. Ал эми ысырапка

баткан адам канаат кылбагандыктан, кийинки

күнү иштегиси келбейт, иштесе да, жан дили

менен иштебейт. Анын үстүнө үнөмдөөдөн

чыккан каниеттүүлүк шүгүрчүлүккө жол ачып,

арыздануунун эшигин жабат. Ошону менен өз

турмушунда дайыма шүгүр кылуучу адамга

айланат.

Мындан сырткары, адамдарга көз каранды

болбоо жагдайынан караганда, ал каниет аркы-

луу адамдардын жүзүн өзүнө бурууну каалабайт.

Ошентип, ыкласка жол ачылып, эки жүздүү-

лүктүн каалгасы жабылат.

Үнөмдөп жашабоонун, ысырап кылуунун

ашкере коркунучтуу зыяндарын кеңири бир

чөйрөдө өз көзүм менен көрүп күбө болдум.

Тактап айтканда, тогуз жыл мурун бир куттуу

шаарга бардым. Кыш убактысы болгондуктан,

Page 58: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

58 РАМАЗАН, ҮНӨМ ЖАНА ШҮГҮРЧҮЛҮК РИСАЛЕЛЕРИ шаарды байыта турган каржылоо булактарын

көрө албадым. Ал жердин муфтийи, Аллах ага

мээримдүүлүк кылсын, мага бир нече жолу:

«Элибиз кедей» деп айткан. Бул сөздөр менин

боор ачуумду козгоду. Беш-алты жылдан бери

ошол шаар тургундарына боорум ачыйт эле.

Кийин сегиз жыл өтүп, жай мезгилинде кай-

радан ошол шаарга бардым. Ал шаардын бакча-

ларына көз чаптырдым. Ыраматылык муфтийдин

сөздөрү эсиме түштү. «Фесубханаллах!» дедим.

Бул бакчалардын түшүмү шаардын тургунда-

рынын муктаждыктарынан арта тургандай. Бул

шаардын тургундары өтө бай жашаш керек эле.

Мен абдан таң калдым. Акыйкаттарды таанууда

жол башчым болгон, мени алдабаган бир акый-

каттын эскертүүсүнүн жардамы менен бул жер-

деги бейүнөм жана ысырапкерчиликтин айынан

береке кеткенин түшүндүм. Ушунчалык байлык-

тын мол булактарына карабастан, ыраматылык

муфтий: «Биздин элибиз кедей» деп айткан эле.

Ооба, көптөгөн тажрыйбалар менен тастыктал-

Page 59: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ 59 гандай зекет берип үнөмдөп жашоо берекелүү

жашоого алып келген сыяктуу, ысырапкерчилик,

зекет бербөө да берекенин токтошуна себепчи

болоорун тастыктаган окуялар арбын.

Ислам даанышмандарынын Платону, дары-

герлердин пири, философтордун устаты атактуу

Абу Али ибн Сина аятын

бир гана медицина жагдайына тийиштүү жагын

ачыктап, мындай деген:

Башкача айтканда, «Медицина илимин эки

сүйлөмгө топтой алам. Сөздүн чырайлуулугу,

анын кыскалыгында. Жеген учурда, аз же.

Тамактанган соң, төрт-беш саат өтмөйүнчө жебе.

Шыпаа тамактын сиңип аш болуусунда. Жеңил

сиңире ала турган ченемде же. Напси менен

ашказанга эң оор, чарчатуучу абал – үстөккө

Page 60: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

60 РАМАЗАН, ҮНӨМ ЖАНА ШҮГҮРЧҮЛҮК РИСАЛЕЛЕРИ босток, биринин артынан бирин ашказанга

киргизүү» (Кыстырма). ‡

Таң калтырган, үлгү боло турган бир

шайкештик:

Беш-алты жолу көчүрүп жазган адамдын үчөө

жаңыдан баштаган үйрөнчүктөр эле. Алар

«Үнөмчүлдүк жөнүндө китепчени» ар башка

нускада көчүрүп жазышкан. Кагазга түшүргөн ар

бир «алиф» тамгасы, алар аны бири биринен

алыс, бөлөк-бөлөк кол менен жазышып, ал

жөнүндө ойлонушкан да жок эле, дубаны эске

албаганда, элүү бир санында дал келген, ал эми

дуба менен бирге элүү үч санына дал келген

болчу. Ошол эле учурда «Үнөмчүлдүк жөнүндө

китепчени» түзүү жана көчүрүү убагы Рим жыл

санагы боюнча элүү биринчи жылга дал келиши,

ал эми араб жыл эсеби боюнча элүү үчүнчү

(Кыстырма) Тактап айтканда, денеге эң зыяндуу

нерсе төрт-беш саат өтпөй, тамак жеп, же болбосо

ырахат үчүн ар түрдүү тамактарды үстөккө босток

ашказанга толтуруу.

Page 61: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ 61 жылга туура келиши кокустук болушу мүмкүн

эмес. Мындай көрүнүш үнөм берекесинин кере-

мет даражасына көтөрүлгөнүн көрсөтүп турат.

Ошону менен бул жыл «Үнөм жылы» деп ата -

лууга татыктуу болуп калды.

Ооба, эки жыл өткөн соң, бул керемет экинчи

дүйнөлүк согуштагы кыйроо, ачкачылык, ысы-

рапчылык аркылуу, ошондой эле бүткүл адам-

заттын, ар бир инсандын үнөмдөп жашоого

мажбур болуусу менен далилденген болчу.

Page 62: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

62 РАМАЗАН, ҮНӨМ ЖАНА ШҮГҮРЧҮЛҮК РИСАЛЕЛЕРИ

(Жыйырма экинчи каттан алынган)

ЭКИНЧИ ТЕМА

Мына, эй ыймандуу бурадар! Биринчи темада

кастыктын канчалык зыяндуу экенин түшүндүң.

Анан да кастык сыяктуу эле, ислам үчүн дагы

бир эң коркунучтуу жана зыяндуу оору бул – ач

көздүк экенин да түшүн. Ач көздүк кур калууга,

дартка чалдыгууга, кордукка кабылууга, жокчу-

лукка жана кедейликке алып барат. Ооба, башка

улуттарга караганда дүйнөгө ач көздүк менен

жутунган жөөттөрдүн кемсинтилгени мындай

ой-пикирдин айкын далили болуп саналат. Ооба,

ач көздүк тирүү жандыктар ааламында эң чоң

чөйрөдөн баштап, эң кичинекей бөлүкчөгө чейин

терс таасирин тийгизип келет. Ырыскыны

Page 63: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ 63 Аллахтын ырайымынан үмүттөнүп, талап кылуу,

жыргалчылыкка себеп болуу менен бирге бар-

дык жерде өзүнүн оң таасирин көргөзүп келет.

Мына жашоо ээлеринин бир түрүнө кирген

ырыскыга муктаж болгон жемиштүү бак-дарак-

тар менен өсүмдүктөр өз ордунда тынч туруп,

канаат кылуу менен ач көздөнбөгөндүктөн

ырыскылары аларга өзү умтулат. Айбандарга

караганда көп тукум жетиштиришет. Айбандар

болсо, ырыскыны ач көздүк менен кууп жүрүп,

өтө көп кыйынчылыктар жана кемчиликтер

менен барып анан колго киргизишет. Анын

үстүнө, жаныбарлар дүйнөсүндө өзүнүн алсыз-

дыгы менен Аллахтын ырайымынан үмүттөнгөн

айбанаттардын балдарынын абдан таза, назик,

жумшак тамагы ырайымдуулук казынасынан

берилип турат. Ал эми мыйзамсыз, чоң кыйын-

чылыктар менен табылган, ач көздүк менен

жутунган жырткыч айбандардын жаман тамагы –

ач көздүк жокчулукту, муктаждыкты пайда

кылаарын көрсөтөт. Ал эми тобокел менен

Page 64: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

64 РАМАЗАН, ҮНӨМ ЖАНА ШҮГҮРЧҮЛҮК РИСАЛЕЛЕРИ канаат кылуу болсо – Аллахтын ырайымын

тартууга себепчи болот.

Адамзаттын ичинен бу дүйнөнүн байлыгына

ач көздүк менен жабышып, ага баш-оту менен

жөөттөр байланган. Алар сүткордук жолу менен

дүйнөнү тапкандыктан, көптөгөн элдер тарабы-

нан кордолууга, кедейчиликке, өлүмгө, кыянат-

чылыкка кабылышкан. Өтө көптөгөн кыйынчы-

лыктар менен тапкан өзүнө пайдасы аз шариятка

тескери жол менен жыйнаган мал-мүлкү – ач

көздүк канчалык чөгөлөнүүгө жана жоготуу-

ларга алып келээрин далилдеп турат. Ач көз

адам дайыма зыянга чалдыгып калышы тууралуу

көптөгон окуялар бар. – деген

сөз лакапка айланган. Көпчүлүктүн көз кара-

шында жалпы бир акыйкат катары кабыл кылын-

ган. Албетте, ушундай болгон болсо, байлыкты

абдан жакшы көрсөң, аны ач көздүк менен эмес,

арбын келсин десең тескерисинче,каниет кылуу

менен талап кыл.

Page 65: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ 65

Канаат кылган жана ач көз адамды бир улуу

кожоюндун чоң мейманканасына кирген эки

адамга окшоштурса болот. Алардын бири: “Жок

дегенде, мени кабыл алса экен, эшиктеги сууктан

кутулсам эле болду. Мага улагадан орун берсе,

бул дагы бир ырайымдуулук” деп ичинен

ойлонот.

Тигиниси болсо, кандайдыр бир акысы бар-

дай, баары аны урматтачудай болуп текебер-

ленип: “Мага эң төр жактагы орунду бериши

керек” дейт. Ал ушундай умтулуу менен кирип,

көзүн жогору жактарга тигип, аларга барууну

каалайт. Бирок мейманкананын кожоюну аны

кайра төмөн жерге отургузат. Кожоюнга ырах-

матын айтып, ыраазычылыгын билдирүүнүн

ордуна ичинен ачууланып, тескерисинче, аны

жамандап жемелейт. Мейманкананын кожоюну

болсо, ага муздак мамиле жасайт.

Кичипейилдүү биринчи адамга эң төмөнкү

орунду сунуш кылса да ал макул эле. Анын

мындай мүнөзү кожоюнга жагат да, ал ага: “Эң

Page 66: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

66 РАМАЗАН, ҮНӨМ ЖАНА ШҮГҮРЧҮЛҮК РИСАЛЕЛЕРИ жогорку орунга өтүңүз” деп айтат. Ал кожоюнга

болгон ырахмат айтуусун көбөйтүп, ыраазычы-

лыгын арттырат.

