Мекеним Кыргызстан

9
Сабактын соңку планы боюнча мелдештер Аты: Умарова Зарыл Тел: 0772442260 Облус: Талас Район: Талас Мектеп: Нанаев Касымкул Предмет: Мекен таануу 4-класс Сабактын темасы: Мекеним Кыргызстан Окуу этабы: 3 этап Сабактын узактыгы:45 мин. Сабактын максаты: 1) Окуучуларга Кыргыз мамлекетибиз өзүнчө эч кимге көз карандысыз мамлекет 1991-жылы 31- августа эгемендүү мамлекет болуп жарыялангандыгын,өзүнчө,гербге,тууга,гимнге ээ болгондугун түшүндүрүү. 2) Кыргыз мамлекетибиз 7 областан турарын түшүндүрүү. Алардын админстративдик аймактык бөлүнүштөрү жөнүндө маалымат берүү. 3) Окуучуларды эли жерин сүйүүгө,кыргыз мамлекетин чыңдап, көздүн карегиндей сактоого үрөтүү,окуучулардын кыргыз улутунуа болгон патриоттук сезимин ойготуу. 4)Кыргыз элинин улуттук маданиятын өстүрүп, кыргыз элинин ырларын ырдоого,улуттук бийлерди бийлөөгө үйрөтүү 5)Кыргыз элинин улуттук оюндарын ойноого үйрөтүү. 6)Кыргыз элинин улуттук тамактарын жасоону үйрөтүү. Сабактын жабдылышы: компьютер, мультимедия,ДВД, дисктер,графопроектор.

Upload: ajubuju

Post on 04-Jan-2016

270 views

Category:

Documents


19 download

TRANSCRIPT

Page 1: Мекеним Кыргызстан

Сабактын соңку планы боюнча мелдештер Аты: Умарова Зарыл Тел: 0772442260 Облус: Талас Район: Талас Мектеп: Нанаев Касымкул

Предмет: Мекен таануу 4-класс

Сабактын темасы: Мекеним Кыргызстан Окуу этабы: 3 этап Сабактын узактыгы:45 мин.

Сабактын максаты: 1) Окуучуларга Кыргыз мамлекетибиз өзүнчө эч кимге көз карандысыз мамлекет 1991-жылы 31- августа эгемендүү мамлекет болуп жарыялангандыгын,өзүнчө,гербге,тууга,гимнге ээ болгондугун түшүндүрүү. 2) Кыргыз мамлекетибиз 7 областан турарын түшүндүрүү. Алардын админстративдик аймактык бөлүнүштөрү жөнүндө маалымат берүү. 3) Окуучуларды эли жерин сүйүүгө,кыргыз мамлекетин чыңдап, көздүн карегиндей сактоого үрөтүү,окуучулардын кыргыз улутунуа болгон патриоттук сезимин ойготуу. 4)Кыргыз элинин улуттук маданиятын өстүрүп, кыргыз элинин ырларын ырдоого,улуттук бийлерди бийлөөгө үйрөтүү 5)Кыргыз элинин улуттук оюндарын ойноого үйрөтүү. 6)Кыргыз элинин улуттук тамактарын жасоону үйрөтүү. Сабактын жабдылышы: компьютер, мультимедия,ДВД, дисктер,графопроектор.

Page 2: Мекеним Кыргызстан

Гимн ырдалат, видеотасмадан Кыргыз мамлекетинин кооз жерлерин көрүү менен окуучулар өз колдорун жүрөгүнө коюп Кыргыз мамлекетинин гимнин ырдашат.

Сабакты баштоодон мурун жагымдуу жагдай түзүп алуу үчүн ар бир топтун лидерлерин тааныштырам

1)Биринчи топтун жетекчиси класстын алдыңкы окуучусу, бактылуу кызыбыз Нурай.

2)Экинчи топтун жетекчиси класстын күзгүсү болгон,акылдуу кызыбыз Назгүл.

3) үчүнчү топтун жетекчиси классыбыздын супер отличниги, эрктүү жигитибиз Бектур.

4) Төртүнчү топтун жетекчиси классыбыздын зиреги, айдай сулуу Айтурган.

4 топко бөлүнгөн ар бир топтун столунда бош вазалар орун алган. Ошол бош вазаларды гүлдөргө толтуруш керек. Кайсы топтун вазасында гүл көп болсо ошол команда сабакка активдүү катышат. 4 топко 4 конверт суроолору менен берилет. Суроого сабактын аягында жооп берет.

