волонтерлук деген эмне

12
Волонтерлук деген эмне? Терминология жана тарыхы жөнүндө кыскача “Ыктыярдуулук - жарандык коомдун негизи. Ал адамзатынын – тынчтыкка, эркиндикке, мүмкүнчүлүктөрүн жүзөгө ашырууга, коопсуздукка жана бардык адамдар үчүн адилеттүүлүккө байланыштуу эң асыл умтулууларын ишке ашырат” – Ыктыярдуулардын жалпы декларациясынын текстинен, IAVE , Амстердам, 2001 “Волонтер” сөзү “ыктыярчы” сөзүнүн синоними, жана "volontaire" француз сөзүнөн орус жана кыргыз тилдерине алынган калька болуп эсептелет. 19 кылымга чейин бул эки сөздүн мааниси бирдей болуп, бул сөз менен аскер кызматына өз ыктыяры менен барган адамдарды аташчу. Бирок чынында, 19 кылымга чейин жалпы аскердик милдет болгон эмес, андыктан согуш аракеттеринин алдында армия топтоонун негизги жолу – волонтёрлук болгон. “Волонтёр” сөзүнүн мына ушундай, жалгыз гана чечмелөөсү 1969-1978-жылдары Советтик Чоң Энциклопедияда да жазылган. Бүгүнкү күндө да бул сөздөрдүн мазмуну окшош, бирок таптакыр башкача маанини туюндурат. Дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө бул термин менен акысыз жардам көрсөткөн, айланадагы жашоону жакшыртууга өз салымын кошкон, жакын адамдарга, айлана чөйрөгө кам көргөн, жеке жалгыз өзүнө таандык керектөөлөрдөн тышкаркы милдеттерди жана көйгөйлөрдү чечкен адамдарды аташат. Бул терминдин азыркы мазмуну 20 кылымдын экинчи жарымында калыптанган. Анткен менен бул сөздүн негизин түзгөн көрүнүш, 20 кылымдын экинчи жарымында дүйнөдө өзүнөн-өзү пайда болуп калбаганы түшүнүктүү. Жогоруда айтылгандай, мындай ишмердүүлүктүн негизин жеке керт баштын кызыкчылыгын гана көздөбөгөн, өзүнө эмес, башка бирөө (коомго же балким бүт дүйнөгө) пайда алып келген иштер түзөт. Ишти жасап жаткан адамдын өзүнө пайда алып келбеген өзгөчө ишмердүүлүк жөнүндө идея термин катары 18 кылымда киргизилген. “Альтруизм” термини күндөлүк колдонууга “социология” илиминин негиздөөчүсү Огюст Конт (1798–1857) тарабынан “эгоизмге” каршы түшүнүк катары киргизилген. “Өзүм үчүн” принцибине каршы “башкалар үчүн” принциби коюлган. С.И.Ожеговдун орус тил сөздүгүндө “альтруизм” термини - “жеке кызыкчылыктарды ойлобостон, башка бирөөлөргө пайда алып келүү үчүн чын дилден иш жасоого даярдык” деп жазылат. Бирок, албетте, мындай ишмердүүлүк дүйнө жаралгандан бери эле болгон. Боорукерлик, бири-бирине жардам көрсөтүү, жакын адамдарга кам көрүү, альтруизм сөздөрү – ар кылымда ар кандай калыптанып жана ар башкача аталса да, бул терминдердин уңгусунда жаткан түшүнүк адам баласына абалтан белгилүү. 20-кылымда адистештирүү адамзат жашоосунун бардык чөйрөлөрүнө таасирин тийгизди. Бардык иштер институт жана адам ишмердүүлүгүнүн айрым түрлөрү катары өз таризине ээ болду. Адамдарга жардам берүү да өз ордун тапты. Акы төлөнүүчү 1

Upload: kelechek-plus

Post on 13-Apr-2017

628 views

Category:

Government & Nonprofit


7 download

TRANSCRIPT

Page 1: волонтерлук деген эмне

?Волонтерлук деген эмне Терминологияжана тарыхыжөнүндө кыскача

“ - . – , Ыктыярдуулук жарандык коомдун негизи Ал адамзатынын тынчтыкка, , эркиндикке мүмкүнчүлүктөрүнжүзөгө ашырууга коопсуздуккажана бардык адамдар

”үчүн адилеттүүлүккө байланыштуу эң асыл умтулууларын ишке ашырат – , IAVE , , 2001Ыктыярдуулардынжалпы декларациясынын текстинен Амстердам

“ ” “ ” , Волонтер сөзү ыктыярчы сөзүнүн синоними жана "volontaire" француз сөзүнөн орус . 19 жана кыргыз тилдерине алынган калька болуп эсептелет кылымга чейин бул эки

, сөздүн мааниси бирдей болуп бул сөз менен аскер кызматына өз ыктыяры менен барган . , 19 адамдарды аташчу Бирок чынында кылымга чейин жалпы аскердик милдет болгон

, –эмес андыктан согуш аракеттеринин алдында армия топтоонун негизги жолу . “ ” , 1969-волонтёрлук болгон Волонтёр сөзүнүн мына ушундай жалгыз гана чечмелөөсү

1978- . жылдарыСоветтик Чоң Энциклопедияда дажазылган , Бүгүнкү күндө да бул сөздөрдүн мазмуну окшош бирок таптакыр . башкача маанини туюндурат Дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө бул