Ошентип, биздин дүйнөбүз – ырайымдуу

Аллахтын мейманканасы, а жердин бети болсо,

ырайымдуулуктун дасторкону. Токчулук менен

байлыктын деңгээли тиги мисалдагы орундар

сыяктуу.

Эң майда иштерде да, ар ким ач көздүктүн

терс таасирин сезе алат. Мисалы, эки кембагал

садага сурап жатса, ач көздүк менен жутунуп

тилемчилик кылганга садага бергиси келбейт,

ага мамилеси муздайт. Ал эми тиги жоош кемба -

галга карата жүрөгүндө боорукердик, жардам

кылуу сезими ойгонот.

Мисалы, түнкүсүн уйкуң качып уктай албай

жатасың дейли. Эгер сен уктагың келип, буга

көп маани бербей койсоң, уктап калышың мүм-

күн. Эгер уйкуну ач көздүк менен каалап: “Бат

уктасам экен!” деп ойлосоң, анда сен уйкуңду

таптакыр качырып аласың.

Page 67: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ 67

Дагы бир мисалга кайрылсак, олуттуу бир иш

үчүн сен бирөөнү чыдамсыздык менен күтүп

жатасың дейли. Сабырың түгөнүп: “Эмдигиче

келбеди!” - деп, аягында чыдабай кетип каласың.

Бир аз убакыттан кийин сенин күткөн кишиң

келет да, маанилүү жумушуң чечилбеген бойдон

кала берет.

Мындай көрүнүштөрдүн сыры төмөнкүдө:

нандын чыгышы үчүн талаа, кырман, тегирмен,

наабайкана талап кылынат. Ушул сыяктуу, кубу-

луштардын ырааттуулугунда акырындык менен

байкалган кандайдыр бир акылмандуулук бар.

Ач көздүктүн айынан, ырааттуу аракет кылба-

гандыктан, ошол тартиптүү коюлган рухий теп-

кичтерге маани бербейт. Ошого байланыштуу ар

бир нерсенин тартибинде бир акылмандуу этият-

туулук бар. Ач көз адам ошол тепкичтердин

ырааттуулугуна көңүл бурбайт: ал аны же секи-

рип өтөм деп кулайт, же бир тепкичти кем аттап,

максатына жетпей калат.

Page 68: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

68 РАМАЗАН, ҮНӨМ ЖАНА ШҮГҮРЧҮЛҮК РИСАЛЕЛЕРИ

Мына, эй оокат-тиричилик деп жүрүп маң

болгон, дүйнөгө ач көздүк менен мас болгон

туугандар! Ач көздүктүн абдан зыяндуу экенди-

гине карабастан, силер ага багынып, керексиз

иштерди жасап жатасыңар. Адалга алымсынбай,

колуңарга тийген арам нерселердин баарын

кармайсыңар. Акыретте силерге керек болгон

көптөгөн нерселерди курман кыласыңар. Сараң-

дыктын кесепетинен Исламдын маанилүү бир

түркүгү болгон зекетти кумар жолунда сарптап

жатасыңар! Бирок зекет ар бир адамга берекеге

себеп болуу менен бирге балээ-кырсыктарды

жолотпойт. Зекет бербегендин колунан зекет

өлчөмүндөгү байлыгы агып кетет, же аны текке

кетирет, же бир балээге чалдыгып, мүлкүнөн

айрылат.

Дүйнөлүк согуштун бешинчи жылында мен

чындыкты чагылдырган таң калаарлык бир түш

көрдүм. Түшүмдө менден: «Эмне үчүн мусул-

мандар ачкачылыкка дуушар болуп, мүлктөрүн

жоготуп жапа чегүүдө»? - деп сурашты.

Page 69: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ 69

Түшүмдө минтип жооп бердим: Улуу Алла-

Таала өзүнүн бизге берген бир бөлүк мүлкүнүн

ондон бирөөсүн (Кыстырма-1) § жана бир бөлүк

малынын кырктан бирөөсүн (Кыстырма-2) **

берүүнү каалады. Ошол мал-мүлк менен кедей-

кембагалдардын баталарын алып, алардын кек

сактоосунан, көрө албастыгынан сактасын. Биз,

өзүбүздүн ач көздүгүбүздөн сараңдык кылып

бербей койдук. Улуу Алла Таала чогулуп калган

ошол зекеттин кырктан отузун, ондон сегизин

кайтарып алды.

Ошондой эле, ар жылы, болгону бир ай өзүнө

жетимиш акылмандуулукту камтыган ачка бо-

лууну каалады. Биз напсибизге боор ачып

убактылуу жана жагымдуу ачкачылык азабын

тартпадык. Улуу Аллах буга жаза катары жети-

(Кыстырма-1) Тактап айтканда, ар жылы таза

алынган буудай сыяктуу кирешелерден ондон бирөөсүн.

(Кыстырма-2) Тактап айтканда, ар жылы, киреше

алып келген мүлктүн кырктан бир бөлүгүн берүү.

Page 70: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

70 РАМАЗАН, ҮНӨМ ЖАНА ШҮГҮРЧҮЛҮК РИСАЛЕЛЕРИ миш жактан балээлүү болгон ачкачылык азабын

беш жыл бою зордоо менен тарттырды.

Ошондой эле жыйырма төрт сааттын ичинен

бир эле саатын жагымдуу, улуу, касиеттүү жана

пайдалуу, Жаратуучуга болгон бир түр кызматты

бизден каалады. Биз болсо, жалкоолонуп, ошол

намаз менен дубаны аткарбай койдук. Ошол

болгону бир саатты башка сааттарга кошуп жок

кылдык. Улуу Аллах мунун акысын төлөтүү

максатында бизди беш жыл бою аскердик

үйрөтүүлөрдү, убарагерчиликтерди тарттыруу

менен өзгөчө бир намаз окууга мажбур кылды.

Анан мен ойгонуп, ойго батып, бул түш бир

маанилүү акыйкатты камтыганын түшүндүм.

Цивилизациянын мыйзамдары менен Куран-

дын буйруктары салыштырылган Жыйырма

Бешинчи Сөздө далилденип айтылгандай, адам-

заттын коомдук жашоосундагы бардык жаман

кулк-мүнөздөрдүн, тартипсиздиктин булагы эки

сүйлөмдө камтылган:

Page 71: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ 71

Биринчиси: «Менин курсагым ток болгондон

кийин, башкалар ачкадан өлсө, мага эмне».

Экинчиси: «Сен иште, мен жейин”.

Бул эки сүйлөмгө күч берип турган Риба

(сүткордук) жана зекетти бербегендик. Коомдогу

бул эки коркунучтуу ооруну айыктыра турган

жалгыз бир чара зекеттин жалпы бир эреже

түрүндө жайылуусу менен зекеттин зарыл болу-

шу жана сүткордукка тыюу салуу.

Анан да бир гана адамга же жекече жамаат-

тарга эмес, балким, жалпы адамзаттын бактылуу

жашоосу үчүн эң маанилүү устун, балким,

адамдын жашоосунун улануусу үчүн эң маани-

лүү тирөөч – зекет болуп саналат. Анткени Адам

коомунда эки тап бар: байлар жана кедейлер.

Байлардын кедейлерге карата кайрымдуу мами-

лесин, кедейлердин байларга болгон сый-урма-

тын зекет камсыздап турат. Мындай болбосо,

карапайым элдин башына жогору жактан зордук-

зомбулук түшүп, ал эми байларга карата кара-

пайым элдин кыжыры кайнап, нааразычылык

Page 72: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

72 РАМАЗАН, ҮНӨМ ЖАНА ШҮГҮРЧҮЛҮК РИСАЛЕЛЕРИ пайда болот. Ошентип, адамзат коомундагы бул

эки тап ар дайым руханий күрөшүү менен

карама-каршы келишпестикте болушат. Мезгил

өткөн сайын эмгек жана капиталдын өз ара

күрөшүүсү Россияда болгон сыяктуу башталат.

Оо, берешен жана ак ниет, жоомарт жана

боорукер адамдар!

Эгер кайыр-садака зекет атынан болбосо, анда

үч зыяны бар. Айрым учурда пайдасыз да кетет.

Анткени Аллах үчүн бербегендигиңен бактысыз

бечараны туткунга алгандай болуп милдет кыл-

гандай болосуң. Анын сага бере турган бата-

тилегинен кур каласың; Аллахтын кулдарынын

арасында Анын байлыктарын бөлүштүргөн кыз-

маткер экениңе карабастан, өзүңдү бул байлык-

тардын кожоюну катары сезип, Аллахтын берген

сыйлыктарына шүгүрсүздүк көргөзгөндөй боло-

суң. Эгерде кайыр-садаканы зекет атынан берип,

Аллахтын наамынан тартуулаган болсоң, анда

соопко ээ болуп, Анын ныйматтары үчүн

ыраазычылыгыңды билдиресиң. Мындан улам

Page 73: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ 73 тиги бечара адам сага кошомат кылууга

милдеттүү болбойт, анын намысына да зыян

тийбейт, сага бере турган ак батасын Кудай

кабыл кылып, берекелүү кылат. Ооба, зекет

өлчөмүндөгү же андан да чоң каражатты, же

кайыр-садаганын башка түрлөрүн Аллахтын

мыйзамынын атынан эмес, башка максат үчүн

берип, эки жүздүүлүк (рия), кошоматчылык жана

кемсинүү сыяктуу зыяндарга ээ болуу каякта?

Ал эми жакшы иштерди зекет үчүн жасап,

Исламдын парзын аткарып, соопко, ыкласка

жана кадырлуу ак батага жетүү каякта?

Page 74: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

74 РАМАЗАН, ҮНӨМ ЖАНА ШҮГҮРЧҮЛҮК РИСАЛЕЛЕРИ

(Эльхудджат-уз-Зехра китеп-

чесинин экинчи тепкичинен)

ЖЕТИНЧИ ЖАНА СЕГИЗИНЧИ ДАЛИЛ

Тактап айтканда: кан-

дайдыр бир маанилүү акылмандуулук үчүн

сырткы көз карашта белгисиз жана жашыруун

болуп көрүнгөн ажал менен ырыскы, ар бир

макулуктун өлүмү Лефхи Махфуздун (Тагдыр

Китебинин) бир сырдуу пардасынын аркасында

жашырылып, өмүрдүн тагдыр баракчасында жа-

зылып, күн мурун белгиленген, алар кечикпейт

да, эрте да болбойт. Анан да жандуу макулук-

тардын ырыскысы дайындалып бөлүнүп тагдыр

тактасында жазылганын ырастаган далилдер

арбын.