Page 3: Мекеним Кыргызстан

Бүгүнкү сабагымды интерактивдүү метод менен өтүп,формативдик баалоонун түрлөрүн б. а. өзүн-өзү баалоо усулун колдонуп, ар бир окуучуга баалоо баракчасын таратам. Топтор менен активдүү иштөөгө аракет кылам.

Анда эмесе “Мекеним Кыргызстан” деген видео тасмага көңүл бургула. ( Тасма 6 минутага созулат)

Бектур: Ээ калайык калың журт Менин айткан сөзүмдү ук Мен кыргызмын Адамзатка мүчөмүн Бүгүн мекнин мүчөлүм Мен да жутам силер жуткан абадан Силер ичкен суудан мен да ичем Силер жеткен XXI кылымга Мен да жеткем

Нурай:Мен –кыргызмын Мен – бүгүнкү эркин өлкө абалы Кийин келчү 100 жылдардан угулган Бүгүнкүгө коюп жаткан кадамы Элчилигим, журтчулугум белгилеп Гербим,туум турат мына желбиреп

Ибадат: Окуучу Кыргыз мамлекетинин туусун көтөруп чыгат.

1991-жылы 31-августа эгемендүү мамлекет болуп жарыяланды. 1992-жылы 5-мартында эгемендүү кыргыз республикасы үчүн зор окуя болду. Тарыхта биринчи жолу жаңы мамлекеттин туусу

Page 4: Мекеним Кыргызстан

желбиреди.Кыргыз республикасынын желеги кызыл түстөгү кездемеден турат.Бул мекен үчүн кашык каны калбай калганча күрөшүү дегенди билдирет.

Адинай: Сен жериңе жериң сага жарашып Түбөлүккө куттуу болсун ыйык Туу Дүйнө эли суктанышып,карашып Ала-тоодо желбирей бер сыймыктуу

Гүлжигит: Желбирейт кыргыз Туусу боюн керип Ободо бейпилдиктин шаңын берип Бактысы элибиздин бүт ачылып Эркиндик түбөлүкө келди тийип

Данияр: Кыргыз Республикасынын Герби- Кыргыз республикасынын мамлекеттик эмблембасы Гербдин автору А.Абдраев,С.Дубанбаев 1994-жылы 14-январда кабыл алынган. Гербде негизинен ак мөңгүлүү тообуз,көлүбүз,ар жагында нурун чачып күн турат. Ошондой эле элибиздин дыйканчылыгын айгинелеген пахтасы, буудай чекеси оролуп ортосунда эркиндиктин символу болгон канатын жайып Акшумкар тартылган.

Гербдин негизги идеясы Кыргызстанда жашаган элдин биримдигин чыңдоо.

Page 5: Мекеним Кыргызстан

Айтурган: Чалкып жаткан Ысык-Көл Ак шумкарды талпынтып Гербин тарттым кыргыздын Бүт дүйнөгө тааныттым

Жылдызхан: Кыргыз Герби эгемендик белгиси Күн жаркырап тийип турат нур чачып Кыргыз эли жаңырды эми түбөлүк Нечен кылым зарлап келген жол басып

Назгүл: Мамлекеттик Гимн Кыргыз Республикасынын оригиналдуу символу болгон салтанатуу ыры. Мамлекеттик Гимн 1992-ж 18-декабрда Кыргыз республикасынын жогорку кеңешинин токтому менен бекитилген Гимн Ж. Садыков, Кулуев тарабынан жазылган. Гимнде Кыргыз элинин,жеринин байлыгы сулуулугу жөнүндө маалымат бекип ,анын милдеттүү белгилерин,өзгөчөлүктөрүн ачуу менен кыргыз жеринин тарыхы, ата-бабаларынан калган мурасы,келечеги даңазаланат.