, термин менен акысыз жардам көрсөткөн айланадагы жашоону , , жакшыртууга өз салымын кошкон жакын адамдарга айлана чөйрөгө

, кам көргөн жеке жалгыз өзүнө таандык керектөөлөрдөн тышкаркы . милдеттердижана көйгөйлөрдү чечкен адамдарды аташат

20 . Бул терминдин азыркымазмуну кылымдын экинчижарымында калыптанган , 20 Анткен менен бул сөздүн негизин түзгөн көрүнүш кылымдын экинчи жарымында - .дүйнөдө өзүнөн өзү пайда болуп калбаганы түшүнүктүү

, Жогоруда айтылгандай мындай ишмердүүлүктүн негизин жеке керт баштын , , ( )кызыкчылыгын гана көздөбөгөн өзүнө эмес башка бирөө коомго же балким бүт дүйнөгө

. пайда алып келген иштер түзөт Ишти жасап жаткан адамдын өзүнө пайда алып келбеген 18 .өзгөчө ишмердүүлүкжөнүндө идея термин катары кылымда киргизилген

“ ” “ ” Альтруизм термини күндөлүк колдонууга социология илиминин (1798–1857) “ ” негиздөөчүсү Огюст Конт тарабынан эгоизмге каршы

. “ ” түшүнүк катары киргизилген Өзүм үчүн принцибине каршы“ ” . . . башкалар үчүн принциби коюлган СИОжеговдун орус тил

“ ” - “ сөздүгүндө альтруизм термини жеке кызыкчылыктарды, ойлобостон башка бирөөлөргө пайда алып келүү үчүн чын дилден

” . ишжасоого даярдык депжазылат

, , . Бирок албетте мындай ишмердүүлүк дүйнөжаралгандан бери эле болгон, - , , Боорукерлик бири бирине жардам көрсөтүү жакын адамдарга кам көрүү альтруизм

– , сөздөрү ар кылымда ар кандай калыптанып жана ар башкача аталса да бул . терминдердин уңгусундажаткан түшүнүк адам баласына абалтан белгилүү

20- . кылымда адистештирүү адамзатжашоосунун бардык чөйрөлөрүнө таасирин тийгизди Бардык иштер институтжана адам ишмердүүлүгүнүн айрым түрлөрү катары өз таризине

. . – ээ болду Адамдаргажардам берүү да өз ордун тапты Акы төлөнүүчүжардамдар , – - социалдык иштер деп аталып акысызжардамдар топтордун бири биринежөнөкөй

. жардамыжана волонтёрдук катары орун алды

Мазмуну боюнча ыктыярдуу кыймылжана өз ара жардам берүү топтору болуп эсептелген , 19 . биринчи түзүлүштөр азыркыдай түрдө кылымда пайда боло баштаган Жашоонун

, , бардык чөйрөлөрүндө индивидуализм гуманизмдин өнүгүшү жана эң негизгиси жашоонун жана шаарларды өнүктүрүүнүн адаттагы тартибинин өзгөрүшү өз ара

. жардамдашуунунжаңы аспаптарынын пайда болушуна өбөлгө түздү

, Жашоонун салттуу тартиби боюнча конкреттүү социалдык катмардын алкагында социалдык өз ара мамилелердин ченеми

( катары өз ара жардамдашуулар болгон бүгүн сенде түшүм болбой

1

Page 2: волонтерлук деген эмне

, , , калды эмки жылы менде болбой калышы мүмкүн азыр мен сага нан берип турам кийин ). сен мага бересиң Ошондой эле бай адамдар жөнөкөй жана чектелүү түрдө кедейлерге

. , ,жардам берүүгө милдеттүү болгон Шаарлардын жаралышы индустриализация , - класстардын аралашуусу көнүмүш социалдык мамилелердин жоголушу жаңы

, . жакырчылыкка шаарлардын жакырчылыгына алып келди Айыл жашоосунан , . -айырмаланган мындай жагдайда өз алдынча жан багып кетүү өтө кыйынга турган Бири

. биринежардамдашуунунжана колдоо көрсөтүүнүн адаттагы түрлөрүжоголо баштаган

, , Кеңири жардамдашуунун биринчи бирикмелери Улуу Британияда Германияда АКШда 19- . кылымда түзүлгөн христиандык общиналар болгон Алар шаарлардын өтө ыкчам

, индустриализациясынан жабыр тарткан калктын социалдык жактан корголбогон . катмарларына жардам берүү боюнча уюштуруу иштерин негиздешкен Ал общиналардын

. жана кыймылдардын көпчүлүгү азыр да бар

Волонтёрлуктун тарыхы биринчи жана экинчи дүйнөлүк согуштардын кийин түзүлгөн . жигердүү коомдук кыймылдардан башталат Ал убакта адамдар кыйраган шаарларды , калыбына келтирүү башкалардан көбүрөөк жабыр тарткандарга жардам берүү үчүн

. , биригишкен Мындай уюмдардын биринчилери болуп биринчи дүйнөлүк согуштан кийин - . уюштурулган немецтик француздук жаштар лагери эсептелет Францияда Верден

шаарына жакын жерлерде волонтёрлор биринчи дүйнөлүк согуштан кыйраган . “ - ,фермаларды калыбына келтиришкен Лагерь Бири бирине каршы согушкандан көрө