Мисалы, бир чоң бактын жашоосунун аяк-

ташы, анын руху болуп саналган уругун анын

Page 75: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ 75 ордуна ал бактын милдетин аткаруу үчүн

калуусу, мындай нерселер Алими-и Хафиздин

(Билүүчү, Сактоочунун) акылдуу мыйзамы

боюнча болуп жатканы, ымыркай баланын азыгы

эненин эмчеги аркылуу келүүсү, кан менен

азыктардын калдыктарынан пайда болуп, бала-

нын оозуна таза, сонун ырыскынын тамуусу –

мунун баары кокустукка жол бербей, Раззак-ы

Алим-и Рахимдин (Билүүчү, Ырайымдуу, Ырыс-

кы берүүчү) мээримдүү мыйзамы боюнча болуп

жатканын ачык-айкын көрсөтүп турат. Бул эки

мисал менен калган жандуу макулуктарды да

салыштырса болот.

Демек, акыйкатында, өлүм дайындалган жана

тагдырга жазылган, убактысы так белгиленген.

Ошол эле учурда ар бир макулуктун ырыскысы

да Тагдыр китебинде жазылган. Бирок маанилүү

бир акылмандуулук үчүн өлүм да, ырыскы да

жашыруун дүйнөнүн пардасынын аркасында

белгисиз, бүдөмүк болгонсуп, сыртынан кокус-

тук менен байланышкандай көрүнөт. Эгерде

Page 76: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

76 РАМАЗАН, ҮНӨМ ЖАНА ШҮГҮРЧҮЛҮК РИСАЛЕЛЕРИ ажал күндүн баткан убагы сыяктуу белгилүү

болгондо, адамдын өмүрүнүн биринчи жартысы

толук кайдыгерликтин айынан, түбөлүктүүлүккө

умтулуунун жоктугунан маңызын жоготмок. Ал

эми өмүрдүн экинчи жартысынан кийин азабы

жүз эсеге көбөйгөн өлүм жөнүндөгү ойдон адам-

дын ажал даргасына кадам шилтеген ар бир күнү

коркунучка айланмак. Ошондуктан инсанга келе

турган кырсыктар ааламдын ажалы болгон акыр

кыямат да, Аллахтын мээримдүүлүгү менен

сырдуу дүйнө көшөгөсүнүн аркасында жашы-

рылган. Ырыскы жөнүндө айта турган болсок, ал

бардык жакшылыктардын ичинен өмүрдөн

кийинки эң чоң казына. Улуу Аллахты улуктоо-

нун, шүгүрчүлүктүн, тилек-дубалардын, сыйы-

нуулардын эң маңыздуу булагы болуп саналат.

Раззак-ы Керимдин (Берешен, Ырыскы берүүчү)

алдында айтылган жалбаруулардын, улуктоонун

жана шүгүрчүлүктөрдүн жардамы менен береке-

Page 77: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ 77 нин каалгасы жабылып калбоосу үчүн ырыскы

сыртынан белгисиз, кокустук менен байланыш-

кандай болуп көрсөтүлгөн. Эгерде ырыскы

белгилүү болсо, анын мыңызы толугу менен

өзгөрүп, чын жүрөктөн айтылган шүгүрчүлүк-

түн, каалоо-тилектердин, жагымдуу сыйынуу-

лардын дарбазасы жабылып калмак.

Page 78: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

78 РАМАЗАН, ҮНӨМ ЖАНА ШҮГҮРЧҮЛҮК РИСАЛЕЛЕРИ

(Улуу Аяндан)

ТӨРТҮНЧҮ АКЫЙКАТ БОЛГОН ОТУЗ

ҮЧҮНЧҮ ДАРАЖА

Рахимият жана Раззакият акыйкаттары. Так-

тап айтканда, көз алдыбызда болуп жаткан

акыйкат: жер бетинде жана жер астында, абада

жана деңизде бардык тирүү макулуктардын,

алардын ичиндеги алсыздардын, айрыкча, айба-

нат балдарынын ашказан ырыскысы, заттык

жана руханий ырыскылары бир жөнөкөй топу-

рактан, сөөккө окшогон отундардан мээримдүү-

лүк менен жасалган. Өзгөчө, кан жана азык

заттардан пайда болгон эң назик, эң таттуу

эненин сүтү, бир грамм сөөккө окшогон уруктан

жасалган миңдеген тамактар, өз учурунда эстен

чыгарылбастан, чаташтырылбастан, көзгө көрүн-

бөгөн кандайдыр бир кол аркылуу жиберилген.

Page 79: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ 79

Ооба, бул аяты

– жашоо үчүн керектүү каражатты жана ырыс-

кыны Улуу Аллах Таала бере турганын,

ошондой эле

аяты адамдарды жана айбандарды тамак-аш

менен камсыздоо Аллахтын милдети жана Анын

карамагында экенин билдирип турат. Мындан

сырткары

аяты да, Аллах Таала тамакты табууга дарамети

жетпеген, алсыз бечаралардын ырыскысын жа-

шыруун, ойго келбеген жерден жибергенин,

деңиздин түбүндөгү майда курттардын тамагы

жоктон бар болушун, айбандардын балдарынын

Page 80: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

80 РАМАЗАН, ҮНӨМ ЖАНА ШҮГҮРЧҮЛҮК РИСАЛЕЛЕРИ азыгы күтүлбөгөн жерден берилишин тастыктап

турат. Ошондой эле жаз мезгилинде Кудай

алдында баш ийишин көргөзгөн жаныбарлардын

тамагы жашыруун дүйнөдөн берилгенин, Аллах

Таала себептерге ишенген адамдарга да ырыс-

кыны себептер пардасынын аркасында ыйгарып

жатканын далилдеп турат. Ошондой эле Куран-

дын көптөгөн аяттары жана бардык нерсенин

далилдери, ар бир жандуу макулук жалгыз гана

Раззак-ы Зульжалалдын мээримдүүлүгү менен

ырыскыга бөлөнүп жатканын көргөзөт. Бак-

дарактар өз ордунда күчсүз, эрки жок, жөнөкөй

болуп турган кезде, аларга ырыскылардын бери-

лиши, алсыз балдардын оозуна бир укмуш

упчуга окшогон эмчектен сүттүн агып чыгышы,

ошондой эле наристелер эрезеге жетүү менен

сүттүн азайганы, айрыкча, балдарга энелердин

мээримдүүлүгү белек катары ыйгарылганы, адал

ырыскы кудурет менен эркке көз каранды эмес

экендигин, тескерисинче, ал Кудайга тобокел

кылууну пайда кылган алсыздыктын натыйжа-

сында келээрин далилдеп турат. Акыл, эрк жана

Page 81: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ 81 күч чыгымдардын себеби ач көздүктү ойготуп,

жазуучулардын кээ бир бөлүгүн тилемчиликке

жеткирүүсү, ал эми сабатсыз, жөнөкөй адамдар-

дын тобокелчилик, алсыздык аркылуу байлыкка

ээ болуусу, мындан сырткары,

сөзү на-

кылга айланганы, адал тамак күч жана айла-

керлик менен табылбайт, тескерисинче, адамдар-

дын эмгегин кабыл кылган, алардын муктаждык-

тарын камсыздаган Берешен, Мээримдүү Аллах

тарабынан берилээрин тастыктайт. Бирок ырыс-

кынын эки түрү бар:

Биринчиси: Аллах Тааланын карамагын- дагы

жашоого керектүү чыныгы, табигый ырыскы. Ал

абдан сонун түрдө жаратылган. Себеби адамдын

организминде май жана башка заттар түрүндө

чогулган табигый ырыскы эң аз дегенде жыйыр-

ма күн тамаксыз жашоого мүмкүндүк берет.

Инсан өмүрүн узартат. Демек, кимде ким

организминдеги табигый ырыскысы түгөнө элек-

Page 82: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

82 РАМАЗАН, ҮНӨМ ЖАНА ШҮГҮРЧҮЛҮК РИСАЛЕЛЕРИ те жыйырма-отуз күндүн ичинде ачкалыктан

кайтыш болду десек, чындыгында, ал адам

тамактын жоктугунан эмес, эски өнөкөттөрдү,

көнүмүш адаттарды таштагандыктан улам чык-

кан оорудан көз жумган болот.

Ырыскынын экинчи түрү: жасалма, жалган

ырыскы. Ал өнөкөт менен ысырапкордуктун,

кыянатчылыктын натыйжасында көнүмүш адат-

ка айланат. Ырыскынын бул түрү Аллахтын

милдетине кирбейт, ал адамдын өзүнө гана

тиешелүү. Аллах аны кааласа берет, каалабаса

бербейт. Ырыскынын экинчи түрүндө кимде ким

бакубат жашоонун булагы болгон үнөмдөөнү,

канааттанууну ак эмгегине кошуп, аны өзгөчө

бир ибадат кылуу, ырыскыны табуу үчүн иш -

аракет дубасы деп кабыл кылса, берилген

белектерди шүгүрчүлүк жана ыраазы болуу

менен алып, бактылуу турмушка жетишет.

Эгерде адам бактысыздыктын, жоготуулардын,

жапа чегүүнүн булагы болгон ысырапкорчу-

лукту, ач көздүктү жогору коюп, ырыскыны адал

Page 83: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ 83 жол менен табуудан баш тартып тилемчилик

кылса, жашоосун жалкоолукта, бузукулукта,

кайгыда өткөрүп, бүлгүнгө учурайт. Ашказан

тамакты каалаган сыңары, адамдын жүрөк, рух,

акыл, көз, кулак жана даам татым органдары да

Мээримдүү Аллахтан өзүнө керектүү ырыскы-

ларын талап кылышып, шүгүрчүлүк аркылуу ага

ээ болушат. Ар биринин азыгы аларды кубаныч

менен ырахатка бөлөп, Аллахтын Мээримдүүлүк

казынасынан берилет. Раззак-ы Рахим (Ырайым-

дуу Ырыскы берүүчү) алардын ырыскысын

кенен кылуу үчүн көрүү, угуу, туюу, кыялдануу

жана сезүү сыяктуу ичке сезимдерди Аллахтын

Мээримдүүлүк казынасынын ачкычы өңүтүндө

жаратты. Мисалы, көз жер бетиндеги кооздук-

тун, кынтыксыздыктын баалуу казынасынын ач-

кычы болуп саналса, ошондой эле калган бардык

сезимдер да кандайдыр бир ааламдын ачкычы

болуп, адам аларды өзүнүн ыйманы менен

пайдалана алат.