Мугалимдин сөзү: Ошентип мамлекетибиз эгемендүүлүккө ээ болуп,мамлекетибизде биринчи президент Аскар Акаев болду. Эгемендүү мамлекет болуп эч кимге көз каранды болбой өзүбүзчө өнүгүп жатабыз

Page 6: Мекеним Кыргызстан

Эгемен Мекен эсен бол Ибадат: Даңазалап ыйык жолду бараткан Суулар ырдайт,тоодон ылдый шар аккан Кыргызстан өлкө дүйнө тааныган Туу көтөрүп досторуна жанашкан Сырга: Ташкындуу тарых жолунда Баскансың кандуу эчен жол Эңсеген күнүң нур чачты Эгемен мекен эсен бол Адинай: Ата бабам эңсеген Тилегиң келди берип кой Түбөлүгүң түз болсун Түпкүлүү Мекен эсен бол

Марлен: Мээримиң чачып жылмайып Эченге достук берип кол Эртеңи үчүн элимдин Эгемен мекен эсен бол

Арзымат:Эгемен деген атыңды Элиңдин чексиз багынан Сен үчүн болуп жан курман

Видеотасмадан Кыргызстанды даңазалап , Алекс ырдайт. Ырдап жаткан учурда Кыргызстандын 7 областын видеотасмадан көрүп

Page 7: Мекеним Кыргызстан

турушат (видеотасма 2 мин. созулат)

Эгемендүү мамлекетибиз белгилүү 7 областан турат. Биздин мамлекетибиздин гүлдөп өсүшүнө ушул 7 областын мааниси зор.Кеп ошол областарда болсун. Окуучулар 7 областы картадан көрсөтүп,ар бир областы даңазалашат, ар бир областы ыр менен ырдашып, борбор шаарын картадан көрсөтүшөт. Ысык-көл областы

Мээрим:Ысык-көл кээде толкун кээде тыптынч,

Толкусан толкунуна тен ортокмун.

Турмушта канча жолдош кутсом дагы,

Бир сырдуу сендей жолдош күткөн жокмун.

Нарын областы

Гүлина:Буркулдап зоону бузган Нарын дарыя Бурам деп бул дайраны ойлош кайда Бөрүндө жайкалып жатат Атбашы Табышмактуу Соң Көл кызыктырат далайды Баткен областы Назгүл:Баткен жери өрүк зардуу жер экен Кызгалдактар Айгүл тоодо жайнаган Арчалары асман тиреп, көк тиреп Кызуу эмгек кайнаган

Жалал- Абад областы

Чолпон:Ак алтынга үстү бай Кара алтынга асты бай Жазуучулар айткандай

Page 8: Мекеним Кыргызстан

Жалал-Абад жакшы жай Чүй областы Айтурган: Тоолорун казсаң алтын бар Тойгузган шекер канты бар Толтуруп жашоо кемтигин Төк пейил Чүйдүн калкы бар Ош областы Гүлжамила:Жерден жерди тандаган Тандап Ошту жайлаган Дыйкан болгон илгертен Бабаларга айланган

Талас областы Гүлжигит: Манас атам жердеген Айтылуу Манас жери экен Уч -Кошой,Беш-Таш, Кең -Колу Тарыхый сонун жери экен Озүбүз Талас областында жашагандыктан хор менен Таласым деген ырдап беришет. Таласта биз Манастын күмбөзү менен сыймыктанабыз. Кыргыз Мамлекетининин улуттук маданиятын өстүрүүдө окуучулардын салымы зор болуш керек Окуучулар кыргыздын улуттук бийин “Кыз куумай” бийин бийлешет Бийге 3 бала 3 кыз катышат. Музыкасы ДВД нин жардамы менен дискте угузулат. Кыргыздын улуттук оюндары жөнүндө айтылып,кыргыздын улуттук 1-2 оюнун окуучулар сабак убагында көрсөтүп беришет. “Көз таңмай” жана “Аркан тартмай” оюндарын окуучулар шартын түшүдүрүү менен көрсөтүп беришет.

Page 9: Мекеним Кыргызстан

Эми кайрадан сабактын башында айтылып келген почтага кайрылып анын жыйынтыгын чыгарабыз.

Ар бир топтогу вазалардагы гүлдү санайбыз. Биринчи топ 9 гүл, 2-топ 4-гүл, 3-топ 8 гүл, 4-топ 6 гүлгө ээ болуп вазаларына толтурушту. Демек, 1-топ 9 гүл алып 9 упайга ээ болушту. Сабактын башында ар бир окуучуга өзүн-өзү баалоо баракчасын таратылган. Ар бир окуучу өзүнүн аракетин,эмне кылганын бүт сабак учурунда баалоо баракчасына толтурушкан. Баалоо баракчасынын дагы жыйынтыгын чыгарам. Сабакты жыйынтыктоо иретинде Кластер усулун пайдаланам:

Кыргыз мамлекети