” . чогуу иштегенжакшы урааныменен иш алып барган

,Коомдук мамилелердин маанилүү бөлүгү катары ыктыярдуулукту расмий түрдө таануу 60-80 . бүт дүйнө жүзүндө жылдары жигердүү башталган Бул убакытта ар кандай

өлкөлөрдө ыктыярдуулукту колдоо боюнча атайын департаменттер жана ведомстволор . мамлекеттик деңгээлде түзүлө баштаган

, – , –Мисалы Улуу Британияда Волонтёрдук уюмдардын улуттук кеңеши Германияда , – Германиядагы улуттук ыктыярдуулук агенттиги АКШда АКШдагы ыктыярдуу

. иштердин улуттук борбору түзүлгөн ( Барак Обама кызматына киришкенден кийин биричижолу)

– кабыл алган биринчимыйзамдарынын бири Америкага кызмат , кылуужөнүндө мыйзам болгон жана ал ыктыярдуулук ишинин

. “ мүмкүнчүлүктөрүн бир кыйла кеңейткен Биздин өкмөт өлкөнүн , экономикасын калыбына келтирүүгө билим берүүнүн сапатын, жогорулатууга саламаттыкты сактоо системасын реформалоого

жана аскер кызматкерлерининжана ардагерлердин , муктаждыктарын канааттандыруугажардам бере алат бирок бизге балдардын

, насаатчылары болууга оорулууларга кам көрүүгөжана өз үйүнөн алысжерлерде - аскердик кызматын өтөпжүргөнжоокерлердин үй бүлөлөрүнө колдоо көрсөтүүгө даяр

”, - . америкалыктардынжардамы керек деп Обама өз сөзүндө айткан 90- Ал эми жылдары ар кандай өлкөлөрдүн ыктыярдуулук демилгелери жана кыймылдары

, - . чек араларды жокко чыгарып бири бири менен жигердүү өз ара иштеше башташкан Эл аралык волонтёрдук уюмдар жана волонтёрлорду эл аралык алмашуу белгилүү боло

( , баштаган бирок биз билгендей мындай иштер биринчи дүйнөлүк согуштан кийин эле ).болгон

Бүгүнкү күндө Канаданын жашоочуларынын үчтөн бир бөлүгүнө жакыны волонтёрлор . болуп эсептелет Германиянын ар бир төртүнчү жашоочусу волонтёрдук ишмердүүлүктүн

. 20 катышуучусу Францияда калктын пайызга жакыны ыктыярдуулук ишмердүүлүгүнө ( ). жигердүү катышат анын ичинде альтернативалуу аскердик кызматка Көптөгөн өлкөлөрдө волонтёрдук ишмердүүлүк аскер кызматынын альтернативалуу жоромолу

. , ,болуп саналат Волонтерлук ишмердүүлүктүн жыйынтыктары Канаданын АКШнын , ( Швециянын Норвегиянын жана башка европа өлкөлөрүнүн жылдык ИДП ички дүң

) . продукциянын эсебине кошулат

19- , , кылымда Россияда ырайымдуулук иштери коомдук кайрымдуулук ишмердүүлүгү жарандык жигердүүлүктүн дээрлик

2

Page 3: волонтерлук деген эмне

. , жалгыз мыйзамдуу чөйрөсү болуп келген Шайлоо укугу болгон эмес партияларды жана , “ ” профсоюздарды түзүүгө тыюу салынган бардык идеялык ийримдер дароо полициянын

. көзөмөлүнө түшкөн Калктын прогрессивдүү жана жигердүү бөлүгү ошол убактагы , , ,боорукерлик коомдорунун кайрымдуулук коомдорунун кам көрүүчү кеңештердин

(интеллигенциянын ар кандай демилгелердин иштерине кошулушкан Земство , . .). дарыгерлеринин кыймылы Орус аялдар өз ара кайрымдуулук коому жб Россияда

жетим балдар жана калктын башка аялуу топтору үчүн уюштурулган мекемелердин , көпчүлүгү ал убакта мамлекетке эмес Чиркөөгө же ар кандай кайрымдуулук

. бирикмелеринежана демилгелерине таандык болгон

90- . Заманбап түшүнүктөгү ыктыярдуулук Россияда жылдары өнүгө баштайт Советтер , , - , союзу ыдырап социалдык система кыйрагандан кийин бири бирине жардам берүү укук , коргоо ишмердүүлүгү экология жана маданият чөйрөсүндөгү иштер менен алектенген өз

. алдынчажарандык бирикмелер пайда болот

1995- ,жылы гана Россияда кайрымдуулук ишмердүүлүгү укуктук негизге ээ болуп .ыктыярдуулук түшүнүгү ошондо бекитилген

Көп убакыт бою ыктыярдуулукту мамлекет тарабынан колдогон реалдуу механизмдер . 2006 , 2014-жана программалар түзүлгөн эмес Бул туурасында Россияда жылы жылы

Олимпиаданы Сочиде өткөрүү жөнүндө макулдашууга кол коюлгандан кийин биринчи . жолу айтылат Кол коюлган макулдашуулардын алкагында Россия олимпиаданын

. уюштурулушуна он миңдеген волонтёрлордун катышуусун камсыздашы керек эле

. ,Булжагдай мамлекеттин ыктыярдуулук темасына кызыгуусуна алып келди Ошондой эле ,волонтёрлуктун өнүгүүсүнө федералдык жана субъекттик деңгээлде колдоо көрсөтүүгө ыктыярдуулукту өнүктүрүү борборлорунун жана ыктыярчылардын катышуусу менен эл