***

Page 84: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

84 РАМАЗАН, ҮНӨМ ЖАНА ШҮГҮРЧҮЛҮК РИСАЛЕЛЕРИ

(Отузунчу Леманын экинчи бөлүмүнөн)

Оо, ысырапкор, адилетсиз, караңгылыкка бат-

кан, бейадеп, бактысыз адам! Сен бүткүл аалам-

дын жана бардык макулуктардын негизги эре-

жеси болгон – үнөмдөөнү, тазалыкты жана

адилеттүүлүктү танганың үчүн бүткүл макулук-

тарга каршы аракетиң менен аларды руханий

жактан жийиркентип жатасың. Өзүңдүн ади-

летсиздигиң, сабырсыздыгың, ысырапчылыгың

жана ыпластыгың менен эмнеге таянып бардык

макулуктардын ачуусун келтирип жатасың?

Аллах Тааланын Акылмандуу деген ысмы-

нын улуу жарыгынын бири болгон ааламдагы

жалпы акылмандуулук, үнөмдөөнү көздөп,

ысырапчылыктан арылып, сарамжалдуу бол-

гула деп буйрук кылат...

***

Page 85: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ 85

(Устатыбыз Бедиүззаман Саид Нурсинин

жазган каттарынын биринде үнөмчүлдүк,

каниет кылуу жана ысырапкорчулук туура-

луу айткан бир акыйкат сөзү).

Суроо: «Мурда сен күн чыгыштагы көчмөн

урууларга саякат кылып жүргөнүңдө аларды

маданиятка жана өнүгүүгө үгүттөгөн элең. Эмне

үчүн кырк жылдан бери сен жалгыздыкты

тандап, азыркы мезгилдеги маданиятты төмөн

түшүп кетти деп андан четтеп, коомдук

турмушка аралашпай калдың?

Жообу: Азыркы батыш цивилизациясы

Аллахтын мыйзамдарына каршы аракет кылган-

дыктан анын пайдасынан зыяны, жакшылыгынан

жамандыгы көбөйүп кетти. Цивилизациянын

чыныгы максаты элге жалпы бейпилдик, бакты-

луу жашоо-турмуш, үнөм, каниет кылууну

үйрөтүү болчу, бирок алардын ордуна ысырап-

корчулук, бузукулук, мээнеттин ордуна жалкоо-

лук, бекерчилик күч алды. Ошентип, мунун

бардыгы бактысыз адамзатты өтө жакыр жана

жалкоо кылып салды. Курандын негизги мый-

Page 86: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

86 РАМАЗАН, ҮНӨМ ЖАНА ШҮГҮРЧҮЛҮК РИСАЛЕЛЕРИ

замы өзүнүн

деген буйругу менен: «адамдын бактылуу тур-

мушу сарамжалдуулукта, мээнетте. Адамзаттын

бай жана кедей катмарлары алардын жардамы

менен өз ара тынчтыкта жашай алышат» деп

«Рисале-и Нур» бул негизди чечмелегендиктен

улам, эки-үч кыскача маанини баяндап берем.

БИРИНЧИ МААНИ: Адамдар көчмөн тур-

мушта жашаган кезде эки-үч муктаждыгы бар

болгон. Он кишиден бир-экөө гана бул кажетин

толугу менен орундата алган эмес. Азыркы

убактагы батыштын таш боор цивилизациясы

кыянаттыкты, ысырапкорчулукту жана айбандык

каалоолорду козгоп, керексиз муктаждыктарды

зарыл нерселерге айландырып салды. Керектүү

болгон төрт кажеттин ордуна маанисиз жыйырма

муктаждыкты пайда кылды. Жыйырма кишиден

экөө гана муну ак эмгеги менен эптеп камсыздай

алса, калган он сегизи муктаж бойдон кала

берүүдө. Демек, азыркы цивилизация адамды өтө

жакыр кылууда. Бул жагынан цивилизация

Page 87: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ 87 адамды бузуку кылмыштарды жасоого, арам

нерселерди алууга багыттап, бактысыз кембагал-

дар менен байлардын өз ара карама-каршылы-

гына ар дайым түрткү болуп келет. Кедейлердин

байларды урматтоосун, байлардын кембагал-

дарга мээримдүү болуусун камсыздаган Куран-

дын негизги мыйзамдарынан болгон зекетти

четке кагып, рибага (сүткордук) жол берип,

байларды залым болууга, кедейлерди көтөрүлүш

жасоого мажбурлады. Адамзаттын бейпилдиги-

нин таш-талканын чыгарып бузду!

ЭКИНЧИ МААНИ: Азыркы маданияттын

укмуш жетишкендиктери Аллахтын адамзатка

берген белеги. Ошондуктан азыркы маданият

Аллахка чын ниеттен шүгүр айтып, ал жетиш-

кендиктерди адамзаттын пайдасы үчүн колдо-

нуш керек болчу. Бирок азыркы цивилизация

адамдардын көпчүлүк бөлүгүн жалкоолукка,

бузукулукка үндөп, мээнет кылып эмгектенүүнү

таштаттырды. Эс алуу менен каалоолорду угуу

ышкысына түрткү берип, ишке болгон кызы-

Page 88: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

88 РАМАЗАН, ҮНӨМ ЖАНА ШҮГҮРЧҮЛҮК РИСАЛЕЛЕРИ гууну жок кылууда. Канаатсыздык жана ысырап-

корчулук аркылуу пастыкка, ыксыз сарп кылуу-

чулукка, жамандыкка жана арам нерселерге

алып барууда. Мисалы, Рисале-и Нурдагы «Нур

Ачкычы» аттуу китепчесинде айтылгандай,

радио адамзатка берилген улуу бир ниймет

болуп саналат. Аны адамзаттын пайдасы үчүн

колдонуу менен чыныгы шүгүр кылыш керек

эле. Бирок радионун бештен төрт бөлүгү, напси-

нин каалоолорун козгой турган керексиз, бош

нерселерде колдонулгандыктан, ал жалкоолукка,

радио угуу менен бузуку ойлорго түрткү болуп,

ишке болгон кызыгуусун таштаттырып жатат.

Чыныгы милдетин унуттурат. Анан да өтө

пайдалуу айрым кереметтүү жетишкендиктерди,

эмгекке, жумушка жана адамзаттын муктаж-

дыктарынын чыныгы кызыкчылыктарына колдо-

нуш керек болчу. Бирок ондон бирөө-экөөнү

зарыл нерселерге пайдаланып, сегизин керексиз

көңүл ачуулар, бош нерселер, жалкоолукка алып

бара турган нерселерге колдонууга мажбурлап

Page 89: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ 89 жатканын өз көзүм менен көргөн элем. Бул

сыяктуу дагы башка миңдеген мисалдар бар.

Айтор, азыркы батыш цивилизациясы Аллах-

тын берген диндерине (иудаизм, христиан жана

ислам) толугу менен баш ийишпегендиктен

адамзатты кедей кылып, анын муктаждыктарын

көбөйтүп салды. Үнөмдөө менен канааттануунун

негиздерин бузуп, ысыраптын, ач көздүктүн,

сараңдыктын көбөйүшүнө, зулумдук менен арам

нерселерге жол ачты. Анан да адамдарды

бузукулукка үндөп, муктаж, бечара адамзатты

толугу менен жалкоолукка түрттү. Эмгекке жана

жумушка болгон кызыгууну бузду. Арам көңүл

ачууларга үгүттөп, адамдардын жашоосун пайда-

сыз, бош кылып койду.

Ошондой эле муктаж жана жалкоо болуп кал-

ган адамзатты ооруга чалдыктырып, ысырапчы-

лык жана зыянкечтик аркылуу жүздөгөн оору-

лардын түрлөрүнүн жугушуна, алардын жайы-

лышына себепчи болуп калды.

***

Page 90: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

ШҮГҮР РИСАЛЕСИ

Мужизалуу түрдө баян кылган Куран кайра-

кайра

аяттары аркылуу Мээримдүү Жаратуучунун,

кулунан күткөн эң чоң талабы бул шүгүр кылуу

экендигин баяндап жатат. Фуркан-ы Хаким

олуттуу түрдө шүгүр кылууга чакырат. Ал эми

шүгүрсүздүк болсо, сыйлыктарды четке кагуу

жана аларды жалганга чыгаруу экендигин көргө-

зүп, Рахман сүрөсүндө деген

буйругу менен отуз бир жолу өтө айбаттуу жана

Page 91: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ 91 катуу түрдө бул аяты менен коркутуп келет. Ал

эми шүгүрсүздүк болсо, берилген ырыскыларды

жокко чыгарып, ишенбестик экендигин көр-

сөтөт.

Ооба, акылмандуу болгон Куран шүгүрчү-

лүктү ааламдын жаралуусунун негизги натый-

жасы экенин көргөзөт. Ошондой эле чоң Куран

сыяктуу болгон бүткүл аалам да ааламдын

жаралуусунун эң негизги натыйжасы шүгүр

экендигин көргөзүп турат. Себеби, бул ааламга

жакшылап көңүл буруп карап көрсөк, шүгүр-

чүлүк – кудум бул жаратылыш дарагынын

чыгарган түшүмүнүн эң жогорку жемиши болуу

менен бирге, жаратылган аалам дарагынын эң

таттуу мөмөсүн натыйжа берип, андагы ар бир

нерсе кандайдыр бир деңгээлде шүгүрчүлүккө

жүзүн буруп, ага умтулууда. Себеби аалам

фабрикасынын чыгарган түшүмүнүн эң жогор-

кусу шүгүр болот.

Анткени, ааламдын жаралышын карап көрсөк,

анын ичиндеги жаратылган нерселер бир чөйрө

Page 92: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

92 РАМАЗАН, ҮНӨМ ЖАНА ШҮГҮРЧҮЛҮК РИСАЛЕЛЕРИ ыкмасында түзүлүп, таяныч борбору болуп

жашоо жаратылып коюлган. Бардык жаратылган

макулуктар жашоого жүздөнөт, жашоого кызмат

кылат жана жашоого керектүү нерселерди

жетиштирет. Демек, ааламды жараткан Зат ошол

ааламдын ичиндегилерден жашоону тандап жа-

тат.

Андан кийин карап көрсөк, бүт жашоо

ээлерин, өзүнчө бир айлана көрүнүшүндө жара-

тып, адамды анын борбордук точкасында жай-

гаштырган. Кудум жашоо ээлеринен керектүү

максаттар инсанда топтолгон сыяктуу, бардык

жашоо ээлерин анын айланасында чогултуп, ага

баш ийдирип, кызмат кылдырып, адамды аларга

башчы кылып койгон. Демек, Халик-ы Зүлжалал

жашоого ээ макулуктар ичинен адамды каалап,

аны арзуу кылып, тандап алган.