- . аралык иш чаралардын операторлор борборлорунун ачылышына өбөлгө түзүлдү

. Волонтёрлормененишалып барууну уюштуруу Волонтёрлорменен иштешүүнүн . өзгөчөлүктөрү

Волонтерлук бул башка адамдарга жардам берүү жөнүндө өз алдынча кабыл алынган . , , чечим Волонтёрдун кылган ишинин негизинде мажбурлоо же пайда табуу эмес ак ниет

. , ыктыярдуулук жатат Анткен менен ак ниет ыктыярдуулук менен кошо жоопкерчилик - , . жана акыл эстүүлүк болмоюнча алжакшыжемиштерди алып келе албайт

, Волонтёрлор менен иштешүү жөнүндө кеп кылып жатканыбызда сөзсүз . түрдө бир катар өтө маанилүү нерселерге көңүл бурушубуз керек Эң

, – , “ негизгиси волонтёрлор иштерди акысыз аткарган кайдан жайдан ” . ( ) келген адамдар эмес КЭУ коммерциялык эмес уюм кызматкери

, “ ” чалып кандайдыр бир ишти аткарып берип коюңуз деп суранарын . күтүп эле отурган адамдар эмес Волонтёрлукка адамдар өзүнүн өтө . терең ички умтулуу менен келишет КЭУ тарабынан сунушталган иштер , , ошол умтулууларды канааттандырбаса алардын көңүлү калып бул

. иштен кетип калышымүмкүн – , , , Волонтерлук убакыт билим башкаруучулук күчтү акча каражаттарын жумшай турган

. – ресурс Волонтёрлор менен иштөө көңүл бурууну жана камкор башкарууну талап кылат – , . дал ушундай мамиле болгондо гана ишнатыйжалуужүрөтжана өнүгөт

/Волонтёр ыктыярчы – ( ),өз ыктыяры жана чын дили кандайдыр бир акы күтпөстөн , , , өзүнүн убактысы күчү билими адамдык сапаттары менен коомдук пайдалуу ишке

. катышкан адам

Волонтёрлорду башкаруу – волонтёрдук эмгекти уюштуруу процесси жана / , , , волонтёрлорду ыктыярчыларды тартуу тандоо кызыктыруу координациялоо жана дем

. берүү боюнча иштерди камтыйт

, Волонтёрлордун координаторунун көз карашынан алып караганда волонтёрлор менен / : иштөөнүн өз ара иштешүүнүн өзгөчөлүгү төмөнкүдө

3

Page 4: волонтерлук деген эмне

1. Волонтёрлор ишке катышуу жөнүндө чечимди өз алдынча кабыл алышат . жана өзү каалаган убакта бул ишти токтото алышат

/ КЭУ коомчулуктун ишине катышууда ар кандай тараптарга ( ,карата жоопкерчиликтер пайда болот КЭУ кызматкерлерине

, кайрымдуулук иштерин алуучуларга социалдык мекемелердин , . . ). ,өкүлдөрүнө башка волонтёрлорго жб карата Демек

волонтёрлордун координатору мамилелердин жана эрежелердин :системасын калыптандырууда эмнелерди эске алышы керек , ( биринчиден ыктыярчылардын эркиндиги алар өзү каалаган

) .учурда ишти аткаруудан баш тарта алышат эске алынышы шарт , Ал эми экинчиден иштин көпчүлүк мүчөлөрү эрежелерди жана

/ , топтун коомчулуктун ичинде да андан тышкары да өз ара мамилелердин этикасын . сактоосун камсыздашы керек

2. Волонт .ёлордун убактысычектелүү . Волонтёрлор аткара турган иштерди алдын ала бөлүштүрүп коюу оң Ар бир

. волонтёрго так милдет берилиши керек Ошол эле учурда алар жалпы максатты . билиши да маанилүү Ар бир ыктыярчы узак мөөнөттүү максаттарды жана уюмдун

/ милдеттерин билгенде гана волонтёрдук топтордун коомчулуктун иши . натыйжалуу жүрөт Жалпы милдеттерди аткарууда уюштуруучу ар бир

. волонтёрдун өзүнө ылайыктуу ишти тандап бериши керек

3. Волонтер лорду үйрөтүүжана коштоо керек. , “ ” , Биринчиден көпчүлүк учурда волонтёрлордун өзүнүн кадимки жашоосунда алар

.азыр волонтёр катары аткарып жаткан иш боюнча тажрыйбасы болгон эмес , . Экинчиден КЭУнун же топтун иши уникалдуу жана жекече методика Ал эми

2- , жогорудагы пунктту эске алуу менен иш бөлүктөргө бөлүнгөндүктөн натыйжада , иш ырааттуулук менен жүрүп милдет толугу менен

. , аткарылышы абдан маанилүү Андыктан волонтёрлор , , ,менен иштешүүнү баштаардан мурда окутуу даярдоо

– , насаатчылык процессин уюштуруу зарыл мисалы тигил же бул уюмдун милдеттерине кандай аспаптар көбүрөөк

. ылайык келет Кийинки иште да волонтёр суроолору менен , кимге кайра аларын ага ким колдоо көрсөтөрүн билиши