Андан кийин карап көрсөк, инсандар ааламы

да, балким айбанат ааламы да өзүнчө бир айлана

Page 93: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ 93 түрүндө түзүлүп, анын так ортосунда ырыскы

жайгаштырылган. Бүт адамзатты, атүгүл, жаны-

барларды да ырыскыга ашык кылдырып, аларды

жалпысынан ырыскыга баш ийдирип кызматчы

кылдырып койгон. Аларга өкүмчүлүк кылып

турган бул – ырыскы... Ырыскыны да ушунча-

лык кенен жана мүмкүнчүлүгү кеңири бир

казына сыяктуу кылып, чексиз ырыскы, байлык-

тарды топтогон. Кала берсе, миңдеген түрдүү

ырыскылар ичинен жалгыз бирөөнүн даамын

татып билиш үчүн, адамдын тилинде бир даам

татуучу орган деген аспапты жайгаштырып,

дүйнөдө даамдардын канчалык көп түрү болсо,

ошончолук көп сандагы даамды айырмалап

өлчөй турган рухий аспаптар коюлган. Демек,

аалам ичинде эң таң калыштуу, мүмкүнчүлүгү

кеңири, эң даамдуу, окшошу жок жыйналган

акыйкат ырыскыда камтылган.

Эми биз көрүп тургандай, бардык нерсе

шүгүрдүн айланасында топтолуп, ага жүзүн

буруп турат. Ошондой эле ырыскы да өзүнүн

Page 94: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

94 РАМАЗАН, ҮНӨМ ЖАНА ШҮГҮРЧҮЛҮК РИСАЛЕЛЕРИ бүткүл түрлөрү менен, заттык жана рухий абал

жана оозеки тили менен, шүгүр менен гана

жашоосу уланат. Шүгүр менен гана болот,

шүгүрдү жетиштирет жана шүгүрдү көрсөтүп

турат. Анткени тамакка болгон табит жана

кызыгуу да шүгүрчүлүктүн табигый бир

түрүнө кирет. Ырыскыдан алган ыракат

жана жыргалчылык да акылдын ыктыяры-

нан сырткары атайлап кааланбаган бир

шүгүр болуп, ал бүткүл жаныбарларда кезде-

шет. Бир гана адам баласы адашкандыгынын

жана ыймансыздыгынын айынан ошол таби-

гый шүгүрдүн маңызын өзгөртүп, шүгүр кы-

луунун ордуна ширкке кирип кетет.

Дагы ар бир ырыскы болуп берилген немат-

тардагы өтө кооз, сулуу көрүнүштөр, жыпар

жыттар, укмуш даам-татымдар – шүгүрдүн үн-

дөөчүлөрү. Жашоо ээлерин кызыктырып, белек

кылып бири-бирин сыйлоого багыттап, рухий

шүгүр кылдыртат. Зээндүүлөрдүн көңүлүн өзүнө

тартып кызыктырууга бурат. Жакшылыктардын

Page 95: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ 95 баркын билүүгө кызыктырат. Аны менен аларды

тили жана кыймыл-аракети менен шүгүр кылуу-

га үгүттөйт, шүгүр кылдыртат жана шүгүр ичин-

деги эң сонун, эң таттуу ыракатты, жыргалчы-

лыкты таттырат. Башкача айтканда, ушул даам-

дуу ырыскы жана немат өзүнүн кыска жана

убактылуу сырткы ыракаты менен бирге

түбөлүктүү, чыныгы, чексиз ыракатты жана

жыргалчылыкты камтыган Алла Тааланын көңүл

буруусуна шүгүр аркылуу түрткү болот. Тактап

айтканда, Малик-и Керимдин ырайымдуулук

казынасынын эң ыракаттуусу болгон урмат-

сыйын ойлонууга түрткү болуп, бейиштин түбө-

лүктүү ыракатын бул дүйнөдө рухий жактан

сездиртет.

Ошентип, ырыскы шүгүр аркылуу абдан баа-

луу, мүмкүнчүлүгү кеңири, жалпыны камтыган

казына болгон абалында, шүгүрсүздүк менен

чексиз төмөнкү даражага түшүп калат.

Алтынчы сөздө баян кылынгандай, тилдеги

даам татуу орган Аллах үчүн, башкача айтканда,

Page 96: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

96 РАМАЗАН, ҮНӨМ ЖАНА ШҮГҮРЧҮЛҮК РИСАЛЕЛЕРИ руханий шүгүр кылган милдетин аткаруу менен

ырыскыга жүздөнгөн кезде, ошол орган Аллах

Тааланын түбү жок ырайымдуулугунун ашкана-

сына толугу менен шүгүр кылган бир текше-

рүүчү, аны улуктап даңктаган кадыр-барктуу

кызматкер өңүтүндө болот.

Эгерде мунун баары напси үчүн гана болсо,

башкача айтканда, Ырыскы Берүүчүнү ойлон-

бостон напсиге баш ийсе, ал даам татуучу орган

жогорку кадыр-барктуу байкоочу даражасынан

ички ашказан фабрикасынын бир кароолчусунун

деңгээлине түшүп калат. Бул даам татуучу орган

өзүнүн шүгүрсүздүгү менен ушундай төмөн

даражага кандай түшкөн болсо, ырыскынын

маңызы жана анын башка кызматкерлери да

ошондой төмөн даражага түшүп калат. Эң

жогорку даражадан эң төмөнкү даражага түшүп,

ааламдын Жаратуучусу болгон Аллах Таала-

нын акылмандуулугуна терс, карама-каршы

абалга түшүп калышат.

Page 97: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ 97 Шүгүрдүн өлчөөчү аспабы – канаат кылуу,

үнөмдөө, баш ийүү жана ыраазы болуу.

Шүгүрсүздүктүн өлчөөсү болсо – ач көздүк,

ысырапкерчилик, урмат кылбоо, адал арам-

ды ылгабай туш келген нерсени жей берүү.

Ооба, ач көздүк шүгүрсүздүк болгон сыяктуу

кур жалак калуунун, жоготуунун жана төмөн

түшүүнүн да булагы болуп эсептелет. Кала

берсе, өтө мээнеткеч кумурска да ач көздүктүн

айынан аяк астында калып, тебеленет. Себеби

бир жылда бир нече буудай жетиштүү болсо да,

топтогон буудайына канаат кылбастан колунан

келсе, миңдеген буудай топтоого аракет кылат. А

мубарек аары болсо, канаат кылгандыктан,

баарынын башынын үстүндө учуп, Аллахтын

буйругу менен адамдарга бал жедирип, тартуу-

лайт.

Ооба, Зат-ы Акдестин касиеттүү ысымда-

рынан Аллах деген ысмынан кийинки эң улуусу

болгон Рахман ысмы ырыскыга карайт. Ырыскы

Page 98: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

98 РАМАЗАН, ҮНӨМ ЖАНА ШҮГҮРЧҮЛҮК РИСАЛЕЛЕРИ да шүгүр менен өсүп өнүгөт. “Рахман” ысмынын

эң ачык мааниси да “Раззак” деген ысым.

Анан да шүгүрдүн көптөгөн түрлөрү бар. Ал

түрлөрдүн ичинен да эң маңыздуусу, жалпы

мазмундуусу намаз болуп эсептелет.

Анан да шүгүрдө таза бир ыйман, калыс бир

тавхид бар. Себеби бир алманы жеген адам

“Альхамдулиллах” деп айтканда, ошол шүгүр

айтуусу менен бирге “бул алма – түздөн-түз

Аллахтын Кудуреттүү колунан, анын чексиз

ырайым казынасынан келген белек” деп жарыя-

лайт. Бул ишеничи менен ал ааламда бардык

нерсени чоң болобу, кичине болобу баарын

Аллах Тааланын Кудуреттүү колуна баш ийди-

рет жана баардык нерседе Аллахтын Рахман

ысмынын чагылуусун көрөт, шүгүр аркылуу өзү-

нүн чыныгы ыйманын жана Аллахтын жалгыз-

дыгын жарыялайт.

Page 99: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ 99

Ал эми кайдыгер адам болсо, Кудайдын

белектерин тоотпоо менен, канчалык чоң зыянга

учурагандыгын көптөгөн тараптарынын бир

тарабын сөз кылабыз. Төмөнкүчө:

Даамдуу тамак жеген адам жегенден кийин

ага шүгүр кылса, ошол жеген тамагы шүгүр

аркылуу нурга жана бейиштин мөмөсүнө айла-

нат. Ал ырыскыдан алган ыракат аркылуу Аллах

Тааланын ырайымдуу көңүл буруусунун бир

чыгармасы болгонун ойлонуу менен адамга

улуу, бүтпөс ыракат, жыргал тартуулайт. Ошол

сыяктуу ал ырыскынын рухий маңыздары, маа-

нилери жогорку даражага багытталып, ал эми

колдонулуп бүткөн, керегинен чыккан заттык

калдыктары өзгөрүп, баштапкы абалындагы эле-

менттерге айланат.

Эгер шүгүр кылбаса, анда бул ырыскыдан

келген убактылуу ыракат бүткөн соң, кайгы

жана өкүнүч алып келет, өзү бир калдыкка

айланат. Ошентип, алмаз баасындагы бул

сыйлык көмүргө айланып калат. Түгөнө турган

Page 100: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

100 РАМАЗАН, ҮНӨМ ЖАНА ШҮГҮРЧҮЛҮК РИСАЛЕЛЕРИ ырыскылар шүгүр аркылуу бүтпөс ыракат,

түбөлүк жемиш тартуулайт. Шүгүр кылынбаган

бир сыйлык эң сонун көрүнүштөн аябай аяныч-

туу абалга айланат. Себеби кайдыгер адам үчүн

ал ырыскынын убактылуу ыракатынан жана

анын калдыкка айлануусунан башка эч кандай

мааниси жок.

Ооба, ырыскынын ашык болууга ылайыктуу

кандайдыр бир кебетеси бар, бирок ал түспөл

бир гана шүгүр менен көрүнөт. Антпесе кайды-

гер, адашкан адамдардын ырыскыга ашык

болуусу бул бир жырткычтык болуп калмак.

Ушунун негизинде адашкан адамдар канчалык

зыянга учураганын салыштырып байкап көр.

Жан-жаныбарлар ичинен ырыскынын эң

көп түрүнө муктаж болгон – бул адам. Аллах

Таала адамды өзүнүн бүткүл ысым-сыпатта-

рына жалпы бир күзгү жана бардык ырайым-

дуулук казынасынын байлыктарын сезип

Page 101: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ 101 тааный турган атайын органдарга ээ кылган.