. абзел Мурдатан иштеген волонтёрлор жаңы иштеп . баштаган волонтёрлорго колдоо көрсөткөндөй системаны калыптандыруу эң туура

4. – Волонтёрлорго демберүү уюштуруучулардынмилдети. . Волонтёрлор акы албай иштешет Бирок алар ишти

.аткаруудан эч нерсе албайт деген жаңылыштык Көпчүлүк учурда алар ишти аткаруудан алган

, . нерсеси акчадан алда канча баалуу Бул бирөөгө - .керектүү болуу жана ой тилектерди ишке ашыруу

. Бул мааниси терең иштер Бул жагымдуу адамдар .менен жигердүү жана позитивдүү байланыш түзүү

Волонтёрлордун координаторунун милдети жагымдуу ички маанайды түзүү жана , , “ ” ,колдоо волонтёрлорго дем берүү кайтарым байланыш каналын уюштуруу

, ,чыгармачыл мамилени колдоо волонтёрлор сунуштаган идеяларды ишке ашыруу , команда түзгөн иш чараларды уюштуруу жаңы келген волонтёрлорго кесипкөйлүк

. менен колдоо көрсөтүү Волонтёрлорго жана алардын умтулууларына кам , / . көрүлбөсө бул анын топтон уюмдан кетип калышына алып келет

4

Page 5: волонтерлук деген эмне

5. – . Волонтёрдук дайыма ар бир адамдынжекече баяны, . Ошондуктан ар бир адам менен жекече иштөө эң дурус Ошондо анын

. жигердүүлүгү жалпымаксат үчүн максималдуужыйынтык бере алат

.Волонтёрлордун эмгегин уюштуруу

– . . Биринчи баскыч даярдык Максаттардыжанамилдеттерди аныктайбыз :Волонтёрлордун ишинин чечмелөөсүн даярдайбыз

Сиздин командадагы волонтёрлордун ишин уюштурууга киришүүдө ыктыярдуу эмгектин . беш өзөктүү өзгөчөлүктөрүн түшүнүү керек Алар ыктыярдуу топтун уюштуруучусунун

. ишмердүүлүгүн курууда эң негизги ачкычтар болуп эсептелет

:Иштин уюштуруучусунун алдында оңой эмес милдетжана толтура суроолор турат- Ар бир катышуучу каалаган учурда кетип калышынэске алуумененпроцессти

?кантип түзүү керек- 10 ?жөнөкөй ишти бөлүккө кантип бөлүү керек- , эгер адамдардын эчкандай тажрыйбасыжана квалификациясыжокболсо

?сапаттуужыйынтыкка кантипжетишүүгө болот

, , Ошондуктан эң оболу аныктап ала турган нерсе кандай жыйынтык жана кандай . кошумча ресурстар үчүн Сиздин уюм бул жол менен жүрүүгө даяр Ыктыярчылар

. сиздерге эмне үчүн керек экени жөнүндө ойлонуңуздар Алардын жардамы менен сиздер ? ? эмне кыла аласыздар Кандай маселени чече аласыздар Кайсыл жыйынтыкты

? ? жакшыртуу керек Кайсыл ресурсту көбөйтүү керек Мындай суроолордун үстүндө , ойлонуу Сизге кандай ыктыярчылар керек экени жөнүндө түшүнүк берет ошону менен

. бирге алар менен бирге басып өтчү кыйынжолго Сизге дем берет

Волонтёрлор менен иштешүүнүн даярдык көрүү баскычы ички инвентаризация . –процессин талап кылат Волонтёрлор менен иштешүүнүн ийгилигинин эң негизгишарты

. волонтёр уюмдун максаттарынажанамилдеттерине тилектеш болушу Ыктыярчылар . сиздердиншериктештериңиздер болушу керек Ал эми бугажетишүү үчүн алар сиздер

. жасапжаткан ишти так түшүнүшү керек, – Ошондуктан сиз аткара турган биринчи иш , уюмдунмиссиясын анынишинин

, максаттарынжанамилдеттерин ал карманганпринциптерди такжана . түшүнүктүү айтып берүү

, , Бул үчүн колуңузда буклет баракчаже документ болгону дурус аларды сиз волонтёрго . берип кое аласыз

.Даярдыккөрүү баскычынынэкинчи элементи

. Болочок ыктыярчылар үчүн алар жасай турган иштерди сүрөттөөнү даярдоо Көпчүлүк . учурда бул уюштуруунун эң татаал баскычы Эгер Сиздин уюмдун ыктыярчылары кандай

, милдеттерди чечээрин аныктап алган болсоңуз ар бир ыктыярчы кандай ишти аткарарын . , – . 5 8 жазыңыз Эсиңизде болсун волонтер кызматкер эмес Ал жумасына күн саат бою

. иштей албайт Балким ал сиздин уюмга жумасына бир күн же бир нече саат убактысын . , бөлүүгө даяр Ушундай эсептен улам ыктыярчылар аткара турган иштерди

. пландаштырыңыз

. Ыктыярчылардыиздөөжана тандоо

Кандай иштерди аткарууга адамдарды табуу зарыл экенин аныктагандан кийин ойлоно : ( ) ? ?турган суроолор сиздин максаттуу аудитория МА ким Кандай адамдарды табуу керек ? Аларды кайдан издөө керек

, Эгер сиз фандрайзингдик акцияны өткөрүү үчүн волонтёрлорду издеп жатсаңыз жана - – бул иш чарада аукцион өткөрүп же баракчаларды таратуу керек болсо сизге дем алыш