Адамды жер бетинде өзүнүн Кудуретинин

мужизасын, бүткүл ысым-сыпаттарынын

жаркылдаган чагылууларын, сезимдер менен

өлчөп тарта турган орун басар катары жарат-

кан. Ошого байланыштуу ага чексиз муктаж-

дыктарды берип, рухий жана заттык ырыс-

кынын чексиз түрлөрүнө муктаж кылып

койгон. Инсан шүгүр аркылуу касиетине

жараша ахсени таквимге, башкача айтканда,

эң жогорку даражага чыга алат. Эгер шүгүр

кылбаса, анда асфала сафилинге, же башкача

айтканда, эң төмөнкү даражага түшүп, чоң

зулум кылган болот.

Жыйынтыктап айтканда, эң улуу жана эң

жогорку жол болуп эсептелген кулчулук кылган-

дардын жана сүймөнчүлүккө ээ болгондордун

жолунун төрт негизинин эң жогорку башкысы

бул шүгүр кылуу. Ал төрт негиз мындайча түшүндүрүлүп келет.

Page 102: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

102 РАМАЗАН, ҮНӨМ ЖАНА ШҮГҮРЧҮЛҮК РИСАЛЕЛЕРИ “Оо, менин азиз бир тууганым. Алсыздык

жолу төмөндөгү төрт нерсенин керек экен-

дигин жарыя кылат:

Толук алсыздык, толук кедейлик, толук

берилгендик, толук шүгүрчүлүк.”

Page 103: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ 103

Жыйырма тогузунчу лемадан алынган

ЭКИНЧИ БӨЛҮК

(Бул бөлүк “Альхамдулиллах” тууралуу).

(Экинчи бөлүк деп аталган бул жыйнакта

адамдарды «Альхамдулиллах» деп айтууга түрт-

кү болгон ыйман нурунун эсепсиз көп пайдасы-

нын болгону тогузу гана баян кылынат.)

Биринчи бөлүк: Оболу эки нерсе эскертилет.

1. Философия – ар нерсени коркунучтуу,

жаман өңүттө көрсөткөн кара түстөгү көз айнек.

Ал эми ыйман болсо – ар нерсени чырайлуу,

бири-бирине дос кылып көрсөткөн тунук, жар-

кыраган, нурдуу көз айнек.

2. Бүткүл макулуктар менен бир түрдүү

алыш-бериште болгон, өзүн курчаган нерселер

Page 104: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

104 РАМАЗАН, ҮНӨМ ЖАНА ШҮГҮРЧҮЛҮК РИСАЛЕЛЕРИ менен сүйлөшүп жана рухий көрүшүп, коңшулук

түзүүгө жаратылышынан мажбур болгон инсан-

дын оң, сол, алды, арты, асты жана үстү болуп

алты тарабы бар.

Адам жогоруда айтылган эки көз айнекти

көзүнө тагуу менен өйдөдө айтылган тараптарда

болгон макулуктарды, акыбалдарды көрө алат.

Оң тарап. Бул тараптан максат – өткөн чакка

назарды буруу. Ушуга байланыштуу философия-

нын көз айнеги менен оң тарапка караган учурда

өткөн мезгилдин кыяматы болуп асты-үстүнө

аңтарылган, капкараңгы, коркунучтуу, чоң бир

көрүстөн тариздеги бир абалды көрөт. Мындай

көрүнүштөн инсан өтө чоң бир үрөй учурган

коркунучка, үмүтсүздүккө дуушар болооруна эч

шек-күмөн жок.

Бирок ыйман көз айнеги менен ошол тарапка

караган учурда, чындыгында, өткөн чак асты-

үстүнө аңтарылып көрүнсө да, бул жерде

жандын өлүмү, жок болуп кетүү деген нерсе

жок. Анын жашоочулары мындан да нурдуу,

Page 105: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ 105 жаркыраган ааламга көчүрүлгөндүгү түшүнүк-

түү болот. Ал эми ошол көрүстөндөр жана аң-

чуңкурлар, нурдуу бир ааламга кириш үчүн, жер

астында казылган туннелдин түспөлүндө кабыл

кылынат. Демек, адамга бакытты, ишенимди

жана кубанычты берген ыйман «Альхамдулил-

лахты» миң жолу айттырган өтө чоң бир немат

болуп саналат.

Сол тарап. Башкача айтканда, философия-

нын көз айнеги менен келечекке көз чаптырган

учурда, бизди чиритип, жыланга жана чаянга

жедирип жок кыла турган караңгы, коркунучтуу

чоң бир туңгуюк көрүстөн түрүндө көрүнөт.

Бирок ыйман көз айнеги менен каралса, Халык,

Рахман, Рахим болгон Женаб-ы Хактын адам-

дарга берген, ар түркүн ичип жей турган тамак-

аштардын түрлөрү толтурулган Ырайымдуу

Заттын дасторкону түрүндө көрүнөт. Ошону

менен бизди миң жолу «Альхамдулиллах» деп

айттырууга түрткү болот.

Page 106: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

106 РАМАЗАН, ҮНӨМ ЖАНА ШҮГҮРЧҮЛҮК РИСАЛЕЛЕРИ

Үстүнкү тарап. Эгерде көк асманга филосо-

фия аркылуу назарын бурган адам ошол чексиз

боштукта жылдыздар менен планеталар күлүк ат

сыяктуу тез чуркаган, аскердик аракетке окшо-

гон кыймылын, алардын өтө тез жана ар түрдүү

ылдамдыктарын көрүп, чоң коркунучтуу үмүт-

сүздүккө дуушар болот.

Бирок ыймандуу адам караган учурда ошол

таң калыштуу, укмуш аракеттер бир аскер баш-

чысынын көзөмөлдөөсү астында болгондой, көк

асманды кооздогон жылдыздар шам-чырак экен-

дигин көрөт. Күлүктөрдөй тез чуркаган плане-

талардан коркпостон, аларга карата достук сүйүү

пайда болот. Ошентип, көк асманды ушундай

кылып көрсөткөн ыймандын берген сыйлыгы

үчүн «Альхамдулиллах» деп миң жолу айтуу

аздык кылат.

Ылдыйкы тарап. Жер шарына философия-

нын көзү менен караган адам жер шарын күндүн

айланасында башы бош, тизгини жок, максатсыз,

селсаяк, ооздукталбаган жаныбар, же болбосо

Page 107: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ 107 деңизде мамысы сынган, башчысы жок кеме

сыяктуу көрөт да, адам чак чалакей болуп корку-

нучка түшөт.

Бирок ыйман нуру менен караса, жер Аллах-

тын башкаруусу менен тамак-аш, суусундук

жана кийим-кечектер толтурулуп, адам баласын

саякатка алган, Күндүн тегерегинде сейилдеп

жүргөн Мээримдүү Аллахтын кемеси катары

көрөт. Ошондуктан ыймандан чыккан мындай

жакшылык үчүн адам көп-көп «Альхамдулил-

лах» деп айта баштайт.

Алдыңкы тарап. Философ адам бул тарапка

көз жүгүртсө, бардык тирүү макулуктар мейли

айбан болсун, мейли инсан болсун, катар-катар

тизилип, чоң ылдамдык менен ошол тарапка бет

алып жок болуп жатышканын көрөт, же болбосо

жок ааламына кетип, жок болуп жатышат деп

айтат. Өзүн болсо, ошол жолдун жолоочусу

болгондугун билгендиктен, анын таасиринен

акылын жоготкон абалга келет.

Page 108: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

108 РАМАЗАН, ҮНӨМ ЖАНА ШҮГҮРЧҮЛҮК РИСАЛЕЛЕРИ

Бирок ыйман нуру менен караган адам, ал

тарапка сапар тартуу жана саякат – бул жок

болуп кетүү эмес, тескерисинче, көчмөндөрдүн

бир конуштан экинчи конушка өтүүсүн, убак-

тылуу жерден түбөлүктүү жерге, дыйканчылы-

гын бүтүрүп акысын алуучу жайга, кыйынчы-

лыктан мээримдүүлүк өлкөсүнө көчүү, жок

ааламына кетүү эмес деп ойлоп, бул тарапты

ыраазычылык менен кабыл алат. Бирок жол

сапарында кездешкен өлүм, тарткан кыйынчы-

лыктар, машакаттар жыйынтыгында бактылуу-

лук болуп эсептелет. Себеби нурдуу ааламдарга

кеткен жол кабыр аркылуу өтөт жана эң чоң

бактылуулуктар чоң кайгылуу балакеттердин

натыйжасынан кийин болот. Мисалы, Азирети

Жусуп (А.С.) Мысыр элинин акимчилик кызма-

тына туугандары аны кудукка таштап, Зулайка-

нын жалган жалаасына кабылып, абакка түшүүсү

аркылуу жеткен.

Ошондой эле эненин курсагынан бу дүйнөгө

келген бала да караңгы туннелден тарткан,

Page 109: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ 109 сыгуучу, эзүүчү караңгы абалдын натыйжасында

дүйнөлүк бактылуулукка жетет.

Арткы тарап. Башкача айтканда, артта келе

жаткандарга философия көз карашы менен карап

көрүлсө: «Адамдар каяктан каякка бет алып

баратышат, бу дүйнөгө эмне үчүн келишти?»

деген суроолоруна жооп таба албай, албетте,

адамды кайгыга, үмүтсүздүккө жана шек-күмөн-

гө батырып салышат.

Бирок ыймандын нурдуу көз айнеги менен

караса, адамдар ааламдын көргөзмөсүндөгү жа-

йылган Аллахтын Кудуреттүүлүгүнүн таң ка-

лаарлык кереметтерине байкоо жүргүзгөн, Түбө-

лүктүү Султан аркылуу жиберилген изилдөө-

чүлөр экенин түшүнүшөт. Мындан сырткары,

ошол кереметтүү нерселерди барктоо жана Түбө-

лүктүү Султандын улуулугун далилдөө боюнча

алар өздөрүнө тиешелүү мартабаларга ээ болу-

шуп, андан соң Түбөлүктүү Султандын өлкөсүнө

кайрадан жибериле турганын билишет. Ошен-

тип, ушундай ой жүгүртүү белегин камтыган

Page 110: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

110 РАМАЗАН, ҮНӨМ ЖАНА ШҮГҮРЧҮЛҮК РИСАЛЕЛЕРИ ыйман жакшылыгына «Альхамдулиллах» - деп

айтат.

Өйдөдөгү караңгылыктарды жок кылган ый-

ман сыйлыгына «Альхамдулиллах» деп Аллахка

алкыш айтуу дагы бир белек болуп саналып,

жогоруда айтылган караңгылыкты жокко чыгар-

гандыктан, ага карата, дагы бир жолу алкыш

айтуу керек. Аллах Тааланы экинчи жолу улук-

таганга, үчүнчү мактоо, а үчүнчүгө төртүнчү

алкыштоо талап кылынат. Демек, сан-

сыз улуктоолордун тизмеси Аллахка айтылган

бир улуктоолордон пайда болгону байкалат.