- күндөрү убактысы жана иш чараларда өзүнүн чыгармачыл жана баарлаша билүү . ? талантын көрсөтүүгө каалоосу бар жаштар керек Аларды кайдан табабыз Ар бир жолу

5

Page 6: волонтерлук деген эмне

. , бул биздин шаардагы жагдайга жараша болот Балким аларды кызыгуулар боюнча , клубдардан социалдык тармактардан же университеттерде жарыя баракчасын илүү

. аркылуу издейсиз ( ,Эгер сиз оор патологиялары бар балдарды карап турууга аялдарды издесеңиз мисалы

- , баланын ата энеси өз иштери менен барып келүүсүнө мүмкүндүк түзүү үчүн жуманын иш ), күндөрүндө бир жолу бир нече саатка баланы карап турууга сизге өз балдары чоңоюп

, . калган эркин графикте иштеген же пенсиядагы аялдар ылайыктуу Аларды диний , , коомчулуктар райондук гезиттердеги радио жана телевидениедеги жарыялар аркылуу

. издесеңиз болот

Ар биржолу сиздергежардам бере ала турган адамдардыжана аларды кайдан табуу . керектигин элестетүүгө аракет кылуу керек

. Бирок ар бир иш үчүн бир гана аудитория бар деп ойлоо туура эмес Бирок бул ылайыктуу . волонтёрлорду табуугажардам беретжана аларды тандоого убактыңызды үнөмдөйт

, Ыктыярчыларды кайдан издөө керектигин аныктагандан кийин алдыдагы милдетти так . , . чагылдырган чакырык керек Чакырык кыска нуска жана так болушу шарт Эгер сиз

“ , , ” адамдарды иштөөгө чакырыпжатсаңыз келиңиздер санаасыз көңүл ачып эс алабыз деп . жазбаңыз

Демек:- МАаныктаңыз- МАменен байланышуунунжолдорун аныктаңыз- чакырыкты тууражазыңыз

Сиздин андан аркы милдет сиздердин долбоорго волонтёрлордун кошулуу чекитин . аныктоо жана тандоо өткөрүү Кошулуу чекити уюмга волонтёрлорду кабыл алуу

. – процессин түшүнүктүү кылууга жана көзөмөлдөөгө жардам берет Кошулуу чекити сиз , гезиттеги жарыяда көрсөткөн күнү жолугушуу волонтёр сиздердин сайтта толтурган

, . анкета психолог менен жекече маектешүү болушу мүмкүн Бардыгы сиздин Бардыгы . , сиздердин милдетке жана ресурстарга жараша болот Эң негизгиси бул процесс . башаламан болбошу керек Сиздер адамдарды алар сиздерге жардамдашуусу үчүн

. – чакырып жатасыздар Сиздин милдет жардамды алуучуга жана ыктыярчыга колдоо . көрсөтүү

, Муну эсиңизден чыгарбаңыздар жана волонтёрлордун көңүл ачуусу үчүн сервиске . , – ,айланбаңыздар Дал ошондуктан сиздин милдетиңиз сиздин долбоорго ылайыктуу

сиздин уюмдун жана сиздер камкордукка алган адамдардын кызыкчылыгы үчүн иштөөгө . “ ” . даяр адамдарды тандоо Жок деп айтуудан коркпоңуз Тандоо баскычындагы эң башкы

– нерсе потенциалдуу волонтерлорго карата критерийлерди жана талаптарды аныктап ( , , , алуу талапты катуу койбоңуз алар кызматкерлер эмес жана адатта кесипкөй адамдар ). , , эмес Мындан тышкары ыктыярчыга сиздин уюм менен уюмдун миссиясы милдеттери

. жана принциптери менен таанышууга мүмкүндүк бериңиз Андан кийин тандоо . процедурасынжүргүзүңүз

, . Бул үчүн маектешүү өткөрүп же тесттик тапшырма берсеңиз болот Же болбосо тренинг, . өткөрүп анынжыйынтыктары боюнча адамдарды долбоорго чакырсаңыздар болот

Волонтерду  .ишке даярдоо 

.Сиз өзүңүзгө ылайык келет деп ойлогон адамдарды тандап алдыңыз Кийинки баскыч  –  . ( ишке киргизүү Иш кандай экенине жараша акцияда баракчаларды

, , ) таратуу аралыктан туруп форумду администрациялоо балдарды багуу адамды ишке   . ,киргизүүнүн ар башкаыкмалары болушу мүмкүн Эсиңизде болсун   волонтёрдун  ишинин 

ийгилиги   , көбүнчө Сизден Сиз анын милдеттерин кандай жакшы түшүндүргөнүңүздөн .жана аны аткарууга кандай даярдаганыңыздан көз каранды болот

Окутуунун формасы ар башкача болушу мүмкүн  :-нускамалоо;- кызматкержежашыулуу волонтёр  устат болот-тренингдер   жана семинарлар ( )бирден бир нечеге чейин

6

Page 7: волонтерлук деген эмне

-вэбинарлар  ( - жана тармактагы материалдар эсиңизде болсун мында сиздин !)материалдарыңыздыадамкарапкөргөнүн сиз толук биле албайсыз

  . , Окутуунун формасы иштин түрүнө жараша болот Бирок эң башкысы окутуунун

жыйынтыгында   волонтёр   , бир гана конкреттүү жумушту аткара билбестен командада , иштөөгө иштерди аткарууда коммуникациянын эрежелерин  ( ,сактоого үйрөнүшү мисалы

), сиз кызматташып жаткан мекеме менен чатакташып кетпеши керек сиздин .максаттарыңызды тең бөлүшкөн сиздин колдоочуңуз болушу керек экендигин унутпаңыз

Даярдоонунжана окутуунун максаты – волонтёрду  :төмөнкүлөргө үйрөтүү- уюмдунмаксаттарынжана баалуулуктарын тең бөлүшүү- командада иштей билүү- эрежелер  менен иштей билүү- конкреттүүжумушту аткара билүү Волонтёрдун  .ишинкоштооСиз волонтёрлорду  , , .таптыңыз сиз ылайыктууларын тандап алдыңыз сиз аларды окутуңуз  

.Ушуну менен эле баары бүтүп калбайт   Эми эң татаал этабы башталат – волонтёрлорду  сиздин уюмдун командасында кармап

. , ( , ,калуу Адамдар акысыз бош убактысында бул убакытты алар эс алууга хоббисине , , - ) .досторуна жеке турмушуна үй бүлөсүнө арнай алышат эле иштешет

Адамдын алгачкы  энтузиазмы  ( басылгандан кийин кетип калбасын үчүн бул сөзсүз боло ) , турган нерсе сиз анын мотивдери дайыма аракетте болуп ал жумуштарды аткарууда

, ыңгайсыздыкты сезбеш үчүн өзүн ташталган адам катары жана бирөөлөр колдонуп - .жаткандай сезимдери болбош үчүн күч аракетжасашыңыз керек

, Эң кызыгы бул милдеттердин көпчүлүгү жөн гана милдетин түшүнүү менен аткаргыдай шарт  .уюштуруп берүү аркылуу чечилет   ,Эгер төмөнкүлөр бар болсо  волонтерго жеңил

:болот -    Милдеттер так коюлсажанажыйынтыгы түшүнүктүү болсо- Иерархияны  жана түзүмдү такжана туура түшүнсө- Уюмменен дайыма байланышыбар болсо- Коомдоштукка кошулуу- :Ишиндеги багыт бергичтер   ,нускамалар   ,эскерткичтер  жол

,карталары  функционалдар  бар болсо - кайтарымбайланышмүмкүнчүлүгү бар болсоВолонтёр  , , эмне жумуш аткараарын тапшырма үчүн ким жооптуу экенин суроолору жана

,көйгөйлөр пайда болсо  кимге  , кайрылуу керектигин тапшырманы кантип  так чечүү . . керектигин түшүнүшү керек Аны тапшырманы аткарууда жалгыз калтырбоо керек Иш

процессинде волонтёр  менен коммуникация –  .уюштуруу милдетинин маанилүү бөлүгү , , , Эгер суроолор пайда болсо жанында болуу кайтарым байланыш алуу жумуш аяктаганда

рахмат айтууну жана сөзсүз түрдө жалпы жыйынтыкты көрсөтүүнү унутпаңыз – булар волонтёрлордун  ишин коштоодогу жумушту уюштуруучунун негизги

.милдети Негизи өзүнүн ишинин жыйынтыктарын билүү волонтёрго  .көбүрөөк өбөлгө берет - , , Анткени ал көбүнчө иштин кайсы бир бөлүгүн этабын гана аткарат жана өзүнүн ишинин

.жыйынтыгы эмнеге алып келээрин билбейт ( ) Экинчи маанилүү фактор болуп көпчүлүк үчүн биринчи фактор көйгөйдү чечүүдөгү

, ( жеке мотивдер жеке кызыкчылыктар эсептелет ошондуктан көбүнчө паталогиясы бар - , балдар үчүн алардын ата энелери жана туугандары жеке жашоосунда буга окшош

мисалдары бар ж.б.у.с. адамдар жакшы волонтёр  ). болушат   ,Ошондуктан   сиздин ишмердүүлүгүңүздүн максаты күндөлүк иштер менен басылып калбоосу жана сиз

өзүңүздүн  волонтёрлоруңузга   бул ишти эмне үчүн жасалып жатканын эскертип .турганыңыз маанилүү

Көптөгөн волонтёрлор  .үчүн үчүнчү маанилүү фактор болуп коммуникация эсептелет Алардын ыктыярдуу ишке келишинин мотиви –  , жалгыздык сезими жеке максаттарын

ишке ашыра  албастыгы жана жанында ишеними менен кызыкчылыктарын тең бөлүшкөн . . адамдардын жоктугу болот Алар үчүн баарлашуу маанилүү Анын ичинен формалдуу

эмес баарлашууларды ( , топтун жолугушуусу   , бирге чай ичүү майрамдар ж.б.у.с.), топтун - . жолугушууларын жана топтук иш чараларды өткөрүңүз Бул болсо баарлашууну

7

Page 8: волонтерлук деген эмне

маанилүү деп эсептеген адамдар үчүн эмоционалдык жактан бошонуу жана мотивин .жогорулатуу үчүн абдан маанилүү

Волонтёрлордун  көпчүлүгү үчүн ыктыярдуу ишке катышуу –  карьерасында же жеке .турмушунда көрсөтө албаган жөндөмдөрүн көрсөтүү мүмкүнчүлүгү   ,Бул өзүн ачып берүү