Экинчи бөлүк: Алты тарапты нурданткан

ыймандын берген белеги үчүн «Альхамду-

лиллах» деп айтуусу керек. Себеби ыйман алты

тараптын караңгылыгын жок кылуу менен

балээлерди тосуу жагынан чоң бир немат болуп

саналган сыяктуу ошондой эле алты жакты

жарык кылуу жана пайдаларды өзүнө тартуу

жагынан караганда ал экинчи бир немат болуп

калат. Буга байланыштуу, адам табиятынан

Page 111: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ 111 маданияттуу болгондуктан алты тарабынан кур-

чап турган макулуктар менен байланышта болот.

Ал эми ыймандын жакшылыгы аркылуу инсан

бул алты тараптан пайдалана ала турган мүмкүн-

чүлүгү бар.

Ушуга негизделип, кере-

меттүү аяттын сыры боюнча, адам алты тарап-

тын кайсы жагында болсо да, нурданып турат.

Мындан сырткары, ыймандуу инсандын аалам

жаралгандан баштап анын акыр аягына чейин

созулган руханий жашоосу бар. Адамдын бул

рухий жашоосу эзелтеден түбөлүктүүлүккө

созулган жашоонун жарыгынан жардам же кол-

доо ала алат.

Андан соң алты жакты жарык кылган ыйман-

дын калкалоосу менен адамдын тар заманы,

мекени кеңири, ээлеген орду бейпил, бир аалам-

га айланат. Бул эбегейсиз аалам адамдын үйү

сыяктуу болуп, өткөн чак менен келечек да

адамдын жүрөгү, жан дүйнөсү үчүн учур чак

Page 112: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

112 РАМАЗАН, ҮНӨМ ЖАНА ШҮГҮРЧҮЛҮК РИСАЛЕЛЕРИ сыяктуу болуп, алардын ортосундагы узактык

жоюлуп кетет.

Үчүнчү бөлүк: Ыйман таяныч жана колдоо

жайын камтып тургандыктан «Альхамдулиллах»

деп айтуусун талап кылат.

Ооба, адамзат алсыз жана көптөгөн душман-

дары болгондуктан, кандайдыр бир таяныч

жайына, колдоого муктаж. Себеби өзүнүн душ-

мандарын жок кылуу үчүн ал мындай жардамга

кайрылып турушу керек. Ошол сыяктуу адам

арбын муктаждыктарынан, өтө жакырлыгынан

арылуу максатында ушундай жөлөк-таякка кай-

рылуу зарылчылыгы бар. Алардын жардамы

менен муктаждыктарын толуктайт.

Мына, эй адам баласы! Сенин таянычың – бир

гана Аллахка ыйман келтирүү. Ал эми рухуңдун

жана абийириңдин жөлөгү, албетте, бир гана

акыретке болгон ишенимде. Демек, бул эки кол-

доодон кабарсыз болгон адамдын жүрөгү, анын

жан дүйнөсү чоң коркунучка батып, абийири ар

дайым азап чегүүгө дуушар болот. Бирок бирин-

Page 113: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ 113 чи жөлөккө таянып, экинчисинен жардам сура-

ган адамдын жүрөгү жана руху көптөгөн куба-

нычтарды, жыргалдарды сезип, бейпилдикке

бөлөнүп, жан дүйнөсү тынч алат.

Төртүнчү бөлүк: Ыйман нуру шариятка

ылайыктуу жыргалдардын кетишинен пайда бол-

гон кайгыларды, ошол жыргалдардын үлгүлөрү

бар жана кайтып келет деп көргөзүү менен

кайгы-капаны жок кылат. Ошондой эле, берил-

ген сыйлыктардын уланып, дагы көбөйө турган-

дыгын берилген сыйлыктардын түпкү булакча-

сын көрсөтүү менен камсыз кылат.

Дагы ошондой эле белектердин үлгүлөрүнүн

кайра пайда болушу менен, ыйман нуру алардын

ырахат-жыргалдарын көргөзүп, коштошуу менен

ажырашуунун кайгысын жокко чыгарат. Бир эле

ырахатта «бул жыргал түгөнөт, жоголуп кетет»

деген көптөгөн кайгылар жашырылган. Ошон-

дуктан ыйман жыргалдардын үлгүлөрүнүн кайра

жаралуусун эскертип, тиги кайгыны четтетет.

Мындан сырткары, ырахаттын кайрадан пайда

Page 114: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

114 РАМАЗАН, ҮНӨМ ЖАНА ШҮГҮРЧҮЛҮК РИСАЛЕЛЕРИ болуусунда да башка ырахаттар жашырылган.

Алсак, бир жемиштин дарагы жок дейли, анда

анын ырахаты жемишти жеп коюу менен гана

чектелип калат. Ал эми жемиштин түгөнгөнү

кайгы-муңдун башталышына себеп болот. Бирок

жемиш багы бар деп билсек, анын бүтүп калышы

менен адамда сар-санаа пайда болбойт. Анткени

бул жемиштин ордуна келе турган дагы башка

мөмө-жемиштер бар. Ошол эле учурда жемиш-

тин кайра пайда болуусу – өзгөчө бир ырахат.

Адамдын жан-дүйнөсүн эң ашыкча эзген -

айрылуудан пайда болгон кайгылар. Ал эми

ыйман нуру «алардын үлгүлөрү кайра жаралат,

алар менен жолукса болот» деген үмүт менен

тиги кайгыны жок кылат.

Бешинчи бөлүк: Ыйман нуру жетим, өлүк

сыяктуу жансыз, ээсиз, душман жана чоочун

болуп көрүнгөн макулуктарды адамга бир тууган

жана дос сыпаты менен жашоого ээ, жаратуу-

чусун сыпаттаган бир шекилде көргөзөт. Баш-

кача айтканда, кайдыгерлик менен караган адам

Page 115: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ 115 ааламдагы макулуктарды зыяндуу душман деп

кабыл кылып, коркууга батат. Ал эми бар болгон

нерсенин бардыгын бир чоочун нерсе катары

кабыл кылат. Себеби адашуу жагынан караганда

өткөн мезгил менен келечектин арасындагы

нерселердин ортосунда тууганчылык, боордош-

тук деген байланыш болбойт. Бир гана учур

чакта дүйнөлүк нерселер арасында абдан кичине

байланыш бар болот. Демек, адашкан адамдар-

дын өз ара тууганчылдыгы миң жылга созулса да

ал бир мүнөт сыяктуу.

Адам ыйман көз карашы менен байкаса, бар-

дык нерсе тирүү, бири бирине дос болуп

көрүнүп, ар бир жан өз тили менен Жаратуу-

чусун даңктаганын көрсөтүп турганын көрөт.

Ошентип, бул жактан караганда, бардык заттын

өзүнө тиешелүү жашоосу жана руху бар. Демек,

ыймандын мындай негизи боюнча, ал нерселерде

коркунуч деген жок, тескерисинче, достук жана

сүйүү бар.

Page 116: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

116 РАМАЗАН, ҮНӨМ ЖАНА ШҮГҮРЧҮЛҮК РИСАЛЕЛЕРИ

Адашуу пикири боюнча, адамдар өздөрүнүн

муктаждыктарын камсыздоодо алсыз, кожоюн-

суз жана колдоочусуз деп божомолдошот. Алар

кайгыга батып, күчсүз болгонуна байланыштуу

ыйлап жаткан жетимдер сыяктуу көрүнөт. Ал

эми ыйман пикири боюнча, жандуу макулуктар

көз жашы аккан жетим эмес, өзүнүн милдетин

аткарган кызматчынын өңүтүндө, даңктаган кул

сыпаты менен карайт.

Алтынчы бөлүк: Ыйман нуру бул убак- тылуу

дүйнөнү жана акыретти ар кандай береке,

жакшылыктар менен толтурулган эки дасторкон

сыяктуу кылып сүрөттөйт. Ошондуктан ыйман-

дуу адам ыйман нуру аркылуу өзүнүн ички жана

тышкы сезимдери, рухий тазалыгы менен ошол

дасторкондон пайдалана алат. Адашуу көз кара-

шы боюнча, макулуктардын пайда ала турган

чөйрөсү тар, ал заттык жыргал менен гана

чектелген.

Ал эми ыйман аркылуу караганда, пайда

өндүрүлө турган чөйрө жер менен асманды

Page 117: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ 117 камтыгандай кеңириликте болот. Ооба, ыйман-

дуу адам күндү үйүнүн шамы, айды түнкү

чырагы катары эсептейт. Мындай көз карашта

күн жана ай өзүнө берилген бир белек болот.

Демек, ыймандуунун пайда алчу чөйрөсү асман-

дан дагы кененирээк. Ооба, Мужизалуу түрдө

баян кылган Куран:

аяттарынын чечендүүлүгү менен ыймандан

чыккан эң сонун жакшылыктарды жана белек-

терди көрсөтүп турат.

Жетинчи бөлүк: Ыйман нуру аркылуу Аллах-

тын бар болуусу – бардык жакшылыктардан

бийик турган, сансыз берекени, белектердин

түгөнгүс түрлөрүн камтыган булак экендиги

таанылат. Ошондуктан, ааламдагы атомдордун

эсеби канча болсо, ошончолук санда Аллахты

мактап даңазалоо – адамдын карызы. «Рисале-и

Нур» жыйнагында анын кээ бир түрлөрү жөнүн-

дө айтылган болчу. Мындан сырткары, Алла

Таалага ишенүү маселесине токтолгон «Рисале-и

Page 118: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

118 РАМАЗАН, ҮНӨМ ЖАНА ШҮГҮРЧҮЛҮК РИСАЛЕЛЕРИ Нур» жыйнактары бул белектердин пардасын

алып, аларды көргөзөт.

«Альхамдулиллах» – өзүнүн «лам» тамгасы-

нын маңыздуулугу, жалпы мактоолору менен

алкыштоонун керектигин көрсөткөн белектер-

дин дагы бирөөсү, бул Мээримдүүлүк белеги

болуп саналат. Ооба, мээрим менен бөлөнгөн

бардык макулуктардын эсеби канча болсо,

ошончо сандагы белектерди Аллахтын Мээ-

римдүүлүгү өзүнө камтыйт. Себебин айтсак,

адам ар бир тирүү жан менен байланышта.

Бул жагынан алганда адам ар бир макулуктун

бактылуу болушунан ал да бактылуу, азап чек-

кенинен ал да убайым тартып капа болот.