( балдар менен иштөө мисалы биздин фонддо чоң финансылык компаниянын директору ), .кичинекей балдарды көп жыл бою багып берген уюштуруу иштери же акцияда иштөө  

, Адамдар үчүн бул өзүн көрсөтүү өзүнүн катылып жаткан таланттарын жана жаңы .жөндөмдөрүн ачып берүү мүмкүнчүлүгү  Алардын  муктаждыктары менен каалоосун

. угуңуз   Мисалы бухгалтер өмүр бою  балдар менен бирге чоподон буюмдарды жасоону , кыялданып жүргөн болушу мүмкүн ал эми сүрөтчү жакшы уюштургуч болгону  , менен бул

.сапатын турмушта колдоно албайжүрүшү мүмкүн Адамдарды командада кармап калуунун дагы бир маанилүү фактору алар үчүн өсүү

мүмкүнчүлүгү – адегенде волонтер  , , катары келип кийин топтун координатору андан ары . кызматкерге чейин жетүү мүмкүнчүлүгү Эгер сиздин уюмда  волонтер  үчүн өсүүгө шарт

бар болсо –  сиз дарамети бар адамдардын  майнаптуу  . эмгектенгенин көрө аласыз Алар , үчүн башка көптөгөн адамдар сыяктуу эле кайтарым байланыш алуу  –  ишти

, - жакшыртууну сунуштоо сын пикирин ачык айтуу –  -жана натыйжада сунуш пикиринин эске алынганы жана кабыл алынганы  . маанилүү фактор болуп эсептелет   -Сын пикирди 

, кабыл алуудан коркпоңуз жаңы адамдар өздөрү менен ала келген идеяларды  угуудан . . качпаңыз Аларда көптөгөн жакшы сунуштар бар болушу мүмкүн Эч ким сизди алардын

. сунуштарын дароо аткарууга мажбурлабайт   Бирок сиз угуп жана ойлонуп көрүшүңүз . керек Бул  волонтерго  , канааттануу сезимин берсе ал эми сизге өсүү үчүн жаңы

.идеяларды беришимүмкүн , , , , Көптөгөн адамдар үчүн өзгөчө жаштар үчүн бул жаңы билим тажрыйба чеберчилик 

алуунун  , ыкмасы ал адамдарга келечектеги жолун тандоого же жумушка орношуу үчүн .тажрыйба топтоого жардам бере алат   Алар үчүн сиздин компанияда практикадан өткөнү

же квалификациясын жогорулаткандыгы жөнүндө документ жакшы ресурс болушу .мүмкүн

Ыктыярдууларды  мотивдөөнүн  , дагы бир ыкмасы акчалай эмес чакан материалдык . сыйакы болушу мүмкүн Туулган күнүнө же жаңы жылга карата кичинекей  билет.

( ) Кафедеги акысыз кечеге абонемент уюм менен кызматташтыкта болгон кафелер же уюмдун директору  же  муниципалитеттинжетекчиси тапшырган грамотажеке маанисин

жана өтөгөн кызматтарын тастыктоо керек болгон ыктыярдуулар үчүн жакшымотив боло .алат

Волонтерлорду мотивдөөнүн  башкы ыкмасы – эгер  иштин жыйынтыгы сизге жакпаган .учурда дагы аларга аткарылганжумуш үчүн рахмат айтууну унутпаңыз

Волонтер  :үчүнмотив- ;уюмдунмаксаттарынжанамилдеттерин тең бөлүшүү- Өзүнүн  дараметин ачуужана өнүгүү- ;Жаңыбилимдерди алуу- ;Жаңытажрыйба алуу- ;Тапшырманыаткаруудагыжана андан кийинки коммуникация- ;Уюмдун ичинде өсүүмүмкүнчүлүгү- Тапшырманыаткаруу процессиндеги  ;кайтарымбайланыш- Чечимдерди  кабыл алууга катышуужекабыл алууга таасир берүүмүмкүнчүлүгү

- ;Демилге көтөрүүжана өзүнүн идеяларын сунуштоомүмкүнчүлүгү- Кошумча бонустарды  алуу  (грамот ,алар   , туулган күнүндөмайрамдарда ж.б.у.с. )белектерди алуумүмкүнчүлүгү

- Ага айтылганыраазычылык сөздөрү

Өзүн актуалдаштыруу, өзүн көрсөтүү –  бул  А.  Маслоу боюнча муктаждыктар пирамидасынын чокусу                   

8

Page 9: волонтерлук деген эмне

!Жанаыктыярдуулук бул чокуда турган нерсе

Руханиймуктаждыктар

инсандык өсүү өнүгүү - өзүн өзү таануу - өзүн өзү

актуалдаштыруу Эстетикалык

муктаждыктар сүйүү кубаныч гармония сулуулук

Чыгармачылмуктаждыктар

чыгармачылык жаратуучулук таануу ачуу

Урматтоогожана таанылууга

керектүүлүк маанилүү болуу

9

Page 10: волонтерлук деген эмне

муктаждык таанылуу - өзүн өзү урматтоо

Социалдык муктаждыктар

баарлашуу көңүл буруу кам көрүү колдоо көрсөтүү

Коопсуздук муктаждыктары

корголуу ишенимдүүлүк туруктуулук жайлуулук

Физиологиялык муктаждыктар

тамак суу уйку секс

10