Ошентип, жакшылык кандай гана жанда бол-

босун, бул жакшылык анын боордошторунун да

жакшылык-жыргалы болуп калат. Эненин мээри-

мине бөлөнгөн бардык балдардын береке-ырыс-

кысын камтыган үчүн алкыштоого татыктуу

болгон дагы да бир жакшылык – бул Аллахтын

Ырайымдуулугу (Рахимиет). Ооба, абийири бар

Page 119: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ 119 адам энесиз калган, ыйлап отурган баланы

көргөндө ага боору ооруйт. Ал эми апалардын

балдарына болгон мээримдүүлүгүнөн ал куба-

нат, бактылуу болот. Ошентип, ушул сыяктуу

кубанычтар жакшылык – жыргал болуп саналып,

алар алкыштоону жана шүгүр кылууну талап

кылат. Андан соң макулуктардын бардык түрлө-

рүнүн жалпы эсеби канча болсо, ошончолук

санда ааламдагы акылмандуулукту талап кылган

алкыштоолордун жана шүгүрчүлүктүн бири –

Даанышмандык (Хакимият). Себеби адамдын

напсиси Мээримдүүлүктүн жарыгына, ал эми

жүрөгү Ырайымдуулуктун чагылуусу менен

азыктандырылган сыяктуу, адамдын акылы да

Аллахтын акылмандуулугунун мээримдүүлүгү

менен бөлөнүп жыргайт. Мына ушул көз

караштан ооз толо «Альхамдулиллахты» сүй-

лөө менен алкыштоонун жана даңктоонун керек

экендигин талап кылат.

Анан да Асма и Хүснадан болгон Варис деген

ысмынын чагылуусунун жалпы саны, ата-баба-

лардан калган урпактарынын жана ахирет аала-

Page 120: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

120 РАМАЗАН, ҮНӨМ ЖАНА ШҮГҮРЧҮЛҮК РИСАЛЕЛЕРИ мынын макулуктарынын саны, түбөлүктүү сый-

лыктарды алууга өбөлгө болгон адамзаттын сак-

талган амалдарынын жалпы эсеби канча болсо,

ошончолук санда асманды улуу «Альхамдулил-

лах» менен толтуруп даңктоого татыктуу.

Себеби белектердин туруктуулугу белектин өзү-

нөн дагы барктуураак, жыргалдардын уланып

туруусу жыргалдардын өзүнөн дагы таттуураак.

Бейиште ар дайым болуу Бейиштин өзүнөн дагы

абдан жогору. ж.б.у.с.

Мына ушуга байланыштуу, Алла Тааланын

Сактоочу деген сыпатын курчаган ырыскы, жак-

шылыктар бүткүл ааламда бар, ааламдагы бар-

дык белектерден алда канча чоң жана жогору.

Бул жагынан алганда, алар бүткүл ааламдай

болгон «Альхамдулиллахты» талап кылышат.

Бул айтылган төрт ысым менен Аллахтын башка

сонун Ысым Сыпаттарын салыштырып көр. Ар

бир ысымда чексиз белектер камтылгандыктан,

алар түгөнгүс алкышты жана шүгүрчүлүктү

талап кылат.

Анан да бардык немат казыналарын ачууга

акылуу, ыйман белегинин себепчиси болгон

Page 121: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ 121 Мухаммед Пайгамбар (С.А.В.) ушундай бир

немат болот: Адамзат Аны түбөлүк даңктап,

даңазалашка милдеттүү. Ошондой эле заттык

жана рухий ырыскылардын бардык түрлөрүнүн

булагы жана мазмуну катары сыйлык болуп

берилген Исламият жана Куран чексиз алкыш-

тоолорду толугу менен талап кылат.

Сегизинчи бөлүк: Аалам деп аталган улуу

китептин жана анын тавсири болгон Курандын

бардык баптары, бөлүмдөрү, беттери, саптары,

сөздөрү жана тамгалары Заты Акдести Анын

кемчиликсиз сонун сыпаттары менен кошо көр-

гөзүп алкыштайт.

Ошентип, ошол Улуу Китептин ар бир жа-

зуусу эбегейсиз зор болсо да, же кумурскадай

кичине болсо да, Вахид жана Самад болгон ууз

чеберчисинин айбаттуу сыпаттарын ачыкка

чыгаруу менен Ага алкыш-мактоолорду айтат.

Ошондой эле ал китептин ар бир жазуусу Рахман

жана Рахим болгон Жазуучусунун сулуу сыпат-

тарын көрсөтүү менен даңазалайт. Андан соң,

ошол китептин бардык жазуулары, үтүр, чекити

жана кооздугу Аллахтын сонун Ысымдарынын

Page 122: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

122 РАМАЗАН, ҮНӨМ ЖАНА ШҮГҮРЧҮЛҮК РИСАЛЕЛЕРИ жаркылдап чагылуусунун күзгүсү болуп сана-

лып, Заты Акдести кемчиликсиз деп кабыл

кылып, Ага ибадат кылып алкышташат. Андан

кийин, ошол китептин ар бир ыр сабы бүт

бардыгын билген Кудуреттүү Кадыр Алим

болгон Жазуучусун касиеттеп даңктайт.

Тогузунчу бөлүк ( ).

Саид Нурси

(Жыйырманчы каттан)

Бул сыяктуу шифрди ачууга менде ачкыч жок. Анын үстүнө орозону кармаган ошол акылым ошол шифр- лерди ача да албайт, алардын үлгүсүн жасай да албайт. Кемчиликтерим үчүн кечирим сурайм, ушул жерге чейин жазгандарымды автордун руханий жардамы, Кадыр Түндүн берекеси жана Мевлананын (Жалаледдин Руминин) кошуна болгондугу менен жасай алдым.

Котормочусу

Абдүлмежид Нурси

Page 123: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ 123

БЕШИНЧИ КЕЛМЕ

Башкача айтканда, шүгүр айтуу жана мактoo,

алкоо жана ыраазычылык Aга ылайык. Демек,

ырыскы жана тартуулар – Аныкы. Алар Анын

казынасынан чыгат. Казына бoлсo түгөнгүс.

Mына ушул келме ушундай сүйүнчү берип

мындай дейт:

Эй инсан! Ырыскынын түгөнүп калуусунан

кайгырба. Aнткени мээримдин казынасы түгөн-

гүс. Лаззаттын бүтүүсүн oйлoп, ал кайгыдан

айгай салба. Себеби, ал тартуу мөмөсү –

түгөнгүс бир мээримдүүлүктүн белеги. Дарагы

түбөлүк бoлгoн сoң, мөмөсү кетсе да анын

oрдуна келгени бар. Тартуунун лаззаты ичинде.

Ошол лаззаттан жүз эсе дагы көбүрөөк лаззаттуу

бир ырайымдуулуктун урмат-сыйын шүгүр

кылып oйлoнуу менен лаззатты бирден жүзгө

арттыра аласың. Мисалы, кандайдыр бир улуу

падыша сага тартуулаган алманын даам лаззаты-

Page 124: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

124 РАМАЗАН, ҮНӨМ ЖАНА ШҮГҮРЧҮЛҮК РИСАЛЕЛЕРИ нын ичинде жүз, балким, миң алманын лаз-

затынан да ашкан өтө сoнун урмат-сый лаззатын

сага сездиртет жана тартуулайт.

Oшoндoй эле келмеси менен, баш-

кача айтканда, шүгүрчүлүк жана ыраазычылык

менен, тартуудан тартуу берүүчүнү сезүү менен,

ырыскы берүүчүнү таанып, oйлoo менен Aлла-

нын ырайымынын сыйын жана мээримин, кай-

рымдуулугун жана тартуу берүүсүнүн уланты-

луусун oйлoo менен, тартуу миң эсе лаззаттуу

рухий бир лаззат эшигин сага ачып берет.

***

Page 125: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ 125 Менин кымбаттуу боордошум! Улуу Алла

Таала сени жоктон жаратып, бардык нерсенин

ичинен сага адамдын эң жогорку мусулман дара-

жасын берди. Сенин жасаган алгачкы иш-араке-

тиң менен акыркынын ортосундагы ар бир аба-

лың, ордуң жана амалың сага тиешелүү ырыс-

кылар китебиңде жазылган болчу. Бул жагынан,

сен жашап өткөн мезгил жибине алмазга окшо-

гон жакшылыктар тагылган. Алар бир толук

шуру-мончокту элестетип, белектердин бардык

түрлөрүнүн мазмуну түрүндө түзүлгөн.

Демек, ар кайсы жерде, абалда кийип жүргөн

денең үчүн сен мындайча сураласың: «Бул

жакшылыктарга кантип жеттиң? Кандайча алар-

га татыктуу болдуң? Алар үчүн шүгүрчүлүк

кылдыңбы»? Себеби ар нерсе жүзөгө ашырыл-

гандан кийин суракка алынат эмеспи. Бирок иш

жүзүндө аткарылбаган нерселер божомол түрүн-

дө калып, суракка алынбайт. Сен жашап өткөн

абалдарың аткарылган болуп саналат. Ал эми

келечектеги абалдарың болсо келе элек, жок

Page 126: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

126 РАМАЗАН, ҮНӨМ ЖАНА ШҮГҮРЧҮЛҮК РИСАЛЕЛЕРИ болуп саналат. Аткарылган нерселер үчүн жооп-

ко тартылат. А жок нерсе үчүн эч ким жоопкер

эмес. Андай болгон болсо, өткөн мезгилдеги

береке-жакшылыктар үчүн шүгүрчүлүк кылын-

баса, аны толуктоо зарыл.

***

Page 127: J B K : E ? E ? J B - ONrisale.on.kg/wp-content/uploads/2014/06/RAMAZAN.pdf · 2016-12-19 · бирине мээримдүүлүк менен мамиле жасоо чыныгы

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ 127

(Отузунчу Леманын бешинчи бөлүмүнөн)

Ооба, бул жашоонун максаты, натыйжасы

түбөлүктүү жашоо болгон сыяктуу эле бир

түшүмү да жашоону берген Хай жана Мухий

болгон Затка карата шүкүр кылуу, кулчулук

кылуу жана махабатты арноо. Ошол шүгүр,

махабат жана кулчулук болсо, жашоонун түшү-

мү болгон сыяктуу эле ааламдын негизги мак-

саты. Ушундан мындай нерсени түшүн: «Бул

жашоонун негизги максаты кайдыгерликке ба-

тып, напсинин жаман каалоолорун ээрчүү керек»

дегендер өзүнүн ыймансыздыгы, наадандыгы,

тоотпостугу жана акарат кылуусу менен жашоо-

нун абдан баалуу жакшылыктарын, акыл-эс

белегин коркунучтуу шүгүрсүздүккө батырып

ташташат.